АҢГЕМЕ
Күзгү аптаптын ысыгын айтпа, күн мээ кайнатат! Буудайлар бышып, орулар мезгили жеткенине карабай комбайын жетишсиздиги айынан бул жердин аштыгы али тыныч. Эгин талаасын аралап чыгыш кыркага кесип өткөн жалгыз аяк жолдо топо кечип, алма кемирип жөө келатам.
Моюнума асынган сомкемде азырча беш-алты дептер менен экы-үч тал карындашымдан башкасы бүт алмага толгон. Мугалимдин айтымына караганда окуу китептерибиз али келе элек экен. А бул алмаларды мектептен кайткан жолдо, Саламаттын алма багынан уурдап чыккам. Тай чабым жерге созулган алма бакты эл ушинтип аташат. Ээсин деле тааныбайым, анда-санда балдары чыгып кууп калат. Аларды деле толук көрбөйм, кароолго турган балабыз «ээси келатат» дегенде эле дыр коёбуз. Тааныган-билген атчандардан келип калса атына учкаштырып алаар бекен деген үмүттө улам арт жагыма кылчактап коём. Эчким көрүнбөйт, тээ алдыдакы таштуу кыя менен жануурлап чыгып болгуча сызгырылып калар бекем деп ойлогон сайын жаным кейийт.
Айдоонун аркы четине чыга бериште эки түп долоно бар, ошого кичине көлөкөлөп, дем алайын деп жол четине бурулдум. Сарала тартып шуудураган жалбырактарды тиктеп чалкаман түшүп жаттым. Бир маалда аттын бышкырынганы угулду. Башымды көтөрсөм Казакпай чал келатыптыр, Үмүтүм үзүлө түштү. Кошуна отурган менен жакындан бери кирди-чыктыбыз азайып, алтургай быйыл жазда жайыттын айынан катуу айтышып, камчы үйрүшкөнгө чейин барган биздин үйдөкүлөр менен. Үзүлүп түшкөн жалбырактын сабагын тиштегилеп отура бердим. Чал өтүп кетти. Мени көргөн жок. Шашылыш окшойт. Өпөңдөй теминип, атынан мурун өзү жетчүдөй болуп ээр үстүндө улам алдыга обдулат. Артына бөктөргөн чоң ак баштыгы бир жагына саал кыйшайып, ат желген сайын каңгып баратат.
Сыягы, канжыгасы бошоп кеткендей. Чал айдоодон чыгып, эми эле төш таяна бергенде бөктөргөн ак баштыгы ат соорусунан жылмышып, кулап түштү. Алдыга шашкан чал артта кулаган баштыкты байкаган жок. Кыйкырып эскертейин деп барып, жаздагы окуялар эсиме түшүп унчуккан жокмун. Ар-бер жакты карасам эчким көрүнбөйт. Чал жануурлай жүрүп отуруп кырды ашып кеткенче артын бир караган жок. Мен жүгүргөн бойдон барып ак баштыкты калың буудайдын арасына сүйрөп кирдим. Тырмалап жүрүп оозун араң чечтим. Ичи толгон кезмал экен. Жакында небиреси Ырыскулдун кенже кызын алып качып келиптир деп уккам. Тойго даярданып жатканын дароо түшүндүм, кудаларга алган кийит экен да. Жегидей бирдеме карасам эң эле түбүндө өңдөнөт. Мунун баарын чачсам кайра батыра алаар эмесмин. Эмне болсо да үйгө барганда бир эле көрөйүн дедим. Муну көрсө апам аябай сүйүнөт! Чүпүрөк-жапырак көрсө эле баса калмайы бар.
Кийим тиккен кол машинеси бар. Ошонун жардамы менен курак курайт. Бизге желетке тигет... «Ит чалга сооп болгон экен!» деп атам андан бетер табасы канып, мага ыраазы болорун ойлогондо төбөм көккө жете түштү. Эмнегедир атам тап-такыр мени мактачу эмес, ушу жолу мактабаганын көрөйүн! Баштыктын оозун кайра бекем бууп, буудайдын ансайын калың жерине карай сүйрөп кирип таштадым. «Үлп» эткен жел жок. Алтын данга толгон буудайдын баштарынан акырын кылтыйып чал ашкан кырды карап коём. Бир маалда Казакпай чал кайра тарткан экен, жүрүшү жанакыдан да катуу. Капталды бүтүн чаңдатып бат эле түшүп келди. Чүрүшкөн калпагынын төбөсү анда-мында бир көрүнүп, аштыкты аралай чаап, кайра айылга карай кетти. «Болду-болбоду, Орозго кетти» дедим. Кезмал саткан уйгур чал бар, айыл эли бүт ошондон алат. Насыяга жазып коёт да мал сатылчу мезгилде акчасын жыйып алат.
Күн баткыча күтүп жаттым. Ысыкка думугуп, демим кысылганына караган жокмун. Чал алда небак ак баштыктан дагы бирди байланып кайра өтүп кеткен. Бечара киши, бир тайынчанын акчасын артык төлөмөй болду да! Күттүргөн күүгүм да келди. Ак баштыкты сүйрөп айдоодон чыктым. Талаада калгырдын оордугун айтпа! Эптеп ийниме коюп бираз жерге бардым, анан кайра сүйрөдүм. Тытылып калбасын деп кайра көтөрдүм. Күндүн кызылы батып, бат эле караңгылык басты. Караңгылык менен кошо сүр басты. Караңгылык үрөйдүн түнөгүндөй. Элеңдеп эки жагымды карап коём.
Чал чаңдатып түшүп келип, чаңдатып ашып кеткен жол менен ак тер, кара тер болуп, башым булоолонуп баратам. Алмаларымды алда небак жеп түгөткөм. Курсагым ачып, суусаганым бир жактан. Оозум кургап, чапташкан тамагымды нымдаарга шилекей жетпейт. Тек жолдон тапкан олжомду атам-апамдарга жеткирип капилеттен сүйүнтөйүн деген ой мага дем-күч берип, муунума тирек болуп келатты. Алар мүмкүн мени бүгүн келбей калды, жездесиникине конуп калды деп ойлошсо керек.
– Мал деген мал экен да! Чегараңдын сызыгын билбейт!
– Мал билбесе малдын ээси да билбейт бекен? Кичине көз салып койгула да. Өзүбүздүн малдан аяп, чабышка деп тиш тийгизбей жаткан жер экенин билбейсиңерби?!
– Болду, камчыңды үйрө бербе? Өлсөк эки метр жер жетет!
– Көрүнө көтөрүп кетчү эчким жок, бирок көргө чейин тирдик керек да!
Атам менен Казакпай чал биздин эшик алдында кажылдашкандарын эстедим. Ошондон бери атам алардыкына, Казакпай чал биздикине бастырып келе элек.
Акпаган жерден тер агып, ала жаздай жайлоодо жеген эт-майым менен ичкен кымызым бир күндө көчүгүмөн чыккандай болуп жүрүп кырга араң чыктым. Быйыл башталгычтын эң жогорку жылдыгы биз. Биздин класстын эң чоңу мен элем. Атама кой кайтарышып жүрүп мектепке эки жыл кеч келген да жайым бар. Дулдуйган кебетеме караса керек: сабакташтарым «Өгүз» деп коёт. Бирок ал сөздү мага угуза бербей же мен кууп жете алгыс жерде туруп айтат. Болбосо айтканына тойгузам.
Чал же бала-чакасы кезигип калбасын деп кырга чыккан соң түз жолдон чыгып, айланып жүрүп араң жеттим үйгө. Арсылдап үрүп чыккан иттин үнү тез басылганынан эле менин келгенимди сезсе керек. Эшик кайч ачылып, үлбүрөгөн шам чырактын жарыгы менен кошо апам тышка чыкты.
– Ой, бул эмне шумдугуң? – деди апам сүйрөгөн баштыгымды көрүп.
– Таап алдым! – дедим шанаңдап.
Ак баштыкты босогодон аары оонатып, атамды да даанараак көрсүн дегендей кырдап койдум. Уудан олжолуу кайткан мергенден бетер көңүлүм көтөрүңкү. Сомкемди мойнумдан алып төрдөгү жыйылган жүктүн үстүнө ыргыттым эле, аным толук жетпей, жүктүн капталына тийип, кайра бери кулап түштү. Ага деле караган жокмун. Барбалаңдап олжомдун жөнүн айттым:
– Казакпай чалдыкы, канжыгасынан шыпырылып түшүп калды.
– Чал эмнеси?! – деди апам жактыра бербей кабагын чытып, – улуу киши да.
Аксакал, ата деп сүйлөйсүң.
– Ым, – деп койдум азыр эле ал капалыгы жоголуп, баштыктын ичиндеги кезмалдарды көргөндө терисине батпай сүйүнөрүн ойлоп.
– Ал эмне экен? – деди төрдө чыканактап жаткан атам оордунан копшолуп.
– Бүт баары кезмал, жаңы дагы! – дедим баштыкты тышынан таптап. Түбүндөгү таттуулар жөнүндө айтпадым. Анан оозун чечүүгө камдандым.
– Тийбе! – деди атам ачууланып. – Бирөөнүн дүйнөсүн өзүнөн уруксатсыз оозун ачканың эмнең!? Тойго даярданып жаткан го. Бар, апарып бер!
Түшүнбөй калдым. Колго чапкандай шалдая түштүм. Атамдын кабагына карадым. Мындайда а кишиге артык сөз айтуунун кажети жок.
– Бир чыны кымыз ичип ала сал, – деди апам чанач жакка басып.
– Апарып берип келип бир эле ичсин! – деп койду атам. Сыягы, мага капа болуп калгандай.
Ак баштыкты босогодон кайра тышка оодардым. Талаада калгыр, не мынча зил?! Жанагыдан эки эсе оорлошуп кеткендей...
2022.9.10