Павел Пелин: Ажал

  • 10.03.2023
  • 1190

АҢГЕМЕ

Түндөсү Чоакэ, эмнегедир, кимдир-бирөө анын төшөгүн сыйрып алып жатканын сезди. Аялым го деп ойлоду. Бирок ал аны таштап кеткенин эстеди. Уйкудан эптеп көздөрүн ачып караса ал Ажал экен. Колунда куу таяк чалгысы бар. Кокуй-алат, катыгүн! Көздөрүн жума салды. Ойлонду. Ажал минтип китептерде гана келчү эле? А турмушта төшөгүңдү сыйрыбайле сүйрөп жөнөчү кыйсыпыр эмеспи бу кургуруң.

– Калпеле уктамыш болбо, Чоакэ, – деген назик үн угулду. – Тур, мен келдим.

Чоакэ чыканактай өйдө болду. Ажалдын так өзү турат тастайып. Ал аны тарых окуу китебинен көргөн. Адегенде Чоакэ анчейин байкаган эмес, бирок бара-бара өзүн куураган куу сөөк сезе баштады. Териси калган-калбаганын көрөйүнчү деп бутун төшөктөн чыгарды. Ажал мурдун жаба жипкирди: кудайдын кулу, жок дегенде өлөр алдында бутун жууп койсо эмине!? Чоакэ экинчи бутун да сууруп чыкты. Ажал чалгысы менен тап берди: «манжаларыңды кыймылдатпа, антпесең шилтеп салам».

– Суу жок болчу, – деп кекечтенди Чоакэ. – Үч жумадан бери. Ысыгы да, муздагы да.

– Билем, – деди Ажал. – Баарын билем. Тиги дүйнөдө жууйсуң. Аякта суу толтура. Атургай кайнагы да бар. Кана, камдан, Чоакэ, саатың келди. Акыркы каалооңду айта сал, анан жөнөйлү. Батыраак айт, болбосо таң атып баратат.

Чоакэ Ажалга тик карады. Ай жарыгында аппак болуп, аялына куюп койгондой окшош экен. Буркурап ыйлап ийгиси келди. Аябагандай жакшы аял эле да. Ал аны болгон күчү, жеткен алы менен сүйчү эле го. Эми өзү кетет, а ал калат. Кимдин кучагында калат? Жалгыздык жанчып-эзген далай түндөрүн эстеп, Чоакэ Ажалды көңүл коё карады. Дурус эле толук. Атургай сулуу. Чоакэнин делебеси бүлк этти. Акыр-аягы, чалгысы эле болбосо, кенедей жашоо калган соң кенемтеми толтуруп алган оң дедиби, айтор...

Чоакэ тамандарын төшөк менен жаап, дубалга ыктады. Ажалга орун бошотту.

– Сага каягында жаткан жагат? Четинеби же дубал жагынабы?

Ажал адегенде түшүнгөн жок. Анан көздөрү ыргып кете жаздап бакырды:

– Сенин акыркы каалооң ушубу, ыя!?

– Ал али белгисиз, – деп жооп узатты Чоакэ. – Мүмкүн, ал эки кайталанат чыгар. Же үч.

Ажал чалгысын асмандатты, бирок Кудай-тааланын «өлөр кишинин акыркы каалоосун сөзсүз аткарыш керек» деген каардуу талабын эстей коюп, куралын керебеттин аягына жөлөдү да, жаман көрө Чоакэнин жанына жатып берди:

– Өзүңдүн эч керексиз каалооңду кандыр, какмар! Бол бачым, антпесең күн чыгып кетет...

Чоакэ анын ийинине колун койду.

– Батыраак боло албайм, сен муздай муздак экенсиң. Кичине жылуураак болбойсуңбу?..

– Сен ысык ажалды кайдан көрдү элең? – деп айкырып ийди Ажал.

Чоакэ колун оозуна алып жөтөлүмүш этти.

– Угуп кой, – деди ал, – кандай болгон күндө да, адегенде сени өбүшүм керек. Молдавандардын атадан калган салты ушундай. Эптеп-септеп эмес, ушунчалык ыпысык, ушунчалык узак сорушуп өбүшүшүбүз керек. Эриндер менен эмес, тилибиз менен эришип. Ошондо, мүмкүн, жылып кетээрсиң?

Ажал андан баш тарткысы келди эле, бирок айла жок (Кудайдын каарынан коркконунан), эриндерин темененин тешигиндей чоймойтту эле, Чоакэ:

– Минткениң жарабайт, – деп колун кагып салды. – Эрдиңди бек кымты да, көзүңдү жумгун. И-и, ушинтсең...

Чоакэ аны ушунчалык бекем кысып, жутуп жиберчүдөй сорду деп кой... Ажалдын көздөрү аңтарыла жаздады: «о-хо! А-ха! Тимеле өлпаратам!» Туруп кеткиси келди, туралган жок.

– Укчу, Чоакэ, – деп сурады ал, – сага, шайтан алгыр десе, минтип өбүшкөндү ким үйрөттү эле?

– Махабат, – деп жооп узатты Чоакэ.

– А махабат деген эмне? – деп түшүнө бербеди Ажал.

–Мен сени өбөм, андан кийин сен мени өбөсүң, махабат деген ошо болот.

– Дурус, – деди Ажал. – А андан арычы?

– А андан ары мен кичкинтей тийгизип коюшум керек.

– Эмнеге тийгизип коюшуң керек?

– Мага баарынан көбүрөк жаккан жерге.

– А кайсы жер сага баарынан көбүрөк жагат?

Чоакэ ээгин жаңсап көрсөттү. Ажал ушунчалык керилип туруп жаактан ары берип калды дейсиң: «чочко десе!» Чоакэ кайрадан ээк жаңсады. Мындайды мурда баштан кечирип көрбөгөн Ажал алдастап калды жана ушундай учурларда эмне кыларын билбей калчу бардык эле аялзаты сыяктуу өбүшүүгө өттү. Узак-узак, ысык-ысык өбүштү. Эриндери менен, тилдери менен. Бир жолу. Эки жолу. Он жолу. Чоакэ:

– Мынакей, махабат деген ушундай болот! – деп кыйкырып жиберди эле, керебеттин аягында жөлөнүп турган чалгы чалкасынан кулады.

... Күн чыкты. Асманда Кудай каардуу күркүрөп, чагылганын чартылдатат:

– Акең оозунурайын! Ажал кайда жүрөт ыя?

Шайтан ага Чоакэнин үйү тарапты көрсөттү.

Чоакэ бактын башына чыгып алып алча терип атат. Ажал ылдыйда чөп чаап жүрөт. Чоакэ үстүдөн:

– Эс алагой, Глафира! Сенин боюңда бар эмеспи! – дейт эркелете.

Кудай ботодой боздойт.

Чоакэ каткырып күлөт.

Бардык эле аялдар сыяктанып Ажалдын ажардуу жүзүн сепкил баскан.

Таң агарып баратат...

Орусчадан которгон Капар ТОКТОШОВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз