Антон Чехов: Элге эч балээ жакпайт!

  • 30.06.2022
  • 3391

АҢГЕМЕ

– Жетишет, мен мындан ары ичпейм!.. Жок... токтотпосом болбойт! Токтолууга убакыт жетти. Иштеш керек, иштеш керек... Маяна алганды жакшы көрөсүңбү, анда кыйынчылыктарга, уйкуңдун бузулганына карабай, абийир менен, ак ниет, таза иште. Эркеликти ташта... Жата берип бекер айлык алганга көнүпсүң, бул жакшы эмес... жакшы эмес...

Ушул сыяктуу бир нече моралдык ой-пикирлерге баткан башкы кондуктор Подтягиндин ишке болгон чексиз умтулуусу ойгонду. Түнкү саат бирден өтүп калган, бирок ага карабай кондукторлорду ойготуп, алар менен вагондорду аралап, билеттерди текшермекчи болду.

"Билеттериңерди текшерүүгө камдагыла!" – деп үнүн катуу чыгарды ал көңүлдүү.

Вагондун жарым караңгылыгына чөмүлгөн уйкулуу жүргүнчүлөр селт этип баш көтөрүп, билеттерин көрсөтө башташты.

"Билетиңизди көргөзүңүз!" — Подтягин экинчи класстагы жүргүнчүгө, тон жана жуурканга оронуп, тегерегине жаздыктарды коюп алган арык, тарамыштуу адамга кайрылды. "Билетиңизди көргөзүңүз!

Тигил адам жооп берген жок. Ал катуу уйкунун кучагында болчу. Башкы кондуктор анын ийнинен тартып, кайталады: "Билетиңизди көргөзүңүз!”

Жүргүнчү селт этип, көзүн ачып, Подтягинди үрөй учургандай олурая карады.

- Эмне? Сиз кимсиз? А?

– Мен сизге адамча эле айтып жатпаймынбы... билетиңизди көргөзүңүз! Болуңуз, ыңгыранбай кыймылдаңыз!

- Кудайым ай! – деп ыйламсырады тарамыштуу арык адам. - О, Кудай! Мен кызыл жүгүрүк менен ооруйм... Үч түндөн бери уктай албай кыйналдым, атайылап уктайын деп морфин ичтим, а сен... кайдагы билет деп! Бул ырайымсыздык, адамкерчиликсиз жорук! Уктай албай кандай кыйналганымды билсең, мындай болбогон кептер менен мени кыйнабайт элең... Аёону билбеген таш боор десе! Менин билетимдин сага эмне кереги бар? Бул келесоочулук!

Подтягин таарыныш керекпи же жокпу деп ойлоно калып, таарынууну чечти.

- Сиз кыйкырбаңыз! Бул жер араккана эмес!

- Аракканадагы адамдар сизге караганда адамгерчиликтүү... - деп жөтөлдү жүргүнчү. - Эми эр болсоң кайра уктап көр! Анан таң калыштуу бир нерсе: мен бүткүл дүйнөнү кыдырдым, эч бир өлкөдө менден билет сурашкан жок, а бул жерде шайтан аларды чыканактан түртүп жаткансып, көрсөт эле көрсөт, көрсөт эле көрсөт!..

- Чет элде жакса ошол жакка барып жашаңыз!

- Болбогон сөз, мырза! Ооба! Жүргүнчүлөрдү түтүн, ыш менен ууландыргандары аз келгенсип, формализм менен талкалагыңар бар. Көрсө буга билет керек экен! Айтчы, бул кандай ынтызарлык! Көзөмөлүңөрдөн пайда чыкса жакшы го, бирок поезддин жарымы билетсиз жүрбөйбү!

- Мени угуңуз, сэр! – Подтягин жиндене баштады. - Аргументтериңизди тастыктаңыз! А эгер кыйкырып, элдин тынчын ала берсеңиз, анда мен сизди кийинки бекеттен түшүрүп, бул факт боюнча акт түзүүгө аргасыз болом!

- Бул кандай акмакчылык! – элдин нааразы болгон үндөрү чыга баштады. - Ооруган адамды да тим коюшпайт! Уксаңыз, аны аяп койсоңуз болбойбу!

- Ал өзү баштап жатпайбы! - Подтягин коргоно баштады. - Болуптур, мен билетин талап кылбай эле коёюн дейли... Силер каалагандай... Бирок билесиңерби, менин кызмат талабы ушундай... Кызмат болбосо, анда, албетте... Сиз станция начальнигинен да сурап көрүңүз... Каалаган адамыңыздан сурасаңыз болот…

Подтягин ийнин куушуруп, оорулуу адамдан оолактады. Ал адегенде өзүн бир аз ызалангандай сезип келаткан, анан эки-үч вагондон өткөндөн кийин башкы кондуктордун көкүрөгүндө оорулуу адамга кылган мамилесине өкүнгөндөй, уялгандай кандайдыр бир тынчсыздануу пайда боло баштады.

"Чындыгында, оорулуу адамды ойготуунун кажети жок болчу, - деп ойлоду ал. – Бирок бул менин күнөөм эмес... Алар мени көпкөндүгүмдөн, кыла турган башка эч нерсеси жок болгонумдан эрмек кылып жатат деп ойлошот, бирок кызмат муну талап кыларын билишпейт... Алар мага ишенишпесе, анда мен жетекчини алып келе алам».

Станция. Поезд беш мүнөткө токтоду. Подтягин үчүнчү коңгуроо кагылар алдында жогоруда айтылган II класстагы вагонго кирди. Анын артынан кызыл калпакчан станция начальниги көрүндү.

«Мына бул мырза, — деп баштады Подтягин, — булар билет сураганга менин укугум жок болчу деп нааразы болуп жатышат. Мен сизден суранам, мырза вокзалдын начальниги, аларга түшүндүрүп бериңизчи – кызматта мен билет талап кыла аламынбы же туура эмес кылып жатамынбы?”

- Мырза, — деп кайрылды Подтягин тарамыштуу адамга. - Мырза! Ишенбесеңиз станция начальнигинен өзүңүз сурасаңыз болот.

Оорулуу жылан чагып алгансып калтырап, көзүн ачып ыйлап жибере жаздап, чалкалап диванга жөлөндү.

- Кудайым ай! Мен жаңы эле бир порошок ичип, уктап бараттым эле, кайрадан... ойготтуңуз! Бир аз боор ооруп койсоңуз болбойбу!

- Мынакей, станция начальнигинен сураңыз... Менин билет сураганга укугум барбы же жокпу?

- Бул адам чыдагыс жорук! Мына билет! Алгыла! Керек десеңер мындай билеттен бешти сатып алайын, деги тынч өлгөнгө мүмкүнчүлүк бергилечи! Өзүңүздөр эч качан ооруган жок белеңиздер? Сезимсиз адамдар!

- Бул жөн эле шылдың! – нары жакта аскер кийимин кийген кайсы бир мырза ачууланып жатты. - Мен муну башкача түшүнө албайм!

— Жөн жайына коюңузчу... — деди станция начальниги Подтягиндин жеңинен тартып.

Подтягин ийнин куушуруп, жай басып станция начальнигинин артынан жөнөдү.

"Түшүнсөм кудай урсун! -- деп таң калды ал. "Мен ага станциянын башчысын, ал түшүнсүн, тынчтансын деп чакырдым, а ал кайрадан сөгүнөт."

Кийинки станцияга жетишти. Бул жерде поезд он мүнөткө токтоду. Экинчи коңгуроонун алдында Подтягин буфеттин жанында суусундук ичип жаткан, анын жанына бири инженердин формасында, экинчиси аскер кийимчен эки мырза келди.

- Угуңуз, мырза башкы кондуктор! — деди инженер Подтягинге кайрылып. - Сиздин оорулуу жүргүнчүгө жасаган мамилеңиз бардык күбөлөрдүн кыжырын келтирди. Мен инженер Пузицкиймин, бул... мырза полковник. Оорулуу жүргүнчүдөн кечирим сурабасаңыз, анда темир жол башчысына, биздин досубузга арыз жазууга мажбур болобуз.

- Мырзалар, эмне үчүн, мен... эмне үчүн, силер... - Подтягин абдырай түштү.

Бизге түшүндүрмөлөрдүн кереги жок. Бирок эскертебиз, кечирим сурабасаңыз, анда жүргүнчүнү өзүбүздүн коргообузга алабыз.

- Ооба, мен... Жакшы болот, мен кечирим сурайм... мен макулмун...

Жарым сааттан кийин Подтягин жүргүнчүнү канааттандыра турган, анын кадыр-баркына шек келтирбей турган сөздөрүн камдап вагонго кирди.

- Мырза! - ал оорулууга кайрылды. - Уксаңыз, сэр!

Оорулуу калчылдап, ордунан секирип кетти.

- Эмне?

- Мен жөн эле... тиги?.. Кечирим сурайм...Мага таарынбаңыз...

- Оо... суу... - бейтап жүрөгүн басып, оор дем ала баштады. - Морфинди үчүнчү ирет ичип, уктай баштагам... дагы ойготтуң! Кудайым ай, бул кыйноо качан бүтөт!

- Мен... Кечиресиз...

- Угуп тур... Мени кийинки станцияга калтыр... Мен мындан ары чыдай албайм. Мен... өлүп баратам...

- Бул кандай акмакчылык, маскарачылык! – нааразы болгон эл чурулдады. – Кетип калыңыз бул жерден! Мындай кыянаттык үчүн сиз жооп бересиз! Чыгып кетиңиз!

Подтягин колун шилтеп, үшкүрүнүп, вагондон чыгып кетти. Кызматтык вагонго барып, чарчаган бойдон үстөлгө отуруп, наалыды:

- Элге кандай кылсаң да жакпайт! Кандай кылсаң да, аны ыраазы кыла албайсың! Жан аябай кызмат кыл, иште... баары бир жакпайсың! Эрксизден баарына түкүрүп, ичкиң келет... Эч нерсе кылбасаң да тилдешет, иштей баштасаң да сөгүшөт... Ичпесе болбой калды!

Подтягин дароо жарым бөтөлкө ичип жиберди да, эми иш, милдет, чынчылдык жөнүндө ойлонбой калды.

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз