КАДЫРМАНБЕТОВА Айнура: АЙНУРА КАДЫРМАНБЕТОВА: «КОШ, ГҮЛСАРЫ» МЕНЕН «АК КЕМЕ» ПОВЕСТТЕРИ ПОДТЕКСТ АЛКАГЫНДА

Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы мазмундук жактан да, формалык жактан да жөнөкөйдөн татаалды көздөй кыйшаюусуз өнүгүп-өсүп отурду. Жазуучунун алгачкы чыгармаларында адам өзүнүн бүткүл кайгы-кубанычтары менен кеңири изилдөөгө алынса, кийин бул объект өзүнүн чегин кеңейте баштады: «адам жана коом», «адам жана мезгил» маселеси коюлду, андан кийин «адам жана аалам», «адам жана келечек» сыяктуу татаал маселелер көркөм изилдөөгө объект болуп алына баштады. Ушул планда 1966-жылы жарыкка келген «Кош, Гүлсары» повести жазуучунун чыгармачылыгындагы жаңы этаптын башталышы десек болот. Алдыда сөз жүргөн «Бетме-бет», «Жамийла» повесттери менен «Кош, Гүлсары» повестинин ортосунда жазуучунун «Ботогөз булак» (1961), «Кызыл жоолук кырчын талым» (1961), «Биринчи мугалим» (1962), «Саманчынын жолу» (1963) повесттери жарык көрдү. Бул чыгармаларда «Бетме-бет» менен «Жамийланы» кучак жайып тосуп алган окурмандардын Ч. Айтматовго болгон ишеними дагы бекемделди.  Бул  повесттерде  сюжеттик  зарылдык болбогондуктан подтексттик ыкманын катышы көп байкала бербейт. Сюжетти уюштуруучу борбордук каармандардын тагдыры алгачкы эки повесттегидей анча чиеленишпеген, баяндоо негизинен үчүнчү жактан жүргүзүлүп, «баяндоочу» каармандар – Кемел, Илияс, Байтемир, Алтынай, Толгонайлар Сейитке салыштырмалуу турмушка карата көз карашы калыптанган, тажрыйбалуу, сыр жашырбас, ачык пейил адамдар.

Ч. Айтматов 1963-жылы «Повести гор и степей» деген чыгармалар топтому үчүн Лениндик сыйлыкка ээ болду. Ушуну менен жазуучу адабий чөйрөгө «өзүн-өзү бекемдеп орнотту».

Ошентип 1966-жылы «Кош, Гүлсары» жарыкка келди. Бул повесть жөнүндө автор өзү мындай дейт: «Гүлсарат» мага бир чети эң чоң чыгармачылык канагат алып келсе, бир чети аябагандай көркөм машакаттарды чектирди десем болоор. Бул повестте мен мурунку чыгармаларымда козголбогон, башкача бир ойлорду айткым келди. Бул повестте азыркы мезгилдеги улуттук турмуштун картинасын сүрөттөп бере алдым деп ойлойм, ушунусу менен ал мага кымбат. Мен мында улуттук «орнаментти» түзүүгө эмес, улуттук турмуштун олуттуу проблемаларын чагылдырууга, социалдык конфликттердин, карама-каршылыктардын түпкү маңызын иликтөөгө аракеттендим».1

Бул чыгарма өзү жарык көргөн учурдун өлчөмүнөн алып караганда социалдык планда өтө эле курч жазылды. Чыгармада «чарбалык» проблемалар өткүрлүк менен жерине жеткире ачык айтылды. Ошол учурда «Мунун баары эмнеликтен? Кереги кимге? Асырай албасак, кой өстүрүп кажаты канча? Ким күнөөлүү буларга? Ким? Айтсаңчы, ким? Сен, дал сен өзүң, сага окшогон былжырбайлар! О, биз баарын көтөрөбүз, кууп жетебиз, басып өтөбүз, убада беребиз! – деп таңдайыбыздан чаң чыгат ээ! Мына, көтөр эми арам өлгөн козуларды, убадаңды аткар! Тиги чылада өлүп жаткан койду сүйрөп озуп кет! Кана, кыйын экенсиң, көрсөтчү!..»55 – деп ар ким эле батынып элге жарыя айта албайт эле. (Бул Танабайдын тынчын алган көп ойлордун бири). «Доордун акылы, ар-намысы» болгон партиянын, болгондо да биринчи секретарын терс кайрык менен сүрөттөө ар бир эле жазуучунун оюна келе бербейт эле. Ч. Айтматов мына ошол биринчи секретарь менен советтик закондуулукту коргоочу прокурордун бет пардасын партбюронун жүрүшүнүн жардамы менен сыйрыйт.

Бул чыгарма «жолдуу» болду. Мындай тайбас чыгарманын жаралып калышына да, жарык көрүшүнө да, учурдун өзү – оңоло түшкөн саясый кырдаал, өзүн өзү сактоо инстинкти өзгөчө өөрчүп кеткен партиялык жетекчиликтин кысымын бир аз бошоңдоткон, «партиянын лениндик нормаларын калыбына келтирген» КПСС БКнын 1953-жылдагы июль пленуму*, XX, XXI съезддердин түздөн-түз тиешеси болду. Жазуучунун чеберчилиги ушунда, 1956–1966-жылдардагы партиянын саясый курсуна «Гүлсараттын» «курсун» үндөштүрүп көпчүлүктүн көкүрөгүндө каткан черин айтып калууга үлгүрдү. «үлгүрдү» дегенибиз, мамлекеттин саясый курсунда кайрадан, өзгөрүүлөр жүрүп, тизгин тартыла баштаган. Чыгарма өз учурунда жазылып, өз учурунда жарык көрүп кетти.

Повестте Гүлсарынын образына чоң поэтикалык жүк жүктөлгөн. Гүлсарысыз чыгарма жок, болсо – жарым жан. Гүлсары – сулуулуктун, аруулуктун, көркөмдүктүн, поэтикалык эргүүнүн символу. Гүлсары (албетте жазуучунун калеминен, көркөм фантазиясынан жаралган) – турушу менен поэзия. Гүлсары Танабайга дем берген, эргүү берген, бул жашоого сонуркаткан көркөм дүйнө. Ал аркылуу Танабайдын адамдык ажайып сапаттары ачылат, пенделик жазмышы ашкереленет. Чыгарманын чегинде ал аркылуу көркөм дүйнөгө карата коомдук түшүнүк, көз караш аныкталат. Гүлсарат – табият тарабынан берилген өзгөчө касиеттин (= таланттын) ээси. Ал эми ага карата чыгармадагы партиялык, мамлекеттик «жетекчилерибиздин» мамилеси супсак прагматикалык керектөөчүлүктөн алыстабайт. Эгер ал (асылдык = Гүлсары = талант) алардын бийлигине баш ийбесе, аларга кызмат кылбаса аны жазалашат, «кишендешет», «камашат», ага да көнбөсө «актап салышат». Эгер чыгарма жөнүндө ушундай ыргакта ой жүгүртө турган болсок, Гүлсарынын образынын түпкүрүндө, подтекстте, асылдыкка, талантка карата мамлекеттик башкаруунун, «жетекчиликтин» мамилеси тууралуу жазуучунун ишаарасы, каяшасы камтылгандыгын баамдайбыз.

Ч. Айтматов дал ушул чыгармасынан тартып бай фольклордук мурастардын функциясын активдештирип, өзүнө «кызмат кылдыра» баштады. «Повесттеги фольклордук мотивдерди автордун пайдаланышында көп максаттар бар, бирок эң башкысы психологиялык подтекст жаткандыгын белгилешибиз керек»,56 – дейт бул туурасында А. Акматалиев. Көңүл кушун көкөлөткөн, жашоого кызыгын арттырган нерселерден – адегенде жанбирге жоргосу Гүлсарыдан, аны менен кошо кечигип келген сүйүүсүнөн ажыраган, ал аз келгенсип бой тумардай ыйык тутуп, «дамаамат жылаңач колтугуна катып жүргөн «жүрөк тушун жылыткан», жан тери сиңген» партбилетин Кашкатаевдин «муздак жылтыр» столуна калтырууга аргасыз болгон Танабайдын кайгысын коштоп «Боз ингендин арманы» безеленет.

Танабай эмгекчинин жыргалчылыгын, адилеттикти убада кылган идея үчүн, коммунисттик идея үчүн жан дили менен иштеп да, күрөшүп да жүрүп же өзү марыбады, же өзү теңдүүлөрдүн жыргаганын көрбөдү. Эгинди өздөрү багып, оруп-жыйнап берип, өздөрү куру кол калышты. Короо-короо кой багып жүрүшүп, бир үзүктүк жүнгө ээ боло алышпады. Анткени өздөрү тапкан байлыкка өздөрү ээлик кылууга «тыюу салынган». «Кана, сен партия эмессиңби, колхоз куруп жатканда баарынан мурун сен кыйкырдың эле кызыл өңгөчүң айрылгыча, ошентип жеткен муратыбыз ушубу деп жаза тайып сурап калса эмне жооп бересиң?»57 – деп жооп издегени издеген. Ойлоп, ойлоп ой түбүнө жете албады. Ал учурда ага Чоро да так жооп бере албайт эле. Алар издеген идея, аны менен кошо эл Кашкатаев, Сегизбаев, Алданов сыяктуу өзүмчүл мансапкорлордун айынан алдыга да кете албай, артка да чегине да албай туюкка камалып калган. өзгөчө, бийликке аралашып жүргөн Чорого кыйын болду. Бюродон кийин ызага ууккан Танабайдын октой сөзү жан досу Чоронун өлүм саатын тездетти. Танабай менен Чоронун трагедиялуу күйүттөрүн коштоп:

«Тагдырым мени каргады, ботом,  (– Танабай)

Тагдырым сени жайлады, ботом»,  (– Чоро)

деп Жайдар темир комузун какшата кагып жатты. Чыгармадагы пайдаланылган элдик күүлөр учурдагы болуп жаткан көрүнүштөрдүн маани-мазмунун тереңдетип, анын ички маңызын, андагы автордук идеяны ачууда жардамы зор. Буга чейин стихиялуу, табигый агым катары катышып келген фольклорду чебер пайдалануу авторго азыркы учурду өткөндүн тажрыйбасы, акыл-эси менен байланыштырууга, адилдик менен бакыттын салтанат курушуна тоскоолдук кылып жаткан табышмактуу трагедиялуу коллизиялардын түпкү тамырына чейин жетүүгө, социалдык-философиялык жактан тереңден ачып берүүгө мүмкүндүк берди. Адилдиктин арамдык менен күрөшүнүн түбөлүктүү идеялары образдар системасында өзгөчө материализацияланды.

Ч. Айтматов 60-жылдардын аягында «Ак кеме» повестин жазып, дүйнөлүк адабиятта фольклорду чыгармачылык менен пайдалануунун дагы бир сонун үлгүсүн жараткандай болду. «Активдешкен фольклор түрдүүчө пайдаланылат: «кээде көркөм каражат катарында», кээде «жалпы маанидеги сөз айткысы келген учурда», ал эми «Ак кемеде» чыгарманын өзөгү катарында пайдаланылган.58 «Ар бир жаңы аңгеме баштаганда өзүңдү эч кандай тажрыйбасы жок сыяктуу сезесиң. Анткени ар бир жаңы чыгарма таптакыр башка ыкма, башка форма, башка көркөм каражаттарын талап этет»59 – деп жазуучу өзү айтканындай анын кийинки жазылган «Ак кеме» повестине чейинки чыгармаларынан подтексттин айрым гана элементтерин кезиктирбесек, алгачкы эки повестиндегидей подтекст негизги ыкма катарында колдонулбайт.

«Ак кемеде» жомок менен чыгарманын чегин бөлүп ажыратууга мүмкүн эмес. Мында жазуучу миф аркылуу бүгүнкү күндүн актуалдуу жана глобалдуу проблемаларын көтөрүп, аны жогорку көркөмдүүлүктө чечип берүүгө жетишкен. «Бул чыгарма баарынан мурда кылдат талдап, ойлонуп, акыл-зээн менен окууга негизделген. Ар бир сөзгө, ар бир деталга ой жүгүртүп, алардын ички татаал байланыштарын иликтей отурганда гана чыгарманын не бир тереңдеги маани-сырлары улам ачыла берет».60

Повесттин башкы каарманы – Бала. Баланын ата-энеси ажырашып кетишкен. Бала таятасы менен өгөй таенесинин колунда. Кордондо болгону үч түтүн жашашат. Кошулуп ойноор курбусу жок. Пенделиктин көйгөйүндө жүргөн чоң кишилер үчүн баланын бары-жогу бирдей, ал түгүл өгөй таенеси менен Орозкул үчүн  артыкбаштай  көрүнөт.  Бирөөдөн  кагуу  жеп ызаланып келгенде туурук алаканы менен жашын аарчып, жаны ачыыр кишиси – жалгыз таятасы. Таятасы небересине түрлүү жомокторду бабын келтире айтып берет. өзү кошо жүргөнсүп бир ыйлап, бир кубанып, кээде бир топко ойлонуп отуруп айтат. Ушунчалык ишенимдүү баяндалган таятанын жомогуна бала моокун кандырып угуп, чын дилинен ишенет. Көркөм сөзгө каныккан баланын фантазиясы да күчтүү.

«Бу баланын эки жомогу боло турган. Бири – жан билбеген өз жомогу, экинчиси – таятасынан уккан. Акырында эки жомогунун бири да калбады. Кеп оролу ушунда», – деп башталат повесть.

Бала өзү кураштырган Ак кеме тууралуу жомок – ата-энеге карай тарткан жол. Ал – чуркаса буту жетпеген, ыраактан каңшаары угулуп, жыты аңкыган эненин кумары, кол сунса жетпей, бүлбүлдөп күйүп, талыбай тиктесе көзүн күйдүргөн атанын карааны.61

Бала өз жомогун эч кимге айта элек. Ал оюнда гана өзү бир көрбөгөн, бирок жолугушууну эңсеген атасына гана айтат, баланын жомогун «тыңшап» уккандан кийин гана анын образы даана ачылып, алдыңкы планга чыгат. Баланын жомогун ээрчип окурман жаратылыштын жандуу, сыйкырдуу, кооз дүйнөсүнө кирет. Анда бардык нерсе жандуу. Адамдар сыяктуу эле булуттар дагы капаланганды, кубанганды билип, бирде арстан болуп жал үксүйтүп, бирде ак куу болуп моюн койкойтуп түпсүз көккө каалгып оюн куруп, көңүлүңдү алаксытат. Таштар да ар түркүн: «жаманы» да бар, «жакшысы» да бар, ал түгүл «митаам», «куукаптал», «макоолору» да бар. Анда чөптөрдүн көп түрлөрү, алардын ар кыл өнөрлөрү, мүнөздөрү менен танышууга болот. Күлмүң көз гүлдөр кызыктуу аңгеме куруп беришет. Бирок кызыктуу аңгеме угардан мурда алар менен достошуу, кылдат мамиле жасоо керек. Ошондо гана алардын жомогун уга аласың. Ал эми Бала алардын «тилин» жакшы билет. Чөп болсо сыдырып, таш болсо сылап, сүйлөшүп өтөт. Жаратылышка «тилмеч» болгон ушул бала эр жетсе адам менен жаратылыштын ортосундагы «түшүнбөстүктөр» азаярына шек жок эле. Бирок Баладагы мындай мүмкүнчүлүктүн өсүп жетилишине бир топ объективдүү жана субъективдүү себептер тоскоолдук кылды.

Чыгарманы окуп бүткөндөн кийин ушундай зирек, зээндүү, акактай тунук баланы өлүмгө ыраа көрбөй, «кап» деп өкүнүп, кайрадан окуяларды бирден чубуртуп, ой таразасынан өткөрөбүз. Баланы сактап калса болот беле, эгер болсо баланын келечеги кандай болот эле деп ой учугун чубап отуруп жазуучунун бүтүмүнө аргасыздан макул болуп, жазуучу менен кошо Баланын өлүм эмне экенин билбей, арамдыктан алыс кеткенине көңүл жубатабыз.

Балалык – бул адамзаттын эң бир таза, арамдыктан алыс учуру. Повесттин акырында төмөндөгүдөй салыштыруу бар: «адамдагы балалык абийир дандагы түйүлдүк сыңары. Түйүлдүгү жок дан өспөйт». Мындай салыштыруу түздөн-түз чыгарманын логикалык жыйынтыгынан улам келип чыккан.

Ооба, балалык абийир дандагы түйүлдүктөй нерсе экен. Эгерде ал түйүлдүк жакшы кыртышка туш келип, күн жылуу мээримин төгүп берсе, ал өсүп, түшүм берээри чын. А кээде, тилекке каршы, жаңы өнүмдү үшүк уруп кетиши мүмкүн. Ч. Айтматовдун дагы бир чыгармасында («Кызыл алма» 1964) балалык жөнүндө минтип айтканы бар: «…Баарынан жаманы, баланын жан дүйнөсү. Баланын назик сезимин бузбоо керек, жанын жашык кылбоо керек. Адам дал ушундай жаралган тура: адам жанын муздатып, тоңдуруп алуу оңой, аны кайра эритүү кыйын, кыйын түгүл мүмкүн эмес. Ошондон улам жарым жан балдар өсүп чыгат».62 Мындай кырсыктын алдын алыш үчүн Толгонай эне («Саманчынын жолу»), Азиз чоң эне жана алардын айылдаштары («Күн автопортретин бүтө элек»), Исабеков («Кызыл алма») тынчсыздануу менен кам көрүшөт. Ал эми баланын жалгыз таянычы – таятасы Момун момундугунан «орозкулдарга» багынып бербедиби.

Баланын өз «ыктыяры» менен «балык болуп» сүзүп кетишине түрткү болгон эң негизги себеп – бул маралдын атылышы экендиги баарыбызга маалым. Эгерде кеп эле ушунда болсо, балким чыгарманын финалын айрым окурмандар айтышкандай өзгөртүп (Орозкулду сотко берип, Момунду пенсияга чыгарып, Баланы интернатка өткөрүп) коюуга мүмкүн болот эле. Бирок бир канча подтексттик линияларды чыгарманын финалы менен туташтыруудан улам мындай өзгөртүү, тескерисинче, Д. Стариков айткан «акталбаган айласыздыктын»63 өзү болмок деген жыйынтыкка келебиз. Биздин мындай жыйынтыгыбызды шарттоочу биринчи линия жети ата жөнүндөгү эпизодго байланыштуу.

«Жанында руль кармап, жумшак орунда өпөңдөп отурган бул делдең кулак, чоң баш балага назары түшүп, солдат кызыгып калды. Бирок бала дагы сураштыра келсе, солдат өз уруусунун башталышы түгүл, жети атасын так билбейт экен, ага аябай уялып калды. Айта келсе үч атага араң жетти. Андан арычы?

– Жети  атаңын  аттарын  үйрөткөн  жок  беле акең? – деди Бала.

– Ит билеби. Ага не таңсык болдың? Жети атамы билбейм, бирак, көрүп турасың гой, көп катары жасап жүрөм.

– Атам айтат, адамдар ата тегин унутуп койсо бузулуп кетет дейт.

– Ким бузылат? Кисилерме?

– Ооба.

– Не үшин?

– Анда дейт, атам айтат, баары бир балдарым, балдарымдын балдары билбей калат деп адамдар жакшылык кылбай калат». (87–88-б.)

Ата-бабалардын муундан-муунга керээз болуп айтылып келаткан бул сөзүн аруу дүйнөсүнө бекемдеп кабыл алган бул бала ушул сөздөрүн эр жеткенде бирөөгө ишенимдүү, жан-дүйнөсүнө бүлүк түшпөй айта алаар беле?..

– Жок… Бул – Баланын пешенесине жазылып коюлган жеке трагедиясы.

Балага, (жалпы эле адам баласына) ата-эненин мээрими аба менен суудай эле керек ко. Ал мээримди албай өскөн адамдын жан дүйнөсүндө боштук калып, анын ордун өксүк, өкүнүч ээлейт. Бала да таштап кеткен боюнча бир кайрылып келбеген ата-энесин сагынат. Көңүлү кир, көкүрөгү чер. «Эс тарткан сайын көкүрөгүнө муң толо баштаганы го…» (70-б.) «Анан калса бетегеден бою чыкпай жатып, бир мүнөз кыялы бар. Мындай балдар кишинин ичи-коюнуна кирип, жапакеч болбойбу…» (75-б.) Ага кошул-ташыл өгөй таянеси «өгөйсүң», «өгөйдөн убай буюрбайт» деп ар кадам сайын эскертип турат. Орозкул болсо «бирөөнүн таштанды баласында ишим канча» деп ойлойт.

Алдыда дагы ушундай бир мүнөз балага ушул сыяктуу жүрөк канатаар сөздөрдү айтып басынтып, өч алгысы келгендер, «атаң ким?», «элиң ким?» деп жарга такоочулар жолугаар… Ушул сыяктуу ойлор башка келгенде эрксизден орустун таланттуу драматургу А. Островскийдин «Күнөөсүз күнөөлүүлөр» пьесасындагы Незнамов эске түшөт. Незнамов башынан кечирген азаптануулар, кыйналуулар, жан-дүйнөсүндөгү бороондор Баланын келечегинин картинасын көз алдыга тартат. Ага жылуу карап сөз айтса – боор ачыгандай, катуу айтса – кемсинткендей, тамашаласа – шылдыңдагандай туюлат.

Ошондой эле жети атаны таанып билүү жөнүндөгү элдик салттын фонунда баланын тагдыры аркылуу жазуучу үй-бүлө түзүү – ыйык жана жооптуу иш экендиги, үй-бүлөнүн пайда болушу менен элдин, ата-бабалардын, келечектин алдында аны куруучуларга зор милдет тагылаары жөнүндөгү тарбиялык сабагын бере өтөт. «Повестте жүрүп жаткан окуяларга карата, өзгөчө баланын жетимдик тагдырына карата бул элдик насаат дагы бир маанилүү автордук ойду баяндайт. Өз тукумуна жоопкерчилик менен мамиле кылбаган ата өзүнүн турмушун кандай гана жакшы куруп албасын, эртеби-кечпи жазасын тартууга туура келет. Анткени ал муундарды байланыштыруучу звенону бузду, элдик ыйык салтка шек келтирди. Ал үчүн эң оор жаза балдарынын айыптоосуна калуу болмокчу»1.

Баланын «балык болуп сүзүп» кетишин шарттаган экинчи линия – Момун чалдын өз жомогуна өзү кол көтөрүшүнө аргасыз кылган нерсе – бул анын турмушу. Бала да ушул турмушка аралашып жашайт.

Ч. Айтматовдун мурдагы «Гүлсарат», «Ак кеме» повесттерине чейинки чыгармаларында подтексттер негизинен психологиялык планда колдонулат. Ал эми кийинки повесттерде жазуучу подтексттик ыкманын негизинде дипломаттык менен зор социалдык проблемаларды камтый өтөт. Момундун мисалында жазуучу биз күнүмдүк турмушта көп эле күбө болуп жүргөн айрым бир терс көрүшүнтөрдү, адамдардын психологиясындагы деградациялануунун ички себептерин, сырткы, коомдук-социалдык турмуш менен тыгыз байланыштыруу аркылуу тереңден ачып берген.

Момундун өзүнүн ыйык жомогуна кол көтөрүшү жөнүндө автор өзү мындай дейт: «Ал ата-бабалардын ыйык мурасына, абийирине жана өзүнүн осуятына бейбак кызы менен небересинин тагдыры үчүн гана балта чапкан жок. Мен мында социалдык аспектини көрүп турам. Мен бардык мотивдердин да айкалышын, чырмалышын көрсөтүүнү көздөгөм, Аны көз каранды эмес, эркин, кайраттуу, бактылуу кылуу үчүн коом дагы көп иштеши, көп нерселерди жасашы, көп маселелерди чечиши керек экендигин айтууну каалагам».64

Ошентип, Момун өз жомогун өзү жок кылды. Бала жүрөгүнө өзүнүн кереметтүү жомоктору менен аруулуктун үрөнүн сепкен Момун өзү Бугу-Эненин тукумуна ок атты, же тагыраак айтканда аттырышты.

Момундун Бугу-Энени атпаска чарасы жок эле. Ал бардык жагынан кысылган жана жалгыз эле. «Бай-манаптын жомогу», «жазчу жерге жазып жиберем» деген Сейдакматтын безге сайган сөздөрү, небересине Алабашты мине чаап көрсөткөн биринчи каршылыгы үчүн таякка ууккан кызынын каргышы, акырында небересинин тагдыры ушуга алып келди. Ал кандай да болсо Орозкулдан алган жарыбаган акча менен тирүүлөй жетимин эрезеге жеткирүү. Андан эрте өлүүгө акысы жок. Момун чал Баладай балык болуп сүзүп кеткиси келген күндө да анте албайт. Ал Орозкулга жипсиз байланган. Сейдакмат маашырлана минтип айтып отурат: «өзүң бил анда, – дедим мен. Мылтыкты таштадым да, кетмекчидей бурулсам чал мени ээрчиди. «Мага баары бир, – дедим, Орозкул иштен кууп жиберсе совхозго кирип кетем. Карыганда сага эле кыйын болот го?» Абышка ойго батып кыйналып калды».

Момун совхозго кирип иштеп кетейин десе алдуу-күчтүү кез өткөн, кезинде Момундун колунан келбеген иш жок эле. Малдын малдай азабы бар демекчи, негизинен мал чарбачылыгы менен кесипчилик кылган айыл-кыштактарда же жайдын аптабына, кыштын ызгаарына карабай мал четинде турган малчы болуш керек же кетмен чаап, сугат сугарып малга тоют камдаган данчы болуш керек. Ошон үчүн Сейдакматка карап, ал наалып отурат: «Э, сага кор болгон кайран жаш! Элдин сендей балдары тигинтип машине айдап аркырап жүрөт, сен өз тилиңе ээ боло албадың ушуга чейин. Мен азыр сенин курагыңда болсом – куруп калганда трактор минмекмин». (115-б.)

Момун чалдын маралды атышы кандайдыр бир деңгээлде Бостондун карышкырды атышы менен окшоп кетет. Орозкул менен Базарбайдын кесепетинен Момун чал небересинен, Бостон баласынан ажырап жатат. Эки убакта тең аргасыздан ок атылып жатат. Бостон дагы: «Айланайын Акбара, таштап кет баламды, экинчи бөрү баласына кол көтөрбөйүн», – деп жалынат. Акбаранын аянычтуу абалына түшүнөт. Бирок баласын сактап калыш үчүн Акбарага ок атууга аргасыз болот. Акбара менен кошо баласын атып алат. Момун маралды атуу менен небересинин өлүмүнө себепкер болот. Базарбай менен Орозкул дагы жазадан сырткары калбайт. Ошентсе да жаратылыш деген жалпы нерсе го, бир тентектин кылганы көпкө залалын тийгизиши мүмкүн.

Баланын балык болуп сүзүп кетишин шарттаган дагы бир себеп – бул анын мектебине байланыштуу келип чыгат. Баланын Ак кемеге – Келечекке карай умтулуусу күч. Бала менен Ак кеменин ортосунда аралык жатат. Бала ар дайым ак кемени турнабай менен көрөт. Ак кемеге жетиш үчүн балага күч-кубат жана убакыт керек. Адабиятчы К. Асаналиев айткандай, ал үчүн адегенде дил баштыгы – портфелин билимге толтурушу керек. Ал эми билимди ал кайдан алат? «Бала көл бетин көпкө карап жатты. «Ак кеме али жок, – деди китеп кабына. – Кел эми экөөбүз мектебибизди карайлы» (24-б.)  Эми ошол келечекке карай жол тартаар жаш муундарга «азык берүүчү» мектеп кандай абалда, мына ошону карап көрөлү.

Ошентип Бала турнабайды өзү жакында бара турган мектеби тарапка бурду. Эмнени көрдү дебейсизби?.. Биринчи эле айылдын башындагы, шифер жабылган мал сарайды көдү. Анда асыл тукум торпок багылат. Аерде да бир кезде калың токой болгон. Андан кийин тээ көчөнүн этегиндеги кара күрөң калдыркан черепица жабылган, жалгыз мору кыйшайган, ээн турган мектебин көрдү. Дүрбүдөн дубалдагы жаракаларга чейин көрдү. Бир жерине балдар көө менен дагы бирдеме жазыптыр, терезенин бир көзү сынып, ордуна гезит чаптап коюшуптур, веранданын такталары да кажып калыптыр».

Бала мектеби жакты карап көргөнү ушул, жазуучунун айтканы ушул. Бала барчу мектеп жөнүндө атайын башка сөз да кылынбайт. Ал эми ушул эки-үч ооз сөздүн аркасында канчалаган зор подтексттер жатат. Ал – материалдык байлык, ошол байлыкты жаратуучу адамдардын биринчи коюлуп калгандыгы жөнүндөгү подтекст; элдин турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртууда; коомду алга жылдырууда башкаруу, жөнгө салуу стратегиясындагы чоң жаңылыштыктар болуп жаткандыгы жөнүндөгү подтекст, мектептердин абалы начар экендиги, билим берүүдөгү жүргүзүлүп жаткан иштердин, методдордун эскиргендиги; «кажып калгандыгы», ал методдордун торпоктордон асыл тукум порода чыгарып, шифер менен жабылган сарайларда багып жаткан мезгилге ылайык келбей калгандыгы жөнүндөгү подтекст. Ал эми терезенин сыныктарынын газета менен чапталып турушунда да өзүнчө бир ирониялуу маанай бардай – кемчиликтер ураанга толгон сөздөр менен жабылган (Ал кездеги гезиттик стилге идеологиялык саясый талапка ылайык социализмдин жемиштүүлүгүн, артыкчылыгын даңазалаган көкөлөтүлгөн бийик пафос, ураандуулук мүнөздүү болгон).

Ушинтип таланттуу жазуучу подтексттик ыкманы чебер пайдалануу менен коомдо орун алган кемчиликтерге сын көз менен карап, алардын «кичинекей» адамдардын тагдырына катышын ачып көргөзүү менен бул, ошондой эле Баланын «өз эрки менен балык болуп сүзүп кетишин» шарттоочу факторлордун бири экендиги жөнүндө ой кыябын келтирет.

Жогоруда биз «жандырган» подтексттик маани өтө эле далдаалатылгандыктан окурмандын көз кырына оңой менен илине бербейт. «Подтекст действительно не может не быть достаточно скрытным. «Действительная сокровенность» подтекста приводит к тому, что там где он наличествует, возникают две смысловые линии (самодостаточные, внутренне-законченные): одна – явная, другая – подспудная. Читатель может не увидеть подспудного смысла — какого-либо места (или даже произведение в целом), тем не менее как ему кажется, он «понимает все», явный смысл, внешний план («текст») ведь целостен и внутренне закончен», – деп Э.Б.Магазаник65 белгилегендей «Ак кеме» повести боюнча Б.Шамшиев тарабынан тартылган кинофильмде да ушул подтексттик мотив катышпайт. Б.Шамшиев дубалдары жарака кеткен эски мектептин ордуна жаңы бүтүп жаткан заңгыраган мектеп, жаңы курулуп жаткан шаар, шайыр-шатман жумушчулар коллективин көрсөтөт. Бул өзгөрүү, анча байкала бербегени менен, анализдей келгеңде идеялык мазмунда ажырымдык болгондугун көрүүгө болот. Повестте жазуучу эски мектеп менен «асыл тукум торпок багылган» мал сарайдын кайчылаш көрүнүшү аркылуу коомдогу катачылыкты жана ошону менен бирге анын «кичинекей» адамдардын тагдырына болгон катышы жөнүндө айтайын деген болсо, кинодо режиссер жаңы бүткөн мектепти көрсөтүү менен социалисттик коомдун артыкчылыгын, анын күн санап жаңырып, өсүп жаткандыгын көрсөткүсү келет.

Албетте, ойду атайылап эле тумандатуунун зарылдыгы жок. Бирок кээде ушинтип жазуу зарыл болот. Биринчиден, чыгарманын композициясы ушуну талап кылат, а кээде жазуучу өз оюн коом алдында ачык айтууга мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп турган убакта ушул ыкманы пайдаланышы мүмкүн. Анын үстүнө жазуучу көркөм чыгарманы жазууда өз оюн образдар аркылуу жеткириши керек эмеспи. Ал эми бул – жазуучунун эл алдына чыгып кайсы бир саясый проблема жөнүндө оозеки же жазуу түрүндө билдирүүсүнөн таптакыр башка нерсе. Албетте, жазуучунун позициясы эки убакта бирдей эле, бирок оюн билдирүү ыкмасы, методу эки башка.

Ушул жерден чыгарманын логикалык жыйынтыгына байланыштуу оюбузга бир аз тактык киргизе кетсек. Ырас, мектептен берилчү билим анын эски-жаңылыгы, кичине-чоңдугу менен өлчөнбөйт. Убагында  Алтынай  билимдин  башатын  ичи-сырты Дүйшөндүн колу менен эптеп жымсалданган эски атканадан алып баштаган. Согуш учурунда саман жагылган суук класста деле Инкамал-апай Цейлон аралы жөнүндө кызык сабагын өткөргөн. Ал жылдар артта калды. Жакшырган турмушка жараша нечендеген дыйкан, жумушчу, интеллигент ата-энелердин эмгегинин үлүшүнөн нечендеген заңгыраган мектептер салынды. Бирок ушуну менен эле билим берүү системасынын, Орозкул бой көтөрүп айткандай «качан көрсөң кол көтөрүп, райондун жолунда, мектепке көмүр керек эле, айнек керек эле, бор керек эле деп турган», «беш жылдан бери ийнинен бир пальтосу түшпөгөн» мугалимдердин бардык проблемалары чечилип калган жок. Басымдуу пикирлердин сандык суммасына таянып чыгарылчу социологиялык изилдөөнүн жыйынтыгынан айырмаланып, жазуучунун көркөм чыгармаларында жыйынтык – чыгарма жазууга түрткү болгон айрым бир көңүл кубанткан, сонуркаткан жакшы көрүнүштөр, түйшөлтүп бейпайга салган жеке адамга байланыштуу же коомдук маанидеги терс көрүнүштөр аркылуу чыгарылат. Ч. Айтматов өзү жашаган коом – социалисттик түзүлүш системасына сын көз менен карап көптөгөн калемдештеринен айырмаланып, кетирилип жаткан кемчиликтерди, катачылыктарды өз учурунда чыгармаларында сынга алган. Ал жеке менчиктик бийликтен жалпы элдик бийликке өткөн социалисттик коомдо да анын өзүнүн саясый-социалдык структурасына ылайык проблемалар келип чыгаарын, катачылыктар болорун, төмөнкү, «кичинекей» адамдардын проблемаларын жогорку (илимий, техникалык, саясый аброй) жетишкендиктер менен бастырып, далдаалап коюу Сегизбаев, Кашкатаев, Алданов, Орозкул сыяктуулардын гана чырагына май тамызып, ого бетер бийликке умтултаарын; Танабай, Чоро, Момун, Бала алардын курмандыгына айланаарын көрсөтөт. Бала, биринчи иретте, Орозкулдун «бийлигинин» курмандыгы. «Ак кеме» жарыкка келгенде «советтик бала да өлөбү?» деп күйгүлтүккө түшкөн идеолог-сынчылар болгон. Буга жазуучунун СССР Жазуучулар Союзунун V съездинде сүйлөгөн сөзү (1971-жыл, аталган повесть жөнүндөгү кызуу талкууларга удаа) кандайдыр бир деңгээлде жооп болуп түшөт.

«Мен искусстводогу трагедиялуулуктун табияты советтик адабияттагы трагедиянын концепциялары туурасында өзүбүздүн билимдерибизди, түшүнүктөрүбүздү, тажрыйбаларыбызды ортого салып, кеңири дискуссиялык планда пикир алышууга убакыт жетти го деп ойлойм. Трагедия – чындыктын объективдүү категориясы, аны этибар албоо же тоготпой коюу жарабайт. Трагедия бул бакыт, аң-сезим, чыгармачылык сыяктуу эле адам менен бирге болучу нерсе. Бул анын тиричилигинин, жашоосунун бир бөлүгү».66 Башкача айтканда, кайсы гана заман, кайсы гана өлкө болбосун Момундай, Орозкулдай түркүн адамдар жашап турганда жакшылык менен катар жамандык, кубаныч менен катар кайгы жанаша жүрөрү ырас.

Ал эми душманына жүгүнбөс, чыныгы коммунист Танабайдын трагедиясы – анын «ылдыйбаш» чыгып калган, чоңдоруна «жагынып чоң болгусу келген» баласы тууралуу Чыңгыз Айтматов «Молодой коммунист» журналына (1972, № 1) берген интервьюсунда кабарчынын «Эмне үчүн Танабай өзү кайраттуу, эрктүү адам боло туруп, бул сапаттарды уулуна сиңире алган жок», – деген суроосуна мындайча жооп берет: «Бул повестте мен биздин өлкөнүн тарыхындагы абдан татаал мезгилге мүнөздүү кырдаалды чагылдыргамын. Ал – кээ бир жетекчилердин практикалык аракеттери биздин коомдун түзүлүшүнө база болгон принциптер менен кайчылаш келип турган учур болчу. Андай жетекчилер ар кандай жолдор менен адамдарда тил алчаактык, өзү билбестик, демилгесиздик, ойсуз аткаруучулук сыяктуу сапаттарды жайылтууга аракеттенишкен. Белгилүү өлчөмдө Танабайдын уулун да ушундай атмосферанын, кысымдын курманы катары эсептөөгө болот. Бул анын күнөөсү дештен мурда, анын азабы дегенибиз оң».67 Демек, мында да коом, мезгил менен келечек муундун тагдырынын ортосундагы байланыш жөнүндө маселе жатат.

Танабайдын баласынын «ылдыйбаш» чыгып калышынын түбүндө анын бала күнүндө алган тарбиясынын (башкача айтканда, мектеп жашында, бул учур баланын келечекке карата көз карашы калыптанаар учуру) үлүшү бар. Бул учур так ошол бийликке сыйынып, бийликке багынып турган 50-жылдардын тегереги эле. Повестте Танабай баласына байланыштуу досу Чорого күдүктөнө суроо салып, мындай дейт: «Бизди койчу. Биз ырдаарыбызды ырдадык, жасаарыбызды жасадык. Азыркы жаштарды айтам. Мына мен интернаттагы балама барып жүрөм. Кандай адам болууга окуп жатканына таңым бар. Бешиктен бели чыкпай жатып, чоңдоруна жагынганды үйрөнүптүр. Ата, дейт, мектептин директоруна бат-бат кымыз алып келип, берип турсаң дейт. Эмне үчүн? Окуусу жаман эмес… Анда эмне үчүн дейм да… Анан дагы алардын ырдаганын көрдүм… Бала күнүмдө мен Александровкада Ефремов деген оруска малай жүргөм. Бир жолку кызыл тукум майрамда Ефремов мени чиркөөгө ээрчитип барды. Биздин азыркы балдар да ошол орустун чиркөөсүндөгү ырчылардай болуп, сахнага чыгып алып, какчыйып кыймылдабай туруп алып ырдашат экен.

Бир эле айтканын кайталай беришет… Мен жактыра албадым. Деги мен көп нерселерди түшүнө албай жүрөм, бир отуруп сырдашсак болор эле… Турмуштан артта калып баратамбы, көп нерсени түшүнбөчү болдум».68

Танабайдын бул суроосунда каармандын өз заманы, ордун басар уулу, келечек турмуш жөнүндөгү тынчсыздануулары менен катар жазуучунун советтик коом коммунизм жөнүндөгү кооз жомок менен адамдарды үмүттөндүрүп, алардын акыл-эсин өз идеологиясына баш ийдирүү аракеттерине параллель салыштыруу катары адамдардын ишенимин аркы дүйнө, бейиш жөнүндөгү үмүт менен кызыктырып, диний талап, жол-жоболорго баш ийдирген дин69, башкача айтканда, чиркөө ырларын сөзгө кыстара кетүү менен советтик идеологиянын диндин ордун «ээлөөчүлүк» аракеттери тууралуу алдыртан кыйытуусу да, салыштыруу да бар. Бул идея кийин жазуучунун «Кылым карытаар бир күн», «Кыямат» романдарында андан ары өнүктүрүлгөн.

Ошентип, Ч. Айтматовдун повесттеринде подтексттин көркөм ыкма катары колдонулушу тууралуу ойлорубузду кыскача жыйынтыктасак, алгачкы эки повестте подтекст психологиялык планда катышса, кийинки «Ак кеме», «Гүлсарат» повесттеринде автор сюжеттин өнүгүшүн, чыгарманын логикалык жыйынтыгын шарттоочу, өз учурунда ачык айтууга мүмкүн болбогон саясый-социалдык маанидеги мотивдерди тексттин түпкүрүнө чөгөргөн.