Аркадий Аверченко: Суу периси

  • 17.06.2022
  • 3580

АҢГЕМЕ

- Сен жөтөлүп калгансыңбы? — деп сурады сүрөтчү Кранц акын Пеликановдон сылыктана.

– Ооба, – деп үшкүрдү жүзү кубарып, жүдөй түшкөн акын. – Мурдуман да суу агып калыптыр.

– Кайдан суук тийгизип жүрөсүң?

- Дарыяда, таң атканча жээкте отургам. Буттарым да сыздап ооруп жатат.

— Демек, ошондой де, — бул жерде үңүрөйүп олтурган үчүнчү адам Дерягин башын көтөрүп аны карады. – Түнү менен жиндидей болуп дарыяга эмнеге бардың, балык ууладыңбы же жөн эле олтурдуңбу?

- Жөн эле. Ойлонуп олтурдум.

- Жөн эле? Ойлонуппу? Эмнени ойлоп жаттың я?

Пеликанов ордунан туруп, узун сары чачын кулагынын артына серпип койду.

Эмнени ойлоп жаттың дейсиңби? Мен алар жөнүндө ойлондум... түндүн тынчтыгында, айдын нуру чагылышып күмүш түскө боёлгон дарыянын бетине сүзүп чыгып, жыбыраган майда толкундардын арасында ойногон сырдуу сулуулар жөнүндө, алардын уккулуктуу, сыйкырдуу, жан-дүйнөңдү эзген ырларын уксам жана балырлар чырмалышкан узун чачтарын таранган сулууларды... алардын апакай, сулуу, жумуру колдорун суудан чыгарып, унчукпай, сыйынган сыяктуу айды карай созушканын... жээктеги өскөн өлөң чөптүн арасынан жылдыздай жаркырап көрүнгөн чоң муңдуу көздөрүн... мына ушундай бир эсе коркунучтуу, бир эсе таттуу учурду көргүм келген.

- Ошондо аларың кимдер экен? — деп сурады Дерягин. - Суу перилери деген турасың да, туурабы?

- Ооба... Суу перилери.

- Чындап эле аларды көрөм деп үмүт кыласыңбы?

- Эх, мен үмүт эле кылсам кана! Мен ошолор жөнүндө гана кыялданам...

- Канчага чейин күтөсүң?

- Күтүү менен жашоомдун жарымын өткөрүүгө даярмын...

Ачуусу келе түшкөн  Дерягин отургучтан ыргып турду:

- Каргыш алгыр десе! Накта келесоо турбайсыңбы. Сени менен бир нече жылдан бери таанышпыз, мен сени менен адептүү, акыл-эси ордундагы адам деп жүргөм, анан күтүлбөгөн жерден – мына, сага! Бул киши түн ичинде дарыя жээгинде кыялга батып жүрөт! Эмне үчүн дейсиңби? Суу периси издеп жүргөн имиш! Уятсыз.

- Сен сулуулукту түшүнбөйсүң! – башын ылдый салып жөтөлдү Пеликанов.

- Кайдагы суу периси! Бул куру сөз, кыял, жомок! Алар жок.

Акын жылмайып койду.

- Сен үчүн, балким, алар жомоктур. Бирок мен үчүн алар бар.

- Кранц! Kранц! Мунун жаш баладай алданып жүргөнүн, жинди экенин айтып койчу! Бул кайдагы суу перилерди издейт?

Сүрөтчү Кранц мыйыгынан күлүп, бирок эч нерсе деген жок.

- Жок! Бул жерде жүрсөң жинди болуп кетчүдөйсүң. Мен үйгө кеттим. Жуунуп, кечки тамагымды ичем да жылуу жумшак жатып уктаганым жакшы. А сенчи, Кранц?

- Мен кечирээк жатам. Жакшы ырдаган тааныш айымга барам. Аны ырдатам, кичинекей чөйчөккө шараптан куюп, аз-аздан ууртап коюп диванда тыңшап жатсаң... кандай гана ыракат!

- Кара жаныңды жакшы багасың! 

- А сенчи, Пеликанов?

Пеликанов муңайым жылмайып койду.

- Албетте, сен кайра кыйкырасың... Бирок мен... азыр дарыяга барам, ары-бери басып... толкундардын чачыраганын угам, кайсы бир карайган бадалдын түбүндө олтуруп сулуу, муңайым көздөр жөнүндө... уктап жаткан дарыядан бүдөмүк агарып көрүнгөн жумуру колдор жөнүндө кыялданам...

- Кранц! — деп кыйкырып жиберди Дерягин артына бурулуп. - Сен буга, бул аянычтуу кичинекей адамга, анын каргыш тийген суу периси жок экенин айтып койчу!..

Кранц бир аз ойлонуп, анан ийинин куушурду.

- Суу перилери бар экени чын болсо, мен ага кантип жок деп айта алам.

- Эгер минтип айтсаң сен да бир акмак экенсиң.

- Балким. Кранц күлүп койду. Бирок мен бир суу перисине өзүм жолуккам.

- Оо Кудай! – Дерягин колдорун жайып өйдө көтөрдү. - Эми мунун тажатма окуясы башталат - кызгылт суу... болбогон келжирек сөздөр! Кранц жашыл көздүү, суу периси сыяктуу күлкүсү бар кызга кантип жолугуп, аны турмуштун туңгуюгуна кантип азгырып, кантип бузганы тууралуу айтып берет. Kранц! Бул окуяны айтырбай коюш үчүн канча төлөсөм макулсуң?

– Коё тур, – Кранц кабагын бүркөдү. Бул чыныгы дарыя периси болчу. Мен аны менен кокустан жолугуп, кызыктай ажырашкам...

Пеликанов Кранцтын ийнинен кармап жармаша калды.

- Чын айтып жатасыңбы? Айтсаң? Сен чындап эле чыныгы суу перинин көрдүң беле?

- Мунун эмнеси таң калыштуу? Сен өзүң да алардын болоруна ишенип жатпайсыңбы...

– А сен даана көрдүңбү? Азыр мени көрүп тургандай көрдүңбү?

Шашылба жигит... Бул бир аз кереметтей көрүнсө да... бул дүйнөдө эмне болорун эч качан биле албайсың! Мен азыр жаш жигит эмесмин, ызы-чуулуу, бороон-чапкындуу, укмуштуу окуяларга бай жашоомдо сенин түшүңө да кирбеген көп нерселерди көргөм.

- Кранц! Сен... суу перисин көрдүң беле?!

- Көргөм. Эгер бул сени абдан кызыктырса, мен сага айтып бере алам. Андан көрө көбүрөк шарап алдыр.

- Эй! Шарап алып келгиле!

- Көбүрөк де.

- Көбүрөк болсун! Kранц! О, суу периси тууралуу айта башта!

- Анда эмесе уккула... Бир жолу жайында аң уулап жүргөм... Негизи аны аңчылык дешке деле болбойт. Жөн гана мылтыгымды алып токой аралап тентип жүрдүм. Мен жалгыздыкты жакшы көрөм. Ошентип жүрүп, жайдын жылуу кечинде дарыя жээгиндеги кароосуз балыкчылардын үйүнө туш келдим. Бул балыкчылар экспедицияларынын биринде чөгүп кетишкенби же жөн эле бул дарыядагы балыктардын баарын кармап түгөткөндөн кийин башка жакка көчүп кетишкенби, билбейм, айтор бул үй аңгырап бош экен. Мен ушундай кооз жерде, кереметтүү жымжырттыкта ээн жаткан үйгө жолуканыма аябай сүйүндүм. Тез эле шаарга барып, керек-жарак буюмдарымды, жеңил керебетимди алып келип, ал үйгө жайгаштым.

Күндүз аң уулап, балык кармап, сууга түшүп, кечинде керебетке жатып алып керосин лампасынын жарыгында Шиллерди, Пушкинди, Достоевскийди окучумун.

Мен ал учурду такыр унутпайм...

Анан мындай болду.

Негедир дымыктырган бороондуу түндүн биринде уктай албай тыбырчылап жаттым. Ысыктан, кандайдыр бир үстүңдөн ныгыра баскан салмактан улам дем ала албай думугуп чыктым. Туруп жээкке басып бардым – айдын бети мунарыктап, талдар муңайым баштарын ийип, өлөң чөптөр кыймылдабай каткансыйт. Суу карасур тартып коюу сыядай сезилет.

Суу жылуу болсо да бир аз чумкуп сергип алайын деп чечтим. Бирок бул деле мен каалаган салкындыкты берген жок: коргошундай көлкүлдөгөн, жылуу суу – мен секирип түшкөндө экиге жара бөлүнүп, жада калса тамчылары да чачырабай, кайрадан денемди ороп-чулгап алды.

Мен колдорум менен сууну чалпылдатып чапкылап, ырдай баштадым, анткени айланада укмуштуудай коркунучтуу, жымжырттык өкүм сүрүп турган. Нервдерим негизинен аркан сымал бекем эле, бирок абанын электр тогубу же кандайдыр бир башка нерсеби, аларды ушунчалык чыйралткандыктан, мен жаш айымдай көз жашымды төгүүгө даяр элем.  

Мына эми жээкке чыгайын десем, ийнимдин жанынан бир нерсе чалп дей түштү! Мен аны балык деп ойлодум. Инстинкт менен кол сунсам, узун, тайгалак бир нерсеге тийди, кармап калдым... Жүрөгүм опкоолжуй түштү... Адамдын колундай сезилет. Менимче, чөгүп кеткен адам. Бир маалда бул белгисиз дене титиреп, буйталаңдап, колумдан чыгууга аракет кылды... бир кезде башы көрүндү... муңайым жалдыраган сулуу көздөрү бар кыздын башы... Суу үстүндө айласыз  көтөрүлгөн эки аппак жумуру кол чыкты...

Кызыгы, мен кимге жолукканымды түшүнгөндө дароо тынчыдым. Иш сейрек, өзгөчө болчу, мен дароо аны өткөрүп жибербөөнү чечтим. Колдорум анын ичке, ийкемдүү белине бекем оролду, бир мүнөттөн кийин ал менин бутумдун алдында акырын онтогон үн чыгарып кумда ооналактап жатты.

Аны бир нече жылуу сөздөр менен сооротуп, нымдуу, жумшак чачынан сылап, абайлап колума алдым да үйгө алып келдим. Ал унчукпай, үрөй учуп корккон кайгылуу көздөрү менен мени тиктеп калды.

Лампанын жарыгы менен туткунумду жакшылап карай баштадым. Ал так эле сүрөтчүлөр тарткандай болчу: ак мрамор денеси, ийкемдүү ичке колдору, кооз ийиндери, ийиндерине төгүлгөн укмуштуудай, кызыктуу, жашыл түстөгү чачтар куюлат. А бутунун ордуна балыктыкындай эки ача, кабырчыктуу узун куйругу бар эле.

Мойнума алсам, денесинин бул бөлүгү мага өтө деле жагымдуу таасир калтырган жок. Бирок жалпысынан, алдымда табитти ачкан бир керемет жандык жатты, мага окшогон жалгыз селсаяк бузукуга ушундай белек жиберген тагдырыма ыраазы болдум.

Ал менин керебетиме чалкасынан, ным денеси жаркыратып, эки колун жазданып, мени корккон малдай унчукпай карап жатты.

- Коркпо! – дедим ага ырайымдуу жылмайып. Карт Кранц сени кыйнабайт.

Мен анын жарым ачык, кызгылт эриндерине эриндеримди тийгиздим.

Мм... Мойнума алам: өмүрүмдө көп аялдарды өөп көргөм, бирок бул жолкудай балык жытын жыттаган эмесмин. Мен балык жытын жакшы көрөм - ал деңиз, туз жана тулку-бой жыттанат, бирок мен эч качан алабуга же чортон балыгын өпкүм келбейт.

- Менимче, - деп сурадым аны кучактап, - сен көбүнчө балык жейт окшойсуң?

- Балыктар...- деп күңкүлдөдү ал, муңайым сулуу көздөрүн жүлжүйтүп. - Мага балык бер.

- Ачкасыңбы, кургурум? Азыр, кичинекейим, азыр алып келип берем...

Мага сервант катары кызмат кылган кутудан куурулган муздак балыктын бир кесимин алып чыгып, ага бердим.

- Ай, - деп ыйлап жиберди ал. - Бул балык эмес. Балыктар... Мага балык бергиле.

- Сүйкүмдүүм! – деп чочуп кеттим. – Сен эмне чийки балык жейсиңби?.. Фи, кандай жийиркеничтүү...

Ошого карабастан, ага тирүү балык кармаш үчүн көп күч-аракет жумшаш керек болду... Азыр эсимде: бул сазан балыгы жана эки кичинекей чабак болчу. Ал башын ийкеп, көнүп калган колу менен сазанды алып, башын тиштеп жулуп алды да, аны кадимки шабдаалы жеген аял анын сөөгүн түкүргөн сыяктуу түкүрүп салды. Сазандын  денеси заматта анын тиштеринде кычырап барып жок болду. Кабагыңарды бүркөбөй эле койгула, мырзалар, бирок мен чындыкты айтышым керек. Ал чабактарды башы, ичегиси менен бүтүндөй жутту... Сыягы алардын адаты ушундай окшойт.

- Суу, - деп шыбырады ал эриндерин кыймылдатып. - Суу…

Байкуш суусап калды го деп ойлодум.

Суу толтурулган чоң чопо чаканы алып келип, абайлап оозуна такадым. Бирок ал чаканы колумдан алды да, ордунан туруп, башынан куйругуна чейин сууну жаба куюнуп, кайра керебетке жыгылды да, ыракаттанып кыйкырып жиберди.

— Жаным, — дедим мен. – Мунсуз болбойбу? Төшөктүн баарын суу кылдың. Мен кантип жатам?

- Суу! – деп кыйкырды ал кайрадан.

- Жетишет! Төшөктөн ансыз да суу тамчылап жатат. Уялбайсыңбы.

Чынында эле жууркан менен жаздык сыгып алма болуп, туткундун ар бир кыймылы менен төшөктөн суу тамчылап жаткан.

- Суу!

- Эмне болсоң ошо бол, - деп шыбырадым. – Мына суу. Ме, мага десең чыланып ал! Кечир, жаным... мен сенин жаныңа жата албайм... Эртең мурдумдун суусу шорголоп турганын таптакыр каалабайм.

Экинчи чака суу аны тынчтандырды. Ал жылмайып, мага башын ийкеп, кооз жумуру колдору менен жашыл чачтарынын арасын сыйпалай баштады.

- Эмне издеп жатасың? – деп сурадым.

Аңгыча ал тарагын таап алды. Бул жөн гана балыктын омурткасынын тарактын тиштери түрүндөгү сөөктөрү бар бир сыныгы экен, кээ бир жерлеринде чала мүлжүнгөн эттин калдыктары жүрөт.

- Ушул таштанды менен чачыңды тарайсыңбы? Мен жийиркене түштүм.

Ал эч нерсе дебей, чачын тарап, үнүн акырын чыгарып кайгылуу обонду кыңылдап ырдай баштады. Мен анын куйругунун жанында, анын бир кызыктай созолонгон сөзсүз обонун бир аз угуп отурдум да, анан ордумдан турдум:

- Ырың жакшы экен, бирок мен жатышым керек. Түнүң бейпил болсун.

Ал чалкасынан жатып алып, муңдуу көздөрү менен шыпты тиктеп, баягы эле жөнөкөй обонун созгонун токтоткон жок. Бир бурчка кемселимди жайып, көзүмдү ачып жарым сааттай унчукпай угуп жаттым. Ал дагы эле токтобой ырдай берди.

– Болду, жаным, – дедим акырын. - Жетишет. Менин уйкум келди.

Ал менин өтүнүчүмө кулак салган жок. Анын ыры тажата баштады.

– Токтот дебедимди, каргыш алгыр?! Жиним кайнап чыкты. – Бул эмне деген маскарачылык?! Деги тынчтык бересиңби!

Менин кыйкырганымды укканда ал артына бурулуп, коркуп кеткен көздөрү менен мени кунт коюп карады да, бир маалда кызгылт эриндери кыймылга келип кыйкыра баштады:

– Кайда сүйрөп бара жатасың, оңбогон таз, Михеич? Солго тарт! Эй шайтан! Кайра да торду үздүң!

Менин оозум ачылды:

- Бул эмне дегениң? Бул кайдан чыккан сөз?!

Ал эч кандай маанисиз сөздөрүн улантты:

- Лаврушка, сага наалат! Арактын баарын ичип алдыңбы? Сага балык кармабай эле, сандыктарды оодартып койсо... каргыш тийген ит...

Сыягы, бул анын балыкчылардан угуп жаттап калган сөздөрүнүн бүтүндөй лексикасы болсо керек.

Ал көпкө чейин мага белгисиз Лаврушканы ар кандай сөздөр менен жемелеп, ага балык уулоочулардын буйруктарын, уятсыз сөгүнүшкөндөрүн аралаштырып жатты.

Таңга жуук араң көзүм илинди.

Мени терезеден жаркырап көзүмө тийген күн ойготту. Мен жайылган чепкенимде жаткам, ал эми туткунум менин керебетимде эки колун жайып уктаган боюнча ойгоно элек экен, күндүз ал мурдагыдан да жашыл сыяктуу көрүндү. Чачтары балырдай ачык жашыл болуп, кургаган сайын чачтары үзүлө баштаптыр. Сууда ушунчалык жылмакай, назик териси азыр куудурап кургап калыптыр. Көкүрөгү менен оор дем алып, куйругу керебеттин кырына башына катуу чабыла берип, бир топ кабырчыктары күбүлүп түшүптүр.

Менин ойгонгонумду көргөндө туткун жашыл көздөрүн ачып, орой үнү менен кыйкырды:

- Суу! Суу, каргыш алган Лаврушка, өлүп эле калсаңчы! Сага такыр аёо жок!

Айласыздан дарыяга суу алып келгенге жөнөдүм, чакага суу алып бөлмөгө киргенде гана бөлмөнүн абасынын канчалык оор экенин сездим: балыктын жагымсыз ачуу жыты бардык жерге сиңип калгансыйт...

Бирдемелерди күбүрөп, ал сууну тегергине чачып жиберди, мен чепкениме отуруп алып, бул тири шумдук жандыкка жолукканым жакшы болдубу деп ойлоно баштадым: ал чортонго окшоп балык жеп, түнү бою матростор сыяктуу уят сөздөрдү айтып чыкты, ал аз келгенсип жыты базардагы селедка саткан катындай буркураганын айт.

– Билесиңби... – дедим мен ага жакындап. – Дарыяга кайра барганың жакшы эмеспи... ыя? Өз жолуң менен жүрө бер. Сага да жакшы, мага да жакшы.

- Торду тарт, Лаврушка! - деп бакырды ал. - Аркан үзүлсө, кулагыңды кесип салам!

- Кайдагы сөздөрдү айтасың, – дедим жемелеп. - Мас кишидей сүйлөйсүң. Болду... жетишет!

Сасыган балык жытынан жийиркенсем да, аны колума көтөрүп дарыяга жеткиздим, кумга ыргытып, сууга түртүп жибердим. Ал жийиркеничтүү жашыл чачын акыркы жолу жылтыратып, көздөн кайым болду. Мен аны ошол бойдон көргөн жокмун.

* * *

Суу перисинин окуясын унчукпай угушту.

Кранц ордунан туруп, шляпасын издей баштады. Дерягин кетмекчи болду.

- А сен кайда барасың? — деп сурады ал акын Пеликановдон. - Дарыягабы?

- Үйгө кетет окшоймун, – деди акын чечкинсиз. Күн сууктай баштады көрүнөт...

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз