КАДЫРМАНБЕТОВА Айнура: АЙНУРА КАДЫРМАНБЕТОВА: КЫРГЫЗ ПОВЕСТТЕРИНДЕГИ ПОДТЕКСТ ПРОБЛЕМАСЫ

КИРИШ БӨЛҮМ

Бүгүнкү күндө кыргыз адабияты өнүгүүнүн жаралуу, калыптануу сыяктуу этаптарын артта калтырып, белгилүү көркөм-эстетикалык бийиктикке жетишкен убагы. Жазмасы эрте өнүккөн, батыш, чыгыш элдеринин, атап айтканда орус, немец, япон адабиятына салыштырмалуу бул бийиктик улуттук көркөм сөз өнөрүндө өтө кыска мөөнөт ичинде болду. Кыргыз адабиятындагы, аны менен бирге кыргыз адабият таануу илиминдеги жетишкендиктерди жалаң кыргыздын жеке маданий, адабий коомдук өнүгүшүнүн түшүмү катары кароо чоң жаңылыштык болор. Жакынкы күндөргө чейин кыргыз адабияты, адабият таануу илими, сыны мурдагы көп улуттуу Совет адабиятынын бир тармагы катары өнүгүп келди. өзгөчө XIX кылымда эле жалпы европалык, дүйнөлүк адабий процесстин өнүгүшүндөгү алдыңкы идеялык-эстетикалык жетишкендиктерди өзүнө сиңирип, көркөм поэтиканын негизги методдору иштелип чыккан орус адабият таануу илиминин, сынынын кыргыз адабият таануу, адабий сынынын өнүгүшүндө ролу өзгөчө зор болду.

Кыргыз адабият таануу илиминде адабий эстетикалык өнүгүүнүн ар кандай проблемалары жөнүндө концептуалдуу ойлорго бай, чыгармачыл адамдардын калемин курчутууга изденүү багытын аныктоого, окурмандардын эстетикалык табитин тарбиялоого таасир эткен бир канча илимий эмгектер, сын макалалар жазылды. Көркөм чыгарманын негизги өзөгүн түзүүчү көркөм каражат, көркөм ыкма жөнүндөгү теориялык маселелер кыргыз көркөм адабий фактыларынын негизинде иликтөөгө алынып, белгилүү бир деңгээлде  алардын  негизги  принциптери  аныкталып, такталды. Ошондой болсо дагы бүгүнкү күндө өзүнүн изилденишин күтүп жаткан проблемалар жок эмес. Алардын бири көркөм чыгармадагы подтекст маселеси.

Подтекст – адабий өнүгүүнүн эң кийинки баскычында, өөрчүгөн реализмге, тереңдетилген психологизмге мүнөздүү1 келип чыккан көркөм ыкма. Ал өнүгүүнүн бардык түрлөрүндөй эле жөнөкөйдөн татаалды көздөй өнүккөн адабий процессте табийгаттагы татаал түзүлүш  – адам дүйнөсүн, адам турмушун ичкери тереңдиктен, объективдүү чагылтып берүү зарылдыгынан келип чыккан ыңтайлуу ыкмалардын бири. Мындай  ыкма XIX кылымдын аягында А. П. Чехов, кийинчерээк Томас Манн, Э. Хемингуэй, Ремарк сыяктуу жазуучулар тарабынан атайын таанылган көркөм ыкма катарында кеңири колдонула баштаган.2 Бирок бул, ошол мезгилге чейин подтекст көркөм адабиятта таптакыр болбогон дегендик эмес. Шекспир, Гете сыяктуу мыкты жазуучулардын чыгармаларында буга чейин эле подтексттин кээ бир элементтери жашап келгендигин байкоого болот. Ошентсе да, проблеманын татаалдыгынан жана көп жактуулугунан улам ушул убакка чейин көркөм чыгарманын поэтикасын изилдөөгө арналган окумуштуулардын эмгектеринде «подтекст» термини жөнүндө системалуу көз караш, бирдиктүү түшүнүк, аныктама жокко эсе.

Көркөм чыгармадагы подтекст проблемасы 60-жылдарга чейин жеке эле кыргыз адабият таануу илиминде эмес, мурдагы жалпы совет адабият таануу илиминде да изилдөөдөн тышкары калып, теориялык жактан өздөштүрүлбөй келгендигине көптөгөн илимий эмгектер менен таанышуу процессинде күбө болдук.

«Подтекст» термини алгач театр искусствосунда пайда болуп,3 андан адабияттаануу илимине өткөн. Бул терминге адабиятчылардын кызыгуусунун башталышына алгачкы түрткү катары окумуштуу-тилчи В.В.Виноградовдун 1955-жылы жарык көргөн «Итоги обсуждения вопросов стилистики» деген макаласы болгондугун байкоого болот.4

Стилистика маселесине  арналган бул макаласында В.В.Виноградов, албетте подтекст жөнүндө атайын сөз кылган эмес. Ал речтин формалары (оозеки, жазма) менен речтин стилинин ортосундагы байланыштар жөнүндө айтып баратып «подтекст» терминине кайрыла өтөт. Макалада речтин формаларын изилдеп үйрөнүүдө оозеки речь менен жазма речтин ортосундагы «речтин стили» деген түшүнүккө байланыштуу чаташуулар тууралуу кеп төмөнкүчө уланат: «Азыркы роман, повесть, аңгемелер (пьесалар жөнүндө сөз кылбай эле коёлу) «сүйлөшмө (разговорный) стиль» деп көп айтылып жүргөн нерсени бизге жазма түрүндө берсе, ошол эле учурда илимпоздун же дипломаттын оозеки речи «жазма» же «китептик стилде» болушу мүмкүн. Речтин сүйлөшмө формасынын китептик-жазма формадан айырмасы – анда аңгемелешүүчүлөрдүн интонациясы, мимика жана жести, турмуштук кырдаал, чөйрө чоң роль ойногондугунда. Сүйлөөчүнүн ниетине, максатына жана экспрессиясына жараша сөздүн предметтик мааниси эмоционалдык маанини берүү каражатына айланып кетүү касиетине ээ. Мисалы, «Кутмандуу күнүң менен! Жашоолор кандай?» деген сөз дайыма эле учурашуу маанисинде болбойт. Айрым бир шарттарда бул сөздөр бирөөнү шылдыңдоо, келекелөө, кемсинтүү ниетинде айтылышы мүмкүн, башкача айтканда бул сөздөрдү айтып жаткан адамдын ниети сөздүн баштапкы маанисине карама-каршы келет. Ушуга байланыштуу речтин сүйлөшмө формасын кагазга түшүрүүдө анын лексико-фразеологиялык, синтаксистик жана интонациялык өзгөчөлүгү келип чыгат. Бул театр искусствосунда «подтекст» деген термин менен аталып жүрөт», – дейт В. В. Виноградов. Речке байланыштуу бөлүмдүн аягында (бул макалада тилдин көп маселелери каралган) окумуштуу: «Сүйлөшмө речтин мына ушундай өзгөчөлүгүн таанып билүү көркөм чыгармалардын диалогдук структурасын, стилдик өзгөчөлүгүн изилдөөдө өзгөчө маанилүү», – деп жыйынтыктайт.

В. В. Виноградовдун айткандарынан белгилүү болуп тургандай, подтекст – аллегория, метафора жана башка көркөм троптор сыяктуу эле оозеки речтин кадимки «сүйлөшмө стилинде» көп учурай турган көрүнүштөрдөн. Бүгүнкү күндө бул көрүнүштү түшүндүрүүчү сөз, «подтекст» термини, күнүмдүк лексикабызда ал түгүл көбүрөк учурап, адабияттануу, тил илиминдеги айрым терминдерге караганда активдүү пайдаланылат. Турмушта, пикир алышуунун ар кандай формаларында кеңири колдонулуучу метафора, гипербола, литота ж.б.у.с. өтмө маанидеги сөздөрдү сөздүн көп маанилүүлүк касиетинин көрүнүшү катары тилдик аспектиден изилдөө менен ал сөздөрдү акын, жазуучулардын белгилүү бир көркөм идеялык максатта колдонуу чеберчилигин, өзгөчөлүгүн изилдеген адабияттык изилдөөнүн ортосунда айырмачылык бир топ экендиги белгилүү. Ошондуктан, өзүбүздүн изилдөө объектибизди алдын ала чектеп алсак, биз бул иште подтекстти адабий көркөм ыкма катары адабият таануу илиминин аспектисинен гана карайбыз.

60-жылдардан кийин жарык көрө баштаган, көркөм чыгармадагы подтекст проблемасын теориялык жактан изилдөөгө арналган эмгектердин ичинен салмактуусу жана маанилүүсү катары, биздин оюбузча, Т. И. Сильмандын5, Э. Б. Магазаниктин6 эмгектерин атоого болот.

Т. И. Сильман өз макаласында подтекстти сюжеттин ички талабына жараша айтылбаган, бирок айрым бир көрүнүштөрдөн, репликалардан улам окурманда пайда болуучу маани экендигин белгилеп жана ал маанинин тексттин кандай объективдүү белгилерине негизделгендигин көрсөтүүнү максат кылат. Т. Сильмандын бул эмгегинде биринчи жолу подтекст структуралык-композициялык жактан изилдөөгө алынган.

Көркөм чыгарманын поэтикасын изилдөөгө алган айрым эмгектерде подтексттин терминдик түшүнүк чеги өтө жайылтылып, чыгарманын жалпы идеялык-эстетикалык мазмунуна барабарлашып кетсе, айрым эмгектерде, тескерисинче, ал диалогдорго гана байланыштуу көрүнүш катары тарытылып түшүнүлүп жүрөт. Э. Б. Магазаниктин «К вопросу о подтексте» деген эмгеги – маселенин мына ушул жагына багытталган эмгек. Ошондой эле беделдүү тилчи-стилисттер В. А. Кухаренконун7, И. В. Арнольддун8 эмгектеринде да подтекст маселесине байланыштуу аргументтүү теориялык ойлор айтылган.

Тилчи-окумуштуу И. Р. Гальпериндин «Текст – как объект лингвистического исследования»9 деген монографиялык эмгеги да подтекст маселесине тике байланышы бар эмгек катары кызыгууну пайда кылат. И. Р. Гальперин тексттин негизги категориясы катары информацияны белгилеп жана практикалык зарылдыгына жараша бардык тексттик информацияларды: а) фактылык-мазмундук информация (ФМИ) (СФИ содержательно-фактуальная информация); б) концептуалдык-мазмундук  информация (КМИ) – (СКИ – содержательно-концептуальная информация) (контекстуалдык эмес – А.К.); в) подтексттик-мазмундук информация (ПМИ) (СПИ содержательно-подтекстовая информация) деп үчкө бөлөт. Бул эмгекте подтекст тексттик маалыматтардын бир түрү катары анын башка информациялардан айырмачылыгы жана ал информациялар менен болгон өз ара байланышы жөнүндө сөз кылынат.

Көркөм чыгарманы талдоодо подтекст көбүнчө татаал троптор: символ, аллегория, метафора, метонимия жардамы аркасында келип чыгуучу кошумча маанилер менен да чаташтырылып жүрөт. Бул туурасында И. Р. Гальперин мындай деп жазат: «Среди упомянутых выше средств реализации двупланового сообщения известны также аллегория и символ – выражения отвлеченного, абстрактного понятия конкретным предметно-образным представлением. Все эти средства относятся к уже осознанным приемам одновременной реализации двух (и более) смыслов предложения в речи. Поэтому они могут быть представлены в виде определенных моделей, по которым образуется стилистические приемы; сущность которых состоит именно в двуплановой реализации смыслов предложении в сверхфразовых единств. Такого рода средства двуплановой реализации сообщения стали уже традиционными знаками «кода» языка художественной литературы. Для читателя, даже неискушенного в анализе стилистических средств, не представляет особой трудности увидеть двуплановость сообщения.

Другое дело – содержательно-подтекстовая информация. Здесь читатель сталкивается с каким-то сообщением не лежащим на поверхности и поэтому не выраженным вербально».10

Ушундан улам И. Р. Гальперин тексттин бул категориясын ачыгыраак элестетүү үчүн «подтекст» түшүнүгүн ага жакын болгон «символ», «прессупозиция», «концептуалдык-мазмундук информация» жана башка ушу сыяктуу түшүнүктөрдөн мүмкүн болушунча чектөө, ажыратуу керектигин баса белгилейт. Монографиянын аталышынан белгилүү болуп тургандай бул эмгекте подтекст информациянын бир түрү катары тилдик өңүттө изилденген.

Ал эми бул маселеге байланыштуу кыргыз адабият таануу илимине кайрылып келе турган болсок, биз андан подтексттин илимий-теориялык, практикалык проблемаларына арналган атайын илимий изилдөөлөрдү учуратпайбыз. Албетте, кыргыз адабиятынын тигил же бул маселелерине ылайык подтекст туурасында айтылып өткөн бирин-экин ойлор кезигет. Мисалы, К.Асаналиев подтекст туурасында: «…бул баарыдан мурда тереңдетилген психологизмге, өөрчүгөн реализмге мүнөздүү стилистикалык касиет»,11 – экендиги жөнүндө айтып өтсө, М.Борбугулов подтекстти «адабиятты турмуш менен ого бетер жакындаштыруу милдетинен келип чыккан»23 көрүнүш катары баалайт. А.Акматалиев: «… ал образдарда, каармандардын диалог-речтеринде, психологиялык ал-абалдарында, кыймыл-аракеттеринде, пейзаждык сүрөттөөлөрдү, символдорду, мифолегендаларды пайдаланууда, жада калса чыгарманын темасында да болушу мүмкүн»13, – деп белгилейт. Бирок бул аныктамалар өтө жалпылаштырылган жана аталган окумуштуулардын эмгектеринде концептуалдык изилдөө объектиси да болгон эмес, алар айрым маселеге байланыштуу гана өз учурунда айтылып кала берген.

Эгерде көркөм адабияттагы подтекст проблемасына арналган изилдөө иштерин учкай жыйынтыктасак, бул маселенин өтө талаштуулугун байкайбыз. Аларда көпчүлүк ойлор, пикирлер бири-бирине карама-каршылыктуу. Бирок ошол эле убакта, подтекст система катары иштелип чыкпаганы менен аны түзүүчү, шарттоочу предпосылкалык мүнөздөгү эмгектердин да молдугун айта кетмекчибиз. Мындай мүнөздөгү, – подтекст табиятын түшүнүүдө кыйыр түрдө чоң мааниси бар эмгектер катары көрүнүктүү театр ишмери, режиссер К. С. Станиславскийдин,14 белгилүү адабиятчы Л. Гинзбургдун15 эмгектерин атоого болот.

Подтекст проблемасын кыргыз адабиятынын мисалында иликтөөгө алуунун актуалдуулугу, биринчиден, жогоруда айтылгандай, кыргыз адабият таануу илиминдеги али тиешелүү деңгээлде иликтене элек подтекст маселесинин теориялык жагдайларын иликтөө менен аныкталса, экинчиден, подтексттин кыргыз профессионал көркөм сөз өнөрүндөгү эволюциясын анализдөө менен белгиленмекчи. Эгерде подтексттин көркөм чеберчиликтин белгилүү бир бийиктигине гана тиешелүү стилистикалык ыкма экендигин эске алсак, кыргыз адабиятын ушул өңүттө, башкача айтканда, подтексттүү текст – чыгарма жаратуунун татаал жолун иликтөөгө алуунун да практикалык мааниси канчалык экендиги өзүнөн өзү келип чыгат.

Иликтөөнүн объектиси катары 50–60-жылдар аралыгындагы кыргыз повесттери алынды. Анткени мына ушул мезгил адабиятчылар, сынчылар – бардыгы бир ооздон белгилеп жүргөндөй, кыргыз прозасынын профессионалдык деңгээли жогорулап, сөздүн толук маанисиндеги реалисттик, психологиялык көркөм чыгармалар пайда боло баштаган мезгил. Демек, подтексттин көркөм ыкма катары андан орун ала башташын да ушул учур менен байланышта кароо максатка ылайыктуу.

(Уландысы бар)