
Түрк тилинен которгон Таалайбек АБДИЕВ
-İ-
- «Алтын жалбырак аноним» фирмасынан эмнеге кеттиң дейсиңби? Мунун таң кала турган деле эч нерсеси жок. Алган алтымыш эки лира айлыгым эч нерсеге жетчү эмес. Мойнумда кызыл чиедей эки бир тууганым, оорукчан апам бар… Кээде апам суукту, бир туугандарым кара курсакты айтып кыңкылдашчу. Мен ийними куушуруп: «Эмне кылайын, болгону ушул болуп атпайбы. Тапканымы барда, балда ичип-жеп, силерди ушинтип жалдыратып койсом, айтсаңар болот эле. Бирок баарын көрүп турбайсыңарбы», - дечүмүн. Бул ачык акыйкатты түшүнүшсө жакшы болбойт беле. Түшүнбөгөн соң: «Ханымдар, эфендилер, бул отелдин дасторкону жакпаса, акчасын кем бересиңер. Мындан жакшыраагын билген бирөө болсо, айтсын, дароо ошол жакка баралы», - деп калжыраган эски эшикти карс жаап, чыгып кетем.
Апам, карыган кемпир… Бир туугандарым, Кудайдын эки бечарасы… Мен ушинтип чыгып кеткенден кийин мүңкүрөп отуруп калышчу. Бирок муну чоң жиндиге, мага кантип түшүндүрөсүң? Жашым отузга келди… Дени-кардым соо… табиятыман арсыз окшойм... эмне көрсөм эңсейм да турам... тамак көрсөм, жегим келет, кийим көрсөм, кийгим келет. Менин да башкалардай эле акым бар да деген ой кетет... Иш ушундай болгон соң ичимдеги кыямат-кайымды ойлоп көрүңүз.
Кыштын караңгы кечтери тешик таманымдан өткөн жаандын сызы өпкөмө жетип, карызым бар дүкөндөрдүн жанынан өтпөйүн деп көчөлөрдү айланып-тегеренип үйгө баратканда, жанымдан жалтылдаган машиналар өтөт. Ичиндегилердин бир тобун тааныйм. Көңүл ачып, акча чачканы баратышат. Ичим бир күйөт, өзүмөн өзүм сурайм: Булардын баары менден мыкты немелерби? Алар ушинтип сайрандап жүргөндө, мен эмнеге ит сыяктуу көчөдө тентип жүрөм? Каалаганымы жеп-ичип, кийине албайм? Өзүм каалаган бир аялдын койнунда бир жолу жата албайм?
Ушинтип жылдар бою өзүм менен өзүм алышып жүрүп акырында ушундай бир чечимге келдим: Атам өтө намыскөй киши экен... Бир атанын балдарына калтыра турган эң кымбат мурасы таза ысым деп кете бериптир... Таза ысым бир аз дүнүйө менен болсо жакшы, бирок кембагал бүлөдө ага бир, болуптур эки гана муун таяна алат. Эми атам байкуш жакшы кылганбы, жаман кылганбы, ал өзүнчө бир кеп... Бирок тегеректеги байлардын баары туулганда эле чек китепчесин колтугуна кысып түшкөн жок да... Уят-сыйытты коюп эле колуна тийгендин баарын сатып жүрүп, эсептеп жүрүп байышты да... Мээси жок, эшек сыяктуу неме болбогондон кийин колуңду байлаган эч ким жок да, туурабы? Тилемчидей болуп муңканып отургандан көрө таалайыңды бир сынап көр да... Оңунан чыкса жакшы... Болбосо: «Эмне кылалы эми, колдон келгенин кылып көрдүк, болбоду», - деп күнөөнү көр таалайга жүктөп өтүп кетесиң.
Муну айтып аткан неме бир ай мурун фирманын бухгалтериясынан кеткен кара тору, тиши аппак жигит эле. Ал унутуп кеткен буюм-тайымын алганча чогуу иштеген эски достору менен учурашып кеткени келген экен.
Түшкү тыныгуу маалы эле. Кызматкерлердин ак сөөк чалыштары маңдайдагы ашканадан жумуртка салат, баштын муздак этин, төө буурчак жегени кетип, акчасы жоктор быштак, зайтун, жумуртка менен курсактарын тойгузганча мурунку кесиптешин тыңдап отурушту. Ал болсо үстөлдөрдүн биринин үстүнө узунунан түшүп, туфлисинин өкчөсү менен чачылып жаткан кагаздарды тээп коюп, сөзүн уланта берди:
- Ошентип, сөзсүз бир нерсе кылууну чечкен соң айлана-чөйрөмү карап көрдүм... Аттуу-баштуу эле адамдар мектеп окуучулары сыяктуу биринин артына бири тизилип, бир таң каларлык топко кирип, ордубузда эсептейбиз. Отурган жериңде канчалык көп иштеп, аракет кылсаң, алдыңдагыны, жаныңдагыны канчалык түртүп, сүрүп чыгарсаң... Билбейм, канча жыл өтөт да, айлыгың канча тыйынга көбөйөт. Бири иштен кетет же өлөт да, эки кадам илгерилейсиң. Ошентип, тобокел, эмне болсо, ошо болсун дедим да, бул катардан, «Алтын жалбырак аноним» фирмасынан чыгып кеттим... Араңардан кеткениме бир ай болдубу? Балким, боло деле элек... Дароо эле ирдене түшүптүрмүнбү?
Өйдө болуп, жибек байпагын, жаңы көйнөгүн сыймыктана көрсөтүп, күлүп турду:
- Эмне, жаман иш кылып атыпмынбы? Бирөөнүн малына, жашоосуна, абийирине кол салып атамбы? Болгону Навйардагы бир комиссионердин жанында иштейм... Анын эсебине бажыдан товар алам. Азырынча азыраак бир айлык, анан да чөнтөккө анча-мынча акча түшүп турат... Бирок Алла берекесин берсин, гүлдөп жашап атам...
Бир көк жөтөл чал терең улутунуп: «Туура, акың бар... айла жок, бизге кеч болуп калды»,- деп кобурады; жыйырма жаштардагы эки баёо жүздүү жигит спорт чемпионун көргөн сыяктуу бир чети суктанып, бир чети ичи күйүп карап турушту. Бир жак бети согушта күйгөн кырк жаштардагы кызматкердин гана эмне ойлоп отурганы белгисиз эле. Муштумун ээгине такап, жеп аткан тамагын жарым-жартылай калтырган бойдон көзүн жуумп ойлонуп отурат.
Жигит үстөлдөн түштү. Мештин оозунан көрүнө калып жаткан жалындан тамекисин күйгүзгөн соң, ары-бери басып, Навйардагыларга, бажыга тиешелүү оңой олжо, бекер акча тууралуу кеп кыла баштады. Алардын көпчүлүгү бирге миңи кошулган апыртмалар эле. Бирок бул кембагалдар аларды айткандай кабыл алып, эл тигинтип алтынды күрөк менен күрөп жатканда, өздөрүнүн минтип сыз бөлмөдө бир нече лира үчүн жарым ач куурап отурганына ичинен сызып турушту. Бир маалда тиги жигиттин көзү бөлмөнүн караңгы бурчундагы чоң үстөлдүн артынан өзүн карап турган чалдын көзүнө чагылыша түштү. Дароо уялып, сына түшкөндөй унчукпай калды.
Бул Али Риза бей деген алтымыштардагы бир эски кызматкер эле. Бөлмөнүн бир бурчундагы үстөлүндө чөлдө калып кеткен сыяктуу дайыма жалгыз, унутта калган сыяктуу иштеп отурчу, эч ким менен сүйлөшчү эмес.
Өзү абдан жакшы, нускалуу киши болгондуктан, улуу-кичүүнүн баары аны сыйлашчу.
Али Риза бей түшкү тамакка чыкпаган кызматкерлерден эле. Калай идишине алып келген кургак котлети менен көк зайтунун жеп жатып, эрксизден бул кепке кулак салып, уккан нерселери табитин кескен сыяктуу айрысын таштап, башын көтөрдү.
Конок бир айып иш үстүнөн кармалгандай ыңгайсызданып турду, бирок мунусун билдиргиси келбей, күлүмсүрөп:
- Бейэфенди, бул сөздөрүм, балким, сизге жакпас, бирок эмне кылалы, акыйкат ушул,- деди.
Али Риза бей мектеп окуучусунун уяңдыгы менен жооп берди:
- Билесиз, мен башка бирөөнүн ишине киришпейм, өзүңүз каалаган, өзүңүзгө пайдалуу бардык нерсени ээн-эркин жасай бериңиз. Бирок уруксат берсеңиз, башка бир нерсени эскертейин. Өз бурчунда иштеп отурган, балким, өз абалына, жашоосуна ыраазы кишилерди ишке ашкыс кыялга салып, жан дүйнөсүн будуң-чаң кылган туурабы? Абийирдүү жигитсиз... Ойлонуп көрсөңүз, сиздики да туура экен дейсиз.
Кары кызматкердин көп сүйлөгүсү келбегени сезилип турду, бирок конок аны жайына койгон жок. Абдан тарбиялуу бир адамдын таризинде:
- Бул ачуу чындыкты айткан жалгыз мен болсом, анда акыңыз бар эле, бейэфенди, бирок, эмне кылалы, жаңы замандын адамдары бул чындыкты бири биринен эмес, жашоонун өзүнөн, гезиттердеги жашоо жагдайы, экономикалык абал деген нерселерден билип жатышат. Өзгөчө согуштан кийин дүйнөдө таң каларлык бир ойгонуш болду. Азыр адамдар сиздин заманыңыздын адамдары эмес. Көздөрдүн ачылышы менен каалоолор, эңсөөлөр артты. Азыр эч ким өз абалына ыраазы эмес. Бул процесстин натыйжасында эски адеп-ахлак эрежелеринин бузулбай, өзгөрбөй калышы мүмкүн эмес.
Али Риза бей кубарды, эриндери менен сакалынын титирей түшкөнүн билдиргиси келбей күлүмсүрөдү:
- Мен эски кишимин. Түшүнүшө албайбыз. Адамдардын акчадан башка нерселер менен да бактылуу болоруна ишенип жашадым. Ушул ишенимим менен өлөм.
Жигит Али Риза бейге боору ооругандай түр менен жооп берди:
- Сөзүңүздүн баары туура эмес деп айта албайм. Инсан, маселен, Кудайга сыйынып, же бир музыкалык аспап менен алектенип, жашылча, гүл, же болбосо бала өстүрүп да өзүн жубатышы мүмкүн. Бирок бул үчүн да эч болбосо күн көрө тургандай бир акча керек. Гүлгө кызыгасыз, бирок акчаңыз жок. Канчалык аракет кылсаңыз да, топурактан каалаган түстө, каалагандай жыты бар гүл ала албайсыз... Атасыз, балдарыңыз бар, акчаңыз жок. Балдарыңыз өмүрүңүздүн соңунда куштар учуп кеткендей жүрөк ооруткандан башка жыргал бербейт.
Сөз ушуну менен бүттү. Али Риза бей тамактануусун улантмак болуп кайра башын ийди. Бирок алкымынан аш өтпөй калды. Ага өзгөчө соңку сөздөр катуу тийди. Өзү – беш баланын атасы. Балдардын эч кимиси али өз жолун таба элек. Жанагы жигиттин бул ачуу чындыкты адамдар жашоо жагдайынан, экономикалык абалдан билип жатат дегени жакшы сөз эмес эле.
Бүтүн жашоосун балдарына жакшы көз караш, жакшы адеп-ахлак бериш үчүн сарптады. Бул жаңы замандын эпкини аларды да уруп, карыган ата өмүрдүн кеч күзүндө куштар кеткенин карап кала береби?
Али Риза бей ой баккан кишилерден эле. Бул коркунуч мурун да көп жолу оюна келген. Бирок эч качан мынчалык жакын көрүнгөн эмес. Өзү динге көп ишенбесе да, көктөн эч нерсе күтпөсө да: «Йарабби, балдарымы колдой көр!» - деп алакан жайып, дуба кылчу.
-İİ-
Али Риза бей Бабиалиден чыккан административдик кызматкердин бири эле. Отуз жашына чейин кеңселердин биринде иштеди. Балким, өлгөнгө чейин ошол жерде калмак. Бирок карындашы менен апасы эки ай ичинде биринин артынан бири көз жумган соң, Стамбулдан көңүлү сууду. Бул Сириядагы бир райондун акими болуп чет жерге кетишине себеп болду.
Тажрыйбасыз бейтап сыяктуу адамдын азабы жаткан төшөгүнөн, айланасындагы буюмдарынан болот, андан кутулуунун эң жакшы чарасы жер которуу деп ойлогон.
Ошол бойдон Али Риза бей Стамбулга кайра барбады, жыйырма беш жыл ар түрдүү кызматтар менен Анадолунун ар кайсы жерлеринде жүрдү.
Абдан маалыматтуу, эмгекчил адам эле. Бирок маалыматы да, эмгекчилдиги да ишке жарабады.
Арап жана перс тилдеринен башка англисче менен французчаны да билчү. Жаш кезинде адабият менен алектенип, журналдарга псевдоним менен бир топ мыкты газелдери басылган. Кийинчерээк философия менен тарыхка да кызыгып жүрдү. Бош убактысын эле эмес, кээде иш убактысын да китеп окуп өткөрчү. Бул анын узун кызматкерлик жашоосундагы мамлекет казынасынан кымтыган жалгыз нерсеси эле.
Кежир дей тургандай таза, күлө тургандай сылык жана тартынчаак бир адам болчу. Бирөөнүн акысын жеп коёмбу, мыйзамга каршы келип калабы, бирөөнүн жүрөгүн оорутуп коёмбу деп чочулап, эч иш кыла алчу эмес.
Колунан чыккан иштин мыйзамга эле эмес, адат-салтка, адамгерчилик менен адеп-ахлакка да ылайык келишин, башкача айтканда, төрт тарабы төп болушун каалачу...
Аны: «Жакшы киши... Пайгамбар сыяктуу адам... Колун өп... батасын ал... Илимден сура... Ыр окут... Эмне кылсаң кыл, бирок иш кылдыра көрбө»,- дешчү.
Үйлөнгөндө кыркка жакындап калган эле. Үй-бүлө куруу ал үчүн жаңы бир мамлекет кургандай олуттуу иш болчу. Ушундан улам, балким, үйлөнбөй да калат беле, бирок бир жакын досу бир күнү туугандарынан бир кызды айтып калды. Али Риза бей да жок дегенден уялып, макул болгон.
Колуктусу, бактысына жараша, оор басырык, таза аял чыкты. Жыйырма жашта дешкени менен кеминде жыйырма бештерде бар эле. Али Риза бей демография жагынан мамлекеттин башка эч бир кызматында кылбаган аракетти кылды. Жети жыл ичинде биринин артынан бири төрт наристе жарык дүйнөгө келди. Акырында төрт жылдык бир тыныгуудан кийин, элүүгө караган күнү балдардын саны бешке жетти.
Кээде бош убактысында дагы эле ырлар, газелдер жазган Али Риза бейдин бир жакшы көргөн салыштыруусу бар эле. Айланасындагы болуп жаткан окуяларды күрүлдөгөн селге, өзүн болсо бул селге алыстан сереп салган адамга окшотчу. Өсө турган кызматкер болгонуна карабастан, эч убакта бул селге кошулбай, жашоодо дайыма бир серепчи катары калмак эле... Анын оюнча, бул селди аккан сайынан бурууга аракет кылуу бошко кете турган эмгек эле. Ушундай боло келген, боло берет да дечү оюнда.
Бирок удаама-удаа келген бул беш наристе бул жагдайды өзгөртүүгө мажбур кылды. Кызыл чиедей беш баласы бар адам жашоодо кайдыгер серепчи бойдон кала алмак эмес. Ошондон баштап баягы көпшөк, көңүлкош кызматкер калып, балдары дегенде жанын аябаган бир аракетчил ата чыга келди.
Балдары үчүн күнү-түнү иштөөдөн чарчабай, тескерисинче, өзүн бактылуу сезчү. Жалгыз гана бир ой опкоолжутчу: «Өтө кеч калган жокмунбу?»
Кээде чарчап, көңүл чөккөн саттарда бул ой анын тынчын алчу. Бирок муну көп ойлобой: «Дени-кардым куландай соо... Бир кырсык эле болуп кетпесе, дагы кеминде жыйырма жыл жашап, иштээрмин»,- деп өзүн жубатчу.
Бул жыйырма жыл абдан кеңири алынган бир эсеп эле. Чымырканса, мунун жарымы да ага жетмек. Эң соңку наристеси Айша күтүлбөгөн жерден келбедиби. Бирок мунун да корко тургандай эч нерсеси жок эле. Керек болсо өз милдетин балдардын чоңуна да кылчактабай таштаса болот. Балдары өзү каалагандай жетилсе болду...
Бирок ошентип жүргөндө, үч уктаса түшкө кирбеген бир окуя Али Риза бейдин бул эсептерин астын-үстүн кылып, элүү беш жашында мамлекет кызматынан кетүүгө мажбур кылды.
Ал кезде Трабзон райондорунун биринде аким эле. Бир күнү бир келин качыруу окуясы болуп, анда келиндин күйөөсү менен келинди ала качмак болгон жигит бычакташа кетишиптир.
Келиндин күйөөсү бир бечара дыйкан, тиги болсо бүтүн шаарчанын эли сыйлаган белгилүү бир кишинин уулу эле. Ошондуктан чыныгы кылмышкердин сайрандап жүрүшүнө көз жуумп, намысына доо кеткен адамды көкүрөгүндөгү жарааты менен камаш керек эле. Адатта бейтарап турчу Али Риза бей бул маселеде көжөлүп, өзүн иштен алганга чейин турду. Эмне кылсын? Бул бир адилеттик, абийир жана намыс иши эле. Өз милдетине көз жумса, аны Алла таала балдары аркылуу жазаламак.
Али Риза бей Стамбулда бир топко ишсиз жүрдү. Жыйнаган акчасы деле жок эле. Беш балалуу акимде кайдан ашык акча болсун? Кудай жалгап Багларбашында атасынан калган эски үйү бар болчу. Аялынын сөйкө-шакектеринен сатып, ремонт жасатты да, бала-чакасын баш калкалатты.
Али Риза бей жаңыдан кызмат алыш үчүн Бабиали коридорлорун кезе баштады. Бир күнү ички иштер министринин кабинетинен чыккан узун бойлуу бир жигит келип, колунан өөп:
- Мени тааныбадыңызбы, агай? Мен окуучуңуз Музаффермин да,- деди.
Али Риза бей жакшылап карап туруп эстеди: бир кезде вилайеттердин биринде жүргөндө, беш-алты ай ооруп калган тарых мугалиминин ордунда иштеген эле. Ушул Музаффер ал кезде окуучу болчу. Абдан зирек, эмгекчил болгондуктан, Али Риза бейде жакшы таасир калган. Ички иштер министринин кабинетинен ээн-эркин чыгып, коридордо тартынбай күлүп сүйлөгөнүнө караганда, бул бала бир топ жогорулап калса керек. Бир аздан кийин Али Риза бейдин бул божомолу туура болуп чыкты.
Музаффер эки чоң фирманын башкаруу кеңешинин мүчөсү жана «Алтын жалбырак аноним» фирмасынын директору экен. Агайынын жагдайын аңдаган соң бир иш сунуш кылып калды. Ушул жашында кайра чет элге кетиш туура эмес эле. Негизинен, Египет жана Англия менен иштеген фирманын арапча менен англисчени билген кызматкерге муктаждыгы бар эле. Агайынын баалуу киши экенин билчү. Ал кааласа мамлекеттен ала турган акчаны, ал турсун андан да көбүрөөгүн фирмадан да ала алмак. Али Риза бей бул сунушту абдан сүйүнүп кабыл алды. Фирма мамлекеттен ала турган айлыгынан көбүрөөк эмес, азыраак берсе да жан-дили менен макул болмок.
Эми Стамбулдан кеткиси келбей калган эле. Балдары да чоңоюп калды. Эми аларды ээрчитип алып аймактан аймакка көчүп жүрө алмак эмес.
Мурунку санжак[1] акими ушинтип беш жылдан бери «Алтын жалбырак аноним» фирмасынын эң мыкты кызматкери болуп келет. Эртеден кечке тынымсыз иштеп, үч кишинин ишин жасайт. Мунун эки негизги себеби бар эле: биринчиси, Музаффердин кылган жакшылыгын актоо, экинчиси, кылган ишинин элчиликтен тынымсыз келген котормо болушу, сөздөн башка эч кимдин акысына тийбегени…
-İİİ-
Карыган курьер Али Риза бейге келип:
- Бей, сага бир аял келди, Леман ханымдын апасы экен,- деди.
Леман фирманын секретары эле. Али Риза бей мындан 10-12 жылдай мурун иштеген вилайеттердин бириндеги токой чарба мүдүрүнүн кызы эле. Ал кезде 7-8 жашар кыз болчу. Кээде кыздары менен ойногону келип калчу.
Бир жыл мурун Үскүдар пристанында Али Риза бейге татынакай бир жаш кыз келип: «Мен кыздарыңыздын курбусу Леманмын, аба»,- деп тартынбастан колун өпкөн эле. Леман беш жыл мурун атасынан айрылыптыр. Эми болсо апасы экөө Фындыклыда турушат экен. Турмуштан абдан кыйналышыптыр. Жаш кыздын ал-абалын ачык айтышы Али Риза бейдин зээнин кейитти. Чындыгында атасы экөөнүн көп деле жакындыгы жок болчу, бирок өз балдары менен жашташ Лемандын минтип жетим калганын көрүп, жардам бергиси келди. Леман жакшы билим албаптыр, бирок окуп жаза алат экен, анан да машинка басканды бир аз билет экен. Али Риза бей эптеп жүрүп аны 45 лира айлык менен фирмага алдырды.
Карыган адамдын бул жаш кызга кылайын деген жакшылыгы бул эле эмес болчу. Леманга ата ордуна ата болгусу, бул жаштагы эч кимиси жок жаш кыздарды тооруган коркунучтардан аны коругусу келчү. Бүгүн бул кыздын башына келген нерселер эртең өз балдарынын башына келип калышы мүмкүн да.
Али Риза бей аталык жана коргоочулук милдетине чындап киришти. Бирок бир нече жума өткөн соң, тилекке каршы, абдан кеч калганына көзү жетти.
Леман, балким, жакшы кыз эле, бирок абдан жеңил ойлуу, анан да түркөйүрөөк болчу. Өзүн алып жүргөндү билбей, фирмадагы кызматкерлер менен ыгы жок тамашалаша берчү.
Али Риза бей бир нече жолу ага насаат окуду. Жаш кыз аны тыңдап жатканда сиздики туура дегендей, өз кылык-жоругунан уялгандай түр көрсөтчү. Бирок жарым саат өтүп өтпөй баягы жөнү жок тамашаларын баштачу.
Али Риза бей бир күнү чыдай албай аны урушмак болду. Жаш кыздын дароо кыжыры келип, эч кимдин киришүүсүнө чыдай албасын айтты. Али Риза бей аны фирмага алдырып, Алла ыраазы болсун, жакшы иш кылды, бирок муну дайыма эсине салып, кылган-эткенинин баарына кирише берүү туура эмес.
Чал башын ийип, айласыз күлүмсүрөп: «Өзүңүз билиңиз, кызым, таарынбаңыз»,- деген эле. Ошондон баштап Лемандын атын да атабай, жүзүнө да бакпай калды. Кээде гана анын уятсыз шайкелеңдигин көргөндө: «Кайдан дагы муну бул жакка алдырдым эле?»- деп өзүнө жини келчү.
Леман сегиз-он күндөн бери фирмада көрүнбөй калган. Сыягы, ооруп жүрсө керек. Бирок эмнегедир аны издеп, сураштырууну каалаган эмес.
Лемандын апасы, ушу күнгө чейин жүзүн көрбөгөн аял, эмнеге келди экен?
Али Риза бей коридордон эски чоң кара жоолугун чүмкөй салынган, кыска бойлуу аялды көрдү. Абал жүзүнө карай албай:
- Кош келипсиз, эже, бир нерсе айтайын дедеңиз беле?- деп сурады.
Аял дароо жооп берген жок. Бүткөн бою, колдору безгек болгондой титиреп турду. Чал таң калып өйдө карады. Аялдын ыйдан шишиген көздөрүн, мүңкүрөгөн жүзүн көрдү. Оюна жамандык келди. Леманды жек көрүп жеригенин унутуп:
- Кыз кандай?- деди. Аял эзилип ыйлап:
- Леман жерге кирсин, ушундан көрө өлүп калсачы!- деп жиберди.
Али Риза бей бир аздан кийин болгон ишти уккан соң карыган эненин сөзүн туура көрдү: ооба, Леман бул балакетке кабылгандан көрө намысы менен өлсөчү.
Иш мындай экен: мүдүр Музаффер бей башын айландырыптыр... Леман он күн мурун: «Аралдагы бир курбум тоюна чакырды, үч-төрт күн келбейм»,- деп апасынан уруксат алыптыр... Бир ооруканада боюнан алдырыптыр! Кечээ териси менен эле сөөгү калган немени үйгө таштап кетишиптир... Апасына бардыгын болгонун болгондой айтып бериптир...
Али Риза бей шал тийгендей болду. Турган жеринде колу-буту чымырап, кызды өзү жолдон чыгаргандай коркуп, уялып, жүзүн жаап алып: «Вах, вах, вах...»,- дей берди.
Карыган аял анын аягына жыгылчудай болуп жалбарып турду:
- Сизден башка эч кимибиз жок. Биздин көргөн күнүбүз эмне болот? Бизге бир акыл бериңиз. Сиздин да балдарыңыз бар го...
Али Риза бейдин кайгысы бир катынпоздун кызды ойрон кылышынан улам эмес, бул ишке өзүнүн себепкер болушунан улам болуп жатпайбы.
Ошондой да, бу кызды фирмага алдырбаса, бул балакет кайдан болмок эле? Карыган аял башка эч кимди тааныбагандыктан, эски үй-бүлө досу деп ага чуркап келген эле. Бирок Али Риза бей анын сөзүн: «Кылгылыкты кылдың, эми жооп бер»,- дегендей түшүндү. Чал бир аз өзүнө келген соң аялды жубатты:
- Эже... Сизге кыжалат болбоңуз деп айта албайм. Иштин кандай болорун да азыр билбейм. Бирок колумдан келгенди кылам. Мен тааныган Музаффер бей адамгерчиликтүү бала. Бир жаш кыздын көз алдында ойрон болушуна абийири чыдабас. Леманды никелеп алат го деп ойлойм. Өз айыбын жууйт... Кыжалат болбоңуз… Адамдар негизи жакшы.
Буга чейин төрт дубалынан башканы көрбөгөн бул баёо, ары сабатсыз аял адамдар негизи жакшы экенине эмнегедир бул көптү көргөн, аттуу-баштуу, бийликте жүргөн киши сыяктуу ишенген жок, эзилип ыйлаган бойдон кетти.
-İV-
Иш эми минтип өз башына түштү. Убакытты өткөрбөй Музаффер бейге жолугуп, бул байкуш адамдар менен бирге өз абийирин да тазалаш керек эле.
Али Риза бейдин ою боюнча, өзү алып келип, калкалап жүргөн бир кызга асылган киши анын намысына да доо кетирди. Бир нече ай мурун айлыгына тогуз-он лира кошулган эле. Ошондо фирманын бир мас, адеп-ахлаксыз кызматкери: «Албетте, колдоочулары барлар турганда, алардыкына эмес биздин айлыгыбызга кошулмак беле!»- деп айтканын кулагы чалган.
Али Риза бей анда бул сөзгө көп деле маани берген эмес; бирок азыр ошол эсине түшкөндө, мааниси таптакыр башка туюлуп, аза бою дүркүрөдү. Бардыгы эле өзү сыяктуу кайдыгер эмес эле. Алар мүдүр менен Лемандын мамилесин мурун эле билишип, буга анын да тиешеси бар деп жок жерден күнөөсүн көтөрүп жүрүшкөн.
Сыртынан али да сыйламыш болуп жүргөн бул кишилер аркасынан эмне деп жүрүшкөнүн ким билсин.
Ушундай таза жашап жүрүп, ушул жашка келгенде башына ушундай иш түшмөк беле?
Бир туруп Музафферге жолукпай эле кетип калгысы келди. Эң жакшы жолу ушул эле. Бирок бул оюнан тез эле айныды. Эски үйдөгү бала-чакасы бар эле. Анын үстүнө мүдүр бул ишти намысы бар адам катары чечет ко деп ойлоду.
Өчөшкөндөй ал күнү фирмада иш абдан көп эле. Мүдүрдүн кабинети аарынын уюгундай күүлдөп иштеп жатты. Али Риза бей Музафферге кирбей калып, кайратыман жанып кетемби деп коркуп турду. Анан олку-солку болуп туруп, түнү кандай азап чегерин элестетти да, керек болсо караңгы киргенге чейин күтөйүн деп чечти.
Чал ал күнү кечке чейин иштеген жок; отурган жеринде Музафферге айта турган сөздөрүн камдады. Акылына келгендердин таасирине өзү да чыдай албай ыйлап ийип, бетаарчысынын учу менен көзүн сүртүп коюп отурду.
Али Риза бей жайы-кышы иши болсо да, болбосо да ар күн саат тогузда иштин башында болор эле. Анан да кечинде башкалар менен чогуу кетип калбастан, күн батканча иштечү.
Мүдүр аны көрүп:
- Агай, дагы эле отурасызбы,- деди. - Өзүңүздү эч аябайсыз... Ишиңиз болсо эртеңкиге калтыралы.
Музаффер бей кары кызматкердин канчалык сый көрсө да көтөрүлбөгөн адам экенин билгендиктен, ага башкача мамиле жасачу. Азыр да адатынча сыйлап ордунан туруп, жанына отургузду да, сигарет берди.
Али Риза бей бир нече сааттан бери даярдаган сөздөрүн дароо унутуп калды.
Эси эңгиреп турду. Буга карабастан сөзсүз сүйлөшүш керек деп кыпылдап, бир нерселерди сүйлөмүш болуп атты.
Музаффер бей анын эмне деп, эмнени айткысы келгенин дароо аңдаган жок. Алдындагы конверттин четине бир цифраларды жазганча күлүмсүрөп аны тыңдап отурду. Бирок бир аздан кийин сөздүн каякка баратканын аңдап, дароо жыйрыла түштү, түрү да өзгөрө баштады.
Чал аны кызарып-татарып уялат ко деп ойлогон. Ал болсо тескерисинче кагылыша турган адамдай болуп, Али Риза бейди теше тиктеп, ушундан улам бечара чал эмне кыларын таптакыр билбей калды.
Бир чети жүрөгү сыздап кайгырып, бир чети таң калып турганы менен дароо аңдады: маңдайындагы адам канча жылдан бери ойлоп жүргөндөй неме эмес экен; буга чейинки жылуу мамиле аккан суу менен чыккан чөптөн башкага зыяны жок бир момун чал деп эсептелгендигинен улам болгон турбайбы.
Ооба, бул коркунучтуу алдануу эле. Байкуш чал маңдайындагы аскага алыстан кыйкырып, андан келген жагымдуу жооптордун өзүнүн жумшак, назик добушунун жаңырыгы эле экенин аңдабай жүрүптүр. Эми ал асканы колу менен кармап көрүп, анын эмнеден экенин туйду.
Утулганына шек жок эле.
Музаффер өз ишине, жашоосу менен пайдасына башкалардын киришүүсүнө жол бере турган адамдардан эмес экен. Али Риза бей муну аңдаган соң чыдай албай, айлампага кирип кетип, андан чыга албай жаткан сыяктуу бир эле дайранын ичинде чабалактап жатты.
Мүдүр бир аз күтүп туруп, сөздү чорт кести:
- Түшүндүм, уруксат берсеңиз, мен да бир аз сүйлөйүн,- деди. - Сизди урматтаганымдан, жакшы көргөнүмдөн шек санабассыз. Сиз өтө асыл, бул кылымда, бул дүйнөдө табылбай тургандай башка бир инсансыз. Жалган айтпайм, Лемандын окуясы туура. Бул иш болбошу керек эле! Мен да каалаган жок элем. Бирок эмне кылалы, болду. Андай деген менен ишенип коюңуз, бул иш сиз ойлогондой абдан өзгөчө бир нерсе эмес. Менин түшүнгөнүм боюнча, сиз мени бул кызга үйлөн дегени турасыз. Ачык айтайын, бул мүмкүн эмес. Анткени Леман ханымды биринчи жолдон чыгарган киши мен эмесмин.
Бул сөз Али Риза бейге камчы менен башка чапкандай тийди. Чал ордунан обдулуп:
- Бейэфенди уулум… күнөө болот… Леман кандай болгондо да бармактай бир кичинекей кыз да…- деп бир нерсе айтмак болду. Бирок Музаффер кайрадан анын сөзүн жырып, чалдын маңыроолугуна күлдү:
- Бейфенди, ишенсеңиз, мен сизге жалган айткан жокмун. Леман сиз ойлогондой аруу кыз эмес… Баары менен жүрө берчү. Кааласаңыз, муну сизге далилдеп да берем. Ал турсун баланын атасы экенимден да шегим бар болчу. Бирок ар кандай себептерден улам, балким, кызмат ордумдан уламбы, аталык башкаларга эмес, мага ылайык көрүлүптүр. Ах, Али Риза бей, дүйнө сиз ойлогондой болсо кана!
Мүдүрдүн жубатканына карабастан Али Риза бей калтырап-титиреп ордунан турду:
- Эми бул бечара кызга эч нерсе кыла албайсызбы? Муну абийириңиздин бар экенине али ишенгеним үчүн сурап турам.
- Ага акча жагынан гана жардам бере алам. Муну анын өзү менен да сүйлөштүм.
- Ошол элеби?
- Азыркы заманда адамга акчалай жардамдан жакшыраак көмөк болушу мүмкүнбү?
Жаш жигит муну бир аз боору ооругандай, какшыктагандай айтты. Бирок түрүн дароо кайра өзгөртүп, олуттуу сурады:
- Агайымсыз, сыйлагандыктан, сизди бир аз атам катары көрөм. Мен да сизден бир нерсе сурайын. Сиз менин ушундай бир кызга үйлөнүшүмдү ылайык көрөр белеңиз? Бир аз мурун мага айтканыңыздай, мен да сиздин абийириңиздин бар экенине, адамгерчилигиңизге ишенип ушуну сурап атам. Сиз бир атасыз. Менин кылганымды уулуңуз кылса, ага да ушуну сунуш кылат белеңиз? Леман сыяктуу этеги жаман жерден жыртылган бир кызды келин деп үйүңүзгө киргизер белеңиз?
Али Риза бей селейип туруп калды. Бир аз көзүн жуумп ойлоно калды. Чын эле, өз уулу ушул ишти кылса, Леман сыяктуу шектүү кызды периштедей балдарына кошуп, келиним дээр беле?
Чал жок десе, доосу дароо жокко чыкмак. Бирок буга карабастан ансыз деле үмүтсүз болуп бараткан дооматтан чындыкты артык көрүп, уялгандай түр менен:
- Туура, киргизбес элем,- деди
Мүдүр аны талуу жеринен кармаганына ыраазы болуп, эми бут серпкис кылып байламак болду:
- Андай болсо мен да сиздин бир окуучуңуз, балаңызмын да?
Өзү каалаган жоопту уккусу келип, чалдын көзүн тиктеп турду.
Бирок Али Риза бей жаалдана өжөрлөнүп башын салды:
- Уулум ушундай иш кылса, өзүм билмекмин. Балалыктан кечип, жүзүн экинчи карамак эмесмин.
- Али Риза бей, бир аз чындыкка келели. Бул кыз бир оңтоюн таап туруп мага турмушка чыккысы келип жүргөн. Болгон жок, бирок буга карабастан ага мүмкүн болушунча жардам берем. Айлыгы көбөйөт, өзүнчө да бир акча берем. Өзү да, апасы да турмуштун кыйынчылыгынан кутулат.
Мүдүр Али Риза бейдин жанына келди. Ийининен сылап, көңүлүн алганга аракет кылды:
- Мынча аруу адамсыз, мындай болгон болбойт... Чын дилиңизден капа болдуңуз го.
Чал көзүн жерден албастан кайгылуу жылмайды:
- Капа болуп турам. Абдан капамын. Бирок сиз ойлогондой кыз үчүн эмес, өз балдарыма зээним кейип турат.
- Балдарыңызгабы? Алардын кандай байланышы бар?
- Анткени бул окуядан улам сизден кол үзгөнгө мажбурмун. Балдар, балким, ач калар...
Музаффер бей мунун жөн эле кежирлик, куру опуза эмес экенин дароо аңдады. Бирок түшүнбөгөндөй, ишенбегендей түр көрсөттү:
- Эмне деп жатасыз, жарыктык, мен сизге эмне кылдым? Менден эмне жамандык көрдүңүз?
Али Риза бей өзгөргүс чечим чыгаргандай, бир аз мурункудай эмес, абдан ырааты менен айтты:
- Тескерисинче, сизден көп жакшылык көрдүм. Башыма мүшкүл түшүп турганда, жардам бердиңиз. Дайыма урмат менен сылык-сыпаа мамиле кылдыңыз. Бул үчүн сизге терең ыраазымын. Бирок бул окуядан кийин мында кантип калам? Бир аз мурунку сөздөрүмү эстеңизчи. Уулум ушундай бир иш кылса, балалыктан кечип, экинчи жүзүн карабас элем дебедимби. Сиз да менин бир баламсыз. Демек, сизден да кечүүгө мажбурмун. Сиз бул жерге мен себеп болуп келип калган бир кызга кол салдыңыз. Мен сизге кыз алып келип берген кишидей болуп калдым. Чындык мындай болбогону менен муну элдин баарына кантип айтып түшүндүрөсүз? Лемандын апасы сыяктуу эле менин, менин балдарымдын да бул жерден жеген наны эми таза нан болбос.
Музаффер бей иштин олуттуулугунан улам чындап шаштысы кете түштү:
- Агай, суранам, уруксат бериңиз, мен да сүйлөйүн,- деп сөзүн бузмак болду. Бирок Али Риза бей өжөрлөнүп, башын чайкап сөзүн уланта берди:
- Кажети жок, айта тургандарыңызды билем. Алар, балким, туурадыр. Бирок алар менин карыган башыма кире турган нерселер эмес...
Мүдүр кары кызматкердин өжөрлүгүн жеңе албасына көзү жеткен соң:
- Агай, жок дегенде башка жагынан жардам бергенге уруксат бериңиз,- деди.
Али Риза бей жаш баладай момурап:
- Мындан ары сизден эч нерсе ала албайм. Капа болбоңуз, эмне кылалы? Али тирүүмүн да, бир айласын табарбыз.
- Дагы көрүшөбүз да?
- Албетте, балам, сөзсүз.
Али Риза бей муну айтып атып кыямат-кайым күнү да аны менен бетме-бет жолукпасын билип турду.
-V-
Али Риза бей ошол кечте акыркы кемеге калгандыктан, автобус таба албады. Бул анын башына биринчи жолу келип жаткан нерсе эмес.
Фирмада кармалып калган күндөрү кырк-элүү курушка[2] көз жуумп, ат арабага түшчү. Эмне кылсын, бул бир кесип зарылчылыгы эле. Бүгүн да пристандан чыгып, ой баскан бойдон арабалар турган жерге баратты. Бирок капыстан эми ишсиз, айлыксыз бир адам экени эсине түшө калды.
Мындан ары мындай шаан-шөкөттөргө акысы жок эле. Башка жолго салды. Үч-төрт көчөдө сатуучу себеттеринде калган мөмө-жемиштери менен жашылчаларын дароо сатып кетип калалы деп, кекиртеги айрылганча кыйкырып жатышты.
Али Риза бей алардын жанында бир аз туруп калды. Эң жамандары, чирик-чүрүгү калыптыр, бирок баалары да эртең мененкинин жарымына түшүп калыптыр. Мындан кийин базарлыгын ушу сааттарда кылышы керек. Ах, эмне үчүн мындай майда-чүйдө эсепке мурунтан маани бербеди экен?
Барган сайын өр тарткан Үскүдар көчөлөрүндө кыбырап баратты. Каражаахмет мүрзөсүнүн өрүнө жармашты. Али Риза бейге бул жол мурунтан эле жакчу эмес. Дөбөлөрдү көргөндө эле деми кыстыгып кетчү.
Алы куруп, абдан чарчап келаткан ушул кечте денесиндеги таң каларлык бир күчтү туйду. Бир кезде жол жээгиндеги таштардын бирине отургусу келди. Бирок буга жүрөгү даабады. Бул коркуу жолдун өр тартышынан же айланасындагы бейиттерден эмес эле. Тескерисинче, абдан сезимтал адам болгонуна карабастан, бул кечте ар кандай коркунучка каршы ичинде кебелбеген кайдыгерлик жана кашкөйлүк бар эле. Бирок отуруп ойлоно баштаса, кипаристер арасынан, айланасындагы караңгы түндөн мукураткан бир үмүтсүздүк келип, биротоло чөгүп калчудай, анын чеңгелинен такыр чыга албачудай туюлуп турду.
Али Риза бейдин үйү бул түнү күндөгүдөн жарыгыраактай эле. Муну адегенде караңгыда көпкө жүргөндөн го деп койду. Бирок жакындай бергенде бул көргөнү чын экенин аңдады. Бул кечте үйүндө түшүнүксүз бир өзгөрүү бар эле. Бактын эшиги ачык экен. Бактын арасында панарлар күйүп турат. Алыстан эле Айшенин «Келатат!» чыңкылдап кыйкырганы угулду. Кыздары, өзгөчө таң кала турганы, өтө маанилүү бир иш болбосо бакка дагы чыкпаган жубайы аны тосуп алганы көчөгө чуркап келатышат. Мунун себеби эмне болду экен? Бул кечте үйү аны демейдегиден да түнөрүп, тунжурап тосуп алышы керек эле го?
Абдан айран калганы менен Али Риза бей ооз ачпады, тигилер да эч нерсе дешкен жок.
Айше алапайын таба албай атасынын колунан алып, шашылыш ичкери сүйрөдү.
Акырында бак ичине жайылган жакшынакай дасторкон үстүндө жакшы кабар угузушту.
Чоң уулу Шевкет конкурста жеңип чыгып, жүз лира айлык менен бир банкка кызматкер болуптур.
Али Риза бей бул күнү экинчи жолу көктү карады. Бул эмне деген күтүүсүз нерсе, о Кудай! Жүз лира... Дээрлик жана эле өзү айрылган айлыкка жакын акча. Салгылашып жатып каза болгон жоокер сыяктуу өзү жыгылган жерден башка бирөө туруп ийнинен жүгүн, колунан жарагын алып, согушту улантканын көрүп турду.
Али Риза бей уулун кичинесинен бери: «Менден кийин бул үй-бүлөнүн атасы сенсиң, менин көзүм жумулуп кетсе, ордуму сен басасың»,- деп чоңойткон.
Чал уулунун башын көкүрөгүнө кысып, көз жашын тыя албай турду.
Балдар буга чейин атасынын ыйлаганын көрүшкөн эмес. Бир чети сүйүнүп, бир чети сыймыктанып ыйлап атат ко деп ойлошту.
-Vİ-
Шевкет Али Риза бейдин чоң уулу эле. Эки ай мурун жыйырмага толгон. Билими бир топ мыкты болчу. Өзгөчө тилдерди жакшы билчү. Бирок бул үчүн бардык эле жер кезген кызматкердин балдары сыяктуу эки-үч жылдан ашык токтобогон мектептерге эмес, атасынын аракетине карыздар эле.
Али Риза бей бул тун уулу менен гүл жандуу киши гүлбакчасы менен кандай алектенсе, ошондой алектенип, кыялындагыдай мыкты инсан кылып тарбиялады. Көбү бүгүнкү күнгө, ал турсун дүйнөнүн эч бир күнүнө жарабаса да, Шевкет абдан көп нерселерди үйрөндү. Али Риза бейдин ою боюнча, мыкты инсан болуш үчүн жогорку билим керек эле. Бирок айла жок, тагдыр буга жол бербеди. Бирок буга карабастан, Шевкетти жарым калган эмгек деп айтууга болбойт эле.
Анткени ушул жашында Стамбулдун эле эмес, Европанын жогорку мектептеринен окуган жаштар менен жүрөт, карыган атасынын шайы оогондо жардам берет. Көктөн келген көмөккө окшогон бул акыркы ийгилик мунун эң ачык далили эле. Бирок Али Риза бейдин чыныгы таасири Шевкеттин башына караганда жүрөгүндө көбүрөк эле. Карыган кызматкер дүйнөдөгү бардык нерседен шектенер, бирок уулунун адеп-ахлагынан шектенбейт. Анын ою боюнча, Шевкет дүйнөнүн эч бир күчү талкалап, кирдете албай турган бир алмаз эле.
«Алтын жалбырак аноним» фирмасынан коркпой кетишинин негизги себеби да ушул уулуна болгон ишеними. Бирок кандай болгондо да күткөн жардамы мынчалык тез келет деп ойлогон эмес.
Шевкет да атасы сыяктуу намыскөй эле. Балким, өтпөй калып, уят боломбу деп, конкурска катышканын үйүнө айткан эмес.
Үйдөгү жарыктарга, бактагы дасторконго келе турган болсок, бул Шевкеттин бир эски убадасы эле. Али Риза бей аны биринчи мектепке алып барган күнү: «Шевкет, сен чоңоюп, кызматка кирген күнү бизге бир үндүк союп бересиң»,- деген эле.
Арадан канча жыл өтсө да, ошол убадасын унутпай, эрте менен гезиттен конкурста жеңгендердин башында турган өз ысымын көрөрү менен базарга чуркап барып, бир үндүк алып келген эле.
Бул сый тамактын даярдыгында үйдөгү чоң-кичинелердин баарынын салымы бар эле: Хайрие ханым улуу кызы Фикрет менен ашканада тамак бышырып, Лейла менен Нежла дасторкон даярдап, Айше коңшулардын багынан тутам-тутам гүл терип келген.
Али Риза бей бир аз мурунку кайгысын унутуп калды. Өзүнө коюлган төрдөгү отургучка отурарда гана ойлонуп түштү. Анан уулун жылмая тиктеп:
- Шевкет, экөөбүз ордубузду алмаштырабыз,- деди. - Сен ата болосуң, мен үйдүн чоң уулу болом.
Баарынын оозу ачылып калды. Бирок ал буга карабай уулунун колунан тартып:
- Ушундай болсун… Мени угушуң керек…,- деди.
Али Риза бей мажбур болуп тагын уулуна берген өкүмдар сыяктуу Шевкетти өз ордуна отургузду. Өзү болсо анын сол жагына, жубайынын жанына барып отурду. «Бул жер эртеби-кечпи Шевкеттики болот. Уктуңарбы, балдар?... Убагы келгенде, менин ордума аны ата тутасыңар, аны сыйлайсыңар»,- деди.
Чал ушинтип айтып отуруп бир аз бошой түшкөнү болбосо, өзү туш болгон балакетти билдирбеди.
Аны айтып, бала-чакасын кыжалат кылгандан эмне чыкмак эле? Өзгөчө Шевкет мойнуна жүктөлгөн оор милдеттен бейкапар акыркы түнү бир тынч жатып уктап алсын.
-Vİİ-
Али Риза бей жубайы, чоң уулу болуп эрте турганга көнүшкөн. Үчөөнүн тең тышта жана үйдө аткара турган өз-өзүнчө иштери бар болгондуктан, буга мажбур эле. Бирок кыздарга турмуштун оор түйшүгү али түшө элек болчу. Алардын бир нече саат эринип төшөктө жатышынын азырынча зыяны жок. Эми өзү да бул жалкоолордун катарына кошулганына карабастан, күн чыга электе турду. Күндөгүдөй эле колуна бир китеп алып, терезенин алдына барды. Бирок эмнегедир окуй алган жок. Аялы от жагып, эрте мененки чайды даярдаганча, китептин ачык бетин тиктеп, ойлонуп отурду.
Чай ичилген соң Хайрие ханым күйөөсүнүн түшкү тамагын камдай баштады. Али Риза бей кызарып:
- Кереги жок, ханым, убара болбо,- деди.
Кеме жүрбөй калган бороондуу күндөрдө да анын иштен бир күн калбасын билчү Хайрие ханым катуу таң калды:
- Ишке барбайсыңбы, бей?
- Жок, барбайм.
Али Риза бей муну айтканда мугалимине өчөшүп, мектепке баргысы келбеген күнөөлүү окуучуга окшоп турду.
- Эмне үчүн?
Чал бир аз мурун келип, жанына отурган Шевкетти башынан сылады. Өрөпкүп турганын билдирбегенге аракет кылып:
- Шевкет менен кеңеше турган бир ишим бар. Уулум мени жакшылап тыңдаган соң, оюн айтат… Эмне десе, кабыл алам.
Али Риза бей ушундай бир үн, ушундай бир тариз менен сүйлөгөндүктөн, аялы менен уулу анын тамаша-чынын аңдай албай, бири-бирин карап калышты.
Чал болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берди. Уулу менен мындай нерселерди мурун ачык сүйлөшпөгөндүктөн, окуянын уят жерлерине келгенде башка жакты карап, үнү басаңдап кетип атты. Хайрие ханымдын жүзүнөн таң калуудан башка нерсени билүүгө мүмкүн эмес эле. Ал эми Шевкет атасын тыңдап отуруп бара-бара толкунданып, кара көздөрүндө бир таң каларлык от ойной баштады. Атасы: «Ушундай иштен кийин кеткенден башка чарам бар беле?»- деп сөзүн бүтөр замат, буйдалбастан туруп:
- Жакшы кылыпсың, ата!... –деди.
Анын үнүндө ушундай бир жаалданган каршылык бар эле, Али Риза бей буркурап ыйлап, уулун кучактоодон өзүн араң токтотту.
Анан уялгандай түр менен башын жерге салып, баягы жүрөк өйүгөн суроону берди:
- Дагы бир нерсе бар, уулум, аны да айтышым керек. Бул фирма менин нан тапкан жерлердин акыркысы эле... Мени билесиң. Кол куушуруп отургум келбейт... Бирок башка иш таба албай калышым да мүмкүн... Бир туугандарың али ирдене элек... Менин пенсиям абдан аз... Үйдүн бүтүн жүгү сенин мойнуңа түшкөнү турат... Бул сага оор болбойбу?
Шевкет атасынын олку-солку болгонуна каршы чыкты. Жыйырма бир жаштын өрөпкүткөн кайраты менен көкүрөгүн уруп:
- Муну айтканга кантип тилиң барды, ата? Мага ишене албай турасыңбы? Керек болсо, башка ишке да кирем. Бир туугандарымы кандай болсо да тирлентебиз!- деди.
Шевкет кечээ түнү атасынын ордуна эмне үчүн отурганын эми түшүндү. Буга кыжалат болмок турсун, ушул жашында бир үйдүн атасы болуп калганына өрөпкүп сыймыктанды. Ата-бала айкаша кучакташып өбүштү.
Али Риза бей бир аздан кийин аялы экөө калганда терисине батпай:
- Бир ата үчүн бул эмне деген бакыт!- деди.
Нымтырап үстөлдү тазалап аткан Хайрие ханым башын бурбастан:
- Ооба... ошондой... деди.
Мындайда эбиреп турчу аялынын маанайы суз эле. Али Риза бей кооптоно түштү:
- Эмне эле сүйлөр сүйлөмөксөн болосуң?- деди. Хайрие ханым да бир аз силкинип:
- Эмнени сүйлөмөк элем? Ооба... ошондой... дедим болгону,- деди.
- Жок, башкача сүйлөп турасың сен.
Аялы ишин коюп Али Риза бейге карады:
- Таарынба, бирок сен карыган сайын өзгөрүп баратасың.
- Алжып баратасың деп эле ачыгын айтпайсыңбы!
Муну айтып, аялы буга каршы чыгат ко деп күттү, бирок ал жооп бербестен бурулуп кетти. Иш олуттуу жагына айланып, себебин билбеген бир коркуу Али Риза бейдин жүрөгүн мыжыга баштады.
Али Риза бей кээде боорукердигинен, же жумшактыгынан бирөөгө акча берип, кайра ала албай калганда, же керексиз бир нерсе алып алганда көңүлү бузулчу. Андайда жубайы: «Зыяны жок... капа болбо, эмне кылалы. Болуптур да эми...»,- деп жубатмайынча көңүлү жайланчу эмес.
Бирок Хайрие ханым үйдүн пайдасы дегенде тамаша кылбаган, эсепчил аял эле. Күйөөсү өзүн өзү жеп, кылган ишине абдан бушайман болмоюнча жубатчу эмес. Ал турсун, кээде ушундан улам уруш да чыгып кетчү. Али Риза бей бетме-бет урушканга батына ала турган жалгыз киши ушул аялы болгондуктан, жаш баладай жарылчу:
- Сен ушундайсың... Жеген тамакты да жөн сиңирбейсиң. Иншалла, бир күнү дыңкыйып өлүп калсам, кутуларсың менден да!
Хайрие ханым аны бир топко айкыртып-кыйкыртып, кылган ишин мурдунан сыгып алган соң, саясатты өзгөртөр эле.
Чал бүгүн кемпиринен улам бир нерсени болгоолоду. Ансыз деле туура иш кылдымбы деп кечээтен бери өзүн өзү жеп аткан. Аялынын бир ооз жылуу сөзүн укса эле көңүлү тынчымак. Бирок тиги кудай урган катын Али Риза бейдин өз жашоосундагы эң оор, жан ачыткан күнүн кечиргенин түшүнбөдү. Кайра кашын чимирилтип, кабагын түйүп отурат. Али Риза бей бир аз унчукпай калып, анан:
- Ханым, мени кара!- деди. - Бүгүн мага ушундай бир мамиле жасап турасың, мунуңду өлсөм да унутпайм... Уялсаң болбойбу!
Хайрие ханым кайра келип, чучукка жетер жемеден да күчтүүрөөк таасир этер деп ишенген муңайым түрү менен:
- Эмнеге кыйкырып атасың, Али Риза бей? Сени угуп турган бирөө болсо, наам алып, сүйүнүп аткан экен демек. Фирмадан алган жүз он беш лира менен эптеп күн көрүп келаттык эле. Бүгүн андан да айрылганыңы айттың. Бул биз үчүн ачка калабыз деген кеп. Сүйүнүп, мойнуңа оролушум керек беле?... Сен да Кудайды карасаң болбойбу!.. – деди.
Али Риза бей оозуна сөз келбей буйдала түштү:
- Ооба, бирок намыс... намыс сакталды да!..
Намыс деген сөз бул баёо, таза үй ханымына дайыма күчтүү таасир кылчу. Бирок ачкачылык эшик кагып турган бул саатта ал да таасирин жоготуп койду окшойт.
- Али Риза бей, Кудайды кара. Канча жылдан берки адал жубайыңмын. Мени адеп-ахлаксыз бир катын катары карасаң, бир чети уят, бир чети күнөө болор. Менин да сеникиндей эле намысым бар. Бирок сенин ордуңда болсом, балдар үчүн намыска көз жумар элем.
Али Риза бул сөздөрдү укканда жарылып кетти:
- Эмне дедиң, кана, эмне дедиң?.. Кайталачы... Ушундай нерсеге көз жумат белең? Уят... Уялбайсыңбы!...
Хайрие ханым шыпты бир тиктеп алды. Анан жанагы муңайым түрү менен сөзүн улады:
- Ооба, Али Риза бей! Сен эмне десең, ошо де. Мен балдар үчүн баарына барам. Анткени ачка калсак, алардын намысы коркунучта калат.
Бул сөз Али Риза бейдин башына таяк менен чапкандай тийди. Бир күн мурун баягы фирмадагы жигиттен уккан сөзү эсине түштү: акчасыз намыс аш болуп бербейт. Эки башка дүйнө сыяктанган, бири-бирин тааныбаган эки кишини бир тилде сүйлөгөнү бул кандай коркунучтуу күч болуп кетти экен?
Али Риза бей куюндай сапырылган акылында бул табышмакка жооп издеп отурганда, аялы сөзүн уланта берди:
- Таарынба, Али Риза бей... Ичимдегини мен да айтайын. Сен курулай эле чочулап, балдардын пайдасын дайыма курмандыкка чалып келдиң. Алар он беш-жыйырма жашка келип калды, чоңойттум-чочойттум, милдетимен кутулдум дегени турасың. Андай эмес. Чыныгы вазийпаң эми башталат. Алар мурун кичинекей эле. Колдоруна кырк тыйындык ышкырык, сынык куурчак берип койсоң, бүтүн дүйнөнү карматкандай сүйүнүшчү. Ал балдардын ар бири азыр чоң киши. Ар нерсени аңдашат, каалашат... Ар бири эмне каалайт, кайдан билесиң? Билбейм, бирок алардын тарбиясында да жаңылыштык болду окшойт.
- Акылыңдан айнып бараткан окшойсуң, ханым, менин балдарым периште сыяктуу...
- Аны мен да танбайм. Балдарыбыз азыркы турушунда периште сыяктуу... Бирок бир жагынан акыл-эсин ченебей өстүрдүк... Жана айтпадымбы, бардыгын көрүшөт, каалашат. Жагдайыбыз бул болсо, кийин да периште боюнча кала алышабы? Калса да, ичтеринен сызбас бекен? Сен буга чейин иш менен жүрүп, үй ичин, балдарыңы жакындан көрбөдүң. Мына эми сага айтып атам, бей. Балдарыбыз коркунучта. Айта турганымды айттым, эми менин күнөөм жок.
Али Риза бей бул дооматтын уруш-жаңжал менен бүтө турган иш эмес экенин түшүндү. Эми үнү жалбаргандай чыкты:
- Байбиче... Бала болбочу... Бул жагын мен да ойлонуп жүрөм. Бирок уулубуздун сөзүн уктуң. Каралдым бир туугандары үчүн баарына даяр. Андан шектенбейсиң да, туурабы?
- Чынын айтсам, шектенем, Али Риза бей. Кандай болгондо да ал жаш бала... Анын да өзүнө жараша каалаганы, эңсегени болот. Андай болбосо деле бармактай баланын мойнуна жүк болуу күнөө эмеспи?
Эрди-катын бир жыл талашып-тартышса да, бул маселеде тил табыша алмак эмес. Али Риза бей, сөз жок, аталардын эң мыктысы эле. Балдарынын эч бирине кымындай зыянын тийгизгиси келбейт. Уулун өз ордуна бүлө башы кылуу менен ага дүйнөдөгү эң чоң бакытты тартууладым деп ишенген. Ал үчүн Шевкеттин үй-бүлө жүгүнө даттанышы хан болгон адамдын башымдагы тажы оор деп арызданганындай эле түшүнө алгыс иш болчу.
Бирок Хайрие ханымдын маңыроо акылына булар келмек беле, ансайын күчөп, буркан-шаркан түшө баштады:
- Чачым агарганча сага жаш баладай ишенип келдим, аттуу-баштуу, окуган, жазган адам деп. Албетте, бир билгени бардыр дечү элем. Жетет эми... Болуптур, бул иштен намыс үчүн кетишиң керек болсо, кет... Бирок эсиңде болсун, күн өткөн сайын кымбатчылык артып баратат. Карачы, эч нерсе сактай албай калдым. Периштедей балдарың эми кармана албай калар бекен. Жокчулуктан ушул балдарым бир нерсе болсо, эки колум жакаңда кетер. Өлүп калсаң да, көрүңдө тынч жаткырбайм...
Аялы эми балдар угуп калат деп коркпостон, буркан-шаркан түшүп ыйлап, ашканага кирип кетти. Али Риза бей ордунда селейген боюнча калды. Демек, ушунча жылдан берки койдон жоош аялы да акырында козголоң чыгармак экен да.
Колунда чака, бакта гүлдөрдүн түбүн жумшартып, жашылчаларга суу куюп, көчөттөрдү курт-кумурскалардан тазалап жүрдү. Бирок оюнда балдары. Жубайы, сөз жок, караңгы аял. Бирок жанагы айткандарынын да жөнү бардай. Балдары чындап эле коркунучтабы? Андан да жаманы – жана аялы айткандай, алардын тарбиясында бир жаңылыштык болдубу? Адегенде улуу кызы Фикретти көз алдына келтирди.
Бул он тогуздагы кичинекей бир кыз эле. Бирок отуз жаштагыдай оор басырыктуу болчу.
Үйдө апасы үчүн издесе табылгыс жардамчы, бир аз гана улуу болгонуна карабастан, бир туугандары үчүн экинчи эне катары. Фикрет сулуу эмес. Анын үстүнө оң көзүндө бир тагы бар. Ички Анадолу аймактарынын биринде жүргөндө байкуш кыздын көзү көпкө ооруп, ушул так калып калды. Али Риза бей ошондо бир жолун таап, кызын Стамбулга алып барса, балким, бир чарасы табылар беле. Тилекке каршы, оору да иштеринин абдан көп болуп турган кезине туш болбодубу.
Фикреттин жанда жок ички сулуулугу бардык кемчиликтерин жаап турчу. Ал турсун, Али Риза бейдин ою боюнча, ал так деле өөн учурачу эмес. Тескерисинче, ал кыздын жүзүнө момундук, жүрөгүнө назиктик берип тургандай туюлчу. Бирок эмне кыласың, эл, өзгөчө үйлөнө турган жигиттер аны атасынын көзү менен карачу беле.
Али Риза бей Фикретке да уулу сыяктуу кам көрүп, тарбиялоого аракет кылды. Бирок ал кыз бала болгондуктан, уулу сыяктуу жашоонун шарына кире албайт эле. Билимге анча муктаждыгы болмок эмес. Ошондуктан Али Риза бей ага көркөм жасалга менен фантазияга жакын нерселерди үйрөткөн.
Жаш кыз китепти ансыз деле оорулуу көзүнө коркунуч келгендей көп окучу. Алардын көбү роман эле.
Али Риза бей кызынын атактуу өнөр адамдары, айтылуу эмгектер жөнүндө сүйлөп, жашоо жөнүндө олуттуу ой жүгүрткөнүн укканда, сыймыктангандан оозу кулагына жетер эле. Кызынын жүзүндөгү кемчиликтерин жаап кетер акылдуу, билимдүү болушун каалаган. Кудайга шүгүр, өзү каалагандай болду. Ал турсун, аны энесиндей мыкты үй айымы кылып да тарбиялады. Кызынын бүгүн эч бир өксүк жагы жок. Ар кандай эркекти бактылуу кыла алат. Бирок…
Али Риза бейдин акылында курттай кыбыраган шектенүүлөр ойгоно баштады: Ооба, кызынын кымындай да кынтыгы жок дейли. Бирок муну биле турган жигитти кайдан, кантип табышат? Күндөн күнгө арта турган кедейликтери муну ого бетер кыйындатпайбы?
Айлана-тегеректе жүргөн жигиттерди күн сайын көрчү. Алардын көпчүлүгү сүйлөшүп алгандай үйлөнгөндөн коркушчу же муну тамаша кылышчу; бир тобу муну соодадай көрүп, бай кыз издеп жүргөнүн ачык эле айтышчу. Ооба, аялыныкын таптакыр туура эмес дегенге да болбойт. Фикрет, сыягы, туура эмес тарбия алып калды окшойт. Серт кызга сезимтал рухту эмне үчүн өстүрдү экен? Эч кимге жакпаганын, ар жерде, ар нерседе эч кимдин тоготпогонун дароо сезсин үчүнбү? Өңү серт кыздын оозундагы сонун сөз алсыздын оозундагы адил сөз сыяктуу эле бошко кете турган пайдасыз нерсе эле.
Али Риза бей бул тууралуу ойлонгон сайын ичиндеги шектенүүсү күчөй баштады: Ооба, Фикрет натуура тарбияланган экен. Бул өңү серт кыз канча түшүнсө, ошончону каалайт, натыйжада ошончо азап чегет. Аны жашоодо эркек сыяктуу мушташып-тиштеше турган, ой-сезим дегенди билбеген кыз кылып тарбиялаганда эмне.
Кызы анда бүгүнкү жанда жок Фикрет болмок эмес, өзү да аны азыр кызым деп ойлогондогу туяр бактысынан куру калмак. Бирок эмне зыяны бар эле, ал өзү бактылуу болот эле да!
Али Риза бей Фикреттен кийин Лейла менен Нежланы көз алдына келтирди. Алар эжесиндей акылдуу эмес, бирок экөө тең абдан сулуу. Лейла быйыл он сегизде. Нежла он алтыга жаңы кирди. Бу заманда аларга акыл-эси жайында, адал сүт эмген күйөө табыш да өзүнчө бир маселе.
Азыркы замандын жаштары Фикреттеки рух сулуулугун түшүнбөшү мүмкүн. Бирок Лейла менен Нежла сулуулугунан улам кандай болсо да атасынын төрүндө калбас. Эми ошол күн келгенге чейин бул аруу, бирок бардык жаштар сыяктуу эле алсыз жана кыялкеч кыз балдарды тегеректеги ар түрдүү кырсыктардан коруп туруш керек, иш ушунда.
Айшеге келгенде Али Риза бей аны мурунтан эле бир туугандарына тиешелүү деп көнгөн. Өзү болсо да, болбосо да Шевкет аны коргоого дайым даяр.
Карыган ата ал күнү бак менен алек болгончо ушуларды ойлонуп жүрдү.
- Vİİİ -
Пенсионерликтин жана ишсиздиктин алгачкы күндөрү...
Бул күндүн эртели-кеч келерин, ар бир иштеген киши сыяктуу эле өзүнүн да бир күн катардан чыгып каларын билчү. Бирок ал бул күндөрдү башкача элестеткен эле.
Пенсияга чыкканда балдарынын алдында бардык вазийпасын аткарып, алардын баарын үйлүү-жайлуу кылган киши болмок эле. Көзүн жуумп, келечегин ойлонгондо, дайыма ушул кыял уурданып келчү. Бир-эки небере туулуп, чоңоё баштайт, өзү менен өзү болгон жаш аталары менен тажрыйбасыз энелери балдарын бүт кемпири экөөнө жүктөп коюшат. Жашаарымды жашадым, бир бурчта өлүмдү күткөндөн башка ишим калбады деп гана отурат имиш, кана, көрөлүчү дешет алар.
Чоң атанын эми баш тырмаганга убактысы жок. Балдарды талаага ойноткону алпарат, очок башында отуруп аларга жомок айтып берет. Анан делдең кулактарга үй-бүлө санжырасынан сүйлөйт, маал-маалы менен аталарына, апаларына үйрөткөн сыяктуу эле жакшы-жаманды үйрөтөт. Ошентип, бүтпөгөн иш, ызы-чуу менен жүрүп, убакты-сааты келгенде өлүм төшөгүнө жатканга да үлгүрбөй, балдардын ышкырыктарынын үнү, добулбастарынын дүңкүлдөгү ичинде, балким, билип-билбей өлүп кетет. Киши баласы үчүн мындан артык бакыт барбы?
Али Риза бейдин илгертен берки бир арманы китеп окуганга убактысы жок эле. Ар дайым окуган бетинин эң кызык жерине келгенде бир иш чыгып калчу. Эрте менен аялынын: «Бол, Али Риза бей, убакыт болду, кемеге жетпей каласың»,- деп Азирейил сыяктуу башында турушу ушунчалык көңүлүнө тийчү...
Али Риза бей китепти жаап жатып дайыма: «Эх, бир пенсияга чыксам...»,- деп сүйлөнчү. Ошол эңсеген күндөрү келди. Эми аялы: «Бол, Али Риза бей... китепти ташта» деп тынчын алып келбес болду. Бирок эми тагдырдын тамашасын карабайсыңбы, китептердин баягы кызыгы жок.
Аялынын алгачкы күндөрдөгү албууттугу, кежирленгени калбады.
Али Риза бей адегенде ага таарынып жүрдү, бирок аялынын алдырбаганын байкаган соң кайра өзү ичинен ийге келди.
Хайрие ханымдын ушунусу баарынан оор тийди. Бир күнү ага:
- Уят, ханым... Демек, сен мени иштеген кызматым, тапкан акчам үчүн гана сыйлачу турбайсыңбы,- деди.
Анын жада калса ачууланып койгонду ыраа көрбөй, эрин түйүргөнүн карап туруп, жалбаргандай айтты:
- Биз жашоодо үзөңгүлөш келатпадык беле. Үзөңгүдөн бут тайыганда, жөлөп койгонго жарабай, кайра бетке тепкениң туурабы?
Бул сөздү көптөн бери камдап жүргөн. Аялым муну укканда, мойнума оролуп ыйлайт, ошону менен ортодогу чатак бүтөт деп ойлогон. Бирок өзү өтө таасирдүү деп ойлогон бул сөз Али Риза бейдин өзүн гана жашытты. Хайрие ханым мисирейе карап туруп:
- Эмне кылайын? Өзү жыгылган ыйлабайт!- деп силкинип койду.
-İX-
Али Риза бей бир ай ичинде эле пенсионер кызматкердин таз кейпин кийип калды.Тегеренип турганда эскилиги байкалбаган араба дөңгөлөктөрү сыяктуу анын да иштеп жүргөндө көп билинбеген карылыгы дароо ачыкка чыкты. Эки капталында бош салаңдаган колдорунун оордугу далыларын чөгөрүп, бүкүрөйтө баштады.
Кебете-кешпири бузулду. Шымынын тизелери, жеңинин чыканактары шалбырап чыкты. Мурун кербезденип таза кийинген адам эле. Үстүндөгү чаң эми күбүнгөн менен кетпей, биротоло сиңип калды. Эрте менен дагы эле эрте турчу. Бирок ал сааттарда мурункусундай сергигенин сезбей, тескерисинче, күндүн жүрө турган жолунун узундугун карап туруп, абдан чарчаганын туйчу. Китептеринин да, багынын да баягыдай кызыгы жок. Бирок ага карабастан көнүмүш адаты боюнча ырларын аңтарып карайт, багындагы отоо чөптөрдү жулат, гүлдөрдү сугарымыш болот. Бирок бир топ убакыт өтүп кетти го деген ой менен күндү карап, анын баягы эле жерде турганын көргөндө, айласы куруй түшөт. Эртели-кеч кеме сааттарында көчөгө чыкканды адат кылып алды. Колу аркасында, бак дубалын бойлоп ары-бери кыбырап басымыш болот. Көктөгү узап бараткан тобун караган канаты сынык каркыра сыяктуу кызматкерлердин чубашып жумушка кетип-келгенин карап турат.
Али Риза бей мурун чардактардын, казинолордун келишкис душманы болчу. Иштеп жүргөндө: «Бу эмне деген жайлар, эфендим? Колумдан келсе, булардын баарын жаап таштайт элем!»- дечү.
Иштеген иши, колунда наны, үйүндө тынчы жок байкуш пенсионерлер үчүн булардын издесе табылгыс бир көңүл жубатар башпаанек экенин эми түшүндү. Адегенде Чамлыжага же Үскүдар базарына барып келчүдө чайканаларга кирип тыныкчу. Кийинчерээк базардагы, мааледеги чайканаларга барчу болду. Башында өзүнчө бир бурчка барып алып гезит окучу. Булардын такай келчү кардарларын дагы эле жактырчу эмес.
Буларга эч аралашпайм деген ойдо эле. Бул жерде ал байкоочу гана болот. Нелерди көрүп, нелерди эшитер эле? Аттуу-баштуу эле аксакалдар үйүндөгүлөрдү тартынбай айтып, эмне жегенин, ал турсун кээде жей турган эч нерсе таба албай, ачка калганынан бери саймедирешчү.
Кээси тынбай нард, карта ойношот, анын ортосунда бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, анан эч нерсе болбогондой оюндарын улантышат. Ал турсун, бир күнү убагында чоң кызматтарда иштеген бир пенсионердин таяк жегенин көрдү.
Али Риза бейдин ою боюнча, ушундай шерменде болгондон кийин ал киши элге аралаша албай калышы, ал турсун, арына чыдабай өлүп калышы керек эле. Бирок эртеси күнү эле аны баягы чайканада эч нерсе болбогондой нард ойноп отурганын көрдү.
Адегенде дартташканга киши издеген бир-эки бечаранын арыз-арманын укту. Анан бара-бара курдаштар көбөйдү. Бирок намыскөйлүгү али бар эле. Башкалардыкын дайыма кулак төшөп укканы менен өз дарты тууралуу эч нерсе айтчу эмес.
Акырында чайкана ишсиздик менен үйгө батпай калгандан азап чеккендер баш калкалай турган жалгыз бурч экенин түшүндү. Бул болбосо, пенсионерлер үчүн өлүмдөн башка кыла турган иш калбай калмак.
-X-
Акырында Али Риза бейдин да өзүнчө бир чайканасы жана карыган жети-сегиз пенсионер жоролору пайда болду. Эмне кылсын, башка салганы болот экен да...
Булар турмуштан кыйналган чалдар эле. Алган пенсиялары эч нерсеге жетчү эмес. Бир тобу таза, ак ниет адамдар. Айрымдары: «Колдон келип турганда эмнеге албадык экен?» деп наалып өкүнүшсө, кээси: «Ала албадык, ошонун азабын эми тартып атабыз. Күнү-түнү иштедик, лимон сыяктуу ширебизди сыгып алып, ыргытып жиберишти»,- дешчү.
Али Риза бей өзү сыяктуу эле аларды да аяп кетчү, бирок алардын сөзүн ичинен туура көрчү эмес. Ал турсун ушундан улам талаша кетчү.
Али Риза бейдин тапкан пайдасы жаңы досторунан арзан соода кылышты үйрөнүп алганы болду.
Көмүрдү, этти, май менен жашылчаны кайдан, кантип алышты билип алды. Бирок үйрөнгөн ыкмаларынын баарын колдонууга мүмкүн эмес эле. Бул үчүн сатуучулар менен тартынбай сүйлөшүп, айтышып же аларга кошомат кылыш керек. Булар Али Риза бейдин олуттуу мүнөзүнө эч качан ылайык келбей турган нерселер эле. Бир күнү көп жылдар бою шаар мэри болуп иштеген бир курдашы менен базарга барышты. Жашылча алыш керек эле. Соодалашып жатканда урушуп кетишип, дүкөнчү эски мэрдин колунан ашкабакты жулуп алып: «Кетчи ары, чал... Сен соода кылганы эмес, көңүл ачканы келген неме окшойсуң... Акчаң жок болсо, шалбаага барып чөп терип жебейсиңби»,- деп тиги байкушту себеттердин арасына көмөлөтө түртүп жиберсе болобу. Али Риза бей уялганынан жерге кирип кете жаздап, мындан ары бирөө менен базарга бассам бутум сынсын деп ичинен ант берди.
Али Риза бей пенсионер курдаштарынын баарысы үйүндөгүлөргө нааразы экенин байкады. Демек, бул жагынан да жалгыз эмес экен. Айтып отурушса, уруш-жаңжал бул кедей пенсионерлердин үйүн улуу тумоодой каптаптыр. Али Риза бей булардын баары баягы эле экономикалык жагдайдан болуп жатканына эми биротоло ишенди.
Байкуш чалдар таң атпай үйлөрүнөн өрт чыккандай качып чыгышат да, түн жарымга чейин чайканада отурушат, урушуп-талашып, кээде үргүлөп кетишет. Алар үйдүн ысык очогуна баарынан да азыр муктаж эле. Ушул карылыкты ойлогону үчүн үй-бүлөнүн миң түрдүү азап-тозогуна кыңк этпей чыдап келишпеди беле. Эми аягы эмне болуп чыкты! Кудай сактасын, бул чайканалар болбосо, эмне болот эле!
Эң өкүнүчтүүсү, бул чалдардын көбү буга чейин эмнеден өлгөндөй корксо, ошого дуушар болуптур. Маселен, өмүр бою карыз алгандан жаа бою качкан бир эски кеңсе мүдүрү ушу күндө дүкөнчү, касапчылардан алган карызын төлөй албагандыктан, азыр түрмөгө отурганга даярданып жүрөт. Биринчи жолу аласасы бар дүкөнчү келип, эшигинин алдында айкырып-кыйкырганда өлүп кала жаздаган экен. Эми болсо көнүп калган, ал турсун түрмө коркунучуна да кебелбей философчо карайт: «Эмне кылалы… Алардын да акысы менде кетпесин. Карызыбызды акча менен төлөй албадык, эми жок дегенде түрмөгө жатып төлөйлү.»
Дагы бир эски каржы мүдүрү бар эле, ал мурун өтө тазалыгы менен аты чыккан неме экен. Бир чечкен байпагын жуубастан кайра кийип көрбөптүр. Эми болсо ал байкуштун жакасында биттер кирип-чыгып жүрөт. Аялы эки жыл мурун шал болуптур. Үйүндө башка эч кимиси жок. Бардык иш өзүнүн мойнунда. Анын үстүнө түнү оорунун азабын тартат.
Үчүнчү бирөө бир туруп келининен, бир туруп күйөө баласынан таяк жейт. «Эми ошол үйгө кайра барсам, Кудай урсун!» деп түйүнчөгүн алып чайканага келип калар эле.
Кечинде кардарлар тараарга жакын, кечки суук ревматизм буттарын сыздата баштаганда баягы оюнан кайтып, кайра эле баягы түйүнчөгү колунда, үйүнө карай кетер эле. Курдаштары бир жагынан аны аяп, бир жагынан күлүшчү: «Азабын тартып атат!» Мунун да бир чындыгы бар эле. Мурун узак жылдар бою аскер мектебинде мугалим болгон бул киши ким билет, канча баланы апалатты…
Чайкананын кардарларынын арасында Сермет бей аттуу дагы бир мурунку вали бар эле. Бирок ал башка пенсионерлердей эмес эле. Тескерисинче, кебете-кешпиринен, сүйлөгөн сөзүнөн анын колунда бар киши экени байкалып турчу.
Сермет бей кызматта турганда чынчылдыгы жана намыскөйлүгү менен белгилүү болгон адам. Жетимишке барып калса да, жүзүнөн кызыл кетпей, ак баскан чачы кыска тегизделип, таптаза кийинип, какайып турат, үнү да катуу. Башкалар сыяктуу Али Риза бей да адегенде бул адамды урматтап, сөзүн тыңдачу. Бирок кийинчерээк Сермет бей тууралуу жаман сөздөрдү угуп, бул таза кийинген адамдан тиги биттегендер менен таяк жегендерден да катуураак жийиркенип калды. Алардын айтымында бул адамдын кыздары аягы суюк имиш. Ал мында мурдагыдай эле адеп-ахлак, жакшы сапат тууралуу бакылдап отурганда, үйүндө төбө чачты тик тургузган иштер болот экен. Мындай жакшы кийинишинин себеби да ушул дейт.
Айрымдары Сермет бейдин эч нерседен кабары жок дешет. Ал эми башкаларынын сөзүнө караганда, бул адам бала-чакадан бери билген бул иштерди билбей кала тургандай келесоо, үйдөгү суудай аккан акчанын кайдан келип жатканын аңдай албай калчу алжыган чал эмес. Доңуз сыяктуу баарын билип турат.
Али Риза бей бул ушакка аралашуудан корккону менен акыры бир күн чыдай албай:
- Бул экинчи ыктымалга ишене албай турам. Адам мындай нерселерди билип туруп кантип чыдайт?
- Кудай кылса, кубарыңдын акысы барбы,- деп күлүштү.
Ошентип, башында бир топ кыйналып жүрдү. Бирок бара-бара көнүп кетти. Кыскасы, чайканадагы окуялардан улам Али Риза бей бир азга болсо да өз дартын унутуп калар эле.
-Xİ-
Кедейлик Али Риза бей үчүн чоң мектеп болду. Ар нерсени чыныгы өңү, чыныгы жүзү менен көрө баштады. Эми колунда кокон тыйыны жок бул чалга эч ким өзүн жакшыраак көрсөткөнгө аракет кылбай калды. Ал турсун балдар да...
Фикрет өзүнөн кандайдыр алыстап, салкын мамиле жасай баштаганын сезе баштады. Бул кыздын ичинде түшүнүксүз бир нерселер болуп жүрөт. Атасына жолобой, ага мурдагыдай ишенбей калганын ачык көрсөтө баштады. Ал эми Али Риза бей бул оор мезгилде сылык-сыпаа, оор басырык кызынан эмнени гана күткөн жок эле!
Лейла менен Нежлага келе турган болсок, алар да ушундай эле абалда болчу. Сыртынан караганда атасынын айтканын эки кылышпайт. Бирок белгисиз бир себептен улам аны жек көргөндөй тике карашпайт, сүйлөйүн деп келатканда эле анын сөзүнө ишенбейли деп чечишкендей жүзүн буруп кетишет.
Али Риза бей бул ишке барганда, баарынан мурун балдарына болгон кадыр-баркы менен таасирине ишенген эле. Үйдөгү бала-чакасынын баары ага ишенип, сөзүн укса гана бул толкундан өтүп кетишмек.
Ал эми бала-чакасы эмитен эле чилдей тарап жатат, бороон келгенде аны жалгыз таштачудай түрлөрү бар.
Чал муну адегенде Хайрие ханымдан көрүп, өзү жетишпей жаткансып, балдарды да бузуп, мага каршы тукуруп жатат деп аны жек көрүп жүрдү. Бирок кийинчерээк бекер эле анын күнөөсүн көтөрүп жатканын байкады. Балдарды кодуламак мындай турсун, балким, тескерисинче, балдары аялын ушундай ажаан кылып жаткандыр. Бул ойду бекемдей турган дагы бир нерсе бар эле. Хайрие ханым чалынан алыстап калганы менен үй айымынын милдетин кынтыксыз аткарып келатат.
Башынан эле үнөмчүл аял эле. Эми анысы сараңдыкка, ач көздүккө айланды. Бир эркек ушундай ит заманда аялынан дагы эмнени күтмөк эле?
Уулу Шевкетке келсек, карыган ата үчүн дүйнөдөгү жалгыз көңүл жубатары, бактысы ошол эле. Шевкет өзгөчө бала чыкты. Ал атасынын көз алдында бара-бара Кудайдай болуп баратты. Али Риза бейдин ичинен түтөп күйгөнүн азырынча уулу гана түшүнөт. Үйдүн бүтүн жүгүн мойнуна алып, ар кандай кежирленсе эп боло тургандай чарчап-чаалыгып жүрсө да, тарбиясынан жазбайт, ыгы келгенде атасынын алдына чөгөлөп отура калып, сакалынан сылап, көңүлүн жубатат:
- Коркпо, ата... Мен үмүтүңү актайм... Көрөсүң, баары жакшы болот, жыргап жашайбыз... Адегенде карындаштарымы тындырышыбыз керек. Өзүбүз калгандан кийин оңой болот. Апам экөөңү кандай болсо да бактылуу кыла алам.
Шевкет карындаштарынын ар бирин өзүнчө ойлочу; үйдө өзү эске албаган бир киши бар болчу; ал өзү эле.
Али Риза бей бир күнү чегип сурады:
- Менден жашырба, Шевкет, албетте, сенин да эңсеген нерселериң бар эле... Бул балакет башыбызга келбегенде, сен эмне кылат элең?
- Мыкты архитектор болгум келчү, ата… Чоңоюп, акча таап, атак-даңкка жетсем дечүмүн… Бирок эмне кылалы… Тагдыр деген ушундай экен да…
Балким, атасынын көздөрүндөгү кайгыны көрбөсө, сөзүн дагы улантат беле. Күлүп, сөздү дароо башкага буруп кетти:
- Бирок бул андай деле маанилүү эмес. Мен азыркы жашоомо да ыраазымын. Анын үстүнө али жашмын да, иштерибиз оңолуп кетсе, балким, буга да убакыт калар.
Али Риза бей уулуна ишенгендей болду. Анан башка нерселер тууралуу сүйлөшө башташты.
Чайканадагы пенсионер курдаштарынын айрымдары кудайга сыйынып, өздөрүн жубатышчу. Али Риза бейдин көңүл жубатары уулу эле. Кээде ичиндеги үмүтсүздүк толуп-ташып баратканда Шевкетти эстейт да, кадимкидей санаасы тына түшкөнүн туят.
Бир күнү мунусун көзүнүн жашын тыялбай туруп айтып берди:
- Уулум, мен өзүмү жакшы адам санап, бекер эле сыймыктанып жүрүпмүн. Көрсө, сенин жаныңда мен киши деле эмес экенмин.
Шевкеттин оозу ачылып:
- Эмне деп атасың, ата… Дүйнөдө сен сыяктуу адамды элестетиш да кыйын. Баланын сөзүн сүйлөйсүң да,- деп күлдү.
Али Риза бей өжөрлөнүп башын чайкады:
- Мен сенин жаныңда киши деле эмесмин, уулум. Неге десең, жашаган өмүрүмдө эч нерсе туйбадым, каалабадым. Ал эми сен болсо абдан сезимталсың. Ар нерсени түшүнөсүң, каалайсың... Ушундай болуп туруп да каалагандарыңдан өз ыктыярың менен куру калып жатасың. Айырмабыз ушул, балам. Ушул үчүн сен менден алда канча жогору турасың...
-Xİİ-
Үйдө кыздар арасында акырын-акырын чыр-чатак чыга баштады. Бул адегенде купуя болгондуктан, Али Риза бей мунун анык себебин биле албай жүрдү.
Бир күн Фикрет сиңдилерин урушат, экинчи күнү Лейланын бөлмөсүнөн ыйлаганы угулат, үчүнчү күнү Нежла эмнегедир тамакка келбейт.
Хайрие ханымдын эми жанына жолой турган болбой калды. Али Риза бей сөзсүз тескери жооп ала тургандыгын билгендиктен, бир нерсе сураганга да батына албай турган болду.
Барган сайын ызы-чуу күчөдү. Эч ким эч кимден уялбас болду. Чал эми кыздарынын эки жаат болуп калганын байкады: бир тарапта Фикрет, бир тарапта Лейла менен Нежла.
Бул үйдө атанын кадыр-баркы, сыйлай турган бир бүлө башы жогунун ачык далили эле.
Лейла менен Нежлага үй-бүлөнүн жашоо таризи жакпайт; алар жаңы нерселерди, көңүл ачканды жана башка дагы бир топ нерселерди эңсешет.
Бул эки кыз башкаларына караганда жеңил ойлуураак, назик жана эрке өсүштү. Али Риза бей алардын акылы, тарбиясы менен көп алек болгон жок. Мындай сулуу кыздарды өзүнчө койгонго да мүмкүн эмес. Көп болсо дагы төрт-беш жыл мейман болот.
Али Риза бей Лейла менен Нежланы жакшы келин болсо жетет дечү. Ошондуктан аларды эч жакка чыгарбай чоңойтушту. Кыздардын көчөгө көбүрөк чыгышына, жакшы тааныбаган үй-бүлөнүн кыздары менен жакын болушуна уруксат жок эле. Жубайына дайыма: «Бул курактагы кыздар үчүн сулуулук – абдан чоң коркунуч. Көзүңдү жакшыраак ач!» - деп эскертчү. Бирок азыркы оорчулуктун тескери таасири тийбесин деп корккондуктан, аларды өзгөчө эркелетчү. Алардын дегени эки болчу эмес.
Кийинки учурларда аялы экөөнүн чыр-чатагы көбүнчө ушундан чыкчу болду. Хайрие ханым Лейла менен Нежлага көп акча сарпталганын айтып кыңкылдаганда, Али Риза бей: «Сенин акылың жетпейт, ханым! Кыздарды үйдөн чыгарбай отурабыз... Каалаганын жедирип, каалаганын кийгизбесек болбос. Кийин үйдү, үйдөгү жашоону жек көрүп калат. Колубуздан келсе, буларды үйдө мындан да көбүрөк кушубак кылсак кана!» - дечү.
Чатак адегенде Хайрие ханым менен ортончу кыздарынан чыкты. Ал Лейла менен Нежланын көз жашына, ыйына бир топ эле чыдады. Оор басырыктуу Фикрет ызы-чуу чегине жеткенде энесине купуя жардам берчү. Кийинчерээк байкуш аял амалы куруп, тигилерге жеңилип берди. Бу бойго жетип калган кыздардын күнү-түнү ыйлаганын карап отурганга киши чыдайбы. Хайрие ханым Лейла менен Нежланын туалетине деп эң керектүү нерселерди кыскарта баштады. Бул жолу Фикрет апасынын бул чабалдыгын айтып: «Аларды ыраазы кылыш үчүн бизди кыйнаганга, үйдү бир балээге учуратканга акың жок, апа!..» - деп чыкты.
Хайрие ханым өзүн коргоо үчүн Лейла менен Нежланы да коргоого мажбур болду: «Алардын да акысы бар... Элдин кыздарындай болуп кийингиси... жасангысы келет...»
Фикрет ушул убакка чейин сиңдилерине өз балдарындай карачу. Бул атасынын таасиринен улам пайда болуп, калыптанган бир сезим эле. Бирок өз энеси Лейла менен Нежланы ушинтип коргоп чыкканда, Фикрет чыдай алган жок:
- А бизчи? Биз эмне, иттин күчүктөрүбүзбү, апа? Болуптур, мен өзүмү айтпай эле коёюн... Мына бул Айшеге убал эмеспи?» - деп чыкты.
Буга чейин кабак чытуу, ичинен ит өлүү, үнсүз төгүлгөн көз жаш менен уланып келген чатак ушинтип ачыкка чыкты. Эки жаат болуп уруша башташты. Бир жагында Лейла, Нежла, Хайрие ханым, бир жагында Фикрет менен Айше бар эле. Бирок эки тараптын күчү тең эмес. Айше кичинекей болгондуктан, Фикретти жалгыз десе да болот. Ал Шевкет менен Али Риза бейди өзүнө тарткысы бар. Фикрет карындашын кунт коюп тыңдаган соң:
- Бул ишке менин аралашканым туура болбос, Фикрет,- деди. - Үйдү багып атам деп кыйынсынып жатат деп ойлоп, көңүлдөрү калат. Бирок эртеңкибизге коркунуч келсе, карап турбайм.
Али Риза бейге келсек, ал үйүндө эгин талаасындагы каракчыдай болуп баратканын эми даана сезди. Чатакка аралашуу бекер эле кыздарына бети ачылгандан башка натыйжа бермек эмес. Азыр кыздары аны мурункуларын сыйлап ата дешчү. Муну да кереги жок дешсе, анда байкуш каракчы алардын аяк алдына кулап калмак. Ушундан улам Али Риза бей үйдө бала-чакасы чыртылдашып, үндөрү катуулап баратканда эле бөлмөсүнө бекинчү, же ашкананын эшигинен эле көчөгө качып кетчү.
- Xİİİ -
Чал эч нерсени билбейт деп ойлошчу. Бирок ал балдарын мурункудан дагы жакшыраак билип, түшүнүп калды.
Катуу оору денедеги билинбеген илдеттерди кандай ачыкка чыгарса, бул кыйынчылык да алардын начар жактарын ошондой даана көрсөттү. Көрсө, Фикрет да, башка кыздары да өзү ойлогондон таптакыр башкача экен! Чатактын түрү бара-бара өзгөрө баштады. Лейла менен Нежла эми каалаганын ачык эле айта турган болушту: «Эмне үчүн бизди үйгө камайсыңар? Элдин кыздары каалаган жерде, каалаган адамдар менен көңүл ачып, сайрандап жүрсө, биз эмнеге бул тозокто куурап отурабыз?»
Ушинтип, үй тозок атка конду. Кыздар: «Биз эмне, жаш эмеспизби? Биз деле элди көрүп, элге аралашып, бийлегибиз келет. Жаштык деле өтүп баратат ушинтип. Минтип жүрө берсек, аягы эмне болот? Атабыз эмне даярдап койду эле? Үй болсо түбү тешик кеме сыяктуу күндөн күнгө чөгүп баратат. Ушундан соң ар ким өзүн ойлош керек да. Үстүбүздөгү оорчулукту алып таштаар убак келип, ал турсун өтүп баратпайбы. Өз жайыбызга койсоңор, балким, жакшы күйөө таап, өз жаныбызды багат элек да. Мындай заманда бирөө эшикти кагып: «Бойго жеткен кызыңар барбы?» - дешмек беле?»
Али Риза бейдин Фикретти туура эмес тарбияладым деген ою да эми өзгөрдү. Көрсө, балдардын тарбиясына жумшалган эмгек да бошко кеткен бир аракет окшойт. Тегинде эмне болсо, сааты келгенде ошол чыгат экен, аны эч нерсе өзгөртө албайт турбайбы.
Карыган ата ушинтип ойлогону менен кээде көңүлү бир аз жай алып, үмүтү жандана калганда, Лейла менен Нежланы маңдайына отургузуп алып, жүрөгүн өйүгөн нерселерди түшүндүргөнгө аракет кылчу. О опосуз дүйнө, ушу кыздары өзүн кичине түшүнсө кана! Тилекке каршы, буга айла жок эле. Канча бакырса да, аларга үнү жеткидей эмес. Колуңду созсоң тие тургандай жакын көрүнгөн бул баштар жылдыздардан да алыс турган чоочун дүйнөлөр эле. Мындай убактарда кыздары көзүнө курмандыкка чалына турган койлордой көрүнүп, ичинен кан өтчү.
-XİV-
ТОЗОК!... Алгач Лейла менен Нежланын оозунан чыккан бул сөз ушул бойдон калып калды. Эми кичинекей Айшеден баштап бардыгы үйдү Тозок дей турган болушту.
Бирок бул тозоктун күн сайын жарым саатка созулчу бир тынчтыгы бар эле: кечки тамак... Жарым саатка кармашуулар, көз жаштар токтоп, ашканада мурунку күндөрдү эске салган бейкуттук өкүм сүрөр эле. Бул кереметтин себеби – Шевкет. Негедир бүтүн үй-бүлө аны мурункудай эле сүйүп сыйлачу. Бул, балким, анын чатакка аралашпаганынан болсо керек. Анын үстүнө өздөрү үчүн эртеден кечке кажынып иштегенине боор оорушчу.
Ал дасторконго отурганда баарынын жүзү өзгөрүп, тамак ичип бүткөнчө бири бири менен жакшынакай сүйлөшүп отурушчу. Бирок жакындан бери Шевкет да өзгөрө баштады. Мурунку шайырдыгы, шоктугу жок. Дасторкондо мурункудай жадырап-жайнап сүйлөбөйт, кээде ээгин колуна таяп, ойго батып кетет.
Али Риза бей адегенде анын өңү кубарып, көздөрүнүн алды көлөкөлөнүп турганын адегенде караңгылык менен чырактын күңүрт жарыгынан көрүп жүрдү. Бирок баланын сүйлөгөнү да өзгөрдү. Адатынча толкунданып, үмүт ойготчу нерселерди айтып атып эле дароо ындыны өчө түшчү болду. Балаң түшкүр, катуу чарчап жүрөбү? Бир нече жолу мунусун аялына айтмак болуп, бирок батына алган жок. Хайрие ханым жанына жакындай албай турган бир аял болуп калган эле.
Чалынын кооптонгонун туйса, кежирленип тескери кетет да, аны ого бетер кыжалат кылат. Бирок Хайрие ханым озунуп ачылды.
Кыштын бир кечинде Али Риза бей бир китепти кармап мангал башында үргүлөп отурган. Хайрие ханым эшикти ачып:
- Жата элексиңби? - деп сурады да, ичкери кирди. Калп эле жаракөрлөнүп:
- Бөлмөң суук экен, үшүгөн жоксуңбу?- деди.
Мангалды көсөгөн болду. Терезенин жел кирген бир жерине кагаз тыкты. Анан Али Риза бейдин көйнөгүнүн сөгүлүп кеткен жерин көрүп:
- Чеччи, тигип берейин,- деди.
Чалы көйнөгүн чечип берип, ич кийими менен калганын көрдү да, үшүйт деп коркту окшойт, одеял алып келип жапты.
Али Риза бей бул алпейимдикти жакшылыкка жоруган жок. Аялынын жойпуланып турушу, күндөгүдөй зиркилдебей алпейим болуп калышы бекеринен эмес. Баягы жакшы убактарда үйдө жүрчү кызматчы аялдар эсине түштү. Хайрие ханым аларды жер-жеберине жеткире жемелеп турар эле. Анан эле бир күнү кечинде мамилеси өзгөрүп калчу. Өзүнчө эле ак пейил, алпейим болуп. Кызматчы ал кечте өзүн коноктой сезет. Анан чынында эле ошондой болуп чыкчу... Анткени эртеси эрте менен түйүнчөгүн алып, кеткенге аргасыз болуп калчу.
Али Риза бей эми азыр бир нерсе сурайт деп күтүп турду. Кемпир бир аздан кийин көйнөктү тигип атып:
- Али Риза бей, сени менен сүйлөшөр кеп бар эле. Акылым жетпей турат. Азыр Шевкеттин бөлмөсүнөн келатам. Көпкө сүйлөшүп отурдук.
Чал операция үстөлүнө жата турган оорулуу сыяктуу баарына кайыл болуп, демин катып күтүп калды.
Аялы ансайын кыйнагысы келгенсип, бир топко унчукпай турган соң:
- Уулубуз бир келинди сүйүп калыптыр, албасам болбойт дейт,- деди.
Шевкет жаш. Адамдардын бул дүйнөдө сүйүүдөн өткөн маанилүү жана олуттуу нерсеси жок деп турган убагы. Али Риза бей муну абдан жакшы билсе да, аялына ишене албай турду. Анын оюнча, ашыктык телегейи тегиз, иштеген иши бар адамдардын билип туруп ыктыяры менен башына сатып ала турган бир дарт эле. Шевкет сыяктуу иши чачынан көп, оор басырык, акыл-эстүү бала мындай келесоолукка кантип барды?
Али Риза бей бир топко ойлонуп отурган соң, башын жерге салып:
- Болуптур да, үйлөнсө үйлөнсүн, эмне кылалы,- деди. - Акысы бар... Бизди бак деп мажбурламак белек...
Хайрие ханым аны колдоду:
- Ошондой деди, бирок бир нерсеси бар экен, ошол мени ойлондуруп турат. Билбейм, сен эмне дейсиң?
- Дагы эмнеси бар экен? Эмне олку-солку болуп турасың? Айтпайсыңбы?
- Карып калдың, катуу кыжаалат болуп кетесиңби деп коркуп турам.
Али Риза бей калтырай баштады. Аялы бирдемеден коркуп турат. Хайрие ханым жакындан бери аны ар кандай себептер менен кыйноодон рахат ала турган болгон. Демек, ойго келбес жаман нерсе угат окшойт. Чал толкунданганын жашырууга аракет кылып:
- Коркпой эле айта бер,- деди, - мен эми бардыгына көнбөдүмбү.
Аял көйнөктү тигип бүтүп, мангалдын баш жагына, чалынын маңдайына отурду да, атешкүрөк менен күлдү көсөгөнчө кобурай баштады:
- Шевкет банктагы секретарлардын бири менен жүрүптүр... ал күйөөсү бар келин экен... Башында жашырын жолугуп жүрүшүптүр... Акырында иш ачыкка чыгыптыр... келинди күйөөсү үйүнөн кууп жибериптир... Эми уятынан банкка келе албайт экен... Шевкет албаса, сөзсүз өзүмдү өзүм өлтүрөм деп жатыптыр.
Али Риза бей аялы күткөндөй алкынып жулкунбады. Тескерисинче, сүкүт салгандай отурду. Кейигендей күлүмсүрөп:
- Шевкет ошо келинге үйлөнөм дейби?- деди.
- Сен макул болсоң. Эки кишини куткарат элең.
- Шевкет эми эр жетти... Албетте, кандай кааласа, ошондой кылат. Мен өзүм мындай ишке макул боло албайм...
- Эмне деп атасың, Али Риза бей?
- Эркекче бир сөз, кемпир... Уулум ушундай бир иш кылса, аны өлдү деп эсептейм. Бир балам бар эле, аны да Кудай алып кетти деп, таш кучактайм... Тилекке каршы, мындан башка айла жок...
Хайрие ханымга чалынын сыры белгилүү, мындайда эмне айтса да таасир этпей турганын жакшы билет. Ошон үчүн унчукпай отурган жеринде үн-сөзү жок ыйлай баштады. Али Риза бей калыбынан жазбастан:
- Бекер эле ыйлап атасың, кемпир,- деди. - Кайталап айтам: мен андай келинди үйүмө киргизбейм. Шевкет мени укпаса, бул үйдү мен багып атам... сенин мындай дешке акың жок десе, анда иш башка. Эч бириңердин жүзүңөргө карабастан чыгып кетем. Буларды уулума да айтарсың. Сага боорум ооруйт. Бирок эмне кылалы, мындан башка аргам жок.
Хайрие ханым ыйлаган бойдон бөлмөдөн чыгып кетти. Али Риза бей бул түнү уктай албасын билип, төшөккө жаткан жок, одеялды жамынып, түнү бою бош мангалды көсөп, ойлонуп отурду.
-XV-
Үй кайрадан эки жаатка бөлүндү. Фикрет бул үйлөнүүгө таптакыр каршы болду. Бир жолу жеңе болуп келер келин башынан түрдүү окуялар өткөн шектүү аял эле. Анан калса үйдөгү жокчулук менен акчанын жетишсиздиги ого бетер арта тургандыгы бышык. Лейла менен Нежла болсо Шевкет үйлөнсө дегенде ак эткенден так этишет. Кандай болгондо да бул келин менен бирге үйгө бир аз жаңылык менен шаттык кирмек. Атасы сыяктуу артта калган Шевкет келинчегинин түрткүсү менен сөзсүз өзгөрмөк.
Эки жаат ортосунда катуу кармашуулар башталды. Али Риза бей бул маселеде граниттей бекем турду. Анын үстүнө Фикрет да өтө жаалдуу өнөк болуп чыкты.
Ал эми Хайрие ханым чалын жеңүүдөн үмүтүн үзбөй, ачык чабуул жасоо менен бирге бул күрөштө аны акырындап жемиргенге аракет кылды. Акча менен күч аларда болгондуктан, алар бу көжөлгөн чалдын көктүгүн эртедир-кечтир жеңишмек. Бирок бир нерсе бар эле: Шевкет өтө эле көпшөктүк кылып атты. Кап, ал атасына бир аз каршы турар инсан болгондо эмне? Тилекке каршы, эрезеге жеткен эле жигит кыз сыяктуу бекинип алып булкулдап ыйлап, саргарып солугандан башка колунан эч нерсе келбеди. Сыртынан караганда, ата-баланын ортосунда эч нерсе болбогондой. Шевкет атасын мурункудан да катуураак урматтап, кандай болгондо да аны эч качан капа кылбай тургандыгын кебетеси менен да, сөзү менен билдирип жүрдү.
Хайрие ханым кээде уулуна:
- Шевкет, атаңдын тилин албай коюшуңду мен да каалабайм, бирок эч болбосо бир аз кабагыңды салып койсоң боло,- деп насаат айтчу.
- Бул адамды кандай түшүнөрүмдү, кандай сыйлаарымды билбейсиң, апа... Таарынба, көңүлүңө кетпесин... сени да абдан сүйөм. Бирок аны таптакыр башкача, сыйына тургандай сүйөм,- дечү уулу.
Хайрие ханым адегенде чалынын Шевкетти жанындай көрөрүнөн пайдаланып, ошол талуу жеринен кармап, аны ийге келтиргенге аракет кылды. Үйлөнбөсө уулунун өлө турганын же өзүн өзү өлтүрөрүн саймедирей берди. Ансыз деле ачуусу тарап калган чал уулунун өлүп жатканын элестетип алып, бетин жаап өксүп ыйлайт, бирок соңунда баягы эле былк этпеген ишеним менен өлүмдүн бул үйлөнүүдөн миң эсе өйдөлүгүн айтчу.
Шевкеттин көңүлү абдан чөгүп отурган бир кечте чал-кемпирдин ортосунда коркунучтуу окуя болду. Хайрие ханым буркан-шаркан түшүп: «Баланы көз көрүнө өлтүртө албайм!»- деп чаңыра баштады.
- Болуптур, капа болбо… Шевкет каалаганын кылсын. Мага карабагыла. Мени жок деп койгула. Атымы да укпайсыңар…- деди
Кемпири болсо анын жакасына жабышып, ого бетер ажылдады:
- Ушу сөздү кайсы бетиң менен айтып атасың? Ушундай үйдү, ушунча баланы бир байкуш катынга жүктөп коюп качып кетиш уурулуктан өйдө деп турасыңбы?
Ушул окуядан кийин Хайрие ханым мындай катаалдыктан пайда чыкпасын түшүндү. Дагы катуураак урушса, чал өлүп калышы мүмкүн, бирок оюнан кайтпасы бышык. Эми башка амалга өттү.
Чалы бул үйлөнүүнү намыссыздык деп жатпайбы, демек, уулунун бир байкуш келинди карабай таштап кетиши андан өткөн намыссыздык экенин ага далилдеш керек. Хайрие ханым эми ушул жагынан чабуулга өттү:
- Уулуң бир үй-бүлөнүн намысын тебеледи, бир бечара келиндин көчөдө калышына себеп болду. Ал деле адам да! Ал байкуш да сенин Фикретиң, Лейлаң менен Нежлаң сыяктуу тажрыйбасыз бир кыз бала… Алла таала кийин бизге өз балдарыбыздан көргөзүп жүрбөсүн. Бу келиндин абийирин тазалоо уулуңдун мойнундагы карыз болуп калды.
Али Риза бей адегенде бул жөндүү сөзгө кулак салбагандай көрүндү. Бирок бул солк этпеген асканын алды билинбеген менен бошошо баштады.
Бир күнү себепсиз эле кемпирин чакырды да, баарына баш ийген таризде:
- Ханым, мен көпкө ойлондум,- деди. - Уулубуздун бул келинди карабай таштап кетиши туура болбойт. Шевкетке айт, атаң сенин көңүлүң сүйгөн келинди кабыл алууга, ага өз кызыбыздай кучак жаюуга даярбыз деп атат де.
-XVİİ-
Той кечи… Үйдүн баары жаркыраган жарык ичинде… Эшик, терезелер ачылган. Оркестр ойноп жатат. Ал токтой калганда шайыр күлкүлөр, каткырыктар, кыйкырыктар чыгат… Көчөдө болсо көз уялткан жарыкка келген шайтан көпөлөктөрдөй өзүнчө бир кымгуут. Тээ алыстан музыка менен жарыкка агылып келаткан эл. Аялдар, эркектер, балдар. Кээси тойдун тамашасын көчөдөн караса, айрымдары канаты кайрылганча ачылган эшикти көргөн соң тартынбастан бакка кирип кетип жатат. Али Риза бей бапестеп караган гүлзардын четинде отурушат.
Али Риза бей акырын арка жактагы ашкананын эшигинен качып чыгып, беш жүз кадамдай ары жактагы дөбөгө чыкты. Чоң аска ташка көчүк басып, башын чеңгелдеди. Мунусу үйү өрттөнгөнүн алыстан карап турган бечарага окшоп турду. Эми үмүт калган жок. Багларбашындагы эски үй караңгы терезелери, жабыш эшиктери менен тыштагы күн сайын күчөгөн бороонго узак жылдар бою каармандарча туруштук берип келген эле. Бул бейпайда каршылык канча көз жаштарга, жокчулукка турду.
Эми бул той катуу шамал сыяктуу күтүүсүздөн эшиктерди ачып, карыган ата корккон нерселер үйдү басып алып жатты. Ооба, эми үмүт калган жок. Шевкет менен бирге бел туткан адамынан айрылып, бул дүйнөдө жападан жалгыз калды.
Али Риза бей соңку жумаларда оор жүк баскандай бир абалда жүргөн. Эми минтип баары бүткөн бул кечте кенен ойлонуштуруп, көргөндөрүн эстөөгө убакыт болуп турду.
Той болот дегенди уккандан кийин оор басырыктуу Фикреттен бери бардык кыздар кийим деп чыгышты. Кемпиринен жардам күткөнгө болбойт эле, Шевкеттен да пайда жок. Байкуш бала ансыз деле эмне кыларын билбей калды.
Али Риза бейдин айласы кетип, кыздардын ар бирине өзүнчө түшүндүргөнгө аракет кылды: бул той силер ойлогондой таң-тамашалуу, шаан-шөкөттүү той эмес, башка түшкөн бир жаман ишти жөнгө салуу; муну добулбас уруп, сурнай чалып, элге жарыя кылбастан, тескерисинче, колдон келсе ызы-чуусуз өткөргөн ийги.
Мындай болбогон күндө да эмнеге кийим алып, эмне менен той өткөрүшөт? Колдо эч нерсе калган жок. Карыз алышса эле, иштин бүткөнү дей бер, бир нече айдан кийин ач калып, элге шерменде болуп чыгышат.
Чал бир күнү айласы кетип, Айшени чакырды да, он бир жаштагы кызга акчанын эсебин түшүндүрүп, карыз дептерлерди, тил каттарды көрсөтүп, бир нече саат отурду. Бирок кыздар сый-урмат дегенди да коюшту. Эми алардын ар бири кичинекей Хайрие ханым эле. Ачуулары келгенде так эле энесиндей ажылдап киришчү: Ак ниет болом деп жүрдүң. Бизди ойлогон жоксуң. Бизди тилемчи кылдың. Бардыгы балдарынын дегенин эки кылбай жүрсө, агабыздын тоюнда бизди кызматчыдай кылып чыгарып койгонго кантип дитиң барат?
Али Риза бей акылдуу адам эле. Адам баласынын акылына ар нерсе келиши мүмкүн экенин билчү. Бирок ак ниеттүүлүк менен абийирдүүлүктү бир күн балдары чоң уят, кечирилгис күнөө деп эсептеп, аны ушунусу үчүн айыпка жыгышы эч акылына келген эмес экен.
Бул дарт кийим менен эле бүткөн жок. Үйдөгү буюм-тайымдар бүт алмашып жатты. Эски сынык буюмдар, керебеттер, үстөлдөр, отургучтар сатылып, ордуна жаңылары келип, кээ бир бөлмөлөрдүн дубалдары жаңыланды. Булар акча менен болгон нерселер эле. Али Риза бей Шевкеттин бул акчаны эмне кылып, кайдан тапканын ойлонгондон да кокчу. Эмне болсо ошо болсун деп бир нече жолу уулу менен сүйлөшкүсү келди. Бирок эми атасы менен бетме-бет келгенден тартынган Шевкет сабыры суз, айыптуудай болуп: «Билем, ата. Бирок керек да»,- демиш болуп качып кеткен.
Хайрие ханым сандыгында, себетинде эмне болсо баарын ортого төктү, акыркы эки бүдүр бриллиантын да аукциондон саттырды. Бирок буга да үйдөгүлөр ыраазы болбой, күн сайын кечинде айкырык-кыйкырыктар чыгат. Колуна акча тийгенде Али Риза бейди киши катары көрбөгөн Хайрие ханым айласы кеткен учурларда: «Эй, үйдүн эркегисиң го акыры. Мен бир алсыз аялмын... Колумдан эмне келет?... Бир айла тап...»,- деп чалына асылчу.
Иштин эң жаман жагы Али Риза бейге келини Ферхунденин жакпай калганы эле. Чал аны биринчи көргөн күнүн унута албайт. Ал абийири жабылып, жакшы үй-бүлөгө түшкөнү үчүн сүйүнгөнүнөн ыйлаган уялчаак бир жөнөкөй келинди көрөм го деп ойлогон. Бирок тескерисинче, кекирейип менменсинген, жеңил ойлуу, эрке бир макулукту көрдү.
Уулунун бактысы жана үйдүн намысы үчүн бу келинге айтылар сөздөр бар эле. Бирок бир көргөндө эле андай сөздөн айланар аял экенин баамдап, бул оюнан баш тартып, ишти жайына койду.
Оркестр тынымсыз ойноп, эки күн мурун торлорун алып таштаган терезелерден бир топ кишилердин кутургандай секирип жатканы көрүнүп турду.
Али Риза бей Хайрие ханымды ойлоду. Ал азыр үлүңдөгөн чырактын жарыгында жанталашып идиш-аяк жууп, мастарга жеңил тамак жасап жүрсө керек. Али Риза бей башына оор мүшкүл түшкөндө жалгыз калтырган бул аялга көптөн бери таарынып жүргөн. Бирок ага карабастан азыр ага боору ооруп турду. Бул чабал аял беш баласын чоңойткончо нелерди көрбөдү? Эми минтип вазийпасын аткарган кишидей бир бурчка отуруп, жаны жай алаар маалда минтип ашканада жанталашып жүрүшү, күн сайын өзүн азапка салып кыйналышы боор ачый турган иш эле.
Сыягы, бул болуп аткан нерселерге анын да ичи чыккан жок, чыкмак эмес...
Өмүрүн төрт дубалдын ичинде өткөрүп, балдарынан башка киши жүзүн көрбөгөн тыкан үй аялынын дароо өзгөрүп кетиши мүмкүн эмес эле. Бул өзгөрүүнүн себебин, балким, анын балдары дегенде үзүлүп түшкөнүнөн издеш керек эле. Кандай болгондо да ой бакпаган, баёо аял эле. Келечегин ойлогонго кудурети жетпей, болгону сезимдери, балдарым ыйлабаса деп жанталашкан алсыз энелик сезимдери менен аракет кылчу. Балдарым ушуну каалап атпайбы, ушуларды ыраазы кылайын деп көңүлү жипкирген нерселерге да чыдап, канча жыл чогуу жашаган чалын кыйнагандан да кайра тартчу эмес. Ооба, экөө тең, балким, балдарын бирдей сүйүшчү, тилекке каршы, экөөнүн сүйүү таризи башкача эле.
Али Риза бейдин Шевкетке да бир аз таарынычы бар эле, бирок бул кече аны да ичинен кечирип, аны акылынан айныган адамдай аяды. Бүгүн бир нече жолу бет келишти. Кунт коюп карабаганы менен уулунун негедир сабыры суз тартып, айласы кетип турганын көрдү. Сулуу, зирек жүзү күйөөнүн кара кийиминин үстүндө мом сыяктуу бозомтук эле.
Бир маалда Али Риза бейге бурчтан ээндетип: «Ата, мага бир аз кулак саласыңбы?»- деди. Бирок көзүнө жаш толуп туттукту да, жогортон бирөөнүн «Шевкет… Шевкет..» деп чакырганын шылтоо кылып качып кетти.
Балаң кургур эмнени айтайын деди экен? Али Риза бей ушуну билбей турду. Бирок сүйлөшүп калганда экөөбүз эки жерде өзүбүздү эркинирээк сезип, мынчалык эзилбейт элек деген ой келди.
- XVİİ -
Лейла менен Нежла жаңылган эмес экен.
Жеңеси бетке чабар, кашкөй келин болуп чыкты. Той болуп аткан күнү эле алар менен сүйлөшүп отуруп:
- Бул үйдө көрүстөндүн жыты бар экен,- дептир. - Менимче, эшик-терезелерди ачып, бир аз желдетиш керек. Билбейм, балким, көнүп калгандыктан, силерге сезилбейт чыгар.
Кыздар эң сулуу кино жылдызынын ичи тарый тургандай кайгылуу таризде көктү карашты. Бир нерсе сезип турасыңарбы дейби? Сиз алардын ичиндеги дартын сураңыз. Байкуш кыздар абасыз шише ичиндеги куштардай деми кысылып, кыйналып турушат. Бирок колдорунан эмне келет? Аталары артта калган бир чал, апалары болсо бир байкуш аял. Фикрет эжеси болсо өтө эле оор басырыктуу. Жыйырма жаштагы жаш кыз болгону менен эскичилдиги атасынан өтөт. Шевкетке келсек… ал да буга чейин жаңыча жашап, көңүл ачканга куштар сыяктуу көрүнгөн жок.
Буюрса, эми жеңесинин түрткүсү менен ал да бир аз ачылып, өзү теңдүү заманбап жаштарга окшоп калар. Бирок ал бечаранын да алар менен кошо ыйлагандан башка колунан эч нерсе келбейт.
Кайын сиңдилеринин биринчи күнү эле өзүнө толук ишенип, ачылып-чачылып, жаш толгон көздөрү менен өзүнөн жардам сурап турушу Ферхундеге катуу таасир этти. Келин Лейла менен Нежланын чачтарынан сылап:
- Байкуш бейкүнөө наристелер!- деди. - Бу карагаттай көздөрдүн минтип ыйлашына кантип чыдашат? Силер эми эч кам санабагыла. Эми үч киши болдук. Кандай болсо да, дартыбызды түшүндүрөбүз.
Ферхунде үч киши болдук деп жөн гана бечара болуп көрүндү. Чындыгында бүгүнтөн баштап үйдүн өкүмдары өзү болгонун даана билди.
Бул келин ары зирек, ары амалдуу, кашкөй эле. Бир нече күндүн ичинде үйдүн бийлигин колуна алып, үйдү жеке өзү башкара баштады.
Мурун эле үй ичинде көлөкө сыяктуу жүргөн Али Риза бей эми таптакыр көрүнбөс болду. Эрте менен эртелеп көчөгө чыгат да, өзүнчө жер кезип же чайканада отуруп күн өткөрчү болду.
Фикрет атасынан алыстап калды. Жаш кыз жеңеси, сиңдилери менен сүйлөшпөй, керээли кечке жапайы жаныбардай бөлмөсүндө тыгылып отурчу. Анын оюнча, бул иштердин баары Али Риза бейдин айынан. Ал өзүнүн аталык милдетин таштап койбогондо, үйүн эркектей болуп башкарганда, ушундай болот беле?
Жаш кыз оюндагысын Али Риза бейге айткандан да тартынчу эмес. Кээде экөө жалгыз калганда атасын жечү: «Мага эч нерсе эмес. Мен кандай болгондо да турмуштан жолу болбогон бир кызмын. Ушул Айшеге боорум ооруйт… Байкуш наристе кыз, булардын арасында сөзсүз абийирсиз болот».
Али Риза бейдин оюнча, Фикреттин сөзүндө чындык бар эле. Бул иштерге өзү да бир аз себеп болду. Эки айыбы бар эле: Жумшактыгы го башынан бар эле. Эми акчасыз да болгон соң бул кечиримсиз бир күнөөгө айланды.
«Алтын жалбырак аноним» фирмасынан кеткенде, кемпиринин айткан сөзү туура экенин чал эми аңдады:
- Фирмадан кетип, туура кылдым деп турасыңбы? Башкалардын абийирсиздигинен сага эмне болмок эле? Көп болсо өзүң уят болот элең да, а балдар бул коркунучтан кутулмак.
Али Риза бей бир күнү кечинде аялына жалдырап атып кийимин үтүктөттү. Баягы маалындай абдан тыкан кийинди. Аялы мунун себебин билмек болду эле, ал:
- Эч нерсе. Бир эски теңтушума барам,- деп бүдөмүк жооп берди.
Максаты «Алтын жалбырак аноним» фирмасынын мүдүрү Музаффер менен учурашымыш болуп бир көрүнүү эле. Мурунку окуучусу ага иш берип калса ажеп эмес.
Чындыгында Музаффер менен экинчи жүз көрүшпөйм деген анты бар эле. Бирок бул мурунку мезгилге, мурунку Али Риза бейге таандык чечим эле.
Өз уулунун айып ишине көз жумбадыбы, эми мындан ары бирөөгө сын айтып, ак ниет болуш керек деп кыйкыргандын өзү күлкүлүү болмок.
Али Риза бей адегенде кеңсеге кирип, мурунку кесиптештеринин бир тобу өзгөргөнүн байкады. Калгандары да аны араң таанышты. Чал коридорлордо мүмкүн болушунча кезип, дубалдагы кулактандыруулардын баарын койбой окуп чыккан соң мүдүрдүн кабинетин карай басты. Эмнегедир бир күнөө кылып жаткандай колдору титиреп, эшикти кагып, ичкери кире албай турду.
Балким, күч топтош үчүн коридордо дагы бир аз жүрүп, кулактандырууларды дагы бир сыйра окуйт беле, ким билет. Бирок капыстан эшик ачылып, колуна кампайган бир портфель кармаган Музаффер бей чыгып калды.
- Ой, агай… Сизсизби? Кандай жүрөсүз? Жакшысызбы?
Жигит анын минтип айыптуу кишидей болуп эшигинин алдында турганына таң калган жок окшойт. Али Риза бейдин жүрөгү ордуна келе түштү:
- Кудайга шүгүр, эфендим,- деди, - сизди көргүм келди… Бүгүн бул жакка бир иштер менен келдим эле…
Музаффер бей Али Риза бейдин сөзүн оозунан жулуп алды:
- Учурашпай кете алган эмес турбайсызбы? Ыракмат… Кантип атасыз? Көп деле өзгөрбөпсүз. Уулуңуз кандай? Кыздар жакшыбы? Чоңоюп калышкандыр?
Музаффер бей айта турган нерселерди болушунча тез айткысы келгендей үстөккө-босток суроо берип, анын ортосунда портфелиндеги кагаздарды карап жатты. Анын баш кийимин алып күтүп турган кызматкер балага:
- Уулум, үстөлдүн үстүндө мөөрү бар конверт турат, алып келе калчы,- деди. Анан Али Риза бейдин колун кысып:
- Агай кечирип коюңуз! Шашылыш бир иш менен бараттым эле,- деди. - Бул жакка келип калсаңыз, учурашарбыз… Жакшы калыңыз.
Чалды коридордо жалгыз калтырып, шашыла басып тепкич менен ылдый түшүп кетти.
Ошентип, бул соңку үмүт да таш капты.
- XVİİİ -
Лейла менен Нежла муратына жетишти. Канча жыл эңсеген заманбап жашоого акыры туш келишти.
Али Риза бейдин Багларбашындагы өзү сыяктуу эски, чалдыбары чыккан үйү жокчулуктун кээрин чыгаргысы келгендей акылга сыйбас таң-тамаша менен көңүл ачып жатты.
Аптада эки жолу кечкисин досторду чайга чакырып, бийлешет, болбоду дегенде эки жолу башкалардыкына барышат. Төмөнкү далис менен таш короонун ортосундагы шкафты алып салышып, дубалдын тешиктерин жалтылдаган сары кагаз чаптап жашырышты. Конок келер күнү короодогу чоң кумура, далистеги тамак үстөлү жана башка майда-чүйдө буюмдар ашканага кетет да, жогортон килемдер, отургучтар, кооз жаздыктар келип, бул жер эптеп салонго окшошот.
Мындай кымгуутта кечки тамак жасап, аны ичкенге убакыт калчу эмес. Баары коноктор үчүн жасалган дасторкондон бир-эки печенье, бутерброд алышат да, шам-шум эткен болушат. Бир аздан кийин чакырылган коноктор келе башташат да, Хайрие ханым этек-жеңин түрүнүп, ашканадагы буфетчилик кызматына киришет. Али Риза бей болсо төмөн жактагы ызы-чуудан качып, бир китеп, бир шам алып, жогорку кабатка чыгып кетет.
Граммофон түнү менен ойнойт, жин тийгендей күлкү-каткырык, кыйкырык-сүрөөн ичинде тынымсыз бийлешет, пайдубалынан бери солкулдаган эски үйдүн чалдыбары чыккан шыптарынан чаң куюлат…
Көп жолу отурган жеринде, өчкөн шамдын жанында уктап калган Али Риза бей таң атып калганда көзүн ачып, үйдө баягы эле ызы-чуу өкүм сүрүп турганын көрчү.
Үй-бүлөнүн конокко барган күндөрүндө болсо түгөнбөгөн даярдыктардан улам жана да кечки тамакка убакыт калчу эмес. Кыздары жеңекеси менен сааттар бою сөгүп, кайра тигип, бузулган кийимдердин кесиндилеринен жасалга даярдап, дене-бойлорунун көрүнө турган жерлерин атыр менен сүрүп, күзгү маңдайында ырчы кыздардай боёнуп отурушчу.
Үйдөгү улуу-кичүүнүн баарына тийген кежирлик менен ачуусу чукулдук Али Риза бейге да жуккан сыяктуу эле.
Чал кээде ачууланып, мындай шерменделикке чыдай албасын айтып бакыра баштачу. Мындай убакта Хайрие ханым кайдан болсо да чуркап келер эле:
- Али Риза бей, акылыңдан айныдыңбы? Эмне кылалы, эми ушундай болуп калбадыбы... Кыздарга күйөө табыш керек... Үйгө камалган кызды бу заманда эч ким издеп келбейт... Мунун баарын ошолордун бактысы ачылып калабы деп кылып атпайбызбы... Балдарыңа эмне кылып койдуң эле? Жайына кой байкуштарды, жок дегенде өз камын өздөрү көрүшсүн...
Сыягы, Шевкеттин да ою ушундай:
- Ата, жашоо өзгөрдү,- дечү ал. - Кам санабай эле кой, бул той-тамашада сен ойлогондой корко турган нерсе деле жок... Азыр бүтүн дүйнө ушундай. Эмне кылалы. Кылымдын шартына ылайыкташууга мажбурбуз. Башка бир замандын кишиси болгондуктан, булардын канчалык табигый жана зарыл экенин билбейсиң.
Али Риза бей адегенде таң калып, уулум башка балдарымдай эле өзгөрүп, бузулган турбайбы деген ойго келди. Бирок кийинчерээк Шевкет баягы эле Шевкет бойдон калганын билди.
Анын ой-сезиминде эч нерсе өзгөрбөптүр. Болуп аткандарга ал да ыраазы эмес. Ал да бул жашоо таризин, үйгө келип-кеткен инсандарды жактырбайт, бирок тилекке каршы, болор иш болгон соң бир жагы аялынан жазганып, бир жагы башка себептерден улам бул коркунучтуу агымга алдырып койду. А жанагы айткандары болсо анчейин алсыз коргонуу, актануу гана болчу.
Уулунун сүйлөп атканда айыптуудай болуп турганынан эле көрүнүп турбайбы. Ооба, Шевкет баягы эле Шевкет экен. Бул болуп аткандарды азыр да, кийин да эч качан табигый жана зарыл нерсе деп ойлобойт. Бирок эмне кылмак эле, жебе жаадан чыгып кетти да.
Али Риза бей муну түшүнгөндөн кийин уулуна ого бетер боору ачый турган болду.
Баланын күндөн күнгө арыктап, чүнчүп баратканы байкалып турчу. Ушул түпкө жетер түнкү той-тамашалардан кийин көп жолу жатып эс албастан, портфелин көтөргөн бойдон көчөгө чыгып кетип жүрдү. Кайда, эмне кылып жүргөнү белгисиз, каш карарганда эси ооп үйгө келет. Бирок анын төшөк тартып жатып калчудай оору экенин сезген киши жок, аялы менен жай отуруп кечки тамагын ичкенге да койбой кайра эле баягы түнкү той-тамашага алып кетишет. Бийлик дагы эле Хайрие ханымда эле. Бирок анын да колунан эч нерсе келбей калды. Үйдө акча суудай кетип атты. Ал кайдан келип жатат болду экен? Шевкет өлүп-талып иштесе да ушунча чыгымга жетерлик акча таба алабы? Болбосо байкуш бала карызга батып баратат болду бекен?
- XİX -
Тойдон кийин бир канча ай өттү. Адегенде эсеп-кысапсыз кеткен акчанын булагы соолуй баштады. Мунун артынан баягы уруш-жаңжал мезгили келди.
Шевкеттин абдан кыйналып жүргөнү байкала баштады. Кээде эрте менен апасына акча калтырбай кетет, кээде эшикке карызын доолап келгендерге өзүн жок дедиртчү болду. Үйдөгүлөр кайра тытыша баштады. Бир күнү Ферхунде айкырат, бир күнү Лейла менен Нежла өлө турган болот, бир күнү Айше ыйлап калат.
Чалынан башканын баарына өзгөчө жумшак, таттуу мамиле кылган Хайрие ханым болсо бул чыр-чатактын ортосунда ары-бери жүгүрүп, аларды жараштырганга аракет кылчу.
Жокчулук эми абдан кысып кирди. Кээде үйдө от жагылбай, казан асылбай кала турган болду. Шкафында катып койгон кыямдары, балык консервалары болчу Ферхундеден башкасы колуна тийген зайтун, быштак, бастырма менен бир бурчта кардын тойгузуп, суук күндөрдө шейшепсиз жууркандарга оронуп отурушчу.
Андай деген менен той-тамаша күндөрү келгенде кайра бардыгы өзгөрчү. Үйдөгүлөрдүн баары дароо жарашып, күлүп-жайнашып, биргелешип иш кыла башташат. Бирөө тамак үстөлүн алып келип, залды даярдайт, бирөө кийим тигип, байпак жамайт, дагы бирөө кийим үтүктөйт. Айше болсо түстүү батперек кагаздарынан кооз жасалгаларды кесет.
Хайрие ханымга келсек, ал кайра эле этек-жеңин түрүнүп ашканага барат да, эскирген токочторду жара тилип, быштак, маргарин майы менен толтурат. Ал бул иште казино буфетчиси сыяктуу адис болуп чыкты. Бир кашык кара икраны зайтун жана сардинанын ич эти менен аралаштырып, шилекей куюлткан икраларды даярдайт, рюмкалардын түбүндө калган ичимдиктерди ачыган жемиш менен кайнатып жиберип, ликёр жасап иет.
Бир күн мурун чачташып аткан немелер эми каткырышып, бири биринин тырмактарын боёп, каштарын искектеп, кийимдерин тигип калышат.
Али Риза бейдин түшүнө албаган нерселеринин бири да бу итке минген кедейликте жашап, бири бирин тытып жеген бу адамдардын той-тамаша маалы келгенде дароо баарын унутуп, эч нерсе болбогондой күлүп-жайнап, көңүл ача баштаганы эле.
Демек, балдары ой-санаа дегенди билбеген, намыссыз, цыган сыяктуу немелер болуп калган экен.
Али Риза бей бир нерсе айтайын десе эле жооп даяр:
- Керек…
Хайрие ханым ушул шылтоо менен Али Риза бейди конокторго да кошо турган болду:
- Суусардай болуп үстүнкү кабатта бекинип жүргөндөн көрө кишилерге аралаш. Үйгө келип-кеткендердин арасында Лейла менен Нежлага үйлөнгүсү келгендер бар. Атасы эмессиңби? Акыркы сөздү айта турган сенсиң. Бу кишилер менен сүйлөш, баш терисин байкап көр. Аталык милдеттериңдин эч бирин аткарбадың, жок дегенде ушуну кыл…
Али Риза бей да муну макул көрдү. Таарынып бир бурчта отура турган заман эмес эле. Лейла менен Нежла кандай болгондо да кызы да. Үйгө келип-кеткендердин арасында аларга үйлөнгүсү келгендер бар деп атпайбы. Алардын арасынан эки жакшы жигит табыш керек. Ансыз деле кыздары көз көрүнө колдон чыгып бараткан учурда мындан башка чара да жок болчу.
Эми конок чакырган күндөрү ал да сахнага чыга турган актёрдой бир бурчта даярдана турган болду: бут кийимин тазалайт, шымынын багалегинен самсаалаган жиптерди кайчы менен кесет, көйнөгүнүн жыртыктарын галстугу менен кымырып жашырат, чачын, сакалын тарайт.
Али Риза бей мурунку жыйналышка киргендегидей олуттуу тариз менен ичкери киргенде кыздары жасалгалуу, мончоктуу көйнөгүнөн чыккан жылаңач колдорун канат сыяктуу каккылап эркелей чуркап келишип:
- Атакем… Менин сулуу атакем, - деп мойнуна ороло калышып, креслого отургузушат, ой-боюна койбой оозуна печеньелерди, сендвичтерди тыгышат.
Бул бир жийиркене турган жасалмалык эле: Али Риза бей кыздарын бир аз мурун кулисте кагып-силккен кары актёрду көшөгө ачылган соң ойногон ролуна ылайык өөп-жыттай баштаган театр кыздарына окшоштурат да, аларга да, өзүнө да иренжип, кускусу келет. Бирок эмне кылсын, көп нерселер сыяктуу эле буга да чыдоого мажбур. Ушинтип бактылуу үй-бүлө комедиясын ойноо менен, балким, кыздарына күйөө таап калышар. Бирок үйүнө кирип чыгып жүргөн бир үйүр эркектердин арасында киши сыяктуусу жок эле. Жыйырма, жыйырма эки жаштардагы тарбиясыз, түркөй, наадан маале балдары… Бирөө кумардан, бирөө кыз-келиндерден, бирөө биржа менен соода айла-амалдарынан, бирөө болсо колуна тийген же тие турган чоң мурастардан шилекей чуурутуп кеп кылган түрдүү шылуундар… Үксөйгөн, саксайган, үшүгөн-шишиген, ичип кеткен, нашаа чеккен жүздөр… Үй-бүлөлөргө аралашып, баёо кыздардын башын айландырган картаң түлкүлөр…
Али Риза бей эч нерсе билбегендей бир бурчка тыгылып, бул адамдардын ички дүйнөсүн баамдап, кыздары алар менен ээн-эркин сүйлөшүп, тамашалашканда уялганынан жерге кирип кете жаздайт.
Шевкеттин бул жыйындардагы абалы башкалардан өзгөчө эле. Байкуш баланын бүтпөгөн азап-тозокто калганы белгилүү эле. Бирок эмне кылсын, бир баткан саздан баары бир чыга алмак эмес. Шевкет Али Риза бейдин конокторго чыгарылганына чыдай алчу эмес. Кээде тиктеше түшкөндө: «Сени ушул абалга мен алып келдим, кечир мени!» дегендей жер карап кетчү.
Ал бир күнү атасын бир шылтоо менен эшикке алып чыгып, таш короодо кулагына: «Атаке, мага боор оорусаң, булар менен отурба!»- деди да, жооп күтпөстөн качты.
-XX-
Үйдүн үстүнкү кабатындагы бир бөлмөдө өзүнчө жашап, кээде гана урушуу үчүн тышка чыкчу Фикрет бир кече атасын бөлмөсүнө чакырды.
Түз эле:
- Мен турмушка чыккан атам, ата,- деди.
Али Риза бей эмне дээрин билбей калды. Бирок өтө шашып кетпей:
- Ошондойбу, кызым? Кудай бактыңан айтсын,- деди.
- Сага кеңешпей туруп ушундай кылганым үчүн, балким, мага жиниң келет болуш керек…
- Эмнеге жиним келмек эле, кызым? Ага акым деле жок…- деди.
Фикрет кабагын түйдү:
- Таарынганың туура эмес, ата…
- Таарынган жерим жок… чынын айтып атам… Мен бир бечара болдум бул күндө. Бардык укуктарымдай эле аталык укугумдан да кол жуудум… Сени да бактылуу кыла алган жокмун... Каалаганыңды кылганга акың бар, кызым…
Фикрет адегенде абдаарый түшүп, атасына боору ачыгандай болду. Бирок кайра кабагы түйүлүп, туталана:
- Ачык сүйлөшөлү, ата,- деди. Билесиң, мен акылсыз кыздардан эмесмин. Апам сыяктуу, сиңдилерим сыяктуу кедей болдук, акчасыз калдык деп сага таарынуу оюма да келган жок. Бирок буга карабастан аларга жумшактык кылганыңды кечирбейм жана кечире да албайм. Шевкет жаман бала эмес. Бирок эмне кылалы, тизгинин тиги абийирсиз катынга алдырып койду. Лейла менен Нежла эмне кылганын билбеген эки келесоо… Апам кой сыяктуу жетелеме бир байкуш. Канча чырылдадым: Ата, көзүңдү ач. Булар үйдү бир балакетке туш кылат деп. Болбодуң, чоочун кишидей бир бурчка тыгылып, таарынып, кабак түйүп тим болдуң… Сен эркектей болсоң, бул иштер болбойт эле. Балким, капа болорсуң, бирок көз алдыңда болгон нерселерди жашыруунун кажети жок… Мунун аягы жакшы болбойт. Түптүз бир туңгуюкка кирип баратабыз… Карасам, эч кимден жардам болгудай эмес… Мен жок дегенде өзүмү куткарайын дедим. Ошондуктан эмнеге бул кыз бир сурабастан мындай иш кылды деп мага ачууң келсе, акылсыздык болор…
Али Риза бей бир сандыктын четине көчүк басып, чачынын бир талы калбай агарган башын чеңгелдеди:
- Туура айтасың, Фикрет,- деди, - булардын баарына мен себеп болдум, кызым…
Атасы менен кызы мандай-тескей ойго чөгүп отурушту. Анан Али Риза бей сурамжылай баштады:
- Жок дегенде турмушка чыга турганың жакшы адамбы, Фикрет?
- Тахсин бей деген элүүлөрдөгү киши…
- Сен үчүн улуу эмеспи?
- Мен сыяктууга улуу деле эмес…
- Эмне иш кылат экен?
- Адапазарында багы, бакчасы бар, колунда бар киши дейт…
- Сени ошол жакка алып кетеби?
- Ошон үчүн каалап атпаймбы…
- Ушуга чейин үйлөнбөй жүрүптүрбү?
- Аялы былтыр өлүптүр… Үч баласы бар имиш…
- Кандай адам дешет?
- Жаман эмес дешет. Мен өзүмдөн улам сүрөтүн деле көргүм келген жок.
- Жакпай калсачы?
- Мени бул тозоктон куткарса болду, ким экенине карабайм.
- Ортого киши салдыбы?
Фикрет кыжыры келип каткырды:
- Албетте, алыстан кабарыбызды угуп: Кокуй, ушул издесе табылгыс Индустан кездемесин мага сурап көргүлө деп жуучу жиберген жок. Ал киши коңшубуз Неййир ханымдын тууганы экен… Өткөндө Стамбулга келиптир… Аялым өлгөндөн кийин үй үй болбой калды… Балдарыма эне болор бир кыз тапсам үйлөнөт элем дептир. Ойлонбостон: Мени алсын! - дедим. Кат жазышкан экен, кечээ жооп келиптир… Эки жуманын ичинде Адапазарына кетем.
Фикрет кайгылуу бир таризде ушуларды айтып атканда, Али Риза бей бала кезинен берки кыялдарын ойлоп отурду. Өзүн кармай албай:
- Ай, байкуш кызым,- деп жиберди.
Жаш кыз башын дароо көтөрүп, көздөрүнөн жаалы чачырап:
- Ата, сен боорукерлигиңди калган балдарыңа сакта, көрөлү, акыбети эмне болор экен?- деди.
Айткандай эле эки жумадан кийин Фикрет Адапазарына кетти. Хайрие ханым үйдү дагы бир ирет үч көтөрүп, кызына бир-эки буюм табышка аракет кылды. Бирок жаш кыз алардан баш тартты. Үйдөгүлөрдүн Адапазарына чейин узатып барышын да каалаган жок…
- Мен бул үйдөн бир кызматчы сыяктуу чыгып баратам… Шаан-шөкөттүн кереги жок,- деди.
Үйдөн чыгып баратып бир туугандары менен коштошподу; буркурап мойнунан кучактагысы келген апасын да жини менен түртүп жиберди…
Поезд жылганда гана тилсиз, үмүтсүз турган атасынын көзүндөгү муңунан улам бир аз жибий түшкөндөй болду. Вагондун терезесинен эңкейип:
- Капа болбо, ата,- деди, - өтө кыйналсаң, мага келерсиң; сени баламдай багып алам.
Колдогу куштардын бири ушинтип кетти.
- XXİ -
Али Риза бейдин эми бир үмүтү калды: убакытты өткөрбөй туруп Лейла менен Нежлага жакшы жер таап, кутулуш керек эле.
Кыздарга күйөө табуу шылтоосу бүткөн соң, балким, шермендечиликтер да аяктамак. Чындыгында балакеттин баары келини Ферхундеде экенин билчү, бирок ал шериктеринен айрылып жалгыз калган соң, иш жеңилдеп калмак.
Чал Шевкетке айта турган сөзүн эмитен эле даярдап жүрөт:
- Уулум… Мен сени мурункудай эле жакшы көрөм… Бирок эми таштандыга ыргытылган бир чал болсом да, бир үй-бүлөнүн башы болуп эсептелем. Вазийпаларым али бүткөн жок. Бул жагдайды өзгөртпөсөк болбойт. Сен баары бир мыкты, аракетчил эркексиң; бир аз аракет кылсаң, муну келинчегиңе түшүндүрө аларыңа ишенем. Эгер ага батына албасаң же кандайдыр бир себептерден улам бул колуңдан келбесе, үйлөрүбүздү бөлөлү. Сенден башка нерсе сурабайм. Апаң менен Айшени кичинекей пенсиям менен эптеп багып алармын.
Али Риза бей муну айткандан кийин той-тамашаны бүтүрүп, эшигин кайрадан жабат. Кемпири каршы чыгар болсо, аны курмандыкка чалмакчы болду. Хайрие ханым сөзүн укпай турган болсо, балдарынын бири менен жашаса болот.
Али Риза бей жашоосундагы балакеттен улам жоготкон нерселеринин ордуна кымбат касиеттерге: тартынбастык менен өжөрлүккө ээ болду. Ал эми баягы кылды кырк жарып көп күн ойлонмоюнча эч нерсе кылбаган тартынчаак, мокок Бабиали эфендиси эмес эле.
Көчөдө бир нече тыйын үчүн сатуучулар менен кекиртектешкенге кандай көнсө, үйдөгү бала-чакасы менен урушканга да ошондой көндү.
Мурун жанына батмайынча, өзүнүн туура экенине ишенмейинче кыйкырчу эмес. Эми болсо кээде эч кандай себепсиз эле болбогон нерселерге киришип, жаш балачасынан көгөрүп, көрүнгөн менен уруша берчү болду.
Мында күндөн күнгө начарлап бараткан ден соолугунун да, балким, чоң таасири бар эле. Ооба, башынан өткөн окуялардан улам Али Риза бей таптакыр башка адамга айланды. Убакты-сааты келгенде акысы менен оюн коргоодо мурункудай чабалдык кылбай тургандыгын өзү да жакшы билчү. Ошол күндөргө Кудай жеткирсинчи...
Бир гана үйгө кирип-чыгып, кыздарынын жанында жүргөн эркектердин арасынан адал сүт эмген эки күйөө бала табыш оңой иш эмес окшоп калды.
Али Риза бей эми чакырышпаса деле конокторго кирип, таламандын тал түшүндө чырак менен киши издеген Диоген сыяктуу адеп-ахлагына ишене ала турган ошол эки куткаруучуну караштырып жүрдү. Келип-кеткендердин арасынан сүйлөгөн сөзү орундуу көрүнгөн бир нече эркекти көпкө байкаштырды. Алар менен шылтоо таап сүйлөшүп көрдү. Жашоолорун да тымызын сураштырды. Бирок акырында эч бирине ичи чыкпады.
Бул адамдардын ичи менен тышы канчалык айырмаланарын түшүнүү анчалык деле кыйын эмес болчу. Колуңдун учу тийсе болду, бетиндеги жалтырагы күбүлүп түшөт да, алдындагы былыткынын сасыган жаралары көрүнүп калат. Туурасын айтканда, кыздары эмне, булардан жогорубу? Кыздары үйдө апасынын жыртык чапаны, өзүнүн чүпөрөк болгондон башкага жарабай калган эски пальтолору жана чапандары менен жүрүшөт, кирден түсү тозгон көйнөктөрүнүн сөгүлгөн, жыртылган жерлерин тигип алгандан эринип, төөнөгүч менен тепчип, кездеменин кыйкымдары менен бууп алышат. Бирок той-тамаша болор күнү эле кооз көйнөктөрүн кийип, курттан көпөлөккө айлангандай таптакыр башка кыздар болуп чыга келишет.
Ошол кечелерде булбулдай сайрап, айланасына чоюлуп сылык-сыпаа сүйлөгөн ооздордун бир нече саат мурун оозго алгыс сөздөрдү айтып урушканына ишениш үчүн да кырк күбө керек эле.
Али Риза бей бул топтошкон түрдүү адамдардын арасынан издегенин таба албай үмүтү үзүлгөн соң, алардын кез келген бирине да ыраазы боло турган болду.
- Кыздар бул жүрүшү менен же бир катынпоздун тузагына илинет же жаманатты болот,- дечү ал. - Андай болгондо, буларды күйөөгө берүү мүмкүн эмес. Кыздарым сураса бергис болбогондон кийин өтө эле тырыша бергенге акым жок. Алардан өтө жакшы касиеттерди издегенди коюп, бир үйдү бага ала тургандай бирөө табылса, олку-солку болбош керек...
Али Риза бей бир күнү Лейлага үйлөнгөнгө ниети бар дешкен бир комиссионер менен сүйлөштү. Тахсин бей деген бул киши кырк жаштарда бар эле. Мурун эки жолу үйлөнүп, экөөндө тең бактылуу боло албаптыр. Бирок өзү абдан жакшы адам экен. Жубайларын ыраазы кылыш үчүн эмнелерди гана кылбаптыр. Бирок ал жакшылыкты билбеген аялдар аны шылдың кылып, намысын тебелегенден кийин кетип калышыптыр.
Тахсин бей комиссионердик ишинен көп акча табат имиш. Анан да аймактын саналуу байларынын катарына кошо турган кээ бир иштери да бар дейт.
Али Риза бей бул сөздөргө ишенген жок. Бул мыктылык, өзүн курмандыкка чалуу жана байлык тууралуу икаялардын ичинде эмне жатканын ким билсин. Бирок уккандарынын жүздөн тогуз-онунун чын болбошуна да бир себеп жок эле.
Бу Тахсин бей өтө абийирсиз, алдамчы болбосо, аялын бага ала тургандай акча тапса, жакшы күйөө бала болот эле. Ушундан улам чал анын сөзүн аягына чейин тыңдап, баарына ишенгендей түр көрсөттү. Бирок эртеси күнү эрте менен Хайрие ханым, дасторконду жыйнаарда бир кагаз таап алды. Бул Тахсин бейге жазылган бир тикмечинин каты экен, анда ал бир жыл мурун тиктирген эки жуп кийимдин акчасын бул ай да бербесе, сотко берерин жазыптыр.
Ушундай эле бирөө Нежлага да табылып, Али Риза бей аны менен тогуз-он күндөй алек болду. Бул жыйырма сегиз жаштардагы оор басырыктуу, ак сөөк чалыш бала эле. Почтодо катчы болчу. Айлыгы аз эле, бирок Европада өлгөн бир абасынан мурас алганын айтып, акчаны көп сарптачу.
Иш олуттуу жагына айланган соң Шевкет сураштырып көрүп, ал баланын колундагы акча Европада өлгөн абасынан эмес эле, Хисарда жашаган алтымыштардагы бай ойнош аялынан келерин тез эле билип келди.
- XXİİ -
Лейла менен Нежланы кандай да болсо эптеп күйөөгө берүү Али Риза бейдин оюнан кетпей койду. Мурун кыздарынын чоочун эркектердин кучагында бийлеп, алар менен бетме-бет сүйлөшүп, күлүп, ээн жерлерде кол кармашып жүргөнүн көргөндө, уялганынан жерге кирип кете жаздачу. Эми болсо андай деле уялбайт, кыздарым, балким, ушинтип жүрүп бир күйөө таап алар деп үмүттөнүп, бардыгына көз жумат.
Нежла менен Лейланын тегерегинде кээде жаңы кишилер пайда болуп калчу. Алардын айрымдары тарбиялуу, жакшы кийинген адамдар болчу. Али Риза бей аларды көргөн сайын үмүттөнүп, кечке маал кыздарына колтуктатып кетип, аларды түн бир маалда Үскүдардан машина менен алып келгенине эптеп чыдачу. Бирок ал адамдар шектүү көлөкөлөр сыяктуу кыздарды бир аз ээрчип жүргөн соң четтей башташат да, океандын ортосунда алааматка учураган бир бечарага узактан көрүнүп, аны үмүттөндүрүп, бакыртып ыйлаткандан кийин горизонтто эрип кеткен түтүн сымал жок болуп кетишчү...
Али Риза бей алгач чоң кызматтагы адам чогулушка киргендей олуттуу таризде киргенде, элдин баары тымтырс болуп калчу. Ал барда аялдар да анча шоктоно алышчу эмес. Бирок эми баары менен тааныш болуп калган соң эч ким андан тартынбай турган болду. Мурун аны бейэфенди деп урматтагандар эми анын жанында уят икаяларды тартынбай айтчу болушту. Кээси уятсыз аялдар сиз менен бир бийлейин деп асылып, байкуш чалды капа кылганга чейин барышчу.
Али Риза бей күндөн күнгө чөгүп бараткан тулку бою, кебетеси келишкен турпаты менен жыла басып, күйөө бала издеп жүргөндө эмнелерди көрчү? Сыртынан караганда кутургандай көңүл ачышып, ызы-чуу, кыямат-кайым өкүм сүрөт. Бир жакта үйдүн тактайы түшүп кетчүдөй бийлешсе, бир жакта салон оюндары ойнолот: аттуу-баштуу эле адамдар отургучтун үстүнө чыгып, короздой канат кагып кыйкырат же жерде төрт аяктап баратып кош аяктап тебишет, кол чабуулардын, каткырыктардын коштоосу менен эшекти туурап айкырышат. Бирок Али Риза бей көңүл ачып, шоктонгондон башканы каалабагандай көрүнгөн бул адамдардын ортосунда түрдүү интригалар менен трагедиялар бар экенин да көрдү. Тымызын же тескерисинче эч кимден уялбай ачык сүйүшкөндөр, бирин бири алдагандар, бири бирине ичи күйгөндөр, бири биринен кутулууга аракет кылгандар... Бир кечте бир аялдын өзүнчө туруп эле эси ооп калат, экинчи бир кечте болсо эки мас таза аба жуталы демиш болуп бакка чыгып, бири биринин башын жарып аткан болот.
Али Риза бей кээде булганыч идиш-аяктарга толгон ашканада түн жарымга чейин тынбай иштеген аялынан качып, жогору чыкчу.
Кенже кызы Айше суй жыгылып, ал жердеги тешилген саман жаздыктын үстүндө бүрүшүп жатчу.
Али Риза бей бутунун учу менен басып келип, эңкейет да, кызынын бүрүшүп уктагандан улам кичинерип кеткен дене-боюн, кылдай мойнун, бозоргон жүзүн узакка тиктеп: «Ах, эч болбосо ушунумду куткарып калсам»,- деп ойлочу.
Бир түнү аны карап туруп, кармана албай ыйлап жиберип, көзүнөн тамган жашы менен кызын ойготуп алды.
- XXİİİ -
Бир күнү кечинде Хайрие ханым кофе батынысын алып, Али Риза бейдин бөлмөсүнө дагы келип калды:
- Шевкет Стамбулдан жаңы кофе алып келиптир... Чөйчөктү Али Риза бейдин алдына койгон соң, бөлмөнү текшере баштады:
- Шейшебиң кирден кайыш болуп калыптыр, Али Риза бей. Эртең йод алып келип аркаңа шыбайлы... Бир жууркан менен үшүп атасыңбы? Чоң чапанымды берейин, жамынып ал...
Хайрие ханымдын жүзү периштедей нурданып турду. Чалына өз колу менен кофе даярдап, шейшебинин кирден кайыш болгонун байкап, жөтөлгөнүнөн улам аркаңа йод сыйпай коёюн деп, калың чапанымды берейин, үстүңө жамынып ал деп турат. Булар адаттан тыш камкордук, мээрмандык эле. Бирок жакшылыкты билбеген Али Риза бей капкачан унутулган эски убактарда болчу бул сыйга ыракмат айткандын ордуна тескерисинче, жүзүн үйрүп, өзүн сылаган колдон шектенген жаныбар сыяктуу кемпирин чочулап, опкоолжуп карады.
Кемпир бөлмөнү текшерип, чалы жаны жай алып эс алып, жакшы турушу үчүн зарыл чечимдерди чыгарган соң, жанына көчүк басты:
- Али Риза бей, сени менен бир аз дартташайын дедим. Ал-абалыбыз эмне болот? Кыш келатат... Үйдө же отун, же көмүр жок... Балдардын киер кийими калбады... Азыртан эле үшүй башташты... Эмне кылабыз?
Кемпиринин колундагы кофени көргөндө эле сөздүн каякка барарын аңдаган Али Риза бей жооп бербей, ойго чөмүлүп отурду. Хайрие ханым бир аз күтүп туруп кайра сурады:
- Бир нерсе десең болбойбу, Али Риза бей?
Чал ийнин куушуруп, колун жайды:
- Айта турган сөз жок...
Кемпир бир аз силкинди:
- Кандайча айта турган сөз жок?.. Үйдүн эркеги сен эмессиңби?
- Кыйналганда, албетте, менмин, бирок колго тыйын тийгенде, менден башкаңар баарыңар үйдүн ээси болуп чыга келесиңер. Башыңарга иш түшкөндө гана мени эстейсинер.
Кемпир бул сөздөргө жини келип, уруша кетсе, Али Риза бейдин тилеги оңунан чыкмак. Анткени Хайрие ханым ажаалданса, кыйкырып-өкүрүп кетип калат да, жанагы айта турган сөзүн айта албай кетип калат. Бирок ал эмнегедир ачууланган жок. Жөн гана:
- Али Риза бей, сен мурун мындай эмес элең,- деп койду.
Чал аны тастыктады:
- Ооба, туура айтасың. Мурун башка адам болчумун. Эми адеп-ахлагым бузулду. Тапканымы кыз-келиндерге, кумарга жумшап атам.
Хайрие ханым бир нече жолу жутунуп, оозун эптеди. Бирок бүгүн уруш чыгарууга такыр болбойт эле, эптеп өзүн токтотту. Баягы жагымдуу үнү менен:
- Али Риза бей, бир аз адилет бол,- деди, - дартымы сага айтпаганда, кимге айтам? Тигилер кандай болгондо да бала. Бул үйдүн жоопкерчилиги экөөбүздө. Экөөбүз бетме-бет сүйлөшөлү.
Чал кандай кылса да өзү сезген коркунучтан буйтап кете албасын аңдап, баарына көнө тургандай түр менен:
- Болуптур, ханым,- деди, - айт, каалаганың эмне?
Хайрие ханымдын каалаганы андай деле кыйын нерсе эмес имиш. Кийинки айларда Шевкеттин иши жакшы жүрүшпөй, бала бир аз карыз алыптыр. Эми тияк-бияктан кысып, кыйнап атышыптыр. Ушундай чоң үйдү канча жылдан бери багып келаткан балага ушундай кыйын күндө жардам беришпесе болбос.
Али Риза бей сөздүн аягын билиш үчүн чыдай албай сурап жиберди:
- Мунуңа да макулмун, ханым, бирок сен мага сөздүн ток этер жерин айтпай турасың. Ал зарыл акчаны кайдан табабыз?
Хайрие ханым коркуп, күнөөлүүдөй жер карады:
- Сага, албетте, оор тиет, бирок мен бир чарасын ойлондум: банктан бир аз карыз акча алалы. Шевкет андан алты айдын ичинде төлөп кутулам элем дейт.
- Демек, бул ишти Шевкет менен сүйлөшүп, бышырып койгон турбайсыңбы?
Кемпир буйдала түштү:
- Жок, жалгыз уулубуздун кыйналганын, кайгырганын көрүп атпаймынбы. Ах, сен эне жүрөгү эмне экенин билбейсиң, Али Риза бей.
Чал жини келип анын сөзүн бузду:
- Болуптур, болуптур... Түшүнүктүү болду. Бирок менин билишимче банк күрөөгө бир нерсе коймоюнча акча бербейт.
- Үйдү күрөөгө коёбуз, Али Риза бей.
- !!!???
- Шевкет, Кудай буюрса, бул карызды алты ай, ашып кетсе бир жыл ичинде төлөп берет.
- !!!???
- Уулуңа ишенбейсиңби? Шевкеттин туура жүргөн бала экенин билбейсиңби?
- !!!???
- Жооп берип койсоң болбойбу. Эмнеге теше тиктеп калдың?
Али Риза бей көзүн жүлжүйтө күлүмсүрөдү:
- Дүйнө өзгөрдү. Дүйнө менен балдарыбыз да өзгөргөнүн бир аз түшүнөм. Бирок сага эмне болгонун, сенин эмнеге мынчалык өзгөргөнүңдү эч түшүнө албайм.
Хайрие ханым күлгөнгө аракет кылды:
- Кызык нерселерди айтасың да, Али Риза бей. Эмнеге өзгөрмөк элем? Мурун кандай болсом, азыр деле ошондоймун.
Али Риза бей колун силкип, кемпиринин сөзүн чорт кести:
- Кудай сакта! Менин мурунку оор басырыктуу периштедей аялым кайда, сен кайдасың?.. Сен анын тырмагына да тең келбейсиң. Ойлогон оюңду жашырганда эмне пайда? Сен жийиркенерлик аял болдуң, Хайрие, жийиркенерлик. Болгону бир чалдыбары чыккан үйүбүз бар. Бул да колдон чыкса эмне кылабыз? Өлүш үчүн коңшуларга барабызбы? Муну мага айтканга кантип оозуң барды?
Хайрие ханым албууттанып атырылды:
- Түшүндүм, Али Риза бей, илгери атасы уулуна бир бак энчилесе, уулу атасынан бир шиңгил жүзүмүн аяптыр деген сөз бар эле. Эми дүйнө тескерисинче болду. Уулу атасын бир короо бала-чакасы менен багып атса, атасы чалдыбары чыккан үйүн уулу үчүн күрөөгө бергенден аяп турат. Кайрымдуу ата деп мына ушуну айт. Анан да жанынан тоюп турган мендей аялга акаарат айткандын эмне кереги бар. Үй сеники болгондон кийин болбойт деп ачык айт, болду, кеп бүтөт.
Хайрие ханым ыйлаган бойдон эшикке жөнөдү. Али Риза бей аркасынан кыйкырды:
- Бери кел, жаңылыш түшүнбө; мен болгону сени абийириңе, эс-акылыңа кел деп айттым. Үй да колдон чыкса, жагдайыбыз эмне болор экен дедим. Болуптур, мен макулмун. Билем, силер асылганыңарды коё бербейсиңер. Эртеби-кечпи аны аласыңар. Ушундай болгондон кийин өзүмдү да, силерди да эмнеге бекерге кыйнамак элем?
Али Риза бей үйдөгүлөрдүн баары эртеңден баштап эле аны от менен камоого аларын тажрыйбасынан билчү, «багындым!» дегенге мажбур болмоюнча бүтпөй турган кыжы-кужуну, атырылма чабуулдар менен азаптарды элестетип, азыртан эле айласы куруп турду.
Бир селге тушуккандай болушту. Каршылык эмнеге жарамак? Бүгүн баш тарткан нерсени эртең эле кыш түшүп, балдар ач-жылаңач болуп, суук үйдө ыйлай баштаганда баары бир кабыл алууга туура келмек.
Күрөө иши бир нече күндүн ичинде бүттү.
Банктан төрт жүз лира акча алышты. Бирок бул акча үйгө, Али Риза бей ойлогондой, эч болбосо эки-үч айлык барчылык да алып келгенге да жарабады.
Шевкеттин эң зарыл карыздары төлөнгөндөн кийин калган акча кыздардын талоонунда калды. Көптөгөн кыжы-кужу, талаш-тартыштан кийин базарга барышып, толгон-токой кызыл-тазыл жибек кездемелерди, жасалма жасалгаларды, куту-куту жүз, көз, бет, ооз, тырмак, тиш боёкторун, кооз байпактарды, бир жамгырдан чыкпай турган оюнчук сымал туфлилерди алып келишти. Конок салону үчүн бир нече банка сыр, жаздык, мрамор айкелчелер, куурчактар, тогуз-ондой жаңы Чарльзстон жана танго пластинкалары келди.
Досторду биринчисинде Чамлыжага, экинчисинде үйгө чакырып, эки жолу коноктошту. Али Риза бей болгону эки жолу Үскүдар базарына түшүп, эки себет азык-түлүк, беш-алты эшекке жүк боло тургандай отун алганга араң жетишти.
Банктан акча алгандан кийинки он биринчи күндүн кечи эле. Ал акчадан бир лира да калган жок. Түштөн кийин башталган күзгү жаан кечке маал катуулап, үйдүн чатырынын бир канча жеринен суу ага баштады.
Чердакка, жогорку кабаттагы коридор менен бөлмөлөргө тизилген тепшилерге, мискейлерге, консерва банкаларына тамчылар үн алыша тамчылап, бир кыз бала тынымсыз ыйлап жатты. Ыйлаган кыз Айше эле. Чоңдору күчкө салып акчаны бөлүп алышып, анын качантан бери эңсеп жүргөн жибек көйнөгү менен лакталган туфлиси алынбай калыптыр.
Али Риза бей бирде тамчылардын үн алышканын, бирде Айшенин купуя муңун тыңшап, өзүнчө:
- Бул иште күйгөн экөөбүз болдук,- деди. - Чатырдын эскилигин кантип эстебей калдым. Бу он күн ичинде суудай кеткен төрт жүз лирадан ремонтко деп акча алып калсам болбойт беле?
- XXİV -
Ошо жылы кыш катуу болду. Жолдор күндөр бою кардан буулуп турду. Багларбашындагы үйдүн тегерегине бир нече жолу карышкыр келди.
Күзүндө үйдүн күрөөгө коюлушундагы чыныгы максат кыштан эптеп чыгуу болчу. Бирок алган акчанын баары ишке жарабас шаан-шөкөт нерселерге кетип, балдардын жонуна жок дегенде бир жылуу ич кийим да алынбаптыр.
Хайрие ханымдын сарамжалдуулугуна береке берсин... Байкуш кемпир сандык түптөрүндө, шкаф бурчтарында жаткан эски пальто, чапандарды, жаздык тыштар менен керебет жапкычтардын баарын алып чыгып, ортого төктү. Балдар аларды олжо буюмдардай талашты.
Хайрие ханым үшүкчөөл Айшеге эски керебет жапкычтан чапан тигип, ичине төшөктөн чыгарып алган пахтадан салып берди.
Нежла күбө жей берип торго айланган нооту үстөл жапкычтан өзүнө жамынма бешмант жасап алды. Боёлгон жүндөн токулган гүлдөр менен кыюулады. Ушундай ажайып кийимдер менен үй «Кызгылт кыз» пьесасын ойногонго даярданган импровизатор труппага айланды.
Байкуш эски үй болсо оорукчан киши сымал сырттагы аба ырайынын өзгөргөнүнө жараша ар күн ар башка илдетке чалдыгып жатты. Жамгыр жаап же кар эригенде, тамчы тама баштайт, шамалдын эпкининен шыбактары көчөт, үйдүн төрт тарабындагы тешиктерден, терезелердин чекелеринен, эшиктин жылчыктарынан ар түрдүү ышкырыктар чыгып, бороон улуйт. Муну менен бирге балдар жокчулукка көнүп бүтүштү. Буга көп деле капа болгондой түрлөрү жок, ал турсун кээде үйдүн абалы менен өздөрүнүн кийимдерине карабастан көңүл ачышчу. Али Риза бей ар дайым кайталагандай, бул байкуштар ой-сезимсиз, арсыз, цыган кейиптенген бир макулук болуп калышты.
Кыздар бир күнү баягы ажайып кийимдери менен кол кармашып алып, тепшиге тамган тамчылардын ыргагына ылайык бийлегенге аракет кылып жатышкан эле.
Хайрие ханым колуна араа кармап тепкичтен түшүп келаткан Али Риза бейдин күлгөнүн көрүп, чучукка жетер үн менен:
- Жашасын сендей ата. Ак ниеттиги менен тууралыгынан улам балдарын ушундай бактылуу кылган киши кантип күлбөсүн!?- деп чаңырды. Бу сөздөр чалга ушунчалык катуу тийгендиктен, тизеси өзүнөн өзү бүгүлүп, баскычка отуруп калды, колундагы араасы да жерге түштү.
Бул араа ушул узакка созулган катаал кышта Али Риза бейдин эң жакын жардамчысы болду. Өтө суук күндөрү оронуп-чулганып тышка чыгат да, бактагы дарактарды араалап, отун кылат. Эмне кылсын? Өзүнүкү, эмне кылса өзү билет да. Жай келгенде, саялай турган дарак таба албайт эми. Канча жылдар бою алектенип, өз колу менен өстүргөн бул дарактар да баласындай көрүнчү, бирок кандай болгондо да тигилерге жетпейт да.
Кыш бою үйдөн оору кетпеди. Балдардын бири баш көтөрсө, экинчиси жатып калат. Бир жолу Али Риза бей өзү да ооруп бир апта жатты. Бир апта жанына келген киши болбоду. Кемпири гана анда-санда шорпо алып келип жүрдү.
- Кудайга шүгүр, бүгүн жакшы болуп калыпсың. Бирок суукка урунбай жата тур. Эч нерсе эмес, өтүп кетет. Мен да ооруп атам, бирок жаткыра койбой жатышпайбы,- дечү.
Хайрие ханым, балким, чалын көп карай албаганы үчүн ушинтип актанчу. Бирок чын эле ооруп жүргөндүр, ким билсин.
Балдарынын бул жоругу Али Риза бейге катуу тийди. Анын оюнча, адам деген бала-чаканы ушундай күндөрдө үнүн угуп, жанында болушу үчүн тилейт да. Демек, мындан катуу ооруса да бирөөсү бир басып келип, алын сурабай, ушунча киши жүргөн үйдө чоочун жерде, чоочун элде, кербен сарайдын бир бурчунда жаткан кеселмандай болуп өлүп калмак турбайбы.
Уулу Шевкет гана бир жолу түндөсү келип, чарчаңкы түрдө тартынып төшөктүн четине көчүк басты. Атасынын жүзүн акырын сылап, терең күрсүндү да:
- Ата, сенин алыңды да сурай албадым,- деди.
Ал кайгырганын да көп көрсөтпөдү, актанган да жок. Актаныш үчүн эмне деп айтсам да жүзү жок жалганчыга окшоп калам го деп коркуп, катаал болумуш болуп жер карап отурду.
Ата-бала беш-он мүнөттөй аркы-беркини сүйлөшүп отурушту. Шевкет анда-санда ыкшып жөтөлүп, чыдатпай ооруган сыяктуу башын мыкчый калып атты.
Али Риза бей:
- Ооруп турасыңбы, уулум?- деп сурады.
Шевкет бир аз буйдала түшүп:
- Жок, ооруган деле жокмун, ата...,- деди.
Али Риза бей ишенбегендей күлүмсүрөп, башын чайкады:
- Бирок алаканың меникинен бешбетер күйүп-жанып атпайбы.
- Сага ошондой сезилсе керек, ата...
- Болсо болот, балам...
- Бирок абдан чарчадым... Уруксат берсең, барып эс алайын, ата...
- Болуптур, балам... Барып дем ал...
Ата-бала оюндагыларын бири бирине айткандан корккондой, тике караша албай ажырашты.
Али Риза бей төшөктүн жанындагы шамды үйлөп өчүрдү да, караңгыны тиктеп ойго батты.
Уулумун ооруп жүргөнү чын... Бирок мен аны билбемиш болуп койдум. Тескерисинче, төрт-беш күн жылуу үйдө, ысык төшөктө жат дешим керек эле. Андай деген менен байкуш баланын бир нече күн эмес, бир күн үйдө жатканга чолосу жок. Эртең таң атпай туруп кетпесе, кечке чейин ары-бери жүгүрүп иштебесе, үйдөгүлөр бири бирин жей баштаарын билчү. Бул байкуштун абалы меникинен да жаман. Мени жок дегенде өз бурчумда жайыма коюшат, ооруп турганда нан деп кекиртектешпейт. Буга да шүгүр дешим керек.
Не кычыраган кыш, не ачкачылык, не оору үйдөгү той-тамаша программасын өзгөртө алган жок.
Катуу бороондордо пароходдор, поезддер токтоп калса да, эгерим Али Риза бейдин үйүндөгү кечелер токтогон жок.
Той-тамаша болор күнү үйдө канча отун, канча тамак болсо, баарын алып чыгышат; эски көйнөк-чапандар, мурунку үстөл жапкычтан тигилген жамынмалар ыргытылат; күзгүнүн маңдайында декольте жибек көйнөктөр кийилет, сууктан жарылган колдор вазелиндүү жылуу сууда жумшартылат, сасык тумоодон кызарган көздөр, шишиген мурундар бет майлар менен ремонттолот, колбаса, бастырмадан сасыган ооздорду тазалаш үчүн сагыздар чайналып, тамактар атырлуу суулар менен чайкалат.
Качантан бери кооптонуп жүргөн банкрот күнү да акыры келди. Ар күнү эшиктен аласасы барлар бакырат, соттон чакыруу кагаздары келет.
Шевкет алардан качып таңкы үрүл-бүрүлдө кетет да, түн жарымда үйгө келет. Үйдө эми эки жаат чыр-чатагы бүтүп, ар ким өз жан кайгысына түштү. Жүзү жоктук ушунчага жеткендиктен, кээде мунум жоголду, тигиним жоголду дегендер да боло баштады.
Өзгөчө Ферхунде кыямат-кайымды салчу. Бир аз жаны сыгылса эле жанындагыга асылат, каяша укса, тим эле кутуруп кетет. Башын жерге койгулап: «Кайдан келдим эле бу тилемчилердин үйүнө? Күйөөмүн нанын жешет да, мага асылышат. Силер болбосоңор, биз эки киши жыргап-куунап жашамакпыз»,- деп чаңырат.
Мындайда Али Риза бей кулда кулак жок деп көчөгө качат, Хайрие ханым ыйлап-сыктап ортого түшөт.
Уруш-жаңжалдардын ар биринде үй бузулуп, тарап кете тургандай болот: же Ферхунде буюм-тайымдарын топтоп калат, же Лейла бара турган жер таба албасам, кызматчы болуп кетем, же ашканага официант болом деп көчөгө чуркайт.
Бирок Хайрие ханымдын чырылдаганынанбы, же Айшенин ыйлап жалбарганынанбы, же уятсыздык менен албууттуктун да чеги болобу, айтор, уруш-жаңжал басылып, ыйлап-сыктап, өбүшүү менен жарашып калышчу.
Мурун бейпил күндөрдө дайыма бир аз ооруп-сыркап жүрчү Хайрие ханым киши ишенбей тургандай чыдамкай болуп чыга келди. Үйдүн бүтүн иши менен кайгы-капасы башына түшсө да, жыгылып кала тургандай көрүнгөнү менен ар балакетке каршы турду.
Ал эми күн сайын түйүнчөк көтөрүп алып Үскүдар базарына бара турган болду. Үйдөгү буюмдардан сатып, жегенге бирдеме же ажылдаган аласасы барлардын бирисинин оозун басып тургандай кичине тыйын алып келчү.
Али Риза бей кээде Фикреттен куш тилиндей кат алчу. Чал кызынын өтө бактылуу болбосо да, тынч-аман экенин билип, көңүлү бир аз жайланып калчу. Бирок үч-төрт ай мурун Фикрет каттарынын биринде одонолук кетирди: «Бул жакка үйүбүз тууралуу жаман кабарлар келип атат, күйөөмөн уялып өлө турган болдум. Качан токтотосуңар ушунуңарды?»
Фикреттики да туура эле. Анын үстүнө бул катты күйөөсүнүн айтканы менен да жазышы мүмкүн эле. Ушундай болгон соң Али Риза бей ачуусу менен кызына жазган жоопто: «Ар ким өз ишине өзү жооп берет. Бизде болуп өткөн нерселерден уялгандай ортобузда кандай байланыш калды эле? Анда-санда бир кат жазып көңүлүбүздү алып турчу элең. Аны да көп көрсөң, өзүн бил»,- деген эле.
Али Риза бей ачуусу менен жазып жиберген бул катына кийин бушайман болду, бирок эмне кыла алмак, болор иш болду да. Ошондон кийин Фикрет да атасына кат жазганды койду, Али Риза бей да кат жазгысы келгени менен жазган жок.
Үйдө акчадан абдан жутаган күндөрдүн биринде Хайрие ханым бөгүлүп-чөгүлүп чалына келди:
- Али Риза бей, аласасы барлар ороп калды. Азырынча Шевкеттен пайда жок. Балдар ач. Фикретке бир кат жаз. Жайыбызды түшүндүр. Кызыбыз эмеспи, жардам берсин бизге. Кичине оңолуп алсак, карызын беребиз. Бере албасак да, андан кедей болуп калышпастыр... Кандай болгондо да күйөө балабыз эмеспи, жардам берсин кичине...
Хайрие ханым чалы адегенде бир аз кежирленип туруп анын көнөт деп үмүттөнгөн эле. Бирок Али Риза бей жарылып кетти; кемпирин тытып жибере тургандай бир таризде айкырды:
- Экинчи алардын атын айтканыңды укпайын... Муунтуп салам. Балдарымын бири өз башын куткарып кеткендей болуп турса, эми ага да кайырмак илгени турасыңбы? Күйөөсүнө тилемчидей жалдырап Фикретти да жер караталыбы? Экинчи анын атын айтканыңды укпайын, муунтуп салам!
Чал ушунчалык жаалданып кыйкыргандыктан, Хайрие ханым коркту, экинчи кызын айткыс болду.
- XXV -
Февралдын алгачкы аптасында Шевкет эки күн удаа үйгө келген жок. Ферхунде бир жумадан бери күйөөсү менен урушуп жүргөн. «Муну мага атайын өчөшүп кылып атат. Шашпасын, мен ага көрсөтөм. Эртең келбесе, кетем»,- деп алкынып берди.
Хайрие ханымдын ою башкача болчу. Уулу карызын доолагандардан качып, теңтуштарынын бириникинде жүрсө керек. Нежла менен Лейла да кээде «Агабызга эмне болду экен, кырсыкка учурабадыбы?» деп камтама болгону менен абдан маанилүү иш менен алек болуп, кезектеги кечеге көйнөк даярдап жатышкандыктан, алардын бул кыжалаты узакка созулчу эмес.
Али Риза бей болсо сабагын жаттаган кем акыл окуучудай отурган жеринде термелип, бирдемелерди күбүрөгөн болот, бирок бир ооз сөз сүйлөбөйт. Болгону бакча тараптан дабыш чыкса же эшик ачылса: «Бирөө келди окшойт, чыксаңарчы!»- деп үн салат.
Үчүнчү күнү эрте менен бир полиция келип, Шевкеттин түрмөдө суракта отурганын айтты.
Үйдө ызы-чуу түшүп жатып калышты. Ферхунденин эси ооп, кыздар чаңырып ыйлай башташты. Хайрие ханым алапайын таппай: «Кудай, айланайын Кудай, өзүң сактай көр»,- деп күбүрөп, ошондо да өзүнөн кетип эси оогондор, чачы-башын жулгандар менен алек болуп жүрдү.
Али Риза бей гана бир балакеттен кутулгандай болуп турду. Чал сүйүнүчтүү бир кабар уккандай болуп, калтырап ыйлап: «Кудайга шүгүр, балам аман экен, Шевкетим тирүү экен!» - деп сүйүнүп турду. Ал Шевкеттен үмүтүн үзө баштаган эле.
Ким билет, балким, карылыктандыр, соңку күндөрдө жүрөгү опкоолжуп жүрчү: «Бул бала сөзсүз өзүн өзү өлтүрөт. Намыстуу кургурум бул шермендечиликке чыдабайт»,- деп анын ар бир сөзүн, ар бир абалын аңдып турчу.
Бир түнү тарс жабылган эшикти тапанча атылды окшойт деп бөлмөсүнөн атып чыккан, дагы бир түнү бакта жайылган боюнча калган кийимди көрүп адам окшойт деп бир бакырган.
Ооба, анын оюнча, уулу абдан адамгерчиликтүү бала эле. Дагы бир аз аракет кылып, бирок бул сормо саздан чыга албай турганын түшүнгөн соң, өзүн өзү өлтүрмөк. Канча жолу Шевкетке ушуну айтайын, бир аз сабырдуу болуп, өзүңдү карма деп айтайын деп аракет кылды. Бирок мунун да коркунучтуу жагы бар эле. А балким, ал жөнү жок эле шектенип жаткандыр. Үмүтүн үзгөн адамдар оорусу катуу адамдарга окшош болот, алар ооруган адамдын оорусун ого бетер ырбатып жибериши мүмкүн. Ага өлүмдү айтып, бардыгынан кутулта турган азгырма дарыны эске салуунун кереги барбы?
Али Риза бей сүйүнгөн бойдон кийинип, таягын алды да үйдөн чыкты.
Чал түрмөгө жеткенде, күүгүм кирип калган эле. Эшиктен:
- Бүгүн кеч болуп калды... Эртең эрте менен кел,- деп кууп жибермек болушту.
Али Риза бей мурункудай жалынып-жалбаргандан, кемсингенден корккон бир адам болбогондуктан, чарылдап уруша баштады. Бир аз дагы көжөлсө, балким, тышка түртүп чыгарышат беле, ким билет, бирок кудай жалгап, илгери вилайеттердин биринде кол алдында иштеген бир катчы эшикке чыгып калса болобу. Дароо таанып, жанына келди да, урматтап колунан өпкөндөн кийин эмне иш менен келгенин сурады. Чал:
- Ичкериде уулум бар эле. Кеч болуп калды деп киргизбей жатышат. Мүмкүн болсо, жардам берсеңиз,- деди.
Эски катчы артка кетенчиктеп, Али Риза бейди оозу ачылып карап калды. Өзү жакшы тааныган бул кадыр-барктуу адамдын уулу кантип түрмөгө түшүп калганын аңдай албай турду.
Бул адам сыягы, бул жердин жакшы чыкма кызматкерлеринен окшойт, анын бир сөзү менен эле Али Риза бейди Шевкетке коё беришти. Чал киргенде, уулу керебетте мемиреп уктап жаткан экен. Эрксизден мурункулар эсине түштү.
Уулу эрте мененки уйкуну сүйөр эле. Мектепке барар маал болгондо, Али Риза бей жыла басып анын бөлмөсүнө кирип, китепти колунан түшүрүп жиберип же алакан чаап жиберер эле. Ал турсун бир жолу баш жагында турган ышкырык менен катуу ышкырып жиберип, баланын жүрөгүн түшүргөнү бар. Шевкеттин уйкулуу көзүн чакчайта: «Ата, жүрөгүмү түшүрбөдүңбү!" - деп кыйкырганы жан жыргатар эрмеги эле. Арадан канча жылдар, канча окуялар өттү. Тизелерин бир аз бүгүп, оң колун жаагына жазданып, анан да узун чачтарынын бир тутамы маңдайына түшүп жатканы болбосо, ал бала менен бул камактагы кишинин ортосунда окшоштук жок эле. Ошондой болсо да Али Риза бей өзүн ошол таңдардагыдай сезип, андан да кызыгы, ичи ачышкан жок. Чал уулунун баш жагына келип:
- Шевкет, ойгон. Мен келдим, уулум,- деди.
Жаш жигит бир аз түйшөлүп, көзүн ачты да, туруп отурду. Ал да атасы сыяктуу көңүлү ток, санаасы тынч эле. Колунун сырты менен оозун жаап эстеди да:
- Мен да сени келет ко деп күтүп аттым эле, ата,- деди. - Кеч киргенде келбейт ко деп калдым эле. Көзүм илинип кетиптир. Эки күн уйку бетин көргөн жокмун. Отурган жеримен уктап кетип атам.
Шевкет башын артындагы дубалга таяп, маңдайындагы атасына күлүмсүрөп турду. Жанынан орун көрсөтүп:
- Отурсаң, ата,- деди.
Шевкеттин жүзүндөгү баягы чарчоо менен убайым жок эле. Катуу оорудан айыккан адамдыкындай жүзү бир аз тамылжып турду. Али Риза бей таягына таяна отурган соң:
- Эмне болду, уулум?- деп сурады.
Шевкет ийнин куушурду:
- Эртеби кечпи ушундай болмок. Сен да ушуну күтсөң керек... Эмне кылалы, маңдайга жазылганы ушул экен...
- Карыздарыңан улам ушундай болдуңбу?
Шевкет адегенде бир аз олку-солку болуп, ордунан турду да, ары-бери басты. Кайра отурду. Атасынын колун кош колдоп этият кармады. Көздөрү терезеден шыпка карай кеткен бир тутам нурга тигилип, акырын сүйлөй баштады:
- Менин жагдайым сен ойлогондон да жаман... Банктын көп акчасын жумшап ийдим. Ордуна койгуча текшерип келип калышты. Бирок аны беш жылда да ордуна коё албасымды билчүмүн. Адам бир жолдон чыкса ушул экен да... Акыры ушундай болду...
Шевкет атасына баарын төкпөй-чачпай айтып бергиси келгендей сезилди. Бирок эмнегедир мукактанып калды. Али Риза бей өз колун кармап турган манжалар карыша түшкөнүн сезип:
- Капа болбо, Шевкет,- деди – кишинин башына эмне келбейт.
Башка сөзгө өтүштү. Шевкет апасын, бир туугандарын сурады. Айрыкча Айшени көп сөз кылды. Анан канча жылдардан бери атасына айтайын деп айта албай жүргөн нерселерин аптыгып айта баштады:
- Балдарыңын ичинен мага көп ишенчү элең. Бирок эң оор соккуну да менден жедиң, байкуш атам. Карыган чагыңда жардам берсем дечү элем. Андай болбоду. Бир жолу жаңылып, ошол бойдон оңоло албай койдум. Мен сыяктуу адамга үйлөнгөндү ким коюптур? Таң калыштуусу, бардыгыбыздын туңгуюкка кирип баратканыбызды көрүп-билип туруп, эч нерсе кыла албадым. Уктап жаткан адамды албарсты басканда, баарын билип турса да, бир силкинип туруп кетейин десе да, колунун учун кыймылдата албайт. Мен ошондой болдум... Ишенесиңби, ата? Эч нерсени билбегендей көрүнгөнүм менен баарын көрүп, билип жүрдүм. Өзүмү өзүм кандай жеп жүргөнүмү билбейсиң...
Али Риза бей уулунун колунан сылап:
- Билип жүрчүмүн, Шевкет,- деди,- сенин адеп-ахлагыңдан эч шек санаган эмесмин.
Күн кечтеп кеткендиктен Али Риза бей уулунун жанында көпкө отура албады. Эки жагын карап, Шевкетке эмнелер керектигин аңдаган соң, эртеси күнү келмек болуп тышка чыкты. Күүгүм кирип калыптыр. Күндүн абдан бактылуу адамдарды да бир аз санаага чөмүлтө турган маалы экен. Кан-жанынан жаралган жалгыз уулун түрмөгө жалдыратып таштап кетиш оңой эмес эле.
Булардын баарын ойлонуп бараткан байкуш чал жыгылып калса да эп болмок. Бирок ал азыр көп кайгырган жок, ал турсун санаасы бир аз тынгансып калды.
Чыгып баратып Шевкеттин бир аз эстеп, жалгыз калган соң керебетине кайра жата кеткенин көргөн эле. Катуу чарчаган же оор сынактан кийин уйкуга кетчү баладай үргүлөй күлүмсүрөп, күбүрөнүп келатты:
- Эмне кылалы, бул жерде эч болбосо кенен уктайт, чарчаганы жазылат. Үйдөгүдөй акча деп кекиртектеген эч ким жок. Суй жыгыла чарчап келгенде: «Кана, алдыбызга түш... Компанияга, бийге барабыз»,- деп зордогон эч ким жок.
- XXVİ -
Сот көпкө созулган жок, Шевкетти бир жарым жыл түрмөгө кесишти. Ушинтип, куштардын дагы бири кетти.
Хайрие ханым кээде чалынын нес болуп отурганын көрүп:
- Көп кайгырба, бир жарым жыл эмне, көз ачып жумганча өтүп кетет,- деп калчу.
Али Риза бей башын ийкеп, макул болгондой түр көрсөткөнү менен ичинен башкача ойлончу. Бир жарым жылдын көз ачып жумганча өтөрү чын. Бирок булганган абийир менен жоголгон намыс кайра келбес. Уулу түрмөдөн чыккандан кийин оңойлук менен ирдене албайт. Бети кара болуп калган неме кимге барып, кимден эмне сурай алат? Эми Шевкет колунан же бутунан айрылган майып сыяктуу өмүр бою кыйналат. Мунун баарын түшүнүп турса да, чал өзүн өзү жубатчу: «Эмне кылалы, болору болду да. Мага уулум аман болсо болду.»
Эски костюмдарынан бирин жакшылап тазалап, үтүктөтүп, туфлисин майлап, шкафка салып койду. Бул анын Шевкетти көргөнү барарда гана кийчү майрамдык кийими эле. Түрмө кызматкерлеринин эмнегедир уулун сыйлап, ага башкалардан бөлөкчө мамиле кылганын көрчү. Самсаалаган кийим менен барып аны уят кылганга болбойт эле.
Шевкет камалган соң үйдөгү алты киши Али Риза бейдин отуз беш лира пенсиясын эле карап калышты. Кыздардан эч болбосо бирөөсүнө эптеп бир күйөө тапканга аракет кылышты. Бирок шайтан көпөлөктөй болуп кыздарды айланып жүргөн жигиттердин өлө жатканы да үйлөндүрөлү дегенин сезери менен кайдыгер болуп калышчу же ошол бойдон жок болушчу. Али Риза бейге көп айтышчу эмес, бирок сыягы, кыздардын жашоосунан улам элге кеп-сөз болгонунун да мында таасири бар эле. Чал муну кемпиринин кээде: «Кыздарым эмне болуптур? Азыр бийлебеген, элге аралашпаган кыз бар бекен?»- деп булкунганынан улам болгоолоп калчу.
Бирок күтпөгөн жерден Лейлага оңдой берди болду. Дүкөндөн соода кылып атып бир кырк бештеги соодагер менен таанышыптыр. Аттуу-баштуу, абдан жакшы киши имиш. Али Риза бей салт боюнча коңшу дүкөнчүлөрдөн ал тууралуу сураштырып көргөн соң макулдугун берди. Буга үйдөгүлөрдүн баары сүйүнүштү. Бирок бардыгы чечилген күнү кечинде Лейланы кудай урду. Жаш кыз: «Мени аясаңар болбойбу? Атамдай киши менен кантип жашайм? Силердин кедейлигиңерден көз көрүнө мүрзөгө баратам. Бир аз күтө турсам, балким, өз теңимди табат элем»,- деп алкынып-жулкунуп ыйлай баштады. Нежла да ага кошулуп чачы-башын жулуп кирди.
Бул иш Али Риза бейди бир мүшкүлдөн куткарары чын эле. Буга карабастан чал Лейланын сөзүнө макул болбой коё алган жок.
Көптөн бери кыздарына таарынып жүргөн, ушундан улам кыздарын көргүсү да келчү эмес. Бирок ошол күнү кечинде кучакташып ыйлап атып, кыздары таң каларлыктай сулуу сезилди. Ушуларга кантип таарынып жүрдү экен. Булар али бармактай бир бала да. Окуялардын сели кайда агызса, ошол жакты көздөй агып кетти да, бу бечараларды кечирбегенде эмне кылмак эле.
Али Риза бей күтүлбөгөн бир мээрим менен:
- Кой, кызым, ыйлаба. Сен каалабасаң, биз да каалабайбыз, бүттү. Дагы күтө туралы,- деди.
Ал жамандыктын баары келини Ферхундеден болуп жатканын башынан эле билчү. Ал болбосо, үйү мындай болбойт эле, балдары да баладай болмок. Кийин Шевкеттин уурулук кылып, түрмөгө камалышына да ал себеп болду. Чал буга карабастан уулу түрмөгө кесилгенден кийин ага мурдагыдан да жакшыраак мамиле жасаганга аракет кылды. Кээде кемпирине:
- Байбиче... сен да Ферхундеге жакшыраак мамиле кыл,- деп эскертчү,- эмне болсо да келинибиз, уулубуздун аманаты. Азыр бизден башка эч кимиси жок. Кайгырып жүрөт бечара. Азыр баары ага оор тиет. Анан калса уулубуз бул келинди сүйөт... Бул байкуш жипсиз байланып турганда, биздин айыбыздан бир нерсе чыкпасын.
Ушу тапта Хайрие ханымдын ою да ушундай эле... Бирок чал-кемпир канчалык бүжүрөгөн сайын Ферхунде ансайын кергиштеп, болбогон нерседен уруш чыгарчу болду. Жаш келин Али Риза бейди мурун бир аз сыйламыш болсо, эми биротоло бети ачылды. Аны да кайненеси сыяктуу эле беттен алып, ажылдачу болду. Хайрие ханым кээде чыдай албай кеткенде, чал:
- Шүк отур, Хайрие... оозуңду жап... Максатын ачык түшүнө албай турам, бирок бу катын бир иш чыгарганы жүрөт... Оозуңду ачып бир нерсе десең, биз айыптуу болгону турабыз,- дечү.
Ферхунде көчөгө тез-тез чыгып, түн бир маалда келчү болду. Богаздагы бир туугандарыма барып келем деп, бир нече күн үйгө келбей да калды. Акырында Богазичиндеги бир туугандарында дагы бир жолу бир нече күн калгандан кийин андан кат алышты. «Канча жылдан бери сабыр кылып келдим, бирок мындан ары жокчулукка чыдай албайм. Биротоло кеткенге аргасыз болдум. Шевкетке айтып койгула, мени кечирип койсун. Адамгерчилик кылып башымы бошотуп койсо, ыраазы болуп, өз оокатымы өзүм кылат элем...», - дептир.
Ферхунде менен мурун канчалык ынак болуп келсе, азыр ошончолук душман болуп калган Лейла менен Нежла: «Бул катын бир тууганыбызды жыргатмак эмес. Биз баарын билчүбүз, бирок унчуга алчу эмеспиз. Ырас болду, кетсе кетсин, төрт тарабы кыбыла!» - деп чыгышты. Хайрие ханымдын да ою ушундай сыяктуу эле.
Али Риза бей болсо санаа тартып калды. Ферхунденин кетиши менен үй бир жүктөн, бир балээден кутулганы чын. Бирок Шевкет кантээр экен? Уулунун бул келинди сүйөрү шексиз. Бирок бул балакеттин башы ошол сүйүү экени жалган беле?
Чалды кыйнаган дагы бир нерсе бул окуяны Шевкетке айтуу эле. Бул кылдат ишти өзүнөн башка эч ким аткара албас. Уулунун жанында өзү болуш керек. Анан калса бул операцияны атанын колу башкача бир мээрим, камкордук менен жасамак. Бирок кечиктиргенге да болбойт, Шевкеттин бул окуяны башка бирөөдөн угушуна мүмкүнчүлүк бербеш керек.
Али Риза бей барганда, уулу бир аз ооруп, көңүлү чөгүп отурган экен. Ушундан улам адегенде кооптонуп турду. Анан болор нерсе болуш керек деп чечти. Анан калса Шевкет «Мындай маанилүү нерсени менден жашырганга акыңар жок эле. Дароо кабар берсеңер, балким, бир айласын тапмакмын»,- таарынышы да мүмкүн эле.
Чал аркы-беркини айтып отуруп, бир маалда сөздү Ферхундеге бурду:
- Кудай көрүп турат, Шевкет, келинчегиңе сенин жоктугуңду билдирбейли деп апаң да, мен да колубуздан келгенин кылып атабыз. Ага бир туугандарыңдан да жакшы карап атабыз. Бирок эч ыраазы болбой койду. Бизге, үйүбүзгө, жакырдыгыбызыга иши кылса баарына нааразы. Аны менен тим болбой, ээн-эркин болуп, өзүмдү өзүм билсем дейт.
Али Риза бей соңку сөздөрү кандай таасир калтырганын билиш үчүн уулун тигиле карап калды. Шевкет бурк этти:
- Анда эмнени күтүп атыптыр, эшик ачык... Аны кармап турган эч ким жок. Ошентсе, өзү да, биз да чоң дарттан кутулат элек...
Чал элейе түштү. Кубангандан жүрөгү туйлап кетти. Уулу мурунтан эле ушинтип ойлоп жүрдү бекен? Же бир нерсени туюп эмне айтаар экен деп турабы? Аялынын сөздөрүнө уугуп жүргөн неме муну жөн эле айтып жатышы да мүмкүн эле.
Чал дароо үмүткө алдырып жибере албай сурады:
- Балам, мага ачыгын айт, ушул сөздөрүң чынбы?
Шевкет бир аз жылмайып башын ийкеди:
- Чын, ата,- деди. - Бу катындан кутулсак, абдан бактылуу болот элек.
Али Риза бей башка сөз айта алган жок; жүзү купкуу болуп, деми кыстыгып, титиреген колу менен чөнтөгүнөн Ферхунденин катын алып, уулуна узатты.
Бөлмө күүгүм тартып тургандыктан, Шевкет катты окумакчы болуп терезеге барды. Чал өзү алапайын таба албай турса да, уулунун жүзүнөн көзүн албай турду. Бул эң чоң сыноо эле, анткени Шевкеттин бул келинди канчалык сүйөрү азыр белгилүү болмок.
Шевкет катты кунт коюп окуду... Ордунда бир аз ката түшкөнсүп турду да, анан атасына бурулду. Жүзү кубара түшкөнү менен күлүп турду.
- Бул иштин эртеби-кечпи ушинтип бүтөрүн билчүмүн,- деди. - Бирок андан мынчалык тез кутуларыбыздан, чынын айтсам, үмүт кылбадым эле. Кутулганыбызга сүйүнөлү, ата.
Шевкет атасын кучактап, эки бетинен өптү. Чал кармана албай ыйлап жиберди:
- Чынбы, Шевкет? Бизди жубатайын деп айтып жаткан жоксуңбу буларды?
Шевкет күлүп туруп:
- Эмне деп атасың, ата!.. Зындандын эң чоңунан кутулдум. Ушу тапта бул жерден чыгарып, сага кошуп үйгө жиберишсе да мындай сүйүнбөйт элем,- деди.
Бирок атасынын дагы эле ишене албай турганын көрүп кошумчалады:
- Башында бул келинди сүйчүмүн. Бирок күн сайын жаман жактарын көрө берип көңүлүм сууй баштады. Анан калса ошол каргашанын, ошол бороондун ичинде сүйгөн адамым болсо дак өздөрүм көрмөк эмес!.. Бардык нерсе сыяктуу эле сүйүү да акчасы, убакыты, аздыр-көптүр ыракаты болгон адамдарга тиешелүү нерсе экен, ата. Акырында бул катындын жанымда дем алганына чыдай албай турган мезгил келди. Андай болсо эмне үчүн ага жылдар бою чыдап жүрдүм? Эмне үчүн бизди да, өзүңү да ушул акыбалга жеткиргенге чейин сабыр кылып жүрдүң? деп сурашың мүмкүн. Муну башкаларга түшүндүрүш кыйын, бирок сен түшүнөрсүң деп ойлойм.
Вазийпа деп мойнума алган нерсени оңой эле алып ыргытып кетер адам эмесмин мен... Үмүт болсо да, болбосо да аягына чейин чыдоого мажбур элем. Эмне кылалы, бизди ушинтип тарбиялагансың. Кемесин куткарган капитан деп айта тургандай бир адам болсом, бул иштер болбос эле. Кой эми, ата, санааң тынып үйгө кайт. Ферхунденин кеткени биз үчүн бир бакыт... Эсиңде болсун, мойнубуздагы бир вазийпаны аткара албадык... Бир үй-бүлөнүн жок болушуна, бир адамдын жолдон тайышына себеп болдук деп өзүңдү өзүң жебе. Ансыз деле мындай үй-бүлөлөрдүн үй-бүлө деп айта тургандай эмнеси бар? Чынында адам болууга аракет кылуу сага да, мага да зыяндан башка эч нерсе алып келбеди. Эми бир аз айбандык да кылып көрөлү!..
- XXVİİ -
Ферхунденин кетиши үйдөгү дагы бир бийлик төңкөрүшүнө себеп болду. Лейла менен Нежла жетекчисинен айрылган соң бийликти кармай алышкан жок. Өкүм, бийлик кайрадан Али Риза бейдин колуна өттү.
Шевкеттин камалышы менен кечелер токтоп, дайым келчү коноктор да жок болду. Алардын бир даары соттолгон кишинин үй-бүлөсү менен катышып, атын булгагысы келген жок, бир даары андай деп ойлобосо да, үйдөгү кайгыдан оңтойсузданып, катышпай калышты. Калган бир нече киши да Али Риза бейдин өтө суз мамилесинен кийин келбей турган болушту. Бир-эки ай Багларбашындагы үйдүн эшигин каккан жан болбоду. Али Риза бей эми кыздарынын ар күн көчө кезип, ар ким менен сүйлөшкөнүнө уруксат бербей, бир жерден бир аз кечигип калышса, кыямат-кайымды сала турган болду. Лейла менен Нежланын буга кантип чыдап жүргөнү таң каларлык нерсе эле. Бирок Нежланын турмушка чыгышы менен аяктаган бир окуя аларга төрт ай бою бул дүйнөнү унуттурду.
Жайында Лейлага дароо үчөө сөз айтып калды. Эң мыктысы Назми деген жаш доктор эле. Лейлага бул жигиттин өңү-башы, Хайрие ханымга кесиби менен жакшы үй-бүлөнүн уулу экени, Али Риза бейге болсо олуттуулугу жакты. Үйдөгүлөрдүн баары сүйүнүп калышты. Бирок сөйкө салганга бир нече күн калганда Назми бей бул иштин болбой калганын Али Риза бейге айтып, дароо Измирге кетип калды. Себеби белгисиз эле. Адегенде душмандар Лейла тууралуу дагы бир ушак тараткан экен дешти. Бирок көп өтпөй башка бир айың угулду. Назми бейдин атасы бир уурунун карындашын келин кыла албайм, ал кыздан баш тартпасаң, балалыктан кечем деген имиш...
Экинчиси болсо финансы кызматкери эле... Ал да жаман адам эмес болчу. Ал турсун өңү-башы доктордукунан да жакшынакай эле. Ага карабастан Лейла үчүнчүсүнө ыктады. Ал болсо Жамлыжада жайды өткөрчү бир үй-бүлөгө конок болуп келген сириялык эле. Бир күнү Лейланы Үскүдардагы кемеден көрүп жактырып, дароо эле үйлөнмөк болуптур.
Жаш кыздардын көбү үчүн египеттик, сириялык жигитти кармап алуу бакыт кушун кармап алуу менен барабар эле. Лейла бай араптын алам дегенин угуп, сүйүнгөнүнөн акылынан айнып кала жаздады. Демек, миңден бир кишиге насип болбогон бул бакыт ага буюрган экен.
Лейла аны жакшылап да көргөн жок. Ким экенин да билген жок. Бирок кыялында кинодогу маңдайында бриллиант жаркыраган индус раджаларынын бирине турмушка чыгып, апасын, атасын, бир туугандарын жыргатат. Жокчулук бүтөт. Бүт үй-бүлө бул сириялык күйөө баланын саясында жыргап-куунап жашайт. Жаш кыздын бул киши ишенгис кыялы адегенде бир туугандарына, анан апасына, акыры учкан куштан жардам сурагыдай абалга келген Али Риза бейге жукту. Үй-бүлө бир нече күн дуулдады.
Абдүлвехап бей ары бай, ары адамгерчиликтүү адам сыяктуу көрүндү. Али Риза бейдин кедейлигин айып көргөн жок. «Мага акча эмес, намыс керек... Кудайым бар, Лейла ханым менен бактылуу болсом, мен аны бриллиант менен алтынга бөлөйм»,- деди.
Али Риза бейдин үйү эми үй деп айта тургандай болбой калгандыктан, күйөө баланын бөлмөсүндө бир сөйкө салуу аземи болду. Ушуга байланыштуу Абдүлвехап бей Лейлага бир сонун көйнөк менен чынжырлуу кулон белек кылды. Алар сентябрдын аягына чейин Стамбулда болуп, анан нике кыйылган соң, Сирияга кетмек болушту.
Абдүлвехап бей Багларбашындагы үйгө дайым келчү болду. Ар кандай шылтоолор менен келип: «Мен үчүн эч убара болбоңуз... кофенин деле кереги жок»,- деп суранчу. Хайрие ханым бул сылык-сыпаа адам үчүн берер нерсесин таппай калчу. Анан калса кандай болгону менен үйдүн да бир сыйы бар эле. Мурун кечелерде коюлчу идиш-аяктардын бир тобу сатылып кеткендиктен, алардын калган-катканы мейманканага коюлчу. Күйөө бала келгенде, дароо мейманканага киргизишип, кофе, чай, көчөгө бал муздакчы келе калса, бал муздак берип сыйлашчу.
Абдүлвехап бей эскичил адамдай көрүнүп, дайыма дин, адеп-ахлак тууралуу кеп кылгандыктан, Хайрие ханым да саясатын өзгөрттү. Кыздар бир аз шайкелеңдик кылып, көбүрөөк күлүп сүйлөп койсо, кабак-кашын чытып, белги бере баштачу. Мурунку кеп-сөздөр бир жерден Абдүлвехап бейдин кулагына чалынып калбагай эле деп кыпылдачу. Ал турсун Нежланы жездеси менен жоолукчан чыгарып учураштырып калды.
Лейла апасынын саясатын туура көрүп, азырынча жасанганды, көңүл ачканды көп жактыра бербеген бир эски заман кызынын ролун ойноп жүрдү. Шашылганда эмне пайда? Өзүнөн жыйырма беш жаш улуу күйөөсүн кандай болсо да каалагандай калчап, каалаганын жасатат. Кыялдангандай бактылуу болуш үчүн алдыда узак жашоо жатпайбы.
Абдүлвехап бей убактысы келгенде балдыздарына да өзү сыяктуу бай жана кадырлуу күйөө таап бермек болду. Ушундан улам Нежла менен Айше аны жерге-сууга тийгизбей макташып, жезде деп айланасында чаркөпөлөктөй айланышат.
Али Риза бейге келсек, ал ага балдарын балакеттен куткаруу үчүн жиберген кудайдын бир төө эриндүү периштесиндей туюлчу. Бирок эмнегедир ага толук ишене албай, кээде сөздөрүнөн, абалынан шектене түшчү. Мындай учурларда бир нерсеге абдан берилип ишенгиси келип, өзүн жектеп кирчү: «Мен бир кудай урган адилетсиз киши болдум... Бекер эле бул адамдын күнөөсүн көтөрүп жатам.» Анын үстүнө адеп-ахлак, ар-намыс, чынчылдык деген сыяктуу сөздөргө ушунчалык суусап калыптыр, кимден укса да кулагына жакшы угулат.
Абдүлвехап бей Лейланы сейилге алып чыгып, кечинде чоң-кичине баштыктар менен үйгө алып келчү. Өзгөчө кара баркыт мантодон улам жаш кыз сүйүнгөнүнөн жинди болуп кала жаздады. Абдүлвехап бейдин жанында өзүн араң кармап турган Лейла ал кетери менен апасынын, атасынын, сиңдилеринин мойнуна асылды, анан бөлмөсүнө кирип, бийлеп жиберди. Баркыт мантону бир бетине басып, көзүн жуумп алып, грамофондон үйрөнгөн бир вальсты ырдап жатканын көргөн Али Риза бейдин карылыктан жыртайган көзүн жаш чалды. Булар табиятынан жакшы да, жаман да эмес эле. Кайсы тараптан шамал соксо, жалбырак сымал кошо кетишет, аны менен кайда болсо кете беришет. Эми оңолбойт ко деп түңүлүп калган кызын үмүт менен акча кандай өзгөрттү.
Лейла бийлеп бүткөн соң Нежлага келип, колдорун анын ийинине койду да: «Ичик алганда, муну сага берейинби, Нежла?»- деди. Али Риза бей Нежланын дароо силкинип, эжесин көзүнүн чаарын чыгара караганын байкап калды. Жүрөгү сыздап кетти. Демек, Нежла эжесин көрө албайт турбайбы. Чал кейиштүү күлүмсүрөп, бөлмөдөн чыгып баратканда ой кетти. «Адамдын балдарыман жыргайм дегени болбогон бир куру кыял турбайбы, о Кудай! Жүрөктөрүбүздүн табияты буга жол бербейт экен, көрсө. Балдарыбыздын баарын бактылуу кылганга кудуретибиз жеткен күндө да, албетте, бириники бир жеринен аксабай койбойт... Ал бакыттарды дароо унутабыз. Балдарыбыздын кимиси бактысыз болсо, ошонун гана үнүн угуп ыйлайбыз. Ооба, балдардан жыргайм деген болбогон бир куру кыял экен го.»
Лейланын Сирияга кетер мезгили жакындады. Абдүлвехап бей Лейлага ыраазыдай көрүнчү. Бирок бир күнү болбогон жерден урушуп кетишти. Лейла кемеде, базарда мурунку тааныштарын көрсө да көрмөксөнгө, укса да укмаксанга салып койчу. Бирок бир күнү кечинде Жамлыжа көчөсү менен келатып, он чакты кыз-жигитке кабылып калышты. Качып кеткенге болбой калгандыктан, айла жок, алар менен сүйлөшүүгө туура келди. Абдүлвехап бей да алар менен таанышууга мажбур болду. Ал буга жини келип, Лейланы кемсинтип уруша баштады. Жаш кыз да ага жараша жооп кайтарып, ал күнү кечинде бири-бирине таарынып кетип калышты. Абдүлвехап бей бир жумадай үйгө келген жок. Хайрие ханым баш болуп бүт үй-бүлө сестейип калды...
Акырында андан Али Риза бейге бир кабар келди. Лейла көчөдө болбогон бир адамдар менен сүйлөшүптүр; аны менен эле тим болбой анын көзүнчө аларга болушуптур. Намыстуу эркек буга чыдай албайт экен. Али Риза бейди абдан жакшы көргөндүктөн, кичүү кызы Нежланы берсе, алат имиш!
Али Риза бей менен Хайрие ханым туура бир жума «Туура эмес иш кылдың, күйөө баланы бекер капа кылдың»,- деп Лейланын кулак-мээсин жешкен. Бирок Абдүлвехеп бейден бул кабар келери менен баары түшүнүктүү болду. Кээде Али Риза бейге келген күдүк ойлор туура болуп чыкты.
Ким экенин, кайдан экенин жакшы иликтешпеген бул адам соо иттин куйругу эмес экен. Балким, жанында алып жүргөн Лейладан кызыгы тарагандыктан, балким, эжесинен эки жаш кичүү Нежланын сулуулугуна кызыккандыктан, муну таштап, тигинисин алайын деген ой келгендир.
Лейланы бекер эле күнөөлөшүптүр. Байкуш кыздын эч кандай күнөөсү жок экен. Жанагы таарыныч Лейланы таштап, Нежланы алыштын шылтоосу турбайбы, көрсө. Шылтоосун карасаң бул айбандын!
Үйдө жаңжал чыкты. Али Риза бей бул адамдын берген шакеги менен бир нече белек-бечкегин чогултуп туруп кабар алып келген адамдан берип жибериш керек деди. Бирок ошо маалда Абдүлвехап бейдин жүзү кара сунушунан да таң каларлык бир окуя болду.
Нежла уялбай-кысынбай эле Али Риза бейге тастаңдады:
- Эмне кылганы турасың, ата... Акылыңдан айнып калдыңбы? Кантип менин багымы байлайсың? Абдүлвехап бей мени каалаган турбайбы... Эжемин ордуна мени бересиң, ошону менен иш бүтөт.
Али Риза бей уккан кулагына ишене албай, тили байлана түштү. Лейланын эси ооп калды. Жалгыз Хайрие ханым гана өзүн жоготкон жок:
- Нежланын сөзүнүн да жөнү бар... Ойлонуп көрөлү, Али Риза бей...
Талаш-тартыш түнү менен болду. Али Риза бей таптакыр каршы болду. Адегенде эле ушуну кылган бул акмак адамдан эмнени күтсө болот? Мындай кишиге адам кызын эмес, үйдө жүргөн мышыгын да ишенип бере албайт. Анын оюнча, көчөдө кайыр тилеп отурган тилемчи да бул жүзү кара, абийирсиз адамдан миң эсе жакшы. Анан калса кара чечекей эжесин кордоп кеткен адамга Нежланын турмушка чыгышы бети жоктук эмеспи.
Хайрие ханым чалынын бардык сөзүн туура деди. Абдүлвехап бей чынында эле бир адеп-ахлаксыз адам. Киши мындай адамга үйдөгү мышыгын да ишенип бере албайт. Бирок эмне кылышсын, заман мурунку заман эмес. Балдар мышыктын балдарынан да жаман абалда азыр. Карыз болсо төлөнбөй турат. Жакында сыягы, үй да сатылып, бала-чака көчөдө калат. Жардам берер эч ким жок. Өлөйүн десең жан таттуу, кирейин десең жер катуу. Чалынын мунун баарын ойлонуштурбай туруп жок дегени туура болбос эле. Анын үстүнө чалдын чечими андай деле маанилүү эмес... Акыркы сөз Нежлада.
Акыркы сөзбү? Талаштын аягында ушундай чечимге келген байкуш чал-кемпирди тыңдап турган Нежла күлүмсүрөдү. Ал өзүнөн күтүп жатышкан акыркы сөздү жанагы кабар келгенде эле айтпадыбы. Азыр болсо ата-энесинин керексиз уруш-талашын былк этпей аңгеме сыяктуу угуп отурат, анда-санда терезени карап коюп өз бактысын ойлойт. Чын эле анын күнү тууп турган жокпу? Эжесинин башындагы бакыт кушу андан учуп өз башына конгонун түшүндө көрсө да ишенбес эле... Эми ал ойлоно турган бир гана нерсе бар: сириялык бакыт кушунун эжеси менен ойногондой ойношуна жол бербей, аны биротоло байлап алыш керек.
Лейла сиңдисинин бул кылыгын эртеден бери байкап отурду. Акырында чыдай албай, атасына ыйлай баштады. Бүтүн үмүт-кыялынан дароо кол жууп калган адам үчүн мындан табигый нерсе жок болчу. Бакыруу – жаны күйгөн адамдардын табигый акысы. Нежлага түшкөн вазийпа болсо эжесинин бул акысын моюнга алып, эч болбосо бүгүн түнү ал эмне деп, эмне кылса көтөрүү болчу. Бул өзү ал үчүн кыйын деле иш эмес. Бирок Нежла эмнегедир андай айкөл болгусу келбеди. Ал турсун эжеси менен айтышкандан да кайра тартпады. Ушул жерден Лейла биротоло өзүн жоготуп, үйдө кыямат-кайым башталды. Жаш кыз бети ачылган ажаан аялдын үнү менен: «Жалап... Бети жок жалап... Күйөөмү сен буздуң»,- деп чаңырып Нежлага атырылса, ал да тастаңдап: «Ооба, буздум, көзүңдү ачып, жакшы карабайт белең»,- дейт.
Хайрие ханым чачы-башы саксайган Лейланы кармап, Айше болсо Нежланы бөлмөдөн эптеп алып чыгып кеткенге аракет кылды. Али Риза бей турган жеринде дубалдын түбүнө бүк түшө, башын мыкчып, кыздарынын ушунчалыкка жеткенине бүлкүлдөп ыйлап жатты.
Нежла Айшеге ээ бербей кайра-кайра келип, оозго алгыс сөздөр менен ичинде болгон заарын төктү:
- Бир дүкөн чирик манто кийип алып, теңириңди тааныбай калбадың беле? Уялбастан бизге кызматчы кыздай мамиле кылдың. Кудай сендейлерди тез эле эсине келтирип коёт ушинтип... Кышында ичик алгандан кийин мага эски мантоңду бермек элең, ушундайбы? Эми мен аны башы-көзүмдүн садагасы деп сага калтырам.
- XXVİİ -
Он беш күндөн кийин Нежла Абдүлвехап бей менен Сирияга жөнөдү. Ошентип, куштардын дагы бири кетти.
Нежла менен Лейланын ортосунда бир туугандыктан да артык бир нерсе бар эле. Экөө удаа болчу. Өңү-баштары, мүнөздөрү окшош эле. Бир төшөктө жатып, бирге өсүштү, бирге күлүп, бирге ойношту. Али Риза бейдин оюнча, алар бири-бирисиз жашай албай турган эгиздер эле, кандаш, жандаш деген нерсенин эң бир мыкты үлгүсү болчу. Эми минтип экинчи жүз карашкыс болуп душмандардай ажырашты.
Эми үй-бүлө да азайды. Лейла менен Айшеден башка бала калбады. Али Риза бей кышка жуук Багларбашындагы үйдү сатты. Бардык карыздарынан кутулду. Калган акчага Долап көчөсүнөн бир үй алды.
Бул эки чоң бөлмөлүү, капкараңгы, урай баштаган бир үй эле. Кыздар бир ооздон тозок деп ат коюшкан баягы эски үй буга караганда бейиштин бир бурчу экен. Бирок колдо калган акчага мындан жакшыраагын алышка мүмкүн эмес эле. Хайрие ханым үйдү көрүп эле жактырбай: «Бир аз күтө турсак, балким, жакшыраагы чыгып калат эле»,- деди. Бирок мурункудан таптакыр башка бир адам болуп калган Али Риза бей күлө какшыктады: «Күтө туралыбы? Калган бир аз акчанын былтыркыдай түбүнө жетип, мени көчөдө калтырганча күтө туралыбы?» Кыздар үйгө көргө киргендей буркурап ыйлап киришти. Али Риза бейдин абалы деле ушундай болчу. Бирок ага карабай, босогону аттап кирген соң, ачкычты эрдине тийгизип: «Алла жокчулугун көрсөтпөсүн...»,- деп дуба кылды.
Лейла соңку окуядан кийин оңоло элек болчу. Үйгө киргендин экинчи күнү «Башым... башым...» деп бакырып төшөккө кулап калды. Кырк беш күн тил-оозсуз жатты. Бирок кудайга шүгүр, коркунучтуу эмес экен. Кошуна жашаган пенсиядагы бир доктор көрүп: «Нерв... тамагын жакшы карагыла. Коркпогула, өтүп кетет»,- деди. Ал айткандай эле Лейла бир жарым айдан кийин туруп кетти. Бирок таптакыр башка Лейла болуп калды... Ооруп жатканда аны алып кетип, ордуна башка бирөөнү жаткырып коюшкандай эле. Абдан арык болчу. Жаңы баса баштаган баладай араң кадам шилтейт, көздөрү караңгылап, колдору менен бетин баса калат. Өңү-башы өзгөргөнү менен дагы эле сулуу болчу. Оорудан улам жүзү муңайым тартып калгандыктан, Али Риза бейге мурункусунан да сулуу көрүнчү.
Лейланын жүзү менен бирге мүнөзү да өзгөрдү. Эми ал мурункудай барга-жокко кыжырланбай, тагдырына биротоло моюн сунгандай эле. Али Риза бей кызынын көзүнөн айта албай турган муңду байкады. Ал башкалар менен сүйлөшүп, күлүп турганы менен ичинен ыйлап турат, бирок көз жашы тамчы болбой бууга айланып кеткендей. Бул, балким, карыган чалга ушундай сезилип жаткандыр. Бирок кандай болгондо да ал Лейланы аяп жүрдү.
Анан баягы аталык сезими кайра ойгоно баштады. Кызына болгон бүт таарынычтары бара-бара жок болду.
Лейла бир аз оңолгондон кийин көчөгө чыга баштады.
Доктор анын таза абага чыгарып сейилдетип, көңүлүн ачып тургула, мүмкүн болсо жер которгула деди. Жер которуш мүмкүн эмес эле.
Чал эттүү-сүттүү оору тамагына акчаны эптеп таап жүрдү. Бирок буга карабастан, Лейла кээде сейилге чыкчу.
Биринчи жолкусунда Хайрие ханым кызын ороп-чулгап, арзан арабага салып, деңиз жээгине алып барды. Ошол күнү эшиктин жанындагы кичинекей бөлмөдө болгон бир окуя Али Риза бейдин жүрөгүн кайра эзди.
Хайрие ханым айып иш кылгандай кайсактап Лейланын жанына бир түйүнчөк койду. Бул баягы Нежла башы-көзүмүн садагасы болсун деп эжесине таштап кеткен кара жолтой манто болчу. Ошол урушкан түнү Нежланын чаңырып айткан сөздөрү баарынын кулагында жаңырып турду. Бирок муну эстегенин эч кимиси батынып айта алган жок. Анткени анда мантону ыргытып ийиш керек болуп калмак.
Хайрие ханым Лейланын атырылбай, отурган жеринде талып калганын көрүп, кайраттана түштү да, кайдыгер үн менен:
- Кел, кызым... Ушуну кий, чыгалы,- деди.
Мантону колуна алып күтүп турган кемпир чалы менен тиктешип калбайын деп кайпактап жүзүн буруп кетти.
Али Риза бей кызынын көзү караңгылай түшкөндөй болуп, колун жүзүнө алып барып, анан ордунан акырын турганын көрдү да, тамагы буула түштү.
Ошондон баштап Лейла ар күнү баркыт мантосун кийип, көчөмө-көчө кезе турган болду.
Али Риза бей адегенде буга үндөгөн жок. Эмне кылсын анан байкуш кыз. Ушинтип эшик-эликке чыгып басса, кайгы-кападан бир аз арыларын тажрыйбасынан улам билчү. Анан калса Долап көчөсүндөгү үй да отура турган үй эмес эле. Кыштын кыска күндөрү түш оогондон кийин эле бөлмөлөр чыраксыз отура албай тургандай түнөрүп калчу. Ошондой болсо да бара-бара Али Риза бейдин оюна ар нерселер келип, корко турган болду: жаш кыздын минтип көпкө жүргөнү туура эмес эле. Кээде ал абдан кеч келчү. Анан баягы кечеге келип жүрчүлөрдүн кээ бирлери менен кайра табышып алды.
Лейла кайра өзүнө келип, баягыдай шайыр болуп калды. Бирок Али Риза бейге ал дагы эле оорулуудай сезилгендиктен, көңүлүн оорутуп албайын деп бир нерсе айтканга оозу барбай жүрдү. Көп өтпөй эле бул бүдөмүк чочулоо кадимки коркунучка айланды. Чалдын кулагы кээде шектүү бирдемелерди чалып калчу болду. Бирок тилекке каршы, Лейланын бул кылгандары адатка айланып, көнүмүш нерсе катары кабылданды. Али Риза бейдин Лейланы эскертейин, сүйлөшөйүн деген аракети да оңунан чыкпады, чынын айтканда, өзү да чындап киришпеди, анткени канча жылдан бери алышып жүрүп өзү да чарчаган эле.
Анан калса акыл-насааттын таасир этерине өзү да ишенбей калды. Ошентип, Лейла өзү каалагандай ойноп-күлүп жүрө берди.
- XXİX -
Нежладан жаман кабарлар келе баштады. Жаш кыз араптын баягы айткан байлыгы менен жыргал турмушу анчейин бир кыял экенин жолдо баратканда эле билиптир.
Абдүлвехап бей Стамбулда өзү айткандай миллионер эмес эле түшүнүксүз бир иштер менен алек болуп жүргөн кедей неме экен.
Нежла Бейрутта кыялындагы ак сарайдын жанында тооккана болуп кала турган кичинекей бир үйгө барып түшүптүр. Мрамор тепкичтерге тизилген кинодогу кызматкерлер эмес, сүйрөлгөн көйнөкчөн кайын атасы менен Абдүлвехап бейдин эки аялы, анан бир короо балдары тосуп алыптыр.
Үчүнчү аялы тогуз ай мурун өлгөн экен. Нежла анын ордуна келгендиктен, андан калган эки бала, албетте, дароо анын мойнуна түшүптүр. Жаш келин баягы Стамбулдан алган анча-мынча нерселер менен кала турганын түшүнгөн соң уруш чыгармак болуптур. Бирок узун көйнөкчөн кайнатасы кернейдикиндей катуу үн менен атырылганын көрүп, үрөйү учуп, экинчи урушкус болуптур.
Эки күнүлөш катын менен бир короо балдардын ичинде жашоо тозок эле. Бирок Нежла адегенде буларды жазгандан уялыптыр, өзгөчө Лейланын табасы канат деп коркуптур. Бир нече ай өткөн соң чыдай албай, уят-сыйытты коюп, баарын жаза баштап, акыркы катында минтиптир: «Ата, чыдай албайм. Ыгын тапсам, баарын таштап, Стамбулга качам. Сенин бир сындырым наныңа ыраазы болом. Апам менен агам көз алдымда турат. Лейла эжем эч оюман чыкпайт. Ал муну менен баш кошпой калдым деп кайгырган эле. Азыр менин көргөн күнүмү көрсө, куткарганым үчүн мага ыракмат айтат эле.»
Лейла бул катты окуган соң сиңдисин жек көргөнүн унутуп: «Ата, Нежланы эптеп куткарып алалы»,- деп Али Риза бейдин аягын кучактады.
Хайрие ханымдын ою да ушундай эле. Бирок чал алардын жалбарганына кулак салбай, Нежлага мындай жооп жазды: «Жазгандарыңы окуп жаман болдум. Бирок тилекке каршы, сага жардам бере тургандай алым жок. Биз азыр мурункудан да жаман абалдабыз. Бул жакка келип эмне кыласың? Ал жакта кандай болсо да үйүң бар; күйөөң жыргатып ийбесе да намыстуу адам катары сени эч кимдин колун каратпай багып алар. Айла жок, тилиңди тишиңе кыпчып, айланаңдагы адамдарга көн, кызым.»
Али Риза бей бул каты менен Нежлага эшик жабык экенин ачык түшүндүрдү. Бирок жаш келин ушунчалык кыйналгандыктан, муну эрөөн-төрөн албай, кайра-кайра кат жазып: «Мени куткарып кал, болбосо өзүмдү өзүм өлтүрөм, менин каныма забын болосуң» деп чырылдап жатты.
Нежланын өзүмдү өзүм өлтүрөм дегени анчейин бир коркутуу эле. Бирок ошондой болушу да мүмкүн. Бул миң кубулган, кыялы бузук балдардан эмнени гана күтсө болбойт? Чал кулагында тынымсыз жаңырыктаган бул үнгө жооп издеп: «Түшүндүм, балдар үчүн бул бир кеч күз окшобойбу... Бирок беш баладан бирөө аман калса болбой беле, о Жараткан!»,- деп сүйлөнчү.
- XXX -
Али Риза бейдин кафе теңтуштарынан бир пенсионер майор бир күнү Үскүдар кафелеринин биринде четке алып чыкты:
- Али Риза бей, сиз менен сүйлөшөр маанилүү сөз бар,- деди. – Бир топко олку-солку болдум... Бирок сизди жакшы көргөндүктөн жана намыстуу адам деп билгендиктен...
Майор чалдын кубарып, калтырай баштаганын көрүп, токтоп калды. Бир аз олку-солку боло түшүп:
- Сизге катуу тиет ко,- деди.
Али Риза бей дароо өзүнө келди. Жөнү жок жорукту баштап, теңтушун коркуткандын кереги жок болчу. Сыягы, уга турганы өтө жаман нерсе окшоп калды. Бирок эми мынча болгондон кийин чындыкты билиш керек эле.
Чал сыр бербемиш болуп, жай гана:
- Кыжалат болбоңуз, мен абдан чыдамдуу кишимин,- деди.
- Бирок капа болбойм деп убада бере аласызбы?
- От түшкөн жерин күйгүзбөй койбойт. Бирок кайрат кылам.
- Бирок эми бул андай деле чоң маселе эмес. Айтайын дегеним: чоң кызыңыздын көчөдө көп жүрүшүнө уруксат бербесеңиз, андан да жакшысы, мүмкүн болсо, бир аз убакыт көчөгө такыр чыгарбай турсаңыз жакшы болор эле.
- Эмне болду? Бир нерсе болуптурбу?
- Эч нерсе... Бирок жаш кызды өз эркине коюу туура эмес да...
- Сөзүңүздү бузбаңыз. Сиз бир нерселерди билет окшойсуз, мага болгонун болгондой айтыңыз.
- Макул, билгенимди айтайын. Кызыңызды бир жума мурун бир жакшы кийинген жигит менен машинага түшүп атканда көрдүм. Кандай таң калганымды билбейсиз. Үч күн мурун биздин балдар дагы башка нерселерди айтып беришти. Бирок бул анчейин бир апыртма болушу да мүмкүн!..
Майор Али Риза бейден ал башка нерселер эмне экен деп сурайт деп күттү. Бирок эми чалдын анын жүзүнө карай турган, дагы бир нерсе сурар акыбалы жок эле. Болгону «Бул да башыма келдиби?» деп күбүрөп ордунан турду да, көчөгө чыгып, дароо караңгы кирип, жол көрүнбөй калган сыяктуу башын жерге салып, таягы менен жол жээгиндеги таштарды тыкылдата, илкип баратты: «Бул да башыма келмек беле? Ач калдым, уят болдум, түрдүү кордуктарды көрдүм. Баарына чыдадым. Бирок намыссыздыкка чыдай албайм. Сөзсүз бир нерсе кылышым керек...»
Үйүнө жеткенде, бир ой келди: «Майор башка нерселерди да билет окшойт. Сөзү оозунда калды. Адегенде баарын билейин. Бир нерсе кылыш үчүн бардыгын аныктап алыш керек.»
Али Риза бей дароо артка кайтты. Майор кетип калбагай эле деп коркуп шашып барды. Ошенткени жакшы болуптур. Энтигип кафеге кирип барганда, майор кетейин деп калган экен. Али Риза бей эми уят-сыйытты коюп, майорго билгениңди айт деп жалдырап, мына буларды билди.
Лейла эки айдан бери бала-чакалуу бир адвокаттын ойношу экен. Бир жумада эки күн Үскүдар пристанынан жолугушуп, машина менен Хайдарпашадагы бир жолугушуу үйүнө барышат имиш.
Бул сөз жалган болсо, күнөөсү айткандардын мойнуна түшмөк. Бирок бул бала-чакадан бери айтып жүргөн нерсе эле.
Али Риза бей кайра үйүнө келгенде түн кирип калган. Хайрие ханым аны көрөрү менен:
- Лейла дагы жок, кайда жүрөт бул кыз,- деди.
Чал чарчагандан Лейланы ойлогудай чамам жок дегендей түр көрсөтүп, эшиктин жанындагы сынык диванга көчүк басты. Кызынан дагы бир жолу тактап сурабастан Хайрие ханымга бул окуя тууралуу айткысы келген жок. Анткени эми кемпирине да ишенбей калган эле.
Хайрие ханым айыл-ападан бир сөздөрдү укса да чалынан жашырып коюшу мүмкүн эле. Андай болбосо деле чалынын жининен коркуп, Лейланы канатына калкалап, ал келгенде ымдап-жаңдап ага бир нерселерди түшүндүрмөк.
Али Риза бей отурган жеринде Лейлага берер суроолорун камдап атканда Хайрие ханым Айше менен кечки тамакты даярдап жүрдү. Он мүнөт өтпөй көчөнүн башынан машинанын сигналы угулуп, андан кийин шашылып келаткан адамдын дабышы чыкты. Дарбаза ачык болчу; Лейла дабыш чыгаргандан корккон сыяктуу акырын кирди да, ашканадан түшүп турган жарыкка карай басты. Караңгыда дивандан туруп келаткан атасын көрүп чочуп кетти:
- Сенсиңби, ата? Жүрөгүмү түшүрдүң!
Айше, эжесинин үнүн угуп, чыракты кармай ашканадан чыкты. Анын аркасынан шымаланган Хайрие ханым көрүндү.
Кемпир:
- Кайда жүрөсүң, Лейла? Сени күтө берип жинди боло жаздадым,- деди.
- Бир курбу кызым менен жүрдүм… Коё тур, бир аз демими басып, анан айтып берейин…
- Лейла ичинен шылтоо даярдап атты. Убакыт алыш үчүн Айшеден суу алдырып ичти.
Али Риза бей тепкичтин жанында, караңгыдан жүзү көрүнбөй турду. Жай, калбаат үн менен:
- Сен машина менен келдиңби?- деп сурады.
Лейла бир аз олку-солку болуп туруп:
- Ооба,- деди, - бир курбумкуна бардым эле.
Али Риза бей сыр алдырбайын дегени менен кармана албады:
- Конокторун үйүнө чейин машина менен жеткирген кандай кудай берген немелер экен алар?.. Ким ал курбуң?
- Тааныбайсың…
Лейла апасына бурулуп, сөзүн улантты:
- Курбум Хайдарпашадагы тикмечисине бармак экен. Чогуу баралы деп асылып туруп алды… Бекер машина менен барса барып келейин дедим. Бирок бир аз кеч калдык…
«Хайдарпаша» дегенди укканда Али Риза бей жарылып кете жаздады:
- Курбуң менен Хайдарпашага биринчи жолу бардыңбы?
Жаш кыз кайраттана түшүп:
- Ооба,- деди.
- Менин оюмча, андай эмес… Ал тикмечи Хайдарпашанын кайсы көчөсүндө экен?
Лейла кайра атасы тарапка бурулуп, анын жүзүн көргөнгө аракет кылды. Чалдын бир нерседен шек алганын туйду. Бирок бир аз мурун эшиктен корккон сыяктуу киргени менен азыр көп сыр алдырган жок; атасын коркутмак болгондогу эркелеген үнү менен:
- Койчу, ата. Кайдагы суроолорду бересиң да,- деди.
Мындай уятсыздыктан Али Риза бей жинди болуп кете жаздады. Каны кайнап, уккандарын айтып бакыра баштады. Хайрие ханым:
- Али Риза бей, өзүңө кел... Мунун баары жалган, ушак...- деп ортого түшмөк болду.
Лейла да ушундай кылса, эч болбосо унчукпай турса, чал, балким, кайра олку-солку боло түшмөк. Бирок ал бөйрөгүн таянып, манто оронгон денесин бир жагына оодура кейкейип, сахнада монолог окуган испан артисттери кептенип:
- Андай болсо эмне экен? Адам болсоң, кызыңы бул акыбалга түшүрбөйт элең да!- деди.
Айшенин колундагы чырактын жарыгы Лейланын жүзүнө тийип, анын ак ит кирип, кара ит чыккан боёлуу оозун, кара боёк ичинде ачуудан жүлжүйө түшкөн көздөрүн Али Риза бейге өлтүрө тургандай таризде Али Риза бейге көрсөтүп турду.
Чал дароо таягын кармап:
- Жогол... Азыр үйүмдөн чыгып кет!- деп бакырды.
Лейла бул жолу бир аз коркуп, эшикти көздөй чегинип:
- Кал десең да калбайм! Каргыш тийсин сенин үйүңө!- деп жооп берди.
Бул чалга таң каларлык күч берди. Колдорун, буттарын кучактаган Хайрие ханым менен Айшени түйүнчөктөй силкип таштап, Лейлага атырылды. Мындай кол салуу күтүүсүз болгондуктан, жаш кыз качпаса, өлбөсө да оор жаракат алмак. Бирок Али Риза бей аяктары жерге кадала түшкөндөй көмкөрөсүнөн жерге кулап, таягы эки кадамдай ары барып түштү.
- XXXİ -
Али Риза бей шал болуп кала жаздады. Ошол түндөн кийин жаагы кичине кыйшайып, тили билинер билинбес чулдурап, басканда сол буту бир аз сүйрөлүп калды. Бирок муну туйбаган сыяктуу эле. Аны кемирип жеп жаткан чыныгы оору ичинде болчу.
Элдин бетин карай албай калгандыктан, адегенде убактысынын көбүн кичинекей бөлмөдө өткөрүп жүрдү. Терезенин маңдайында өрттөн калган жаман дубал бар болчу. Чал күнү бою дубалдын жаракаларынан өсүп чыккан сербейген чөптөрдү, таштардын арасында кескелдирик уулаган мышыктарды карап отурчу. Дагы бир эрмеги түш ченде дубалдын ортосунан баштап акырын жогорулаган нурга карап, жаңы күн саатын табуу болду.
Лейла кеткенден кийин үй аңгырап калды. Кибиреген денесинин кайсы жагынан келгени түшүнүксүз бир күч менен жылдар бою тытынып келген Хайрие ханым ушундан улам өзүн дароо таштап койду. Эки күндө бир идиш-аяк жууш, анда-санда мангалга казан асуу, Айшенин чачына кээ-кээде тарак көрсөтүп коюу ал үчүн көңүл айныткан бир ишке айланды.
Кемпир узакка созулган кандуу согуштан кайткан жоокер сыяктуу эле. Алган жарааттары эми сыздап оорутуп, өлөрчө чарчаганын эми сезип, күн сайын бир оору пайда боло берди.
Лейла маселеси Али Риза бейдин да, анын да жүрөгүнүн эң талуу жерине тийди. Бул намыс иши болгондуктан, чалыныкын да туура эмес деп айта албайт, бирок ошол эле учурда эмнегедир чалынан иренжип, көңүлү калып калды.
Бул абал Али Риза бейге кээде түшүнүксүз бир табышмактай туюлчу:
- Балдардын баарынан айрылдык... Жаңы үйлөнгөндөгүдөй болуп эки баш калдык... Бу балакеттерден кийин бири-бирибизге жакын болуп калышыбыз керек эле го? Биз болсо бири-бирибизден жийиркенип, көрөйүн деген көзүбүз жок отурабыз... Адам дегениң ушундай бир таң каларлык табышмак болот турбайбы, о Кудай!
Али Риза бей бул табышмактын дагы бирин кемпири экөөнүн Айшеге жасаган мамилесинен көрдү. Беш баладан колдорунда ушул кичинекей кыз калды. Ушундай болгон соң тигилерге болгон мээримди Айшеге берип, аны беш эсе сүйүш керек эле го? Кызга болсо үй ичинде жүргөн, аяк алдына келе калса ыргыта тепкен мышыкка жасагандай мамиле жасалчу. Балдар менен кофе чөйчөктөрүнүн ортосунда эч кандай деле айырма жок болуп калган шекилди. Сынып отуруп бирөө калганда ишке жарабас болуп, бир бурчка ыргытыла турган болду.
Айше азыр он төрттө, эжелери сыяктуу көркүнө чыгып келатат. Бирок анын алгачкы жазын кимдин көзү көрмөк эле? Мурунку оюнкарак, оозу тынбаган Айше эми коркок болуп калды. Үйдүн бир жеринде бары-жогу билинбей жүрө берет, күлгөндөн, катуу сүйлөгөндөн, катуураак баскандан да коркот, ыңгайы келгенде бакчага же коңшулардыкына качат.
Бир нече айдан кийин Али Риза бей бул балакетке да көндү. Кээде таягын алып, көчөгө чыгар болду. Акыры жүрүп баягы эски кафелердин астынан өттү. Теңтуштары терезени тыкылдатып чакырышты. Бир аз олку-солку болуп турган соң ичкери кирди. Алардын мамилеси андай деле өзгөрбөгөнүн байкады. Жакшылап ойлосо, туурасы да ушул эмес беле? Лейланын жаман жолго түшкөнүн билип туруп, үйүнө кайра киргизип алса, намыссыз деп айтышса болор эле. Бирок чындыкты угары менен кызын үйдөн кууп чыгып, азыркыга чейин атын да атабай жүрбөйбү. Азыр анын баласы өлгөн атадан эч кандай айырмасы жок, ага бир аз боор ооруса да болот.
- XXXİİ -
Кээде үйдө башка балдар тууралуу сөз болгондо, Лейланын аты эч качан аталчу эмес. Бир жолу Хайрие ханым ойлонуп отуруп Айшени Лейла деп чакырып алып, кээде көзүн жумары менен аны эстей берерин Али Риза бейге айткан эле.
Дубалда Али Риза бейдин качандыр бир кезде балдары тегеректей түшкөн эски сүрөтү бар болчу. Чал аяк алдында отуруп түшкөн Лейланы кайчы менен кесип таштаган соң, атасынын тизесин кучактаган колдору гана калган эле. Балдардын түшүнүксүз жоруктары болот эмеспи. Бир күнү Айше сүрөттү карап туруп:
- Ушу колдорду карасаң... Лейла эжем тизеңди кучактап жалдыраткан сыяктуу ээ?- деди.
Баланын аруулугунан же тентектигинен айтылган ушул табышмактуу сөздөн улам Хайрие ханым буркурап ыйлап ийди. Али Риза бей калтыраган муштуму менен кызды коркутуп:
- Жубарымбек!.. Экинчи анын атын сенин оозуңдан укпайын!,- деп бакырды.
Бирок эмнегедир ошо күндөн баштап тыюу бузулду. Хайрие ханым чалынын жини келгенине карабай Лейла жөнүндө көбүрөк сөз кылчу болду. Адегенде ар түрдүү себептер менен анын бала кезиндеги кылыктарын айтып жүрдү. Анан азыр эмне болуп жүргөнү тууралуу айыл-ападан уккан сөздөрдү айта баштады: кызды жолдон чыгарган адвокат андай деле жаман киши эмес имиш. Лейлага Таксимден чакан үй кирелеп, абдан жакшы карайт имиш. Ал турсун аны менен никелешкиси келет имиш, бирок тилекке каршы, аялы менен ажырашуунун жолун таба албай жүрүптүр. Кандай болсо да бул адам адеп-ахлаксыздыгынан эмес, Лейланы катуу сүйгөндөн улам ушундай ишке барган имиш...
Али Риза бей: «Кудай үчүн үнүңдү басчы, Хайрие... Арыман өлөр болдум!»- дегени менен бул жаңылыкка ыраазы болбой коё алчу эмес. Жаманбы, жакшыбы, бирөөгө бүлө экен да.
Хайрие ханым баарын байкачу. Ал бир күнү кечинде чалына Лейланын он беш күндөн бери ооруп жатканын айтты:
- Байкуш кыз, оорукчан болуп калбадыбы... Коркуп атам. Былтыркы оорусу кайра кармап калбагай эле.
Бул Али Риза бейдин алсыз жүрөгүндө болор-болбос боор ооруу менен мээримди ойготту.
Уят-сыйытсыз бир таризде мантосуна оронуп, бөйрөгүн таяна, боёлуу оозун чоюштата, капкара кылып боёгон көзүн жүлжүйтө ыргыштап монолог окуган Лейла жоголуп, баягы оорулуу, үмүтсүз Лейланын купкуу элеси келди.
Хайрие ханым чалынын жүзүндөгү кайгыны көрүп кайраттана түштү да:
- Уруксат бер... Бир күнү кечинде барып кызымы көрүп келейин,- деп жалбарды.
Али Риза бей ачууланган жок, болгону:
- Ушул сөз сен сыяктуу намыстуу аялдын оозунан чыгар сөзбү, Хайрие? Өлүм бар, аны менен кайра көрүшүү жок!- деди.
Бирок ушул учурда эрксизден эки тамчы жаш чыгып кетти. Чал муну жарыктан агып кеткендей түр көрсөтүп, чыракты тиктей берди. Анан башын жерге салып, ооруган аягын ого бетер сүйрөлтө бөлмөдөн чыгып кетти.
Хайрие ханым бул баёо амалга ишенип калды.
Лейланын окуясынан кийин өзүн дароо таштап койгон, жаткан жеринен анда-санда көзүн ачып, тегерегин караганды, суроого ооз учу менен жооп бергенди да пайдасыз иш деп калган Хайрие ханымда бул күндөрү табышмактуу өзгөрүүлөр байкала баштады. Чалына карата саясаты да өзгөрдү. Анда-санда Али Риза бейдин жанына келип, майда-чүйдө кызматын кылып, жылуу сөздөр менен көңүлүн алып жүрдү.
Бул жандануу баягы алгачкы балакеттер болуп, үйдөн кут качып, балдар бири-бири менен уруша баштаган убактардагыга окшоп турду. Али Риза бей бул өзгөрүүгө көп деле маани бербей, ичинен: «Коё тур, көрөлү... мунун артында бир нерсе бар, бирок Жараткан өзүң жар боло көр»,- деп жүрдү.
Чалдын түкшүмөлү туура чыкты. Көп өтпөй бул таң каларлык жаракөрлүктүн сыры ачылды. Али Риза бей бир күнү бир баштык жашылча кармай эшиктен киргенде, маңдайында кызы Лейла туруптур.
Лейла: «Ата... атаке!» деп буркурап Али Риза бейдин мойнуна асылды, Хайрие ханым менен Айше бутун кучактап жалбарышты.
Али Риза артка кетенчиктей берип дубалга таянды. Көзүн жумду. Жүзүнөн толкунданганы байкалган жок. Болгону башын чалкалатып, аба жетпей жаткандай жакасындагы топчуну чечкенге аракет кылды. Демек, Хайрие ханымдын Лейланы улам-улам айтып калганынын максаты ушул турбайбы. Кызы менен тымызын жолугуп, план даярдашкан экен.
Адегенде Лейланын бала кездеги жоруктарын айтып ийиткенге аракет кылышыптыр. Анан оору икаясын айтышыптыр. Акырында чалдын ачуусу жанды го деген ой менен кайраттанып, ушуну кылышыптыр... План жаман эмес экен. Лейла сени менен жарашайын дейт деп айтышса, Али Риза бей макул болбошу мүмкүн. Бирок кызын капыстан көрсө, толкунданып, ойлонгонго чамасы келбей аны кучактап калышы ыктымал... Мындай кысымдан улам чалдын өлүп калышы мүмкүн экени деле алардын оюна келбесе керек.
Лейла унчукпай турат, Хайрие ханым эбиреп-жебиреп турат, ал оозун жыяры менен Айше жалбара баштайт да, үчөө тең буркурап ыйлашат. Али Риза бейдин колу жакасынын топчусунда, кызынын жүзүн экинчи карабайм деген анты-шертин бузгусу келбегендей көзүн жуумп турат.
Акырында сөз кезеги ага келди. Чал экинчи жолу жоктой таризде:
- Бекер эле убара болуп атасыңар,- деди, - менин эми Лейла деген кызым жок. Биз бири-бирибиз үчүн өлгөн кишилербиз.
Хайриет ханым, Лейла жана Айше жарым сааттай жалынып-жалбарышты, бирок Али Риза бейдин оозунан башка сөз чыкпады.
- XXXİİİ -
Лейла кеткенден кийин Али Риза бей менен кемпиринин ортосунда чоң жаңжал чыкты. Хайрие ханым чалын жакшылыкча ийге келтире албашына көзү жеткен соң дароо жаңжалды баштады:
- Сени киши деп отуз жыл айтканыңан чыкпадым. Мына эми эмне болгонуму көрүп турасың. Уруксат бер, менин айтканымдай да болсун. Сенин айыңан балдардан айрылдык. Колумда Лейла менен Айше калды. Кызым менсиз жашабайт. Мен да ансыз жашабайм. Лейланы бүтүн дүйнө жаман десе да, ал мен үчүн баарынан жакшы. Же Лейла менен жашайбыз, же...
Хайрие ханым сөзүнүн аягына чыкпай ыйлап ийди.
Али Риза бей кейиштүү күлүмсүрөп:
- Кайгырба, кемпир,- деди,- кайгырба, мен да сен сыяктуу бир чечимге келдим. Мен кетем. Балким, жакшы жашап кетерсиңер. Эми жакшы жат.
Али Риза бей чындап эле ушундай чечимге келген болчу. Кандай болгондо да эми бул үйдө кала алмак эмес.
Эртеси эртең менен түйүнчөгүн түйүп атканын көргөн Хайрие ханым аны бала сыяктуу жемеледи:
- Жөнү жок телтектебечи... Сен бир майып чалсың... Ушул алың менен кайда барасың? Кезип-кезип, келе турган жериң дагы эле ушул жер... Жөн эле уят болгондун кереги эмне?
Максаты Фикретке баруу болчу. Түнү менен үч жыл мурун анын Хайдарпаша станциясында айткан сөзүн эстей берди:
- Өтө кыйналсаң, мага келерсиң, ата... Күйөөм жакшы болсо, сени колумдан келишинче карайм.
Ичинде купуя бир үмүт бар эле. Балким, Фикрет батырып алар, ошентип, жокчулук менен шермендечиликтен кутулар. Балдарынын эч бирине жүк болгусу келген жок эле, бирок эми эмне кылсын, оош-кыйышы жок жалгыз Алла таала турбайбы.
Али Риза бейдин бул үмүтү Адапазарына жетип, түн ичинде бир полициянын жардамы менен капкараңгы бир көчөдөн күйөө баласынын үйүн тапканга чейин турду.
Таш төшөлгөн короо ичинде дасторкон жыйыштырып жүргөн Фикрет аны көргөндө чочуп кетти да, оозу бошураак:
- Сенсиңби, ата?... Тынччылыкпы?- деди.
Али Риза бей колун суз өпкөн кызын кучактаганга даабай ийининен өөп жатып, чоочуркай караган эки баланы көрдү. Анан бөлмөлөрдүн биринен узун бойлуу, мурутун ак чалган бир киши көрүндү.
Келин үстү-башы чаң, жолдон чарчап келгендиктен ого бетер байкуш көрүнгөн чалдан уялгандай:
- Атам конокко келиптир,- деди.
Конок!... Фикрет муну менен күйөөсүнө «Коркпо, ачууланба... Бир-эки күндөн кийин кетет» дегиси келди бекен?
Күйөө бала Али Риза бей менен суз учурашып, Фикретке:
- Атаң жол жүрүп келди. Карды ачтыр, тамак даярда,- деп буйрук берди.
Чал үйгө кире электе эле кызы бул жерден бактылуу боло албаганын туйду.
Фикрет бир нече жылдын ичинде кадимкидей чөгүп, орто жаштагы бир элеттик аял болуп калыптыр. Атасына тамак даярдап атып балдарын кагып-силккенинен улам анын биротоло ажаан болуп калганы байкалып турду.
Бир аздан кийин Али Риза бей алдына койгон бир табак картөшкөнү жеп отурганда, Стамбулдагы жаңылыктарды сурай башташты. Экөө калса, кызына баарын төкпөй-чачпай айтып бермек. Бирок кандай болсо да жубай болуп жанында отурган күйөө баланын көзүнчө ачылып-чачылгысы келбеди, азырынча суроолорго ооз учунан жооп бергенге аракет кылды.
Алар өткөн-кеткен окуялардын ондон бирин да билбегенине карабастан, кыртышы сүйбөй, кыжырлана башташты.
Күйөө бала:
- Биз бирок кээ бир нерселерди угуп аттык,- деди.
Фикрет:
- Ах, ата... таарынба, бирок күнөөнүн башы сенде... Билесиң го, көзүңү ач, булардын баары тентимиш... Сакалың менен ойнотпо буларды деп канча чырылдадым, укпадың,- деп чыкты.
Күйөөсү аны көрүп ого бетер эрдемсинип, катуураак айта баштады:
- Фикрет туура айтат... Сиз көптү көргөн, чоң кызматтарда жүргөн кишиисиз... Мынча боштук кылбашыңыз керек эле... Мен ушуну каалайм, ушундай болот дешиңиз керек болчу. Ким оозун ачса, көчүккө тээп айдаш керек эле... Бүттү, кетти... Бир үйдүн башы, атасы болуп туруп, Фикрет айткандай, бала-чаканы сакалым менен ойнотуп коёюн... Ушундай кантип болсун?
Ансыз деле жол жүрүп чарчаган Али Риза бейдин жегени тамагынан өтпөй турду. Кейиштүү күлүмсүрөп, башын жерге салып:
- Эмне кылалы... Тагдыр... маңдайга жазганы да... - деди.
Үйдө Фикреттен башка эки балалуу жесир кайын сиңдиси бар экен. Башка бош бөлмө жок болгондуктан, Али Риза бейге эшиктин жанындагы конок бөлмөгө төшөк салып беришти.
Чал Адапазарында он беш күндөн ашык тура албады. Ошого да араң чыдады. Фикрет ушунчалык жат болуп калгандыктан, айтайын дегендеринин эч бирин айта албады. Кызы өзү кааласа да алып кала албагандан кийин аларды айтыштын эмне зарылчылыгы бар эле?
Кызынын «Өтө кыйналсаң, кел, ата, өзүм багып алам» деген убадасы бар эле, бирок ал да бир шартка байланыштуу болчу: Фикрет муну айтканда бейкут бир үйүм болсо дегени чалдын али да эсинде. Байкуш кыздын бул үмүтү да таш капкан экен. Бул жер да башка бир тозок турбайбы.
Али Риза бей анын кайненеси, кайын сиңдиси, күйөөсү, өгөй балдары менен кырылышып урушканын күн сайын көрүп жүрдү. Кудай жалгап кызы ажаан катын болуптур.
Ал бул уруштардын айрымдары өзүнөн улам болуп атканын сезе баштады. Бир күнү Фикреттин кайненесине «Атамын атын айтканыңызды экинчи укпайын. Үйүңөрдү башыңарга кийгизип коём» деп кыйкырганын кулагы чалды. Демек, Фикрет бул үйдөгү бардык азабы аз келгенсип, эми атасынын да азабын тарта баштаган турбайбы.
Келин бир күнү адатынча төшөк-жууркан көтөрүп конок бөлмөсүнө киргенде, чал:
- Мен үчүн чарчаганыңды көргөндө, ичим сыздайт, Фикрет,- деди,- бирок бул эми акыркы күн... уруксат берсең, эртең кетейин...
Али Риза бей «уруксат берсең» деп айтуу менен куулган бир адам кейпинен кутулду.
- Эмне мынча шашылыш?
- Шашылыш деле эмес, кызым, сени көрбөдүмбү...
Фикрет бир аз ойлонуп туруп, муңайым түрдө:
- Ата...- деди.
- Эмне болду, кызым?
Жаш келин бир маанилүү нерсени айткысы келип тургандай болду. Бирок бир аз олку-солку болуп туруп, мунун кереги жок деген ойго келгендей баш тартты.
- Демек, эртең жолго чыгат турбайсыңбы. Жакшы түш көрүп жат.
Ал чыгып кеткен соң чал ушундай муңайым кебетени, үндү кайдан көрүп, качан уктум эле деп ойлоно баштады да, көп өтпөй эле эстеди.
Уулу Шевкет да бир канча жолу ушинтип ачыла тургандай болуп барып унчукпай калган эле.
СОҢУ
Али Риза бей Адапазарынан келгенден кийин үйүнө кайрылбады. Ар кай жерде тентип жүрдү. Акырында кышка жуук ооруп, сол колу менен сол буту такыр иштебей калды. Эски тааныштарынын биринин далалаты менен оорукага жаткырылды. Бирок көпкө жаткан жок. Бир күн Хайрие ханым Лейла экөө машина менен ооруканага келишип, буркурап Али Риза бейдин мойнуна асылышты.
Лейла:
- Ата, сени эч качан таштабайбыз,- деди.
Хайрие ханым:
- Али Риза бей, эми көктүгүңү кой, менин тилими ал,- деп жалбара баштады.
Хайрие ханым чалынын өжөрлүгүнөн бекер эле коркуптур. Карылык менен оору анын жиңкинин куруткан экен. Кызы менен кемпиринин кайдан мынчалык жакшынакай кийинип алганына деле таң калбай, аларды кайра көргөнүнө жаш баладай кубанып, эми биротоло булдурап калган тили менен бир нерселерди айтымыш болот, көздөрүнөн жаш чыкпай, ыктыткан сыяктуу бышактап ыйлайт.
Хайрие ханым Долап көчөсүндөгү үйдү ижарага берип, Айше экөө Лейланын Таксимдеги үйүнө көчүп келген эле. Лейланын адвокаты ажаан катынынан аптада бир-эки түн гана бошой алгандыктан, байкуш кыз килейген үйдө бир кызматчы кыз менен жалгыз турчу. Лейланын жагдайы жакшы болчу. Бай адвокат айына бир нече жүз лира берип турчу. Тилекке каршы, жаш болгондуктан, анын көзүн таап сарптаганды билчү эмес. Эми кудай жалгап апасы келип, баарын жай-жайына коюп башкара турган болду.
Али Риза бейге бул үйдөн деңизге караган күнөстүү бөлмө даярдашты. Чал жаны жай алып, тамагы жакшы болгондуктан, тез эле оңолуп кетти. Таякчан үй ичин кыдырып, тилинин булдураганына карабай Лейланын тотукушуна тил үйрөткөнгө аракет кылат.
Ал турсун адвокат үйүндө достору үчүн уюштурган үлпөттөргө катышып, келишкен ысык ашканада тамак даярдаган Хайрие ханымга жардам берет же он бештеги сулуу кыз болгон Айше экөө башка аялдар менен күлкүлүү бийлерди бийлеп, отургандардын көңүлүн ачат.
Үйдө отуруп тажаганда таптаза кийинтишип, ачык арабага отургузушуп, сейилге жөнөтүшөт...
Али Риза бей мындай күндөрү майрам кийими менен майрам жел бешигине отурган балдардай жадырап кубанат. Көчөдөгү көп элдин ичинен анда-санда эски тааныштарын көрүп калганы гана болбосо...