Максим Горький: Сергей Есениндин адабий портрети

  • 30.06.2020
  • 3777

Жетинчи бекен, же сегизинчи жылы бекен, айтор, Каприде Стефан Жеромский болгар жазуучусу Петько Тодоров экөөбүзгө кандайдыр бир окуядан кийин Краковго келип калып, анда адашып жүргөн, бир мытаам, зыкым дыйкан баланын тагдыры жөнүндө айтып берген. Ал бала шаардын көчөлөрүндө көпкө адашып жүрөт да, өзү ээн-эркин өскөн талаасына баруучу жолду таптакыр таба албай коёт.

Ошентип жүрүп акыры, шаардын аны өз кучагынан чыгаргысы келбегенин сезген соң чөгөлөп отуруп алып, Кудайга сыйынат да, суу менен агып отурсам шаардан чыгам го деген үмүт менен көпүрөнүн үстүнөн Вислага секирет. Аны чөктүрбөй сактап калышат, бирок сууга түшкөндө майып болуп калып, дүйнөдөн кайтат.

Бул жөнөкөй аңгеме Сергей Есениндин өлүмүн эсиме салды. Мен Есенинди биринчи жолу 1914-жылы кайсы бир жерде Клюев менен бирге жүргөнүн көргөм. Ал мага 15–17 жашар баладай болуп көрүнгөн. Тармал чачтуу, ак жүздүү, кийгени көгүш көйнөк, майда бүйүрмөлүү кемсел, бутунда өзгөчөлөнүп ултарылган өтүк – анын мына ушул көрүнүшү Самокиш-Судковскийдин бардыгын коёндой окшош кылып тарткан көшөкөрлөнгөн бояр балдарынын сүрөттөрүнүн так өзүн эске салар эле. Жай мезгили болучу, түн үп тартып турган, биз үчөөбүз, адегенде Бассейн көпүрөсү, андан соң Симеоновск көпүрөсү аркылуу өтүп баратып, көпүрө үстүнөн карайган сууга көз чаптырып турдук. Эмне жөнүндө аңгемелешкенибиз эсимде калбаптыр, балким, согуш жөнүндө сөз кылсак керек; согуш эчак башталган эле. Есенин менин эсимде жөнөкөй жана өзүн бир аз ыңгайсызыраак сезип, опсуз чоң Петербург – ал үчүн орунсуз экендигин өзү да сезип турган баладай болуп күңүрт гана сакталып калды. Бул наристе балдар Калуга, Орёл, Рязань, Симбирск, Тамбов шаарларында боло турган. Ал жерлерден мындай балдардын соода тармактарында приказчик, жыгач усталардын жардамчысы, трактирдеги бийчилер жана ырчылар, ал эми эң мыкты позицияда болгондо, анчалык бай эмес, «сопусунган» купецтердин балдары экендигин көрөсүң.

Кийинчерээк, мен анын арымдуу жазылган, айкын, жүрөккө ушунчалык жагымдуу ырларын окуганымда, ырларды баягында, түн ичинде, Симеоновск көпүрөсүндө гранитке кысылган дарыянын кара баркыт сымал суусуна чыртылдата түкүрүп турган, атайын эле сүрөттөгүдөй кийинген баланын өзү жазгандыгына ишенген эмесмин.

Алты-жети жыл өткөндөн кийин мен Есенинди Берлинден, А.Н.Толстойдун квартирасынан көрдүм. Баягы тармал чачтуу, куурчактай болгон баланын тике караган көзү гана мурункусундай, алда кандайдыр бир өтө ачык тийген күндүн нуруна тотуккан сыяктуу. Көз карашы адамдарды алдаган немедей, бирде ачуусу келгендей, жактырбагандай, кээде күтпөгөн эле жерден ишенимсиз, уялыңкы, шектүү боло калып турду. Мага ал жалпысынан адамдарга кастары тигилгендей болуп жана да ичкич экендиги көрүнүп турду. Көзүнүн асты-үстү шишимик тартып, агы бузула баштаган, өңү, моюн терилери кубарып, абада аз жүрүп, уйкусу канбай жүргөн кишиникиндей өчүңкү тартып солуңку. А колдору болсо, тынч турбайт да муундары шалкылдап, нак барабанчыныкындай. Ооба, ал өзү да кооптонуп, эмнегедир бир маанилүү нерсени унутуп койгонсуп, бир нерсени жоготуп ийгенин айкын биле албаган кишиден бетер абдырап тургансыйт.

Аны Айседора Дункан менен Кусиков ээрчитип жүрүшкөн.

– Бул да акын, – деди Есенин, ал жөнүндө акырын, кирилдей сүйлөп.

Есенинге караганда Кусиков өтө эле ыксыз жалжактаган ачык-айрым жаш жигит, мага ашыкча немедей көрүндү. Ал чач тарачтардын сүйүктүү аспабы болуп саналган гитарды алып жүргөн, бирок аны черткенди да билбейт көрүнөт. Мен Дунканды бул кезигишүүгө чейин мындан бир нече жыл мурда сахнадан, ал жөнүндө газеталарга бир шумдук катары жазып жүргөндө көргөн болчумун, а бир журналист болсо таң каларлык түрдө: «Анын гениалдуу дене түзүлүшү бизди даңктын жалыны менен өрттөп баратат» – деп айткан. Бирок мен акыл-эс тарткандардын бийлегенин сүйбөйм, түшүнө да бербейм, ошондуктан бул аялдын сахнада кайкып жүрүшү мага жаккан жок. Эсимде – ал турмак капа да болдум, ал аял өлгүдөй үшүп кеткендиктен, же жылаңач эмес, же кийимчен эмес болуп сууктан корголоп, жылынуу үчүн жүгүрүп жүргөндөй көрүнгөн.

Ал аял Толстойдун үйүндө да бийледи, бийлер алдында тамактанып, ичкилик ичкен болучу. Бий Дункандын улгайган жашы менен даңк жана сүйүү чалчактаткан дене түзүлүшүнүн ортосундагы кандайдыр бир күрөштү чагылдырып жаткансыган. Бул сөздөрдө аял үчүн эч кандай оор тие турган эч нерсе жок, алар карылык жөнүндө гана наалатты билдирет. Карып, оор тартып калган, көзгө жагымсыз, кызыл жүздүү, кызгылтым көйнөк кийген аял тар бөлмөдө уйпаланган, солуп калган гүлдөрдү көкүрөгүнө кыса чарк айланып бийлеп жатканда, анын тултук бетинде эч нерсени түшүндүрбөгөн жылмаюу пайда болду.

Бий сыяктуу чебер кыймылдарды кылдаттык менен баамдаган Европанын миңдеген эстеттери бул атактуу аял кичинекей, боз уланга окшогон, таң каларлык жөндөмдүү рязандык акындын жанында ага керексиз нерсенин барып турган нак өзү болучу. Бул жерде күн мурунтан эле жаман ойдо болуп, азыр эле ойдон чыгарылган эч нерсе жок; мен ошол оор күндөгү бул аялга көз чаптыруу менен, ал аял акындын:

Балжайып күлө компоюп.
Турсам ээ чөпкө чоң тоюп, – деген үшкүрүнгөн ырларынын маанисин сезет болду бекен деп ойлогонумду гана айтып жатам.

Акындын төмөнкүдөй күйүттүү күлүмсүрөөлөрү аялга эмнени баяндамак:

Цилиндрди кийбедим жагынышка –
Аялдарга кур бекер суктана албайм –
Кийгемин ичте бугум арылышка,
Жем баштыкча сулу салып бээге байлайм.

Есенин Дункан экөө жаңдашып чыканактары, тизелери менен түрткүлөшүп сүйлөшүп атышты. Аял бийлеп атканда ал столдо вино ичип, ага көзүнүн кыйыгын салып, кабагын чытып отурган. Балким, анын күйгөн ырларынын бул сабы так ушул минуталарда жаралгандыр:

Көп сүйүүдөн кирдеп бүткөн экенсиз...

Ошондо ал өз курдашына эчактан бери көндүм болуп калган чочулатпай турган, бирок ошентсе да жагымсыз азаптуу нерсе катары карап турат деп ойлоого мүмкүн эле. Ал башына чымын конуп алып кычыштырып жаткан такыр баш адам сыяктуу бир нече жолу башын чулгуп алды.

Андан соң чарчаган Дункан көңүлсүз, суз жылмая акындын жүзүнө тигиле чөгөлөп отура кетти. Есенин анын ийнине колдорун койду, бирок кескин түрдө бурулуп кетти. Ошондо, бул минутада каардуу, аянычтуу үмүтсүз төмөнкү сөздөр эсине кылт дей түшкөн жокпу деп кайрадан оюма кетти:

Карайсың неге чачып көк жалынды?
Не пайда булгагандан өз арыңды?
Күйүтүм тоодой болуп, боздоп ыйлайм,
Кечирчи, аяп койчу өз жарыңды.

Есенинден ыр окуп берүүнү сурашты. Ал ыраазылыгы менен макул болуп, ордунан турду да, Хлопушанын монологун баштады. А деп башталышында сүргүнгө айдалган кишинин кайгылуу кыйкырыктары театралдуу болуп көрүндү.

Жин урган ушул канкор караңгылык!
Айтпайсыңбы, эмнесиң, ажалсыңбы?

Бирок мен бир аздан соң Есениндин укмуштуудай сонун окуп жаткандыгын сездим да аны угуп отуруп жашып кеттим. Анын окуу өнөрүн мен артисттик, чебердик жана ушул сыяктуу башка эпитеттер менен көрсөтө албас элем, бул эпитеттердин бардыгы окуунун мүнөзү жөнүндө эч нерсе түшүндүрө алышмак эмес. Акындын үнү бир азыраак киргилденип катуу эчкирип чыгып, Хлопушанын каардуу сөздөрүн дапдаана айкындап турган. Сүргүнгө айдалган кишинин талаптары эң укмуштуу түрдө, чын жүрөктөн, болуп көрбөгөндөй чыгып, бир нече жолу ар кандай тондо жаңыра берди:

Мен өзүм бул кишини көргүм келет!

Анан да коркунучу эң сонун берилген:

Канакей ал? Кеткенби жер соруп?

Бул чарчы кишинин канчалык күчтүү сезимге ээ экендигине, өтө көркөмдөнтүп ачык окуй тургандыгына ал турмак ишенген да жок элем. Окуп жатканда анын өңү өзгөрүп, кулагына чейин кубарып кетти. Ал колдорун ырдын ритмине жараша жаңсаган жок, бирок анысы ыктуу көрүнүп турган, алардын ритмин издеп табуу да кыйын. Каардуу сөздөрдүн салмактары да улам өзгөрүп турду. Ал сөздөрдү туш-тушка, бирин – таманынын алдына, экинчисин – алыс жакка, үчүнчүсүн – өзү жаман көргөн кишинин бетине ура ыргытып жаткансып көрүндү. Деги бардыгы: кирилдеген, бузулган үнү, чалды-куйду болгон ишаралар, солкулдап турган тулку-бою, убайым тартып жалжылдаган көздөрү – ушулардын бардыгы ошол саатта акынды курчап турган шартта гана болууга тийиш сыяктуу эле.

Пугачёвдун үч жолу кайталанган «Акылдан тандыңызбы?» деген суроосун ал өзгөчө таң каларлык кылып, үнүн бийик чыгарып, каардуу, андан соң акырыныраак, бирок дагы эле кызуу окуду. Акылдан тандыңызбы?

Ошентип акырында ачуулангандыктан деми кыстыгып окуду:

Акылдан тандыңызбы?
Ким айтат, бизди талкаланды деп?

Сүрөттөп бере албай тургандай кылып жакшы суроо койду ал:

Оор жүктөн мөгдөгөнсүп, туура ойго тура албадыңбы?

Жана да, кыска паузадан соң, эч үмүтсүз, коштошкон немедей дем чыгарды:

Кымбаттуу менин...
Жакшыларым...

Ал мени ушунчалык толкундатып жибергендиктен тамагым да кургап кетти, жашыгандан эчкирип жибергим келди. Али эсимде, мен ага эч кандай мактоо сөз айта албадым, ооба, ал да менин оюмча, мактоого муктаж болбосо керек эле. Мен андан жети күчүгүн ажыратып алып, сууга ыргытып жиберишкен ит жөнүндөгү ырды окуп берүүсүн өтүндүм.

– Эгерде сиз чарчабасаңыз...

– Мен ырдан чарчабаймын, – деди да ишенбеген немедей өзүмө суроо койду:

– Ит жөнүндөгү ыр сизге жагабы?

Өзүмдүн көз карашым боюнча орус адабиятында ал биринчи болуп, айбандар жөнүндө ушунчалык билгичтик менен, накта сүйүү менен жаза тургандыгын айттым.

– Ооба, мен ар кандай айбанаттарды өтө жакшы көрөм, – деп айтты Есенин ойлуу түрдө акырын. Менин Клоделдин «Айбандардын бейишин» билесизби деген суроомо ал жооп бербестен эле, эки колу менен башын кармалады да, «Ит жөнүндө ырды» окуй баштады. Качан гана акыркы:

Күмүш жашы агылып аппак карга
Кулап түштү ал иттин көздөрүнөн, –  деп окуганда өз көзүнөн да жаш кылгыра түштү.

Бул сөздөрдөн кийин аргасыздан Сергей Есениндин адам экенинен дагы жаратылыш тарабынан жалаң гана поэзия үчүн, түпсүз терең «талаа кайгыларын»[1] көрсөтүү үчүн дүйнөдөгү бардык жандыктарга жана адам тарабынан бардык башка нерселерден артык эмгеги сиңген ырайымдуулукка болгон сүйүү үчүн жаралган өзгөчө орган деген ойго келесиң. Анан да гитар кармаган Кусиковдун, бий бийлеген Дункандын керек эместиги, бранденбургдук өтө көңүлсүз Берлиндин керек эместиги, өзүнчө бир таланттуу жана барып турган мыкты орус акынын курчап турган бардык нерсенин керек эместиги ого бетер айкын сезиле түшөт.

Ал кандайдыр бир тынчсыздангансып капалуу отурду. Дунканды эркелетип коюп, рязандык кыздарды да ошондой эле эркелеткендир, аны далыга чапкылап, бир жакка жүрүп кетүүнү сунуш кылды:

– Кайдадыр бир чуулуу жерге баралы, – деди ал. Кечинде Лунапаркка барууну чечтик.

Дункан кире бериштеги бөлмөдө кийинип жатканыбызда эркектерди назиктик менен өөп жатты.

– Эң жакшы рошен, – деди ал ичи эзилип, – мындай-оой, болуу кыйын...

Есенин орой түрдө кызганымыш болду да, аялды алаканы менен далыга чаап, катуу сүйлөдү:

– Жат кишилерди өппө!

Муну ал өзүн курчаган адамдарды жат кишилер деп атоо үчүн гана айтты деген ойго келдим.

Лунапарктын көңүлсүз шаан-шөкөттөрү Есениндин көңүлүн көтөрдү. Анын күлкүсү чыгып, бир укмуштан экинчисине жүгүрүп, түрү суук картон масканын оозуна топ ыргытууга аракеттенишип, солкулдап турган тепкич боюнча өжөрлөнүп чыгып баратышкан, толкун сыяктанып көтөрүлгөн аянтчага ооп жыгылышкан урматтуу немецтердин көңүл ачып жүрүшкөндөрүн карап жүрдү. Анчалык татаал болбогон көңүл ачуучу нерселер сансыз эле, күйгөн оттор көп болучу, жана да бардык жерде «болук адамдар үчүн музыка» деп атоого да боло турган немецтик музыка тынбай жаңырып турган.

– Көп курушуптур, а өзгөчөлөнгөн эч нерсе таба алышпаптыр, – деди да Есенин ошол замат кошумчалай салды: – Мен кордогон жерим жок.

Андан соң, бир аздан кийин ал «кордоо» деген этиш «мазактоо» дегенден жакшы экендигин айтты.

– Кыска сөздөр ар убакта татаал сөздөргө караганда жакшы, – деди ал.

Есениндин көңүл ачууларды шашкандык менен карап жатышы шектүүдөй көрүнүп: бардык нерсени тезинен унутуу үчүн көрүп жатат деген ойго салат. Кандайдыр бир чаар нерсе айланып, күүлдөп жаткан тегерек киосканын жанына келип токтоп, ал менден күтпөгөн жерден, дагы шашыла сурап калды:

– Сиз, менин ырларымды керек деп ойлойсузбу? Дегинкиси, искусство, башкача айтканда, поэзия керекпи?!

Суроо ыктуу жерден орундуу берилген эле, – Лунапарк Шиллерсиз деле тамашалуу жашап жатат.

Бирок Есенин өзүнүн суроосуна жооп күтпөй эле, сунуш киргизди:

– Жүргүлөчү, вино ичели.

Көңүлдүү адамдар жыш олтургузулган ресторандын кенен террасында ал кайрадан капалана түштү. Элейип, эч нерсени кыртышы сүйбөй отурду. Ага вино жаккан жок.

– Кычкыл экен, күйгөн канат жыттанат. Кызылынан, француздукунан сурап көргүлөчү.

Бирок ал кызылын да көңүлдөнө бербей, мойнунан байлаган немече ичти. Үч мүнөтчө те алыс жакты ыкласын коюп тиктеп турду; ал жакта, бийик асманда, кара булуттун фонунда, көлчүктүн үстүнөн чың тартылган жоон зым менен бир аял өтүп бараткан. Аны бенгаль оту менен жарык кылып турушкан, анын үстүнөн изи боюнча кубалай бараткансыган ракеталар учурулуп, булуттарга барып өчүп, жарыктары көлчүккө чагылып турду. Бул көрүнүш дээрлик көрктүү эле, бирок Есенин күңкүлдөй сүйлөдү:

– Бардыгы эле коркунучтуу нерселерди каалашат. Деги мен циркти сүйөмүн. А сизчи?

Ал тентек өскөн, жасалмалуу киши катары ой калтырбастан бул шек келтирерлик көңүлдүү жайга милдети боюнча же динге ишенгендер чиркөөгө барып турган сыяктуу «адептүүлүктөн» келип отургандай болуп көрүндү. Көңүлүн эч нерсе менен толкундата албаган, башка бирөөнүн кудайы үчүн болгон милдет тезирээк бүтөөр бекен деп келип, чыдамсыздык менен күтүп отургансыйт.

Которгон  Мукамбет УСУКЕЕВ

1968

"Жаңы Ала-Тоо" 2011, №11 (31)

[1] С. Н. Сергеев-Ценскийдин сєздєрї (М. Горькийдин эскертїїсї)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз