Үзейир Гүндүз: Атакем

  • 17.10.2022
  • 1802

АҢГЕМЕ

Апам өлгөндөн кийин Стамбулга көчүп келдик. Стамбулда жашоо – атамдын көптөн берки көксөгөнү болчу. Бир тууган агам экөөбүздү окутсам, элдин уулдарындай чоң адам болушса, карындашым Эминени болсо тигүүчүнүн окуусуна окутсам мыкты бир тикмечи болсо деп кыялданар эле. Атам сокмочу, тактап айтканда дубал урган уста, анан да өз ишин мыкты билген жыгач уста. Жанында дайыма кемерине кыстарып жалгыз сабы сынык керкиси менен дат баскан сүргүсүн ала жүрчү. Устачылыктагы бар байлыгы ушул боло турган. Атамдын Стамбулга көчөбүз деген пикири он жылдан бери айтылып келе жаткан. Стамбулга барып жашасак, балдарды жакшы окуу жайларда окутсак деп кыялданар эле. Бирок ыраматылык апам дайыма каршы чыкчу:

– Койчу, кайдагы сөздү, – дечү. – Килейген шаарда эмне жеп, кантип оокат кылабыз? Дарак бир жерде көгөрөт дейт. Бул айылда баары сени уста катары сыйлап, кадырлашат. Бирөөнүн чатырын жабасың, бирөөнүн дубалын согосуң. А шаарда болсо сени эч ким тааныбайт, алдагы сабы сынган керкиң менен дат баскан сүргүңдү шаардыктар эмне кылсын?

Анда атам ачууланып:

– Кой, антип айтпа, өнөрлүү жерде калбайт деген кеп бар. Устачылыгым менен шаарда болсо да акча табыштын жолун табам, – дечү.

Атам менен апамдын ортосундагы бул талаш-тартыш апамдын өлүмү менен аягына чыкты. Атама каршы чыккан эч ким болбогон соң, биртике оокат ашыбызды топтоп Стамбулга күчөп келдик. Борборго үч автобус которуп жете турган шаар четиндеги райондордун биринен убактылуу жашоо үчүн башыбыз батар чакан бир батирге жайгаштык. Эскилиги жетип, кулап бараткан үйдү колу билген атам адам жашай турган абалга келтирди. Айылдан ала келген жыгач тактайлардан күндүзү отуруп, кечкисин жата турган керебеттерди жасады.

Карындашым Эмине тогуз жашта болгонуна карабастан кыз бала эмеспи, бизге эне ордуна эне болду. Эрбеңдеген ичке колдору менен жасаган жупуну тамактарды баарыбыз жанталашып, сугунуп жечүбүз. Кээде тузу ачуу болуп калган учурда да атам кызына чаң жугузбай ого бетер: “Азаматсың Эмине, тамагың абдан даамдуу болуптур, колуң дарт көрбөсүн, келечекте мыкты бир ашпоз болосуң”, – деп мактап калар эле.

Эмине биздин үйгө жакын жайгашкан башталгыч мектепке бара баштады. Бул мектепте жогорку класстар окутулбаганына байланыштуу агам экөөбүз башка мектепке автобус менен каттап окуй баштадык.

Атам үрүл-бүрүл таңда туруп, тамак жебестен керки, сүргү салган кол баштыгын асынып үйдөн чыгып кетчү. Эртелеп заар татпай кетип бараткан атама жүрөгүм ооруп, артынан көз менен узатып калар элем. Ачка жүрбөсө экен, көчөдө же иштеген жеринде тамак жейт болду бекен, – деп ойлонор элем. Бизге дайыма: “Ишим ойдогудай, Кудайга шүгүр элүү, жүздөн (акча) болсо да пайда көрүп жатабыз”, – деп ток пейил тартып турар эле. Чөнтөгүбүздү эч бош калтырчу эмес, мектепке барганда бир нерсе алып жегиле деп акча салып турчу.

Эртең менен күчтүү, шайдоот үйдөн чыккан атам, кечинде тирүү өлүк сыяктуу кайтып келер эле. Кызыл жүзү саргайыңкы тартып, манжалары муз болуп тоңуп, ээги көгөрүп келчү. Кечки тамактан кийин биз менен сүйлөшпөй көпкө үнсүз отурчу. Күндө көнүп калган үйдүн кире беришиндеги сол бурчуна жөлөнүп отуруп, элден мурун тамеки тартчу. Тамекинин түтүнүнө сиңип, бир чекитти тиктеп көпкө ойлончу. Андан соң чөнтөгүнөн бырышкан дептери менен калемин алып чыгып, тайраңдаган кол жазмасы менен бир нерселерди эсептей баштачу. Кээде маңдайын тырыштырып, бир чекитти карап, ойго чөгүп кетчү. Атамдын бул отурушу мени тынчсыздандырып, балким ооруп жүргөн жокпу деп коркуп кетер элем.

Мектепке кетип баратып автобустун терезесинен шаарга суктана карачумун. Кадам сайын жаңы салынып жаткан имараттар. Көк тиреген кабаттуу үйлөр биринин артынан бири салынып, курулуш кызуу жүрүп жатат. Күрүлдөп шарр-шарр иштеген курулуш механизмдердин жанында бир мүнөт турсаң кулагың дүлөй болчудай. Үч жүткүнгөндө он тонналык камазга топурак толтурган эксковаторлорду таңыркап карачумун. Адамдын күчүн канча эсеге жеңилдеткен, ошол эле учурда көптөгөн кишинин бир нече убакытта аткарар жумушун бир көз ирмемде жасаган ушундай өнүккөн техниканын арасында атамдын кол эмгеги менен жасай турган иш таап алганына чексиз кубанып, “Жарайсың атаке” деп, өзүмчө корстон боло күбүрөнүп калар элем.

Бир күнү көргөн көзүмө ишенген жокмун. Автобус эки тарабы көп кабаттуу үйлөр менен курчалган жолдо жүрүп бараткан. Терезеден сыртты карап баратып, капысынан атамы көрүп калдым. Оозу-мурдуна чейин жашылча-жемишке толгон килтейген чоң себетти жонуна көтөрүп кетип баратыптыр. Атамдын жанында жасанып кийинген жаш бир аял сөөмөйү менен бир нерселерди айтып, буйрук берип коюп, көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кирип кетти. Бечара атакем, усталык өнөрүм менен кайда болбосун иш таап кетем деп келген бул чоң шаарда ар кимдин буйругун аткарып жүк ташып жүргөн турбайбы. Болбосо айлыбызда кол алдындагы кара жумушчуларга жол көрсөтүп, башкарып, буйрук жаадырып жүргөн ким эле? Атам эле го! Жонундагы оор жүктөн кубаты качып титиреген буттарын, мойнундагы тырышкан тарамыштарын көрүп көзүмө жаш тегеренип, башымды жерге салдым.

Эч ким менен сүйлөшкөн жокмун, негедир жүрөгүм сыгылып үйгө келдим. Үй-бүлөдөгү атамдын мойнундагы жоопкерчилигин жеңилдетүүнүн жолун издей баштадым. Чачымды тегиздетүү үчүн чач тарачка барганымда мастердин жанында иш тажрыйбасын өнүктүрүп эки жакты тазалап жүргөн шакирттерге да кардарлардын маанилүү өлчөмдө чай пул таштаганын көрүп калдым. Ошондон кийин чач тарачтын шакирти болуп иштөөнү туура көрдүм. Иш тапканыма ичимден сүйүнүп, кечинде атам келгенде эч нерсе оюмда жок эле:

– Ата, – дедим. – Мен чач тарачтын жанында жардамчы болуп иштейин деп жатам. Агам кааласа окуй берсин. Мен окубай эле андан көрө иштесем, үй-бүлөбүздүн казынасына кичине жардам берген болом.

Чач тарачта кардарлардын жардамчыларга да акча таштап кетерин айтып бердим. Атам бул ишиме абдан ыраазы болот деп ойлогом. Тескерисинче, ачууланып, жаалданып кирди:

– Сен эмне деп тантырап атасың билерман!? – деп бакырды. – Үй-бүлөдөгү киреше, чыгашаны камсыз кылуу сенин мойнуңа түштүбү? Мен силерди бул жакка окусун, чоң адам болсун деп алып келдим. Дагы бир жолу ушундай сөзүңдү угар болсом, аябайм сени!

Атама таарынып төшөккө куладым. Агам менен Эмине кызуу уйкуга кирди, мен көзүмдү зордоп жумсам да уктай албадым. Менин бул абалымды атам байкап калды окшойт, жарыкты азайтып, жуурканымды ачып койнума кирди.

– Уктай элексиңби дагы деле? – деди суроолуу. Чачымдан сылап жатты. Эреркеп кеттим, ичим буулуп, буркурап ыйлагым келди. Өксүп-өксүп атамын мойнунан кучактадым.

 – Кой балам, эмне ыйлайсың? – деди шыбыраган үн менен.

– Мен сизди көрбөдүмбү, – дедим ыйлап.

– Каяктан көрдүң?

– Жонуңузга чооң себетти көтөрүп алып кетип баратыптырсыз. Жалданып, кара жумушчу, жүк ташыгыч болуп иштеп жүрөсүз... Мындан ары сизди эч ким Фазлы уста дебейт. Эч ким сизди колунан көөрү төгүлгөн уста катары тааныбайт. Мен да сизге жардам бергим келди. Бирок сиз мени тилдедиңиз, мени түшүнгөн жоксуз.

Мага кошулуп атам да эчкире-эчкире ыйлады. Башымды төшүнө кысып, кучактап алып ыйлады:

– Боорукер, кайрымдуу менин балам, түшүнгөнүңөн сенин. Акылдуу балам, мен силердин атаңармын, мен аталык милдетимди аткарайын, сен болсо окугунуң, адам болгунуң. Фазлы уста дебесе дебей эле коюшсун, жүк ташыгыч Фазлы дешсин. Мен эмне иш кылсам да ак эмгегим менен адал оокат таап жатам, эң маанилүүсү ошол эмеспи.

Бири-бирибизди кучактап көпкө ыйладык. Эртең менен көзүмдү ачсам, атам эшикти сыртынан жаап үйдөн чыгып баратыптыр. Күнүгө көтөрүп кетчү керки, сүргү салган баштыгын бул жолу эшиктин артына таштап кетиптир.

Түркчөдөн которгон Жанар ӨМҮРАЛИЕВА

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз