Григол Чиковани: Бир түндүн кубанычы

  • 29.06.2020
  • 4489

АҢГЕМЕ

— Мен сага айттым эле го, экинчи келбегин дебедим беле, Мурза!

— Канча түндөн бери сени ойлой берип уйкудан калдым, Таси!

— Жаныңды жебечи, Мурза!

— Канча түн ушул чатырчанын алдында сени күтүп уйкусуз түндөрдү өткөздүм, Таси!

— Ал жөнүндө мага айтпай эле койчу, Мурза!

— Мен ушул жерде туруп, сенин демиңди сезип жаттым, Таси.

— Эмне үчүн мындай дейсиң, Мурза?

— Мен сени сүйөм, Таси.

— А атам ойгонуп кетсе, мен эмне деп айтам, Мурза?

— Эшикти бекем жаап кой, Таси.

— Акырын, атамдын кулагы коёндукундай эле угат, Мурза!

— Эшикти калдыратпай акырын жап, Таси!

— Түн ортосунда эмне келдиң, Мурза?

— Сени көргөн күндөн баштап мага күн да жок, түн да жок, Таси.

— Качантан бери ошентип калдың, Мурза?

— Бир кылым болду, Таси.

— Ага чейин кайда жүрдүң эле, Мурза?

— Аны өзүм да билбейм, Таси.

— Мурза!

— Каалганы жаап кой, кыйчылдап жатат, Таси.

— Коркпой эле кой, Мурза.

— Таси!

— Баары бир түн ортосунда келгениң туура эмес, Мурза.

— Сен деле энеңдин эмчегин эмгенсиң да, Таси!

— Анын эмнеси бар экен, Мурза?

— Мен дагы энемдин эмчегин ээмп чоңойгом, Таси.

— Эмсең эмне экен, Мурза?

— Мен дагы адаммын да, Таси.

— Анын эмнеси бар экен, Мурза?

— Мени деле аяп кой да, Таси.

— Аяп жатам, Мурза.

—Кел, мобул чырпык тосмонун жанына туралык, Таси.

— Жок, тиги чынар теректин алдындагы чатырчага баралык, Мурза.

— Мейли анда, теректин алдына болсо, теректин алдына баралы, Таси.

— Бирок мага колуңду тийгизчү болбо, Мурза!

— Эмне үчүн, Таси?

— Жөн эле… Деги, түн ортосунда эмнеге келдиң ошону айтчы, Мурза?

— Мен бул түндү бир жылы күттүм, Таси.

— А ушул убакка чейин эмне үчүн күттүң, Мурза?

— Сени сүйгөнүмдөн, Таси.

— Акырын, атам ойгонуп кетпесин… Мени эмнеге көргүң келди, Мурза?

— Мен сени сүйөм, Таси.

— Мурза!

— Бүгүн мариамоба майрамында сен мени менен тиктешип өткөнүңдө, мендеги кишендин баары үзүлдү, Таси.

— Көздөрүң сени алдап койгон жокпу, Мурза?

— Көздөрүм алдаса да, жүрөгүм алдабайт, Таси.

— А жүрөгүң алдап койсочу, Мурза?

— Ал эмне дегениң, Таси?

— Балким мен сени сүйбөстүрмүн, Мурза!

— Андай болсо сүй, Таси.

— А сенде сүйө турган эмне бар, Мурза?

— Жүрөк бар, Таси.

— Дагы, Мурза?

— Жан дүйнөм бар, Таси.

— Жүрөк менен жан дүйнө бардык эле жигиттерде бар, Мурза!

— Анда эмне кылам, менин мындан башка эч нерсем жок, Таси.

— Мурза!

— А сенде сүйдүрө турган эмнең бар, Таси?

— Жүрөк, Мурза.

— А дагы, Таси?

— Жан дүйнөм бар, Мурза.

— А дагы, Таси?

— Башка эч нерсем жок, Мурза.

— Сен эмне деп жатасың, Таси! Сенин көздөрүң эле жер жүзүндөгү бардык аялдарга татыйт.

— Жалган сүйлөбө, антип айтпа, Мурза.

— Күлкүң дадианадагы байлыктардын бардыгынан кымбат, Таси.

— Мага сен антип айтпа, Мурза.

— Сенин келбетиң, жер шарынын бардык кооз жерлерине татыйт, Таси.

— Унчукпа, антип айтыштын кереги жок, Мурза.

— Сенин уурттарың…

— Сен мени акылымдан тайдыра баштадың, Мурза!

— Сенин кымча белиң – өрүлгөн камчы сыяктуу, Таси…

— Сенин сөздөрүң кандай ширин, Мурза!

— Сенин кулактарың жана моюнуң…

— Жетишет, Мурза, мен такыр эле ойлоно албай калдым!

— Сен — менин жашоомсуң, Таси.

— Эмне үчүн бул жөнүндө ушул убакка чейин айткан эмессиң, Мурза?

— Сен — мен үчүн иконасың, Таси.

 – Эмне үчүн бул жөнүндө ушул убакка чейин айткан эмессиң, Мурза?

— Жаан жаап келди, көйнөкчөн суук тийгизип албайсыңбы, Таси?…

— Сени менен турганда мен үшүмөк белем, Мурза!

— Сен менин жыргалымсың, Таси.

— О, мага жакындаба, Мурза!

—Эмне үчүн, Таси?

— Мен корком, Мурза.

— Сүйүүдөн коркосуңбу, Таси?

— Сүйүүдөн корком, Мурза.

— Сен менин кубанычымсың, Таси.

— А эгерде сен алдап койсоңчу, Мурза?

— Сүйүүнү алдай албайсың, Таси.

— Тилиңден бал тамат да, Мурза!

—  Сүйүү эч качан алдабайт, Таси.

— Чынбы, Мурза?

— Сүйүү эч кимди алдабайт, Таси.

— Буга чейин кайда жүрдүң эле, Мурза?

— Таси…

— Мага колуңду тийгизбе, Мурза!

— Эмне үчүн, Таси?

— Билбем, Мурза…

— Өлтүрөсүң го, Таси!

— Койсоңчу, андай дебе, Мурза!

— Балким сени Иванын уулу сүйүп жүрбөсүн?

— Жок, ай, андай эмес, Мурза.

— Балким сага Пепинин уулу ашык болуп жүрбөсүн, Таси?

— Жок, ар нерсени айта бербе, Мурза.

— Балким сени Какучинин уулу жактырып жүргөндүр, Таси?

— Жок нерсени айтпачы, Мурза!

— Балким Тэманын баласы сүйүп калгандыр, Таси?

— Ошонуң мага караанын көргөзбөсүнчү, Мурза.

— Балким Барнанын баласы сен деп көз жашын төгүп жүрбөсүн, Таси?

— Жок, жок, Мурза.

— Анда эмне үчүн менден качасың, Таси?

— Мен корком, Мурза.

— Эмне үчүн, Таси?

— Билбейм, Мурза…

— Мен сенсиз жашай албайм, Таси.

— Мындай сөздөрдү айтпачы, Мурза!

— Анда эмне кылышым керек, Таси?

— Билбейм, Мурза…

— Мени аясаң боло, Таси.

— Мен корком, Мурза.

— Жүрөгүмө канжар сайбачы, Таси!

— Канжар сенин душмандарыңа сайылсын, Мурза.

— Таси…

— Мага тийбе, Мурза!

— Тирүүлөй көмбөчү, Таси.

— Кудайым сени жүзгө чыгарсын, Мурза.

— Мени аячы, Таси!

— Сен дагы мени аясаң, Мурза!

— Канчага чейин азабыңды тартам, Таси?

— Бир жыл кыйналдым дебедиңби, Мурза!

— Бир жыл эле жетет, Таси.

— Жакшы анда, Мурза.

— Таси…

— Бир аз жакында, Мурза.

— Таси…

— Болду, мындан бери жылба, Мурза!

— Таси…

— Мейли, эми бир аз жыл, Мурза!

— Сен менин кымбаттуумсуң, Таси.

— Сүйгөнүң чын болсо ушул убакытка чейин кайда жүрдүң, Мурза?

— Таси…

— Дагы бир аз жыл, Мурза…

— Менин сүйүктүүм, Таси.

— Ах, сен кандай жакшысың, Мурза.

— Таси…

— Сен эмне үчүн тартынчааксың, Мурза…

— Мени сен ушундай кылдың, Таси.

— Мурза, Мурза!

— Эмне үчүн титиреп жатасың, Таси?

— Жаан жаап жатпайбы, үшүп кеттим, Мурза…

— Бул жаан эмес, бороон, Таси.

— Кучактап жылытчы, Мурза!

— Таси…

— Бол эми, кучактап жылыт, Мурза!

— Таси, Таси!

— Колдоруң темирдей катуу экен, Мурза.

— Суук тийгизип албасаң эле болду, Таси!

— Сени менен турганда суук тийбейт, Мурза!

— Таси!

— Өбөм деп ойлобо, Мурза!

— Таси…

— Макул, бир жолу өп, суук тийбесин.

— Таси…

— Дагы бир жолу өпчү, Мурза!

— Таси…

— Болду, жетишет, башка өппө, Мурза!

— Макул, башка өппөйм, Таси.

— Жетишет, тумчуктуруп салмай болдуң, Мурза!

— Менин сүйүктүүмсүң, Таси!

— Колуңду алчы, Мурза!

—Эмне кылыш керек, колумду тарта албай жатам, Таси.

–  Мейли, эгерде ала албасаң тим кой, Мурза.

— Сен менин жыргалымсың, Таси!

— Көйнөгүмдү айырба, Мурза!

— Антпей коё албайм, Таси!

— Мейли, эгерде анте албасаң.

— Таси…

— Бир жыл бою кантип чыдап жүргөнсүң, Мурза?

— Өзүм да билбейм, Таси…

— Бир жыл чыдап жүргөнүңө караганда анча деле сүйбөсөң керек, Мурза!

— Сүйгөн адам көп нерсеге чыдайт, Таси.

— Мунуң чын, мен деле бир жыл чыдабадымбы, Мурза.

— А эмне үчүн мага айткан жоксуң, Таси?

— Сүйгөн адам чыдамкай болот, Мурза!

— Мендей мээси жок, аны көрбөй кайда карап жүрдү экен, Таси!

— Мен сени аябай күткөм, Мурза!

— Мендей мээси жоктун жүрөгү кайда болду экен, Таси!

— Күндү күн дебей, түндү түн дебей сени күткөм, Мурза.

— Мендей мээси жоктун жан дүйнөсү кайда болду экен, Таси!

— Кааласаң бек кучактап дагы бир жолу өөп койчу, суук тийгизип албайын, Мурза!

— Таси…

— Чшшш, Мурза!

— Итиңер бошонуп кетти окшойт, Таси.

— Биздин итти бул убакта шайтан келсе да ойгото албайт, Мурза.

— Жүрөгүң мен деп сокконун мурда эле билсем кана, Таси!

— Мен сен жөнүндө гана ойлоп жүрбөдүмбү, Мурза.

— Аны билгенимде мени байласа да токтото алышмак эмес, Таси.

— Жүрөгүм сен деп согот, Мурза.

— Таси…

— Эми сен баарын билесиң, Мурза.

— Эми билдим дечи. Кечээ мариамоба майрамында мени караганда эле сезгем, Таси.

— Чын элеби, Мурза?

— Кубанычымды кайда батырам билбейм, Таси?

— Батырасың, Мурза.

— Ах, бүгүнкү таң атпай эле койсочу, Таси!

— Ооба, мен да ошону каалар элем, Мурза!

— Кандай кубанычтуу түн, Таси!..

— Кубана турган түн, Мурза.

— Таси…

— Мени коё бербечи, Мурза.

— Ушундай нөшөрдө кантип коё берем, Таси!

— Сен менин жыргалымсың, Мурза!

— Таси…

— Сен кандай күчтүүсүң, Мурза!

— Сен барда тоону томкором, Таси.

— Бул чынбы, Мурза?

— Сен мага күч-кубатсың, Таси.

— Мындай кармабачы, Мурза.

— Эмнеге, Таси?

— Коркуп жатам, Мурза.

— Эгер быйыл түшүм жакшы болсо, атаңдан колуңду сурайм, Таси.

— Ооба, быйыл түшүм жакшы болот, Мурза.

— Жамгыр көп жаап, түшүм болбой калбаса, Таси.

— Түшүм болот, Мурза.

— Октябрда үйлөнүү тоюбузду өткөзөлү, Таси.

— Октябрга чейин кантип чыдап күтөм, Мурза!

— Тойго даярданыш керек, Таси! Чшшш, Таси!

— Эмне болуп кетти, Мурза?

— Короодо бирөө жүрөт, Таси.

— Атам сыртка чыкты, Мурза.

— Таң атып калды, Таси!

— Кетпей коё тур, короздор чакыра элек, Мурза!

— Мен сенин жаныңдан такыр эле чыккым жок, Таси.

— А сен менин себим жок экенин билесиңби, Мурза?

— Менде да эч нерсе жок, Таси.

— Мен үчүн бул аябай уят иш, Мурза.

— Кедейлик байлар үчүн гана уят, Таси.

— Тез эле октябрь болсо экен, Мурза?

— Көз ачып жумгуча эле октябрь келип калат, Таси.

— Октябрь тез эле келсе экен, ага чейин кантип жашайм билбейм, Мурза?

— Сен менин жыргалымсың, Таси.

— Чшш, бирөө тосмону кылдыратып жатат, Мурза.

— Бул жамгыр, Таси.

— Мурза…

— Эмнеге титиреп жатасың, Таси?

— Билбейм, Мурза.

— Коркпо, эч нерседен коркпо, Таси!

— Сен жанымда турганда эч нерседен коркпойм, Мурза.

— Сен менин жыргалымсың, Таси.

— Эгутианын кызы күйөөгө кеткенде, жыйырма челек вино ичилиптир, Мурза.

— Биздин тоюбузда эки эсе көп ичилет, Таси.

— Ха-ха-ха, Мурза!

— Эмнеге күлөсүң, Таси?

— Кайсы челектен ичишет, Мурза?

— Ак көңүл кошуналардын берген челектеринен, Таси.

— Чшш… Бирөө чуркап өттү, Мурза.

— Ал шамал, Таси.

— Жүрөгүм бир жамандыкты сезип жатат, Мурза…

— Карагаттай көздөрүңдү сүйөм, Таси.

— Мен кандай бактылуумун, Мурза!

— Албырып турган жүзүңдөн секет болоюн, Таси.

— Мага тийбечи, Мурза!

— Биздин кол башчыбыз абхаздар менен согушканы жатат дешет, Таси.

— Согуштан кудай сактасын, Мурза!

— Дадиани менен Шарашиа бири-бири менен келише албай жатышыптыр, Таси.

— Дадиани менен Шарашиага кудайым ынтымак берсин, Мурза!

— Эгерде согуш башталса, Таси…

— Ох, антип айтпачы, Мурза!

— Макул, мындан кийин айтпайм, Таси.

— Мен сени Кучуриа Кутелианын кызына үйлөнөт ко деп ойлогом, Мурза.

— Анын атын кулагыма угузба, Таси!

— Кучактачы, өөп койчу, Мурза.

— Сен менин жыргалымсың, Таси.

— Мени уксаң, Мурза?

— Угуп жатам, Таси.

— Бирөө ышкырып жатат, Мурза.

— Ал шамал, Таси. Суук тийгизип алба!

— Кучуриа Кутелианын кызы менден сулуу, Мурза.

— Кучуриа Кутелианын кызы сенин чыпалагыңдан айлансын, Таси.

— Ушул убакка чейин эмне унчукпай жүрдүң, Мурза?

— Чшш… Бирөө кыйкыргансыды, Таси.

— Шамал улуп жатат, Мурза.

— Таң жылдызы көрүндү, Таси.

— Кечээ кул сатуучулар Уту Гурцкайанын аялын уурдап кетишиптир, Мурза.

— Кул сатуучуларды өлтүрүштү, Таси.

— Алар кимдер экен, Мурза?

—Чаладидилик Макацариа деген экен, Таси.

— Аларды кудай эмне жазалабайт, Мурза?!

— Билбейм, Таси!

— Аялдар үйүнүн короосунан чыга албай калышты, Мурза.

— Христианин христианинди кантип башка диндегилерге сатышат билбейм, Таси!

— Короодо бирөө жүрөт, Мурза.

— Балким атаң кайра сыртка чыккандыр, Таси?

— Жок, атам сыртка түнүчүндө бир эле жолу чыгат, Мурза.

— Барып карап келейин, Таси.

— Барбай эле койчу, мен коркуп жатам, Мурза.

— Мейли, барба десең барбай эле коёюн, Таси.

— Мадзинианын колуктусун жолдо достору менен келе жатканда уурдап кетишиптир, Мурза!

— Мадзиниа ошол күндөн бери үйүнө келе элек, Таси.

— Бечара Мадзиниа, Мурза.

— Андан да бактысыз Пациа, Таси.

— Болду эми кет, атамдын турар маалы болду, Мурза.

— Эртең да ушул убакта чык, Таси.

— Өөп койчу, Мурза!

— Таси…

— Дагы бир жолу өпчү, Мурза!

 

— Оозуна баштык тык, Коста!

— Буттарын бекем байла, Миха.

— Анда эмесе кеттик, Дата!

— Тигил жигитти өлтүрүп алган жоксуңбу, Коста?

— Башы жарылды, бирок өлбөйт, Маква.

— Фьють… фьють!

— Чу-у!..

— Гуджу!

— А?

— Короодон кыйкырык чыккандай болду, Гуджу.

— Шамал аңкылдап жатат, Цабу.

— Жок, кыйкырык эле уктум, Гуджу.

— Уйкусурап кулагыңа угулуп жатса керек, Цабу.

— Эшикти аччы! Кыйкырык чыкты, Гуджу!

— Күн күркүрөп жаткандыр, Цабу!.

— Эшикти ач, Гуджу!

— Эй, ким бар?

— Кыйкырык чынар терек жактан чыккандай болду, Гуджу!

— Шамал болуш керек, Цабу!

— Теректин жанын карап кел, Гуджу!

— Мына, биякта эч ким жок, Цабу!

—А бул жаткан ким, Гуджу?

— Маркозианын уулу — Мурза.

— Анын башы жарылыптыр, Гуджу.

— Ал бул жерде эмне кылып жүрөгөн, Цабу?

— Тасиге келсе керек, Гуджу.

— Тасиде Маркозианын уулунун эмне жумушу бар?

— Ал жөнүндө териштире турган убак эмес, Гуджу?

— Бул жерде Маркозианын уулунун эмне жумушу бар, Цабу?!

— Бул жерде бир кырсык болгон окшойт, Гуджу!

— Эмне үчүн антип ойлойсуң, Цабу?!

— Аттардын дүбүртүн угуп жатасыңбы, Гуджу?

— Эмне болду, Цабу?!

— Ой азап күн ай, Таси төшөгү салынган боюнча жатпаптыр, Гуджу!

— Сен эмне деп жатасың, Цабу?!

 

— Таси, кызым!.. Таси!.. Жардамга!

— Таси, кызым!..

— Таси, кызым, Таси!.. Таси!..

— Эмне болуп кетти?

— Тасини алып кетишиптир!

— Тасини уурдап кетишти!

— Чогулгула!.. Кул сатуучулар Тасини уурдап кетишти Таси!

— Филипе!

— Манча!

— Спиридон!

— Бардыгыңар чыккыла!

— Эй, кубалап жеткиле!

— Баарына кабар бергиле!

— Коңгуроо каккыла!

— Тасини уурдап кетишти, Гуджунун кызы Тасини алып кетишти!

— Варна, тегирмен жактагы жолду тос!

— Ива, көпүрө жакка бар!

— Таси, кызым! Таси, кызым! Атаңды ушинтип азапка салат белең, кызым!

— Эй, бириң да калбай аттангыла!

— Таси!.. Кызым сенсиз менин өлгөнүм артык!

— Атаңды азапка салдың го кызым!

Грузин тилинен которгон Ю.НАГИБИН жана С.СЕРЕБРЯКОВ

Орусчадан которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз