Вольфганг Борхерт: Саат

  • 25.05.2022
  • 2288

Немисчеден которгон Кундуз КАСЫМБЕКОВА

АҢГЕМЕ

Анын бери көздөй келатканы аларга алыстан көрүндү, басып келатышы бир калааты. Жүзүн кабат-кабат бырыш баскан, бирок баскан-турганына караганда жигиттин жашы жыйырманын тегереги. Келди да картая түшкөн жүзүн буруп алардын жанына олтурду. Колуна бир нерсе кармап алган.

- Бул биздин ашканада илинип турган саат, – өзү сөз баштап, скамейкада олтургандарга бир сыйра көз жүгүрттү. – Муну таап алдым. Калып кетиптир.

Колуна кармаган аппак жайык табактай саатты карады да, сөөмөйү менен көк боёкто жазылган цифларды сүрттү.

- Мунун эми эч кимге баркы жок, – деди өкүнгөндөй, – Муну эң сонун билем. Бул өтө деле азем буюм эмес ко. Аппак табактай буюм болгону. Мынабул көк түстүү цифралар сонун көрүнөт, туура айтамбы. Жебеси тунукеден жасалса керек. Жебеси токтогон. Ооба, токтогон. Ичиндеги кыймылдаткычы иштебесе керек. Бул саат жаныбар баары бир көзгө жылуу. Токтоп калса да.

Ал сааттын чекесин сөөмөйү менен абайлап сүрттү да, өзүнчө күбүрөндү:

- Мага эми ушул саат гана аманат калды.

Скамейкада күнөстөп олтургандардын бири да ага көңүл бурган жок. Ар ким өзү менен өзү. Эркек бутунун учун тиктеген бойдон былк этпей олтурат. Анын жанындагы аял колясканы утур терметип бөбөк менен алек. Бир маалда бирөө акырын сурады:

- Эмне, баарын жоготтуңбу?

- Ооба, ооба, – деди ал үнү шаңдуу. – Болгондо да баарынан ажырадым! Мына ушул саат гана калыптыр, – Олтургандар жанатан бери көрбөгөнсүп колундагы саатты дагы көрсөттү.

- Бул саатың да токтоп калган тура, – аял күңк этти.

- Ой, билем, айланайын, билем. Токтоп калганын мени көрбөдү дейсизби. Бирок көрүнүшү ошол бойдон болуп жатпайбы, карасаңар, – колундагы саатты аларга дагы көрсөтүп, элирмеси кармагандай сүйлөдү: – Бир нерсени сиздерге айтпайын дедим эле. Аманы ушунча болду, эми айтса айтайын. Кызыктын баары алдыда. Мынаны карагыла, туура эки жарымды көрсөтүп токтоп калганын, тобо. Мага ишенбесеңер, мына өзүңөр карагыла жакшылап, көздү чооң ачып.

- Демек үйүңөргө туура саат эки жарымда бомба түшкөн, – сөзгө аралашты скамейкада олтурган эркек. Анан эрдин бек кымтып калды. – Мен муну көп адамдан уктум. Бомба жарылганда, саат тык токтойт имиш. Жарылуудан пайда болгон күчтүү аба басымынан.

Ал саатка карап үнсүз баш чайкады да, анан:

- Жок, тууган, жок, бул болбогон сөз. Бомбанын эч тиешеси жок буга. Бирдеме болсо эле, бомбага шылтайсыңар. Туура эки жарымды көрсөтүп токтоп калганын айтам, мунун ишараты такыр башкада. О, кудайдын кудурети, туура эки жарымды көрсөтүп токтогонун, эй. Эмнеге бешке он беш мүнөт калганда же саат жетиде токтобойт. Себеби мен ар дайым түнкү саат эки жарымда жумуштан келчүмүн. А бул саат ошол эки жарымды көрсөтүп токтоптур. Мында бир мандем бар.

Ушинтип айтты да, олтургандарга элейип карады. Олтургандар аны кайдыгер гана көрмөксөн да, укмаксан. Маңдайында олтургандар анын көзүнө илинбеди. Андан соң саатты карап өзү менен өзү сүйлөшкөнү:

- Иштен дайыма курсагың ач келчүсүң, туурабы? Анан түз эле ашканага кирер элең. Ашканада илинген ушул саат дайыма түнкү эки жарымды көрсөтүп турчу. Анан ашканага артымдан ыраматылык апам кирер эле. Эшиктен канчалык шырп алдырбай кирсем да, ал баары бир укчу тура байкуш. Караңгыда жегенге бирдеме издеп темселесем, артымдан кирип келип жарыкты күйгүзөт. Ирегеде үстүнө жүндөн токулган келтече кийип, моюнга кызыл жоолугун оронуп турган болот. Буту жылаңаяк. Дайыма жылаңаяк кирип келчү. Ашкананын плитка басылган полу мупмуздак. Уктап жаткан жеринен туруп келген байкуш жарыктан көзүн жүлжүйтүп эки көзү менде. болгондо да түн оокумда. Менден «Дагы кеч келдиңби?» – деп сурайт анан. Башка сөз айтчу эмес жарыктык. Ушинтип күндө сурайт: «Дагы кеч келдиңби?» Анан мага тамак ысытат да, суук полдон какшаган таманын улам буттарынын үстүнө алмак-салмак коюп, маңдайымда тамак жеп бүтүшүмдү күтүп олтура берчү кургур. Түнкүсүн жылаңаяк бутуна эчтеме кийчү эмес. Мен туруп баратканда, «Аш болсун, балам» – дей салып дасторконду жыйнайт. Мен бөлмөгө кирип кетип, жарыкты өчүрүп, жаздыкка баш койгонумда, ашканадан апамдын идиш-аяк жууган үнү угулуп турчу. Бул ар түнү кайталанат. Ар дайым түнкү саат эки жарымда. Мен жаштык кылып апам буга милдеттүү деп ойлочу экем. Бечара ар түнү мен келгенде, төшөгүнөн туруп мага даярдаган тамагын ысытат. Ыраматылык болгону бир сөзүн дайым кайталайт: «Дагы кеч келдиңби?» Башка эч ашыкча сөз айтчу эмес. Бул эч качан токтобойт деп ойлочумун. Мен келесоо ошондо өмүр бою ушинтип жүрө берем деп ойлопмун да. Өмүр бою…

Скамейкада олтургандар жым. Баары селейди. Анан кимдир-бирөө акырын сурады:

- Азырчы?

Ал скамейкада олтургандарга карады. Бирок бири да көзүнө илинген жок. Анан саатка карап дагы өзү менен өзү күбүрөнүп сүйлөшүп кирди:

- Азыр ойлосом, мен ошондо бейиште жашаган экем. Чыныгы бейиште.

Скамейкадагылар дале ордуларында селейип жым. Жанагы аял акырын мынтип сурады:

- А үй-бүлөңчү?

Муну укканда, жигит аялга ыржайып жылмая карап:

- Ата-энемди айтасызбы? Баары жок болду, баары. Алардын бири да жок дебедимби. Уктуңузбу? Алардын бири жок азыр.

Жигит ыржайып жылмайган калыбында баарын дагы бир сыйра карады. Бирөө лам деп ооз ачпады. Аны тиктебестен селейип олтура беришти. Ал саатты өйдө көтөрдү да, жалжактап күлдү. Жалжактап күлүп:

- Бейиши болгурлар… Мага алардан ушул саат гана аманат калды. Жетимге эки жарымды көрсөтүп ушул аманат калды. Туптуура түнкү саат экиден отуз мүнөт.

Жигит андан башка сөз айтпады. Кабат-кабат бырыш баскан жүзү андан бетер картая түшкөндөй болду. Жанатан бери скамейкада бут учун тиктеп олтурган киши дале бутунун учун телмирип тиктеген бойдон. Бирок буттары көзүнө көрүнгөн жок. «Бейиш» деген улуу, сырдуу сөзгө башын катырып олтура берди.

1947-жыл.

Вольфганг Борхерт (1921–1947) – немис акыны, театр актёру, жазуучу, драматург. 1921-жылы Германиянын Гамбург шаарында төрөлгөн. Апасынын жолун жолдоп он беш жашынан ырлары жарык көрө баштаган.

1941-жылы театр мектебин аяктап, театрга ишке орношот да, ал жайда болгону үч ай иштеген соң, аскерге чакыртылат. Аскерде фашисттик Германиянын чыгыш фронтунда СССРге каршы согушкан. Вольфганг Борхерт согушка түп тамырынан каршы болгон. Эч качан адам өлтүргүсү келген эмес. Согуш талаасында советтик жоокер менен жекеме-жеке кармашта октон жарадар болот. Согуштагы кайдыгер мамилеси жана согуштан кутулуу амалында өзүн өзү атайын жарадар кылды деген айып тагылып, Нюрнберг түрмөсүнө камалат. Аскердик сот ага карата атууга өкүм чыгарып, аз жерден атылып кете жаздап, бактыга жараша кийин мунапыска илешип, фашисттик Германиянын ар кайсы түрмөсүндө жаза мөөнөтүн өтөп жүргөндө дифтерия жана гепатит дартын жугузуп алат.

1945-жылдын жаз айлары фашисттик Германия аскерлери толук жеңилип баштаганда, Францияда түрмөдө жаткан жеринен качып, туулган шаары Гамбургга чейин 600 км жолду жөө баскан. Ата-журтуна келгенде аны толук талкаланып, ачарчылыкта жашап жаткан өз шаары тосуп алат.

Үйүнө кайтып келген соң театрга ишке орношуп, андан сырткары чыгармачылык ишине баш-оту менен киришет. Чыгармаларында негизинен согуштун кесепети баяндалып, согуш эч качан адамзатка пайда алып келбесин баса белгилеген. «Адам жана согуш» проблемасына арналган «Эшик артындагы жайда» пьесасы немис адабиятында гана эмес, дүйнөлүк адабиятта да өз ордун тапкан. Вольфганг Борхерттин кыска аңгемелерди жазууда өзгөчө стили тууралуу бүгүнкү күнгө дейре ар кандай журналдарда илимий макалалар жарыяланып келет.

Өкүнүчтүүсү, жазуучунун чыгармачылыгы көпкө созулган эмес. Эки жыл ичинде көптөгөн чыгармаларын жаратып, түрмөдө жугузуп алган дарт менен алышып жүрүп, 1947-жылы болгону 26 жашында көз жумган.

Кубантай ЭРНАЗАРОВ, котормонун редактору

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз