ЖУСУБАЛИЕВ Кубат: КУБАТБЕК ЖУСУБАЛИЕВ: КАР

АҢГЕМЕ

Булуттай чак-челекей түштүм. Бийик, бийик асманда шамал тыткан булуттай чак-челекей түштүм. Көз алдыма түрмөдө уу ичип өлөр алдында ушинтип айтып турган Сократ, кумурсканын уюгундай байыркы Афина, ачык сот, Анит, Мелет, Ликон («эл бузар, журт бузар, жаштардын бузукусу» дешип, Сократты карматышкан, каралашкан афиналык акындар), күндүзү чырак менен киши издеп жүргөн Диоген эмес, уюткудай күн тийген туңгуч жаз, каргалардын погу жыттанган Пишпек шаары, ант ичкендей арык кылычтай жүзүнүн оң жагына күн түшүп, сол жагына түн түшүп, Анит, Ликон, Мелеттерди иттен алып, итке салып, чыккан жерлерине кайра киргизип коюп карап турганыбызда, кокусунан алдыбыздан оро-пара чыга калышса, «о, жакшысызбы, Анике!» деп, «о, Мелике! Сиз улуу акынсыз! Сиз улуу сынчысыз! Эсен болуңуз! Афинадан качан келдиңиз? Жакшы барып келдиңизби?» деп, «о, айланайын Лике! Садага болоюн, Лике! Өпкөмү чабайын, Лике! Сиз улуу кишисиз! Чөнтөгүңүзде элүү тыйыныңыз барбы? Мага аябай керек эле! Он тыйын? О, кагылайын он тыйын! Атыңдан айланайын он тыйын! Боло берет!» (о, кембагал Жоке! О, ак жүрөк, апенди Жоке!) дегендерин угуп, жыгылса кошо жыгылып, турса кошо туруп, күлсө кошо күлүп, Сократ жөнүндө, Сократтын өлүмү жөнүндө поэма жазганын, же жазам деп жүргөнүн эсимди алган кудай эсимде жок, жадымды алган кудай жадымда жок!) кыйкырып, каткырып айтканын угуп, кайнаган элди, жайнаган көлөкөлөрдү тыңшап, ачык терезелерден Высоцкийдин гарылдаганын, зирилдегенин, чымчыктардын чуркурашканын, пырпырашканын кошо угуп, кошо тыңшап, он беш, жыйырма жыл мурун, чагылгандай чартылдаган, чакчыгайдай чакылдаган жаш жигит маалында, улуу шамалга бир жата калып, бир тура калып гүүлдөгөн, шуулдаган, дуулдаган дарактай гүүлдөп, шуулдап, дуулдап жүрүп кыргызчага которгон «Мартин Идендин» саргарган кол жазмасын колтуктап, Кыргызмамбаска алып баратканын, же Кыргызмамбаска берип келатканы, о, мампайган көөмүш уйдай болгон атыңдан айланайын (эсими алган кудай эсимде жок, жадымды алган кудай жадымда жок!), кээде басып бараткан, жүрүп бараткан, күлүп бараткан, көктү тиреп, жазды күткөн жылаңач жыгачтай дирилдеп, кээде шыбырабай, кыбырабай, тыбырабай чыркырашкан, пырпырашкан чымчыктары көрүнбөй жалбырактары былк, бүлк-бүлк этип тыптынч турган дарактай унчукпай, машинага жык толгон көчөлөрдүн ичинен шарт этип, жарк этип бир көрүнгөн, эрте менен сол жагына күн тийип, оң жагына түн түшкөн, кечкурун оң жагына күн тийип, сол жагына түн түшкөн Ала-Тоонун чокуларына карап коюп, кайнаган адамдар менен жайнаган көлөкөлөрдүн арасында бараткан, Орфей, Гомер, Шекспир, Гораций, Кольридж, Рильке, Руми, Рамис, Жеңижок, Рембо сыңары эле сөздүн кулу, ырдын кулу, сөз жиндиси, ыр жиндиси, ыр паашасы, сөз паашасы — акын Жокем, жаркын Жокем, карып Жокем, кембагал Жокем — көз алдыма келди. Анан деңизге тумчуккан Шелли сыңары өлөрүнөн үч күн мурун, кышында бир көрдүм.

Мен редактор. Ал корректор. Мен да штаттан тышкаркы. Ал да штаттан тышкары. Бирибиз «Кыргызстан эфирде» дейбиз. Бирибиз «Кыргызтелефильм» дейбиз… Экөөбүз дагы жолугушуп калдык. Экөөбүз бир жерде иштейбиз. Биз менен Манас, Семетей, Сейтек, Кошой, Коңурбай, Толтой, Бакай, Бокмурун, Көкөтөй, Алманбет, Сыргак, Чубак, Күлчоро, Айчүрөк, Каныкей, Гүлмиралар кошо иштешет. Баарыбыз жазабыз. Кыргызга кыйын. Күнү өкүмөткө жазабыз. Түнү катыныбызга жазабыз. Мен бир ажайып бөлмөдө отурам. Бешинчи кабатта. Баарыбыз киребиз. Биз отурган чоң бөлмөгө киребиз. Эң төрүндө бир эшик бар. Жабык. Дайыма жабылуу турат. Залга кирет. Чоң зал бар. Залда дайыма чогулуш болот. Угулуп турат. Оң жакта бир эшик бар. Начальник отурат.

Энесинин этегин кармашкан балдардай алдында биз отурабыз. Тоо тарабы айнек. Айнектен тоо көрүнөт, туман баскан тоо көрүнөт. Бул айнекти ушинтип жапандарча, кытайларча атап койгом. Жыйырма жыл ушерде отурам. Туман баскан тоодон башка көрбөйм. Башка көрбөсөм. Айтам да. Атайм да. Дагы тамбашы көрүнөт. Тамбашыда жалгыз терек өсөт. «Здравствуй, младое незнакомое племя!» деп калам… Чоңойгонубузда эмне болобуз? Билбейм. Тамырыбызды кайда жаябыз? Билбейм. Тамбашыны талкалап, жерге кирип кетебизби? Билбейм. Тамырыбызды асманга жаябызбы? Билбейм. Бир гана ушуну билдим. Муну шамал кылды. Муну шамал экти. Жазында теректердин уруктары учушат. Теректин уругу ийненин көзүндөй кичине, кызгылтым. Сүйрү. Ар биринин парашюту бар. Чоң. Аппак. Үлпүлдөгөн назик. Шамал менен саякат кылышат.

Бу бечаралардын үлбүрөп, шөлбүрөп жамгырда калгандарын айт… Мындай улуу, мындай тынч, мындай аянычтуу, мындай кубанычтуу саякатты, саякатчыларды көрбөдүм. Бир гана ушуну билдим… Тоолорду туман басып жатты. Кар жаап атат. Кар баскан тамбашыны карап, жалгыз теректи карап, төрдөгү жабык эшиктен чогулушту тыңшап, дуулдашып, шатыратып кол чапкандарын угуп, эмнегедир Генри Джеймстин «Только бы связать! Только бы связать!» деген жалынып, жалбарып, тиленип, сыйынып, эки колун жакасына алып, асманга карап айткандай сөздөрүн эстеп, бул сөздөрдө жазуучунун көз жашы, арманы, азабы бар экендигин ойлоп, асмандан покко түшсө пок болуп, чокко түшсө чок болуп, өлүп-тирилип, өлүп-тирилип жааган карга карап отуруп, шатыраган кол чабуулардын астында түзгө түшсөм, түздө туруптур. Тепкичтердин так түбүндө туруптур. Өлүмдү күткөндөй күтүп туруптур. Эки кембагалдын башы бир казанга кайнабайт. Бирге баскым келген жок. Башка чапкандай кайра тарттым.

«Бир нерсени унутуп калыптырмын» дедим. Калп айттым. Мен келгенче кетип калар деп ойлодум. Кайра келсем, жылбаптыр. Мени күтүп туруптур. Уялып кеттим. «Тышка бирге чыгалы» деди. «Кар жаап атат» деди. Кошо чыктык. Кар жаап атыптыр. Туман түшүп туруптур. Үйлөрдүн башы туманга тийип турат. Кирип турат. Чексиз бийик аскалар болуп турушат. Кожожаш болуп экөөбүз турабыз. Башында Сталиндикиндей тумагы бар. Жылдызы эле жок. Колунда кармаган кызыл тору бар. Түбүндө торго илешкен чөп-чардай кагазга оролгон муштумдай эти бар. Кабырга окшойт. Арык окшойт. Башы кашкайып чыгып турат. «Мартин Иден» Кыргызмамбастан (о, мампайган көөмүш уйдай болгон атыңдан айланайын!) чыгып жатканын айтып, пулун алса, бир сыйра, эки сыйра кийинерин айтып, акын киши жакшы кийинип жүрүш керек деп, «жердин көркү топурак» деп, «сокур катыныма бербейм» десе, мен «туура» деп, «бербе» деп отуруп, экөөбүз, кардын алдында, Октябрь кинотеатрынын жанындагы «Чынар» кафесине кирдик…

Оозу шок жаным, «Сен мен жөнүндө роман жаз. Бул сенин гана колуңдан келет. Мен айтып берейин. Качан жолугушалы? Каерден жолугушалы?» дей бергенинен, «өлгөнүңдөн кийин жазам, Жоке» деп коемунбу! «Тайдым» дейм. Болбойт. «Жаздым» дейм. Болбойт. «Кечир, байкеси» дейм… Бирөөгө жакшы айтпаган, жаман айтпаган, соорото албаган жаным. Таалайбек жаны жок айткандай, кара башым, как чокуман башкага пайдасы жок жаным, «кечир, Жоке» дейм… Болбойт. «Ушинтип айтпасаң болот эле» дейт. «Сен ушинтип айтпасаң болот эле» дейт. «Жакшы адамдын оозунан мындай сөз чыкпайт» дейт. Туура, Жоке. Мен ушинтип айтпасам болот эле. Бирок дале ушинтип айтып коюп жашап жүрөм.

Адам боло элекмин. «Ушул адам дейсиңби» деп Камил деген досум айтты. «Адам эмес экенсиз» деп Таалайбек жаны жок айтты. «Адам болуу кандай кыйын!» дегенди угуп, көздөрүмөн жаш ордуна кан акты. Бул сөз Будда пайгамбардыкы экен. Өзү пайгамбар болсо, анан ушинтип улутунса, анан ушинтип муңканса, а мен бечаранын күнү эмне болот? А мендей кембагалдын түнү эмне болот деп көздөрүмөн жаш ордуна кан агат. Бир асманга чыгам. Бир жерге түшөм… «Тамаша» дейм. «Жакшы адам болбой өлөйүн» дейм… Оозу шок жаным, «Сен мен жөнүндө роман жаз. Бул сенин гана колуңдан келет. Мен айтып берейин. Качан жолугушалы? Каерден жолугушалы?» дей бергенинен, «өлгөндөн кийин жазам, Жоке» деп коермунбу!

Бир ыстыкан кызыл винону шимиргенден кийин да түнөргөнүнөн жазылган жок. Чилденин ширин суусун шимирген арык уйдай шимирди. Жазылган жок. Октон жаңылган турат, ооздон жаңылган турбайт. Кошомат кыла баштадым. «Менин бир сомума вино алдырып ичесиң. Өзүң эт сатып алыпсың» дедим. «Бала-чака бар, Куке» деди. «Сокур катыным бар» деди. «Минтип барбасам, окураңдап үйгө киргизбейт, Куке» деди. Кар жаап жатты. (Только бы связать! Только бы связать…).

Калык Акиев көчөсүндөгү, бурчтагы китепканага кирип, китептин көбүнөн көңүлүбүз ирип, кайра чыктык. Жазылган жок. Көчө бойлоп келип, төбөсүндө каргалар кужураган кара жыгачтын түбүнө турдук. Автобус күттүк. Төбөсүндө каргалар кужурашат. Түбүндө экөөбүз кожурайбыз. Мурун байкабаптырмын. Шишип турат. Оң кашыбы? Сол кашыбы? Азыр эсимде жок. Нукуп алгандай, чукуп алгандай жарасы бар экен. «Эмне болгон?» дедим. «Сокур катыным урду» деди. «Эмне менен?». «Бут тазалагыч (щетка) менен» деди. Башка сүйлөшкөнүбүз жок. Автобустун ичи тыгылыш экен.

Калган-каткан тыйынымды берип кала бердим. Кантип түшкөнүн көрбөй калдым. «Соң-Көл» кафесине түшүп калды. Мен автобуста кеттим… «САПАР КАРЫДЫ. Силер калгыла. Мен кеттим. Калган жакшыбы? Кеткен жакшыбы? Ким билет…» Бул Сократтын уу ичип өлөр алдында айткан сөздөрү экен. Булуттай чак-челекей түшүргөн сөздөр ушулар эле. Мен бийик, бийик асманда шамал тыткан булуттай чак-челекей түштүм…

15-июнь, 1989-жыл

Алым ТОКТОМУШЕВ: Жоробек