Өзбек жазуучусу Шерзод Артыковдун кыска аңгемелери

  • 04.01.2023
  • 1598

ШЕРЗОД АРТЫКОВ 1985-жылда Фергана облусунун Маргилан шаарында төрөлгөн. 2005-жыл Фергана политехникалык институтун аяктаган. 2021-жыл Түндүк Македонияда болуп өткөн “International Award of contemporary autor's fairy tales” Эл аралык аңгемелер сынагынын жеңүүчүлөрүнүн бири. Аңгемелери дүйнөнүн 28 тилине которулуп, 60ка жакын өлкөнүн сайт, журнал жана гезиттеринде жарыяланган.

2020-жыл Өзбекстанда “Күз симфониясы”, 2022-жыл “Дүйнөнү куткарбаган сулуулук”, “Жылмайган Мона Лиза ”аттуу китептери жарык көргөн.

2021–2022-жылдарда аңгеме жана ырлары Бангладеш, Египет, Индия, Канада, Тунис, Греция, Мексика, Индонезия, АКШ, БАЭ, Франция, Ливан, Польша, Түркияда басмадан чыккан эл аралык антологияларда, 2021-жыл Кубада испан тилинде «La Sinfonia del Otono», 2022-жыл Индияда англис тилинде «The Book of Garcia Marquez» авторлук китептери басылып чыкты.

Ошондой эле 2021–2022-жылдарда Аргентина, Тунис, Сингапур, Чили, Румыния, Непал, Никарагуа, Португалия жана Индонезияда болуп өткөн эл аралык адабият фестивалдарында катышкан. Мексика-Марокко адабий альянсынын жаш котормочулар үчүн берилүүчү «Golden creativity award» сыйлыгынын 2021-жылдагы лауреаты. 2021-жылдан Аргентинанын Эл аралык «FIEL» Жазуучулар федерациясынын туруктуу мүчөсү.

ГОНОРАР

Ага гезиттен телефон чалышты.

– Сиздин аңгемеңизге гонорар бар. Бирок аны алуу үчүн паспорт жана ИНН копиясы, пластикалык картанын номери керек болот.

Ал паспортун копиялады, салык инспекциясына барып төрт саат күтүп, ИНН номерин алды, банкка барып, акчасын төлөп, өз наамына пластикалык карта ачтырды. Анан аларды гезиттин электрондук почтасына жиберди. Эртеси күнү төлөм пластикалык картага түштү. Отуз миң сум[1].

ИМАМ

– Кошунасы ачка болгондо, өзү ток мусулман чыныгы момун эмес, – деди имам мечитке чогулган элге карай.

Бешим намазынан кийин айдоочусун жөнөткөн ишкердин авто-унаасына отуруп, ал уюштурган маарекени көздөй жөнөдү.

ДЕПУТАТ

Чогулушта кантип көзү илингенин өзү да билбей калды. Көз ирмемде түш көрүүгө да үлгүрдү. Түшүндө өзү шайланган аймактагы элди, айрыкча уйун жетелеп жүрүүчү Сара эжени көрдү. Эже кабагын салып, ага карап: «Ой, жашабагыр» деп кыйкырды. 

– Биздин жолго качан асфальт төшөйсүң? Шайлоодон мурда берген убадаңды аткарасыңбы? – деп сурады ачууланып.    

Бир маалда анын кокусунан көзү ачылып кетти. Көргөнү жөн эле түш экенин сезип, ырым кылып, көйнөгүнүн ичине түкүрүп койду. Жанындагылар кол көтөрүп, бир нерсени жактырышканын көрүп, шашканынан колун өйдө көтөрдү.

ЭРКЕК

Сарвар аңгемени абдан кызытты. Өзүнүн сөзгө чечендиги менен бардыгын оозуна каратты, досторунун чөйрөсүндө жетекчиликти эч кимге бербеди.

— Аскердик кызматты өтөбөгөн эркек эркек эмес, — деди ал жылмайып, — Мен аскерге баргам. Ал жерде киши чыныгы эркек болуп калыптанат.

Аңгемеден кийин үйүнө кыйшайып кайтты. Жатар алдында аялына кунт коюп карады.

– Иштеген жериңден аванс алдыңбы? Жаңылбасам айдын он бешинчи күнү бүгүн.

– Алдым, – деди аялы үшкүрүнүп, – эртең менен колуңа берем.

НАСИБАНЫН ИДЕАЛЫ

Насиба курбусунун туулган күнүндө кыздарга өзүнүн идеалындагы эркек кандай болорун айтып берди.

– Менин идеалымдагы эркек кыпча белдүү, заманбап кийинген, келишимдүү, сакалчан, түрк актёрлорундай сүйкүмдүү, боулинг, бильярд ойногонду билген, саякаттаганды жакшы көргөн адам болушу керек.

– Жүрөгүчү? – деди бирөөсү. – Жүрөгү жөнүндө да бир нерсе айта аласыңбы?

ЖАЗУУЧУ

Жалолиддин Мангуберди тууралуу көпчүлүк аңгеме, сценарий жана роман жазып жатканын угуп, ал да колуна калем алып, бүт ишин жыйыштырып, отуруп роман жазууга киришти.

– Роман сонун жүрүп жатат, — деди ал капысынан телефон чалган таанышына, — Жалолиддин Мангуберди жөнүндө.

– Согуш тууралуу баштаган романыңчы? – деди таанышы таң калып. Ал эмне болот?

Жазуучу башын чайкап, эмне дээрин билбей, бир аз аң-таң болуп калды.

– Тогузунчу майга чейин бир жылга жакын убакыт бар, – деди акыры. – Ошондо жазам.

АКЫНДЫН «АТАСЫ»

– Бул таланттуу акын өзүмдүн баламдай, – деди чоң акын адабий иш-чарада бою кыска, начар, кара тору баланын ийнинен таптап, башынан ардактап сылап, – аны адабиятыбыздын келечеги деп эсептейм. Бул жигит отуз жашка чейинки акындардын эң мыктысы. Кантсе да анын оттуу жүрөгү, жалындуу деми, поэзияны сезе билген касиети бар. Ак жол сага, Алпамыштын урпагы!

Бир нече күндөн кийин ал жигитке Жазуучулар Союзунан берилген артыкчылыктуу үйдү адабиятка такыр тиешеси жок небереси үчүн тартып алды.

РЕЖИССЁР

— Токтот, — деди ал ачуу менен репетиция жараянын токтотуп, — Малика, сен каарманыңдын ички дүйнөсүн ача албай жатасың. Анын таза жүрөгүн сенде көргөн жокмун. Офелия кылымдар бою өз тагдыры менен миңдеген адамдарды ыйлаткан, жан дүйнөсүнүн сулуулугу менен таң калтырган, аруу жан экенин унутпа. Мен аны сенин аткарууңда көргөн жокмун, такыр көргөн жокмун. Мага жүрөктүн сулуулугун көрсөт, болду.

Анан ал муштумун үстөлгө урду. Репетиция уланды. Ошол маалда анын уюлдук телефону шыңгырап калды. Номерин көрүп, жүзүндө жылмаюу пайда болду.

– Жаным, кафеде отура тур, – деп телефонун кулагына алып барып, акырын шыбырады. – Репетиция жарым саатта бүтөт. Анан жаныңа учуп барам. Түшкү тамакты чогуу жеп, адаттагыдай эле ошол батирге барабыз.

БААТЫРЛАРДЫН МЕЗГИЛИ

— Чыгармаларыңда учурдагы каармандарды чагылдырууга аракет кылыш керек, – деди журналдын башкы редактору аңгемелеринин кол жазмасын алып келген жаш жазуучуга. — Спортчулар, темир жолчулар, бизнесмендер жана башкаларды. Сенин кол жазмаң жалаң кедей-кембагалдар тууралуу аңгемелер экен.

Жаш жазуучу жооп иретинде жылмайып койду. Бөлмөдөн чыгып баратып, ага бурулуп, мыскылдап карап койду.

– Биздин заман жалаң баатырлардан турат деп ойлойсузбу?

БАТЫШТЫН БАЛЭЭСИ

Шакирттеринин бири Мопассанды окуп жатканын уккан Равшан Икрамович аны жанына чакырды.

– Андан көрө Уткир Хашимов менен Тагай Муратты окубайсыңбы? – деди нааразы үнү менен. Өзбек тили жана адабияты факультетинин студентисиң го! Улуттук колоритке ээ болгон чыгармаларды оку.

Студент жигит Мопассанга кызыгып калганын, анын чыгармаларындагы реалисттик духка суктангандыгын жашырган жок.

– Мага кара, – деди ал ачууланып, – Мопассан кантип өлгөнүн билесиңби? Сифилистен өлгөн, сифилистен. Ал Батыштын балээси болчу.

СТИЛИСТ АЯЛ

Пианист кыз концертине бир күн калганда стилистке барды. Стилист аны отургучка отургузгандан кийин:

– Менин чачымдын причёскасын сонун жасап бериңиз, – деди күзгүдөн аны карап.

Стилист түшүндүм деп, заматта анын чачын кыркып, түздөп, укмуштуудай чач жасалгасын жаратты.

– Мага жакты, – деди пианист кыз өтө сүйүнүп, – Абдан сонун. Сизди эртеңки концертиме чакырсам болобу? Макулбу?

Эртеси концерттик программасы күнү ал Шопендин, Шостаковичтин жана Мендельсондун эң сонун музыкаларын аткарды. Концерттен кийин элдин арасынан стилист аялды байкап калып, аны көздөй чуркады.

– Концертим сизге жактыбы? – деп толкунданып сурады.

Стилист аял канааттануу менен ага жылмайып карады.

– Албетте. Мен сиздин чач жасалгаңыздан дээрлик көзүмдү албай отурдум.

БИРИ БИРИ ҮЧҮН ЖАРАЛГАНДАР

Азим Нишанхан менен Халдар Вали арасынан кыл өтпөгөн жакын, айрылбас устат жана шакирт эле. Адабий басылмалардын бири өткөргөн «Жаш жазуучулардын кимисин окуйсуң?» деген анкета суроосуна белгилүү жазуучу Азим Нишанхан эч бир ойлонбостон «Халдар Валини» деп жооп берди.

— Акыркы убакта ал абдан өсүүгө жетишти, мыкты аңгемелерди жазып баштады. Ал башка жаш калемгерлерге караганда бир аз өйдө.

Бир канча убакыттан кийин Халдар Валиге бул суроонун тескерисин берип, улуу жазуучулардын кайсынысын окуп жатасың деп сурашты.

— Азим Нишанханды, — деди ал ойлонбостон. – Башка улуу жазуучулардан бул киши бир аз өйдө.

ГАЛЕРЕЯДА

Розукул көркөм сүрөт галереясына кирип, дубалда илинген сүрөттөрдү бир-бир карап чыкты. Бир маалда ал зеригип, элейип залдын ортосундагы отургучтардын бирине барып отурду. Айланасын карап, жанындагы гезит окуп жаткан карыяны – галереянын жооптуу кишисин тааныды.

– Чынын айтсам, мен адамдарды түшүнбөйм, – деди ал залдагыларды көрсөтүп, – Караңызчы. Көркөм өнөр десе өздөрүн чатырдан ыргытып жиберишет. Сүрөттөрдүн алдында таң калып сааттап турушат. Мисалы, мени бул жердеги сүрөттөр кызыктырган жок. Эмнеси кызыктуу бул көркөм өнөрдүн?

Карыя аны кунт коюу менен укту.

— Менимче, сен галереяга кирүүдөн мурда жүрөгүңдү сыртта калтырган окшойсуң, — деди ал жайбаракат.

КАРА КОСТЮМ

— Мен айткан каналга алчы телевизорду, – деди Мурат аялына.

Аялы айтканын аткарып, пультту ошол каналга басты.

— Телевизордогу менмин, – деди ал жылмайып. – Өткөн жума жадиддер боюнча алып бараткан изилдөөлөрүм тууралуу интервью берген элем. Маегимди укчу.

Аялы аны телевизордон көрүп, ыраңы да өзгөргөн жок. Анын изилдөө боюнча маегин унчукпай карап отурду.

— Мен сага элүү жолу айттым, — деди ал сүйлөшүү аяктап, телевизордон дагы бир программа чыкканда. – Ушул кара костюмуңду той жана ушундай иш-чараларга кийбегин деп.

МАСЕЛЕ

Бакчадагы отургучта Бальзактын «Горио ота» романын окуп жаткан Рустамдын жанына динчил кошунасы келип, тосмонун артында башын чайкап, насаат кылгансып сүйлөдү.

– Ар дайымкыдай капырлар жазган китепти окуп отурасыңбы? Ушул керекпи, кошуна?

Рустам китептен башын көтөрүп, ага кыжырданып, башынан бутуна чейин карады. Андан соң анын колундагы кара түстүү, чет элдик үлгүдөгү уюлдук телефонун көрсөтүп:

– Капырлар чыгарган телефонду колдонсо болобу?

Өзбек тилинен которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

[1] Отуз миң сум — эки жүз жыйырма сегиз сом.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз