Өзбек жазуучусу Лазизбек Базаров: Ата

  • 27.01.2023
  • 1643

Лазизбек БАЗАРОВ – 2004-жыл 12 майда Кашкадарыя облусу, Чыракчы районунун Айрытам айылында төрөлгөн. Айылдагы 131-мектепти бүтүп, учурда Самарканд шаарындагы Өзбекстан-Финляндия педагогикалык институтунун чет тилдер жана гуманитардык илимдер факультетинин 1-курсунун студенти. Чыгармалары «Зарафшон», «Бекажон плюс» жана башка гезиттерде жарыяланган.

АҢГЕМЕ

Элибизде бир салт бар. Конокту жашына карап отургузат, аброюна карап узатат...

... Мен тойго бара жаткам. Жолдон жашы алтымыштан ашкан кошунабыз эки уулу менен чыкты. Алар да тойго баратышкан экен. Биз бирге кеттик. Тойканага жетерибиз менен тигил жактан бир киши чуркап келип, эки баланы атайын келген коноктор үчүн даярдалган сонун дасторконго жетелеп жөнөдү.

Атасы артынан карап калды. Жалпы конокторго коюлган үстөл-үстүл тараптан кимдир бирөө: «Бул жакка басыңыз, бул жакка!» деп чакырды. Атасы ошол тарапка басып кетти. Мен болсо жаш жигиттер тизилип турган бактын түбүнө бардым.

Ойлорум чаташып кетти. Аш да тамагымдан өткөн жок. Баласы өзүнө окшоп кыйынчылыкка кабылбасын деп колунан келгендин баарын берген ата.

Билимдүү, жакшы иште иштеген бала. Баласы сый көрүп, өзү босогодо калаган ата. Кантсе да баласынын «ата, бир аз кыйналдым» дегенинен түн уйкусу кетип, эртеси үйүндөгү акыркы картөшкө-пиязды шаарга жөнөткөн ким? Таң эртең туруп нан бышырып, эки айылды аралап, алыстагы айдоочунун үйүнө алып барып, баласына бер кой деп араң көндүргөн ким?

Баланын мындан кабары жок. Кечке жакын телефон чалат. «Ата, түшүнбөй жатасызбы, мен батирдин эки айлык ижара акысын төлөгөн жокмун, ээси сурап жатат!» - дейт.  «Макул, эки айлык акча болсо, эчтеке эмес экен», – деди атасы. Чындыгында үйүндө чырагынын майы түгөнүп, караңгыда отурганынан уулунун кабары жок эле.

Үч күндөн кийин институттун имаратынын алдынан атасын көрүп, чуркап келди. Акчаны шашып-бушуп колунан алды.

Сакалына туруп калган насыбайдын бир бөлөгүн көрүп жийиркенди. Курсташтарым көрүп калбасын деп, четке жетелеп кетти. Бирок атасы бул акчаны табуу үчүн кимдерге башын ийип барганын, айдоочу акчаны жеткирип берүүгө макул болбогондо, аргасыздан өзү акчасын сарптап, шаарга келгенин уулу билбейт болчу.

Баласы окуду. Азыр ал чоң, беделдүү киши. Анын орду төрдө. Бирок "Жерде кар бар, балама жылуу куртка алып берейин", – деп кышында бирөөлөрдүн тамын ылай менен шыбаган атаны ким эстейт эле? Суукта буту шишип, баса албай калса да, бирок уулуна жылуу кийимдерди жөнөткөн ким эле?

Көзүмө жаш келди, бирок ыйлай албадым. Аябай капаландым.

Кошунабыздын кыйынчылыгын сырттан көрүп, бул окуя мага ушунчалык таасир кылып атат, байкуш атанын көңүлүнөн эмнелер өткөнүн элестете да алган жокмун...

Өзбек тилинен которгон Нодирбек ЮЛДАШЕВ

Нодирбек ЮЛДАШЕВ 1977-жылы 22-декабрда Өзбекстан Республикасынын Жызак облусу, Замын районундагы Так-Терек айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 19841994-жылдары райондогу 8-орто мектепте, 19941999-жылдары А.Кадыри атындагы Жызак мамлекеттик педагогикалык институтунда окуган.

1999-жылдан бери өзү туулуп өскөн айылдагы 36-орто мектепте жаш муундарга география жана экономикалык билим негиздеринен сабак берип келет.

Казак, кыргыз, каракалпак, уйгур, түркмөн, өзбек тилдеринен которгон чыгармалары Өзбекстан жана Кыргызстандагы бир катар басма жана электрондук басылмаларда басылып чыккан.

Казакстан Республикасынын «Дүйнө таланттары» союзунун мүчөсү. Анын түрк тилдүү элдердин ортосундагы адабий байланышты чыңдоодогу кызматтары «Дүйнө таланттары» союзу тарабынан татыктуу бааланып, «Елеулі еңбегі үшін» («Олуттуу кызматы үчүн») медалы менен сыйланган.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз