КАДЫРМАНБЕТОВА Айнура: АЙНУРА КАДЫРМАНБЕТОВА: «ДОБУЛБАС ҮНҮ ӨЧКӨНДӨ…»

(Ч. Айтматовдун согуш темасына карата этико-эстетикалык концепциясы)

Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы басымдуу орун ээлеген тематикалык багыттардын бири – бул согуш темасы. Бул тема жазуучунун «Газетчик Дзюйо», «Ашым» аттуу алгачкы үйрөнчүк аңгемелеринен тартып, эң соңку «Тоолор кулаганда» романына чейин улам тереңдетилип, улам татаалданып, ырааттуу эволюциялык идеялык-көркөмдүк өсүштө өнүктүрүлүп жүрүп отургандыгын көрүүгө болот. Эгерде, согуш темасынын улуттук адабиятыбыздагы көркөм иштелишинин бийиктигин аныктоо зарылдыгы келип чыккан болсо, сөзсүз ал бийиктикти аныктоочу белги катары Ч.Айтматовдун чыгармалары аталары белгилүү иш.

Дүйнөлүк адабиятта, искусстводо согуш темасына байланыштуу бир топ мыкты шедевр чыгармалар бар. Элдик оозеки чыгармачылыктагы баатырдык эпос, көлөмдүү эпикалык дастандардын дээрлик бардыгы да ушул теманын айланасында жаралган эмеспи. Ал эми улуттук профессионалдык жазма адабиятыбыздагы ушул тематикадагы поэзия, проза, драмалык чыгармаларга бир сыйра үстүрт көз жүгүртүп өтө турган болсок, анда да көркөмдүк деңгээли жогору бир топ эле адабий үлгүлөрдүн бар экендигине күбө болобуз. Фронтовик акындар М.Элебаев, Ж.Турусбеков, Т.үмөталиев, С.Эралиев, С.Жусуевдин ыр поэмалары, фронтовик жазуучу У. Абдукаимовдун «Майданы», алардын замандаштарынын жана согуштун каарын көргөн кийинки муундагы калемгерлердин толуп жаткан чыгармалары.

Аларда согуш ар түрдүү өңүттөн каралды – патриоттук-агитациялык, героикалык пландагы чыгармалардан тартып согуштун адамдардын турмуш-тагдырына, мүнөзүнө тийгизген ар кандай таасирлерин психологиялык өңүттөн көркөм иликтөөгө алган чыгармаларга чейин бар. Анткен менен ошол узун тизмектеги чыгармалардын катарынан теманын ачылыш деңгээли, проблемага карата өзгөчө концептуалдык мамилеси боюнча айтматовдук чыгармалар өзгөчөлөнүп бөлүнүп тургандыгын байкоого болот.

Алгач сөздү жазуучунун биринчи повести «Бетме-беттен» баштайлы. Ооба, Айтматов ушул алгачкы повестинде эле советтик адабиятта биринчилерден болуп согуш качкыны жөнүндө, башкача айтканда дезертирлик темасына кайрылды. Дүйнөнү фашизмдин кулчулугунан куткарган өлкө катары Совет өлкөсүнүн аброю артып турган ошол даңазалуу мезгил (согуштан кийинки 45–60-жылдар) үчүн, дегеле советтик-коммунисттик идеология көркөм чыгармалардан коллективизм идеясынын, коммунисттик духтун чагылуусун талап кылган мезгил үчүн согуш качкынын тагдыры жөнүндө чыгарма жазыш таптакыр күтүүсүздүк болгону чындык.

Бирок албетте, повесть аркылуу биз сөз кылмакчы болуп жаткан жазуучунун өзгөчөлүктүүлүгү жөнүндөгү кептин негизи мында, чыгарманын тематикалык-проблемалык жаңы багытында эле эмес. Жаңы теманы да мурдагы тапталган жол менен, көнүмүш ыкка салып чагылдырса болот жана боло келген. Жазуучунун өзгөчөлүгү – өзү менен замандаш акын, жазуучулар көп кайрылган согуш темасын, андагы проблематикалык жаңы багыттарды башкаларга көп окшобогон, өзгөчө идеялык-эстетикалык концепцияда ачып бергендигинде.

20–50-жылдары, андан кийин да советтик адабиятта турмушту, каармандарды карама-каршы талаптуу эки позицияга ачык, так бөлүп сүрөттөө принциби орун алып жана ал принцип боюнча акын, жазуучу, сүрөткердин саясый, таптык позициясы чыгармадан ачык, так көрүнүп турушу зарыл деп эсептелип келгендиги белгилүү. Бул принцип боюнча (ошондой эле формалдык логиканын закону боюнча да) согуш качкыны терс каарман, демек чыгармадагы жазуучунун милдети да, максаты да ал каармандын жек көрүндү образын жаратыш керек, анын «жазасын бериш» керек, аны окуган окурмандын да ага карата жек көрүү сезими ойгонуп, терс каарман жазаланып, адилеттүүлүк орун алгандыгына ыраазы болуп, табасы канышы керек.

Бирок «Бетме-бетти», Ысмайылдын тагдырын окуп жаткан учурубузда, окуп бүткөндөн кийин деле бизде эмнегедир, мындагы терс каармандын качкындыгына карата бир жактуу жек көрүү (чечкиндүү, «бекем ишенимдүү» (убежденная) жек көрүү деп койсок да болот), күрөшчүл сезим туулбайт (уурулукка барганын күнөөлөп, кечирбей турганыбызга карабастан).

Жайчылык турмушта эч кимге залакасы жок, адал эмгеги менен күн көрүп, келечекке карата үмүт тилеги – энесинин алдында балалык парзын өтөп, ата салтын улап аркасына тукум калтырып бала-чакалуу болуу, үй-бүлөлүк бакыт жөнүндө гана болуп, андан артык дөөлөттү деле көксөбөгөн адамдын, башкача айтканда Ысмайылдын жай турмушу капыстан бузулду.

Анын жеке турмушуна сырткы, күтүлбөгөн коомдук окуялар суроо-сопкутсуз киришип, оорулуу карыган энеңди ташта, жаңы баш кошкон сүйүктүү жарыңды ташта, жаңы салынып, көп жумушу бүтө элек тамыңды ташта, төрөлө элек тун балаңды ташта, чакырып чайлашууга үлгүрө элек кайын журтуңду ташта, сүйгөн дыйканчылык ишиңди ташта да, колуңа курал алып, ата-бабаң тааныбаган жерге душман менен согушууга жөнө, ажалың болсо өлөөрсүң, аман калсаң кайрылып кайра келээрсиң деди. Ысмайыл буга макул болгусу келген жок, өлгүсү келген жок, качкынга айланды. өз башынын амандыгын алакчылайм деп качкындыктын ит көрбөгөн азабын көрдү, жакындарын азапка салды. Турмушка болгон сүйүүсү, адамдык ар намысы уучтан сарыгып түгөнгөн  суудай күндөн күнгө кемип жок болуп баратты. Согуштан башын калкалап жүргөн Ысмайылдын кышкы чилдеде суук үңкүрдө, кезээрип ачка болуп көргөн азап-тозогун, үй-бүлөсүнө салган түйшүгүн (биринчи иретте моралдык-психологиялык түйшүгүн) абдан таасирлүү баяндаган реалдуу-элестүү эпизоддорду окуп отуруп, окурман Ысмайылдын коомдук парздан баш тарткан өзүмчүлдүгүн жек көрүүдөн мурда, биринчи планда, адамдардын жай турмушунун табигый агымын бузуп, жашоосуна бүлүк салган согушту жек көрөт; согушу жок бейпил турмуштун баасын түшүнөт; жан алгыч согуштун фонунда өмүрдүн баркын (болгондо да дезертирдин мисалында) түшүнөт; согуш бир башталса, повестте сүрөттөлгөн табийгаттын катаал көрүнүштөрү – кышкы чыкыроон суук, буюккан бороон, борошо, тоо-тоолордун башына салаңдаган киргил туман, асмандын бетин чылк каптаган киргил булуттар, кайыктырган караңгы түндөр сыяктуу өбөктөгөн карыдан бешиктеги балага чейин (повесттеги Ысмайылдын энеси, баласы, Байдаалынын кат күткөн, ач-жылаңач балдары) текши камтып, кыйноого салаары, мындай алааматтан жеке башын корголотуп, качып кутулуу дегеле мүмкүн эместигин түшүнөт.

Анан ушулардан кийин барып Ысмайылдын, Сейденин кимдиги таанылат. Башкача айтканда, бул чыгармада биринчилик орунда көркөм иликтөөгө алынган негизги объект – СОГУШ. Автор согуш аркылуу АДАМдарды эмес, а адам аркылуу СОГУШ эмне экендигин тааныгысы жана тааныткысы келет… Натыйжада, автор зор чеберчилик менен согуштун жексур образын, жексур портретин тартууга жетишкен.

Согуш – бул үмүт-тилектердин (жалпынын ичинде Ысмайылдын да) таш-талканын чыгарар каргашалуу күч; согуш – бул жаш баланын буламык азыгына (повестте Ысмайылдын баласынын, Байдаалынын балдарынын) чейин кол салган сук көздүү кайрымсыздык; согуш – бул бактылуу карылыктын кутун качырган таш боорлук; согуш – бул бекзат энелердин баласынын өмүрү үчүн санаасын санга бөлгөн сары убайым; согуш – бул атасынан кат күткөн балдардын көздөрүндөгү кусалуу сагыныч; согуш – бул мойну ичкерип, өңүнөн азган Асантайдай борбойгон балдардын  балдардыкына  окшобогон  үшкүрүгү; согуш – бул «күндүн көзүн көргөзбөй асмандын бетин чылк каптаган киргил булут» жана башка толуп жаткан ушул сыяктуу кайгылуу, каргашалуу, жагымсыз көрүнүштөр. Согушка жана согуш отун тутандыруучуларга наалат, наалат жана миң ирет наалат…

«Согуш аркалуу адамдарды эмес, а адамдар аркалуу согуш эмне экендигин таануу» жөнүндөгү оюбузга түшүндүрмө бере кетели: Албетте, бул эки нерсе (согуш жана адам) чыгармаларда бири экинчиси менен тыгыз байланышта каралат, бирисиз экинчиси жок, бирок алардын объектилик биринчи ордун аныктоо – «Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт» деген математикалык кошуу (гана!) ыкмасына таандык эрежеге сыйбайт. Турмуштун философиялык логикасы кыйла татаал жана натыйжалары (суммасы) кыйла айырмалуу. Маселен, таланттуу жазуучуларыбыздын бири У.Абдукаимовдун «Майдан» деген аталыштагы көлөмдүү романы бар, анда оюбуздун биринчи бөлүгүндө айтылгандай согуш аркалуу адам таануу иш жүзүнө ашырылган. Согуш анда башкы, негизги объект эмес, а адамтаануудагы бир фон катары кызмат аткарат. Романда: «Көбүбүз бул согушту түшүнбөйбүз. Союл менен салгылашып тарап кетчүдөй көрөбүз. Душман Москваны  бет алып, жакындап келатат. Алыспыз деп ойлобогула. Душман биздин, Совет өкмөтүнүн, кыргыздын босогосуна кирип келди. Эми босогодон аттап өтүп, алкымыңдан алганы турат» (Жаманкулдун сөзүнөн) деген сыяктуу ойлор, тылдагы, фронттогу турмуш, окуялар сүрөттөлгөнү менен, жыйынтыгында, баары бир эле согуш романда объектилик орунда эмес, фондук милдетти аркалап тургандыгы көрүнөт; бул өзгөчө аны «Бетме-бетке» салыштыра келгенде ачыгыраак сезилет. Албетте, «Майдан» кыргыз романистикасындагы мыкты роман, анын көркөмдүк бийик наркы, эгер, адабиятчы К.Асаналиевдин сөзү менен айтсак, төмөндөгүлөр менен аныкталмакчы: «Романдын көркөмдүк сыйымдуулугу согуш чындыгын ар тараптан толук жана кеңири сүрөттөөгө байланыштуу. Автор жеке турмушунда «жолу болбогон» Качикенин тагдырын гана сүрөттөп чектелбестен, адамдык жеке талантына караганда анын коомдук таалайы алда канча бийик, жогору экенин көрсөтөт. Ушундан улам Качикенин образы романдын финалында Мекендин алдында өзүнүн бүткүл жоопкерчилигин сезген советтик жоокердин типтүү образы болуп чыга келет. «Майдан» романынын сюжеттик өнүгүшүндө Кыдырбек менен Берметтин, Апсамат менен Мырзабектин, Саадат менен Чынаркандын образдары орчундуу мааниге ээ. Бул образдарды ачууда автор иликтөө пафосун көбүнчө адамдын ички ой толгонууларына, турмуштук кыжаалаттарына көңүл бурат.»1

«Бетме-бетти» окуу процессинде чыгарманын конкреттүү каарманын, Ысмайылды жек көрүүдөн мурда, ал күтүүсүз кабылган согушту жек көрө баштаганыбыздын себеби,  көрсө, Айтматовдо согуш проблемасы каршылашкандардын бир тарабынын атынан же кайсы бир каармандардын, кайсы бир окуянын чектелүү алкагынан эмес, кандайдыр бир чексиз, терең, өтө жалпы чен өлчөмдөн, жалпы адамзаттык диалектикалык-философиялык масштабдан кароолго алынып жаткандыгында экен.

Ырас, «Бетме-бет» согуш жөнүндөгү философиялык трактат эмес. Анда терең философиялык проблема (согуш) адабий көркөмдүк ченемдердин чегинде гана интерпретацияланат.

Согуштун кыйраткыч, бузгуч табиятын ачып берүү менен Ч. Айтматов повестинде өзүнүн атуулдук парзынан баш тарткан качкын каарманды актайын деген ниети жок. Кайра куруудан кийин автор повестке кайрадан кайрылып, айрым бир толуктоолорду киргизген. Анда Ысмайылдын, эненин образдары бир аз тереңдетилип, алардагы адамдык сапаттардын ачыгыраак айкындалышына мүмкүндүк түзүлгөн. Маселен алардын бири: «өзү да бир мүнөз, унчукпаган неме, эркектер ошондой, оюндагысын оңой менен сыртка чыгара бербейт эмеспи, бая күнү мага чечилип сүйлөп берип атпайбы. Мен муну сага айта элекмин. Талаа менен келатып эстей калдым дейт, трактор менен эң биринчи так ошол жерди айдаган болчумун дейт. Айдап атам дейт, айдап атам дейт, көңүлүм бир толкуйт дейт, өмүр бою эле ушинтип жер айдап, дан сээп жүрсөм деп тилек кылып коём дейт. Эми так ошол талаадан бүжүрөгөн чычкан болуп, үстүнөн кулаалы, же капталдан түлкү баса калчудай элеңдеп корккон чычкан болуп өтпөдүмбү дейт.»2 (Сейде кайненесине айтып жатат).

Дегеле бала эне үчүн өз жанынан да кымбат көргөн, аялуу жакыны го. Ал эми Бексаат келини Сейде менен бир кобурунда балдары токтобой чарчай берип, акыры ырым кылып жер которуп, кудайдан тиленип жүрүп Ысмайылын «токтотуп» калганын айтып берет. Же болбосо Ысмайыл Чаткалды ашып, эркиндикке жетүү кыялына чалкып отуруп ымыркай уулуна: «Тай үйрөтүп берем, минип алып кырды кырдай чабасың. Кокуй эле кокуй! деп артыңдан апаңдар эси чыгып кыйкырар дейм ыя!» – дейт.

Чыгарманын финалын мурдагыдай калтыргандан кийин, каарманынын тагдырына «өкүмүн» өзгөртпөгөндөн кийин мындай толуктоолордун кереги бар беле деген суроо туулат. Кереги бар эле. Ал чыгарманын трагедиялык доошун күчөтүш үчүн, өзүн коомдон четтетип, анын талабына моюн сунбаган адамдын ал мурда ким болгондугуна, кандай өзгөчө себеп-шарты бар экенине карабастан тагдыры трагедиялуу болорун көрсөтүш үчүн зарыл болгон. Бул кошумча тарамдагы жогорудагыдай оң мүнөздөгү толуктоолор ошондой эле, Ысмайылдын жакындан көрүп билип туруп эле энесинин өлүм алдындагы акыркы сөзүн угуп, өз колу менен узатуу, топурак салуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калгандыгы – каармандын трагедиялуу тагдырынын таасирлүү далили катары сүрөттөлөт.

«Энеден айрылуу эпизоду – Ысмайылдын адамдык сезимин тереңдерден ойготуунун, турмуш жолундагы жаза баскан кадамын түшүнүүнүн жолу сыяктуу…

«Бетме-бет» повестиндеги кошумчалар татаал психологиялык жана курч драмалык окуялар, образдар системасындагы өзгөрүштөр, пейзаждык сүрөттөмөлөр, ж.б. повесттин идеялык-көркөмдүк деңгээлин жогору көтөрүп турат. Баарынан да Айтматов проблеманы жаңыча коюп, аны жаңыча көз караш менен чечет. Жазуучунун кызыкканы дегеле Ысмайылдын  качкындык окуясында  эмес, согуш  жана тынчтык темасынан адептик маселени сууруп чыгуу болуп саналат. Согуштан бирөө бирөөнү өлтүрбөө идеясы менен жашаганы үчүн качат, экинчиси өз жанынан коркуп качат, үчүнчүсү эркиндикти каалап, өкмөттүк буйрукка баш ийбей качат. Азыркы көз караш менен алганда Ысмайылдын образын мурдагыдай алкакка салып кароого болбой калды. Албетте, Ысмайылды автор бүт жагынан оң каарманга айландырып салган жок. Белгилүү даражада өз ата-журтунун алдында күнөөсү бар каарман. Анын карама-каршылыктуу мүнөздөрү жеке адам баласынын ички дүйнөсү менен эсептешүү да керек экендигин билдирет,3 – дейт белгилүү айтматовтаануучу А. Акматалиев кошумча тарамга өз пикирин билдирип жатып.

Ооба, Ысмайыл, канчалык актоого аракет кылбайлык, коом алдындагы өз парзын аткарбагандыгы, мамлекеттик мыйзамга баш ийбегендиги үчүн сөзсүз жазаланууга, жооп берүүгө тийиш. Ал закон алдында жооп берүүдөн качып жүргөн менен, өзүн элден бөлгөндүгү, өз жанын башкалардан артык койгондугу үчүн качкындыкка бут койгон биринчи кадам, биринчи минутадан баштап эле эч кандай сот, прокурорсуз эле «жазалануу мөөнөтүн өтөй баштаган», Абийир, Адилеттиктин улук атынан жазаланган адам. Ал бул жазасын, элден чыгуу жазасын, согушка кеткен жакындарын узаткан айылдаштарынын алдында «бети күйгөндүк» жазасын кааласа, каалабаса да аткарууга аргасыз.

Ысмайыл ушундай трагедиялуу тагдырлуу образ. Ал жөнүндө бир беткей каралоочу пикир айтуу да кыйын. Себеби, ал согуштан атайылап мыйзамга каршы турайын деп, Тотойдун уюн уурдайын деп, Мырзакулду атайын деп, мен үчүн башка бирөө өлсүн деп качкан эмес эле го… Ал согуштан өлгүсү келбегендиги үчүн качты эле го… Согушта өлбөсүнө көзү жетсе, кыйынчылыктан качпайт эле го. Аны ушул күнөөлөргө тилегиң каткан кара ниет согуш кириптер кылды го. Согуш болбосо Ысмайыл эмгеги менен элин баккан барктуу азаматтардын бири болот эле го.

Сюжеттик чечилиште да айтматовдук оригиналдуулук (башталма), көп катмарлуу тереңдик, идеялык-эстетикалык темирдей логикалуулук сезилип турат. Ооба, Ысмайыл акыры колго түштү, жазасын алды. Сейденин ага деген сезимин, ишенимин жоготуу, анын боордоштук, тилектештик таянычынан айрылуу – Ысмайылдын башкы жазасы. Анын жазасын берүү жөнүндөгү «чечимди чыгарган» да Сейде. Бирок кайсы күнөөсү (тактап айтканда) үчүн?..

– Уурулугу үчүн, Байдаалынын жетим калган чиедей төрт баласын ырыскысына кол салгандыгы үчүн.

– Согуштан башын калкалап качып жүргөндүгү үчүн эмес!

Сюжеттик конфликт башкача чечилиши да мүмкүн эле. Болжолдуу: 1) энеси өлгөндөн кийин кайгы, ыза, кордук, намыс, айласыздыктан улам Ысмайыл өзүн өзү атып өлмөк (бул жөнүндө каарман энесине казылып жаткан мүрзөнү көргөнү барганда ушинтип ойлогон учуру бар); 2) Тотойдун уюн башкалар уурдап, ууруну издегендер Ысмайылды таап алып колго түшмөк; 3) суук үңкүрдө жатып оорудан каза тапмак; балким, дагы башкача… Согуш тез аяктап, элдин турмушу оңолуп, аман калган күндө да Ысмайыл кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болуп, өзүнүн ар-намысы калбаса, бала-бакырасын намыска калтырар өкүнүчтүн болору турган иш эле. «Эл ичи базар, элден чыккан азаар» деген макал да нечен кылымдык турмуштук тажрыйбалардан улам топтолгон элдик акылмандыктын уютулган салмактуу бир тамчысы го. Ошол сыңары Ысмайыл сыяктуу элден бөлүнгөндөрдүн тагдыры акыр түбү жакшылык менен бүтпөйт. Бирок кандай болгон күндө дагы, мыйзамдуу болгондугуна карабастан, башка эч кандай күнөөсү жок, акылы, уяты, өздүк абийир соту бар адамды согуштан, өлүмдөн жана адам өлтүрүүдөн качкандыгы үчүн атайын коомдук жазага тартуу, биринчи иретте, «күнөөкөрдүн» өзү үчүн таасирлүүлүк натыйжасы жок адилетсиздик катары бааланаарын билген жана каармандын өз күнөөсүн мойнуна алуусу, өкүнүүсү – чыгарманын идеялык жыйынтыгы үчүн маанилүү деп сезген жазуучу «атайылап» каарманын кошумча кылмышка алып барып жатат. Анын үстүнө мындай финал Сейденин образын толук, ар тараптуу ачууга, аны менен катар согуштун миң түрлүү азабын тарткан карапайым патриот аялдын монументалдуу образын түзүүгө мүмкүндүк түзүп турат.

Согушуп жүргөн, согуштан кайткан жоокер согуштан кийинки 50–60-жылдардын адабиятындагы эң бир романтизацияланган, жылдыздуу (тар, кең, өтмө маанилердин баарында) каармандардан эле. Маселен, Т. үмөталиевдин Кубат Жуматаев же К.Баялиновдун «Бакыт» повестиндеги Жапардын ж.б. образдарын алып көрөлүчү. Баатыр, эр жүрөк, тайманбас, акылдуу, патриот, эч кемчилиги жок. Үлгү кылып мисалга тартканга абдан ылайыктуу. Бул жагынан да, тактап айтканда, согуш жоокеринин көркөм образын түзүүдө да Айтматовдун көркөм ыкмасы, адабий  эстетикалык  концепциясы  бир  топ айырмалуу.

«Жамийла» повестинде өспүрүм Сейит согуштан жарадар болуп кайткан Даниярдан «Данике, согуштан козгоп, эрмектеп бербейсиңби? – дейт. – Данияр адегенде унчукпай, жаман көргөнсүп түктүйө калды. – Согуш дейсиңби? – деди ал жай гана эмнегедир үнүн басаңдата түнөрүп, – согуштун түрү курусун, сендер аны билбей эле койгула!

Данияр бери жакта катуу-кутуу куурайдан чоң тутам алып, отту көсөп, тез-тез үйлөп күйгүздү да, эч кимибизди карабай, көнүмүш боюнча колдорун тапка кактап, желпилдеп күйгөн жалынды көзүн сүзүлтө тиктеп унчукпады. Ал эмне үчүн ушинткенин ким билсин, бирок анын ушул эле айткан сөзүнөн согуш деген жомок катары эрмектеп сүйлөй турган кеп эмес, ал адамдын жүрөгүнө терең батып, айтууга өтө кыйын, оор экени сезилди.»

Ооба, согуш деген «жомок катары эрмектеп сүйлөй турган кеп эмес». өзгөчө Даниярдай согушту көрүп, эки тараптан тең нечендеген адамдардын өмүрлөрү бейубак кыйылганын, нечендеген жоокерлердин жарадар болуп, көр оозунда туруп чымындай жаны чыркырап кыйналганын көргөн адам үчүн Согуш деген адамдын жүрөгүнө терең батып, айтууга өтө кыйын, оор нерсе.

Даниярдын согуштан жарадар болуп кайтканы ырас. Ал ар-намыстуу, тагылган милдетти так аткарган, жоопкерчиликтүү мүнөздөгү каарман экендиги да ырас. Демек аны автор согуштан кайткан баатыр жигит катары көкүрөгүндө жаркыраган орден, медалдары менен келгенине атайын көңүл бөлүп айта кетсе ашыкча болбос эле. Бирок автор анткен эмес. Дегеле Ч. Айтматовдо согуштан алган сыйлыктарына жайдаңдап сыймыктанган бир жоокер жок. Даниярдай эле жазуучу өзү да каармандарынын согуштагы баатырдык эрдиктери жөнүндө саймедиреп айтууну туура көрбөйт. Себеби, согушка, жоокерлердин образына карата Айтматовдун өзгөчө эстетикалык концепциясы бар. Албетте, анын согуштук каармандары да Ата Мекенди коргоого өз үлүштөрүн кошушат, эрдиктерди көрсөтүшөт. Бирок ал эрдиктер дайыма Айтматовдо душмандарды өлтүрүүгө (демек, адам өлтүрүүгө) байланыштуу эмес, а адамдардын өмүрүн сактоочулук ишке байланыштуу экендигин атайын такталып айтылып өтөт. Маселен, «Бетме-бетте» Байдалынын эрдиги жөнүндө мындай делет: «Байдалыны өлдү деген кагаз Мырзакулдун жанында. Ал кагаз менен кошо колхоздун наамына командиринен кат да келген.

Биздин жоокерлер чабуул коюп баратып, душмандын мина орнотуп тосуп койгон тикенектүү зым торунан өтө албай, Волганын жээгине камалып калат. Ошондо мина менен байланышкан зымга эч ким жакындап батына албай, аскерлер жаандай октон бири калбай кырылаарында, Байдаалы өзү жүгүрүп барып зымдын үстүнө жыгылыптыр. Миналар жарылганда аскерлер чабуул коюп, душманды кууп чыккан экен.»4

«Саманчынын  жолунда»  Майсалбек тууралуу: «Көрсө Майсалбегим чалгынчы турбайбы. Биздин аскерлер чабуул жүрөрдө, немистердин жашыруун жерде топтогон курал-жарак, ок дарылары бир түндө от алып, айлана тегеректеги токойлор жапырт кыйрап, фронттогу чабуулдун чоң жолу ачылыптыр…»5

Ооба, согуш өлүмсүз, өлтүрүүсүз болмокпу, аны автор да жаземдебей билээри айтпаса да түшүнүктүү нерсе. Бирок, жазуучунун адамдык, жазуучулук табиятындагы согуштун катаал, таш боор мыйзам, жоболорун кабыл алгысы келбеген гуманисттик-философиялык эстетикасы боюнча согуш эрдиктерин даңазалоо – бул ошондой эле адам өлтүрүүнү, мейли ал душман бослун, даңазалоо да болуп эсептелет. Бул жазуучунун эң соңку романынын «өлтүрүү, өлтүрбөө…» аттуу сюжеттик бөлүмүндө өзгөчө ачык айтылган.

Тынчтыктын жарчысы болуу ыйык милдети жөнүндөгү өзүнүн гуманисттик позициясын Чыңгыз Айтматов ошондой эле көптөгөн публицистикалык макала, маектеринде да уюлдук-өзөктүк проблема катары өзгөчө маани берип, пропагандалап келет. Ошолордун бир-экөөн мисалга тарта кетели: «…Мунун («Тынчтык маданияты» деген түшүнүктүн – А.К.) өзүнүн философиясы бар. Мисал үчүн ушул күнгө чейин адам баласынын мыктылык, бийиктик жагын эмне менен баалачы элек? Көбүнчө баатырлык жагынан. Тиги Москвада Жуковду килтейген атка мингизип коюптур. Бул эмненин эстелиги? Согуштун культу. Жуковдун мыкты кол башчы болгону чындык. Мен аны танып жатканым жок. Бирок адам баласы ушинтип жер талашып, суу талашып, бирин бири кырып, зордоп, кордоп келе береби? Башка жол жокпу тарихта? «Ата көрү, бул баатыр экен. Мынча кишини чапты» дей бербей, «Бул мынча кишиге жардам берди. Мынча кишини оорудан, өлүмдөн куткарды. Жакындап келаткан чоң чатакты токтотту» деп, адам баласын ошого үйрөтүү, тарбиялоо керек. Бул бир жагынан философиялык, бир жагынан психологиялык чоң маселе.»6

Жазуучу дагы бир башка маегинде кеп оролу ядролук жарыша куралдануу кыймылына каршы иштер жөнүндөгү маселеге бурулганда искусство ишмерлерине карата: «Жок дегенде, баатырларды даңктоо деген шылтоо аркылуу согушту даңазалоого катышпасак», – деп кайрылып өтөт.7

Согуштун этико-эстетикалык табияты туурасында П.Дүйшөнбаев, М.Дүйшөнбаевдер «Чыңгыз Айтматовдун экологиялык эстетикасы» (Бишкек, 2005) аттуу монографиялык изилдөөсүндө мындай дешет: «Моралдык, нравалык критерийлерден алганда ар кандай согуштан кийин жеңгендер, жеңилгендер эмес, курмандыктар гана калат. Кийин автор согуш жөнүндөгү этикалык жыйынтыгын өзүнүн «Кыямат» романындагы «Алтоо жана жетинчи» деген грузин балладасындагы чекист Сандронун тагдыры аркылуу чыгаргандай адам башканын өмүрүн кыйгандан кийин нравалуу инсан катарында өзүн жоготот. Же ал да согуштун курмандыктарынын бирине айланат. Ал эми адамдын өмүрү эч нерсеге арзыбай калган жерде жаратылыштын башка көрүнүштөрүнүн баалуулуктары жөнүндө сөз козгоонун кажаты жок.»8 Изилдөөчүлөр өз ойлорун бекемдеш үчүн ушул эле жерде Кытайдын гуманист-философу Лаоцзынын: «Убиение множества людей надлежить оплакивать слезами сострадания, поэтому победивший на войне должен вести себя, как на похоронах», – деген сөзүн келтиришкен9.

Мекенди коргоо, Ата журтка кызмат өтөө – бул албетте, ыйык иш. Мекендин сакчылары, эл тынчтыгын коргоочулар катары бардык заманда эл өзүнүн азамат уулдарын тарбиялап келишкен. Элди чет душмандардан коргогон баатыр уулдардын эрдиги дастан болуп даңазаланып, муундан муунга айтылып калган. Мекенди коргоо идеясынан «Манас» өңдүү улуу дастан, «Курманбек», «Жаныш-Байыш», «Эр Солтоной» сыяктуу баатырдык кенже эпостор жаралган. Азыркы, өнүккөн цивилизацияга чейинки (чек аралардын такталып, мамлекеттер аралык жалпы маалыматтуулук, эл аралык макулдашуулар, эл аралык коомдук уюмдар ж.б. активдешкенге чейинки) мурдагы заманда жашоо үчүн күрөшүү, ар бир уруу, улут, мамлекет өз эркиндигин жана көз карандысыздыгын сактап туруу үчүн бир топ эле катаал маанилүү «Жоо аяган жаралуу» деген сыяктуу макалдар да жаралган.

Бирок заман өзгөрүп, турмуш өзгөрүп, аң-сезим, түшүнүктөр жаңыланган сайын турмуштун тигил же бул көрүнүшүнө карата мамиле, көз караштар да өзгөрүүсү керек тура. Сөз болуп жаткан согуш темасы жөнүндө айтсак, элдик эпос, дастандарыбыз жаралган көчмөндүк-жоокерчилик замандын идеялык-этикалык-эстетикалык талаптары бүгүнкү глобалдык масштабдагы илимий-техникалык прогресс заманынын искусстводогу согуш темасына карата талаптарына туура келбестиги өзүнөн өзү айкын. Анын үстүнө согуш жана тынчтык проблемасы боюнча «чейин» жана «кийин» деп так ажыратуунун талап кылган, тарыхтын эсинен чыккыс Хиросима жана Нагасаки окуясы сыяктуу өтө катаал, кайрымсыз фактылар да бар.

Бул окуя, тарыхты «чейинки» жана «кийинкиге» бөлгөн чек, адамзаттын согуш жөнүндөгү түшүнүгүнө чукул бурулуштуу өзгөртүүлөрдү киргизүү менен эле чектелип калган жок, саясатта, мамлекеттер аралык мамилелерде тескери натыйжалуу «кансыз согуш» (холодная война), ядролук жарыша куралдануу деген сыяктуу тирешкен атаандашуучулукту да пайда кылды жана башка… Булар эми согуш темасынын саясый, социалдык-философиялык маселелери.

Адабиятка келе турган болсок, согуш темасынын көркөм иштелишинде да «чейин», «кийинди» белгилей турган адабий чек маселесине кайрылышка туура келет. Бүткүл өмүрүн, чыгармачылык, илимий, публицистикалык, коомдук ишмердигин согуштун кыйраткыч жексур жүзүн ачууга жумшап келген жазуучу, адабиятчы, публицист, коомдук ишмер Алесь Адамович өзүнүн «О современной военной прозе» (М., 1981), «Война и деревня в современной литературе» (Минск, 1986) эмгектеринде: «Бул чек – Лев Толстой, анын согуштук чындыгы, адамдык чындыгы» – экендигин белгилейт. А.Адамович оюн андан ары өнүктүрүп, Мекен коргогон баатырларга дайым даңк, бирок согуштун чыныгы жүзүн көрсөтмөлүүлүк үчүн жасалган ооз көптүрүүлөр, куру кайрат менен шөкөттөлгөн шаңдануулар эмес, ошол эле баатырдык иштерди коштогон өмүрдүн кымбаттыгын, аялуулугун, шириндигин, өлүмдүн коркунучун сездирген чындыктуу эпизоддор ачаарын гениалдуу, реалист жазуучу Л.Толстой өзүнүн согуш темасындагы гениалдуу чыгармалары менен далилдеп, классикалык үлгүлөрдү калтыргандыгын сөз кылат, мисалдарды келтирет. Ал эми ХХ кылымдагы Биринчи дүйнөлүк согуштун түздөн-түз катышуучулары болгон Хемингуэй, Ремарк сыяктуу жазуучулардын антимилитаристтик чыгармаларын Толстойдун жазуучулук гуманисттик традицияларынын логикалык  уландысы катары карасак болот. «Көңүл чөгөт муундун» («Потерянное поколение») өкүлдөрү Хемингуэй менен Ремарк өз чыгармаларында согушту дегероизациялап, согуш – түпкүлүгүндө адамдарга жана адамгерчиликтүүлүккө каршы көрүнүш экендигин жакшы ачып беришкен. Албетте, алар империалисттик басып алуучулук согуштун катышуучулары болгон. Ал эми совет адабиятындагы «согуштук» («военная») адабият негизинен Ата Мекендик согушка байланыштуу жаралган. Бул, албетте, согушка карата «каармандардын» мамилесин өзгөртөт. Ошентсе да согуш деген согуш…

Совет адабиятындагы согуш тематикасынын тагдыры менен талабы, тереңи менен бийиги, дурусу менен бурушу Ч.Айтматовдун «Фудзиямадагы кадыр түн» драмасында эң жакшы ачып берилген. Драманын сюжетин уюштурган негизги окуя, негизги конфликттик кырдаал драмага өзү катышпаган Сабыр аттуу каарманга, анын согуш жөнүндөгү ырларына байланыштуу өнүктүрүлөт. Драмада катышкан каармандар: Мамбет, Досберген, Исабек, Иосиф Татаевич, Айша-апа, Алмагүл, Гүлжан, Анварлардын адамдык-каармандык образдары Сабырдын «Добулбас үнү өчкөндө» аттуу реквием поэмасындагы согуштун курмандыктарына арналган ааламдык кошогуна («вселенский плач по человеку в том мировом солдатском реквиеме»)10 карата мамилелери аркылуу тереңдетилип, айкындалат.

Драманын идеялык-тематикалык мазмуну жөнүндө айта турган болсок, ал көп катмарлуу, татаал. Анда жолдоштордун өз ара адамдык мамилелерине негизделген нравалык-этикалык проблемалар коомдук системада орун алган жалган ураанчыл позицияга таянган жасалма шаңдануучулук, саясатка ыңгайлашкан жанбакты жалган философиячылдык, мамлекеттик репрессиялык мажбурлоолордун кесепеттүү таасирлери  сыяктуу  социалдык-саясый проблемалар «Канткенде адам уулу адам болот?» деген жалпы адамзаттык философиялык проблемалар менен өз ара ажырагыс карым-катышта образдуу сюжеттик-композициялык өнүгүшкө ээ болгон.

Курдаштарынын эскерүүлөрүнө караганда драмадагы көрүнбөгөн каарман Сабыр фашизмдин баскынчылыгына кыжырданып, досторун согушка барабыз деп үгүттөйт. Беш дос бешөө тең он жетиге толуп-толбой өздөрү суранып согушка аттанышат. Согушта эрдиктерди да көрсөтүшөт, тарбиячы эжейи Айша-апа алардын командиринен алкыш кат да алат, гезитке да макталып чыгышат. Согуштан кайтып келип Сабыр менен Исабек филфакка, Мамбет менен өсүпбай (Иосиф Татаевич) тарых факультетине, Досберген агрономдуктун окуусуна киришет. Сабыр менен Исабек согуш мезгилинде эле ыр жазып жүрүшчү. Согуштан кийин Сабырдын көз карашында, о.э. ушундан улам анын чыгармаларынын – идеялык багытында өзгөрүүлөр болот. Анын «Эзелтен чечилбеген улуу талаш» аттуу ыры журналга басылат, «Добулбас үнү өчкөндө…» аттуу поэмасын жаза баштайт. Бул поэманын идеясы тууралуу достор арасында катуу талкуу, талаш жүрөт. Сабырдын ошондогу ырлары, поэмасы жөнүндө достордун пикири бүгүн да талаштуу. Чыгармадан үзүндү келтирели:

И с а б е к. «Жашында ырды ким жазбаган, Айша-апа. Айтор, ар ким өз тиричилигин кууп кетти: согуш бүттү дегендей, өзүбүз жап-жаш кезибиз «Манастан Чубак кем бекен» деп, ар кимибиз кыйынсынып, кудай салбасын… (пауза.) Андан аркысы болсо… Менимче, Сабырдын көз карашында кандайдыр бир өзгөрүүлөр пайда болду… Кандай десе болот… Аны түшүндүрүштүн өзү да кыйын. Күндөрдүн биринде ажайып бир ырлар окуду, чоң поэманын башталышы экен… Кыскача мазмуну: «Мен согуштан чарчадым, ичиркенем кандуу-сүрдүү жүзүнөн, нечен-нечен жаш өмүрлөр жеңиш үчүн окко учуп, улуу Мекеним фашизмден бошонуп турганда, басып өткөн жолумду, эч убакта кайталагым келбес эле…»

А л м а г ү л. Ким эле согушту кайра басып өткүсү келсин? Анын неси бар?

И с а б е к. Биздин жеңиштин даңазасын ырдоонун ордуна, каяктагы бир калпыс ойлорду айтып туруп албадыбы… Көркөмдүүлүгү күчтүү болгону менен, ички түшүнүгү талаштуу болуп калды. «Арамдыкты адамдык менен жеңе албайсың, согушту согуш жеңет, бул чындыктан четке чыгып турууга эч кимдин укугу жок» деп айттым ага.

Г ү л ж а н. Поэманы силерге окуп берүүчү беле?

М а м б е т. Ии. Улам жазганын, улам окуп берүүчү.

Д о с б е р г е н. Бекер кылган экен эми ойлосом.

И с а б е к. Кеп анда эмес, кеп жолдоштук кеңешти укпай койгонунда. Мына ошону бекер кылган.

М а м б е т. Эч кандай бекер-мекер эмес. Ал бизди адал деп ойлогон… анан калса түштөн кийин күйөрман болуп алыпсың… Анын өзү да, өчүп кеткен таланты да, сага бир тыйынчалык зарылдыгы жок эмеспи… Поэмасы «Добулбас үнү өчкөндө» деп аталчу.

Добулбастын үнү басылган күнү,
Арбактардын баары туруп чогулар,
Журт көзүнө, жан көзүнө көрүнбөй,
Ээн жерден жалгыз мага жолугар,–
Ошондо мен кандай жооп кайтарам?
Кызыл кыргын, кара сүргүн чоң согуш –
Жанын кыйды миңдеп, сандап жарандар.
Кең казылган бир мүрзөнүн ичинде
Катар жатат жакшы менен жамандар.
Журт көзүнө, жан көзүнө көрүнбөй,
Арбактардын баары туруп, чогулуп,
«Биз кырылдык, сен тирүүсүң эмнеге?» –
Деп сурашса ээн көрдөн жолугуп, –
Ошондо мен кандай жооп кайтарам?
үйдө ыйлатып эне менен атаны,
өлгөндөрдүн кимге убалы, азабы?
өз да, жат да катар жатат жер тиштеп,
Бүткөн өңдүү тирүүлөрдүн чатагы.
«Бүттүңөрбү» – деп сураса жолугуп
Ошондо мен кандай жооп кайтарам?..

(Пауза)

А л м а г ү л. (Исабекке.) Бул ырларда сени шектенткен эмне бар? Билген кишиге – реквием турбайбы.

И о с и ф  Т а т а е в и ч. Аның чын. Бирок кимге арналган реквием?

А л м а г ү л. Кимге арналмак эле? Согушта курман болгон эрендерге арналып жатпайбы.

И о с и ф Т а т а е в и ч. Эрендердин ар кандайы болот… эр менен эрендин ортосунда айырма чоң.

И с а б е к. Ал туура го, талантында шек жок. Кептин баары мазмунунда… ким айталды ушинтип. Кандайдыр өкүнүч, арман бар. Мага бул ырлар идея жагынан шектүү, калпыс сезилет» (3-том, 450–451-беттер).

Идеясы ката, «шектүү» бул поэмасы үчүн Сабыр окуудан чыгарылып, камалып кетет. Баарынан кызыгы, бул поэма эч жерде жарыялана элек болчу, аны Мамбет, Исабек, Досберген, өсүпбай төртөөнө Сабыр өзү окуп берген, төртөөнөн башка эч ким окуган да эмес. Мамбет: «Сенин поэмаң – өткөндү эңсегендик, саясый  ката»  деп  сындап, Сабыр экөө мушташканга чейин барат. Исабек гезитке досунун саясый катачылыгын, чыгармачылык адашууларын сындаган макала жазат. Сабырдын жаңылыштыгы боюнча маселе караган коомдук жыйынды университеттин коомдук иштерине активдүү катышып жүргөн өсүпбай башкарат. Жыйында Досберген да өз оюн (Сабырдын «катачылыгын»)  айтууга аргасыз болот. Бул окуялар согуштан кийинки сталиндик репрессиянын экинчи толкуну учурунда болот. Кийин Сабыр акталып, бошотулат. Бирок турмуштан жана досторунун көңүлү сынган Сабыр чыгармачылыкты таштап, ичкиликке берилип кетет. Досбергендин аялы Алмагүл «Фудзияма» деп ат коюп алган бийик чокуда эс алып отурушкан достор канчалык Сабыр жөнүндө сөздөн качышкан менен ал жөнүндө эскербей коё алышпайт. Анын үстүнө Айша-апа да колдун беш манжасындай болгон беш достун арасынан өзгөчө баалаган окуучусу Сабыр жөнүндө унчукпай коё албайт эле. Күчтүү таланттын ээси боло турган Сабырдын кейиштүү тагдырын эскерүү менен катар, «ага ким күнөөлүү?» деген маселеден улам достор арасында талаш пикир туулат. Бул талаштын жүрүшүнөн ошондой эле Сабырдын чыгармачылык багыты, идеясына карата ар түркүн позициядагы көз караштар айкындалат. Эң негизгиси, драмада алдыда биз сөз кылып келе жаткан негизги темабыз – согуш темасындагы карама-каршылыктуу проблемалар туурасында маселелер көтөрүлгөндүгүндө.

Төрт каарман – төрт позициянын ээси. Ал эми согуш жөнүндө чыныгы сөз да, чындык да Сабыр тарапта.

Алгач Мамбеттин позициясы жөнүндө. Мамбет, жогоруда үзүндүдө келтирилгендей, мурда Сабырдын поэмасынан катачылыкты көргөн. Бул биресе ашкере романтизацияланган, идеялизацияланган советтик саясаттын идеологиялык тарбиянын таасири, биресе жаштык-курчтук, тажрыйбасыздыктан, биресе жеңиштин делөөрүткөн дымагынын таасиринен улам ошондой болгон. Кийин, тактап айтканда, окуя өтүп жаткан учурда Сабырдын «Эзелтен чечилбеген улуу талаш» («Канткенде адам уулу адам болот?..») аттуу ырына Иосиф Татаевич (өсүпбайдын): «Менимче бул ырда маселе өтө абстрактуу коюлган. Мезгилдин жышаанасы сезилбейт» деген оюна Мамбет: «Ыр мага ушул турушу менен кымбат. Бүткүл адам баласына орток ой» (3-том, 44-бет) деп каршы чыгат. Ал эми анын согуш жөнүндөгү поэмага карата позициясы кыргызча вариантта ачык эмес, бүдөмүк берилип калган. «Менин кечиримсиз күнөөм – жанагыдай саясый айып тагып, түшүнбөстүгүм экен. Көрсө, ошондо чыгармачылык жол издеп, өзү менен өзү жакалашып, изденүүнүн азап-тозогунда жүргөн турбайбы.» (453-б.) «Биз заманды жаратсак, заман бизди жаратты» (456-б.) деген сыяктуу кейиген же кош маанилүү сөздөр. Мамбеттин позициясы драмынын орусча вариантында ачыгыраак, тагыраак. Мамбеттин сөздөрүнөн:

«… Это были его раздумья. Ему, глубокому, честному художнику потрясенному виденным на войне, хотелось ответить на мучившие его вопросы очень большого порядка…; … Как же я смел бросить в лицо такие обвинения ему, другу, поэту, который именно там, на фронте, постиг всю глубину и трагичность человеческого бытия. Он пытался выразить великую вечную истину о человеке. В этом была его уязвимость, но в этом же была и его сила… К сожалению я понял это слишком поздно…»11

Экинчи позиция – Исабектин позициясы жөнүндө. Эң бир татаал, талаштуу позиция ушунуку. Бекеринен Исабек акын, жазуучу, чыгармачыл интеллигенциянын мүчөсү эмес. Ал саясаттын көрсөтмөлөрүн илгиртпей түшүнүп, аны өтө элпектик менен ишке ашырууну өзүнүн акындык-граждандык милдети катары түшүнөт. Сабырга окшогон бөтөнчө, өзгөчөлүктүү көз караштагы акын-жазуучулар манжа менен саналчу, сейрек, жеке көрүнүш. Эгерде Сабыр Мамбеттин «Сен акын катары түз жолуңдан адаштың» деген пикирине «Көркөм өнөрдө сызып койгон түз жолдор жок, сенин ченемиң мага туура келбейт» деп жооп бергениндей, чыгармачылык өз алдынчалуулукту жактаган, эстет-индивидуалист акын болсо, прагматик жазуучу Исабек өмүр бою мамлекеттик көрсөтмөлөрдүн чийининен чыкпаган мактоо, даңктоого толгон чыгармаларды жазып, том-том китептерин чыгарып келет. Исабектин сөзүнө көңүл буралы: «Биздин жеңиштин даңазасын ырдоонун ордуна, каяктагы бир калпыс ойлорду айтып туруп албадыбы… Көркөмдүгү күчтүү болгону менен, ички түшүнүгү талаштуу болуп калды. «Арамдыкты адамдык менен жеңе албайсың, согушту согуш жеңет, бул чындыктан четке чыгып турууга эч кимдин укугу жок» деп айттым ага.» (3-том, 450-бет)

үчүнчү позиция Досбергенге таандык. Эң эле кайдыгер бейтарап, ошол эле учурда принципсиз позиция. Табиятынан ак көңүл, бетке айтма Досберген Сабырдын адам катары артыкчылыгын билет жана баалайт. А бирок ал искусствого да, илимге да, саясатка да турмуш-тиричиликчил керектөөчүл позициядан гана мамиле кылат. Аны келечек да, өткөн чак да, түбөлүктүү жалпы адамзаттык проблема деген кеңири түшүнүктөр да кызыктырбайт, алар үчүн башын ооруткусу келбейт. «Сабырдын ал ырлары тууралуу кандай ойлойсуң деп азыр сурасаңар бар эмеспи, мына ак дасторкон турат, башымды көп оорутпагыла дээрим ачык. А кезде болсо, унчукпай кутулганды туура көргөм. Чакырып алып сураса, бирдеме айтат элек дечи. Жөнү жок жулуна бериш, кудай билет, туура болот беле, же… Ал мезгил өзү катаал мезгил болчу.» (3-том, 452-бет). Чын-чынына келгенде, жөн салды, жайынча эле айтылгансыган Досбергендин бул сөздөрүндө да бир топ маани – мезгил чындыгы жана актануунун жүйөөсү жатат. «Кудай билет, туура болот беле, же…» дегениндей, балким достордун бирөө-жарым Сабырдын ак экендигин айтып, жазып бийликке кайрылганда, Сабырды куткармак түгүл, «саясый жактан идеялаш, таламдаш» деп өздөрү да кошо камалып кетиши мүмкүн эле. Ошол эле жерде Досбергендин сөзүндө айтылып тургандай, «ал мезгил өзү ошондой катаал болчу.»

Төртүнчү позиция. Эң коркунучтуу жана залалдуу позиция өсүпбайга же Иосиф Татаевичке таандык. өсүпбай мансапкор адам. Мансап үчүн уят-сыйытын, досторун сатып жиберүүгө даяр, кылмыш жасоодон тартынбай турган адам. Ал үчүн «…Чындык, боорукерлик, мээрмандык… Мунун баары – абстрактный гуманизм… Христианшина.» (3-том, 430-бет); Турмуштук принциби – «дайыма өз позициясын бекемдеп, өз бактысы үчүн шарт түзүү» (өсүпбайдын өз сөздөрүнөн). Ал эми Сабырга карата мамилеси: «… алиги өз башына балээ болуп түшкөн поэмасына менин эч кандай тиешем жок. Айтаарым ушул. Болбосо, эмне үчүн ал жумурай журттан акылдуу, көктөн түшкөн кеменгер болуп көрүнгүсү келди? Андай ырлар, азыр өзүң айткандай, менин сагынычыма да, кубанычыма да жат көрүнүш.» (446-б.); «…Ырларынын өзү тескери болчу. Менин эркиме койгондо, мындайларды мен азыр да жакын жуутпас элем…» (452-б.).

Исабек жан тынчтыгы үчүн чийинден чыкпоону жактагандардан болсо, өсүпбай саясаттын камчысын чаап, чийинден чыккандарды жазалоочул-«күжүрмөндөрдүн», жасоолдордун катарынан. Мамбет, Исабек, Досберген согушта көргөндөрүн, курман болгондорду эстеп кайгырышы мүмкүн. Ал эми Иосиф Татаевичке мындай нерсе таптакыр жат. Бир кездеги досу Сабырдын талкаланган тагдырына кайдыгер болгон сыяктуу эле, согуштун курмандыктарына кейип-кепчүүнүн эмне зарылдыгы бар деп ойлойт. Ал бүгүн согушту анын катышуучусу катары коомдо өз баркын көтөрүү, урматталуунун себеби катары эстөөнү гана унутпайт.

Драманын мисалынан айкын көрүнүп калгандай; искусстводо да, саясатта да, турмушта да согушка бир тараптуу гана мамиле жасап, «Мен согушту каалабаймын,/Каалабаймын өрттү мен. /өрттөнбөсүн, кыйрабасын,/Гүлдөп турган кең Мекен.» (Т. үмөталиев) деген сыяктуу же советтик жоокерлердин жеңилбестиги тууралуу жомок кылып айта берүү жетишсиз. Адабиятта андай ырлар, поэмалар, повесттер менен катар Сабырдын ырларындай жалпы адамзаттык, түбөлүктүүлүк мыйзамдардын атынан философиялык маанайдагы чыгармалардын болушу шарт, мүмкүн. А бирок андай чыгармалардын тагдыры кандай болгондугу да, согуш жөнүндө дүңгүрөмө чыгармалардын эсепсиз жазылгандыгынын себеби да драмада абдан жеткиликтүү чагылдырылган.

Ч.Айтматов «Фудзиямага» чейин түздөн-түз согуш темасында «Бетме-бет», «Саманчынын жолу» повесттерин жазганжана согуш темасын ачып берүүдөгү идеялык «каталары» үчүн сынга алынган учурлары да болгон. Маселен  алардын бири, адабиятчы  П.Глинкин: «Анын (Толгонайдын – А.К.) болуп өткөндөр жөнүндөгү түшүнүгү көп жерде толук эмес, ошондуктан анын аң-сезими адилеттүү согуш менен адилетсиз согушту ажыратып бөлбөйт. «…» Жазуучунун автордук үнү Толгонайдын ой жүгүртүүлөрүнө «түзөтүү киргизиши» керек болчу. Бирок тилекке каршы, мындай болбоду, ошондуктан «Саманчынын жолунун» жалпы концепциясынан согушту тарыхый жана социалдык жактан ажыратып баалай албаган метафизикалык көлөкө байкалат.»12

«Фудзиямадан» кийин согуш темасына түздөн-түз байланыштуу «Эрте жаздагы турналар» (1975), «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт» (1977) повесттерин жазды. Жазуучунун Жер шарына сырттан туруп «космикалык» көз караштан кароо, адамдарга алардын бир боор мекен жайы болгон бул планетага өтө аёолуу, кылдат мамиле кылуу зарылдыгы жөнүндө «масштабдуу» сөз айтуу аракети дал ушул «…Ала-Дөбөттөн» башталат. Бул чыгарма жанры боюнча, чыгаан адабиятчы айтматовтаануучу Георгий Гачев таамай аныктагандай, повесть-притча.

Айтматовдун чыгармачылыгын 60-жылдардын башынан тартып үзгүлтүксүз системалуу изилдеген окумуштуу повесть жөнүндөгү талдоосун адеп эле чыгыш притчасынан баштайт. Чыгыштын бир падышасы аалымдарды чогултуп алып, адам жашоосунун маңызын түшүндүргөн китеп жазгыла деп буйруйт. Жылдар өтүп, аалымдар ага 20 томдон турган китеп алып келишет. Муну окуп чыгышка өмүрү жетпесин билген падыша кыскартып жазууну тапшырат. Дагы жылдар өтүп 5 томдук, акыры 1 китеп болуп кыскарат. Ал китепти ханга алып келишкенде хан өлүм алдында жаткан. Ошондо хандын суроосуна жашоонун маңызы: «Төрөлдүм, жашадым, кыйналдым, өлдүм» деген төрт сөзгө сыйдырылып жооп берилет. Г.Гачев повестте да айтматовдук ой ошол сыңары жерине жеткире абстракцияланган дейт.13 Кийин жазуучу өзү дагы бул көркөм абстракциясын айкындап «биз баарыбыз бир кайыктабыз – а сыртта аалам чексиздиги» деп айткан.

Повестте кабат-кабат метафора. Деңиз жана аны бойлоп чуркаган Ала-Дөбөт = космос мейкиндиги жана космос мейкиндигинен ала боор топтой көрүнгөн Жер планетасы; деңизде (= космос мейкиндигинде) сүзгөн кайык (= жер) жана андагы чоң ата (Орган карыя) + ата, ага (Эмрайин, Мылгун) + бала (Кириск) = улуу муун + орто муун + кичүү муун = өткөн чак + учур чак + келечек. А эгер өткөн чак (улуу муун), учур чак (орто муун) өз кызыкчылыгын гана ойлоп же чечкинсиздик кылып келечек үчүн кам көрбөсө анда өткөн чак да, учур чак да, келечек да жок. А эгер алар «суу» талашып (кайыкта) мушташа баштасачы?.. – Айтматов ушинтип жер үстүндө тынчтыкты сактоо жөнүндөгү өзүнүн ааламдык ойлорун бир ирет притчалык формага салып айтты.

«Ала-Дөбөттөн» кийин «Кылым карытаар бир күн» романы жазылды. Романдын жанрдык талабына ылайык бул чыгармада демейки айтматовдук ойдун көп катмардуулугу, сюжеттик көп пландуулук андан ары өөрчүтүлөт. Согуш проблемасы бул романда көркөм чагылдырууга ээ болгон көп проблемалардын бири. Уруучулук доордогу согуштун курмандыгы Найман эненин трагедиясы, герман-совет согушунан кийинки советтик-югославиялык саясый тирешүүчүлүктүн курмандыгы болгон Абуталиптин трагедиясы, ага параллель сүрөттөлгөн Чыңгыз хандын согуштук жортуул учурундагы окуя жана илимий-техникалык прогресс заманындагы согуштук кырдаалды баяндаган жарым фантастикалык метафора – бул жазуучунун согушу жок коом жөнүндөгү кыялы. Анда «Паритет» деп аталган космостук станцияда иштеп жаткан эки космонавт башка бир планеталыктардын жиберген байланыш сигналдарын кабыл алышып, алар менен байланыш түзүп, алардын планетасына келип кетүү жөнүндөгү чакырыктарын кабыл алышат. Ал планеталыктардын жетишкен илимий бийиктиги, жогорку маданияты жана идеялдуу коомдук түзүлүшүнө суктанышкан космонавттардын жерликтерге жиберген билдирүүлөрүндө төмөндөгүдөй маалыматтар айтылат:

«Бирок таң кала турган бир нерсе: булар мамлекет деген эмне экенин, курал-жарак деген эмне экенин, согуш деген эмне экенин билишпейт экен. Илгерки тарыхында, балким, согуш да, мамлекет, акча дегендер да жана аларга байланыштуу коомдук мамиленин башка категориялары да болгондур, анысын так айта албайбыз, бирок азыр ушу мезгилде зордук-зомбулуктун институту болгон мамлекет, күрөштүн өзүнчө бир формасы болгон согуш деген түшүнүктөрдү булар таптакыр элестете алышпайт. Биздин Жердеги басылбаган көп согуш тууралуу айтып берсек анда биздин адамзат жоругу макоолук же маселе чечүүнүн айбанчылык түрү болуп көрүнөр беле деп ойлойбуз.

Булардын турмушунун уюштурулуш калыбын биз жердиктер ойлоо стереотибибиздин кесепетинен түшүнө бербейбиз же таптакыр түшүнө албайбыз. Булар күрөшүүнүн бир түрү болуп эсептелчү согуш дегенди планеталык коллективдүү аң-сезимден биротоло жоготкон деңгээлге жеткен экен. Ошондон улам цивилизациянын бул формасы кыял-санаа жетчү аалам аймагында эң алдыңкы цивилизация болуу керек.»1

Жер жүзүндө тынчтык үчүн согушка каршы туруу идеясы жазуучунун соңку романдарында да улантылат. «Кассандра тамгасы» романынын сюжеттик-образдык системасы аркылуу жер бетин ок-дарыга шыкап бүткөн жарыша куралдануу жарык дүйнөгө келүүнү каалабаган кассандро-эмбрион көрүнүшүнүн башкы себептеринин бири экендиги тастыкталат. Ооба, душман басып келсе, Мекенди чет душмандардын тепсендисинен сактоо керек, аларга каршы туруу керек. Бул айныксыз түшүнүктүү нерсе. Бирок Мекендин коргоочуларын тарбиялоодо негизги басым белгисиз же белгилүү душманды жек көрүүгө үйрөтүү эмес, а биринчи иретте жоокерди өз Мекенин жана мекендештерин сүйүүгө, урматтоого адамкерчиликке, адам өмүрүн, туулган жердин ыйыктыгын, кооздугун баалоого тарбиялаш керек экен. Себеби, согуш өртүн тутандыруучулар адам өмүрүн баалабаган, адамкерчилиги аз, ач көз, өзүмчүл таш жүрөк адамдардын арасынан чыгат экен. Анын үстүнө бардык адамдар, бардык мамлекеттер өз кызыкчылыктарын гана ойлоп «душманды кыр, жогот, өлтүр» деген гана саясатты жүргүзө беришсе, жер үстүндөгү тынчтык, бардык адамдардын бейпилдикте жанаша жашоосу жөнүндө, адам өмүрүн сактоо, сыйлоо, камкордук көрүү сыяктуу жалпы адамзаттык гуманисттик идеяларды, «өлтүрбөнү!» ким айтат?..

Качан гана каршылашкан бардык тараптардан «өлтүрбө!» идеясы колго алынып, бузулгус ыйык эрежеге айланганда гана согуш коркунучу жок болот экен.

«Ар бир адам, ар бир мамлекет ушул принципте тарбияланса жана жашашса коом алда канча таза болуп, адамзаттын өнүгүшү дагы бир топ алдыга кетерине жазуучу да, каарман да терең ишенет.»1

Согуш – түпкүлүгүндө, жашоонун түбөлүктүүлүк мыйзамына карама-каршы көрүнүш.

Согушу жок, согуш коркунучу жок жашоо жөнүндөгү алдыдагы узак мезгилге, келечекке багышталган Чыңгыз Айтматовдун пацифисттик жазуучулук эстетикалык идеалы «Адам жана Дүйнө» жөнүндөгү дүйнөлүк окурмандардын түшүнүмдөрүнө өзүнүн оң таасирин тийгизип, сапаттуу жылыштарды алып келсин деген оптимисттик тилекте теманы тамамдайбыз.

2008-жыл

АДАБИЯТТАР:

1 Кыргыз совет адабиятынын тарыхы. – Фрунзе, 1990. – 293-бет.

2 Айтматов Ч. Чыгармаларынын  сегиз  томдук  жыйнагы. 1-том. – Бишкек, 2008. – 155-бет. Мындан ары Ч. Айтматовдун чыгармаларынан кыргызча шилтемелер ушул китептен алынып, алар текстте кашаанын ичинде тому жана бети көрсөтүлөт.

3 Акматалиев А.Айтматов Чыңгыз /Китепте: Кыргыз адабиятынын тарыхы. 7-том. – Бишкек, 2002. – 12–13-б.

4 Айтматов Ч. 1-том, 135-бет.

5 Айтматов Ч. 2-том, 185-бет.

Айтматов Ч. Жаңы кылымда даяр оокат жок… (Маектешкен Т.Насирдинов) // Кыргыз туусу. – 1998, 10–12-ноябрь.

7 Айтматов Ч. Адабияттын ойдун очогу болуудан бөлөк милдети жок / «Литературная газетанын» баяндамачысы А. Ваксборг менен маеги // Кыргыз туусу. – 24–23-июль.

Дүйшөнбаев П., Дүйшөнбаев М. Чыңгыз Айтматовдун экологиялык эстетикасы. – Бишкек, 2005. – 46-бет.

9 Ошондо.

10 Восхождение на Фудзияму. Пьеса. – В книге: Айтматов Ч. Собрание сочинений: В 7-ми томах. т. 4. – Москва, 1998. – стр. 400.

11 Айтматов Ч. Собрание сочинений: В 7-ми томах. Т. 4. – М., 1998. стр. 399, 401.

12 Глинкин П. Е. Чингиз Айтматов. – Л., 1968. – с. 69.

13 Гачев Г. Чингиз Айтматов. (В свете мировой культуры). – Фрунзе, 1989. – с. 317.

14 Айтматов Ч. Чыгармаларынын сегиз томдук жыйнагы. Төртүнчү том. – Бишкек, 2008. – 111-бет.

15 Акматалиев А. Аалам, Адам жана Жаабарс. Адабий изилдөө. – Бишкек, 2006. – 76-бет.