Эмилиян Станев: Чымчыктын өлүмү

  • 20.05.2022
  • 3167

АҢГЕМЕ

Мен бул аңгемени биз эчки маарак аткылап, жүгүрүп жүрүп чарчап, айылдын чабырадай токулган чарбактарын дүпүйгөн бактын жайнаган жалбырактары жаап, зумруттай балбылдап батып бараткан күзгү күндүн күмүш нурларын көрө албай жол боюнда отурганда сага айткым келген.

Кылкылдаган токойдун аркы учу кызыл тартып алоолой бергенде, ар кеч сайын жаны бардай титиреп, жайнап турган жылдыздар сенин эсиңдеби? Ошол карап көз тойбогон көрккө шарап куюп койгондой шаңдуу эле айлана. Ошол жакты карап алып, экөөбүз тең ошоякка кеткибиз келчү. Балалык кезде түшүбүзгө кирип, таңсык болуп табылбай калган күн жүз күнөстүү дүйнөнү кайра таап алчудай карбаластаганбыз.

Аңчылыктын кызыгы менен ошол учурду ошондо айтам деп жүрүп унутуп калыптырмын. Менин көз алдыма саргыч кызыл жалбырактуу нымдуу токой, бейкапар үн алышып сайраган эчки маарактар, жыт сезип жымырылган иттер, «тарс-турс» атылган мылтык, анан да каңылжаарды как жарган ок жыты, көк түтүн тартыла түштү.

Жер үстүндө болуп жаткан жексур согуш миңдеген, миллиондогон адам өмүрүн абыт кылып жатканда, жөнөкөй эле бир нерсени айтканымдын ылайыгы бар беле сага? Чынында мен айта турган чымчыктын өлүмү жөнүндөгү аңгеме адам өлүмү менен теңдеше алабы?

Мен өлүмдүн эмне экенин жаңылып атып алган ошол чымчыктан улам билдим окшойт.

Бул окуя өткөн жылдын суук кышы бүтөрдө туш тарабы кыркалекей ак карлуу тоо менен курчалган, сен экөөбүз эчен жолу жапайы өрдөк аткан анча чоң эмес сазда болгон эле.

Күн суук тартып, шамал болуп турган. Түндүктүн тирүүнү  титиреткен суук шамалына чыдабай айылдын четине чурулдап келип келгин куштар конду. Кара чыйырчык менен боз таркылдак топ тобун бузбай, сары көз саз чымчыгы чекилдей жүгүрүп, кара канатын кайра-кайра каккылаган эчки маарак, көгүлтүр канат көгүчкөндөр шамалдан далда жерден аны-муну таап чокуп, өзөк жалгап жүрүшкөн. Түштүктөн келаткан узак жолдо коогасыз жер табылганына куштар кубана кужулдашып, айыл менен суунун ортосундагы аңызды чуру-чууга толтуруп жиберишкен эле. Бирде жээкке, бирде даракка конуп, суукка тоңо элек жерден жем таап жеп, шамалдын үнүн гана угуп, өздөрү менен өздөрү болуп жаткан.

Суунун агымы менен басып келатып, агып келаткан өрдөктөрдү илип алдым. Аңчылык олжолуу болду. Мергенчилер капкара деп аташкан өрдөктөн сегизди белимдеги окчонтойго илдим. Шамалда учуп шайы ооп, суук түндөрдө кирпик какпай учкан куштар жерге конору менен жаны жай алып, анча-мынчаны байкабаган баё байкуштар окторумдун олжосу боло берди.

Түшкө жакын түндүктөн коргошундай оор кара туман каптады. Чөйчөктөй болгон ылдыйкы ойдон бороон көтөрүлдү. Суунун үстүнөн учуп бараткан ак каздардын үйүрү ак бубак бактарга конуп, заматта бар-жогу билинбей калды.

Мен бороондо койчунун тамтыгы кеткен алачыгына корголодум, анын саман чатыры менин төбөмдөн шуулдап, эшикте эмне болуп жатканын айтып тургансыды. Көп өтпөй бороон басылды. Кар токтоп, асман ачылды, таптаза, кеп-кенен талаа көркүнө чыга түштү.

Көңүлдөн кетпеген бир сонун нерсени эстеткендей көңүл көлкүп, жүрөк эргиткен учур, ушул марттын ала шалбыртында талаага татынакай ак кар эленип, туш тарап туптунук болуп тунуп турганда, аңчылыктын айтып бүткүс кумары башталат эмеспи. Аңчылыктын олжолуу ооматын ойлонуп, апаппак талааны аралай бергенде кийимиң камыштай шуудурап, мылтыгыңдын оозунан шамал уңулдап, бир нерсени күтүп баратканың да өзүңө кубат.

Мен суудан бери кайрылып, талаа менен шаарга келатып, кар толуп калган каналдын жээгин бойлодум. Аппак талаанын ортосунда жапжашыл күзгүдөй жалтырап чоң көлмө жатат. Анын жээгин бойлой өскөн жыш бадалдын бутактары көлмөнүн таптаза суусунан көрүнүп турду.

Мен көлмөгө жапжакын келип, көлөкө чагылган бутактардын арасынан кайсы бир куштун турганын көрдүм. Ал капкара шарга окшоп таптакыр кыймылсыз. Токтой калсам ал мен жакты жалт карады, анын саксынган кипкичинекей башы тез-тез кыймылдап кетти. Жакшылап карасам, менин окчонтоюмда илинип турган өрдөктөрдөй эле өрдөк экен. Кандайдыр бир кооганы сезген неме чыйпыйы чыга чындап эле учууга аракеттенди.

Билесиңби курбум, көрүнө калган олжо көз ачып жумгуча колуңа мылтык карматарын. Денеңден кан үркүп, жаныңды кайда коеруңду билбей калдастап, бар көңүлүң ошо куш же кийикке оойт. Олжо деген куурагыр оп тартып алат эмеспи бизди ошондо. Тил ооздон калып титиреп, келген бактыны кетирбейин деп, мылтык мээлеп калганыңды өзүң да сезбей каласың.

Өрдөк учуп же көздөн далдаа кетип калбасын деп шашыла мээледим. Качан гана кароолго кара шар илине бергенде машааны басып калдым.

Жумшак түтүн тараган соң титирей түшкөн чымчыкты, чачманын огунан суу чачыраганын, кайыганы жээктеги ак карга кара так болуп кадала түшкөнүн көрдүм. Кызык, бир гана эч нерсе болбогондой баягы өрдөк баягы бойдон турат кыймылсыз. Жараланган же өлүп бараткан өрдөккө окшоп чалкасынан түшүп алып канат каккылабайт, же сүзбөйт, же сууга чумкубайт. Кызык. Ал шашылбай мен жакты дагы карады, бечера ого бетер карарып, кипкичинекей боло түшүптүр.

Мен аң-таң калып, көргөн көзүмө ишенбей ага жакындадым. Дагы бир жолу атып калайын деген тейде оң колумдун сөөмөйү машаада. Эмнени аттым же көзүмө көрүнчү нерсе көрүндүбү деген таң калуум жүрөктү болк эттирген коркунучка айланып баратты.

Жакын барып карасам, ал өрдөк эмес эле кашкалдак экен. Анын кара күрөң канаты кандай болсо так ошондой таптаза бойдон, кандын тагы эмес жыты да жок.

Ал кыймылдабай тыптынч отурат. Анын антип турушу коркунуч, кооганын дареги жок жан көшүлткөн тыптынч мүнөттөрдө, бардык макулуктар баш оту менен жашоонун маңызына ой жүгүрткөндөй болуп турган учурга окшоп кетти. Мен көлмөнүн жээгинде, андан эки эле кадам ыраак турганыма карабай, ал бар-жогумду элебегендей элес калтырды.

Анын жалтыраган кичинекей капкара башына кипкичине ак көкүлү куп жарашып, керилип жаткан аппакак талаага көз жиберип, андан ары көзгө илинбеген бир чекитти таап алып, тирмийип тиктеп отургандай. Чымчык чын эле маңгилик манилүү маселеге дит койгон мисал айланага назар салбай ойлуу. Эч кимге салакасы тийбей сууда эркин сүзүп жүргөн ушул чыйбыттай паренде дүйнө барын унутуп койгондой.

Көз алдыңа келтирип көрчү, үч уктасаң түшкө кирбеген сүрөттү: мергенчи менен жапайы өрдөк – бирине бири жакын турушат; адам таң калгандай, жапайы куш - эң коркунучтуу душманы жанында турганына кош көңүл, кайыл. Ушунун баары жана эле бороон борошолоп, акырында жалап-жуктап жалтыратып кеткен апаппак талаадагы дүйнө, жылбаган тынчтыкта болуп турат. Ушул саатта сен, евангелия уламышында убада кылынган улуу сыйкыр жер үстүнө орноп калдыбы деп ойлогон жоксуңбу?

Табийгаттын бул табышмагына таптакыр чыдай албай калдым. Кыйкыргым келип кетти. Менден коркпой, эч кимди этибарга албай, козголбогон калыбында бир чекитти чекчейип тиктеп турган капкара чымчыкты колумду сунуп жиберип кармап алгым келди.

Качан гана мен сууну кечейин деп обдула бергенимде чымчык селт эте түштү. Узун мойну ийрейип, башы шарт артка кетенчиктей берип, ушул убакка чейин канатына катып турган бир нерсесин түшүрүп ийгендей силкинип жиберди. Анан агып бараткан муздун сыныгына сүзүп жетти да, мойнун созуп ийип, муздак муздун үстүнө агылжын тумшугун сүйөдү. Жандалбастаткан оорудан арылгысы келип, бар күчү менен салмагын тумшугуна салгансыды. Заматта анын денеси жайылып, нокоттой кара көздөрү бозоруп,  анан көп өтпөй чалкасынан түшүп калды. Чымчык жан берди.

Коркунучтан кутулуунун күчү канча экенин ошондо билдим мен. Чымчыктын жараты оор экен. Таруудай болгон чачманын огу көкүрөгүн тешип өткөндө өлүмдүн келгенин сезип, бүт тулку, болгон күчү менен чыдап, жазмыштын жазган мүнөтүн күткөн окшойт. Мени менен иши болбой, өз өмүрүнүн соңку демин эңсеп турган көрүнөт... Ошол мүнөттөрдө анын жаны ар бир жан өлүм алдында сезген кайгыны туйган сыяктанат.

Сууда кыймылсыз кыймылдап бараткан кашкалдакты көпкө карап туруп, өзүмчө уушундай ойго баттым. Менин көз алдыма тартылып турган кыркалекей ак карлуу тоо, мемиреп жаткан талаа тартылып, азыр эле мен алган жан жок болуп кетпей, тамшандырган тамчыга айланып, улуу жана түбөлүктүү турмуш деп аталган мухитке куярына ишенип турдум. Адамдар эмне үчүн өлүмдөн сулуулук көрүп, ага үмүт артып, керек болсо андан үмтөтөрүн билдим. Аалымдар жана дин үйрөткөндөй, аяктан биякка, бияктан тиякка айланган түбөлүк айлампада, биздин акыл жашоонун өлбөс башталышын ачып, жан үчүн жаңы күч алат окшобойбу.

Кетерден мурун мен, чымчыкты суудан алып чыгып, кардын үстүнө койдум. Күздүн ошол сонун бир күнүндө мен ушуну сага айткым келген. Сен – мергенчисиң, андыктан чымчыкты жөн эле атып алганым үчүн мени жекирбе. Жандуунун баары керек бизге, качан гана өлүм эмне экенин билгенде, жашоонун өлбөс башталышына болгон ишенич артканда, ал ишенич сенин колуңду токтотуп, сенин жаныңды акыл менен сүйүүгө мелт-калт толтуруп коет.

Которгон Анатай ӨМҮРКАНОВ   

 

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз