Еврей эл жомогу: Көп түрдүүлүктүн көркү

  • 04.01.2024
  • 3926

Шаар имамдары Персия падышасын мында байырлаган азганакай еврей журттундагыларга каршы үндөй баштайт. Ал тургай алар Алланын атынан сүйлөп, каапыр еврейлерди намазга жыгып, эркектерин сүннөткө отургузуп, аялдарына хиджап кийгизип, ислам динине киргизүүнү талап кылышат. Падыша болсо да диний жетекчиликтин көрүнөө да, көмүскө да кысымына кабылып, кошоматчылардын бал сөзүнө азгырылып, еврейлерге бүгүндөн калбай ислам динин кабыл алып, эртең таңкы намазга жыгылуу буйругун берип, аны аткарбагандар катуу жазаланарын билдирет.

Бул суук кабар жеткенде еврей коомчулугу катуу бүлүнөт, эзелтен берки ыйык ишениминен кечип кете албай же өкүмдарга каш кайрып каяша айта албай айлалары кетет. Көпкө ойлонгон акылман раввин ошондо базардан көргөндүн көзүн кубандырган абдан кооз, башкасы куник өңдөгү өтө жупуну эки килем саттырып келип, буйдалып турбай падышага жөнөйт.

- Улуу урматтуу өкүмдарым! Бийлигиңиздин түбөлүккө узарышын каалаган букараңыздын датын угар алдында тартуумду кабыл алыңыз. Сизге эки килем алып келдим, бирин тандап экинчисин өзүмө калтырыңыз, - дейт падышанын алдына килемдерин жайып.

Кооз килемди көрүп көзү күйүп, жупунусун карап жини келген өкүмдар мындай дейт:

- Кантип мага ушундай кулга татыктуу жупуну килемди тартуулап келдиң!

Чекесин жерге тийгиче таазим эткен раввин мындай деп жооп берет:

- Туура айтасыз, өкүмдарым! Сиздей улукка ушундай начар килемди алып келген айыбымды кечириңиз. Бирок көп түрдүүлүк болбосо дүйнөнүн көркү чыкпайт, ушул сыяктуу эле бул жупуну килемсиз тигил кооз килемдин баркы болмок эмес. Ошондуктан улуу Жаратуучу да дүйнөнү жаратып жатканда көп түрдүү боёкторду колдонгон, туурабы өкүмдарым?

- Туура, - деп жиберет падыша жөндүү сөзгө муюп.

- Сиз дагы мен билгенден сулуулукту жакшы көрөсүз, мамлекетиңиз гүлдөп өсүүсүн каалайсыз, шаарыңыз көрктүү болуш үчүн кооз имараттарды курдуруп жатасыз. Ошондой эле өлкөңүз өзгөчө болушу үчүн көп түрдүү ишеним болушу керек. Бир килемди бир килемге салыштырып, коозун тандагандай эле эки динди карап көрүп адамдар татыктуусуна баа берсин. Андыктан биздин динге каршы болбоону суранам, - дейт раввин тайсалдаганы менен айтар сөзүн таамай багыттап.

Падыша жүйөлүү сөзгө катуу айта албай күймөлө түшүп мындай дейт:

-  Буга чейин сыйынып келген Кудайыңарга сыйына бергиле!

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз