Иван Бунин: Чыйрыктырган күз

  • 13.10.2022
  • 1782

АҢГЕМЕ

Ошол жылдын июнунда ал биздин чарбакка мейманчылап келди. Аны дайым өз киши катары саначубуз, себеби маркум атасы менин атамдын досу жана кошунасы боло турган. Он бешинчи июлда Сараеводо Фердинандды өлтүрүп кетишти. Он алтысында эртең менен почтадан гезиттерди алып келишти. Атам иш бөлмөсүнөн колуна гезит кармап, апам, мен, жана ал болуп чай ичип олтурган үстөлгө басып келип, мындай деди:

- Ошентип, достор, согуш! Сараеводо австриялык мураскер канзаданы өлтүрүп кетишти. Бул деген согуш!

Пётрдун күнүндө бизге көп адамдар агылып келишти, бул күн атамдын туулган күнү эле жана түшкү тамак учурунда аны менин болочок күйөөм деп жарыялашты. Бирок он тогузунчу июлда Германия Россияга согуш жарыялады...

Сентябрда ал майданга жөнөп кетер алдында коштошуу үчүн (анда баары согуш бат эле аяктайт деп ойлошкон жана биздин үйлөнүү тоюбуз жазга калтырылды) биздин үйгө болгону бир күнгө келди. Ошентип коштошор кечибиз келди. Кечки тамактан кийин көнүмүш адат боюнча самоорду алып келишти, самоор буусунан тердеп чыккан терезеге тигилген атам болсо, мындай деди:

- Таң каларлык эрте келген жана чыйрыктырган күз!

Ошол кечте биз тынч олтурдук, кээде гана өзүбүздүн жашыруун ойлорубуз менен сезимдерибизди жашырып, мааниси жок сөздөрдү жай гана сүйлөп жаттык. Күз тууралуу да атам анткорлонгон жөнөкөйлүк менен сүйлөп жатты. Мен балкондун эшигине жакын келип терезени жүзаарчым менен сүрттүм: бакта, түнөргөн асманда, туптунук муздай болгон жылдыздар жапжарык болуп жаркырашат. Атам жумшак олтургучка чалкалап, үстөл үстүндө салаңдаган ысык лампага элегей тиктеп, тамекисин түтөтөт, көз айнекчен энем, лампанын жарыгы алдында ынтаасын коюу менен кичинекей жибек мүшөк тигип жатат, биз анын эмнеге арналганын билип турдук, бул толкундатарлык жана үрөй учурарлык көрүнүш эле.

Атам минтип сурады:

- Ошентип, сен таңкы тамактан кийин эмес, таң заарлап кетмей болдуңбу?

- Ооба, ыракым этсеңиз, эртең менен кетейин, - деп жооп берди ал. – Абдан өкүнүчтүү болсо да, мен али жыйналып бүтпөдүм.

Атам жеңил күрсүндү:

- Сен каалагандай болсун, каралдым. Андай болсо энең экөөбүз уктайлы, эртең сени сөзсүз узатышыбыз керек...

Энем ордунан туруп келечектеги уулун чокундурду, ал адегенде энемдин, андан кийин атамдын колуна эңкейип жүгүндү. Экөөбүз жалгыз калдык, мен карта ойносокпу деп ойлодум, ал болсо унчукпай бурчтан бурчка басып жүрдү, аздан кийин мындай деп сурады:

- Кааласаң, бир аз басып келели?

Жан дүйнөмдү улам барган сайын оордук басып турган, кайдыгер үн каттым:

- Макул...

Кире бериште кийинип жаткан ал тунжураган калыбында, сүйкүмдүү жылмайып, Феттин ырын эскерди:

Салкын күз чыйрыктырган!
Жоолугуң, чүмкөмөңдү жаап ал...

- Чүмкөмөм жок, - дедим мен. – Андан арычы?

- Эсимде жок. Менимче, мындай:

Карачы, карарган кайың ичинен,
Өрт чыгып келе жаткандай...

- Кандай өрт?

- Айдын чыгып келатканы, албетте. Бул ырларда кандайдыр бир кыштак күзүнүн керемети бар. “Жоолугуң менен чүмкөмөңдү жаап ал...” Биздин чоң аталарыбыз менен чоң энелерибиздин доору... Ах, Кудайым ай, Кудайым ай!

- Сага эмне болду?

- Эчтеке, сүйүктүү досум. Канткенде да кайгылуу. Кайгылуу жана жайлуу. Мен сени абдан, абдан сүйөмүн...

Кийинип алып ашкана аркылуу балконго өттүк, бакка кирдик. Адегенде абдан караңгы болгондуктан, мен анын жеңдеринен кармап алдым. Андан кийин агарып келаткан асмандан жылтылдаган жылдыздар чачылган карайган бутактар көрүнө баштады. 

- Карачы, терезелер таптакыр башкача, күздөгүдөй жаркырайт. Тирүү болсом, бул кечти түбөлүк эстеп жүрөм...

Мен ага карадым, ал болсо швейцар чүмкөмө кийип турган мени кучактады. Жүзүмдөн тыбыт жүзаарчыны алып, өбө алгыдай болуш үчүн башымды бир аз артка чалкалаттым. Жүзүмдөн сүйгөн ал көзүмө тиктеди.

- Көздөрүң кандай жаркырайт, - деди ал. – Суук эмеспи? Аба кудум кыштагыдай. Эгер мени өлтүрүшсө, сен мени унутуп калбайсыңбы?

Мен ичимден: “Эгер чындап эле өлтүрүшсөчү? Кантип эле аны канча бир убактан кийин унутуп каламын – акыры барып баары унутулат эмеспи?” Ойлорумдан чочуп кетип шашылып жооп бердим:

- Антип айтпа! Мен буга чыдай албайм!

Ал унчукпай, шашылбай үн катты:

- Эмне экен, эгерде өлтүрүшсө, мен сени тигил жактан күтөмүн. Сен жаша, жарыкта куунап-жырга, андан кийин мага кел.

Мен боздоп ыйладым...

Ал эртең менен жөнөп кетти. Энем мойнуна кечинде тигип олтурган каражолтой мүшөктү илип койду, мүшөктө согушта атасы менен чоң атасы тагынган алтын сүрөт бар эле, ошентип баарыбыз аны кандайдыр шашылган үмүтсүздүк менен чокундуруп жаттык. Биз тепкичте туруп аны арттан узата карап, кимдир-бирөөнү алыска узатып жатканда болуучу биз менен бизди курчап турган кубанычтуу, күн жадырап тийген, таңкы чөптөгү жылтыраган бубактуу таңдын таң каларлык келишпестигин сезген учурдагы маң болууну гана туюп карап турдук. Андан кийин ээнсиреген үйгө кирдик. Колумду артыма алып, эмне кыларымды, үнүмдүн барынча кыйкырып ырдашымды же боздоп ыйлашымды билбей бөлмөлөрдү аралап жүрдүм...

Бир айдан кийин аны Галицияда өлтүрүп коюшту – кандай таң каларлык сөз! Мына эми андан бери дээрлик отуз жыл өттү. Абыдан узакка сезилгендей болгон бул жылдары көңүл коюу менен ойлонуп, акыл-эсиңде акылың менен да, жүрөгүң менен да аңдап жете албаган өткөн чак дегендин ошол сыйкырдуу, түшүнүксүз учурларын талдаганыңда баштан көп нерселер өткөн болот. Он сегизинчи жылдын жазында атам да, энем да каза болуп калышканда, мен Москвада, Смоленск базарында иштеген соодагер аялдын жер төлөсүндө жашачумун, ал аял дайым мени шылдыңдай турган: “Улуу урматтуум, абалыңыз кандай?” Мен да соода кылчумун, ошол убактагы көпчүлүк сыяктуу, шоңшогой көрпө тебетей кийген жана алды ачылуу күрмөчөн аскерлерге өзүмдө калган нерселерди, шакек, чакан крест, күбө жеген мех жакаларды сатар элем, ошентип Арбаттагы базардын бурчунда соода кылып олтуруп, сейрек кездешкен абай жан дүйнөлүү, жашап калган отставкадагы аскер кишисин жолуктуруп, көп узабай ага турмушка чыгып, апрелде Екатеринодарга жөнөп кеттим. Биз ал жакка анын тууганы, он жети жаштардагы улан менен эки жумага жакын жол жүрдүк, - мен жыгач буласынан токулган бут кийимчен, ал эскирген таардан тигилген узун жакасыз кемселчен, ошентип, Дон менен Кубанда эки жылдан ашуун убакыт болдук. Кышында, бороондо, эсепсиз көп качкындар менен бирге Новороссийскиден Турцияга сүзүп жөнөдүк, жолдо, деңизде, күйөөм ич келтеден каза болду. Мындан кийин жакындарымдан жер бетинде үчөө гана калышты: күйөөмдүн тууганы, анын жаш келинчеги менен жети айлык наристе бала. Бирок тууганыбыз келинчеги менен бир аз убакыттан кийин баланы менин колума калтырып, Крымга, Врангелге кетишти. Ал жакта алар дайынсыз кетишти. А мен өзүм менен кошо наристе кызды багуу үчүн эң оор жумушта иштеп Константинополду узакка чейин байырлап калдым. Андан кийин көпчүлүк сыяктуу кыз экөөбүз кай жактарда гана тентибедик! Болгария, Сербия, Чехия, Бельгия, Париж, Ницца... Кыз эбак чоңоюп, Парижде калды, бийкеч француз аялдары сыяктуу абдан сүйкүмдүү жана мага таптакыр көңүл кош бойдон, Мадлэн тараптагы шоколад дүкөнүндө иштеп жатты, жумушунда апакай көркөм колдору, күмүштөй жылтылдаган тырмактары менен кутуларды атлас кагазга ороп алтын тасмалар менен байлай турган; ал эми мен дагы деле Ниццеде Кудай жөнөткөн ырыскымды терип жеп жашап келем... Ниццада биринчи жолу он тогузунчу жылы болгомун, ошол бактылуу күндөрү бул шаар мен үчүн кандай мааниге ээ болорун кайдан билдим!

Качандыр бир жолу ансыз жашай албаймын деп ойлонбой айтып алып, ансыз деле жашап келдим. Бирок башымдан өткөндөрдү эскерип олтуруп, өзүмдөн дайым мындай деп сураймын: менин жашоомдо деги эмнелер болду? Буга “Ошол чыйрыктырган күзгү кеч гана болгон” деп жооп беремин. Чындап эле ошол кеч болду беле? Кантсе да болгон. Бул менин өмүрүмдөгү эң олуттуу окуя, калганынын баары керексиз түш. Ишенем, чын дилимден ишенем: сүйүктүүм мени дал ошол кечтегидей жалындаган сүйүүсү жана жаштыгы менен кайсы бир жерде күтүп жатат. “Сен жаша, жарыкчылыкка кубан, андан кийин мага кел...” Мен жашадым, жарыкчылыкка кубандым, жакында сага келемин.

Которгон Назгүл ОСМОНОВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз