Абдулла Каххар: Бейтап

  • 29.11.2022
  • 1929

Өзбек тилинен которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ

Асман жарык, жер катуу.
Өзбек макалы

АҢГЕМЕ

Сатыбалдынын аялы ооруп калды. Сатыбалды сыркоо аялын молдого окутту – болбоду, табыпка көрсөттү. Табып кан алды. Бейтаптын көзү тунарып, башы айланчу болду. Бакшыга окутту. Алакандай бир аял келип талдын чырпыгы менен чапкылады, тоок союп кан чыгарды… Мунун баары албетте, акча менен болот… Мындай кезде жоон ичкерет, ичке үзүлөт.

Шаарда жалгыз доктуркана бар. Бул доктуркана туурасында Сатыбалдынын билгени ушул: салкын, тынч парктагы дарактардын арасына чөмүлгөн бийик жана кооз имарат; бозомук айнек эшиктин коңгуроо баскычы бар. Пахта чигит жана күнжара сатып ишкерлик кылган кожоюну Абдыганыбай кампада кулап кеткен каптардын астында калып, өлө турган болгондо, бул доктурканага барбай, Симге[1] кеткен. Доктуркана дегенде Сатыбалдынын көз алдына замбирек араба, ак падышанын сүрөтү тартылган 25 сомдук кагаз акча келер эле.

Бейтаптын абалы оорлошту. Сатыбалды арыз-муңун айтып кожоюнга барды, кандай мүдөө менен барганын өзү да түзүк билбейт. Анын арыз-муңун уккан Абдыганыбай аябай кейиди, колунан келсе анын аялын азыр бутуна тургузуп беришке даяр экенин божурап:

– Ыйык Гавсул-аъзамга, машайык Баховадинге эч нерсе курбандык кылбадыңбы? – десе болобу кайра.

Сатыбалды кетти. Сыркоологон аялынын жанынан жылбас үчүн, ушуну менен бирге тиричилик өткөрүш айласында эптеп бир иш кылышка туура келди, чырпыктан ар түрдүү себет токуганды үйрөндү. Эртеден кечке аптапка куйкаланып себет токуйт.

Төрт жашар кызы колуна оромолду алып, апасынын жүзүн ыңылдап учкан чымын-чиркейден коруйт. Кээде оромолду колуна кармаган бойдон уктайт. Бардыгы жым. Чымын, чиркейдин ызылдаганы, бейтаптын кыңкыстаганы гана угулат. Ар убак алыс-жакындан кембагал кайырчынын үнү чыгат: «Алла-Таала ыраазы болсун, садага бериңиздер, жакшы-жаман түштөр үчүн да садага бериңиздер, иэ, расули Алла…»

Бир жолу кечинде бейтап аябай азап тартты. Оорукчан аялы кыңкыстап баштаганда, Сатыбалды өзүн коёрго жер таппай чый-пыйы чыгып заманасы куруйт. Кемпир кошунасын чакырды. Кемпир бейтаптын саксайган чачтарын оңдоп, тияк-биягын сылады, анан отурган жеринде бышактап ыйлап:

– Эч күнөөсү жок наристенин таң азанда кылган дубасы түз кабыл болот, ойгот кызыңды! – деди.

Уктап жаткан кызын ойготсо, кызы кыңкыстап ыйлап жиберди, кийин атасы урушканда, апасынын акыбалын көрүп коркуп, кемпир үйрөткөндөй кылып алакан жайып акылынын жетишинче дуба кылып кирди:

– Э, кудай, омийин, апамдын оорусуна шыпаа бере көр. Апам тезирээк сакайып кетсин…

Бейтаптын абалы күндөн-күнгө оорлошо берди, акыры айыгып кетишинен үмүт үзүлдү. Арманда кетпесин дешип «чилесин» кылдырышка да туура келди. Сатыбалды токуган себеттерин дүңүнөн сатып алып жүргөн соодагерден жыйырма тенге карыз сурады. «Чилесинен» бейтап демдүү чыккандай болду. Ушул кечте бейтап көзүн бакырайтып чоң ачып, кызын өзүнө тарта улам жыттап, ага эт-жүрөгү элжиреп:

– Жараткан кызымдын таң азанда кылган дубаларын кабыл кылды. Атасы, эми түзүкмүн, мындан кийин кызымды таң азанда ойготпой эле кой. Уктай берсин.

Ошол бойдон жумулган көздөр кайра ачылган жок, таң супа тартканда түбөлүк уйкуга кетти. Сатыбалды кызын жансыз өлүп жаткан апасынын жанынан алып, башка жакка алып барып жаткызып жатканда төрт жашар кызы ойгонуп кетти да, адатынча көзүн ачпастан туруп дуба кылып кирди:

– Э, кудай, омийин, апамдын оорусуна шыпаа бере көр. Апам тезирээк сакайып кетсин… Апам эч качан оорубасын...

1936-жыл.

[1] Сим – азыркы Фергана шаары.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз