Эрнест Хемунгуэй: Жамгыр алдындагы мышык

  • 19.08.2020
  • 3849

АҢГЕМЕ

Мейманканада болгону эки гана америкалык бар эле. Алар мейманканадагы коридордо кезиге калган башка эс алуучуларды деле анчейин тааанып биле беришпейт, ага өздөрү деле анча кызыкдар эмес. Алардын бөлмөсү мейманкананын экинчи кабатындагы деңизди караган тарабында жайгашып, терезесинен сейил бак жана анда орнотулган согуштун эстелиги көрүнүп турат.

Сейил бакта бийик пальма дарактары жана жашылга боёлгон отургучтар каз катар орнотулган. Күн ачык күндөрү сейил бактан дайыма мольбертте бир нерсени чиймелеп олтурган сүрөтчү көрүнө калчу. Сүрөтчү бой тиреп өсүп турган пальма дарактарына, жашыл бакка оронгон мейманкананын деңиз жак тарабына суктануу менен алек. Италиялыктар согуштун эстелигин көрүш үчүн бул жерге атайын алыс жактардан келишет. Колодон жасалган бул эстелик жамгырдан кийин тим эле жаркырап калат. Жамгыр жаап жаткан. Пальма дарактарынан жамгыр суулары жерге тып-тып таамып, жерге топтолгон суу майда шагыл төшөлгөн жалгыз аяк жолго көлчүктөрдү пайда кылып жиберди.

Деңизден жайык толкун жээкти уруп, артка кайтып, кайрадан каат-каат самсаалаган  сызыктар менен жерге шоолдоп төгүп жаткан жамгыр суусуна аралашып, жээкти көздөй шарпылдап жатат. Аянтчадагы жеңил авто-унаалар эстеликтин өзүн жалгыз калтырып, ал жерден чыгып жөнөштү. Мейманкананын каршысындагы кафенин официанты бош калган аянтчаны суз тиктеп, кафенин кире бериш эшигинде жаандан корголоп турат.

Америкалыктын келинчеги да ошол маалда терезеден сыртты тиктеп турган. Алардын терезесинин дал түбүндө, үстүнө жамгыр төгүп турган жашыл үстөл астында бир мышык жаандан өз жанын корголоо менен алек. Бечара мышык үстүнө суу тийгизбеш үчүн болушунча бүрүшүп жатыптыр. 

- Ылдыйга түшүп, бечара мышыкты үйгө алып кирбесем болбойт, - деп калды америкалыктын келинчеги.

- Коё тур. Болбосо мен барайын, – деди күйөөсү керебеттен обдулуп.

- Жок, жата бер. Мен өзүм эле. Байкуш мышык жаандан корголоп жан-алакетке түшүп жатат.

Башына эки жаздыкты катар жазданып алып жаткан күйөөсү кайрадан китепке үңүлдү.

- Шөмтүрөп суу болуп... Эмне зарыл дейм да, - күңк этти чыгып бараткан келинчегине.   

Келинчеги ылдыйга түшүп, чыгып баратканда, мейманкананын кожоюну аны көрүп ордунан тура калды да, ийилип салам берди. Ал олтурган үстөл офистик бөлмөнүн тээ төрүнөн орун алган. Ал жашы улуулап калган, узун бойлуу киши.

- Il piove[1] – деди америкалык аял. Бул ыманы жарык киши ага келген күнү эле жагып калган.

- Si, si, signora, brutto tempo[2].

Кожоюн күңүрт бөлмөнүн тээ төрүндөгү үстөл артынан чыгып бараткан аялды көзү менен узаткан боюнча калды.

“Сиз да мага жагасыз, агатай. Сиз ар кандай жакшы-жаман сунуштарды чын жүрөктөн, олуттуу кабыл алган, чыныгы мырзасыз. Кана эми, эркек аттуунун баары Сиздей болсо, атаганат! Сиздин мага окшогон назик аялзатына кай жерде, кайсы убакта болбосун, бекем коргоочусу катары үйрүлө түшө калганыңыз. Сиздин кожоюн катары токтоо мүнөз, зыңкыйган келбетиңиз. Анан да карт жүзүңүз менен олбурлуу колдоруңуз да чыныгы эркекке таандык. Кыскасы баары, баары...” Аял ушуларды ойлоп баратты.

Ичинен ага көңүлү жылый түшкөн аял сырткы эшикти ачып, тияк-биякты карай баштады. Жамгыр мурдагыдан да катуулап баштаптыр. Ээнсиреген аянтчада үстүнө резина плащ кийип, кафе тарапты көздөй бараткан келишимдүү эркек адамды көрдү. Мышык оң тарапта болушу керек эле. Кыязы, ал дубалдын түбү менен жойлоп, бир жакка жылып кеткендей. Кокусунан эле артынан шарп эте кол чатыр ачыла калды. Бурулуп карай салса, алардын бөлмөсүн жыйнаштырган кызматчы аял ага кол чатырын жаап туруптур.

- Сизди суу болуп калбасын дедим, - аял италиян тилинде сүйлөп, ага жылмайды.

Баягы мырза жөнөтсө керек. Аял экөө кол чатырды үстүлөрүнө кармап, майда шагыл төшөлгөн жалгыз аяк жол менен алар турган бөлмөнүн терезесинин тушуна чейин келишти. Ал жердеги жамгыр суусуна жаркырата жуулган жашыл үстөлдүн астындагы мышык бир жакка кетип калгандай. Буга анын чый-пыйы чыгып баштады. Кызматчы аял ага элейип карап калды.

- Ha perduto qualque cosa, Signora[3]?

- Бул жерде мышык турган жанааракта, – деди америкалык аял.

- Мышык?

- Si, il gatto[4].

- Иий ботом, мышыкпы? – кызматчы аял жылмая күлдү. – Мышык ушул жаанда туруптурбу?

- Ооба, - деди ал. – Ушул жаанда. Ка-ап, мейли эми… Кичикий, сонун мышык эле да.

Ал англис тилинде сүйлөгөндө, кызматчы аялдын өңү томсоро түшүп:

- Кой, жүрүңүз, айым, - деди,  – Ичкери кирели. Суу болобуз бекер.

- Ооба десеңиз – анын сөзүн коштоду америкалык аял.

Алар майда шагыл төшөлгөн жалгыз аяк жол менен артка кайтып, ичкериге жөнөштү. Кызматчы аял кол чатырды жаап, сыртта кармалып калды. Америкалык аял ичкери кирип, өтүп баратканда, аны көргөн кожоюн үстөлдө олтурган калыбында дагы ийилип салам берди. Муну көрүп, америкалык аял ичи тыз-тыз эте жагымдуу тызылдап алганын сезди. Эркектин бул көз карашы аны бир убакта кичирейтип, ошол эле учурда зоболосун көтөрүп жибергенсиди. Бул ага майдай жагып, көңүлү көтөрүлө, ичинен каадаланып да жиберди. Тепкич менен көтөрүлүп, эшикти ачып бөлмөсүнө кирди.

- Таптыңбы мышыкты? – деп сурады керебетте жаткан күйөөсү окуп жаткан китептен башын көтөрүп.

- Кетип калыптыр.

- Ме, сага! Кайда кеткен заматта эле, – деди күйөөсү окуганын токтото салып.

- Сонун мышык эле да, - деди ал. – Неге мынча жактырып калдым экен аны. Байкушум. Жаанда калган байкушум.

Жорж кайрадан китепке үңүлдү.

Күйөөсүнүн жанынан туруп кетип, күзгүлүү отургучтун мандайына олтуруп, кол күзгүсүн алды да, өзүн карана баштады. Күзгүдөн бетинин оң тарабына, анан сол тарабына көз жүгүрттү. Анан арт жагын каранды.

- Кандай дейсиң, чачымды дагы узунураак өстүрсөм окшойт? – деп сурады, өзүн күзгүдөн кайрадан карап.

Жорж анын эркектин моюнундай болгон артынан карап:

- Болот ушул деле.

- Тажадым ушундан, - деди ал. – Тажадым, эркекке окшоп жүргөндөн.

Жорж керебеттен оодарылып алгандай болду. Келинчеги сүйлөп жатканда андан көз албай карап турган.

- Ансыз деле сулуусуң.

Ал күзгүнү үстөл үстүнө коюп, терезеге басып келди. Сыртта күүгүм кире баштаптыр.

- Чачымды өзүм каалагандай узун өстүрүп, желкеме түйүп алсам, - деди аял. - Тиземе мышыкты олтургузуп, сылап жатканымда мышык мага эркелеп, мыйоолоп турса.

- Ии, анан? – деп сурады күйөөсү керебетте жаткан жеринде.

- Анан шам жагылган, күмүштөй жаркыраган ашканадан тамактансам. Жаз мезгили болсо, мен анан ошол жазда чоң күзгүнүн алдында узун чачтарымды жая салып, жарашыктуу кийинип алып, алдымда жаткан мышыкты сылап…

- Уфф! Тажатып жибересиң да кишини. Китептен бирди ал да, ошону окуганча тынчып калчы, – деди Жорж. Дагы китебин окуп кирди.

Сага теңелгенден не пайда дегенсип, келинчеги терезеден сыртты карап калды. Сырт караңгылыкка чумкуп, пальма дарактары отургузулган бакта жамгыр дале шатырайт. Ал терезени караган калыбында:

- Кандай болбосун бир мышыктуу болом -  деди күңкүлдөп. - Кааласам азыр табам бир мышык. Же узун чачым болбосо… Же бактылуу күндөрдү баштан кечирбесем. Эч болбосо сүйүктүү бир мышыгым болсун.

Жорж муну уккан да жок. Ал китебин берилип окуп жатты. Анын келинчеги сырттагы аянчадан жарык түшүп турган терезеден сыртты карап турат. Бирөө эшикти тыкылдатып калды.

- Avanti[5],– деди Жорж, окуп жаткан китебинен баш көтөрүп.

Эшиктин оозунда баягы кызматчы аял туруптур. Колтугуна тарбалаңдатып бир чоң, боз мышыкты кысып алыптыр.

- Кечиресиз,– деди ал. – Кожоюн муну Сизге берип жиберди.

Колундагы мышыкты аялга сунду.

Англис тилинен которгон: Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары.

Аңгеме боюнча котормочудан стилистикалык нускоо: Башка элдер адабиятындагы чыгармаларды кыргыз тилине которууда бир топ маселелер жаралышы турган иш. Алардын бири – чыгармадагы эмоциялык эффектерди бузбастан, кыргыз тилинде ачып берүү. Анан которулган чыгарманын маанисин жана максатын адабият жаатында тажрыйбасы бар окурмандар гана толук аңдап түшүнбөсө, кээ бир окурмандар үчүн кайсы бир деңгээлде түшүнүксүз кабыл алынышы ыктымал. Ошого жалпыга түшүнүктүү болсун үчүн, котормону кыскача нускоо менен да түшүндүрүп кетүүнү туура көрдүк.

Аңгеме Италияда эс алып жүргөн эки америкалык жубайлардын мейманканада турган жеринен башталат. Кыска аңгеме болгондуктан жазуучу бере турган идеяларды ар бир сүйлөмгө өзгөчө басым жасоо менен баяндаган. «Алар мейманканадагы коридордо кезиге калган башка эс алуучуларды деле анчейин таанып биле беришпейт, ага өздөрү деле анча кызыкдар эмес…» Муну менен жазуучу жубайлардын жашоосу анча кызыксыз, бир жактуу экендигин кыйытып өтөт. Эс алып жүргөнү менен бөлмөдө гана кеч кирип, таңдар атат. Көнөктөп жаап жаткан жамгыр аркылуу жубайлардын маанайы ачык көрсөтүлгөн. Эс алып жүрүшсө деле, баягыдай эле суз жашоо.

Күйөөсү менен келинчегинин жашоо образы экөөнүн ортосундагы диалог менен берилген. Аңгемеде көрүнүп тургандай; күйөөсү керебеттен такыр козголгон эмес. Демек, ал жашоодо так ушундай жашоо образын тандап алган. Аны эчтеке кызыктырбайт. Улам терезеден сыртты карап, жаанга суктанып, үстөл алдында бүрүшүп турган мышыкты көрө калган аялы, тескерисинче, жашоого аябай дилгир. Каармандар жашоодо бирге күн кечиришкен, такыр эки башка адамдар.

«Сиз да мага жагасыз, агатай. Ар кандай жакшы-жаман сунуштарды чын жүрөктөн, олуттуу кабыл алган, чыныгы мырзасыз. Кана эми, эркек аттуунун баары Сиздей болсо, атаганат! Мага окшогон назик аялзатына кай жерде, кайсы убакта болбосун, бекем коргоочусу катары үйрүлө түшө калганыңыз. Кожоюн катары токтоо мүнөз, зыңкыйган келбетиңиз. Анан да карт жүзүңүз менен олбурлуу колдоруңуз да чыныгы эркекке таандык. Кыскасы, баары, баары...». Америкалык аялга мейманкананын кожоюну бардык жагынан жагат. Бул жерде эффект ээ жана баяндоочту кайра-кайра кайталанышы менен берилген. Аялдын сезимин күйөөсү эмес, мейманкананын кожоюну козгоп жатат. Кожоюн менен күйөөсү караманча каршы каармандар.

«Ээнсиреген аянтчада үстүнө резина плащ кийип, кафе тарапты көздөй бараткан келишимдүү эркек адамды көрдү...». Бул каарман жөнүндө кийин башка сөз болбойт. Муну кеңири колдонулуп жүргөн метафора катары карасак болот. Бул америкалык аялдын тээ жаш кезинде жоготуп алган сүйүүсү болгон чыгар.

Ар бир жанды коштоп жүрчү жалгыздыкты автор америкалык аялга мейманкананын кожоюну жасаган мамиледе чагылдырган. Мейманканага келген ар бир аялзатына эле кожоюндун үзүлүп түшө, жылуу мамиле кыла бербеши түшүнүктүү. Ал аялдын маанисиз, бир жактуу үй-бүлөлүк турмушун туюп-сезип, мүмкүн бул жашоодо өзү да ушундай жалгыздыкта күн кечирген пенде болгону үчүн ага көңүл кушу түшүп жаткан чыгар. Бирөөсү: «мен бойдок кезде, Сиз кайда элениз…» деп, ичинен сыздаса, экинчиси: «Кайгыга салдың агаңды, мен картайган кезде көрүнүп…» деп, көкүрөгүндө муңдуу ыйлап жатат.

Жаанда калып, үстөл алдында бүрүшүп жаткан мышык - бул аңгемедеги жалпы метафора. Ар бир пенде, мейли аялбы, же эркекпи, катардагы адамбы, же балким мартабалуу кожоюнбу, карыбы, жашпы,  айтор ким болбосун, бул «бир кем дүйнөдө» жаанда калган мышык сымал кезиктире албай жүргөн жакын  бир адамын издеп, андагы жылуу мээримге бөлөнгүсү келип, сүйүүсүн издеп, кайсы бир деңгээлде бир өксүк менен жашайт деген ойду айтуу – автордун негизги максаты.

[1] Жамгыр жаап жатат (итал.)

[2] Ооба, ооба, бийкеч. Аба-ырайы бузулду (итал.)

[3] Бир нерсеңизди унутуп калдыңыз беле, айым? (итал.)

[4] Ооба, мышык (итал.)

[5] Кире бериңиз (итал.)

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз