15.
– Ты поступаешь жестока.
– Но справедлива.
– Ты права.
Чылымын өчүрүп койду.
16.
– Эмне, ошондо КЫРГЫЗ Кердегейден башталат бекен?
– Жо-оок, андай эмес. Мисалы, сиз алыскы чет өлкөгө барыш үчүн биринчи Стамбулга же Москвага барып, анан барчу жагыңызга кетесиз да. Транзиттик жол каттамын пайдаланасыз, Кердегей ошол сыңары.
Бу жиндиден адрес алыш керек болду, ушинтип алдадым.
17.
– Бишкек борбор да, Кердегей эмес.
– Үйлөнгөнгө оюңуз барбы?
– Мындай эле үйлөнө берсе болот да.
– Мындай эле тийбей койсочу кыз?
– Мен аялсыз деле жашай алам.
– Неүжөлү? Аялдардын көзүнөн эркек учуп атты эле. Кайрадан ойлонбойлубу?
– Эмнесин ойлонгудай?
– Акыйнек айтышабыз да.
– Кой садага, мен баары бир сенден жеңилем.
18.
– Президентин баш, парламентин төш кылып, жөн эле кууп ийиш керек.
– Баары бир бюрократия керек болсочу?
– Ушундай бюрократия сага керекпи?
– Анда сизди бюрократ кылабыз. Билесиз, кыргыздар бирөөнү сөкпөсө башы ооруйт.
– Сени бирөө бир нерсе дебегенден кийин жөн эле жүрчү.
Тамашам жакпады, кайыр кошту айтпастан кетип калды.
19.
– Бюрократия чакыртыптыр. Сен олтура тур, азыр келем.
Кайра келди.
– Бюрократияңыз ким эле?
– Чоңдор да. Буларды Рамис ушинтип атайт.
– Биз буларды жактырбагандай, алар да бизди “мээкайыктар” деп жактырышпайт ээ.
– Эй, буларың өзүн өзү төрт дубалга камаган эл болот экен. А биз деген Ала-Тоонун эркин куштарыбыз да.
Бирисиз экинчиси жашабаган, бирок бирин экинчиси жактырбаган жашоо.
20.
– Бу кишинин телефон номеринби же дарегинби, таап бериңизчи.
– Иш жокпу?
– Ооба, зериктим.
– Канча төлөйсүң?
– Издеп жүрүп сизге супсулуу аял таап берем, өзүм.
– Сен алдаганды койбодуң, мен алданганды койбодум.
Каткырдык, жакшы айтты.
21.
– Камалганда Мелисти эстеди бекен?
– Жолуксам, сурап көрөм.
– Кой барба. Өлүп кетишсин, көзүңдү тазалап коюшпасын.
– Бул өлтүрө албайт. Абам бар.
22.
– Сиз көрбөй калдыңыз да. Ошто расса чоткий согуш болду. Шаар жактан капкара түтүн чыгып...
– Туу-уй а-т-аа, анан ушул жерде туруп барбадыңбы согушка?
– Өлсүн. Тайнем да. Эч нерсени түшүнбөй эле аңкылдай берет. Болбосочу?..
Бу кыргыздын кыздары деле жинди.
23.
– Дур-райын орустар, бышырып коюптурбу бу жакта?
– Акемдин кадырын камалганда билдик окшойт. Дагы өлтүрүп коюшпады, жакшы.
– Акеңе деле чала, эптеп креслосуна жетсе болду. Коё турбайбы импичментин.
– Конституциясын уйпалаткысы келбеди, аны «кыйындар» түшүнмөк белек?
24.
– Казактардын жаман ичи күйүп атат, шайлоо өткөрүп атканыбызга.
– Буларда шайлоо болбойбу?
– Болсо Нуракең качан эле «раматылык» болот эле да.
25.
– Темирдин өлүмү Алмаз акесине катуу тийген окшойт, ыйлаптыр.
– Ал жанынан коркуп ыйлады, Темирге эмес.
– Качан болсо Алмазды жамандайсың да турасың. Бу деле киши.
26.
– Баарыбыз талапкерлигибизди алып таштап, шайлоонун ашмалтайын чыгарбайлыбы деп жүрөт бу кыргыз.
– Тууй а-таа, идеяны карап кой, бирок аткарабы өзү айтканын?
– Келесоо болсо аткармак беле?
– Эсен эле болушсун. Бирок идеясы жакты мага.
27.
– Эй, неге мындай? Ким каалаганын шайлай берет да.
– Шайлоонун тагдыры чечилген. Өмүрбекти айланганы “багып” олтурат дейсиңби?
– Анда неге шайлоо кылып атышат?
– Өздөрүн өздөрү алдаш үчүн.
28.
– Эгер бул киши президент болсо...
– Коммунизм башталабы?
– Ой көкмээ, сөзүмдү бөлбөчү.
– Башка теманы эле сүйлөчү, чекеден саясатчы болуп кеттик.
29.
– Уй, биз башкасын эле шайлаганбыз. Анан кантип эле бу киши өтүп кетет же башка жактагылар көп шайлаппы?
– Көргөнүм жок, шайлоосуна барганым да жок.
– Жо-ок, кантип эле дейм да. Сен сволочь түшүнүп туруп айтпай атасың, бир нерсени жашырып атасың.
– Бу сапар шайлоо каттуу өткөн окшойт. Чын эле мен катышпадым.
30.
– Чыныбай качан кеткен?
– Бир ай болуп калбадыбы, укпадыңбы?
– Ту-ууй ат-аа, бийликте деле кризис бекен?
– Билгендерин эле кылып атышат ко. Не болор экен акыры?
– Кердегейге барабыз да, башка не болмок эле.
31.
– Болору болду, боёсу канды. Эми эч кимиси эч нерсе кыла алышпайт. Шайлоо алдында биригиши керек эле.
– Бакиев кайра шайланганда деле ушундай пикирлер айтылган.
– Анда оппозициядагылар күчтүү эле. Азырчы?
– Оппозиция болгусу келген кыргызды тутсам, жарга камайм. Же жүрүш жасайт, же саясатын жыйыштырат.
32.
– Сен чын эле таарыныпсың ушу кишиге.
– Ойлосоңуз, өмүр бою саясатта жүрдү. Абалды көрбөдүбү? Ушул түшүнбөсө. Талапкер имиш. Дагы рахмат, унчукпай алып койду, талапкерлигин.
– Пендебиз да.
33.
– Өзүң барып көрө бер да.
– Корксомчу?
– Мен эмне жүрөк боломбу сага?
– Бир нерсе болсо чогуу качканга шерик болгону жакшыбы дейм да.
– Макул. Сен бара бер. Артыңдан жөнөйм.
– Ии, окшошту.
34.
– Мени айтты дебе. Жазып ал номерин.
– Мага булардын бала-чакасынын кандай тиешеси бар?
– Ай-ээй, сурайсың да атасын.
– Не кыласың десечи?
– Сага апа болоюн дедим эле деп кой.
Таппасаң сыйпалап кал.
35.
– Сааты чыкпаса, умтулганың бир тыйын экен.
– Не болду анчалык?
– Айлыгы жок иштегенден тажадым.
– Зато, өзүң мактангандай, тарыхта каласың.
36.
– Карасаң, мотураят тим эле. Сен деле төрөп албайсыңбы?
– Мен бир кыргызга бала көрүндүм, калгандарына аял. Мени бала көргөн кыргыздын алдына барып, калгандарынан ажыратып алыңыз.
Катуурак айтып алдым. Нес боло түштү.
37.
– Түшүнбөдүм.
– Түшүнбөсөңүз, бактылуу экенсиз.
– Жок, сен мени түшүнбөй калдың.
– Анда мен деле бактылуу турбаймынбы.
38.
– Мурда сыймыктанчумун, эл кызматындамын деп, азыр кызматтамын дегенден корком. Мамлекеттик машина калаты бузулду.
– Оңдобойсузбу?
– Аны эл өзү оңдобосо, мен буту-колу байланган кишимин.
39.
– Кармалганда жардам бериптирби, бир жерликтер го?
– Места жууп, коңшу-колоңго жети токоч таратып, өз бактысына өзү мас жүргөн окшойт, кечээги кылыктарына караганда.
– Көр боло турган киши экен. Канча эл өлүп, канчасы асфальт жолдо түнөп, муну түрмөдөн чыгарышты эле.
– Өтүп кетти да, ал күндөр. Анын үстүнө муну “еврейлер” курчап алды деп жүрүшөт. Өз мээси жетпесе, кеңешчиси “еврей” болсо, буга деле убал.
40.
– Мунусу элге жеткендегиси, жетпегени канча. Буга чейин деле далайын саткан, сени деле сатып ийет.
– Пока сата элек, кийин – билбейм.
– Өзүң бил. Мен эскерттим. Бекер убакыт коротуп жүрөсүң.
– Кечке бекер жаткандан көрө, мага деле жумуш. Алаксыйын да.
41.
– Алдашты, круто алдашты. Мен да бир нерсе сезем.
– Бу өзү билим алган киши. Не мындай мамиле кылып атты экен? Сен өзүң жакшына сураштырдыңбы?
– Эмне, чөгөлөшүм керек беле?
– Өзүңө деле жакшы деп түшүндүр да. Ал кишини сен не кыла алмак элең?
– Ажылдасамчы?
– Аял киши ажылдай берет.
42.
– Ал жакка барба, сени киргизишпейт деле. Тутса оңдурбайт.
– Билем. Тутса теримди тилип, туз себерин. Садырга окшотуп, тирүүлөй кескилешпейби.
43.
– Бар болгону ички даярдык жок бизде.
– Сааты чыкканда даяр болот.
– Көз ачырбаган катастрофаларсыз ички даярдыкка келбейбиз. Бул классика. Чын эле жашоо ушундай.
– Сенин сөздөрүңдү бир жазып алсам болот эле.
– Андан не пайда?
44.
– Кантип өлбөй, бири сексенден ашып, бири жетимишти чапчыды? Ушуларды өлтүргөнгө аракет болгон бекен учурунда же?..
– Бул экөөнү билсең, азыр деле тоготушпайт. Бири билесиң, жиндиканада жаткан, экинчисин бүгүнкү күнгө чейин түшүнбөйбүз. Эч ким көңүл бурбаган буларга.
– Билбейм, мен алтын доордун жашоочусумун. Мен ишенип таянган, мени чын эле түшүнгөн адамым бар.
45.
– Мен көзүн тазалайт дедим.
– Элден коркту. Болбосо мунун буларга эч кандай кереги жок болчу.
– Эки жыл мурда абам мага эскерткен: “ваакум түзсөң, өлтүртүп аласың” деп. Камалганын укканда, селейдим.
– Эч ким деле күтпөдү. Даже өзү да билбей калды.
46.
– Кумтөр кантип башталган?
– Бу ууру, өзүнө окшогон Бриштейн деген ууруну ээрчитип келген. А биз муну великий жазуучу кылып олтурабыз. Кумтөрдөгү махинацияны ушул түзгөн. Уккансыңбы?
– Кулагым чалганы бар. Биринчи президентибизге тирөөч болуп, өлкөдөгү бардакты башташкан деп жүрүшөт.
– Ии, Кумтөр ошентип башталган.
47.
– Бул мыйзамды бузду. 2020-жылга чейин мыйзам жазышты өзүңөр токтоткон белеңер?
– Сен жарыялай бер импичментиңди, мен кошулбайм, ага эл даяр эмес.
– Жалганбы, шайлоодон кийин “тоок уурулардын” ит аткандай атылганы, Дача Су канга боёлгону. Акыры бу дьяволго деле бирөө стоп деши керекпи?!.
– Сен СТОП дегенде токтойбу? Ишенесиңби ушуга? Ортодон жыра тартчулар өзүңдүн ичиңден чыкса, кантесиң? Ыя?
Билген экен. Кийин чын эле ошондой болду.
48.
– Өлкөдөгү хаостун тамыры каяктарда жатканын билесиңер, Элдик Жыйын уюштуралы, барып бериңиз.
– Бу сенин абаңа барып, ал жерден деле акылдуу сөздөрдү сүйлөп, тарап кетсек, абаң экөөң кантесиң?
– Мен анттирбейм. Жарыктын окуусунун маани-маңызын колумдан келишинче, элге жайылтам.
49.
– Сен каяктансың?
– Анын кандай мааниси бар?
– Жок, сен өзүң каяктыксың?
– Түшүнбөдүм. Эмне кереги бар каяктык экенимдин?
– Ушул жерде иштейсиңби?
– Жок. Башка жумуш боюнча келгем.
50.
– Сен этият жүр. Өлтүрүп тынышпасын.
– Мени өлтүрүш үчүн биринчи Кубатты тынчытыш керек. Бирок баары бир мен деле этияттанып жүрөм.
– Апаңды ойло, ошол катынды шорлотпо, а бул жүзү караларды кудайга кой.
– Мен кудайга ишенбейм. Ушуга чейин эч нерсени көрбөптүр, эмне? Туурабы? Кайсыдыр бир жерде болсо болгондур кудай, только бул жерде жок.
51.
– Саясат – бул наркотика. Бир аралашып алсаң, бүттү, чыга албайсың.
– Бир жагы карап турсаң кызык.
– Кызыгы курусун, өмүрүң өтүп атпайбы.
52.
– Эркектин жакшысы жок.
– Сизчи?
– Мен деле ошолордун биримин.
– Кокус издеп жүрүп, таап алсамчы?
– Анда, адресин мага айтып кой.
– “Собственно персоной” издеп барасызбы?
– Мен деле эркектин жакшысын көрүп өлөйүн да.
53.
– Келиңиз, экөөлөп издейбиз, бу кишинин дарегин.
– Мен го издешейин, бирок барбайм, абаңа деп кагып таштаса, не кыла аласың?
– Эки башы бар бекен, абамын буйругун аткарбай койгудай?
– Жөн эле сүйлөй бересиң, колуңдан эч нерсе келбейт.
– Убагы келгенде түшүнүп аласыз, жакшысы, дарегин эле сүрүштүрүп бериңизчи.
54.
– Төөсүң десе, төөмүн дейм да. Төө эмесмин дегенде, өлтүрүп деле ташташпайбы.
– Неужели, анда баары бүттү...
– Мына, ошончо кыйын болсоң, жол таап ал. Темир неге өлүп калды? Таба аласыңбы, жооп?
55.
– Шеф түрмөдөн чыккан күнү келсең, издегениңдин баарын таап берем.
– Ага чейин эс алып турайынбы?
– Шайлоо бүттү. Экөөбүздүн эч кимисине керегибиз жок, эми буларды же телевизордон, же газетадан эле көрбөсөң... таппайсың.
56.
– Сенин айтканың утопия. Бизде шайлоо болгон эмес, болбойт дагы.
– Адам өзү кааласа ташка гүл өстүрүп, какырга суу чыгарат.
– Сен бир догдурга көрүнүп коюшуң керек экен.
– Кеңешиңизге рахмат.
57.
– Таарынып, Таласка жөнөдүң анан.
– Тагдырына таарынгандын баары Таласка барат ко. А бирок Таласка таарынсам, каякка барам?
– Коркпой эле кой, Талас таарынтпайт. Таарынтса күлүн көккө сапыр, жаның жокпу?
58.
– Мен деле билем, бу кыргыз Талас эмес, Аксы экендигин.
– Анда Аксынын эли неге Таластын диалектисинде сүйлөйт?
– Ту-ууй ата, чын эле... Ушуну ойлобоптурмун. Жан бүткөндүн баары Талас окшойт. А бизчи, Таласка тиешебиз барбы же?..
– Жок. Силер Андижан кыргыздары болосуңар.
59.
– Ага сен деле ишенип алдыңбы?
– А балким, чыгарса, чыгарып коёт түрмөдөн.
– Ал кыргыздын кереги барбы, бүгүнкү бийликке? Кандай пайдасы бар?
– Мен эл тараптамын деп атыптыр имиш ко.
– Баракелде. Өзүң айтып жүргөндөй, сен чын эле бышпаган башсың. Сен деле эсен бол.
60.
– Сизди президент кылып шайласак, ишти эмнеден баштайт элеңиз?
– Мыйзамга атууну кайра киргизмекмин.
– Кыргыздарды өзүңөр көбөйтө албай атасыңар го.
– Болбосо кыргызың азыр жөн эле тоготпойт. Бир-экөөсүн атып таштасаң, коркот да калганы. А сен не кылмак элең?
– Акчанын баарын чөнтөккө салып, жер шарын айланып, саякаттап кетип калмакмын. Кыргызстан өзүң билгендей жашай бер деп коюп.
– Тууй ат-аа, экөөбүз тең президент боло албайт экенбиз.
61.
– Ак үйдө жүргөндүн баары каракчы эмес. Бу кыргыз күч органдарын реформалайм деп жүрчү.
Түшүндүрүп берди, эгер идеясын ишке ашырса, бизге кандай жарыгы болорун.
– Анда эле Азимбектин айтканы реалдуулук болмок да.
– Аның не деп жүрөт?
– Эгер Курултай институту мамлекетке орносо, өзүңөр Сот же депутат таппай каласыңар деп. Мен болсо эл арасын аралап, анан айтса болмок, бу сөзүн дегем.
– Туурасын эле айтыптыр. Күч органдары өзүнүн Башкы Командачысын гана тааныйт, калганына өтүгүн тили менен тазалатса, аны көргөн депутат болчусу ойлонмок.
62.
– Бул фонд саясий маселелер боюнча эмес, билим берүү, экология тармагындагы маселелер боюнча иш алпарат. Мисалы...
– С.Жапаровдун маселеси как раз экология боюнча. Мөңгү – экологиялык маселе.
– Сиз түшүнбөй атасыз. Биздин иш балдарга кандай тарбия берсе болот, кантип туура окутуу керек ж.б. Ушул багытта проёкт жазып, же ой пикириңизди сунуш кылсаңыз, биз кызматташууга даярбыз.
– Мен бала окутпайм, Кубат аба түзгөн идеологияны эл арасына таратам. Идеология жалпы өлкөгө, улутка тиешелүү. А мен издеген кыргыз өлкөгө жетекчи болуп көргөн.
– Сиздин маселеңиз саясий маселе. Эже кызматын башка кишиге өткөрүп берген.
– Туй ата, экөөбүз түшүнүшө албай атабыз. Жакшысы, эжени кантип, каяктан тапсам?
– Резиденциядан.
63.
– Тиги кабинетке барып күтө туруңуз.
– Рахмат. Ушул жерде эле турам.
– Азыр кайра чыгып, ошол жакка барат.
– Жок, бул жакта эшик бар турбайбы. Ушул жактан деле чыгып кетиши мүмкүн да.
64.
– Мен шалдырап эле атам. А сенчи?
– Жөн эле бопбош болгонсуп олтурам. Адамдардын ортосунда чын эле байланыш бар.
– Нени айтып атасың?
– ...
Кимге кат таштап келгенимди айтпадым, айткым келбеди.
65.
– Насирдиндин мойнун кайрытып койгондугу үчүн Аскар кетти, Кыргызстандан. Раатбектин чекесине ок кадатып койгондугу үчүн Курманбек жоголду. Эми “тоок ууруунун” баарын кубалап жүрүп аттырганы үчүн Алмаз, Темирди ала салдыртып ийгендиги үчүн Сооронбай эл алдында, Кердегейде, жооп бериши керек.
– Кубат аке сени кандуу системага тосмо кылып тарбиялаптыр.
– Ошентти. Кан кечирбейт деген түшүнүк илгертен келаткан кыргыздардын мыйзамы экен го. Абам экөөбүз өзүңөрдүн мыйзамыңарды орнотобуз.
66.
– Бу каяктарда жүрөсүң, сен?
– Жүрөм да, экскурсиялап, жүргөн жерлеримде.
– Жүрө бер. Айылчы катынга айла жок дедиртип.
67.
– Ушу бойдон Мелис келбейби эми Кыргызстанга?
– Мен сага эки кыргыздын дарегин берейин, ошолорго барып сурап көрбөйсүңбү?
– Кайдагыны айтпачы, өзүң айткандай, аларың үчүн мен короосунда арсылдап үргөн Рексче бармынбы?
68.
– Коку-уй, бу жериңер не балээ?
– Түрмө. Жанагы Текебаев олтурган түрмө ушул да.
Сөзгө аралаштым.
– 47-колония ушул жерде беле?
– Ооба. А сен каякта деп жүрдүң эле?
– Шаардын сыртында го деп жүргөм.
– Шаардын эле ичинде.
69.
– Быйыл жай мезгили болбойт окшойт.
– Бу сага не болгон? Акыркы убактарда эч нерсени жактырбай калдың.
– Билбейм. Жай жайдай эле болбойбу анан?
– Кудай кааласа кубарыңдын акысы барбы, дос?
70.
– Ушу япондун фильмин көрсөм, кадимкидей ооруйм Япония менен. Себебин ит билсинби?
– Акчам жок билесиң, болбосо сага билет алып берип, самолётко салып иймекмин. “Бар, туугандарыңды көрүп кел” деп.
– Сени какшыктатып эле койсо.
– А сени кыялдантып.
71.
– Кытайлар берген карызынын ордуна Нарынды сурап атышыптыр.
– Кабаттап катын алгысы келген Кыргызга эми кыйын күндөр башталат окшойт.
– Ө-өл, Нарын кетсе суусу жок калабыз, ушуну түшүнбөйсүңбү?
– Кердегейге барып берчи десең, катындын азабын тартып олтурган Кыргызга чала. Кыргызды бир оңдосо же Кытай, же Орус оңдойт.
– Ооба, сага! Ушу сөзүң үчүн атылып кетпе. Этият болсоңчу.
– “Не мясо, не рыба” болуп жүрбөй, зато, бир жаңсыл болобуз.
72.
– Алло, кагазымды таштап кетейин, алып калыңызчы.
– Мен ооруп калып, больницада жатам. Үйдө эч ким деле жок.
Таң калыштуу, эч кимиси жок үйдүн эки форточкасы ачылуу. Болгону... корктум.
73.
– Сени бирөө кыйнап атпагандан кийин, суук тумшук болуп барбай эле койчу. Же эмне?..
– Еврейлердин кылык-жоругун, кулк-мүнөзүн кантип билем, булар менен аралашпасам.
– Сен ким, еврейлериң ким, ушинтип жүрүп өлүп тын.
– Чалынган телефонго жооп бере албаган неме, өлтүрө алабы? Менин кунум сураларын билет, бу кыйын.
74.
– Дадил чыкты эле, эч кимисинен коркпой. Суроо бергендеричи, тууй энең, өлтүрүп эле ташташты.
– Эгер аркасынан түшүп алышса, көрөсүң, буларды оңдурбайт.
– Кантип келишкенин деле көрдүң го. Оңдурбаса, экөөбүздүн эмнебиз коромок эле?
Артымды кылчайып карабадым, сөз ким жөнүндө баратканын билдим.
75.
– Сен буларды каяктан билип жүрөсүң?
– Өзүм Бишкекте жүрсөм, угам да мен деле.
– У-уй макоо, сен менин абалымды билбейсиңби, ошо балага кошуп, сени да өлтүрүп кетишсин.
– Жөн жерден паника кыла бербеңизчи. А балким менин уккандарым жалган.
– Өлүгүңдү көрөйүн, бу сен көкмээни не кылса болот экен аа?
Унчукпай кутулдум, ооз ачсам, Ошто тревога башталмак.
76.
– Ошончо коркутуп атышса, эч кимисине эч нерсе дебептирби?
– Дептир, “манекендерге”. Жогорку Кеңештин “манекендери” маалымат булагын коргошу керектигин, өзүнүн түз милдети коопсуздукту гарантиялаш экендигин түшүнбөйт. Алар бар болгону, “манекендер”.
– ...
– Кубат аба, бу деген биз таптакыр кароосуз абалда калганыбыздын ачык белгиси. Заказчик – президенттин айланасы, парламент бөгөт коё албайт, сот кагаз жүзүндө гана бийлик. Мына бүгүнкү реалдуулук.
77.
– Бу киши ооруп жүрөбү?
– Оорубай этпей эле бир жакшына зыңкыйып жүрөт. Соо кишини неге кеселге чыгарасың?
– Кеселге чыгарганым жок, болгону оорубу-сообу, ошону сурадым дегим келди.
78.
– Эй, мен жапжакшына жашап атам.
– Сизге бирөө келип мышыгыңызды пышыңыз дей алабы? А биз бирибизди экинчибиз өлтүрүп, эч нерсе көрбөгөндөй жашап жатабыз, ушинтип жашай беребиз.
79.
– Мен эч кимге барбайм, отчёт бербейм.
– Анда Кердегей сизге келсин.
– Келбей эле койсун. Анын отчётунун мага кереги жок.
80.
– Өлгөндө жалаң чоңдор барышыптыр го. Көрдүңүзбү Интернеттен, Отунбаева жүрөт?
– Кыйын бала экен да, өлүп туруп чоңдор менен айылдаштарын тааныштырып койгон.
– Сиз деле өлбөйсүзбү, Текебаевди көрүп коёлу.
Каткырдык. Тантык десе.
81.
– Кыргыздын бир баласынын өмүрүн болсо да сактайлы деп келтирбей койдук.
– Байланыша алсаңыз, Жыйын жөнүндө айтыңызчы, сизден сураныч. Бул иштин башында Кубат аба турат.
– Менде байланыш бар. Биз парламенттик шайлоого документ түзүп, мыйзамдуу жол менен катышалы деп чечкен элек.
– Мен билем. Билгенимди Кубат абага жеткиргем, Жыйында болгонун болгондой өзүңөр деле айтып бересиңер да.
82.
– Идите, вы, к черту. Оставьте меня в покоё.
– А если не оставляем?
– Я могу грубее разговоривать с вами, тогда.
– Доживем, увидим.
83.
– Бул сөздөрдү мен айтпагам, сага.
– Анда мен булардын баарын кайдан билдим?
– Мен кайдан билем? Тем более, мен сага эч нерсе айтпайм.
84.
– Кайдан сен? Күйөөгө чыктыңбы?
– Бир да кыргызга аял кереги жок окшойт, эч ким үйлөнчүдөй эмес.
– Сени көргөн кыргыз коркот да, алдагинтип жүрсөң. Жөн жүрсөң, алдагачан күйөөлүү болмоксуң.
85.
– Кызык. Ушунун баары бу кыргыздын диагнозубу? Түрмө деле буларды киши кыла албайт окшойт, же күлөөрүңдү, же ыйлаарыңды билбейсиң.
– Билсең, бу сөздөрдүн арасында Европада сатылчу дары-дармектин аты деле болушу мүмкүн. Экөөбүз билбейбиз да, кайсы сөз нени түшүндүрөрүн.
Каткырдык.
86.
– Ошол күнү жолуга алдыңбы?
– Жок. Үйдө жок дедиртип койду.
– Өлүгүңдү көрөйүн уятсыз бетпак, сен кетериң менен көчөгө чыкты, мен карап турдум.
– Үйүндө жатканын мен деле сездим, бирок эмне дей алмакмын?
87.
– Күн резко сууй түшкөнгө, базар вообще кыйсыпыр түшүптүр.
– Бааны оозуна толушунча айтып атышкандыр.
– Айтпа, сезон келди да.
88.
– Мамлекетте кадр жок.
– Чыгып келатканын эле жыга чаап атсак, кадр калабы?
– Жамандатып эле койсо... Кыргызстан эле эмес, бүт дүйнөдө ушундай.
– Кадр жоктугун баштаган менби же сизби?
89.
– Бу кишиге өзү барып коюш керек негизи.
– Маселени качанкыга чейин талкуулайт экенбиз, аа?
90.
– Дайым иш кычап атканда келесиң, саат алтыга чейин материалды даяр кылышым керек.
– Эч нерсе болбойт, анча-мынча бизге деле көңүл буруп коюңуз.
– Айтканды түшүнбөйт турбайсыңбы.
– Элдин баары акылдуу болуп төрөлбөйт да.
91.
– Жол кырсыгынан канчасы жабыркап атпайбы.
– Анда неге бир шоферду камай албады? Сотун уктуңузбу, өлгөндүн өзүнүн шорубу?
– Сенин жакының беле, анчалык күйгүдөй?
– Тооба, слишком “бактылуу” макулук турбайсызбы.
– Оозуңа карап сүйлө.
– Жөлөп турган асманыңды кулатып ийесиңби?
92.
– Сен баарын ташта, ооруп каласың. Бу саясат... оор оокат.
– Айтканга оңой, бирок таштап коюш... Болбосо өзүм деле тажап кеттим.
– Жакшынакай ыр жазып жүрө бер, талантың бар экен.
– Ту-ууй ат-аа, ырды тегирменден бүкүлү чыгып туруп, анан жазбасаң, жөн гана жамак болуп калбайбы. А мен АКЫН болгум келет, жамакчы эмес. Олтура калып эле жазгыдай нерсе эмес да ыр деген.
93.
– Кийими бар бомж эле болуп калыпсың, ушунуңа акча төлөп беришеби?
– Төркүнүмдөн эч нерсе тиленбейм, болгону өзүнүн сөзүн өзү унутпаса, ошол айлык мага.
– Али унутуп калмайы да бар дечи. Иши кылса сени соо коёбу деги?
– Азырынча абамын көзү тирүү, чекеме черте албайт.
– Чындап эле сага кошулуп, абаңды көргөнү Алайга барат окшойм, сен бир эле ушу кишиңе ишенесиң, калганын тоготпойсуң.
94.
– Ушуларга неге эле тийише берет чоңдор?
– Балекеттин баарын билип, элге жайып ийип атса, айыбынын ачылып калышын чоңдор каалашпаса. Мына сага, проблема.
– Буларга кыйын эле турбайбы, эл эч нерсе дебейби?
– Эл мына сен, болбосо башка ким? Сен эмне дедиң?
– Менин колумдан бир нерсе келеби же мен өлтүрүптүрмүнбү? Просто, жапжаш неменин убалынан коркпогонуна таң калып атам. Эч нерсени түшүндүрбөй эле кыжырдана бербе.
– Булар бийликке келиш үчүн былтыр Темирди өлтүргөн, быйыл бийлигин кармап калыш үчүн Уланды өлтүрдү. Ушу.
– Алиги Бакиевдердей болуп атышабы, тооба?
– Мен эч нерсе айтканым жок, а сен эч нерсе укканың жок.
95.
– Милицияда жүрүп булардын ошончо кылыгын көргөм. Азыр мен эч кимисине ишенбейм.
– А балким ак менен караны ажыратыш үчүн ушул реалдуулукта жашап өтүшүбүз деле керектир.
– Балким... Орустар айтмакчы “Счастье не было бы, несчастье помогло” болсо болоттур. Бирок көңүлүң бир сууп калгандан кийин кайра бирдеме деш кыйын экен.
96.
– Бишкекте эпидемия жүрүп атат, наркы кыргыз ооруса түрмөдө жата берип тажады, берки кыргызга не болуп кесел тийди, башым жетпейт. Былтыр вообще оорубаган.
– Айыгып кеткиси бардыр, сен соосуңбу деги?
– Желмогуздай эле жүрөм. Баарын тажатып, өзүм жадап, эмненин ичинен чыгарымды билбей. Өзүңүзчү?
– Алайдын абасы таза, эй. Оору-сыркоо деген бу жерге жетпейт.
– Ооруганды өнөр көрүп аткандарыңыз бир күнү тилегине чын жетет, айтты-койду дейсиз.
97.
– Эч кимисине эч нерсе дебей эле коюш керек.
– Балдарды өлтүрүп атышса делеби?
– Бирок ошо өлүп калган балдардын ата-энелерине эле убал болду.
– Ана ошону билип-туюп, катыным сокур, жаным тынч деп олтура бергиле.
98.
– Бир кыргыздын өлгөнүнө кайгырып жүрбөй, ордуна беш кыргыз төрөп ал да.
– Эмне, жасап алайынбы?
– Мени ошончо жумуш күтүп турат, алигиче материалымды даярдап коймокмун.
– Качтыкпы?
– Колго түшкөндү ким эле кааласын.
– Абалыңыз ушу, анан кайгырасың деп жаман көрөсүз.
99.
– Эми не кыла алмак элең, сен бир өзүң жалгыз болсоң?
– Менин артымда ким турарын ушу сиз билбейсизби?
– Өзүң билчи, баары бир менин айткан кеңешимди сен укпайсың.
– Кеп-кеңеш сураганы эмес, абама жолукканымды, Кердегейде Жыйын болорун айтканы келдим сизге.
100.
– Кого я вижу, без охраны? Колго тийбес евро болуп кеттиңиз го.
– Туу-уй ат-аа, тутулуп калдым ээ.
– Жер шары тоголок да, сүйрү эмес.
– Кечирип койчу, эч кимге жок деп айталбаганга, ушинтип качып жүрүп жан сактайм.
101.
– Сага кагаз таштап койдум, окуп чыкчы.
– Мага кереги жок, окубайм. Алып кете бериңиз.
– Окубасаң, тытып ташта. Мага да кереги жок.
– Туалетке илип коём.
– Ошент. Туура кыласың.
102.
– Уй, түсүң кантет? Оорубай элесиңби?
– Өмүр акемдин айтканын эми түшүндүм.
– Коку-уй, не дегениң?
– Түштүктүн эки кишисин, Түндүктүн бир кишисине алмаштырбайм дегенин.
– Ии-и де. Акең өзү каяктан чыгыптыр?
103.
– Нас управляет дьявол.
– Пусть, сколько хочет, столько управляют.
104.
– Сен Атамбаевге кошулбайсыңбы, Жээнбеков экөө не болуп атканын угуп аткандырсың.
– Анын мойнунда “кылмышка шектүүлөрдүн” каны, Дача Су турат.
105.
– Макул, болбогонго болушканда не? Кокус өлүп калсам, тажияма барып коюңуз, дагы Шайыр чакырбаган деп жүрбөй.
– Сен буларга эч нерсе кыла албаганыңдан кийин, неге өлтүрүшмөк эле? Жөндөн жөн эле өзүңдү башкача ойлой бересиңби.
106.
– Эл аралык журналистиканын өзүнүн мыйзамы бар. Мен эч кандай саясий топтун, көз караштын тарапкери болбошум керек. Нейтралдуулукту сактабасам, мыйзам бузам.
– Ошондо сиз нейтралисмуссузбу?
– Кандай кааласаң, ошондой ата.
– Сиздин өмүрүңүз, бактыңыз, тиричилигиңиз кызматка гана байланып калганбы?
– Мен ошончо жыл көчөдө жүрдүм.
107.
– Эч кимге жакпайт көзөмөл. Көрүп атпайсызбы, баарыбыз контролсуз жашагыбыз келет.
– Аның чын. Бирок элди тентитпей, селсаяктарды өлтүртпөш үчүн, кааласак да, каалабасак да КӨЗӨМӨЛ орнотулушу керек.
– Ким башын оорутат дейсиз элге?
108.
– Азимбекти өзүң деле көрдүң го, кечээгиде. Шеф өзү болгондо...
– Камала элегинде шефиңер деле ойкуйт да кайкыйт, ак чардак болчу.
– Сен кимсиң, шефти минткидей. Сенин пайдаң болбосо деле убакытын коротуп, кабыл алып олтурушу керекпи?
– Кимдин арты менен депутат болуп жүрүптүр шефиңиз?
– Сен шайлапсыңбы, эл шайлаган ал кишини.
Унчукпадым. Тумшугуна суу жетсе, киши болор, болбосо... Кимге кимдин убалы бар?
109.
– Балам киши колдуу болгонун билип турганым менен, кантип далилдей алам? Бийлик, байлык алмусактан бери өз элин өлтүрүп келген. Айлам канча? Бийлик билбесе, эл билди, эл баалады баламды. Биздин көкшүүнүбүз бир аз да болсо, ошого сууду.
Сурагым келди.
– А менин көкшүүнүм канткенде сууйт?
Сурабадым.
110.
– Уюштурбайсыңарбы биринчи? Мен өз оюмду ошондо айтам.
– Оюңузду сурап атканым жок. Бир механизмдерин чогуу иштеп чыкпасак, ушу мен билемби, кантип Жыйын уюштурганды? Кимиңди каяктан табышты билбей, башым маң болуп жүрөм өзүм.
111.
– Абалыбызды жакшы эле талкуулап көрдүк, эми маселебизди кантип чечебиз, ошол темага өтпөсөк бовойт.
– Не сен чечип ийесиңби, ошончо маселени?
– Жо-о-ок. Француздар, болбосо кореецтер чечип берет. Же орустарга кызык болчу беле?..
112.
– Бүгүнкү реалдуулукка өзүбүз күнөөлүүбүз. Кандуу система өзүнөн өзү орногон жок.
– Элде не күнөө?.. Сени түзүк деп жүрсө, акмак турбайсыңбы.
– Ыңгайды ким түздү? Суроого жооп издеп көрбөйсүзбү? А балким сиз киши болосуз.
113.
– Менден башкасына кайрылып көрчү, өзүмдүн жумуштарым ошончо.
– Башкасы да, башкасына шылтасачы. Мага гана тиешелүү маселе болсо, бир жөн эле. Эч кимибиз көчүп кете албайбыз да. Акыры бирөөбүз жоопкерчилик алышыбыз керекпи?
114.
– Саясатчыларды ошого ЭЛ сойкуларга теңешет. Өз сөзүнө жооп бере албаганы, саясат менен алектенип кетет. Булардын артынан түшсөң, акыры өмүрүңдү жеп аласың.
– Арасында түзүктөрү деле жолугат.
– Түзүгүн өлтүрүп атышпайбы шүмшүктөрү, канча адамдын ырысын кыйып.
115.
– Билем, өлгөндүн өз шору. Калганыбыз өзүбүздү өзүбүз иш менен камсыздап, не болуп өлтүрүлгөнүн иликтеп көрбөйлүбү?
– Артынан узатып коюшсачы?
– Шардана кылып, ырдамак белек? Жан ширин, жашыруун кылабыз да.
– Эй, ошончо иликтөө болду, жыйынтыгын чыгарды го, бүттү. Башка иш тап.
– Ошончо иликтөөнү сиз түшүнбөсөңүз... Башка ишке башым оорубасачы?
– Анда ал сенин проблемаң.
116.
– Саясат сонун баратат. Тим эле…
– Идеальнобу?
– Сөздү укпайсыңбы биринчи. Булар азыр бирин бири жок кылат. Кийлигишкендин кереги жок. Сыртта туруп, күтүп турсаң, ыңгай жаралганда, бийликти алып койсо болот.
– Түшүнсөм, буйрубасын. Ким эмне менен убара?.. Эсен болсок күздө жөжө санарбыз. Бийлик кумары канча адамдын башын жутар экен?
117.
– Сен парламенттик шайлоого катышпайсыңбы?
– Ошого чейин жашаймынбы?
– Жашабагандачы же жарылып алмак белең?
– Кайсы партияга кошулайын же өзүм партия түзөйүнбү?
– Туу-уй ат-аа, жакшысы, тек эле койчу. Аялдын саясатка аралашканы...
118.
– Саясат, аялдын жумушу эмес. Аялдын жумушу – бала төрөп, багып чоңойтуу. Сен таарынба, саясаттан бакыт таппайсың.
– Ушу теманы абам менен талкуулаңызчы, мени саясатчыларына кабарчы кылган ошол киши. Мен эле жыргаганымдан жылкычы болуп жүрүптүрмүнбү?
119.
– Дагы не деген шылтоо табышты?
– Иши көлөмдүү экен. Ошончонун баарын окуп чыгыш оңойбу сага?
– Эй, бу киши не болуп түрмөдө жатканын, жаш бала деле түшүнөт ко. Томдуктарды окуштун кандай кызыгы бар?
– Азыр айтып келем, сен ушул жерде күтө тур. Камактан чыкса, учурашып коёюн деп Шайыр өзү келиптир эле дейинби?
Айласыз күлдүк.
120.
– Сот залы тар, эч кимди киргизбейт. Журналисттер толуп кетти.
– Прессага гана кудай берет да ушундайда.
121.
– Сизди билбедим, менин “терпением” телпейди.
– “Перестройкаң” сени жыгып түшкөнү калган го.
– Ит билсинби?.. Же “перестройкам” менин, же мен “перестройкамдын” түбүнө жетпей убарабыз иши кылса. Ушундай, жашоо биздики.
122.
– Өзүңө өзүң проблема жаратып, сага кандай пайдасы бар, кабарчылыгыңдын?
– Өзүм жашаган доорду өзүм окуп чыксам, анын эмнеси жаман?
– Макул, окуп чыктың, пайдасычы, же бирөө сага айлык төлөйбү?
– Кыска өмүрүмдү ЖАШАП өтөм, жашагандай түр көрсөтпөй. Өзүмдү өзүм алдап олтурбай, жылаңач чындыкта адамдын өмүрүн башымдан кечирем. Мына пайдасы.
123.
– Үй-бүлө, бала-чака деген барбы сизде?
– Жеке турмуш мага буйрубаган окшойт, жок.
– Кийин өкүнүп калбайсызбы?
– Билгиң келсе, мен азыр да өкүнөм. Айлам канча?..
124.
– Вийондун бир сабы бар: “От жажды умираю, над ручьём” деген. Ойлоп көр, суусагандан өлүп баратат, өзү булактын көзүндө. Азыркы Кыргыздын абалы ушуга келип жетти.
– Кыргыздын абалы белгилүү болсо, ошол абалдан чыгарчу киши керек анда.
– Кыргыздын көзүн аччу кишиси деле бар. Ошого барыш керек, болбосо туташ эле сокур болуп калдык. Адилеттүүлүктү издеп, карайлап таппай жүргөндөйбүз.
– Жашоонун классикасы. Болгону, ушунча мээнеттин өз кайтарымы да болорун унутпа.
– Өлбөй, ошол күнгө жетсем Рамисчесинен тарткан азабым жыргал болуп кайтканына күйүнүп-күйүнүп алаттырмын мен деле.
125.
– Шеф менен тааныштырып койбойсузбу? Кайрылуумду сурайт элем.
– Офиске ар кандай убакта келет, эгер учурунда келсең, тааныштырайын.
– Нарданы тарактатып олтуруш керек турбайбы, офисте. Келбей койсочу?
– Анысын айталбайм.
– Негизи кайрылууга 14 күн ичинде жооп кайтарылышы керек, а мага канча жылда кайтарылышы мүмкүн же жооп беришинин кажети жокпу?
126.
– Кердегейге барыш үчүн канча расход кетет?
– Орто эсеп менен үч миң сом, кааласаңыз, андан да көп алсаңыз болот.
127.
– Садырды деле үй камагына чыгарып койбоду, хотя бы баласы өлгөндөн кийин. Өзү закон боюнча президент сотко кийлигишпеш керек.
– Бул кагазда, а реалдуулуктачы?
– Эмил деле аппеляциялык арыз жазган, а Маевский Өмүрбекке жазбаган. Түндүк-Түштүккө чын бөлүндүк.
128.
– Садыр Түндүк эмес, КЫРГЫЗ.
– Регионун жаздым, улутун эмес.
– Мен канча айтам сага, КЫРГЫЗ киши эмес, бөрү деп. Садыр ушундай шартта кармалбаса, кандай шартта кармалышы керек?
– Карышкыр, карышкыр деп олтуруп, биротоло карыштырмай болдук, болгон кыргызды.
129.
– Кердегейде кайрадан президенттик шайлоо кылынат.
– Бул мыйзам бузуу, мөөнөтү бүтө электигин билбейсиңби?
– Темирдин, Уландын өлүмү сизге жаңылык эмеспи? Атайын адам өлтүрүү кылмышы катталды.
130.
– Мамлекетти адамдар не максатта түзүшөт, колунан өлүп алыш үчүнбү? Азыркы мамлекет сенин, менин коопсуздугумду кепилдей алабы?
– Башыбыз жеткен менен, колдон эч нерсе келбей атпайбы.
– Механизмдерди чогуу иштеп чыкмайын, селсаягы өлтүрүлгөнү өлтүрүлгөн Кыргызстандын. Кердегейдеги Жыйынды уюштурганга жардам кыл.
131.
– Видео кайрылуу кылып, Интернетке таратпайсызбы, минтип ар кимге келип кетип олтурбай. Сиздин көңүлүңүз үчүн да а-бу демиш болгону менен, жыйынтыгын өзүңүз көрүп атпайсызбы.
– Улан таратты, не болду? Азыр бирибиздин башыбыз ооруп атабы, не болуп өлгөнүнө?
– Сиз бир гана киши болуп атпайсызбы, ушинтип жүрүп өмүрүңүздү өткөрүп бүтөсүз. Ичиңиз ачышпайбы өзүңүз үчүн?
– Мен коомдук түзүлүштү башка жол менен таанып болбостугун, өмүрүмдүн үчтөн эки бөлүгү кайткыс болуп өтүп кеткендигин билем.
132.
– Анын телефону менде кайдан болсун?
– Сүрүштүрүп көрүңүзчү. Кантип да болсо, табыш керек. Болбосо Кердегейде тополоң чыкпайт деп ишенимдүү айтыш кыйын болуп турат. Канчасында курал бар.
– Макул, чын киришиптирсиң, сураштырайын.
133.
– Эмне кылып жүрөсүң бул жакта?
– Өз иштерим боюнча эле келгем, бу желмогуздун келерин билген деле эмесмин. Мен кааласам да, өлтүрө албайм мунуңарды, өз өмүрүмдөн өзүм коркуп жүрөм.
– Нени сүйлөштүң бу киши менен?
– Кайрылуумду сурадым. Минтип коркутпагыла да мени.
Чын эле көзүм балбылдай түштү.
134.
– Интернетке кирсеңиз, “Супер-Инфодон” журналист барыптыр эле, Кубат аке кабыл албай коюптур, а сиз башкача кылып айтып жүрөсүз. Кимиңерге ишенели?
– Мен редакцияга барып кимиси неге барганын сураштырып көрөйүнчү. Ал киши чогуу келгиле деген, бирден барса жини келгендир да.
– Бирден барабы, чогуу барабы, атайын баргандан кийин кууп чыкканы болбойт.
Унчуга албадым, абамын пейилин деле билип бүттүм, жаш балдарга таянчу киши керектигин деле билем.
135.
– Кандай? Ырларымды карап көрдүңөрбү?
– Негизи жакшы эле, бир аз такшалышы керек дешти. Азырынча сени резервге жазып турайын, бул жылдын планы толуп калган. Аркы жылдан кечеңди өткөрүп беребиз. Макулсуңбу?
– Ойдогу иш болуп атса, макул болбой коймок белем?
136.
– Мен сага канча айтам, менин бекерчиликтен колум бошобойт.
– Бир жердин кулагын чоюп калганыңызда барбы?.. Өлмөк экенбиз. Просто, нет слов. Кыргызстанды вирус каптады.
– Вирус... качан, каяктан башталган?
– ...
– Мелтиребей, каяктан, качан башталганын бар, таап кел.
Үйүмө келип, жакшылап ыйлап алдым.
137.
– Конституцияны Текебайып жазып көрдү, билбедиби, натыйжасы не болгонун?
– Өткөндөн сабак алалы деп жүрүшпөйбү. Алган сабагыдыр да, бу кылганы...
– Көрбөгөндүн көргөнү курусун.
138.
– Не болуп камалып жүрөт бу кыргыз?
– Импичмент жарыялаган.
– Ме сага, Саясий Реклама! Бу баланы популярдуу кылгандын ордуна, бир пачке “снегурочканы” кучактатып койбойбу, 300 миң кол топтоп кел деп. Жүрө берет эле, эл менен таанышып, айыл-апаны аралап.
– Ошого башы жетпесе не кылсын.
– Мунубуз деле алыска узабайт окшойт.
139.
– Легендарлуу Парламенттин Конституциясы жетет, ошондогу депутаттар нормально жазышкан. Калгандары элди билгендей ойнотушту.
– Ушу мыйзам дегениңерди ныпым түшүнбөйм. Юрист эмесмин. Билишим керектигин түшүнсөм деле, жалкоолугумдун айынан окуп чыкпадым.
– Кайсынысы не экендигин өзүңүз билбесеңиз, ушу бардакты кантип токтокмок болуп жүрөсүз анда?
Уялдым. Унчукпай кутулдум. Туурасын айтты.
140.
– Колдоп жүрбөдүң беле?
– Андан бери бир жыл өтпөдүбү, мен деле чоңоюп, башы көзүм токтоду да.
– Не болуп ооп жүрөсүң?
– Путинге жөн эле “күйөөгө” тийип кетпестен, “Жерүйүбүздү” жетелегенче кетиптир.
141.
– Бири дагы мени кошпой койду, тараткан формасынан сурасам, же беришпейт. Садырды колдоп, ар кайсы группадагылар, топтор чыгыптыр бүгүн. Сен чын эле билбедиңби, Кумтөрдүн элге өткөнүн?
– Ыр окуп бүтпөй жүрсөм, каяктагы саясат. Билесиз го, мен деле бир нерсе таппайын.
– Коку-уй, ошончолук кандай ыр экен, сени алагды кылган? Саясаттын жиндиси, мен билгени, сен элең го?
142.
– Жыйынды уюштургула дебейсиңби? Чек ара оюнчук эмес да. Ошончосу өлдү. Эми ойлонушса керек.
– Эшеги ылайдан өткөндөн кийин Мелиске же Тилекматка окшотуп коюшсачы. Мырзакматовдой дезертир да, Куреновдой зэк да болгум келбейт.
– Сенин абаң бар, Тилекматтын эч кимиси жок. Мелистин дезертирствосу бүттү.
– Билбейм. Тупиктер көбөйө берсинчи. Иши кылса, дальше некуда болмойун, бири бирибизге кимдигибизди көрсөтүп, кырдана бермей окшойт, биздин өмүр деле...