Мамет-нур Асан уулу: Гүл карапа

Зайырбек атындагы адабий конкурска

Чыгарманын автору Жуңго Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун Какшаал өрөөнүнөн.

1

Түнгө асман кымкаарын эгип чектүү,
Түсү аппак кымкабын берип кетчү.
Ичи ичиңде жашаган актыгыңа
Ичи күйүп ал деле эрип кетчү.

Сүйкүмдүүсүң, тунуксуң, акактайсың,
Сүйөм десем ишенбей мазактайсың.
Ишенбеген түздүгүң оошпосо,
Ич ичимен мени да тазартпайсың.

Чыны менен өзүңө ашык кылдың,
Чымын-куюн мүнөздү басыктырдың.
Чыркыратып ичимди, тышымды да,
Чындык үчүн өзүңдү жазып тындым.

Ашыктыгым жашырып, чектебедим,
Акагым-ов! үнүмдү жетсе дедим.
Азап мага тилегиң ойрон кылуу,
Азап эмес ашыгып жетпегеним.

Көрк берген кийинген дукабыңа,
Көктөм элең гүл баккан кучагыңа.
Көңүлүмдү өзүңөн бура тарттым,
Көз жиберип бактыңдын узагына.

Жетүү гана сүйүүмдүн чарасы эмес,
Жетпей калсам жүрөгүм нааразы эмес.
Желегимдей көтөргөн махабаттын
Жетүү, жетпөө акыркы маарасы эмес.

Тил тийбесин пейилиңдин актыгына.
Тилектешмин күлкүңө, шаттыгыңа.
Ый басканда карапаң көрө жүрсөм,
Ыраазымын не жазса тагдырыма.

Мүнөзүм чын — мүнөзү балакайдын,
Мүмкүн, ооба, сүйүүгө жалакаймын.
Жүзүңдөгү күлкүнү сууруп алып,
Жүрөгүмдү өзүмдүн жара сайдым.

Башка кийип мааланы очоңдогон,
Басса-турса короздой кокоңдогон,
Кокоңдогон макеңдин сүйүүсүнүн
Кожоюну сен элең оторлогон.

Күйүт менден аз калып таркаганга,
Күлкүң мени кайрадан калчаганда.
Таң атканча терметип уктата албай,
Тарап кетчү жылдыздар чарчаганда...

(2)

Жабыккансып жаз жели ыргабаса,
Жаш кезиңдей элестеп бир караса.
Теребелге чечеги жытын чачып,
Терезеңде олтурат гүл карапа.

Кызыктырып кыялды жүргөн жагы,
Кыз кезиңдин кымбаты гүлдөн жаңы.
Кылыгыңа көз тийип кетеби деп,
Кызганчуумун көктөгү күндөн дагы.

Балалыкбы? Айтор, бир күйүп-жанып,
Баары кыял сендиксиз туюкталып.
Көп дүрбөлөң салыпмын жан дүйнөмө,
Көрсө сени чын эле сүйүп калып.

Бирге ойнодук сызык тээп, жоолук салып...
Сабакты да бир жүрүп толуктадык.
Кантип анан сүйүүмдү айтар күнү
Калдың келбей мектепке ооруп калып?

Сабакташым, сен жоксуң тосор жолдон,
Сагынычым бутактап токой болгон.
Далай жолу үйүңө бардым издеп,
Дале жоксуң, жолукбай ошол бойдон...

Азыркыма таптакыр окшошбогон,
Бала сезим... Акылым токтотпогон.
Жамалыңды бир көрөр айла болбой,
Жарга матап иниңди токмоктогом.

Шишите тээп иниңди... Түздөп келип,
Шишим тошсо шурудай тизмектелип.
Апам менен урушуп кеткенсиңер,
Апаң экөөң атайлап издеп келип.

“Ой, урба!” - деп апакем суранчу миң,
Осол жагдай, ошол темп... Уланчу күн.
Апакемди жакалап кетсең дагы,
А мен сени көргөнгө кубанчумун.

Мен турмуштун тууруна конуп, учпай,
Мээнет тартып, жумушка боюм ыктай,
Калаа кезип, жака журт бойлоп кеттим,
Калдык анан биз дагы жолугушпай.

Он жыл бою арада кезикпеген,
Оокаттандым шаарда чоң кесип менен.
Көңүлүмөн узатпай жүргөм бирок,
Көрүшөрүм акыры сезип терең.

Кирпигиңе кейиштүү конуп ач кир,
Келин болуп алыскы тоолук ак бир,
Гүлдөй өңүң өңүптүр кери тартып,
Гүл баягы текчеде, соолубаптыр.

Ашык сезим мендеги болуп мазак,
Армандарым сен жайлуу толуп жатат.
Айтар элем сүйүүмдү эртели-кеч,
Аяш болгон кезиңде жолукпасак.

Туура келсе баарына көнөт деген,
Турмуш өзү сүйүүдөн бөлөк ченем.
Туйбаганда башкага кеткениңди
Туңгуюкка жолумду бөлөт белем!

Болбой оңу сен деген тилегимдин,
Болсом азыр тиреги түгөйүмдүн,
Бир сен болдуң ээлеген бүтүндүгүн,
Бир килатка калтырбай жүрөгүмдүн.

Жабыккансып жазгы жел ыргабаса,
Жаштык отуң жалындап бир караса,
Теребелдин назарын тегиз тартып,
Терезеңде олтурат гүл карапа.

(3)

Жука эрин, маржан тиш... Кытылдаган,
Жумшак тилиң сөз бербей шыпылдаган.
Ууртуңдагы меңиңдин жалгыз кылы,
Учурдагы убайды утурлаган.

Көнчөгүнөн көзөгөн киндик энең,
Күмүш сырга салыптыр илбирген.
Наристе элем сен менен жүк таш жыйган,
Наристе элең сен дагы үлбүрөгөн.

Айыл ичи андагы бабырашып,
А биз жыйган ташкалак шагыратып.
Экөбүздүн ойнубуз башка дүйнө,
Эрди-катын болушуп... Ажырашып.

Курчак бөлөп иниңдин бешигине,
Кубанычтын иш көрүп бекимине.
Ажырашып кетчүүбүз анан кайра,
Акыл бербей “эриңдин” чечимине.
Кеттик анан жолукпай оюн бойдон,
Кетсек керек ошонун кесирине.

Азыр деле арзууңмун, арманыңмын,
Айланайын ак келин айла кылгын?
Ажырашпай ойнобой бала кезде,
Аяшымдын эрине пайда кылдым.
Ойчул экен аталар билип айткан,
Оюнунан көр дешип балдарыңдын.

Тогузум тел, толумдуу бар тарабым,
Тоодо, ойдо ток басып чалкаладым.
Жумуш жасайт үйүндө камчылатпай,
Жубайым да жумшактап калкагарын.
Бирок сендик кыялдар каптаса эле,
Барталагым келет, чын! Барталагым!

Жүрө турган багытым, жолум анык,
... Жүз көрүшсөк “макул” де, жолугалык!
Баштан оюн куралы ажырашпас,
Баягыдай эр-аял болуп алып.
Бетин тытып ыйласын “киндик энең”,
Бел кудалык сыргасын коюп алып!

Бышактасам кошулуп мурду кетип,
Бакытыман бүтөлбөй турду кетик.
Ойдогу жар оюнчук бир досума,
От жамынып, баратсам муңду кечип,
Уучтап алгам бук менен, колфонума
Учур келди чочутуп “чулдук” этип.

- Азаптарга айрымдар утуласың,
Ар адамды кубаныч ныкыласын.
Бир күндөрү жетесиң тилегиңе,
Бир сүйүүгө чын болсо ыкыласың,
- Улуу тынып, өзүмө айтып алып,
Удул ачтым үнкаттын купуясын.

Жаңы учур каттарга тошкон экен,
Көңүл ач деп чакырган достор экен.
Досуң деле курусун, көңүл деле,
Тоолук биздин ак келин кошкон экен.

Кол алышкан мыйыкча жибериптир,
Колун мага акыры имериптир.
Кучактаган мыйыкча кетти менден...
Коштугуман жүрөгүм бүлөнүп тур.
Боорум менин, чырагым, амансыңбы?
Бош болгондо мыйыкча жиберип тур!...

Каным тебет тамырды дүрүктөтүп,
Кантет эми! Калбайын жүрүп кетип...
Кыбым канып жөнөткөн каттарыман
Кызыл гүлдү жумшадым туруп кетип.

Күлгөн мыйык учурду орто демеп,
(күйсөң деле бирөөнө колко керек).
“Эх!” дегиче бир далай кат жиберди,
Эчак эле даярдап койсо керек?!

Эх, жүрөгүм! Тикендер сайылгандай,
Ооруп турат, эмесмин шайыр жандай.
Электетем көз жашым, муң чайынып...
Эң кадырлуу нерсемен айыргандай.

Ошол бойдон керектир жолукпашың,
Мүмкүн да эмес өткөндү толукташың.
Тагдырыма наалыдым, тагдырыма,
Табым жоктой баарына ооруп башым.

Кечирип кой балалык махабатты,
Кейип жаздым түшүнсөң сага катты.
Ал андагы бактылуу ирмемдердин
Азабы да, күйүтү мага батты.

Кайрат берип өзүмдү камчыладым,
Карегимен жаш болуп тамчыладың.
Жакалаган турмуштун жары болуп,
Жаргылчактуу жашоодо жанчыламын.

Эрким жетбес сүйүүмө чабал болдум,
Эсимди алып учурган шамал болдуң.
Анда кайыр, досуңдун түгөйүмүн,
Аман болгун аяшым, аман болгун...
Аман болгун классташ, аман болгун!?

(4)

Бакыт издеп басса да кадамдарды,
Баары тегиз жашаган адам барбы?
Көздөгөнүм турса да алаканда
Көңүл толбой көп кезде калам жарды.

Кадимкидей болсо да каруу-күчүм,
Кадиксинүү жүрөктүн алып үшүн...
Кайрылбадым көп мезгил терезеңе,
Карапаңы бир көрүп алуу үчүн.

Кайрылбасам кайра ошол куса кылып,
Кайгылардын үстүнө тушап уруп,
Мүмкүндүгүн азайтып сабырымдын,
Мүнөзүмдү баратты жука кылып.

Кайрымы бар колумдун жеңин кесип,
Кайран ырлар күйүттүн теңин жешип...
Касиетин кыскартты эрендигим,
Кадимки эле баладай жеңилдешип.

Сен жөнүндө ырымды дайым искеп,
Сенден гана табылчу багым издеп,
Турчу болдум урушуп жубайыма
Туура кылган жеринен айып издеп.

Ак келин деп ар күнү ыр чыгарып,
Аял түгүл айылдын тынчын алып,
Турмушума дүрбөлөң салып жүрдүм,
Туула элек тукумдан кыр чыгарып.

Топ айларды узатып асманыман,
Тогуз жолу сөгүлүп астарыман.
Корой түштү чогунун табы жанып,
Коломтомдун оту да ак жарыган.

Түбү өзүң сезилип жыргалымдын,
Дүйнөм менен бүт сага ыйгарылдым.
Гүлүн албай мен калдым сыйларыңдын,
Үнүн укпай сен жүрдүң ыйларымдын.

Ичим сактап ичиме калкаладым,
Имерилдим, билбедиң... Байкабадың.
Илик албай өзүмдү өзүм жүрүп,
Ич-ичимен акыры барталадым.

Ири сүйүү өзүмөн ары калып,
Ийреңдеген максатты багып алып,
Итке минген тилекти өңөрүнүп,
Издеп сени келатты бөбөк үмүт.

Бир заматта кубулуп жиндилердей,
Бороон салып табият күндү бербей...
Куюн уюп, көзүмө куйду топо,
Кулап сынып үйлөрдөн турду чопо...

Өңүп жаткан айылдын келбетине,
Өңөрүшкөн булуттар түсү белен.
Ушалады көз жашын жер бетине
Удургуган шамалдын күчү менен.

Кордук менен кооз үмүт теңешеби?
Койсоң боло табият келекеңи!
Карапага бир тийип кетсе боло,
Кайын энең жабам деп терезени.

Калдаң денем казыктай катып калды,
Кайран ченем... Карапа басып жанды...
Чак түштө эле чакырып келип мени,
“Чак” деди да чагылып жатып калды...

“Чак” деген үн жаңырып карападан,
Чачылды анан чечеги жаракадан.
Безген өңдүү эх, кайран! Береседен
Айрылгандай бир жолу аласадан...

Турат дүлөй кулагым, турат дене...
Турса жаппай терезе... Сынат беле!
Алак-жулак жабылган терезеңер,
Апаң менин сүйүүмдү урат беле!

Кыска беле сүйүүмдүн аттиң, багы!
Кырсыкты көр каректин астындагы.
Күлүп... Ыйлап... Үйүмө оор бараттым,
Гүл сабагын койнума каттым дагы.

2021-жыл. Бугу. Улучат

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз