Салтанат Орозобекова : Жалган ырдын катарын жайнаткандар...

  • 27.03.2024
  • 5872

РЕКВИЕМ

Акындар Т.Муканов менен Э.Тазабековго

Жардан, достон көңүл калып муздаган,
Жалгыз акын, сен эмессиң сыздаган.
Аялдан жок, же баладан айтпаган
Алыкул да жалгыздыкта узаган..

Дайым жалгыз. Жалгыз болот акындар...
Дүйнөдөгү бардык нагыз акындар.
Өз жанына өзү сыйбай калганда,
Тартып кетет боз мунарык закымдар...

Толкун жешип, какжыраган кайыктай,
Көздөн кайым болгон алар кайыптай.
Өзгөнү эмес, бир гана өзүн айыптай,
Толгон акын тозот окшойт айыкпай.

Көз жашыңдай ырың калаар көлдөгөн,
Кез келгенде окуп алар чөлдөгөн.
Кур атакты алган тирүү акындан
Акын улуу көрдө жатып өлбөгөн.

КУЮНДАП КЕТКЕН ПЕГАСТЫН ЖООБУ

Караанын үзүп кыярган күнүм,
жолума таштап жолдорду күүгүм...
капаска түшкөн булбулдай муңдуу,
көөдөндөн чыкпай кардыгат үнүм.

Оролуп ойлор, оо канча жүрдүм,
бурлакча тартып ойлордун жүгүн...
кыялап өтүп Пегасым менин
кылымдык жолду басамын бүгүн.

Кыйырсыз аалам... Ырлардын жолу
кынтыксыз эмес акындын жолу...
азабым арбып, арбалсам ырга
куюндап кеткен Пегастын жообу...

*     *     *

Айлар. Күндөр. Учуп учсуз жактарга...
Дайын-отуң жанат бекен кайра да?
Жалыныңан мен күйөйүн узакка...
Кел, ыр болуп, жүрөгүмө кайтаарда.

Учуп-күйүп бу жарыкта жыйганым,
Уюган чер... Өлгөнүмчө бүтпөгөн.
Балким менин бу ааламга сыйганым,
Удургуткан үдөсү көп шул дүйнө...

Үшүсөм да, үшүтпөсмүн ырларды,
Үшүгөндө окуйт ырды, ыр жандуу...
Капылеттен канат бүткөн ыр келет,
Кагылайын жарып чыгып кан-жанды.

Карайлаган карып чыгаар алдыман,
Же Жалгыздык айталааны жамынган.
Канат болуп бериш үчүн калдайган,
Канат керек, канат керек ырларга!

Айлар. Күндөр. Учуп учсуз жактарга...
Алып кошо кеттиң бекен мени да?
Жаңырыгын тыңшап жаздым жылдардын,
Жаңырыгым калган ошол жылдарда...

Үшүсөм да, үшүтпөсмүн ырларды,
Үшүгөндө окуйт ырды, ыр жандуу...

АЙ ДА МЫНА

Күүгүмдөнүп, нурданып, күндөр учуп кайдадыр,
Кайрылабы, кайран элес, оо качандыр кайра бир...
Бир ааламдан бир ааламга жаңырыгы жаңырган
Үнүм менин, оо, качаңкы акындын бир үнүдүр.

Кантип эле күйүп-жанып, көөдөн толо жашаган
Жан жоголот жалп деп өчүп, оо, биргүнү жараткан.
Керемети бар сыяктуу, өмүрдөй эле өлүмдүн да...
Ай да мына толуп, бошоп, чалкып, калкып бараткан...

*     *     *

Көйкөлүп көк шибер. Шыраалжын-шыбактар.
Бүлүнөт, жүгүрөт жөө күлүк шамалга.
Курутуп куу жанды дарт салып кыйнабай,
Кел чуркап куу ажал! Жанымды алаарда...

Шиберде жүгүргөн бир кыз бар жыңайлак.
Күн сылап маңдайын ээрчитет күн кечке...
Шол кыздай жүрөйүн беймарал, бейубак,
Сен ажал! Күн болуп акырын алып кет!

Күн сылап маңдайын, гүл аңкып адырда...
Санаа жок бир бүдүр ал кыздын көөнүндө.
Жалынсыз калтырба, жанымды алсаң да,
Күлүңдөп уктайын, нур өчпөй өңүмдө.

*     *     *

1

Жараткандын жарлыгын бүт жаңсаган
Жарыгын да, кар, бороонун каршы алам.
Жарылып бир чыгаар күнүн аңсаган
Кайнак гүлмүн, кар алдында канчадан...

Карайлаган канча бир акын-канча аалам,
Жок издеген, бул шорлогон жол менен...
Шол өмүрдү тагдыр буйруп жазгандан,
Шаңшып учпай, таштак жолдо сенделем...

Жасап-түзөп, жалган ырдын катарын
Жайнаткандар, жайнап... акын аталды.
Билбейм, күндүн качан мага батаарын,
Билем бирок, мен ырларга катаалмын.

2

... Ыргайт боюн, өзөндүн тал, камышы,
Тыңша, тыңша, суулардын да агышын.
Безеленгин, дуба кылгын күн-түнү...
Ырлар күндө канаттарын кагышын.

Керек эмес, жылдыз болуп жанышың.
Керек эмес, бүт баарына жагышың.
Керек бирок, сен азыраак өзүңө...
Жана жалгыз ыр кудайга жагышың.

Жакпайт, мага, телмирип тек басышың.

АБАКТА ЖАТКАН КҮНӨӨСҮЗ КҮНӨӨКӨРГӨ

Тордолгон темир терезе
Тосулган каалга, кереге.
Жабылбай турган бир гана
Жүрөктө муң терезе...

ӨЗГӨРҮЛМӨ ДҮНҮЙӨ

Куштар кайкып учуп барат ободо,
Күн да жаркып тийип турат төбөдө.
Оо оомалуу, оо төкмөлүү дүнүйө!
Сени унтуп баратат ал бирөөгө...

ПАРАДОКС

Өмүр кечип жалаң тайгак, тар жолдо
Акылмандар аалам сырын чечкиче,
Оюн салып жалган атак жолдордо
Амалдуулар ашуу ашып кетишти...

*     *     *

Бир кембагал алачыкта күн көрсө,
Хан сарайга итин багат бир кексе.
Кандай гана оомал-төкмөл бу заман...
Кангырап ээн, заңгыраган сан кеңсе.

*     *     *

Ай эместер, айсынып бир келберсиди.
Көңдөйлөр да көккө учуп тегизсинди.
Кудай сезип өздөрүн алгандар бар,
Аларды да, кудурет Күн ээрчиди!

*     *     *

Кадырың күйгөн, канатың ийген
Күндөрүң көптөй, көңүлүң көкташ...
Боштукта ушул, боз ала чаңдай,
Мейкинди эңсеп учамын кандай?...

Эзилген ушу боштукта жашап,
Эмнеден эми коркушум керек?
Баары бир түшкө, мейкиндер кирет,
Кабына батпай болкулдап жүрөк.

Быркырап сынып, ичимен сызып,
Каякка барам, кай жакка житип?..
Каңгыган боштук, кайырчы боштук,
Ажалым болуп ар таңда күтөт.

Жалынсыз түтөп, эмнени күсөп,
Эмнени күтүп жашадым десең?..
Мендеги жылдыз, мендеги оттук,
Мерт болуп неге калбадың экен?

Мелжиген асман, мейкиндик аккан
Мендеги жылдыз, мендеги оттук,
Мерт болуп неге калбадың экен?
Дарт болуп неге кыйнадың экен?

*     *     *

Эзилип ооругудай, жүрөгүм жүрөк беле... Жүрөк эмес!
Кан-сөлү жок бир үзүм эт. Муштумдай бир үзүм эт!
Оо бул аял нестейген, мен эмес... Жок мен эмес!
Зыңкыйып катып калган... Таш доорунан бир элес...

Жаанбы, карбы жандан өткөн. Ушу мүнөт, ушу саат...
Мейли Сууга, мейли Отко, мейли Шамал жер кезген...
Керек мага, жок дегенде бирөөсүнө айлануу...

Кайгыруу эмне?.. Айрылуу эмне?... Түк билбеген.
Жек көрүп да, сүйүп дагы, өлүп дагы көрбөгөн.
Ташка балким, какыраган таш экенин сезбеген...

Керек мага, ушунчалык… Ушул ирмем, ушул саат…
Бирөөсүнө айлануу. Такыр эле айла болбосо,
Жок дегенде, үнсүздүктүн аралына айлануу...

Оо жараткан... Керек мага өзүмдү-өзүм жайгаруу...
Туурга конбос кайрандар! Туу болгондор жок эми!
Жалгыз айла балким, үнсүздүктүн аралына айлануу.

http://www.ruhesh.org/2019/11/08/ruhesh-sajty-zha-y-adabij-konkurs-zharyyalajt/

Комментарий калтырыңыз