Элбой Кулмонов: О Азиз устатым, Чыңгыз Айтматов

  • 19.02.2023
  • 1286

Элбой КУЛМОНОВ – 1992-жылы Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Косон районунда туулган. Чыгармачылык эмгектери республиканын жана бир катар боордош элдердин тилинде басылып чыккан. «Сезимдер шаары», «Жүрөк сарайы», «Жүрөгүмдүн Каабасы» аттуу поэтикалык китептери жарык көргөн.

2014–2015-жылдары “Дарё” гезитинин кабарчысы, 2015–2018-жылдары “Вакиф” гезитинин кабарчысы, редактору болуп эмгектенип, Тарыхчылар жана тарыхчылар ассоциациясынын “Туран биримдиги” төш белгиси менен сыйланган. Кыргыз Республикасындагы Орто Азия жазуучулары эл аралык адабий байланыштарды орнотуудагы жигери үчүн Казакстан өзбек этномаданий бирикмелеринин «Дустлик» жамаатынын алдындагы «Ижод» адабий бирикмесинин Юсуф Сарыомий атындагы эл аралык адабий сыйлыгынын лауреаты.

Учурда Өзбекстан Жазуучулар союзунун Кашкадарыя облусу боюнча бөлүмүнүн башкы адиси болуп эмгектенет.

Өзбекчеден которгон Режабали Камолзода

АПА
Апа, сизди капаланттым көп,
Жүзүңүздө бырыштар тарттым.
Сүйүү издеп жазган саптарда,
Досторумду көп тилге алдым.
Ыйман кетип калп көңүлдөрдөн,
Момундугум өтө кеч билдим.
Оңбогонго ишенип жүрүп,
Жалгандарга мен курман болдум.
Бүркүттөрүм о, кыргыйларым,
Чайнабастан олжо жуттуңар.
Түгөнгөндө колумда тамак,
Жүрөгүмдү чокуп кеттиңер.
Жүзгө салып берген тамагын,
Артыман эх, ушак айткандар.
Керек болсом туу тутуп башка,
Кайгы келсе таштап качкандар.
Дарттар дилим чертет кыл сыяк,
Азабыма кошулат аалам.
Көпөлөктөй айланып учуп
Башым сылайт, боорукер апам.
Апа, сизди капаланттым көп...

ЖАЗ КУСАСЫ
Суук күндөр чечип тонун,
Жылып калды ызгаардын каары.
Моруларга таң калып карап,
Бороондордун төгүлбөйт заары.
Аяздын да ооруп тамагы,
Ырларын айтпайт каргалар.
Жүрөктөрдө жылгаяк тээп,
Жарыштарын ойнобойт карлар.
Сууктардын капастарында,
Нурдан ичет көңүлдөр антты.
Акырына жеткен жол сыяк,
Эрип бүтөт кыштын муз такты.
Жылтыраган көйнөк кийип күн,
Булуттарга жылмайат жалпы.
Жашын төгүп кээ бир мезгилде,
Жолго түшөт тамчылар дагы.
Кыш дилиде терең үшкүрүк,
Колдорунда келишим, токтом.
Аны көрүп билди ушуну –
Убакыттын өкүмү өктөм.
Гүлчамбарлар кийип башына,
Шаттык, бакыт жытын чачып.
Келип калды нурбакыт жазым,
Сагынганын кумарын жазып.

ТҮБӨЛҮК МӨӨРҮ
Дилдерге түбөлүк мөөрүн басып,
Дүйнөгө билимдин нурларын чачкан.
Нечен сыноолордон өтүп бирме бир
Сырдуу адабият эшигин ачкан.

Аппак ниеттердин канаты болуп,
Жарыктык тараткан күндөй болдуңар.
Сезимдер шаарынын падышасы сыяк
Ойгок жүрөк менен казал жаздыңар.

Кыдырып жашоонун ашууларын,
Повестке катылган күндөй бир маңыз.
Махабат үйүндө төрөлгөн беле,
Дүйнөнү ыйлаткан ал “Жамилаңыз?”

Ойгок дилиңизде ыйлап сезимдер,
Таң калып чөк түшөт улуу деңиздер.
“Ак кемеге” түшүп сүзүп баратат,
Миң жылдык бул достор – өзбек-кыргыздар.

О Азиз устатым, Чыңгыз Айтматов,
Бүт дүйнөнүн элдери укту сөзүңүз.
Жүздөгөн тилдерден дилдерге жетип,
Кыргыздын эң залкар уулу өзүңүз.

БАР...
Бүт боюмда ышкы өткөн,
Шаттыгыма кайгы чөккөн.
Тынчтыгымды бүт жоготкон,
Жүрөгүмдө өчүм бар.

Арман менен тааныштырган.
Көз жашыма аралашкан.
Ыза менен согуштурган,
Жүрөгүмдө өчүм бар.

Сүйүп калып дубанамын,
Үнсүз отто бир жанамын.
Эми сага мен башкамын,
Жүрөгүмдө өчүм бар.

Махабатка чөмүлткөн,
Тузакыга илиндирген.
Көөдөнгө кан төгүп турган,
Жүрөгүмдө өчүм бар.

ЖОЛДОР
Сизден алыстасам үнсүз ыйлайт жол,
Жашынып жүрөмүн ар күн өзүмөн.
Кан аккан жүрөктү алоого таштап,
Жамгырдай төгүлөт жашым көзүмдөн.

Өлүм вокзалында адашып калдым,
Ажал аң-таң издейт дилим алсырап.
Азирейил жоодурап карайт көзүмө,
Күн да алоо куштай учат кансырап.

Сизден алыстасам жан кыят жолдор,
Арманым кырларга чыккан байчечек.
Сууган денеми топуракка берип,
Апамдын санаасы асманга жетет.

*   *   *

Бул жашоо сыноолор сапары, иним,
Жомокко айланат бир күн өмүрүбүз.
Күн сайын чоңоюп барат түйшүктөр,
Жарыкка умтулуп жашайт дилибиз.
Максаттар колуна сунсак колдорду,
Дарыялар деңизге айлана берет.
Ишеничтин наамын ыйгарсак дилге
Мээрибиз жылдыздай нурдана берет.

МЕКЕНИМ
Асмандарын өңөрүп таң-саар,
Тосуп алат абдырап күнүн.
Нурларына жууп жүздөрүн,
Ойготмокчу болот жер жүзүн.

Гүлдөрүн кучактайт шүүдүрүм,
Топурагына басып жатат төшүн.
Чөптөргө бакытым сен деп айтышып,
Зыярат кылышат босогосун.

Жүрөктөрдө жар салат ар күн,
Арзуулардын түрдүү күү-обондору.
Жан дүйнөдө таралсын дайым
Азат күнүбүздүн шүгүрчүлүгү.

Жашоо деген мейманкана бир,
Ижарада турган жолоочуларбыз.
Мекен эгемен – биз бактылуу,
Мүмкүнчүлүк берди эркиндигибиз.

СҮЙҮҮ МЕЗГИЛИ
Махабатты баштап келет жаз,
Селкинчекте ойнойт көңүлдөр.
Жүрөктөрдүн эшигин кагып,
Нурбакытка аттанат жолдор.

Махабаттын обону тарап,
Сүйүү кези сөздөрүн айтат.
Колдорунда гүлдесте менен,
Сүйүү менен жаз кирип келет.

ЧЫНДЫК КЫЛЫЧЫ
Жакшылыктын жүздөрүнө бир түкүрүп,
Текебердик отторуна май куясың.
А чындыктын колдоруна тушоо салып,
Көктө жанган чагылганга окшошосуң.
Дейсиң: асман астымда да, жер колумда,
Күндүз күнү көралбайсың айкын күндү.
Бүткүл дүйнө чөнтөгүмдүн ичинде деп,
Тоготпойсуң сен өзүңчө айлуу түндү.
Бейчара жан, талкаланган арбын санаа,
Чындык таппай кайран абийир кыжырланат,
Намысын кир кагазга сатып кимдир,
Көздөрүнөн ыйман нуру кетип барат.
Кайда болсом жолтоо болбойт текеберлик,
Жүрөгүмдө күчтүү куюн жанын кыйат,
Адилеттин жолдорунан адаштырба,
Добуш берчи кай жактасың эх, АКЫЙКАТ!

КЫШ ЫРЫ
Кыш көчөдө тентирейт шамал.
Түн койнунда укташат муздар.
Аяз ата жомогун айтат,
Акыры жок уламыш сөздөр.

Жүрөгүмдө онтолойт куюн,
Кол көтөрөт акыл көңүлгө.
Сезимдерим калгандай тилден,
Суук менен аттанат жолго.

Дүйнө жымжырт кудум чөккөндөй,
Зар ыйлашып карлар нөшөрлөйт.
Тоңуп калган сезимдериме,
Ак төшөккө кыш ороп коёт.

ДҮЙНӨ
Жылгалардай жашабай,
Кошулушуп бол дарыя.
Көөдөндөгү чаңдардай,
Ары какчы, эй, дүнүйө.

Болду ойгон уктаба,
Ырларың жаз, ал сыя.
Ичиңдеги таштарды
Четке ыргыт, эй, дүнүйө.

Жүрөгүңө жөргөмүш –
Капилет салбасын уя.
Кана эми, ордуңдан
Тура койчу эй, дүнүйө.

*     *     *

Дилдора кыз жүрөгүмдө шуру болдуң,
Менин кара көздөрүмдүн нуру болдуң.
Самаганым бейиштин бир хуру болдуң,
Дилдора кыз...

Сүйүп калып сезимдерге мен алекмин,
Жүрөктөгү сөздөрүмдү айта элекмин.
Бир кылчактап карап койсоң эх, тентекмин,
Дилдора кыз...

Ак дидарың мойнумдагы дардай болду,
Көзүм сенин жолдоруңа зардай болду.
Кусалардан кең ай-аалам тардай бол,
Дилдора кыз...

Нурбакытка жетелеген периштемсиң,
Махабаттан жаралган бир перидейсиң.
Сен аруусуң ушунчалык, наристесиң,
Дилдора кыз...

КАЙЫҢЫЗ
Тууганчылык буттарынан калды аксап,
Кайрымдуулук болсо жүрөт калка издеп.
Дилимдеги зарым айттым жүрөк сыздап,
Эжекем-ай, жан жыргатар сөз айттыңыз,
Боорукерлик туугандыкка сиз кайттыңыз.

Ишеничтин жел аргысы көчүп кетти,
Опаа деген обондорун салып кетти.
Көз жаштарым карегимде кечип кетти,
Эжекем-ай, жан жыргатар сөз айттыңыз,
Боорукерлик туугандыкка сиз кайттыңыз.

Азаптардын аркандарын дилге улап,
Сагынычым кусаларга төлөн төлөп.
Мен сүйөнгөн аска-зоо да кетти урап,
Эжекем-ай, жан жыргатар сөз айттыңыз,
Боорукерлик туугандыкка сиз кайттыңыз.

Кадырыбыз эрип кеткен кардай бекен,
Бир туугандар жолуңузга зардай бекен.
Күйүтүбүз ооздогу чоордой бекен,
Эжекем-ай, жан жыргатар сөз айттыңыз,
Боорукерлик туугандыкка сиз кайттыңыз.

Бак-дөөлөттөн көздөрүбүз май каптады,
Капилет баскан сөздөрүбүз сай таппады.
Туугандыктын жүздөрүнө ылай чаптады,
Эжекем-ай, жан жыргатар сөз айттыңыз,
Боорукерлик туугандыкка сиз кайттыңыз.

Биз атамдын жагып кеткен чырагыбыз,
Апакебиз нурбакыттын булагыбыз.
Бир болбосок экөөнүн тең жараатыбыз...
Эжекем-ай, жан жыргатар сөз айттыңыз,
Боорукерлик туугандыкка сиз кайттыңыз...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз