Кожогелди Култегин: Тилим буулуу... кантип айтам кайыр деп

Тирегимдей көрүүчү элем, Зайырбек,
тилим буулуу... кантип айтам кайыр деп?
Калдыңбы өлүп – түбү түшкүр дүйнөдө
калыстык жок экендигин далилдеп?!

Улутумдун ак жарыгы, ак жарык!
Уулуу кабар жүрөктөрдү как жарып –
узунуңдан ар жүрөктө жатасың
үстөлүңдө калган калем баштанып.

Падыша-элдин толугу да, кеми элең,
байкай бербес – толук-кемдин чеги элең.
Жаакка чапса зөөкүр келип момунду,
чак эттире чабылган жаак – сен элең.

Эркеси элең ээлендирген ышкыңды,
элге берген падыша сөз, мыкты ырды!
Үшү кетип турган кезде кыргыздын
үшкүрүгү болуп атып чыктыңбы...

Кайран акын кайгыда элин кыйраткан...
Карлыгачтын кашында жүр ыйлап таң...
Утуру эрип... түгөндүңбү элим деп
учунда элең калемиңдин ыр жазган...

Жарты кайык – жан дүйнөңдүн дарт-сырын,
жаштык-көлдө чөктүң неге – айткының?!
Өйүзгө өтүп ырың жазып келгендей
өлүп туруп ырың жаз да, кайткының?!

Тирүүлөрдүн айттыңбы, эмне, багытын?
тиздиңби, эмне, баштатчудай жарышын?
Үнүн элдин жазган диктофонуңдай
үндебестен ортодо тур табытың.

Шаркырап бир агып жаткан дайраны
шак катытып сыйкыр менен кайдагы –
кантип, кантип алып жөнөйт бейитке,
кантип, кантип көмүп таштайт жайга аны?

Тирегимдей көрүүчү элем, Зайырбек,
тилим буулуу... кантип айтам кайыр деп?
Калдыңбы өлүп – түбү түшкүр дүйнөдө
калыстык жок экендигин далилдеп?!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз