Лазизбек Базаров: Арабакеч бала

  • 28.02.2023
  • 2205

АҢГЕМЕ

Эки кап ун сатып алдым. Тааныштардан бирөө келип калат деп күтүп отурдум. Бир кишиге оор, эки кишиге жеңил. Тилекке каршы, тааныштардан эч ким көрүнбөйт. Карасам, менден бир аз алысыраакта шылкылдаган кол арабанын алдында бир бала калчылдап отурат. Жука кийимде. Башында калпагы да жок. Жылуу пальто кийип алганыма кыжалат болдум. Акырын жанына бардым.

– Иним, бул жерде эмне кылып отурасың? Үшүп калыпсың го.

– Жок байке, үшүгөн жокмун. Жүк арткан адам чыкпай жатат. Бүгүн жок дегенде төрт нан сатып алышым керек... Жүгүңүз жокпу, байке?

– Бар, – дедим. Чынын айтканда, мен буга да акчаны сарп кылгым жок эле. – Эки кап ун бар. Кызмат акы канча болот? – дедим баланы бир аз сүйлөтүү үчүн.

– Эки миң сум, байке.

Ойлонуп калдым. Эки миң сум. Бул акчага бир тоголок нан да бербейт. Кайырчыга берсең, азыркы заманда алар да кежирленет. Кайырчыга берер акчамды бул балага берсем канча жакшылык кылган болом.

– Иним, үйүң кайда?

– Хаччалы айылында. Бу жерге арабаны сүйрөп үч саатта келем. Ар базар күнү. Апам бейтап. Карындашым аны карайт. Мен араба тартам.

– Атаң барбы? – дедим, анчейин мааниси жок суроо бергенимди өзүм да сездим.

– Ооба, ал бизди таштап кеткен. Анын башка аялы бар. Оорулуу адамды дарылаганды каалаган жок. Ар келгенде жаңжал болот. Апамды кемсинтип, акаарат кылат. Атамды абдан жек көрөм. Чоңойгондо "Үйгө кадам баспаңыз!" – дейм. Эми мен апамды коргой алам дейм...

Эмне деп, эмнени сурарымды билбедим. Бала ыңкылдап арабаны сүйрөп баратып, оодарылып кете жаздады. Чоң киши болсом да жаш балага араба тарттырганым үчүн кыжалат болдум.

– Мага бер, иним.

– Жок, өзүм. Акчаны адал алышым керек!

“Адал алышым керек” – бул сөздү эстен чыгарбагандар да бар экен ээ?!

Экинчи капты да эптеп-септеп алып бардык. Күн суук болсо да баланы тер басты. Чөнтөгүмдөн акча алып, санабай эле ага бердим. Эмнегедир мага капалуу карады. Кызмат акысын алып, калган акчаны мага берди.

– Эмнеге мындай кылдыңыз? Мен кайырчы эмесмин. Мага бирөөнүн акчасы керек эмес.

– Чын жүрөктөн, иним.

– Жок, ыракмат, али көп иштешим керек. Кечке дейре кыйла убакыт бар.

Акчаны кармаган колум абада калды. Көпкө чейин кыймылсыз турдум. Бала арабаны сүйрөп базарды аралап кетти.

Өзбекчеден которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Лазизбек БАЗАРОВ – 2004-жылы 12-майда Кашкадарыя облусу, Чыракчы районунун Айрытам айылында төрөлгөн. 2022-жылы айылдагы 131-мектепти бүтүп, учурда Самарканд шаарындагы Өзбекстан-Финляндия педагогикалык институтунун чет тилдер жана гуманитардык илимдер факультетинин 1-курсунун студенти.

Чыгармалары «Зарафшон», «Бекажон плюс», «Ёшлик» жана башка гезит-журналдарда жарыяланган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз