Дооронбек Садырбаев: Эреже

  • 24.12.2022
  • 1739

АҢГЕМЕ

Турдубектердикинен кеч чыктык. Букеш Алымканды ороп-чулгап көтөрүп алган. Менин эки колумда эки оор баштык бар. Жаныбыздан шуулдап өткөн машинелерге кол көтөрүп коюп, Тоголок Молдо көчөсү менен жогору карай келатабыз. Ушул кычыраган кыштын суук түнүндө бизге боор ооруп, машинесин токтоткон бир дагы адам болгон жок. Ошентип отуруп жолдун оң жагындагы жашыл лампочкаларын жандырып коюп, каз катар тизилген он чакты таксинин чогулган жерине келип калыппыз. Баштыктарды жерге коюп:

– Саламатсыздарбы? — деп учурашсам, машинелеринин жанында бири бири менен маектешкен таксисттер алик алмак түгүл мен тарапты кылчайып карап да коюшпады.

– Өөй! Саламатсыңарбы дейм! – Бул жолу менин үнүм бир чакырымдан нараак, берегине кенен жете тургандай чыкса дагы жанымдагы таксисттер каш серпип коюшкан жок. Ырас, саламымды чала-була угуп калган далылары дагдыйган москоол таксист менден жийиркенгенсип, бир кыйлага дейре үнсүз тиктеп турду да, анан оозундагы сигаретин кыжырдана түкүрүп таштап, 13—74 номерлүү машинесине кирип, приемнигинин үнүн болушунча коюп отуруп алды.

– Жолдош таксисттер, кимиңер бошсуңар?

Жанатан бери менден көздөрүн алышпаганы менен, өз чарбалары жөнүндө сүйлөшүп турушкан эки таксист «Ээ! Мына бул желимдей жабышкан неме адамдын тынчын алып каяктан чыга калды эле?» — дегенсип, тетири бурулду. Мынчалык муздак мамилеге каным кызый түшсө керек, жанагы дагдыйган таксисттин жанына чечкиндүү басып келип:

– Такси бошпу? — деп сурадым.

Ал мен тарапка кайрылып койбостон, башка жакты караган калыбында:

– Эмне экен? — деп кайра өзүмөн сурады.

– Бош болсо түшөйүн дедим эле...

– Бош эмес.

Анын жанындагы жашыл лампочкасы жанып турган экинчи таксиге келсем, ичинде төрт таксист карта ойноп отурушуптур. Алар оюнга ушунчалык берилип алышкандыктан, машинанын терезелерин илбериңки черткилеген мен эмес, жанына келип добулбас каккан адам да аларды ордунан козголто алгыдай эмес. Акыры сыртта жүргөн улгайып калган таксист боору ооруду көрүнөт:

– Диспетчериңер кайда? Такси алайын дегем...

– Биерден такси ала албайсың.

– Эмне үчүн?

– Бул машиналарды диспетчер гана башкарат.

– Дистпечериңер кайда?

– Тигине...

Улгайган таксист Тоголок Молдо көчөсү, жыйырма үчүнчү номерлүү үйдүн үстүндө «Диспетчер» деген жазуусу бар, чакан терезесин көргөздү. Эки аттап аерге жетип каккыласам, ичкериден оозу-мурду тегиз боёлгон аялдын жүзү көрүнүп:

– Кайсы парктансың? – дейт.

– Парктан эмес, коноктон келатабыз? — чынымды айттым.

– Эмне, эмне? Сен таксистсиңби?

– Жок, жүргүнчүмүн.

Терезе тарс деп жабылып калды. Кайра черттим.

– Сага эмне керек? — деди аял ачуулуу.

– Такси... Такси керек. Кичинекей балабыз, оор жүгүбүз бар... Сегизинчи микрорайонго бармак элек.

– Автобус менен баргыла!

– Бизге такси керек.

– Таксини көчөдөн кармагыла!

Терезе кайрадан жабылды. Бирок мен да ошол бойдон кете бергеним жок. Тарсылдатып кайра ачтырдым.

– Деги кишинин сөзүн угасызбы?

– Көчөдөн кармагыла дебедимби...

– Көчөдөн кармай албаганыман сизге кайрылып отурам... Алдагы бош машинелердин бирөөнү бериңизчи, бай болгур...

– Алар берилбейт.

– Себеп?

– Буларды телефон менен заказ кылгандарга гана жиберем. Ишке жолтоо болбой жолуңа түш!

Аял терезени жапканы атканда колум менен тосуп токтотуп калдым.

– Биздин көчөдө экенибизди көрүп турасыз, телефонуңуз бар экен, соопчулук үчүн болсо да шаардан бир такси чакырып бериңизчи... Каерден келсе да акысы биздин мойнубузда.

– Анте албайм...

– Эмне үчүн?

– Биздеги эреже ушундай... Бузууга болбойт. – Диспетчер цирктин артистинин шамдагайлыгы менен терезени жаба салды. Эми ачтыра албасыма көзүм жеткенде, шылкыйып Букештин жанына келдим...

– Телефон аркылуу гана такси алууга болот экен, автобуска кеттик.

– Анда телефон менен заказ бербейсиңби?

– Кайсы телефондон?

– Алдагычы? — Букеш жаныбыздагы телефон-автоматтын будкасын көргөздү.

– Баса, ырас эле... Бирок өз телефонумдун номерин да айтышым керек эмеспи...

– Бештен башталган каалаган номериңди айта берсең болот! — дейт Букеш. — Баары бир булар билбейт.

Автоматтан «002ни» тере баштадым.

– Төртүнчү угуп жатат! — деди трубкадан жанагы адялдын үнү.

– Мага такси керек эле...

– Адресиңиз?

– Адресим?.. Аа... Адресим Тоголок Молдо көчөсү, үй номери жыйырма үч! — көзүмө көрүнгөн диспетчер аялдын өзү отурган үйдүн номерин айта койдум.

– Телефонуңуз?

– Телефонум 5—13—74.

– Фамилияңыз?

– Шыйкымбаев.

– Трубканы кармап туруңуз...

– Макул...

– Такси айдоочулар! Кимиңер бошсуңар? — деди диспетчер радиопередатчигин ачып.

– Мен бошмун! — деди 13—74 номерлүү машинанын шоферу.

– Баарынан кызыгы, диспетчер, шофер үчөөбүз бар болгону бир боз үйдүн ордунчалык аралыкта турганыбызга карабай, бир бирибиз менен телефон, рация аркылуу сүйлөшүп жаттык. Мен диспетчерди да, таксистти да көрүп турам.

– Тоголок Молдо 23. Шыйкымбаев тосуп алат! — деди диспетчер аял таксистке. — Түшүнүктүүбү?

– Түшүнүктүү...

– Анда заказды орундаңыз.

Анан диспетчер менин телефонума:

– Сизге барчу таксинин номери «13—74» деп билдирди.

– Өзүм да көрүп турам.

Диспетчер аял трубканы шектүү карап ордуна койду. Антип-минтип мен будкадан чыкканча ордунан козголуп калган «13—74» номерлүү такси Тоголок Молдо көчөсүнө түшүп алып, төмөн көздөй зуулдап кеткен бойдон көздөн кайым болду.

О, бир оокумдан кийин гана такси кайра келип диспетчердин жанына токтоду. Кубанычыбыз койнубузга сыйбай Букеш, Алымкан үчөөбүз кирип келгенибизде, анын жанатан бери тынбай тыкылдап жаткан счётчиги 1 сом 70 тыйын бурап койгон экен.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз