О`Генри: Окшош жандар

  • 24.06.2022
  • 2064

АҢГЕМЕ

Ууру унчукпай терезеден секирип түшүп, айланасына абай салып бир азга туруп калды. Өзүн сыйлаган ар бир ууру адегенде бирөөлөргө тиешелүү буюмду жакшылап карап баалагандан кийин гана өзүнө ыйгарат.

Бул обочодо жайгашкан өтө чоң эмес үй болчу. Бекем бекитилип көптөн бери ачылбаган каалга менен чабыла элек газон ага үйдүн ээси учурда, тепкичтерине деңиздин толкундары келип урунуп, шарпылдап жаткан террасанын бир жеринде отуруп алып спорт кепкачан, сезимтал табиятына кайдыгер караган жигитке, анын жалгыздыктан кыйналган жан дүйнө азабын дүйнөдө эч ким түшүнбөсүгүн айтып арманын төгүп жүргөндүгүнөн кабар бергенсийт.

Ошол эле маалда үстүнкү кабаттын терезелеринен чыккан жарык үй ээсинин үйүндө экенин, жакында уйгуга кетерин билдиргендей. Сентябрь айынын аягы жаратылышта да, адам жашоосунда да өзгөчө учур. Бул учурда ар бир кадыр-барктуу үй кожоюну стенографтар жана түнкү кабаре – жөн эле курулай убаракерчилик деген тыянакка келет. Ошондуктан өзүндөгү адеп-ахлактык жеткилеңдикке жана үй-бүлөлүк баалуулуктарга болгон эңсөөнү сезип, ал өзүнүн мыйзамдуу жарымынын үйүнө кайтып келишин күтө баштайт.

Ууру тамекисин күйгүздү. Бир саамга ширенкенин жарыгы күүгүмдөн анын жүзүнүн эң көрүнүктүү өзгөчөлүгүн – узун мурдун, уркуйган жаак сөөктөрүн сууруп чыкты.

Ал уурулардын үчүнчү, али изилденип бүтө элек түрүнө таандык. Биринчиси менен экинчисин жакшы билебиз – милиция аларды элге тааныштырууга жакшы эле кам көргөн. Алардын классификациясы өтө жөнөкөй. Бул жерде негизги белги – жака. Эгерде кармалган ууруда крахмалданган жаканын изи болбосо, демек, ал эң коркунучтуу бейбаш, коррупциялашкан субъект деп жарыяланып, ошол замат бул баягы 1878-жылы полициянын офицери Хеннессинин чөнтөгүнөн кишенин уурдап, камактан качып кутулган шылуун болуп жүрбөсүн деген шектенүү пайда болот.

Крахмалданган жакалуу ууру – бул таптакыр башка кеп. Бул уурулардын мырзасы. Күндүз ал смокингчен эртең мененки тамагын ичип, анан сантехниктин же дагы бир майда устанын кейпин кийип, чалгынга чыгат. Кечинде ал өзүнүн негизги кесибине – аздыр-көптүр баалуу нерселерден батирлерди жана үйлөрдү тазалоого киришет. Анын апасындай сыйлаганы бай жана кадыр-барктуу айымдар.

Ошондуктан болсо керек, анын тукуму түрмөгө камалганда эң биринчи маникюр комплектисин жана “Полиция гезити” сурайт. Анын ар бир штатта аялы бар, ошол эле учурда бардык райондордо колуктулары менен бирге жүргөнүн көрөсүң. Гезиттер анын курмандыгы болгон аялдарынын портреттерин сериялык түрдө басып чыгарышат, бул максатта медициналык архивден алынган аз кандуулук менен жабыркаган, бардык дарыгерлер дарылоодон баш тарткан араңжан аялдардын сүрөттөрүн колдонушат.

Ууру көк түстөгү жемпир кийип жүргөн. Демек, ал мырзалардын категориясына да, ээн-эркин өз алдынча жүргөн шылуундардын категориясында да жок. Ал өтө бийик учууга жана эң түбүнө чөкпөөгө умтулган дасыккан ууру.

Ошентип үчүнчү категориядагы ууру этияттык менен алдыга жылды. Бетинде маскасы, жеңине каткан кол чырагы, бутунда шыбыш чыгарбаган калың резина тамандуу өтүгү жок болчу. Болгону, чөнтөгүндөгү отуз сегизинчи калибрдеги револьвердин туткасын кыса кармап, жайбаракат жалбыз даамданган сагыз чайнап жүргөн.

Үйдөгү эмеректер жабуулар менен жабылыптыр. Күмүш буюмдар отко чыдамдуу шкафтарга катылган. Ооба, ал өтө бай олжону деле күткөн эмес. Ал жөн гана үстүнкү кабаттагы күңүрт жарык бөлмөнү көздөй жөнөдү, ал жерде үй кожоюну терең уйкуга кирсе керек. Анын чынчыл, мыйзамдуу, профессионалдык умтулууларынын объектисин дал ошол жерден издөө. Бир аз акча, саат, балким шакек же таш төөнөгүч чыгып калар. Көчөдөн ачык калган терезени байкап, ал жөн гана бактысын сынап көрүүнү чечкен.

Күңүрт бөлмөнүн эшиги үнсүз ачылды. Төшөктө кожоюн уктап жаткан экен. Үстөл үстүндө бырышкан купюралар, саат, бир тутам ачкыч, бир-эки сынык сигара, кызгылт тасма жатат. Эртең менен ичкенге камдап койгон бир бөтөлкө сода кошулган суу да турат.

Ууру үстөлдү көздөй үч жеңил кадам таштады. Уктап жаткан адам катуу онтоп алды да, капысынан көзүн ачты. Оң колун жаздык астына тез сойлотуп, бирок ошол боюнча сууруп алганга үлгүргөн жок.

- Жат, кыймылдаба! – деди ууру жайбаракат. Бул категориядагы уурулар эч качан коркунучтуу шыбырап сүйлөбөйт.

Төшөктө жаткан киши өзүнө карай кеселген револьверди карап, катып калды.

- Колуңду желкеңе ал! – буйрук берди ууру.

Жаңыдан ак аралаша баштаган жарашыктуу кара сакалчан бул адам кадыр-барктуу жарандын элесин калтырды. Ал бир аз коркуп турган менен, абдан ачууланды. Ал керебетке отуруп, оң колун көтөрдү.

– Экинчи колуңду көтөр! — буйурду ууру. Балким сен сологойдурсуң, сол колуң менен атасың. Экиге чейин санай аласыңбы?

— Бул колумду көтөрө албайм, — деп кобурады ал бети-башын тырыштырып.

– Эмне болду?

– Ревматизм. Ийин муунунда.

– Катуу ооруйбу?

– Мурда катуу ооручу. Азыр өнөкөткө айланды.

Ууру ревматикти тапанчасы менен мээлеген боюнча бир мүнөт унчукпады. Анан керебетинде кыймылсыз отурган адамды тиктеп калды. Бир маалда анын жүзү да бырыша түштү.

– Эмне  бырышып-тырышасың? — деди үйдүн кожоюну кыжырлана. - Тоноо үчүн келдиңби, ишиңди кыл. Тигине, үстөл үстүндө эмнени тапсаң ошону ал да кете бер.

— Кечиресиз, — ууру шылдыңдагандай жылмайып. – Билесиңби, меники да кармап калды. Сиз негизи бактылуу адам экенсиз, биз ревматизм менен ооруган достордон болуп чыктык. Меники да сол ийинде. Менин ордумда башка бирөө болгондо көтөрүлбөгөн сол колуңду эбак тешкилеп салмак.

- А сиздин ооруганыңызга канча болду? — деп сурады кожоюн.

- Бешинчи жылга кетти. Ооба, эми мындан кутулбай калдым көрүнөт. Бир жабышып алдыбы – бүттү дей бер.

-- Сиз чаар жыландын майын сыйпап көрдүңүз беле? — деп сурады кожоюн.

– Челектеп сүйкөдүм. Эгерде уусун алам деп жок кылган чаар жыландардын бардыгын биринин артынан бири сууруп чыгышса, анда алар Жерден Сатурнга чейин сегиз жолу жетет, алардын шалдырактарынан Вальпараисодогу адамдар да дүлөй болуп калышмак.

 -- Кээ бирөөлөр Чишолмдун таблеткаларын мактап жатышат, - деди кожоюн.

-- Былжырашат, -- ачууланды ууру. – Мен беш ай катары менен бул таштандыны жутуп жүрдүм. Кенедей да пайда жок. Качан гана "Финкелхаймдын экстрактысын" алып, "Гилеаддын бальзамынан" компресс жасап, "Поттун ооруну басаңдатуучу диффузорун" сүйкөгөндө, бир аз жеңилдеп калгандай болду. Бирок менин оюмча, ал дары-дармектер ушунча убакыт бою сол чөнтөккө салып жүргөн жылкы каштанындай[1] жардам берген жок.

-- Сиздики кайсы убакта кармайт, эртең мененби же түнкүсүнбү?

-- Түнүчүндө, - деди ууру. – Так гана иш кычап турганда... Эй, колуңду түшүр... Bleeckerstaff кан тазалагычты колдонуп көрдүң беле?

-- Эмнегедир колдонуп көрбөптүрмүн. Сиздики дайыма сыздап ооруйбу же убак-убагы менен ооруйбу?

Ууру керебетке отуруп, револьверин тизесине койду.

– Убак-убагы менен, -- деди ал. – Келет деп ойлобой отурган учурда кармайт. Ошон үчүн үстүңкү кабаттардан баш тартууга туура келди. Буга чейин бир-эки жолу жарым жолдо кармап, жатып калдым. Мен сизге бир нерсени айтайын: азыркы дарыгерлер бул илдетти эч кандай түшүнбөйт.

-- Ооба, мен да ошондой ойлойм. Мен аларга миң доллардан ашык короттум, баары бекер кетти. Сиздики шишийби?

- Эртең менен ооруйт. Ал эми жаман аба ырайынын алдында бөтөнчө – тим эле караул! -- деп кыйкыргың келет.

- Ооба, менде да ошондой окуялар бар. Флорида тараптан чоңдугу сүлгүдөй болгон булут биздин тарапка жылары менен жакындаганын сезе баштайм. Ал эми театр жанынан “Саздардын үстүндөгү туман” мелодрамасы көрсөтүлүп жатканда басып өтүүгө туура келсе, ным түздөн-түз муундарды тешип кирип, аттиш менен кыпчыгансып жула баштайт.

-- Ооба, эч айла жок. Жөн эле тозоктүн азабы, - деп башын ийкеди ууру.

-- Ох, кандай туура сөз, - деп үшкүрдү кожоюн.

Ууру тапанчасын кайдыгер карады да, бир аз олку-солку болуп, анан чөнтөгүнө салды.

-- Укчу, дос,-- деди ал. -- А сен оподелдокту сүртүп көргөн жок белең?

-- Болбогон нерсе! — деди кожоюн көңүлү калган немедей, жаздыкка жөлөнүп. - Ушундай эле ийгилик менен сары майды сүйкөй аласыз же такыр эч нерсе сүйкөбөй деле койсоңуз болот.

— Туура, — макул болду ууру. -- А мен түз эле айтам -- биздин ишибиз чатак . Дүйнөдө жардам берер бир гана нерсе калды: эски, жүрөктү жылытып, жүрөктү кубандырчу жакшы ичимдик. Билесиңби, абышка... мага көп таарына бербе... Мен бул жакка келген ишти, албетте, унуталы... Кийинип чык, бир жакка барып ичели. Сен мени кечирип кой, эгер мен... вах, шайтан алгырдыкы! Кайра кармады, бул ушундай акмак!

-- Бирөөнүн жардамысыз кийинүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраганыма бир жума болду, - деди ал кожоюн капаланып. Менин Томасым эмдигиче төшөгүнө жатып алгандыр...

-- Макул, макул, уяңдан чык, -- деди ууру. - А мен үстүңө бир нерсе жамынганга жардам берем...

Капысынан кожоюндун оюна адептүүлүк, ар кандай шарттуулуктар жөнүндөгү ойлор келе калды. Ал эмне кылышты билбей карбаластап сакалын сылай баштады.

-- Бул кызык... -- деп баштады ал.

-- Мына көйнөгүң, -- деди ууру. – Кийе кал. Баса, бир досумдун айтымында, Omberry Rubbing аны эки жума ичинде ушунчалык оңогон экен, ал  галстугун өзү байлай баштаптыр.

Босогого жеткенде кожоюн токтоп, артка кайрылды.

-- Мен акчамды унутуп кала жаздаптырмын, – деди. – Кечинде чөнтөгүмдөгү нерсенин баарын үстөлгө койдум эле.

Ууру аны жеңинен кармап, кайра артка кайырды.

– Кеттик, кеттик, – деди ал күлүп. Көп сөздүн кереги жок, бүгүн мен коноктойм. А сиз “Керемет жаңгак” жана карагайдын ийнесинин майын колдонуп көрдүңүз беле?..

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

 

[1] Дары чөптүн аты.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз