Феликс Кривин: Адам бийликке келгенде, маймыл оппозицияга кеткен

  • 02.12.2022
  • 1455

Ааламга кыска жол менен

Жер, аалам менен кыска толкун аркылуу байланышат. Кыскача айтканда... мындан да кыска…

Кыска толкундар гана космосту жиреп өтө алат, ал эми узундары Жерден көчүгүн көтөрүп кете албайт…

Ошондуктан: укканга оңой — кыска сүйлөйлү.

Өткөн менен кеткенден

• Адам биринчи эшикти кириш үчүн эмес, чыгыш үчүн издеген.

 • Тарыхый роман — бул  өткөн чак менен бүгүнкү күндүн жолугушу.

• Ден-соолуктун тарыхы жазылбайт. Оорунун тарыхы жазылат.

• Тарых — бул расписаниесинен башка эч нерсеси калбаган, качандыр бир кездерде таштандыга ыргытылган поездин расписаниеси.

• Тарых — бул арасында аз эмес жасалма купюралары бар, пайдалануудан алынып салынган акча.

• Эгерде, өткөн чак менен келечектин ортосунда бүгүнкү күн жок болгондо, бардык жаман нерселер артта калып, келечекте жакшы гана нерселер күтүп турмак.

• Убакыт деле жер сыяктуу тоголок болсо керек, антпесе адам келечекке бет алып баратып, эртели-кечпи, эмнеге өткөн кезине кайрылат?

• Жаратылышта убакыттын чеги жок, бирок ал ар бир адамга ушунчалык аз бөлүнгөн!

• Тирүүлөр өлөт, ал эми өлүктөр миллион жылдар бою кала берет, анткени алар убакытты такыр эле коротушпайт.

• Маймыл биринчи жолу таякты колуна алганда, ал анын эки учу бар экенин биле элек болчу.

• Философ Гераклит адам менен салыштырса, маймылдын эң сулуусу да кейпи кеткен кемшейген бир неме болуп калат деп эсептечү экен. Бул эми адамдын көз карашында. Эгерде маймылдардын көз карашы менен караса кандай болор экен?

• Адам бийликке келгенде, маймыл оппозицияга кеткен. Бирок айрым убакта ал кайрылып келип калат, ал учурда адам оппозицияга кетет.

• Адамды акыл-эстүү деп ким айтты? Адам сыяктуу жандыктарбы? Маймыл сыяктууларбы? Адамды акыл-эстүү деп адамдар өздөрү айткан, башкалардын аны акыл-эстүү деп айткан учуру дегеле боло элек.

• Менчиктин жаралышы деле жер бетиндеги башка нерселердей эле оор өткөн. Эң негизги кыйынчылык өз менчигиңди бирөөнүн менчигинен бөлүп алууда болгон. Башканын менчигинин артыкчылыктары бар, ал үчүн көп баш оорутпайсың, күнү-түнү кайтарып сактабайсың. А башкалардын оорусучу? Башкалардын жагымсыз жагдайларга кабылганычы? Булардын өзүңдүкүнөн бир топ эле жакшы экенин далилдештин кереги барбы?

• Жаңы ой жетишпей жатты, анткени бардыгы бирдей көз караштагы адамдар эле.

• Бүгүнкү күн канчалык өз теңдеши жок экенин далилдегиси келсе да, баары бир эртеңки күнгө орун берүүгө мажбур.

 • Пирамидалар — бул ушунчалык келишкен идишке, түккө да татыбаган нерсени салып койсо боло турганын далилдеген, фараондордун өлгөндөн кийинки хан сарайлары.

• Улуу Александр Герострат Артемида храмын өрттөгөн күнү туулуп, атактуу философ Диоген көз жумган күнү өлүптүр. Жада калса өзүнө тиешелүү күнү жок болгондон кийин анын эмнеси Улуу Александр. Же туулган күнү, же өлгөн күнү жок.

• Маркс пролетарийлердин жогото турган эч нерсеси жок дептир. Ал Гётенин «Жогото турган эч нерсеси жок адамдан корк»? — дегенин билди бекен.

• Тарыхтын күбөлөрү: айыптоочулардын же жабыркоочулардын күбөлөрү болушу мүмкүн. Бул сотко ким чакырганына жараша.

• Тарыхтын соту — бул дайыма өкүм чыгарып, бирок өкүмү эч качан аткарылбаган сот.

• Бүт адамзаттын акылы жер жүзүндө адамзат жаралганга чейинкидей коопсуз абалды түзө албайт.

 • Геродот – тарыхтын атасы, ал өз баласынын тагдырына камкордук кылбай, эрте өлүп калганы өкүнүчтүү!

• … карган маймылдардын эволюцияга чейин кандай жашашканы алигиче эстеринен чыга элек…

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз