Р.И.Отунбаевага К.Жусубалиевдин шакиртинен автобиография

  • 06.10.2022
  • 1699

Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Мамажан айылында төрөлүп, өстүм. Мектеп жашымда деле ыр жазчумун, бирок маани берип көңүл бурган киши болбогон, топтобогом. Студент курагымда ар дептерлерге жазып, топтоп да жүрдүм, ар кимге таратып да жүрдүм. Менин ырларыма ким кааласа, автор болуп да жүрчү экен. Иши кылса… Өз чөйрөмдү мен түшүнбөй, мени чөйрөм түшүнбөй, суицидге кабылып калганымда, курбум Салкынайдын:

– Эгер өлүп калсаң, Алым Токтомушевди көрбөй каласың го,- деген сөзү кырдаалдан чыгарып ийген. Азыр ойлосом, ошол курактын башкы максаты, көксөгөн бийиктиги «Асаба» гезитинде иштеген журналист, акын А.Токтомушевди тирүү көрүш болгон экен.

Оштон Бишкекке келе бергем. Ыр жазганды токтотом дедим. Бирок бул тагдыр мага табигат тарабынан берилген экен, ала салдырган жашоом, бир калыпка түшпөгөн турмушум кайрадан ыр жаздырды. Анан ошол ырыма авторлугумду негиздеп берчү киши керек болду. Кубат абаны (Жусубалиев) издегендеги башкы максатым ушул болгон. Абам өзү айткандай, ага чейин даярдалыптырмын. Авторлук укугум тебеленди, суицидге кабылдым, ага реакция кылып апам жыгылды, Бишкектин чоң көчөлөрү мени кадимкидей өгөйлөдү, бычактын мизинде зордукталдым, тапкан тыйыным өзүмө жетпеди ж.б.

2006-жылдын, 14-декабрында Кубат аба менен Бишкектин 7-кичирайонундагы, 2-үйдүн, 16-квартирасында жолугуп, таанышкам. Кубат аба өз окуусун менин колумдагы кол жазманы оригинал документ кылуудан баштаган:

– Бүгүн Исанын туулган күнү, эй. Исанын эли болбогондон кийин биз сүйүнбөйбүз, билип койгонубуз жетиштүү,– деп.

2007-жылдын 7-январында Бишкектин 7-кичирайонунда Кубат абанын колу тийип, “кол кудайдын мөөрү”, кол жазма документке айланган. Азыр кол жазма Рамис абанын (Рыскулов) колунда.

Мени бу киши фольклор менен бакты. Уккан-көргөнүмдү, окугандарымды, жашоомду, иши кылса, башыма не келсе айтып берчүмүн. Абам унчукпай уга берчү. Кээде өзү да сүйлөп берчү. Бир мезгилдер болду, мен 7-кичирайонго жумушка баргандай эле барып турдум. Кубат абанын шаарга келгенин мага Мамат аке (Сабыров) айтып койчу, угаарым менен жетип барчумун.

Ошол кездердеги өлкөдөгү көчө жүрүштөрү, митинг-пикет, нааразычылык акциялары ж.б. билгендей талкуулап берчүмүн, абам менин катамды оңдоп коюп, угуп олтурчу. Эки бекерчи олтуруп алып, каалагандай сөз кылчубуз. Кубат аба бекитип берген Өлкө үчилтигин башында мен тандагам, алар жөнүндөгү ар кандай маалыматтарды айтып берип. Абам мени ушул үч кыргыз жөнүндөгү эл арасындагы маалыматтарды топтоттурган. Бир карасаң жөпжөнөкөй эле башталган, ушул үчилтиктин жолу.

2009-жылдын февраль-март айларынын бир күнүндө айылдан келгенин угуп, квартирасына барсам:

- Мен жакшы бир иш кылдым, эй. Эртең келсең, сага көрсөтөм,- деди.

- Азыр көрсөтө бербейсизби? – десем, болбойт. Эртеси келдим.

- Мунун атын Үчилтик,- деп койдум, эй, – деп олтуруп, мага азыркы Улуттук идеологиясынын чиймесин чийип, көрсөтүп берген. – Биздин ата-бабаларыбыз – Осмонакун Ибраимов. Бүгүнкү химияны деле ал-химиктер өстүргөн. Муну сен билип жүр.

Ошого чейин, кийинки убакта да бу кишинин ошончо сүйүнүп, калдактап калган абалын башка көрбөдүм. Абама кошулуп мен асмандын жетинчи кабатында учуп жүрөм, чын эле сүйүнө турган иш да. Ошол күндүн жападан жалгыз күбөсү мен болуп атсам, бул күн башка эч кимге буйрубаган. Датасын эстеп калсам болмок экен, кийин канча тырышып, эстей албай койгом.

Расмий бөлүктү бүтүрүп, анан абам экөөбүз банкет кылганбыз. Абам тапкан тамак-ашын ташып, мен үстөл үстүнө тизип. Олтурабыз, банкетте ар нерселерди сүйлөшкөнчө, курсак тойгозуп. Бир маалда өрүктүн кагын оозума сала берерде:

- Эй, бу эркек дегениң, иттен деле пас калк,- дейт. Оозум ачылып, түшүнбөй калдым. Бир аз паузадан кийин сөзүн улады: - Өзү айтып жүргөн сөзү, идеясы экендигин түшүнүп, билип туруп деле галжия берет, өзүн артка тартып. А балким пендечилиги ушул, жада калса мен өзүм да ошолмун. Сен эч кимге көңүл бурбай кабарды тарата бер, аял өзү ушул жерде керек, а эркегиң... болушу ошол, эй.

Унчуга албадым.

- Бар эми үйүңө, банкет бүттү, өзүм жыйнаштырып алам,- деп кетирип ийген. Бүтүндөй улутка фундамент болчу идеологиябыз ошентип түзүлдү. Сөздөрү орусча болчу. –Царь, царевна, царевич, - деп. Кийин муну кыргызчалаган Баяс агай (Турал) болду:

- Абаң экөөң кыргыздарга таратып атсаңар, бу кандай? Орус тили расмий болсо, кыргыз тили – мамлекеттик тил,- деп абама айтсам, бу кыргыздын ишин макул көргөн. Кийин кыргызча вариантын таратып ийгем.

Кубат абам мени карап “бышпаган баш” экенимди ачык эле түшүнгөн. 

- Миң чычала, бу классика,- дечү.

- Мен кудай эмесмин, кудайдын пендесимин. Кан төгүлмөйүн, сенин көзүң ачылбайт экен, - деп жүрдү, 2008–2009-жылдары. Айтылган сөздү жаттаганым менен, маанисине түшүнүгүм жетпеген. Бу киши “кандуу жекшемби” болорун алдын-ала сезген, билген экен.

Ошондогу өлкө президенти К.Бакиев мөөнөтүнөн мурда кайра шайланып, билген богун жей баштаганын көргөн оппозиция, биротоло көчөгө чыктыңар. 2010-жылдын март айларында элди кайра козгогонсуңар. Ар төрт көчөдө Ө.Текебаев:

- Мамлекеттүүлүгүбүздү, өлкөнү сактап калышыбыз керек!- деп кыйкырып эле жүрдү.

Мен өлкөдөгү толкундоолорду түшүнүп да, түшүнбөй да тургам. Март айынын башында бир кыргыздын үйүнө барсам, ал кыргыз мас:

– Элдин түрү бузулду. “Кандуу жекшемби” келатат,- дейт. Коркком, жек көргөм, мен:

– Текебаевге же Бекназаровго барайлыкпы, болбосо бизди деле тере баштайт,- деп ыйлагам. Бу кыргыздардын артынан “база данный” топтоп жүргөнүмдү билчү. Мен жашагым келген. Ал кыргыз тизелеп, бутумду кучактап туруп, ыйлап суранган:

– Сен эч кимисине барба, барсаң өлтүртүп аласың, а барбасаң бар болгону сабайт, анан бошотуп ийет, буларды,- деп.

Же булардын өлтүрүлүшүн, же сабалышын тандаткан. Издеттирбеген. Март айынын орто чендеринде батпай олтуруп, редакцияга бир журналистке баргам, айткам, айткым келгенин. Ал киши:

- Сен эч кандай паникага алдырба, Кубат аке шаарда экен, көчөгө чыга бербе, кокус болсо тутулуп деле каласың, тынч бол, - деп жолго салган.

Кубат абанын шаарда экендиги мени тынчыткан. Демимди ичиме тартып, ар кандай окуяга сырттан байкоо салып турдум, башым жетпесе деле.

2010-жылы, 7-апрелде швеяда иштечүмүн, ишке Атыр эжем экөөбүз каттама бышырып келип чай ичкенбиз, цехтегилер менен. Анан эле маршруткалар токтоптур, аянтка дагы кишилер барыптыр, Таласта министрди атка сүйрөтүшүптүр, ок атылыптыр ж.б. сөздөр айтыла баштады. Биз жумуштан үй-үйлөрүбүзгө тарап кеттик.

Үйгө келсем Кундуз эже:

- Телевизордон көрсөтүп атыптыр, ок атышыптыр, бир-экөөсү өлгөн да окшойт, Жээнбек бизге көрсөтпөй, өзү көрүп олтурат,- деди.

Мага куюп берген тамагын ичип, бөлмөмө кирип кеткем. Эртеси, 8-апрель күнү Кубат абанын үйүнө барсам, абам бар экен. Жамбы эже экөөбүзгө чай берген. Абам ошол күнү мага катуу эле айткан:

- Өзүңдүн ким экениңди билгенден кийин андай жерлерге сен барба! Түз үйүңө кет, эй! - деп.

Мен ошол күнгө чейин адам канын көрө элек болчумун.

Эшикке чыккандан кийин, абам карап туруптурбу, аянтка жөнөгөм. Саат 12–13төрдө барып... Төгүлгөн адам канын көрүп, асманды аңкая тиктегеним эсимде. Башыма биринчи келген ой: “Эми менин ырларымды ким окуйт?” Башка эч нерсеге башым жеткен эмес, ыйлаган да эмесмин. Бул күндөр – космостук абалдагы күндөр эле.

Аянттан – жерге төгүлгөн адам канын, 19-25 жаштагы сөөгү ката элек жаш балдарды, топ-топ болуп келип жаткан элди көргөм. Шок абалда калсам керек, кулагым угуп-укпай, сүрмө топ менен күнү кечке жүргөм. Жогорку Кеңешке барганыбыз, ал жерден Бекназаров менен сиз, аянтка биз менен чогуу келгениңизди билем. Эмне деп сүйлөгөнсүңөр, билбейм. Асмандан каркыралар тизилип өткөнү, эл жапырт олтуруп, куран окуганы эсимде.

Кийинки күндөрү да темселеп аянтта жүрдүм, мени эч ким чакырбаса деле. Апрелдин 20ларында бар бугумду чыгарып, ыйлап алгам. 22-апрелде ыр жазып, 24ү Кубат абама барып жеме уккам:

- Көрдүң, көргүң келгенин. Эми мындан бешбетерин угасың, ошондо не болор экенсиң?!. Бир жолу сени киши экен деп баш ийип коёр бекен, эй? – деп.

Кийинкиси – Ош окуясы. 10-июнда болду. Мен Бишкек шаарында элем, окуяга күбө болбогом. Кубат аба айткандай, окуя болгондон кийин борбордук аянттагы мамлекеттик тууну жерге эч кимиңер түшүргөн эмессиңер. Мен эки ай бою бир да күндү калтырбай, аянтка барып тургам. Кубат абанын айтканы чын чыккан.    

Ошол жылдын аягында турмуш курдум. Болбоду. Мага жеке турмуш буйрубаган окшойт, 53 күн бир бала менен чогуу жашап, өзүм эле кетип калдым. Россияда туугандарым бар эле, иштемей болдум, ошол жакта. Россиянын климаты менин ден-соолугума туура келбеди, анын үстүнө ошончосуна табылган жумуш, мага табылбайт десеңиз. Акыры өзүм көргүм келген Эрмитажды бир сыйра тамаша кылып, Кыргызстанга баса бергем. Ал жакта он ай жүрдүм.

Келгенимди өзүмдүн чөйрөм суз кабыл алды. Апамдын ыйы, бир туугандарымдын жемеси, чогуу жүргөн адамдарымдын сөзү бууп ийгенинен эч кимисине эч нерсе дебей, түптүз Кубат абама бардым. Айттым:

- Ооба, адаштым, бирок ушуга ушунчабы? Менин төрөгүм келди, мен аялмын, колуңардан келгенин кылып алгылачы,- деп.

Бул күн 2012-жыл, февраль айында болду. Абамдын пешенесине олтуруп алып, чоң «концерт» коюп бердим.

- Адашкан болсоң ошол адашканыңдан сабак ал, кайра адашсаң мага келбе, мен бир эле эскертем,- деп ошол күндөн абам мени чын эле өзгөртүп ийди. Түн ортосунан ооп калгандыгына карабастан, абам мени көчөгө чыгарып койгон. Мени эл арасындагы сөздөрдү топтоттурган, абамдын дарегине, өлкө жетекчилигине айтылган ар кандай сөздөрдү айтып келип жүрдүм.

- 2010-жыл эл башына келген сыноо болду, эгер окуя кайра кайталанса, мен да киши болуудан калам, эй,- деп олтуруп, өзүнүн бир ооз сөзүн тараттырганга даярдаган мени. Бу кишинин бир ооз сөзү, түзгөн идеологиясы биринчи жолу Рамис абага, 2013-ж. 6-октябрь күнү айтылган. Рамис абанын мага жазган кол жазмасын ошол жылдын 4-ноябрында Кердегейге жеткиргем. Бир ооз сөзүн таратып ийишиме расмий уруксат берген. Үч кыргызы жөнүндө баса белгилеген, ар бири айттырган сөзгө өз-өзүнчө жообун да бериши керектигин. Сөз бүттү дегендей, мага далысын салып койгон. Бул: - Кана МЕН, же МЕН киммин? – деген суроосу эле. Жүрөгүм шуулдап, денем муздай түшкөн.

–Таап келем,- деп жолума түшкөм. Улуттун өз кишисин колго түшүрүү – иш-чарасы, ошентип өз кадамын таштаган.

2010-жылдагы өлкө абалын катуу талкууга алышкан, журналисттер. Кубат абамдын үч кыргызы не кылганын ой-даа талкуулашты, билгендер. Убактылуу Өкмөттүн мөөнөтү бүтүп, сиздин экс-президентигиңизди парламент өзү карап берди. Анан мен Кубат абага барып, сиздин кылган иштериңизди айтып жүрдүм:

– Бу кишиге деле сөзүңүздү буйрук катары бербейсизби, – деп.

– Кыз балага буйрук бербейт, эй, – деп кашайып көнбөйт.

– Бу киши чоң эле аял, и-то мамлекетти башкарып көрдү, эч ким мунун колу менен өлүп кеткен жок, берки жиндилериңизге деле буйрук болуп атпайбы. Парламент уже карады, бу кишинин мыйзамдуулугун, уже экстикти ыйгарды. Ар кандай элдик иш-чарага катыша берсе болот да,- деп мен көшөрүп алсам, абам:

– Бу не деген кызсың сен өзүң? Жөн эле чакыр, Кердегейге. Өзү билет, келер-келбесин,- дейт.

- 2010-жылдарды анан кантип экөөбүз документтештиребиз, келбей койсо? Канчалаган иштерди ачыш үчүн балким өзүбүзгө керек болот.

- Бар толуктап билип кел. Анан сүйлөшөлү,- деп жолго салган. Журналисттерден маалымат топтоп, кайра барып, айттым уккандарымды.

Толук мени сүйлөтүп бүтүп:

- Өлкө өз кадамын таштай алган экен,- дейт. Түшүнгөн жокмун. Түшүндүрүп берген абам:

- Жиндилериме буйрук деп эле жеткире бер, аларга боло берет, бирок мына аялга жакшына айт. Эгер бу кыргызга да буйрук берсем, өлкөгө бардакты өзүм баштап бербейминби. Көнбөй койсо, менин жиндилериме айтып койсоң, алганча келишет. Биз Кыргызстандын басып өткөн жолун документтештирип берет экенбиз дегин. Кыргыздын Курманжан, Уркуясы реалдуулукта жашаган биздин жерде, бу кыз ошолордун жолун улаптыр. Сен ошого көгөрүпсүң да, эй.

Ошентип абамдын бир ооз сөзү сизге буйрук болбой калды. Фондуңуздүн дарегин мага акын К.Бакиров таап берген. Ошо.

Өткөн жылдагы Өмүр агайдын камакка алынышы, журналист Эрнис агайдын коркутулушу, Садыр агайдын кескилениши, бизди (кийинки муунду) деле үрпөйтө койду. Болот агайга:

- Шайлоого альтернатива түзгүлө,- десем:

- Ортодон жыра тартышса, не дей аласың?- деп болбой койду.

Азикебиз менин колума тийбеди, кечээги кетирген катасын (шайлоого тымызын даярдык көргөндүгүн) 2010-жылдары Өмүкебиз кылган. Бу иштерди карап туруп, элитабыз деле эсен болсун дедим. Себеби, бири кетирген катаны, кийинкиси оңдогон жок, кайталап берди. Биздин өлкөдөгү элитанын саясий аң-сезими, акыл-эси чын эле жете элек. Ага мезгил керек окшойт.

Сизге жазган кайрылуумду ким аркылуу, кантип беришимди билбей жүрдүм. Коркконумдан бир-экөөсүн жыртып деле ийдим. Колго түшкөндөн корктум.   

23.05.18.

Шайыр Тойчуева

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз