АҢГЕМЕ
– Ведаттын жинди болгонун ким айтты? Апасыбы?
Бул бала жинди. Жиндинин жиндиси. Жердин булуң-бурчуна атын угуза турган жинди. Добулбастар менен бакырып таанытыла турган жинди. Талаада чуркаган ат да, сарайларга түнөш үчүн кербендер да токтойт, бирок бул баланын жиндилиги... Бирок байкасам, ал менин уулум, менин үчүнчү сүйүктүү балам төшүн жерге сүрүп жөрмөлөгүсү келет. Өкүмөттүн акчасына билим алгысы келет. Ал буга муктаж беле? Жок, ал абройлуу бардар жашаган адамдын уулу. Анын атасы жөн гана байлыкты жыйнап кучактап алган бай эмес, ачтын курсагын тойгузган, адамдарга колун сунган... Бардык адам байдын сүннөт учурунда баласын кармап турушун каалар эле, аны менен сыймыктанышчу. Эшигинин оозунда ач карындарын тойгузгандардын саны сан жеткиз эле. Ведат мына ушундай кишинин уулу. Бай мага үйлөнгөндө менин атамдын жашында эле, бирок эркектик милдетин сөз тийгизбей аткарды.
“Эркек бала төрө” – деген эле, “мал-мүлк, бул жерлер ээси жок калбасын”. Жыйырма жашыма жетип жетпей төрт эркек бала төрөп бердим. Үй ичи бакытка толду. Тун уулум – Мурат, экинчиси – Седат, үчүнчүсү – Ведат, төртүнчүсү – Бахри. Бул ысымдар чоң аталарынын ысымдары эле. Баары ак сөөктөрдүн үй-бүлөсүнө жарашыктуу уул болду. Баары чоң-чоң шаарларда паашалардай[1] эле билим алышууда. Мал-мүлктүн кадырын, баркын билишет. Айылды, талааны, дүкөндөрдү, эки апельсин бакчасын, биринчи аялы жактырбай таштап кеткен алтындарды, банктагы акчаларды, кош терек жактагы талааны балдарына жумшоо үчүн бөлүштүрдү. Келечекте эмне болорун алдын ала байкап, көрө алган экен... Мен бул байлыкка тактыктуу эмесминби, албетте, татыктуумун. Сыягы эч кимге акчанын жытын жыттатпайт имишмин. Эмне кылганым белгисиз имиш. Мен тез-тез басар элем, ыргытылган үч найзанын аралыгындагы жерди оңой эле көрө алчумун. Суу сымал элем. Жайлоодогу ташкындан пайда болгон суунун колдору ар тарапка жайылган колдору сымал. Муну мага ыраматылык жолдошум айтчу. Башкалар баш-аягы жок сөз сүйлөп, сөз кылышат, аны билем. Бирок мен чоң атамдын жашына келген адамдын түкүрүк идишин тазаладым. Ага тиешелүү бир дагы ишти кызматчыларга таштабадым...
Жолдошумдан башка эч кимден курсагым чоңойбоду. Муну дагы ал каалады деп, дайыма баш ийдим. Эркектин пулу – аялдын мойнундагы милдети. Эс-алуу эмне экенин билбечүмүн. Жайында жайлоого барганыбызда күнүм анын жанында үйдөгү кызматчыларга көз салуу менен өтөр эле. Ашканадагы нерселердин баарын эсеп-чоту менен, чеги менен берүү керек. Байдын акысына иштегендер кандай гана чыккынчылык кыларын билемин. Ушактарга ишене турган болсок, мен кызматчылыктан бул даражага келген экенмин. Эжем дагы ашпозчу имиш. Муну кайсы беттери менен уялбай тилине алышат. Эч кандай эжекем жок. Анда-санда Топраклы Махаллеге бирөөлөргө барат экенмин. Адам баласынын милдети бар. Үйгө кызмат кылып кийин эс алууга чыккан адамга бир-эки тыйын алып баруунун эмнеси уят. Муну сөз чыгаргандардан сурайм? Килтейген бакчадагы өрүктөрдү чүпүрөктөрдүн үстүнө жайып кургатчумун. Помидорлорду да жайлоодон эзип даярдатчумун. Казандарда кайнаган помидорлордун данектерин чыпка менен сүздүрүп жатып бардык нерсе өз нугунда болуп жатканын сезер элем. Байым эс-ала турган жашка келип калган эле. Анын мал-мүлкүн карай турган мен бар элем да...
Тамга тааныбаганымды айтып жүрүшөт. Макул дейли, бирок мал-мүлктүн эсебин кызматчылардан, эсепчилерден ким алып жатат анда? Жылдык соодадан түшкөн акчаларды жардам үчүн бөлүштүрүп, тараткан ким?.. Мунун баары көрө албастык. Байымдын аялы өлө электе эле мен анын аялы болуп алган имишмин. Жалганды карасаң тимеле.
Баары өз кыздарын жолдошума берүүнү каалады. Муну кайдан билесиң деп жатсаңыз, байым өзү айтып берген. Азыр дыйканчылык үчүн колдонулган буюмдарыбыз жайгашкан биринчи кабаттагы бөлмө бар эмеспи, бир убакта ал жер таптаза, көчөнү караган терезелери сыртынан темир менен торолгон, дивандары кымбат кездемелер менен капталган ачык күрөң түстөгү бөлмө эле. Жерге таза жүндөн жасалган Йөрүк килемдери салынып турган эле мен эң биринчи келгенимде. Үйлөнгөнүбүздө көргөн элем. Бөлмөнү көрүп ичим жылыган.
Сыягы байым биринчи аялы каза болгонго чейин мени ошол бөлмөдө сактап жүргөн имиш. Мен үчүн ал бөлмөнү кооздотуп, мени менен кыз-келин оюнун ойночу имиш. Эх, бул сөздөрдү ооздорунан чыгаргандардын бейиши же тозогу жокпу, ар түрдүү калп айтышат. Тамга тааныйм. Окуй да алам, жаза да. Бардык нерсени билем. Тун балам никесиз боюмда болгон имиш. Ал жети айлык болуп төрөлдү тун балам...
Ар бир тыйындын эмне болгонун көрүшүм керек бул үйдө.
Булар адамдын сөөгүн, илигин, чучужун соруп алат.
Дайыма буудай жешкени үчүн нааразы экен, эмнеге? Айрандан жасалган ашты, таптаза турпту котлет менен жеп жатып эч уялышпайбы? Канча жыл эркеги жок үйдү ким башкарып жатат анда!
Мен да картайдым. Убактымдын көбү бөлмөмдө өтүүдө.
Акса салгычты баш-учума койдуруп алганымдын себеби, жакшы көрбөйт имишмин. Муну оозунан чыгаргандар касса эмне экенин эч билишпейт. Күндө бир жолу соодадан түшкөн акчаларды ойлоп, тиешелүү жерлерге бөлүштүрүү үчүн өзүм уктаган бөлмөдөн башка эң ыңгайлуусу болмок беле!
Алтын түстөгү франсуз керебетимди башынан бери абдан жакшы көрөм. Жана да ыр укканды.
Эмне деп жаттым эле, аа-а, кассаны өз бөлмөмө койдурганым менен башка бөлмөгө койдурганымдын эмне айырмасы бар, эмне болот анчалык... Коркконумдан өз кучагына алды деп ойлошобу? Акча салгычты келген-кеткен ар ким ача бериши керекпи? Алгач келгенимде ачып жапканды үйрөнө албайм деп абдан коркком. Эми каалаган жериме коём. Башкалардын иши эмне?...
Бул үйлөрүбүз да эскирди, билем. Кыш да мурункуга караганда суук болууда. Мурда ар бир бөлмөдө от жагылчу, ыраматылык жолдошумдун көзү тирүү кезинде. Азыр болсо анчаны жумшасак эмнеге жарайт. Үйдөгү кызматкерлердин да санын азайттым. Бир гана былтыр Дөнени ишке алдым. Тамак жасаганга адамыбыз бар да бар ансыз деле.
Ашкана ысык. Ашкананын ысыгы адамдын сөөгүн жүлүнүнө чейин ысытарын билем.
Ашкананын меши да эскирди. Жаңы газдуу меш орноттум. Ашпозчубуздун тамактары абдан даамдуу. Бир уулу бар, бөтөн алыс жерде жүрөт. Жаман катынга ашык болуп калса керек, алигиче кайтпады. Кээде ашпозчубуз баарын таштап кетет... Антептикпи, иши кылып бир туугандары бар экен... Ордуна башка бирөөнү таап ашкана иштерин жайгарып коём. Өткөн жылы бир жолу кетип туура эки ай жоголду... Улуу балам “Бул чегинен ашты”, ̶ деди. “Келсе жакшылап тарбиялоо керек”.
Акыры келди. Дароо менин бөлмөмө көтөрүлдү. Кирип куш жүнүнөн жасалган керебетке отурду. Башында ак жоолук, узун көгүш күрмөсү, жеңдери жыртылып, тигиштери сөгүлгөн кебез.
̶ Менин ордума иштеп жаткан Айша менен сүйлөштүм, ̶ деди. – Эртең акчасын алып кетет. Андан кийин кошок айтып кирсе болобу. Уулун бычактап кетишиптир.
̶ Эмнеге антишиптир?
̶ Жанагы Сехер деген канчыктын айынан.
̶ Сенин балаң да жакшылык кылчу адамдай эмес эле, Саты.
̶ Туура айтасыз.
̶ Кайгырып, жаныңды кыйнаба.
- Бул жалган жашоодо андан башка мени жерге көмөр эч кимим да жок эле.
Ыйлады.
̶ Жашым жетимишке келди. Биз француз каапырын жол кылууга жаштыгыбыздан тартып аял болуп салым кошсок, уулубуз кыз-келиндин аркасынан чуркап энесинин сөөгүн башкалардын колуна таштады. Кайсы канчыктын койнунда жатты десем да, ал менин уулум экени айдан ачык.
Оозун, тилин тизгиндей алган түзүк аял. Картаң болгону жакшы.
Жаштар үйгө башкаларды да киргизип жибереби, тамак-аш уурдайбы – билүү кыйын. Бардык жаштардын ургаачы итти ээрчиген эркек иттердей кыгыраган тааныш-тууганы бар. Мунун болсо эч кимиси жок. Антептик. Кетеринде гана келип маңдайыма туруп:
̶ Келдим, кожойке. Үстү-башымды аңтарып ал, ̶ дейт.
̶ Жок, антпе көрбө, Саты, ̶ дейм ошондо.
Балдарым ана Саты эже деп кайрылышат. Бирок ошентсе да аны көзүмдү бир аңтарып көзүм менен сүзүп алам жакшылап... Этсиз сөөктөй узун арык аял. Көгүш түстөгү күрмөсүнүн чөнтөгү жок. Эмнени эмнесине катмак эле.
Бул үйлөр эскирди. Азыр бетондон, бекем балкону бар бийик үйлөр салынууда. Эки балам:
̶ Станция жактан көп кабаттуу үйдөн же бетондон жасалган чоң үй алалы, апа. Жыргай түшөсүң. Жеңил болот үй иштери. Карасаң биздин үйлөрдү, экинчи каттын алдынын баары ашкана. Эки тараптан түшкөн тепкичтерди Дөне тазалап баштаса, бир күнү кечке тепкичтерди тазалап өтөт... ̶ деп айтты.
̶ Жок, мен каалабайм ал жаңы үйлөрдү...
Менин ашканамда мурда акчага кара иш кылгандар, отун жаргандар келип тамактануу үчүн отурганда баштан аягына чейин толор эле бардык жери. Байымдын ашканасы менин ашканам. Жумушчулардын тамак-ашы, буюм-тайымдары, идиш-аяктар ашканага жыйылганда үйдө абдан кенен баса турган жер көбөйүп калар эле.
Таңкы салкында күн чыкканга чейин машиналар эшиктин оозунда туруп, адамдар үйдүн эки тепкичтери аркылуу жүктөрдү ташучу. Эх, кандай сонун күндөр эле...
Жылдар өттү, балдарымдын бирөө окуу үчүн Стамбулга, бирөө Анкарага кетти.
Мен башында туруп карай албаган жерге эч нерсе тикпейм.
Алар келгенге дейре жерди ижарага бердим. Анын үстүнө тынч уктайсың. Нөшөр жаайт, ал болот, бул болот деп ойлонбойм.
Топурак башында эркектин бошунун каалайт.
Улуу балам жүзүмдү дайыма жылмайтат. Аны менен азыртадан тартып жылдык кирешени, салыктарды өз алдыбызча, адамдарыбыз менен сүйлөшүп келишим түзүп иштерди өз нугуна коюп жатабыз. Калгандары көбүнчө жаныбызда эмес. Улуу балам бардык жагынан өзүмдү тартты. Өкүмөт салыктарды көбөйткөндө балам сокур Мустафанын уулун колунан кармап алып келди. Ал Германияда окуп-чокуп адам болуп келиптир. Кирешелерибиздин эсебин ага текшертип жатабыз.
Барды кишибиз өз ыгы менен жүрүп жатканда Ведаттын бул жасагандары эмнеси? Бала кезинде акылдуу эле. Андан акылдуу жок болчу. Башталгыч класс окуп жүргөнүндө аны майрамдарга ыр окуусу үчүн чакырышар эле. Көпчүлүк арасында алдын карап көркөм ыр окучу. “Мамлекет” дегенде, “желек” дегенде колун асманга көтөрүп айтчу ырын. Ар бир майрамда ушундай кылчу.
Ведатты баары мага “эң акылдуу балаң” дешчү.
Кечкуурун эшик ачылып, тепкичтерден үн, ызы-чуу чыгарбай басып жогору көтөрүлүшүнөн анын келгенин билер элем. Дайыма түптүз сызыктарды сызып даярдаган дептеринен ар нерселерди окучу. Жанына барсам: “Жомок айтып берчи, апаке”, ̶ дечү. Башка балдарым “апа”, ал эми Ведат “апаке” деп кайрылчу... Өзгөчө Акылдуу Тазбала жана жаман падыша жомогу анын эң сүйүктүүсү эле.
Канчалык убакыттан бери бул бала сөз укпас болду? Ашканада Сатынын жанында отуруп тамактануусун кантип түшүнсө болот? Анын үстүнө Сатынын да Антептеги француз каапырлары тууралуу айткан нерселери бар. “Биз дарактарга чыгып жемиш топтоп жатканда бакчага француз каапырлары күтүүсүздөн кирип келди. Үстү башына жер-жемиштерди кантип ыргытканыбызды билсен гана”.
Бир нече сааттан кийин гана экинчи кабатка чыгар эле. “Апаке”, ̶ деп кайрылып, “Саты эже, биздин өз эжебиз. Мен ошондой деп кабыл алам. Эч кими жок биздин колубузда калды”.
̶ Ээ, балам, андагы тынчтык, байда да, пашада да жок, ̶ деп жооп берчүмүн.
Ошондо акырын үн катпай күлөр эле. Чыгып алып китеп окучу. Ушунчалык окучу, антип башка бир да балам окуй албачу. Бойго жете башташканда айылдан эки жаш кызды үйгө иштесин деп алып келдим.
Үтүктөлө турган жана кир кийимдер бара-бара көбөйө баштаган. Үйдө жаш адамдар бат-бат иштешет. Ушундан улам Дөнени иштен алайын дегенимде көз жашы тегерене баштады. Сыягы күйөөсүн иштеген жеринен айдап жиберишиптир. Эмне жөн жерден иштен айдамак эле? Күйөөсү акмактын акмагы. Дөне бир жагымдан:
̶ Анте көрбөнүз, кожойке. Үч курсагы ач жан мени карап отурат, ̶ деп ыйлактай баштады.
Бул учурда Ведат ичкери карай кирип:
̶ Апаке, Дөне калсын, ̶ деди. – Эки жылдан бери бул жакта иштейт. Ал дагы биздин адам болуп калды го. Кыздардын бирөөнү айылга жөнөт.
̶ Болбойт, балам. Кыздарды сеп-меп даярдоо үчүн алып келдим. Үч жыл бул жакта калат. Биз сөйкө салып койгонбуз. Силердин кызматыңарга ошолор жарайт. Мен өз бейишимди өзүм жасап алам.
̶ Сиз бейишиңизди Дөнеге да жасаңыз анда, макулбу? Дөне бул жакта калат.
̶ Жок дегенде күйөөсү ичпесин анда.
̶ Сиздин анын күйөөсү менен ишиңиз эмне? Атам дагы иччү эле го.
Айыл калкынын алдында бул уят, шермендечилик!
Ошол түнү өз бөлмөсүнөн чыкпады. Тамакка да түшпөдү. Байкелери сурады, айттым болгон ишти. Улуу балам экинчи кабатка кетти, бираздан кийин бакырган үндөр угула баштады. Эмне деген бакыруу бул, мындан да катуу бакырышуу көрбөпмүн эч. Байкеси:
̶ Сен бул пикирлериң менен биздин башыбызга балээ ачасың го, сага эмне, кийлигишпе катын ишине. Ушунча жыл башкарды, өзү билет эмне кылышты.
̶ Кийлигишем. Төрт кишинин ачка калышына жол ачкан апамдын куулугуна чыдай албайм.
̶ Апабыздын ким болгону намысыңа тийип жатабы?
̶ Жок, ал болгусу келген нерсе намысыма тийип жатат.
̶ Болгонун болгондой кабыл алабыз. Кандай болгон күндө да бардык мүмкүнчүлүк апабыздын колунда. Кайсы бир кызматчы катын үчүн апамды капа кыла албайсың. Анын үстүнө төрт кишини куткаруу баарын куткарууга жетишсиз.
̶ Муну баарын куткарууга даярдык деп айтат.
Дөне төрт айдан кийин кир жуучу бөлмөдө боюнан түшүп кан ичинде жатып калды. Кайрадан кыямат башталды.
̶ Апаке, бул аялдын боюнда бар. Муну сен да билесиң. Эмне үчүн кир жууп жатат?
Кан дагы көгөргөн көкбеттей болуп токтобой агып жатты. Агып жатты. Кир жуучу бөлмөнүн жериндеги таштар кан жайылган сайын күрөң түскө айланып жатты.
̶ Даярдан, Дөне, аначыга[2] барабыз, ̶ дедим.
̶ Аначы бул жакка келет. Мен ээрчитип келем, ̶ деди Ведат.
Дарыгерди ээрчитип келди. Конок түнөөчү бөлмөгө алып кирдик. Көк кездеме менен кооздолгон бөлмө. Бөлмөнүн ортосуна бир төшөк салдык. Мунун баарын уулум кызматчы кыздарга жасатып жатты. Алардын көздөрү менде, колу-буттары иште. Дөнени ал жерге жаткыздык, үстүнө Бахринин сүннөт тоюнда тигилген табигый атлас кездемесинен жасалган жуурканды жаптык.
Дарыгер айткан даарыларды да алганга Ведат жөнөдү.
Бөлмөгө киргенимде Дөне көз жаштарына ороно түштү.
̶ Эмне болду дагы, ̶ дедим.
̶ Чынын айтсам, кожойке, мен өзүм ашкананын жээгине чалынып кеттим. Менин биринчи жолу боюмдан түшкөн учур эмес, бирок Ведат мырза, байдын уулу. Эч көрбөсө керек мындай нерсени, абдан корксо керек.
̶ Азыр жат, ̶ дедим. – Шолоктогонуңду да токтот. Колумда туруп уулума өзүңдү байкуш көрсөтпө.
Дөнени үч күн ошол бөлмөдө жаткызып карады. Атлас кездемеден тигилген жуурканым кан болот деп түнкүсүн көздөрүмө уйку келбей жаттым. Бахри Стамбулда эле. Тиги экөө Анкарада. Ал бөлмөдө жаткандар ар тарапка жайылып кеткен. Келген коноктор баштарын чайкап: “Алар эч тынымсыз боюнан тушүрүшөт. Эки күн ичинде басып кетет. Мындай нерселер кайсы салтка туура келет? Сыягы Ведат мырзанын, уулуңуздун абдан назик жүрөгү бар окшойт”.
Байкеси менен такыр сүйлөшпөй калды. Атлас жуурканым таптаза чыкты.
Сатынын айткандары чын болсо, Дөне түнкүсүн баары уктаганда ашканага келип алдына кыл төшөктөрдү салып, үстүнө сандык бөлмөсүндөгү жука килемдерди жамынып жүргөн экен. Бирок Саты абдан картайды. Оюнан чыгарып да коюшу мүмкүн, бир кудай билет.
Ведат ошол жылы биз менен жайлоого чыкпады.
̶ Иштейм, ̶ деди.
̶ Эх, балам, ̶ дедим. – Эмнеге мындай кылатасың? Сен жакырчылык эмне экенин билбейсиң. Баары көрүнгөндөй жалгыз эмес.
̶ Сиздин жакырчылык эмне экенин билгениңиз, эмне ишке жарады, апаке? – деди.
Бул баланы менин өтмүш жашоом менен ким акылын тойгузду. Кайсы ары жок үй-бүлөбүз тууралуу айтканга тилин тибиретти.
Ошол жайы тоодон кар алып түшкөн карчылардын кыйкыргандарын уккан сайын ичимде бир жаман сезим ойночу болду. Какшаган ысыкта, чоң килтейген үйдө, капкараңгы ичинде, күн нуру буюмдардын, килемдердин түсүн өчүрүп салбасын деп, бардык терезелерди тумчулап салганбыз, Ведатымдын карандай жалгыз башына калганын ойлогонумда ичимде эч тынчтык өкүм сүрө албады.
Ал үйүрдөн айрылган эле.
Ал өрүктөрдүн алдында отуруп кар ташыган жинди дербишти күтүп: “Эмне болот дербиш эми, мени да кар күрөөгө аскага алып кет. Сенин сөзүңдү сүйлөйм. Кайтканда ар бир адам сени алаканында көтөрөт” дегендерден эмес эле.
Жинди дербиш дагы деле жашап жүрөт.
Дагы деле эшегине жүктөп алган карларды кошок айтып сатып жүрөт. Жараткандын бир жиндиси. “Кар алып келдим, кар”, - деп бакыргандын ордуна: “Он сегизимде көргө кирдим, шуркуя турмуш сага эмне кылдым, бул жалган дүйнөдөн эч бакыт таба албадым, шуркуя турмуш сага эмне кылдым”, - деп кыйкырып чакырган жарашабы деги!
Бирок ал сөздүн жиндиси. Акылдуу абалын көргөн бир жан да жок.
Жайлоо ичиме уу боло баштады. Башка балдарымдын ар бирине өз-өзүнчө арманымды айттым.
̶ Мындай, тигиндей...
̶ Өтүп кетет, апа, ̶ дешти. – Кумалакты карындай көрүп жатасыз.
Түнкүсүн балконго чыкканымда, канча курт-кумурска болсо ошончосу ызылдап-чурулдап жатты. Бардык жер таптаза жашыл чөп, дарак жыттанып жатты.
Ведаттын эң биринчи жатыныма түшкөнү али эсимде. Алгач эле самындын жыты ичимди зилзала кылып ийчү. Ошол жылы түркмөндөрдөн алган килемдерди жайып жатып ошончолук өзүмдү жаш сезгем! Жашым ал убак жашты, бирок мен аны айткан жокмун.
Жылдар кандай гана тез өттү. Азыр болсо жатыным карарып, түшүмсүз топуракка айланды. Дагы бир жолу этек кир тууралуу сүйлөсөм... Таң заарына жакын тун уулумду төрөгөндөгү бакырганым, таң агарып атканда сөөктөрүмдүн ордуна келгени дале эсимде.
Балдарымдын баарын таң заарында алып келдим бул дүйнөгө. Балким бардык бөбөктөр таң заарында төрөлөт. Төрөттүн чарчаңкылыгы эмне деген нерсе. Бир гана кудай билет анчалык таттуу чарчоо жок бул жашоодо...
Бирок анын эмнеси кем?
Ведат бирөөбүздү да чын жүрөктөн сүйбөдүбү?
Биз аны абдан жакшы көрөбүз... Бир да нерсесине кийлигишпедим. Колунда бар үй-бүлөнүн уулу болуунун билбейт. Жайлоону да ошол тандабады беле? Ары жашыл ары сууга бай жерлер бар эле. “Жок”, ̶ деди. “Бул жак жакшы”.
̶ Тоолор дайыма жылаңач, болгон жашыл жери боз шейшеп жамынып алат, ̶ дедим.
̶ Ушул жакшы, апаке, ̶ деди. – Мындай эски Селчуклу күмбөздөрү, мындай аба, суу, жинди дербиш кайда бар, айтчы.
Бул жердин суусу кенен. Жайлоо деген суусу жок, жели жок болбойт да! Жашыл чөп десең алар да кенен. Маңдайыбызда зор жылаңач тоо да бар. Бардык нерсени кучактап турган ошол сыяктуу сезилет. Өрүктөрдүн шербет сымал даамы аз табылат. Анын үстүнө бакчабыздын ортосундагы кара тыттын улуулугу бул аймакта абдан белгилүү. Келдик, алдык бул жерди. Төрт тарабы торолгон дубал, элүү түп өрүк дарагы, бир тыт, үч-төрт түп инжир дарагы бар. Узун, чоң асма өсүмдүктөр да дубалдарды, үйдү каптап турат. Бош жаткан чуңкурду болсо калың-калың тактайлар менен жаап, үстүн жаштар менен бастырып салдым. Ар жылы бул жакка келе берип акыры көндүк, көнө түштүк. Ведат да муну каалады. Калган балдарым да бул жакка кетер акчаны кирешебизге ылайыктуу экенин айтты... Мага:
̶ Апаке, бул сараңдыкты таштасаң боло, ̶ деп жатты.
Мен сараң эмесмин. Кимге эмненин канчалык жетерин билем. Башка балдарым менен тил табыша албай, түшүнбөстүктөр болгон эмес беле? Болгон. Үйлөнө турган убакыттары келгенде үй-бүлөбүзгө жарашкан кызга өз колум менен үйлөндүрөм баарын...
Улуу балам Стамбулда жашаган бирөөгө ашык окшойт сыягы, бирок кыз уулума татыктуубу. Сураштырып отуруп билип алдым. Абдан жакшы сеп алып келери көрүнүп турат. Бирок аны да каалабачудаймын, аркабыздан келгендер муну салт кылып алышын каалабайм.
Бул сарсанаа андай эмес. Ведаттын ар бир урушканы башкалар үчүн болуп жатпайбы. Айылдан келген кыздардын бирине Седат эмне кылганын билбейм, бирок Седат менен Ведат кан бычактай кагылышып жүрдү.
̶ Күчүңүз жеткен кишиге асылсаңыз боло, байке. Эч күчү жокту сандык бөлмөсүнө алып кирипсиз го.
̶ Жап жаагыңды, баарыбызды тажаттың. Үйдөгүлөрдүн баарына полиция болуп кеттиң го тимеле. Ал кыз эмне сага арызданып жатабы же?
̶ Кантип айтасың байдын баласын, сенин айылыңдан келип, сенин үйүңдө курсагын тойгузуп жатса.
̶ Сен байдын баласы эмессиңби, акмак? Бул жерде сен да биз сыяктуу бардык нерсени пайдаланып жатасың. Каршы чыкканың – төш көтөрүп менменсингенден башка эмне болушу мүмкүн же үч сап ыр жаттап; ушул жерден Ведаттын үнүнө окшоштуруп ырын айта баштады, ̶ Агып жатты суу; Көрсөтүп күзгүсүндө мажүрүм талдарыны; Самсалаган мажүрүмдөр жууп жатты сууга чачтарыны.
̶ Жаагыңды жап, ̶ деди Ведат. – Жаагыңды жап, сен бул сөздөрдү тилиңе алаар адам эмессиң.
Ошондон кийин дасторкон жыйналып, бирге отуруп тамактанган күнүбүз аз болуп калды. Табактар тизилген бойдон ордунан козголбойт. Ашканада болсо мискейдин жанында турган кашыктын үнүнөн башка эч бир идиш-аяктын үнү угулбай калды.
Свет күйгүзгөндөн кийин, жатардан мурун тамактанууну каалайм. Тамактанып жатып үйдө бир нерсе туура эмес болуп жатканын сезем.
Эмне үчүн? Ведаттан алыстаган сайын аны дагы да жакшы көрүп, дагы да коргоочу болдум. “Бир арманы бар анын, балдарым”, ̶ дейм. “Бир санаасы бар”. Түшүндүрө албадым... Жиндене да албадым. Барган сайын боор тартып боорум ооруйт... Кээде менин бөлмөмө келип отуруп калар эле, ошондо аны кучагыма алып эмизген күндөрдөгү эне сүтүнүн жыты ичимден мени кучактап алчу.
̶ Апаке, колуңдагы эсеп китебиңди таштачы, кичинемде мага ырдап берген бешик ырларыңыз бар го, ошону ырдап бериңизчи угайын.
̶ Чоңойбодуңбу, уулум. Килтейген адам болдуң. Бешик ырын ырдайын, уйкуң келсин; Узак жолдон атаң келсин; Жараткан узун өмүр берсин; Алдей, алдей, алдей бөпөм; Бөрү уктады, куш уктады; Шар аккан суулар уктады; Бешикке да уйку келсин.
Ошо убак бөлмөмдө липа чайы кайнаган меште жагылган от көздү алганга дейре отуруп сүйлөшөр элек. Учунчалык ачылып, ичимдегини төгүп салчумун! Дайыма кыш болуп, мештерде ар дайым от жагылып турушун, липа чайларынын кайнай берип кызылы чыгышын, уулум менен ушинтип отуруп бакытка ороло жашоону каалар элем.
̶ Бак мага; Бакча сага бак мага; Тийбе чынжыр пул болбос; Кирпик кылы бак мага.
̶ Ыр ырдап бериңизчи, апаке, мындай акырын.
̶ Мен билбейм да, уулум.
̶ Билесиз.
̶ Менин үнүм жок, балам!
̶ Обонун эмес, сөздөрүн жаңылмачтай айтып бериңизчи.
Ушинтип мен кичинекей бала, ал эми ал чоң киши сымал бактылуу көз ирмемдерди баштан өткөрөрчүбүз бирге...
Түшүндүрө албадым. “Кандайдыр бир сарсанаа аны ичинен сөөктөй кемирип жатат”, - дедим. Түшүндүрө албадым. Эмнеси кем эле? Эмнеге жинденчү? Мени жакшы көрөт, билем, атүгүл чын жүрөгүнөн. Бирок мага да жинденип жатты. Кимге арманымды айтарымды билбейм. Балам чалдыккан нерсе эң күчтүү сүйүүдөн да күчтүү нерсе эле менден сурасаңыздар.
Эмнеге ага биз сыяктуу болгонду үйрөтө албадык. Ведаттым ортодо калды, ортодо...
* * *
Жайлоодо күн кыскарып, асылган өрүктөр кургак абалын ала баштады. Тыттын чокусунда калган бир-эки кара тыт тикен басып карарып кетти. Ашканадан буркурап чыккан тамактын жыты үйдөгүлөрдүн калемпир көп кошулган шорпону кыялдануусуна түрткү берип жатты. Соолуган кызыл помидорлордун, ичи фаршка толгон перецтердин даамы сууга чыгып калган эле. Үйдүн картайып калган, кичинекей жаш кыз самыл баскан кожойкеси дубалдагы жүк жыйноочу жерлерге жууркан-шейшептерин жыйнап жатты.
Шейшептердин ичине лаванда гүлдөрүн кичинекей чүпүрөктөргө ороп коюп жатты. Келерки жайга тазаланып даярданып жатты үй. Фуксиялар, бегониялар, сансевиериялар, эчевериялар кире бериштин кир терезесине тизилди. Аларга үйдөгүлөр кеткенден кийин жайлоодо калан суугаруучу Мирач суу куюп турчу. Мирач ылдыйда буюм-тайымдар сакталган бөлмөнүн жанындагы сандык бөлмөсүндө жашачу кышы бою.
Сандык бөлмөсүндөгү кургатылган мөмөлөрдүн жыты жана жарыктын жоктугу Мирачтын кыш коркусун азайтар эле.
Бул жактын кышы узун, тунжураган жана абдан катаал. Жылаңач боз тоонун этектеринде башкасын, поёзд станциясындагы тизилген теректерди, бардык жерди инсансыз жашоо кучактачу. Базардагы басмачы дүкөндөрү эрте жабылып, жетиштүү жарыгы жок кофе саткан жерлерде абдан чоң коюу көлөкөлөр өкүм сүрөр эле. Бири-бири менен биримдикте жашоо бул жактын кышы үчүн абдан керек. Мирач жайында тапкан үч-беш тыйынын, муну бакчаларга суу келерин айтканы үчүн алчу жана колу-буту чарчай турган күнгө сактап коёр эле. Адамдарды сагынганда жолго чыгып кофе саткан жерге барып келчү. Ошондо бактылуу болор эле...
Үй кожойкеси анын киреше булагы.
Килейген чоң жайлоодогу үйүн ага таштап кетчү. Биринчи кабаттын шамалга, катуу желге аркасын тосуп жылуулугунда жашачу. Алар берген кой жыттанган жуурканды жамынып жатканда үйдүн кайсы жеринен белгисиз үн угулат деп күтөр эле. Ал бул үйдүн добуштары алдыдан жогору карай болорун жакшы билчү...
Бул жылы үй кожойкеси ага кечирек кабар жиберген. Жайында жогорудагы бакчадагы тапчандарда уктачу. Күн жакшы эле салкындай баштады. Жыландардын чытыратып үн чыгара сойлогондору угулбай калды.
̶ Биз он беш күн ичинде кетебиз, Мирач, ̶ деген эле. – Азыртадан биринчи кабаттагы бөлмөгө түшүп жашап башта, бирок эч кимдин колу-бутуна илешпе.
Калай мискейлерге толтурулган туздалган нерселер, аларды атайын даярдалган сууга салып даярдашчу. Таптаза, таасири күчтүү атайын даярдалган сууга салынган капусталардын түсү күлгүн боло баштаган эле. Бир баштык айранга чыланган талкан, үйдө иштегендер кескен, кургаткан кургак мөмөлөр, ар бири өз ордуна коюлуп жатты.
̶ Бул үйдө жашагандар, ̶ дечү үй кожойкеси, ̶ базар-сазардан алгандарга тойбойт.
Кышкыга даярдалгандар текчелерге тизилип жатты. Ооздорун жабардан мурун үстүлөрүнө зайтун майын куюшту. Жашыл зайтун мөмөлөрү кургатылып салынган каптар бекем байланды. Чоң мискейлерде куурумач эттер куурулуп, кесилген ар бир бөлүгү кожойкеге көргөзүлдү.
̶ Чоң болбосун, байкагын! Баары бирдей бир тегиз кесилиши керек...
Куурулган мискейлердин түбүндө калган бир-эки этти Мирач үчүн өзүнчө коюп жатышты.
̶ Кана эмесе, Мирач мырза, ̶ деди кожойке. – Жумшак жупкага этти ороп жей бер. Сен да биздин адамдсың.
Үй кожойкеси бул жашоодо даярдыкты жасап жатып абдан бактылуу. Бул абдан чоң майрамдын алдын ала даярдыгы эле. Бул майрам бул үйдө эмес кышында жашай турган үйүндө болмок. Ар жыл болуп турчу көрүнүш. Аялзаттык бакытынын, байлыкка тойбостугунун жытын чыгарчу ушинтип. Куш-Эне уясынын талдарын өрүп жаткан. Ошол аймактан алган ийне-оймокторун, мончок-сончокторун, чүпүрөктөрүн кездемелерге ороп кылдаттык менен тизди. Бир гана ушуларды алып жатып акчага болгон сүйүүсүн унутуп коёр эле.
̶ Буларды алып кетебиз, буларды сандыкка салбагыла, ̶ деди.
Бардык нерсеси даяр болуп калганда, улуу баласы бир түнү поёзд менен Анкарадан келди. Инисинин окуп баштаган интернаттан айыпталып кармалганын айтты. Апасы ойлонду... Эмне мынча бат өтүт кетти? Өткөн жылы Ведаттын жүрөгү жайлоодо жинди дербишти ар көргөн сайын сыздаган эле.
Сабактарын жакшы окучу. Сүйүнүчкө толгон эле. Кышында да бир-күн келип кеткен. Инисин, байкелерин сүйлөгөн сөздөрү менен жиндентчү. Ага эч көнө алышпады, бирок үй-бүлөнүн мүчөсү экенин билишчү.
̶ Мен сага айттым, апаке. Бул жинди башыбызга балээ үйөт деп...
Ак кездемелер менен оролгон отургучка ойлоно отурду кожойке. Ичи ооруган адамдай отурган бойдон калды. “Килемдерди да, бардык нерсени жыйнаттым, ̶ деп ойлонду. - Чыгып дароо уулумдун жанына барсак бул тунү. Өмердин таксисин жалдайбыз. Бирок Өмердин таксиси Алты Сөгүтлерге чейин араң барат...”
Бул түнү эч жерге чыга албасын дароо түшүндү.
̶ Ага жаман бир нерсе кылышат, уулум. Эмне кылыптыр, эмне болуптур, кантип полицияга тушүп калыптыр? Кумурсканын да көңүлүн оорутпачу.
̶ Анкарадан бир прокурор досум кабар жибериптир. “Үй-бүлөңүздүн атын укканда абдан таң калдым. Эмнеге туура билим алуу жолун тандабады? Ал окуган жерде азган-тозгон төмөнкү катмардан келген топтор бар, алардын башында сиздин Ведат...” – деди.
̶ Кумурсканын да көңүлүн оорутпачу. Эмне болуптур, эмненин башында болуптур?
Үйдө иштегендер ордунан туруп ортодо түндүн суук караңгылыгында коркуп күтүп жатышты. Ар бир күтүүсүз келген добуштан эң көп таасир алган ошолор эле. Анын үстүнө салкын жел бийлеп жүрдү. Эшиктин тешиктеринен кирип жаткан эле.
̶ Канчадан бери полициянын колунда экен?
̶ Бир ай, апа. Сурактагы бир гана нерсени кайталап жатыптыр: “Дагы да тереңдикте эмне издеп жатасыздар?” Прокурор досум ага: “Бардык нерсе ортодо”, ̶ деп жардам берүүгө аракет кылыптыр. Бирок ал: “Сен укукту окудуң, туурабы? Күчтүүлөр окуган укукту”, ̶ дептир. Досум анын ар бир сөзү күнөө экенин айтты. Сурак жүргүзгөндөр абдан коркунучтуу адамдар экен...
̶ Макул, бирок эмне кылыптыр, уурулукпу?
̶ Башкаларына ууру деп жатышат...
̶ Ведатчы? Ал жокчулуктан эмнени билмек эле... Адамды эрте картайткан жана да дүйнөдөн алып кеткен анын жакырчылыгы. Коркконунан кардын кайыштырган жокчулук... Ал эч ачка болуп көрбөдү. Эх, менин жапжаш уулум, бакырайган көздөрүңө тойо албаган уулум. Тоюңда бийлей албаган уулум. Бул жайда сени жакшы көрөт деп кылган ошончо даярдыгым, эмгегим асманга беле? Сизге айттым эле го бир арманы, санаасы бар экенин, айткан эмес белем?
̶ Эсиңизге келиңиз, апа. Ведат башынан бери туура эмес кылчу. Килтейген өкүмөткө каршы чыгуу, анын түзүлүшүн сынга алуу эмне деген иш... Анын үстүнө мынча акча, мынча мал бар туруп интернатта окуганы эмнеси. Бул дагы өзүнчө күнөө. Ведаттын акылы башында эмес болчу. Сиз дагы: “Бул балам жинди!” – дебедиңиз беле?
̶ Өкүмөткө каршы чыгыптырбы?.. Анын башы балээде. Мен аны жинди дечү белем. Муну айткан тилим тилинсин. Аны баарыңыздан башка деп, жомокторду, ырларды, бак-дарактарды жакшы билчү. Окшоштуруп айткандырмын ушуларга. Эркелетүү үчүн ошентип айткандырмын. Эх, менин көздөрү бакытка толгон балам. Баралы. Мен түшүндүрөм. Мага ишенишет. Энелер калп айтпайт. Айтса да жакшылык үчүн, тирүүлүк үчүн...
̶ Бир справка алабыз, апа. Акыл-эси ордунда эмес деген...
̶ Не?.. Сен акыл-эсиңди жоготтуңбу, ал баарыңардан акылдуу.
̶ Башкача чыгара албайбыз. Түрмөгө отурсунбу! Анын үстүнө анын күнөөсүнөн үй-бүлөбүз шерменде болот. Тукумдарыбызга чейин калат бул шерменделик.
Эртең менен жылдыздар түндүк чыгышта топтолуп калыптыр, жайлоонун мезгили бүткөн эле. Боз түстөргө кызгылт-сары өңдөр аралаша баштады. Мирач жогору чыкты. Кожойке да маанайсыз, үмүтсүз, тамактануучу жайда отурган. Кичинекей бир тилим нанга өрүктүн кыямын сүрүп жаткан, мунусун абдан кылдаттык менен жасап жатканын байкоого болот эле.
̶ Кыздар өлдү, ̶ деп ойлонду Мирач. – Чай мупмуздак. Кожойкенин ичине жин кирүүсү үчүн бул жетиштүү эле.
̶ Мирач, ̶ деди кожойке. – Биз эртең мененки саат он бирдеги поёзд менен кетебиз Анкарага.
̶ Кандайча, тынччылыкпы, ̶ деди Мирач. – Анкара кайдан чыкты?
̶ Ведатым бираз сыркоолоп калыптыр...
Ведат мырзаны ойлонду Мирач. Эки жылдан бери жайлоого келе элек болчу. Үй-бүлөнүн эң жылмайган жүзү ага тиешелүү эле. Азирети Али төөсү менен болгон сүрөттү алып келген эле бир күнү базардан. Тактайдан жасалган сымал бир төө, үстүндө ыйык табыт, Али. Табытты ташыган Али.
̶ Мирач уста, караңызчы, кандай сонун сүрөт, ̶ деген.
Ведат мырза азыр бой жетип чоңойгондур. Ал убак жаңы чоңоюп жаткан бала эле. Алты Сөгүрлер тарапка барууга кызыккан. Мажүрүм талдар жакка чуркап дайыма ийнелик издеген бала эле. Кыш кайрадан кайтып келе жаткан.
̶ Жараткан сага шүгүр кылам, ̶ деди Мирач катуураак үн чыгара.
Кожойке бурулуп, Мирачты бир канча убакыт карап отурду. Нанын бир четинен тиштеди, колундагы таштар менен кооздолгон шакеги таңкы нурлар тийип чагылды. Чайын акырын уурттады...
̶ Гүлдөрдү такыр унутпагын. Ар бирине бирден суу куй. Катуурак суук болуп тоңо баштаса алдыңкы кабатка ала бер. Бул жыл кыш абдан катаал болот, карасаң куштардын баары күз бүтпөй кетип калышты.
“Бир арманы бар мунун, ̶ деп ойлонду Мирач. - Ошончо жылдык катуу мүнөзү эмне болуп, жок болду? Ал да адам го. Ал да бул дененин ичинде жан ташыйт. Анын үстүнө картайды. Оозу тили бат кыймылдап сайраса да, көздөрү мурдагыдай жаркырап карабай турат...”
̶ Кечинде кетер поёздге үйгө кетчү жүктөрдү жүктөйсүз. Кийинки жыл да мынча эмгекти бошотуп, баарын сырттан алабыз. Балдарым чоңойду, баары ар тарапка учуп кетүүдө. Окуйт элем, минтет элем, тигинтет элем... Билесиң да, Ведатым эң көп окуган уулум эле.
* * *
̶ Мирач уста, карачы.
Тамашалашчу. Эмненин устасы бул Мирач уста деп. Ведат суунун устасы дечү.
̶ Сага Залоглу Рүстемди окуйлу, угуңуз. Жок алданба, сууну биз тарапка бурушту. Карачы кандай адам экенин Залоглунун. Бирок Мирач уста, сен тамга тааныбайсың да. Ошончо дубаны кантип үйрөндүң?
̶ Жаттадым.
̶ Айткандарың эмне мааниге келгенин билесиңби?
̶ Билбейм, бирок Алланын, пайгамбардын улуу буйруктары.
̶ Эгер андай эмес болсочу?
̶ Антип айта көрбө, Ведат. Ошончо толтура динчил бул дубаларды жөн эле окуп жатат дейсиңби. Окубаган бул биздин күнөөбүз.
̶ Сенин күнөөң жок, Мирач уста. Сенин күнөөң эмне болушу мүмкүн. Сен жанагы жаткан тапчандардагы курттар, куштар сыяктуу жакшы, дурус адамсың, Мирач уста.
̶ Бирок мен адаммын. Адам баласы арамга, жалганга жакын болот.
̶ Сен арамга, жалганга жакынсыңбы?
* * *
Ойлонду Мирач. О убактарда Ведат мырзага жооп берсе болмок эле, каап. Бир тоолуу айылдарда бирөөнүкүндөгү саналуу балдын бир бөлүгүн чадыбай жеп салганын. Кургаган жупкага оролгон эле. Ошол учурда оозунда чуркаган ошол таттуу даам ичин, бүт денесин ысытып жиберген. Пайгамбарыбыз эмне деп буйрук берген эле: “Бул жашоонун малы таттуу көрүнөт, дини бардык кулдарына күнөө иштетет”.
Кожойке ордунан турду. Жүндөн жасалган кийиминин ичинде типтик турду. Ылдыйдан келген даяр болгондордун акыркы үндөрүн угуп турду бир канча убакыт...
̶ Сага эттерди ороп жешиң үчүн жупкалардан таштадым. Жайында ичине райкан кошулгандарынын даамы абдан башкача эле... Байым өлгөн соң райкандарды дагы кургата баштадык. Абдан көп райкан бар эле, үйдүн бир башынан экинчи башына чейин. Кийинки жылы да бардык нерсени базардан алышыбыз керек. Сен мен үчүн сураштырып, такташтырып таап кой, ортомчусуз туздагандарды, жемиш кургаткандарды. Сага бир чоң мискей куурулган эт таштап жатам. Кургатылган кызыл өрүкту да. Өзүң билесиң, Ведат абдан жакшы көрчү. Сен да биздин адамсың.
Мирач абдан таң калды, сүйүндү.
Бир чоң мискей куурулган эт ал үчүн чоң нерсе, куурулбаганын берсе да тазалар эле. Ток курсагына кофе ичмек. Сыртта кар жаап жайт, кар жаап жайт. Дайыма айылга түшчү бөрүлөрдөн коркуп отуруу керек. Ким карышкыр, ким ит экенин билүү керек. Жаңы келгендерге бул нерселер түп-тамырына чейин түшүндүрүлчү. Мирач билчү, ал азыр алтымыш жашына келип калган. Бул куш карышкырдын эң күчтүүсү, ал үчүн эч мааниге ээ эмес. Курсагы ток, жону жылуу. Жөн айтышпаса керек, эшик бол, паша босогосунда эшик бол...
̶ Менин жайнамазымды сен ал. Дуба кылып жатып Ведатымды унута көрбө. Алла ага берген сыноосун, дартын тезирек үстүбүздөн алсын.
Кожойке басып жөнөдү. Оюу түшүрүлгөн жыгач эшикти акырын жапты.
1970, Апрель
Түркчөдөн которгон Арген ШАБДАНОВ