Кытай эл жомогу: Жолборс менен эшек

  • 24.12.2023
  • 3856

Кытай жеринде эшек жок кезде кеме менен деңиз кесип белгисиз өлкөлөрдү кыдырган бир соодагер кайра кайтканында эшек ала келет. Алганда да эң акылсызын жана семизин тандайт. Ошентип кытай жеринде эшек пайда болуп, көрбөгөн, билбегендерди таң калтырып, шалбаада оттоп жүрөт.

Көп өтпөй ал жолборстун көзүнө чалдыгат. Жолборс канчалык эр жүрөк болсо да өзүнөн кыйла чоң жаныбардан сестенет. “Бул чоң, семиз неме ажыдаар болсо керек. Кулагы да абдан узун экен, шырп эткенди жаземдебейт окшойт”, - деп ойлоп бадалдардын арасында жашынып жатат. Бир кезде эшек аңгырай айкырып жиберет. Чочуп кеткен жолборс бейтааныш жаныбар жеп салчудай качып жөнөйт. Алыс барып демин баскыча кайрадан байкоо салат. Эшек кимдир-бирөөгө кол саларын билгизбей, жашыл чөптү аймап, беймарал оттоп кирет.

“Бул чөп жеген неме эт жебесе керек”, - деп ойлогон жолборс жакын сойлоп келет. Эшек эч кандай шектенбейт, жыт албайт, кандайдыр шарпага кулак түрбөгөн аңкоо сыяктанат. Мындан улам жолборс ачыкка чыгып, эшекке жакын келип, акырын мышыкча мыялаган үн чыгарат. Муну уккан эшек айкырып жиберет, кулагын куушуруп, тиштечүдөй болуп чунаңдайт.

“Оо, сен болбогон нерсеге жинденсең, бирок ошого жараша күчүң менен кыйындыгыңды көрсөтпөсөң жөн эле дардаңпоз болсоң керек”, - деп ойлогон жолборс сынамакка дагы бир жолу үн чыгарат. Эшек жанагыдан аша айкырып, жинденгени менен кол сала албайт. Мындан улам анын дарамети белгилүү болгондуктан жолборс бир секирип эшекти жара тартат.

Демек эшектей болуп болбогон нерсеге жинденбе, жөн эле айкыра бербе. Антсең сырыңды алдырасың, эшекке салыштырыласың.

Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз