Мамасалы Апышев: Жоголгон ырлар табылса да, кайран акын кайрылбас!

  • 30.05.2022
  • 2628

Жакында таланттуу акын, жаркын адам Дүйшөн Жапаровдун бул жарыкчылык менен кош айтышып кеткенине туура эки жыл толот...

Ушул өтүп кеткен эки жылга жакын мезгилден бери Дүйшөн тууралуу эскерүү жазууга бир нече ирет киришип көрсөм да, ички туюмум менен өзүмдүн буга али даяр эмес экендигимди, Дүйшөндүн дүйнөдөн өтүшү мен үчүн дагы адам катары жеке жашоомдогу кыйла эле оор жоготуу болгондугун туюп, тек гана үстүртөн “галочка” үчүн жаза салчу тема эмес экендигин сезгендиктен, бул эскерүү баянды жазууну улам кийинкиге калтырып, өзүмдүн достук ыйык милдетимди аткарууну да ар кандай күнүмдүк майда шылтоолор менен артка жылдырып келгенсидим...

Ошентип жүрүп, дал ушул бүгүнкү күнгө чейин арадан эки жылга жакын убакыт өтүп кетти. Эми гана артка “чегинүүгө” такыр арга калбай калгандай абалга жеткенимде, бул өмүрдө күткөн жана жоготкон жакын досторумду эскерип, ичтен сызып олтуруп, алардын ар бир жолку жолугушууда айтылчу, унутулбай калган сөздөрү, кыял-жоруктары, күлкү-тамашалары менин жүрөгүмдө дале болсо дал ошол мурдагы калыбында, эч эскирбей жашап келе жатканына ынандым. Дал ушул мен сыяктуу эле алардын жаркын элестери башка дагы өздөрү менен жакын болгон көптөгөн адамдардын жүрөктөрүндө жашап келе жатышкандыгына эч күмөн да кылбаймын!..

Алар – жердеш болсок да, ал тургай мен Алай районунун “Күжүрмөн эмгек” райондук газетасында иштеп жүргөнүмдө да таанышпай, алыскы Москвада окуп жүргөн кезимде тапкан “ага досум”, кийин чыгаан окумуштуу, тилчиге айланган Адина Боронов... Тээ бармактай кезибизде таанышып, орто мектепти бүткөн соң эле дароо Ош областтык “Ленин жолу” газетасында чогуу корректор болуп иштеп калып, 12 тыйындык печеньени үстөл тартмасына катып алып, талашып жеген, кийин таланттуу акын, таанымал тележурналист болгон, шахмат оюнунун чебери жана абдан катуу ышкыбозу Нурдин Исаков... Кийинчерээк, биз али студент кездерибизде, “Ала-Тоо” журналында практикада жүргөн учурумда таанышып, кыйышпас доско айланган таанымал тарыхчы-окумуштуу Бектемир Жумабаев...

Баарынан катуу өкүндүргөнү, ушул үч досум тең дээрлик бир учурда, аралыгы эки айга жетпеген мезгилде, биринин артынан бири ээрчишип кетишкен сымал, 54-56 жаш курактарында эле бул жарык менен өтө эрте кош айтышып кетишкени болду. Алгач 2013-жылдын 13-ноябрында Адина Боронов узакка созулган жүрөк оорусунан улам кайтыш болду. Арадан эки күн өтпөй, 15-ноябрь күнү Республикалык онкологиялык ооруканада Нурдин Исаков бул жарыкчылык менен кош айтышты. Андан туура эки ай убакыт өткөн соң, жогорудагы жоготуулардан улам али толук өзүмө келе да элек кезимде, 2014-жылдын 13-январында Республикалык нейрохирургиялык клиникада эч күтүүсүздөн эле Бектемир Жумабаев каза болуп калды...

Ошентип, эки ай аралыгында эле отуз-беш кырк жылга жакын убакыттан бери достошуп келе жаткан үч эң жакын досумдан ажырап, жандүйнөм эңшерилип, мен үчүн бул жашоонун жакшылыктары сезилерлик бөксөрүп калгандыгын ачык сездим. Жогорудагы досторумдун ар бири тууралуу, кудай өмүр берсе, кеңири эскерип, алардын ар биринин эсте калган кымбат элестерин кагаз бетине түшүрүп, өз алдынча эскерүүлөрдү дагы жазып, же качандыр бир кезде, кийинчерээк сөзсүз жазыла турган атайын мемуардык-автобиографиялык китебимде алардын ар бири өзгөчө орундарды ээлешери турган иш. Себеби, алардын ар бири ошондой ак дилден эскерилчү көптөгөн эскерүүлөргө татыктуу инсандар!..

Азырынча болсо мындан эки жылча мурда, жалпы Кыргызстан эле эмес, бүт дүйнө жүзүн каптаган апаат – коронавирус учурунда каза болгон мыкты акын досум Дүйшөн Жапаров тууралуу эскерүүмдү тартуулоону ылайык көрүп олтурамын. Азыр ал экөөбүз кандай кырдаалда таанышып, кантип эч ойдо жок жерден эле эң жакын досторго айланып кеткенибизди эстесем, элдик накыл жана акылман кептер деле дайыма айныксыз чындык боло бербесине, анткени, жашоо алдын ала белгиленген бир схема же эрежелер эмес, дал ошондуктан кызыктуу экендигине кайрадан ынангандай боломун.

“Эски дос эстен кетпейт, жаңы дос баркыңа жетпейт” деген кеп деле, сыягы, дайыма турмуш чындыгы боло бербейт тура. Же бул маселеге экинчи жагынан карап көрсөк, орустарда “исключения только подтверждают правила” деп айтылмакчы, дал жогорку элдик накыл, “эрежени” жокко чыгарган, “исключение” сымал болуп калган досум Дүйшөн эле.

Анан калса бала кезден, же жаш улан чагыңдан дос болгон жолдоштордун көбү деле жашоонун агымына баш ийип, мезгилдин өтүшү менен табигый түрдө иргелишип, улам азайып, эң жакындары гана жаныңда калышары маалым. Ошондуктан, жаш чактагы достор жана жаштык дем менен чогуу болуп жүргөн тилектеш жолдоштор абдан көп болушса да, алардын баары тең жашоо сынагы аркылуу сыдырылып жүрүп олтурушуп, өзүнөн өзү эле акырындап азая беришет. Арийне, алардын ичинен табигый түрдө өзүнөн өзү эле түркүн себептер менен алысташып, же турмуштук баскан жолдору башка болуп кетишкендери көп деле кейитпейт деле дечи. Ошентсе да, адам үчүн баарынан да оор болгону жана ичти ачыштырганы – бул жашоодогу эң жакын досторуңдун күтүүсүз өлүмү болот экен...

Дүйшөндү мен эң алгачкы ирет качан жана кантип көргөнүм азыр эсимде деле жок. Тек гана “Асаба” деп аталган газета менен мен иштеген “Ала-Тоо” журналынын редакцияларынын аралыгы жакын эле. Анан калса, жалпы бир чөйрөдө жүргөндүктөн, кез-кезде жолуга калганда баш ийкеше саламдашып, кийинчерээк тек гана өң тааныштыктан коллегалар сымал болуп калган соң, кол алышып калчубуз. Демейде мындай тааныштар ар бир эле адамдарда өтө эле көп болушат эмеспи...

Ошентип, кийинчерээк Дүйшөн менин мезгил өтүшү менен иргелип калган, саналуу гана калган досторумдун бирине айланган күндөр да келди. Бул дагы такыр күтүүсүздөн болду. Дүйшөн досумду мен өзүмдүн жеке турмушумда дагы ошол кезде болуп жаткан татаал сыноолор кезинде, күтүүсүздөн тапканымды айта кетпесем болбос. Исанов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде мурдатан өң тааныш, журналисттер арасында такай жолугуп калып жүргөн Дүйшөндү эки-үч ирет өйдө-ылый өтүп баратканда кездештирип, учкай сүйлөшүп, жай сурашып калдык. Кийин ал өзү “Асабадан” кетип калганын, азырынча кызматсыз калып, үйдө бош эле жүргөндүгүн айтып калды. Көрсө, үйсүз калышып, квартирада жашаган кыргыз жаштарынын көбүндөй эле, Дүйшөн дагы менден бир квартал өйдөрөөктө – Исанов жана Токтогул көчөлөрүнө жакын жайгашкан барачный үйлөрдүн биринде өзү үй бүлөсү – аялы Гүлбара жана кичинекей уулу Эсенгул менен жаңы эле көчүп келишкен экен.

Мен дагы ал кезде (1992-жылдын кеч күзүндө) Исанов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинен жарым үй сатып алып, жеке жашоомдогу орун алган эң соңку жагымсыз сыноолор жана кескин өзгөрүүлөрдөн соң, жандүйнөм жараланып, жабыркап жүргөн кезим эле. Айтор, Дүйшөн экөөбүз издешпей табышкандай эле болдук!..

Кийинчерээк, баягы коомай тааныштык мамилелер артта калып, кантип тез эле, эч билинбей жакын жолдошторго айланып кеткенибизди байкабай да калдык. Буга, биринчи иретте албетте, адабият жана да ал экөөбүздүн мүнөздөрүбүздүн көп жагынан дал келип калгандыгы себеп болду го деп ойлоймун. Ал экөөбүз тең адабият тууралуу сүйлөшө баштаганыбызда, жашоонун башка бардык күнүмдүк көйгөйлөрүн биротоло унутуп, такыр башка улуу дүйнөгө аралашып кеткендей болчубуз...

Ошентип, эч байкалбай, күтүүсүздөн эле абдан тез жакындашып, дос болуп кеттик. Адабиятка болгон мамилебиз, кыргыз адабиятына болгон көз караштарыбыз көп жагынан окшош болуп чыкты. Анан калса, адабиятка жана чыгармачылыкка фанатикалуу берилгендик жана жеке жашообуздагы башка бардык маселелердин баарын адабияттан кийинки орунга сүрүп коюу жагынан дагы ал экөөбүз бирдей адамдардай сезилдик.

Жеке оор турмуш, жакырчылык да бир жагынан желкеден ныгырып тургандыгына да көңүл бурбай, күнүмдүк курсак тойгонуна ыраазы болуп, турмуштагы калган кенемтелердин баарын тең руханий азыктануу аркылуу толтуруп алабыз дегендей кеңпейил мамиле ошол жаш чактагы чыгармачылыктын отуна күйүп, суугуна тоңгон саналуу гана адамдардын кредосу болуп бараткан чак эле!

Жаш акын Дүйшөн Жапаров дагы башка бардык көйгөйлөрдү (алар анын жеке жашоосунда жетишерлик көп болгондугуна карабастан!) артка сүрүп салып, кабагым-кашым дебей, жалаң гана адабиятты сүйүп, адабият үчүн күйүп, башка бардык маселелерге майда барат жана көңүл бурууга деле арзыбай турган майда бир нерселер катары карап, кол шилтеп коюп жүрө берген адам экендиги мага абдан жаккан...

Башкача айтканда, Дүйшөн өзү кыйын кырдаалда калып, үй-бүлөсү менен оор күнүмдүк жашоону кечирсе да, ички руханий жактан ченемсиз кенендиги бар, өзү кедей болуп турса да, жандүйнөсүндө өлчөөсүз айкөлдүгү бар адам эле! Ошол кезде ал журналисттер арасында эле эмес, жалпы коомчулукта эротикалык-коммерциялык багыттагы “Каттама” деп аталган дайджест-газетасы менен популурдуу боло баштаган Жаныбек Жанызак жогорудагы даректен сатып алган барачный үйүнө кирип, анын ичин ремонт жасап, үйдүн оңдой турган жерлерин оңдоп, бүтүрүп берүүгө макулдашып, ал үйдө бекер жашап жүрүптүр. Чындыгын айтканда, ал өзү айтмакчы, колу усулдуу болуп (сыягы, атасы өз чөлкөмүнө таанылган ээр жасаган уста болуп, бала кезинен эле уулуна гени аркылуу анын өнөрлөрүнөн айрым жактары табигый түрдө жукса керек!?), тигил же бул үй-чарбалык, устачылык иштерди жасоого шыктуу экенин байкаганмын. Брусчатка бетондорду кафель сымал полуна орнотуп, мизилдеткенин көрүп, ичимден таң кала, жогору баа бергенмин.

Ошентсе да, Дүйшөн бул колу ийкемдүүлүгүн, сейрек адамдардын гана колунан келе турган жөндөмдүүлүгүн деле толук пайдаланган жок. Менимче, анын буга жеке каалоосу жана умтулуусу деле болбоду окшойт. Ошентип, Жанызактын баягы үйү жана убадаланган иштери деле толук жасалбай, чала бүткөн абалда калып кеткен сыяктанды...

Дүйшөн менен абдан жакын дос болуп кеткен соң, анын адабияттан башка дээрлик эч нерсеге үзүлө түшүп кызыкпагандыгына, баарына кыйла эле кайдыгер карагандыгына түшүнгөндөй болдум. Дал ошол учурда мурдагы союз кыйрап, бүт дүйнө жүзү аңтар-теңтер болгон сымал абалда калып, мурдагы баалуулуктардын баары жаңыларга алмашып жаткан кезде да, кайран акын баягы “оодарылбас-чайпалбас” калыбынан өзгөрбөй кала берген. Улуу адабиятты жана искусствону көп учурларда алардын табиятына жана түбөлүк баалуулуктарына биротоло баш-оту менен берилишкен, жашоонун бардык көйгөлөрүнө фанатик сымал мамиле жасашып, өздөрү дервиш сымал күн кечиришкен инсандар гана жарата алышары – эбак эле тастыкталган турмуш чындыгы болуп саналат. Дүйшөн да башка темаларда сөз боло калганда, маекти колдоо үчүн гана анча-мынча үн кошкону болбосо, аларга көп кызыга деле бербей, мурдагы журналисттик кыска убакытка созулган иш тажрыйбасын деле дээрлик такыр эскерчү эмес.

Айта кете турган нерсе, “Асаба” газетасындагылар ал кезде салыштырмалуу жакшы айлык жана калемакы алышып, кризис сазына жаңы гана бата башташкан башка басылмалардан айрымаланышып, кээ бирлери байышып, ал тургай үй да сатып ала башташкан. Дүйшөн деле башкалардай ой жүгүрткөн, бир аз шылуундугу бар, өзү үчүн жашоого ийкемдүүлүгү бар, учуру келе калганда жулунганды да билген жигит болгондо, балким, ал кызматын таштап кетмек деле эместир, ким билет... Мен буга ашыкча кызыгып, чукуп-казып сураган деле жокмун. Тек гана анын буга эч өкүнбөй, кайдыгер айткан учкай сөздөрүнөн улам, бир гана түшүнгөнүм, ошол кездеги башкы редакторунун “өз адамы боло албаганын”, айрымдарчасынан анын кареги менен тең айланып, айтканы менен боло бербей, өз көз карашын, пикирин коргоп, талашып-тартышып да кеткен учурлары болгондугун билдим. Болбосо, тили жатык, тажрыйбасы жетиштүү журналист катары өз оокатын тың жүргүзүп, балким, арабызда али да иштеп жүрө бермектир, ким билет?!

Анын үстүнө Дүйшөндүн кийин ал кайсыл бир деңгээлде гана тамашалуу жазылган ырында “кемпирим-вампирим” деп атаган аялы Гүлбара да, жашоонун миң түркүн кыйынчылыгына оңой менен моюн сунбаган, “арыбаган дулдул” аялзаты экен. Дүйшөн досума кудай бул жагынан ченебей берип, ал өзү жумушсуз, жакыр жашоодо жүрсө да, көңүлү дайыма бейгам болуп, жалаң гана чыгармачылык бийик ойлор менен жашагандыгынын бир себеби да дал ушунда эле! Өздөрү абдан бай болсо да битирешип, “жетпейт, жок” деп наалышкан пенделерди көргөндө мен, эриксизден улуу кыргыз элинин “өтүгүң тар болгон соң, дүнүйөнүн кеңдигинен не пайда?!” – деген акылман накылын эстеймин. Эстейм да, бул убактылуу жалган дүйнөдө Дүйшөнчөсүнөн адабиятты өзгөчө сүйүп, төгүлүп-чачылып, адабиятка бүт дитин, ички руханий дараметин арнап коюп, башка эч нерсеге кымындай да кызыкпай, бүт өмүрүн поэзияга арнап жашап өткөн акындар саналуу гана болушканын түшүнөмүн.

Жашың өткөн сайын адам жаш чактагы досторун көп эстейт тура. Дүйшөндүн ташка тамга баскандай, учкул, таамай ыр саптары ар кандай кырдаалдарда жана күнүмдүк эле турмуштук себептерден улам эске кылт эте түшө калганда, эриксизден өзүмчө эле жылмайып, же тескерисинче, муңая ойго батып, эскерип калмайым бар...

Дүйшөн өтө кыйын мезгилде, татаал жашоону баштан кечирсе да, чыгармачылык тагдырына эч нааразы болбой, тескерисинче, бул сыноолордун баарын анын бешенесине жогортон берилген энчидей кабыл алып, эч бир катуу кайгырганын, же кимдир бирөөлөрчөсүнөн турмуштук-күнүмдүк майда бир нерселер үчүн кейип-кепчигенин бир да жолу көргөн жокмун. Үч-төрт жыл бою экөөбүз көрүшпөй калган күн чанда гана болуп, жок дегенде эки күндүн биринде кездешип, чер жаза маектешип турчубуз.

Ошол жылдар эки-үч көз ирмемдей эле болуп өтүп кетсе да, азырга чейин ошол маектердин көбү дале эсимде. Дүйшөндүн артында калтырган чыгармачылык мурастары улам ар кайсыл өңүттөрдөн эскерилип, ырлары чыныгы поэзияны баалай билген, көркөм сөз баркын түшүнгөн чөйрө арасында өз баасын алып жатканына кубануу менен бирге, алардын көбүнүн эң алгачкы угуучуларынын бири мен болгондугума, ал дагы автор катары менин жогорку баамды кубана кабыл алганына сыймыктана коё да албаймын. Тилекке каршы, ошол ырлардын көбү дайынсыз жоголуп кеткенине мен да азыр гана ишенип олтурамын. Анын “Жоголгон ырлар” аттуу чакан ырлар жыйнагын кайра-кайра барактап олтуруп, автордун окуусунда менин көңүлүмдө сакталып калган айрым ырларын таба алган жокмун. Маселен, “Жашоодо болдум жел кеме...” деген саптары бар, көкүрөктү дирилдеткен акын тагдыры, адам тагдыры тууралуу ыры аталган жыйнагында да, ар кайсыл басылмаларда жарык көргөн ырлар топтомдорунда да жок!..

Дегеле, Дүйшөнгө күнүмдүк жашоо философиясы боюнча гана эмес, чыгармаларына, жеке архивине да кандайдыр кайдыгер мамиле жасоо мүнөздүү болчу. Ал тургай, ал бир нече ирет мага “Мен жашоодо тирүү басып жүргөнүм менен – мен эч жерде расмий түрдө жокмун!” – деп айтканы да эстен чыкпайт. Көрсө, квартирада көчүп-конуп жашап жүргөн кездеринин биринде анын жеке документтери жана колжазмалары сакталган чемоданын уурулар көтөрүп кетишиптир! Ал документтерди тийиштүү органдарга кайрылып, калыбына келтирсең болот да?! – десем, “Ооба!” – деп баш ийкеп койгону менен да, бул күнүмдүк көйгөйлүү маселелерге дагы аралышып, убакыт коротуп жүргүсү келбегендиктен улам, ал өзү айткандай, “эч жерде жок” бойдон эле көзү өтүп кетти окшойт...

Эми эстеп көрсөм, Дүйшөн экөөбүздүн кыргыз адабияты боюнча пикирибиз кайчы келип калган бир гана учур болгон экен. Бир жолу Алыкулдан кийинки ХХ кылымдагы эң мыкты кыргыз акыны ким? – деген суроонун тегерегинде чай-пай үстүндө талашып-тартышып, узакка чейин өз ойлорубузду кызуулана ортого салдык. Ал дароо эле “Омор Султанов” деди. “Жок, жаңылышасың, - Жолон Мамытов!” – дедим мен. Экөөбүз бир пикирге келише албай, ар кимибиз өз аргументтерибиз менен бекемдөөгө умтулдук. Ал мага “Ак булуттар” баштаган Омор Султановдун ырларын жатка окуй баштаганда дароо токтоттум. Себеби, тээ окуучу кезимден баштап эле Омор Султановдун “Сен жөнүндө поэма” баштаган ырларын, Алыкулдан тартып, Жолон Мамытов, Турар Кожомбердиев, Сооронбай Жусуев, Сүйөркул Тургунбаев, Төлөгөн Мамеев, Орозбай Көчкөнов, Анатай Өмүрканов жана башка көптөгөн ысымдары жаңыдан гана тааныла баштаган жаш акындардын ырларына чейин ал кезде мен өзүм да жатка билчүмүн.

Бул эки залкар акынды бири-бирине салыштыруу - Чыңгыз Айтматовдун эң мыкты эки чыгармаларын – “Жамийла” менен “Ак кемени” салыштыргандай эле кеп эмеспи?! Ар ким өз табитине, ички руханий деңгээлине жана учурдагы өзгөрүлмө каалоосуна жараша тигини, же муну атай алат. А бирок дүйнөлүк адабиятта эбак эле шурудай тизилип калышкан мыкты сүйүү лирикаларынан көп эч нерсе жок. Тээ антикалык адабияттан, Петраркадан баштап, Сергей Есениндин “Персиялык кайрыктарына” чейинки доорлорго эле учкай көз жүгүртүп көрчү? Өзүнчө эле көз жеткис, чалкып жаткан бир океан го?!

Ал эми Жолон Мамытовдун поэзиясы тематикалык жана терең мазмундук көп кырдуулугу менен, улам кайрадан окулган сайын “жаңыланып” кабыл алынган көп катмардуу, сырдуулугу менен дайыма өзүнө тартып, эскирбей тура берет. Ар бир улуттун руханий уңгусунан уланып чыккан, улуттук бааалуулуктар башаттарынан өнүп турган, түпкү тамыры канчалык тереңде жатса да, байтүп дарактай болуп, дүйнөлүк адабияттын океанына өз өзгөчөлүк сапаттары менен, өзүнө гана таандык касиеттери менен кошо кирип, өз ордун ээлей алган улуттук адабият үлгүлөрү чанда гана кездешет. Деги сен, “Жамийла” менен “Ак кеменин” кайсынысын жогору коёсуң? – деген суроону кабыргасынан коюп, аны өз аргументтерим менен жарга такаганымда, ал унчукпай калып, буга толугу менен макул болбосо да, бир аз ынангандай болгон...

Дүйшөндүн ынанымдуу аргументке муюй билгенден башка дагы акындык асыл сапаттарынын бири - ырларын жарыялоого, кимдир бирөөлөргө зордуктап таңуулап, өз чыгармачылыгын рекламалоо сыяктуу жаман илдеттен алыс эле. Ортозаар, поэзия сымал бир нерселерди эптеп жазып алышып, андан соң тим эле шедевлерди жаратып салышкансышып, ал чала өлүк чыгармаларын миң түркүн айла-амалга салып рекламалашып, “менин ырларым жөнүндө жазып берип койчу?!” – дешип, суранып-жалдырашып, асылып жүрүшкөн жазмакер акындардан айрымаланып, Дүйшөн жеке адамдык натурасы да, жан дүйнөсү да, жашоосу боюнча да чыныгы акын болчу! Демейде, мындай таланттарды табиятынан акын болуп жаралган деп коёт эмеспизби. Дүйшөн досум бул оомал-төкмөл дүйнөдө чанда гана кезиге турган дал ошондой адамдардын бири эле.

Ошентип, жакын коңшуларча жашап, жакын дос болгон үч жылча убакыт да артта калып, баягы мен сатып алган жарым үйүмдү “Воённый городоктогу” бардык шарты бар бир бөлмө квартирага айрыбаштап кеткен учур да келди. 1995-жылдын март айында Дүйшөн менин чакан буюмдарымды өз колу менен машинага жүктөшүп, көчүрүп барды. Ошондон кийин эки башка райондо, бири-бирибизден алыста жашап калып, мурдагы байланышыбыз да солгундай баштады. Ал кезде азыркыдай мобилдик телефон да жок. Кез-кезде гана шаарда тигил же бул иш менен жүргөнүбүздө капысынан жолугуп калып, жай сурашып, дароо коштошуп кете албай кыйылганыбыз менен да,  мурдагыдай жакын болбой калдык.

Азыр кээде мен Нурдин жана Бектемир досторума да ушундай (сыягы, мен сыяктуу эле!) бир кызыктай (странный) сапат тиешелүү болсо керек деп ойлоп калам. Кээде болбогон бир майда нерселерге таарынышып, же бетке айтып койгон бир сөз үчүн өз характерин көрсөтүп, кыйлага чейин жок болуп, кабарлашпай кетишкен учурлар да болчу. Анан Нурдин бир жыл-бир жарым жыл “дайынсыз жоголуп” кетип, кээде күтүүсүздөн эле түнкү саат 12де, же бирде телефон чалып, жарым саатча эзилишип сүйлөшкөн учурлар болчу...

Бир жакшы жагы, Дүйшөн досум экөөбүз мурдагыдай жакын болбой калсак да, бири-бирибизге таарынышып, көңүл калтырган учур болбоду. Тек гана турмуш шарты бизди алыстаткансыды. Менин аялым Майрам бир кезде Дүйшөн жана Гүлбара менен курсташ болгондуктан, республикалык борбордук ооруканага жатып калган тааныштарыбызды көргөнү барып калганда, “Гүлбараны көрдүм”, Дүйшөндү көрүм” деп сүйүнүп, аларга ыраазы боло, салам айтып келчү. Бир жолу Дүйшөн Майрамды абдан каршы болгонуна болбой, кафеге киргизип сыйлап, мен жөнүндө көпкө сураптыр... Мен дагы Гүлбараны көчөдөн көрүп калсам Дүйшөндүн ал-абалын, чыгармачылыгын сурап, качан китебин чыгарат? – деп кызыгып калчумун. “Досуң ырлары өзүнө жакпай калганын айтып жатат. Китебин чыгарып берели дешсе да, алып барбай жүрөт!” – деп эч нерсеге кейибеген Гүлбара адатынча күлгөн... Ооба, Дүйшөн өзүн өзү жериген, чыгармачылыкка өтө бийик талап коё билген, ушундай нукура акын болчу!

Кайрадан эле “Жоголгон ырларга” кайрылсам, Дүйшөндүн баягы чемоданда жоголгон ырлары, мага өзү окуп берип, бирок кийин негедир жарыяланбай калган ырлары да табылабы деп үмүт кыламын. Чыгармачылыктын бир улуу табияты ушул экен. Көрсө, ортозаар жана окулбай турган чыгармалар болсо, сегиз, же он томдук кылып чыгарып, окурманга “даяр” кылып койсо деле, китептер чаң басып, эч ким кызыкпай кала берет тура. Ал эми учурунда китеби чыкпай калган Тургунбай Эргешовдун ырларын кийин адабиятты барктай билген күйөрмандары бирден топтоп жүрүшүп, алгач чакан жыйнагын, кийин кыйла чоң китебин чыгарышпадыбы?!

... ХХ кылымдагы улуу орус (улуту еврей болсо да!) акындарынын бири Осип Мандельштам 1937-жылдын саясий репрессияга кабылары дайын болуп калганда, аялы Надежда Мандельштам: “Сенин чыгармачылык мурастарыңды кантип сактап кала алабыз!?” – деп кабатырланат. “Люди сами сохранят” деп буга Осип Мандельштам кайдыгер гана жооп берет. “А эгерде эч ким сактап калбасачы?” – деп кайгыланат Надежда. “Андай болсо, демек, ал ырлардын эч кимге кереги да жок!” – дейт Осип Мандешльштам. Бул кандай улуу акындык пайгамбарлык?!

Мандельштамдын камалышына анын “Мы живем, под собою не чуя страны” деген ыры себеп болгон. Ошол кездеги саясатка каршы келген бул ырын ал эки досуна окуп берген. Алардын бири - ошол кезде Амир Саргиджан деген псевдоним менен жазып жүргөн, кийин репрессия капшабы учурунда Ташкентке качып келип, Амир-Темур тууралуу жазылган тарыхый трилогиясы менен таанылган Сергей Бородин болгон. Улуу акындын атылып өлүшүнө дал ушул “досу” себепчи болгондугу азыр ачык жазылып жүрөт.

Дүйшөн Жапаровдун өмүрүндө канча дос күттү жана алар кандай адамдар болушкан – муну бир гана ал өзү айтып бере алмак. Айта кете турган нерсе, жаш кезде күткөн көп достордун турмуш закымы өтүшү менен иргелиши – айрымдары тек гана күнүмдүк пайда, жеке кызыкчылыктардан жакындагандар да болот экен. Ал тургай ишиң жүрүшпөй, кыйнала баштаганда карабай кеткендери да болгону аз келгенсип, жардын кырында араң илешип турсаң, ары туңгуюкка байкатпай түртүп жиберүүгө далалат кылгандары да болот экен. Албетте, андайлар чыныгы дос эмес эле, достун маскасын кийген, сенин ак көңүлдүгүңөн, башкалардан жамандык ойлобогон адатыңдан пайдалангылары келишкендер...

“Дүйшөн таякемдин жыргаткан досу деле жок болчу!” – деп кейип, өкүнгөндөй кеп кылып калды бир жолу анын мен кийинчерээк гана таанышкан Паздан аттуу жээни. Буга эмне демекчимин? Биз кийин Дүйшөн экөөбүз алыстап кетсек да, бири-бирибизге боор тартып, кабарлаша калганда жай сурашкандан башка тыгыз байланыша албадык. Туура, биз - бирибизди колдоп, жардам бере да албадык. Буга бизде ал кезде мүмкүнчүлүк деле жок болчу. Тек гана моралдык колдоо, жакшы сөз да биз үчүн ал кезде чоң жөлөк болчу! Турмуш шарты, күнүмдүк көйгөйлөрдөн улам, кийинчерээк деп жүрүп, бир күнү Гүлбарадан анын инсульт болгонун, муну бир күн бою ал өзү да билбей жүрө бергенин уктум.

Арадан бир аз убакыт өткөндөн кийин, Гүлбара “Дүйшөн мурдагыдан алда канча жакшы!” – дегенин угуп, сүйүнүп калдым. Майрам экөөбүз үйүнө бир күнү барып, ден соолугун сурап, кабар алып коёлук деп чечтик. А кийин коронавирус башталып, өзүбүз да катуу ооруп, бир жарым жылча үйдөн чыкпай, көчөгө зарыл учурда гана маска менен чыккан учур да келди. Ошондой күндөрдүн биринде Интернеттен акын Дүйшөн Жапаров каза болгонун окуп калдым...

“Жоголгон ырлар” аттуу чакан ырлар жыйнагы (узак жылдар бою ырлары жарыяланбай, өз окурмандарына жетпей келсе деле, Тургунбай Эргешовдун чыгармалары кыргыз поэзиясындагы өзүнүн татыктуу ордун ээлеген сымал), акын Дүйшөн Жапаров дагы өз доорунун, өз муунунун эң оригиналдуу, кайталангыс акындарынын бири катары адабиятта жашап кала берерин тастыктаган жыйнак болуп калды. Артында өз чыгармаларынан башка дагы – чыгармачылык жолун улаган сүрөтчү уулу Эсенгул калды. Ушуга каниет кылалык.

Бишкек, май 2022-жыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз