Аким Кожоев: Тумоодон кийин

  • 08.04.2020
  • 6173

(Ак халатчандарга арналат)

АҢГЕМЕ

Туш тарабы бийик тоолор менен курчалган бул чакан айылда болгону үч бүлө жашайт. Тагыраагы, мурда эки эле кожолук турчу, ал эми айылдын күнгөй тарабындагы өзгөчөрөөк курулган тамдын ээси Шаймерден аксакалдын келип кошулганына беш-алты эле жыл болду. Ал райондун борборунда өмүр бою дабагерлик кесипти аркалап, пенсияга чыкканда балдарынын караманча каршы болгонуна карабай, ата-бабамдын турагы деп ушул жерге көчүп келген. Башта кемпири экөө жалгыз турчу, бир жарым жыл мурда тун уулу тогузунчу классты аяктап мектептен чыгып кеткен кенже баласын алып келип берди.

Кыштактын бир ууч эли анча-мынча жашылча, картошка айдаганы болбосо, негизинен мал багып тиричилик кылат. Элдин саны аз, а жайыт да, айдоо жер да жетишерлик болгондуктан (жерди ат менен айдашат), Шаймерден аксакалдан башкасы бир топ эле ирденип алышкан. Бирок Шаймерден аксакалды да такыр кедей дегенге болбойт, анын да өзүнө жараша тиричилиги, өзүнө жараша мал-кели бар. Болгону бу жакка кийин келгендигине байланыштуу азыраак жер тийип калды. Аны да кызыл чеке болуп мушташып, ары соттошуп жүрүп айылдаштарынан араң ажыратып алды. Тээ илгери, совет заманына чейин аталган айылдын жеринин көбү ошонун бабасына тиешелүү болгон экен. Андан кабардар болушса да тиги эки кошунасы бир укум жер бергиси келбей, көп тарткылашты.

Кышын-жазын эл жашаганын айтпаганда, бул жердин жайлоодон эч айырмасы жок. Белден буралган тулаңы, кеч күзгө чейин өңү өчпөгөн бетегеси, төрт түлүк мал бир жерден жылбай оттогон өлөңдүү жашыл шибери, салкын абасы, тиш какшаткан муздак булактары кудум жайлоодогудай. Ошол себептүү жайлоо маалы келгенде кыштактын ургаачы журту мындан бир аз эле өйдөрөөк, узун-туурасы чейрек километрдей келген тектирге көчөт. Айылдагыдай эле анда да бири-биринен окчун конушат. Биринин малы батыш тарапка жайылса, экинчиси күн чыгышка айдайт, үчүнчүсү дагы башка жакка алып жөнөйт. Бирок балдарына окшоп кээде болбой эле малдары да аралашып кетет. Ал эми улуулардын мында да кирди-чыктысы жок: бири-бирине сүйлөбөйт, кокус бет маңдай келип калышса, сөөк өчтү душмандардай, терс бурулуп өтүп кетүүгө ашыгышат.

Бул кыштактын бир жаман жери мында свет жок, светти мындай кой техника каттабайт, андан да жаман жери кар түштүбү – бүттү, айыл менен тышкы дүйнөнүн байланышы такыр үзүлөт. Андыктан жайкысын же күзүндө ашууну кар басып, жолду муз каптаганга чейин кыштак тургундары малын айдап сатып камылгасын көрөт, азык-түлүгүн жана тиричиликке керектүү нерселерин ташып алышат. Кыш түшкөндөн кийин мал карап, алты ай бою үйдөн чыкмай жок.

Бул айылдыктар тээ кадимтен бери жашап келе жаткандыктан, жол азабына да, жашоо шартынын оордугуна да көнүп бүтүшкөн. Тескерисинче, улуу муундагылары (жаштарынын көбү кетип жатат дечи) өздөрүн бул казандай болгон айылдан бөлөк жерде кантип жашаарын түк элестете алышпайт. Анткени мында ай дээр ажо, кой дээр кожо жок. Өкүмөттүн кишилери (мейли салыкчысы болсун, мейли башкасы болсун) эки жылда бир жолу келсе келет, келбесе жок. Жайдын узун күнүндө таң заардан кеч күүгүмгө чейин ат үстүндө жүрүп, асман мелжиген бийик ашууну ашып түшүү алар үчүн кыл көпүрөдөн өткөндөй эле азап.

Ушул чакан айылдын аксакалдарынын бири Осмон күтпөгөн жерден оор илдетке чалдыкты. Алтымыш сегиздерге барып калган ал өмүр бою тоо-ташта жүрүп, ашпаган ашуусу, чыкпаган тоосу, атпаган кийиги калбаган эле. Көп жылдан бери ниет кылып жүргөн максаты орундалып, Меккеге зыярат кылып, мындан он беш күндөй мурда кайтып келген. Кечээ анын табы кокус көтөрүлүп, тамагы ооруп, анан бир жөтөл башталды дейсиң, таң атканча уйку бетин көрсөтпөдү. Чымыр денелүү, анча-мынча кеселди түк тоотпогон ал бир күндө жаактары шимирилип шапайа түштү. Байынын мынчалык тез алдырганына байбичеси Күмүш кемпир шашып калды.

Түнү бою атасынын кашынан карыш жылбаган уулу Белекти ымдап далиске чакырып:

- Тез барып Шаймерденди чакырып келбесең болбойт, атаң жаман болуп жатат, – деди, анын үнү калтырап, көзүнөн жаш куюлуп кетти.

- Беш-алты жылдан бери баш душманыңар Шаймерден эмес беле?! Эми керек болуп калдыбы?! – жаны кашайгандай айтты баласы, бирок катуу кетип калганын дароо түшүнүп, кейиштүү унчукту. – Эсиңиздеби, небереси сокур ичеги болуп, кемпири ыйламсырап жалдырап келгенде ат бербей койгонбуз. Дагы жакшы, Шаймерден ава өзү операция жасап, аны аман алып калды. Ошондо биздин кесепетибизден өлүп калганда эмне болмок?.. Бүттү, ошондон бери Шаймерден да, кемпири да бизден бир нерсе сурабай, биз жакка баспай да койду. Бул жоругубуз жер талашып мушташканыбыздан да, соттошконубуздан да өтүп кетти.

Байбиче күнөөлүүдөй жер карап, унчуга албай калды. Ошондо атты бердиртпей койгон өзү болучу. Ал уулуна башка сөз айта албай, күйөөсүнүн жанына шашылыш кирип кетти. Анын артынан ээрчип Белек кирди.

Осмон энтигип, дем алуусу мурдагыдан да кыйындай баштады. Ысытмасы күчөп, кара-көк тартып кетти.

- Эшикти… ачкыла! – деди ал кыжырдуу, кечетен бери тартып жаткан азабына аялы менен баласы айыптуудай. – Же, эмне, мени думуктуруп өлтүрөйүн деп жатасыңарбы?

Декабрь айынын ызгаар абасы заматта арчанын отуна үп болуп турган бөлмөнү муздатып жиберди. Бир азга денеси салкындап, эс ала түшкөн Осмон эми калчылдап чыйрыга баштады, тамагы кычышып, жөтөл кармады. Каалганын туткасын кармап даяр турган Белек атасынан ишаарат болор замат эшикти шарт жапты.

- Барсаңчы айткан жерге! – апасынын чыдамы кетип, уулун жемелегендей карады.

- Кайда барат? Кимге барат? – тамагы кырылдап, жөтөл аралаш сурады Осмон.

- Шаймерденди чакырып келбесинби? Кантсе да доктур эмеспи…

- Кереги жок! Атайын Кудайдын үйүнө барып келсем, не анысы, не мунусу бир келип зыярат кылганга жарабады. Өлсөм өлүгүмө, тирик болсом тиригиме келбесин!... Кха! кха! кха!

Аны жөтөл кыйнап, көпкө чейин башка сүйлөй албады. «Дагы ошол сөзүн кайталады», - деп ойлоду ичинен Белек. Атасы ким менен урушуп, катуу таарынышып калса, дайым ушул сөзүн айтат.

Апасы тымызын белги бергенде, ал ашыгып сыртка жөнөдү.

Шаймерден аксакал небереси Медер менен малдын кечки чөбүн салып жүргөн экен. Белек алардын жанына дароо басып барууга даабай, тамагын кырынып, алысыраактан салам айтты:

- Ас-саломалейкум!

Шаймерден аксакал кайдыгер гана көз салган болуп кайра өз ишин уланта берди, ал эми небереси таӊыркай карап калды. Белек эми тосулган кашаадан өтүп, алардын жанына чукул барды, үнүн мурдагыдан бек чыгарып дагы салам айтты:

- Ас-саломалейкум!

Шаймерден аксакал аны жактырбагандай көзүнүн төбөсү менен тиктеп, сага эмне керек дегендей мисирейди.

- Атам кечээтен бери катуу ооруп жатат, апам сизди келип бир көрө алар бекен дейт…

- Ошондойбу?! – Шаймерден аксакал кекээрдүү жылмайды. – Демек, силердин да бирөөгө күнүңөр түшөт экен ээ? Силер да бирөөгө зарыгат экенсиңер го! Атаңа барып айт, өлүгүмө да, тиригиме да келбе деп айткан экенсиң, өлүгүнө да тиригине да барбайм деп айтты дегин, уктуңбу?!

«Ит урук экениңер чын! Бириң калбай, баарыңар ит экенсиңер! Ит урук…». Бири-бири менен такыр ымаласы жок бул үч үй-бүлө түбү бир атанын балдары. Баары жеткен кырс, чырчыл болгону үчүн башкалар буларды «ит урук» деп аташат. Өзүнө-өзү батпай, туталанып бараткан Белектин эсине тээ бала кезинде чоң энеси айтып берген бир кеп түштү. «Силердин тогузунчубу, андан мурункубу чоң энеңер карышкырдын бооруна талгак болгон экен, ошондуктан андан тараган балдардын баары, эркеги да, ургаачысы да таш боор, адамга жакшылыгы жок мерез болуп калыптыр».

Кемпири даярдап берген бака жалбырак, сары чай чөп, кийик оттун кайнатмасын ичип Осмон бир топ жеңилдеп калды. Сүт катыкталган куурма чай да ага кыйла жан киргизди. Анын чекелери нымдашып тердеп, жөтөлү басылып, маанайы ачылып, кепке кирди.

- Келбесе атасынын көрү, ким эле ага зарыгып отуруптур!

- Ошону айтсаң, анын ачуу дарыларына караганда өзүмдүн чөптөрүм кыйла абыла. Мына, кудайга шүгүр, жакшы да болуп калдың.

Кемпир-чал дагы кыйлага чейин Шаймерден аксакалды, анын үй-бүлөсүн өсөк кылышты. Белек маал-маалы менен башын чайкап, кепке аралашкысы келбеди. Анын башы салмактанып, санаа басты.

Оору түн жарымында кайталанды. Жөтөл акырындап башталып, кийин күчөп кетти. Бир эле учурда Осмондун дене табы катуу көтөрүлүп, түк ылдыйлабай койду. Анын оозу кургап, эриндери кеберсип чыкты. Кечээкидей эле жөтөл абдан шаштысын алды. Ал бир саамга да тыным бербей, кудум өпкөсүн үзүп алчудай кыйнады. Бара-бара шайы кете баштады. Бир кезде ал катуу энтигип, бирөө тамагынан атайылап муунтуп жаткандай деми чыкпай калды, кара тору жүзү кубарып, алда немедей боло түштү. Көздөрү алайып, бирде кемпирине, бирде уулуна жардам сурагандай алмак-салмак тигиле берди.

- Шай… Шаймерденди чакыр!!! – чый-пыйы чыгып, Күмүш кемпир чаңырып жиберди.

Көөдөй караңгы түндө жалгыз таман жолдун нугун араң таап, бирде андан чыгып калың карга кирип кетип, Белек чымын-куюн болуп чуркап баратты. Ал Шаймерден аксакалдын үйүнө жетер замат бар күчү менен эшигин муштагылап кирди.

Бир убакта кол чырагын алып Шаймерден аксакал чыкты, анын артынан байбичеси Кишимжандын башы көрүндү.

- Жети түндө кишини беймаза кылып дагы не келдиң?! – күңк этти Шаймерден аксакал.

- Атам… атам коркутуп жатат… – Белек энтигип араң сүйлөдү, бүт тулку бою калчылдап турду.

- Атаң коркутса мага не келесиң, Аттокур молдону чакыр. (Аттокур молдо дегени Осмон менен курбалдаш үчүнчү кошуналары эле.)

- Сиз… сиз догдурсуз! Сиз Гиппократтын антын ичкенсиз! Сиз… силер деги кандай адамсыңар өзү! – жашы отуздарга барып калган Белек чыдабай ыйлап жиберди.

- Маалкатпай барсаңчы эми! Кийин өмүр бою өкүнүп калып жүрбө! – Кишимжан байбиче өктөм унчукту.

Шаймерден аксакал саамга эки анжы болгондой туруп калды. Анан кайрылып кирип кетти да, бир аздан соӊ жылуу кийинип, бир колуна дабагерлик кутусун, бир колуна фонарын ала чыкты.

Шаймерден аксакал акыркы жолку катуу чатакташканда өлөр-өлгөнчө бири-биринин босогосун аттабайм деп касам ичишкен тууганынын үйүнө салам айтпастан кирди. Дале жоолашканын жазбаган немедей үңкүйүп, кутусунун оозун жайбаракат ачты да сулк болуп жаткан бейтапты көрүүгө киришти.

Ал адегенде каалганы аба киргендей кичине ачтырып (терезеге кышында клеенка капталган) от-жалын болуп күйүп жаткан Осмондун сырт кийимдерин бүт чечтирди, ысытманын дарысын кашыкка жибитип Белек экөөлөп тамагына куйгандан кийин, фонендоскобун алып текшерүүгө киришти. Ал кеселдин жүрөгүн, өпкөсүн тыңшап көрдү, анан тамырын кармады. Эмнегедир Осмондун өпкө-жүрөгүн кайта-кайта текшерди, Белекке ачтырып тамагын көрдү, улам-улам тамырын кармалап жатты. Ошол эле учурда алда неге нааразы болгондой, кабагы карыш салынып, жүзү үтүрөйүп чыкты. Бул учурда дары таасир кылып, жеңилдей түшкөн Осмон көзүн ачып, Шаймерден аксакалды көрөр замат тетири бурулуп жатып алды. Ал Осмондун мындай жоругун элес албагандай, тагыраагы, анын бүт дитин, ой-сезимин бөлөк нерсе ээлегендей, өз иши менен алек боло берди. Ал бейтапты дагы бир жолу тыкыр текшерип чыккандан кийин керосин чырактын үлүңдөгөн жалынын тиктеп отуруп калды. Анда-санда гана Осмондун тамагын кырынып жөтөлгөнү болбосо, ортодо оор жымжырттык өкүм сүрдү. Белек да, үйдүн бир бурчунда коргологондой бүрүшүп, кымтынып отурган апасы да Осмондун абалы, анын эмне болгон кесел экени жөнүндө батынып сурай алышпады.

- Сен барып менин медициналык китептеримди алып кел! – деп буюрду Шаймерден аксакал Белекке. – Бол батыраак, далистеги фонарды алып ал. Көз айнегимди да унутпа.

Ал өмүр бою дарыгерлик кылган тажрыйбасында алдына келген кишинин илдетин бир көрөр замат, эч бир аппарат-анализи жок эле аныктап койчу. Анын жаңылган учуру өтө сейрек болор эле. Мына ошондуктан ал мыкты дабагер катары районго гана эмес, республикага да таанымал болучу. Бирок азыр анын кырк беш жылдык тажрыйбасы да, алган билими да алсыздык кылып, Осмондун оорусу эмне оору экенин так биле албай башы катып турду. Балким, көп жылдан бери иштебей, унутуп калгандыр, ошол себептүү так диагноз коё албай жаткандыр. Өпкө оору дейин десе (бронхитиби, пневмониясыбы, кургак учугубу же башкасыбы), ага окшой бербейт. Белгилери боюнча жугуштуу ооруга көбүрөөк окшоп кетет. Бирок кайсы жугуштуу оору, кандай жугуштуу оору?

Ал денесинин табы дагы көтөрүлүп, жөтөлү күчөй баштаган Осмонго кошумча бир таблетка парацетамол берип, өзү шыпка илинип турган чыракты жерге алдыртты да, жүзтөмөнөн түшүп, чырактын жарыгында Белек үйүнөн алып келген китептерди биринен сала бирин барактай баштады. Дүйнөнүн бары-жогун унутуп, эч ким менен иши болбой, ал баш оту менен китептерге аралашып кетти.

Ысытмасы кайтып, жаны жай ала түшкөн Осмон кээде гана кыңкыстаганы болбосо, уйкуга кирди. Атасынын кашында көпкө чейин үргүлөп отуруп, Белек да уктап калды. Ал эми Күмүш кемпир маал-маалы менен мешке кертилген арчадан салып коюп, босогодо күйпөлөктөп жүрдү. Уйкусу катуу кармап, көзү жумулуп кетерде тышка чыга калып, уйкусун ачып келип жатты. Ал күнөөлүүдөй Шаймерден аксакал тарапка карай албаганы менен, ал бир нерсе сурайбы, бир нерсе керек болуп калабы деп эки кулагы түрүлүү. Бир гана Шаймерден аксакалдын уйкусу умачтай ачылып кетти. Ал оор түндө укташ керек экендигин, кишилердин баары уктап жаткандыгын такыр унутуп калгандай. Керосин чырактын алсыз жарыгында көздөрү кызарып, улам китептин бир барагын ачып, улам бир текстке үңүлүп, бир нерселерди тынбай окуп, бир нерсени тынбай издеп жатты.

Арадан үч-төрт саат өтүп, таң атууга жакындап калганда Шаймерден аксакал катуу чочугандай ордунан обдулуп турду, өңү өзгөрүлүп, кубара түштү. Кайра жата калып, колундагы китептин ачылуу барагын жарыкка жакыныраак алып барып, өз көзүнө өзү ишенбегендей, эки-үч ирет кайталап окуду. Анан кайра ордунан атып туруп:

- Кудай сакта! Кудай сакта! – деп күбүрөдү эриндери титиреп.

- Ава, эмне болду?! Деги тынчылыкпы?! – Күмүш кемпирдин көзү алайып, катуу коркуп кетти, кош колдоп жакасын карманды.

- Тынчылык эмес, – араң унчукту Шаймерден аксакал, Белекти ойготуп менин артыман чыккыла дегендей белги берип, сыртка, далиске жөнөдү.

Анын тили күрмөөгө келбей, кантип айтарын, кантип түшүндүрөрүн билбей, буйдалып турду.

- Тиги… барган жеринде… эч ким эч кандай оору менен… ооруган эмес бекен. Айтайын дегеним, эпидемия… болбоптурбу? – мукактанып, зорго сурады.

- Кандай оору? Эмне болгон оору? – уйкусу али жакшы ачыла элек Белек эч нерсе түшүнбөй, Шаймерден аксакалга суроолуу тигилди.

- Атаңдын кесели… өтө… жугуштуу. Ошол жактан жугузуп келген болушу ыктымал. Ушул тууралуу сөз кылды беле?

- Андай деле эч нерсе деген жок.

- Коё туруңуз, апа, Кытайда бир жаман кесел чыгып, көп кишилер өлүп жатыптыр деп айтпады беле.

- Кытайдабы? Демек, бул илдет Кытайда пайда болуп, Аравияга жеткен болсо… бүт дүйнөгө жайылган экен да, – Шаймерден аксакал шуу үшкүрдү, өңү мурдагыдан да томсоро, муздак дубалга жөлөнүп, шалдайып отуруп калды.

Белек менен апасы анын ар бир кыймылына сарасеп салып, андан көз албай, сенейип турушту. Экөө теңин кандайдыр бир белгисиз коркунуч басты.

- Жугуштуу болгондо кандай, кооптуу эмеспи? – Белек тынчсызданганын билдирбөөгө тырышып, акырын сурады.

- Кооптуу, болгондо да өтө кооптуу! – Шаймерден аксакал ордунан шашылыш турду.

- Мен силерди коркуткум келбейт, бирок биздин шартта… – ал туттугуп андан ары сөзүн улай албады, кийин Белекке чечкиндүү кайрылды:

- Сен бүгүн сөзсүз жакага барып келишиң керек. Мындайда бир мүнөт да кечигүүгө болбойт. Антибиотик, антисептик, спирт, хлор, дагы башка дары-дармектерди алып келүүгө тийишсиң. Мен баарын тактап жазып берем. Анан сырткы дүйнөдө эмне болуп жатканын да биле келесиң. Бизге жеткен эпидемия башка айылдарда тарабады дейсиңби? Бул каапыр менен дагы кантип күрөшсө, кандай дары-дармектерди колдонсо боло тургандыгын тийиштүү доктурлардан сурап, тактап келгиниң. Бол, чай ичсең ичип, болбосо тез жөнө!

- Ава, мен кийик жол менен бир дагы ирет өткөн эмесмин. Ал жолдон атам гана кээде өтчү. Жоробек авабыз учуп өлгөндөн бери ал да каттабай калган.

Кийик жол ашууну калың кар басып, айылдын сырткы аалам менен байланышы толук үзүлгөндө, абдан бир зарыл иш чыгып калган учурда гана илгертен бери Осмон сыяктуу дасык мергендер гана батынып өтө алган жалама зоокадагы кийиктердин чыйыры болучу. Ал күнгө бет келип, кар турбаганы менен, абдан опурталдуу эле. Мындан бир топ жыл мурда Осмон жакын тууганы Жоробекти ошол жолдон учуруп алып, ал да бул кыяга кадам койбой калган.

- Ава, коюңуз, Белекти кийик жолго жумшабаңыз. Ал каргашалуу жолдон агайниси өлгөндөн бери өзүнүн да чемеси албай калган! – Күмүш кемпир жалгыз уулун ажалга берип жаткандай чебелектеп жиберди. – Өзүңүздөгү дары-парылардан эле ичирип турсаңыз, пулу канча болсо, мейли берели.

- Ахывалдын канчалык олуттуу экендигин аңдабай жатат окшойсуңар! – Шаймерден аксакал түксүйүп, өңү сурдана түштү. – Илгери чума, холера деген бүтүндөй шаарларды жалмаган дарттар болгондугун уктуңар беле? Эгер уксаңар, бул чумадан да, холерадан да жаман (ал атайын апыртып айтты). Анткени бул адамга тез жугуп, тез таралат экен. Эң өкүнүчтүүсү, вакцинасы али иштелип чыга элек.

- Ава, коркутпаңызчы?! – Күмүш кемпир ыйлап жибере жаздады.

- Мен коркутканым жок, болгон чындыкты айтып жатам. Мен өзүм да өмүрүмдө мындай кеселге биринчи жолу кириптер болушум.

- Бул балакет оору… кандай аталат экен? – аптыгып араң сурады Белек.

- Коронавирус, кыргызча айтканда, таажылуу вирус.

- Таажылуу вирус… кара тумоо дегендей турбайбы. О, Жараткан, өзүң сактай көр!

- Ава, жер да жарып калыптыр, мен жөнөйүн анда, бир айласын таап өтүп кетермин.

- Жок, мурда өтпөгөн болсоң, мен сени бөөдө кырсыкка кабылта албайм. Кийик жолдун канчалык татаал экендигин угуп жүрөм.

- Анда кандай кылабыз?!

- Башка түшкөнүн чогуу көрөбүз. Бар болсок чогуу бар болобуз, жок болсок да чогуу жок болобуз – бөлөк эч айла-амалыбыз жок.

Бул сөздү укканда өпкөсү көөп араң турган Күмүш кемпир чыдабай ыйлап жиберди.

- Күмүш кемпир, токтот ыйыңды! – кесе айтты Шаймерден аксакал. – Азыр ыйлай турган убакыт эмес. Андан көрө мени жакшылап уккула! Ушул мүнөт, ушул сааттан баштап, биз баарыбыз карантин режимине өтөбүз. Эгер аман калам десеңер, эгер жан керек болсо, менин ар бир буйругумду кыңк этпей аткарасыңар. Менин айтканымды айткандай, дегенимди дегендей кыласыңар, уктуңарбы?!

Уктук дегендей апа-бала шашыла баш ийкешти.

- Биринчи маселе, бейтап силерден башка дагы кимдер менен байланышта болгондугун аныкташыбыз керек. Экинчи маселе, карантин эрежелерин, тактап айтканда, айылдын баардык тургундары санитариялык талаптарды толук сактайбыз. Үчүнчү маселе, дүрбөлөңгө алдырбайбыз. Ыйлаганыңарды, ызы-чуу салганыңарды токтоткула… Биз баарыбыз бир болгондо гана, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганда гана бул апаатты жеңебиз. Кана эми айткыла, Осмон умрадан келгенден кийин дагы кимдер менен көрүшүп, кимдер менен учурашты эле…

- Кыздарым, кыздарым! – Күмүш кемпир жакадагы айылдарда жашап жаткан үйлүү-жайлуу эки кызын эстеп, жүрөгү оозуна кептелип, бышактай баштады. Осмон алгач ошолордун үйүнө келип, улуусунун үйүндө элге маараке берип, анан биякка чыккан болчу.

- Кыздарыңдын камын жебей эле кой, камын жегенде да эч жардам бере албайсың. Эгер ал жакта чындап эле эпидемия таралган болсо, аны менен күрөшө турган өкмөт бар, күчтүү доктурлар бар. А мына бизге жардам бере турган эч ким жок… Кана, атаң бул жерде кимдер менен кол алышып учурашкандыгын билесиңби? – Шаймерден аксакал Белекке суроолуу тигилди.

- Атайын ажыдан келсе, үйгө эч ким жолобосо, ким менен учурашмак эле. Эч ким менен учурашкан жок, – Белектин ордуна апасы озунуп салкын жооп берди.

- А сен өзүңчү? Чалың зыяраттан келгенден кийин кошуналардын бирөө-жарымы менен жолугуп сүйлөштүңбү?

- Өздөрү сүйлөбөсө, алар менен сүйлөшүп мага не зор келди… – Күмүш кемпир кыртышы сүйбөгөндөй күңк этти.

- Белек, сенин жолугушканың да, сүйлөшкөнүң да анык, туурабы?

- Ии... биз Медер экөөбүз дайым эле сүйлөшүп жүрөбүз.

- Медерден башкалар менен да сүйлөшүп жүргөнүңдү билем.

Белек унчуга албай, кызарып кетти, Күмүш кемпир жактырбагандай башын чулгуп алды.

- Демек, бул балакет үч үй-бүлөгө тең жуккан болушу мүмкүн. Эң коркунучтуусу, кеселдин белгилери он төрт күндөн кийин билинет экен. Ага чейин оору жуктурган адам кадимкидей жашап жүрө берет.

- Анда… бизге да жукту дейсизби? – Белек катуу опкоолжугандай сурады.

- Сага да, апаңа да, мага да толук жугушу ыктымал. Бир жакшы жери, жаштар жана ден соолугу чың адамдар жеңил ооруйт экен.

- О, Кудай, өзүң жар боло көр!

Үчөө тең бир саамга тил ооздон калгандай унчукпай калышты, үстүлөрүнөн кандайдыр оор жүк баскандай тунжурап турушту.

- Не турабыз, мындайда биз үчүн ар бир секунда кымбат. Күмүш, дакиң, бөз кездемең болсо тез алып кел. Жүн жоолук болсо да болот. Азырынча оозу-мурдубузду жөн эле байлап тосуп туралы. Бирок бүгүндөн баштап беткап тигип, баарыбыз беткап киебиз.

Күмүш кемпир айтылган нерселерди алып келүү үчүн төркү бөлмөгө кирип кеткенде, Белек Шаймерден аксакал тарапка ыктап, шыбырап сурады:

- Деги сакаябызбы?

- Сенби? Сендей карт бойдокко дарт тийбейт. Отуз жашка чейин бой жүргөн эркекке вирус жоломок беле. А мына бизге окшогон ал-күчтөн тая баштагандарга кыйыныраак. Негизи ар кандай илдетти жеңиш үчүн эң биринчи адам өзүнө ишениш керек. Кишинин эрки, жашоого, өмүргө болгон каалоосу, эңсөөсү күчтүү болсо, эч кандай кеселге алдырбайт. Мен өз практикамда ракты жеңген каарман кишилерди көрдүм.

Шаймерден аксакал Күмүш кемпир алып келген бир байлам дакини беш-алты кабаттап туруп оозу-мурдун байлады да:

- Силер да ушундай кылып байлагыла! – деп буюрду. – Жо, мунуңар болбойт, бир да жылчык калбасын! Эми жакшылап уккула, ар бир эки-үч саатта үйгө ысырык салып, ар бир эки-үч саатта колуңарды кир самын менен жууп турасыңар. Ушул учурдан баштап зарылчылык болмоюнча эч кимге жолукпайсыңар, эч ким менен сүйлөшпөйсүңөр. Эгер кимдир-бирөөгө кезигүү керек болуп калса, үч-төрт метрден жакын барбайсыңар, көзүнө тике карабайсыңар, капталыңар же артыңар менен туруп сүйлөшөсүңөр. Бирөө менен кол берип учурашканды такыр унуткула. Силер кармаган нерсени, силердин колуңар, кийимиңер тийген нерсеге башкалардын колу тийбесин. Атүгүл малдарды да аралаштырбагыла. Малды сууга кезектешип айдап барып келгиле. Иттерди да бирин калтырбай байлап салгыла. Мен муну ойноп айтып жаткан жерим жок. Кеп өмүр менен өлүм тууралуу болуп жатат. Азыр ар кимибиздин тагдырыбыз өз колубузда. Дагы бир жолу кайталап айтам, эртең бар болорубуз да, жок болорубуз да өзүбүзгө баглык.

Шаймерден аксакал заматта кандай алаамат баштарына түшкөнүнө акылы жетпей, эс-учун жыя албай эсеңгиреп турган апа-балага кыскача нускамасын айтып бүткөн соң, анын ар бир нокоту жат болмоюнча Белекке бөлөк, Күмүш кемпирге бөлөк кайра-кайра кайталаттырды. Күмүш кемпир эске тута албай бир топ кыйналды.

- Оң кулагыңар менен да, сол кулагыңар менен да уккула, мен айткан нерселердин бирөөн эле так аткарбай койсоңор, иштин ойронун чыгарасыңар. Анда кылган мээнетибиздин баары текке кеткени. Эми негизги маселеге өтөлү. Ашыкча ызы-чуу, дүрбөлөңгө алдырбагыла. Кырсыкты сабырдуулук менен көтөрүп, кайрат менен жеңели. Мындайда эң башкысы ынтымак, баарыбыз бир үй-бүлөдөй, бир атанын балдарындай (ансыз да бир атанын балдарыбыз) жапа тырмак аракет кылалы. Бизге азыр аскердегидей тартип керек. Белек, сен менин жардамчым болосуң. Менин ар бир сөзүмдү элге жеткирип турасың. Дагы бир нерсени эскертип коёюн, бүгүндөн баштап Осмондун жанына кирбейсиңер, аны мен дарылап карайм, тамак-ашын да мен жасап берем. Эгер бир муктаждык болуп калса минтип дубалды же сырткы эшикти ургулайм. Силер да ошентесиңер. Экөөң эми бул далиске да кирчү болбогула. Азырынча мага бир тоголок кир самын, бир куту туз, бир-эки байлам ысырык, чөөгүн менен бир чака суу, чылапчын жана дагара алып келип эшиктин сыртына койгула. Мындагы ашыкта идиш-аяктарды, азык-түлүктөрдү, буюм-тайымдарды баарын ташып кеткиле. Алардын баарын, киймиңерди да туз менен жууп дезинфекциялашыңар керек. Бизде башка каражат жок. Дагы эмне керек болсо, дагынкысын дагы айтам. Айтмакчы, эшиктин туткасына кол тийгизчү болбогула. Бул бир. Экинчиси, Белек, сен биринчи кезекте үймө-үй жүрүп жагдайды түшүндүрөсүң, ар бирине өзгөчө кырдаал абалында жашай баштаганыбызды айтасың. Аралыкты сактаганды унутпа, мен эскерткен эрежелерди ар бири жат кылгандай болсун. Анан…

Шаймерден аксакал сөзүн бүтпөй калды, ичкериден Осмондун кыңкыстап онтогону, жөтөлгөнү угулду.

- Белек, аттарга чөп салдыңбы, кечээ жемин бердиң беле? – деп сурады Осмон жөтөл аралаш, анын көзү жумук болучу. – Букалардын астын жакшылап тазала, чөптү кыркып бер. Козу, улактарга өзүнчө бөлүп сал. Сенин кээде чала кылмайың бар, угуп жатасыңбы, балам. Кха-кха-кха! Дагы не дейин дедим эле… а, тиги акмактардын малы келип уйлардын чөбүн жеп кетпесин. Кха-кха-кха!..

«Эх, ушу сен, дүйнө не болуп жатат, а сенин эси-дартың  дале болсо малда, кана ошол малың ушундайда жаныңа арачы болсо…». Шаймерден аксакал ичинен ушинтип ойлоп, бирок сыртынан жайбаракат собол узатты:

- Осмон, кандайсың, кечээгиден жакшы болуп калдыңбы?

Шаймерден аксакалдын үнүн укканда, Осмон селт эте түшүп көзүн ачты да, же ыңгайсыз абалда калганы же ачууланганы белгисиз, өңү өзгөрүлө түштү.

- Түзүк эле, – деп, ооз учунан жооп берди.

- Мен сенин кан басымыңды, температураңды текшеришим керек.

Осмон оң колун жууркандан чыгарып жатып, Шаймерден аксакалдын оозу-мурдун оронуп алганын таң кала карап калды.

- Азырынча температураң жакшы, кан басымың бир аз өйдө.

- Эмне үчүн азырынча, дагы көтөрүлүшү мүмкүнбү? – бул Осмондун канча жылдан бери биринчи жолу Шаймерден аксакалга кайрылып сүйлөп жатышы эле.

- Эгер мен күдүктөнгөн диагноз анык болсо, көтөрүлөт.

- Эмне болгон диагноз, кандай диагноз?

- Сен барган жериңден өтө курч жугуштуу ооруну энчилеп келген болушуң мүмкүн.

- Кайдагыны айтпачы, андай болгондо угат элем да! Баарыбыз эле аман-эсен келбедикпи?

- Аман-эсен келгениңер ырас, бирок бул балакет оору он беш, жыйырма күндөн кийин өз өнөрүн көрсөтө баштайт.

- Мен буга ишенбейм. Меники жөн эле тердеп шамалдагандыкы, байкабай суукка урунуп алган окшойм.

- Өзүң айтыпсың го, Кытайда бир жаман илдет чыгыптыр деп.

- Ошондой аваза болгон. Атын да айтышты эле. Кар... кар… кара баскырдыкы, кандай эле, эстей албай жатам.

- Коронавирус.

- Сен кимден уктуң?! – Осмон сестее түштү.

- Бүгүн түнү менен көз ирмеген эмесмин. Китептерди казып, сенин дартыңды издедим.

- Ошондо… – Осмон аптыгып араң унчукту, обдулуп өйдө болду.

Шаймерден аксакал «ооба» дегендей башын ийкеди.

- Койсоңчу?! Кытай кайда жатат, Аравия кайда жатат, – Осмон көңүлү жайлангандай кайра оңдонуп жатты. – Меники сууктан эле, суук…

- Кана эми сен айткандай эле болсо. Бирок азыр илгерки заман эмес, дүйнөнүн бир бурчунан экинчи бурчуна саат сайын жүздөгөн, миңдеген кишилер тынымсыз каттап турат.

Ортодо оор жымжырттык өкүм сүрдү. Осмон Шаймерден аксакал өзү сөз баштайт бекен деп көпкө күттү, акыры чыдабай кетип сурады:

- Агерде… агерде кокус сен айткандай болуп чыкса, мен… адам… боломбу?

- Ал өзүңө жараша. Эгер дагы да жашайын, айыгып кетейин деп чындап күрөшсөң, адам болосуң.

- Кызык сүйлөйсүң, ким эле жашагысы келбесин, ким эле өлгүсү келсин! – кейиштүү унчукту Осмон.

- Аның ырас, бу тирүүлүктө ар бир адам көбүрөөк жашайын, жашоонун жыргалын көбүрөөк көрөйүн деп тилек кылат, бирок кээ бирөөлөр тагдырдын, турмуштун соккусуна туруштук бере албагандай эле, илдетке да байымы жок болот, ооруга тез алдырып, тез жеңдирет. Башкача айтканда, ар кандай олуттуу кесел эң биринчи бейтаптын акыл-эсине, сезим-туюмуна таасир этет. Анын ички дүйнөсүн олку-солку кылып, дүрбөлөңгө салат. Менин айтайын дегеним, сен канчалык кайраттуу болсоң, сен канчалык бекем болсоң, ошончо тез айыгасың. Тескерисинче, өлөт экенмин деп үмүт үзүп койсоң, албетте, өлөсүң.

Осмон унчукпай, шыпты тиктеп ойлонуп калды. Ал бир нерсе дейин дегенде жөтөл кыстап, көпкө чейин сүйлөй албады. Шаймерден аксакал аны кунт коюп карап турду.

- Тамагың эле кычышабы? Жөтөлгөнүңдө өпкөң ооругандай болбойбу? – деп сурады ал, Осмондун жөтөлү азайганда.

- Кандай десем, жөтөлгөнүмдө өпкөмдүн бир жагын бирөө колу менен бекем кысып жаткандай ооруйт. Көкүрөгүмө бир нерсе кирип алгандай эле сезилет.

Шаймерден аксакал «түшүнүктүү» дегендей, акырын башын ийкеди.

- Дагы ысып жатасыңбы?

- Ии.

- Кел, тамырыңды кармап көрөйүн.

- Алла өзү кечирсин, бүгүн намаздар да каза болду. Сен окудуңбу?

- Жок, мен дагы окуй алганым жок.

- Булар кайда жүрөт деги? Тамагым кургап жатат, чай-пай беришпейби келип?

- Алар эми буякка кире алышпайт. Биз карантин режимине өттүк.

- Сен эмне деп жатасың? Кайдагы карантин? Тамашаңды коюп, Күмүштү чакырып кой, минтип ооруп жатканда катынсыз болмок беле.

- Сени менен тамашалашып отурганга убактым да, маанайым да жок. Эми катының менен балаңды жакшы болуп калганда гана көрөсүң! – Шаймерден аксакалдын үнү өктөм чыкты.

- Кайдагыны айтып тантырабачы, чакырбасаң чакырба! Өзүм чакырып алам! – Осмон өчөшкөнсүп ордунан булкунуп турганда, башы тегеренип, жыгылып кетпей аз калды. Темтеңдеп тышкары карай жөнөй бергенде, Шаймерден аксакал шап колдон алды.

- Жат ордуңа! – деп кыйкырды Шаймерден аксакал, ачуудан анын өңү кумсарып кетти. – Кандай кепке түшүнбөгөн макулуксуң?! Сенин кесепетиңден бүт айыл кырылып калсын деп турасыңбы? Жок дегенде жалгыз балаңды, башкаларды ойлобойсуңбу?!

Осмон зиркилдеп, көздөрү чакчырылып, Шаймерден аксакалды жеп ийчүдөй заардуу тигилди, бирок унчуга алган жок. Шаймерден аксакал жерде чачылып жаткан китептеринин арасынан бая өзү ачык калтырган китепти алып барып Осмондун маңдайына такап, коронавирус тууралуу жазылган маалыматты «оку» дегендей көзүнө сая көрсөттү.

Осмон жаш кезинде каржы техникумун аяктап, совхоздо бир топ жыл экономист, бухгалтер болуп иштеген жайы бар эле. Орус тилин да дурус эле түшүнчү.

Ал китеп менен алек болуп жатканда, Шаймерден аксакал мештин үстүндө түндөн бери кайнап, эми тымып калган суудан бир чыныга куюп, дары салынган кутусунан бир таблетка парацетамол алып, Осмондун жанына барып, ал китептеги керектүү маалыматты окуп бүткөнчө күтүп турду.

Осмон атасына таарынган баладай тултуюп, дары менен чыныны көңүлсүз колуна алды. Ал арада Шаймерден аксакал далиске чыгып, калак менен дагараны алып келди да, мештин оозун ачып күлүн ала баштады. Кийин мештин жанына тизилип турган кургак отундардан анын ичине учтарын кайчылаштырып тизип, ооз жагына майда жаракаларды чыгарып салып, от тамызды. Арчанын майлуу жыгачы тез эле дуулдап күйө баштады. Соң, күл салынган дагараны далиске чыгарып таштады да, анан чөөгүндөгү суу менен чылапчынга колун самындап таза сууп, кийин чылапчындагы сууну жуунду чакага төктү. Андан ары далистин ичин сыдыра карап, таза жуулуп, мыкка илинип турган беш литрлик майдын бошогон идиштеринен бирди алып кайра ички үйгө кирди.

- Мобуга бошонуп ал, – деди Осмонго, капкагын ачып анын жанына коюп жатып. Өзү кайра сыртка чыгып кетти. Осмон аны акшыя карады, анткен менен эч нерсе деп каяша айта алган жок.

Осмон заара кылган желим бөтөлкөнү Шаймерден далиске алып чыгып, оозун бурап бекем бекитти, кийин колун дагы бир ирет самындап жууп, баштагыдай эле чылапчынды бошотуп, колун дагы бир чайкап, анан тигиндей турган чакадагы суудан чөөгүнгө жарымдай куйду да, самын менен чылапчынды сол колуна, чөөгүндү оң колуна алып, кеселдин жанына кирди. Сол колундагыларды Осмондун алдына, оң колундагы чөөгүндү мештин жанына коюп, таза колу менен чайнектен ысык суу куюп аны толтурду.

- Өзүң окуп көргөндүрсүң, колду тез-тез самындап жууп туруш керек, – деди ал эч нерсе болбогондой жумшак үн менен, Осмондун колуна суу куюп жатып. – Бул каапырды тазалык менен, эрежелерди катуу сактоо менен гана жеңе алабыз.

- Мен эми тазалыкты сактадым не, сактабадым не! – деп бурк этти Осмон нааразылана, бетин суу менен чайып.

- Сен кайта-кайта эле кыйыктана берет экенсиң да! – деди Шаймерден аксакал наалыгандай. – Сен өзүң жүткүнбөсөң, өзүң аракет кылбасаң, бир менин колумдан не келет, же мында бир оорукана болбосо, же бир тийиштүү адистер болбосо, же дары-дармек болбосо...

Экөө бир топко чейин унчукпай калышты.

- Мен сени асти түшүнбөдүм, – ортодогу жымжырттыкты Осмон бузду. – Экөөбүз акыреттик душман эмес белек, анан эмне эле мен үчүн мынча күйүп-бышып жатасың?.. – Ал Шаймерден аксакалга шектүү тигилди.

Шаймерден аксакалдын кабагы чытыла түштү, дароо жооп бербей, анан мындай деди:

- Биринчиден, мындай кырдаалда мен доктур катары адамзаттын баш душманы болсо да аны дарылап айыктырууга милдеттүүмүн, экинчиден, сен азыр мен үчүн Осмон эмессиң, сен – тек бейтапсың. Өзүң айтмакчы, мен ушу тапта «акыреттик душманым» Осмонду эмес, бейтапты дабалап жатам.

- Мунун айтканын кара, – ал кытмыр күлдү. – Демек, мен сакайгандан кийин экөөбүз кайра душман бойдон кала берет экенбиз да.

- Кааласаң, душман бойдон калабыз, кааласаң, элдешебиз.

- Ошондойбу?! Ха-ха-ха! Кха-кха-кха!

Осмондун күлкүсү жөтөлгө айланды.

- Оору немени өзөртүп өлтүрөсүңөрбү, качан тамак бересиңер? – деди Осмон жөтөлү басылганда.

- Тамакка али эрте, сен шашпай тур. Бала кездеги тамаксоолугуң картайганда да калбаптыр да.

Шаймерден аксакал далиске чыгып, бая Күмүш кемпир калтырып кеткен эки чоң кесенин бирин алды да кайра ичкери кирип, ага толтура кайнак суу куюп койду. Ал эми Осмонго дары ичирген чыныга кол күйбөгөндөй ысык суу куюп, бир чай кашык туз салып аралаштырып, ага алып барды.

- Тамагыңды чайка, канчалык бат-бат чайкап турсаң, ошончолук жакшы. Негизи биз туздун дарылыгын этибарга ала бербейбиз. Тузду туура пайдалансаң, көп кеселге даба.

Осмон тамагын чайкап болгондон кийин кеседеги кайнак сууну анын жанына алып барып койду. Ал сууну аз-аздан уурттап ичип бүткөнчө сабырдуулук менен күтүп турду. Соң, далиске чыгып колуна уучтап, бир аз ысырык алып кирди. Калакка салып ысырыкты түтөткөндө заматта үйдүн ичи түтүнгө толуп чыкты.

- Эмне кылып салдың, тамагым ачышып кетти! – деди Осмон итиркейи келип.

- Тамагың ачышса да эми чыдайсың, кемпириң эч качан ысырык салбагандай сүйлөйсүң да. Кадимтен бери Орто Азия элдеринин дезинфекциясы ушул болгон. Адырашмандын касиети укмуш, ар кандай вирусуң буга туруштук бере албайт. Ысырыкты атактуу Ибн Синонун өзү мактап жазган.

Осмон жазса эмне кылайын дегендей жактырбай, жуурканга чүмкөнүп жатып алды. Ал арада Шаймерден аксакал эшикти кыңайтып ачып, таза аба киргизди, ысырыктын түтүнүн чыгарды.

- Форточка ачылабы? Белекке айтып, форточканын тушундагы клеенканы алдырып салыш керек. Бөлмөнү тез-тез желдетип турбасак болбойт. Көрпөнүн ичинде Осмон күңк-мыңк этип, бир нерсе дегендей болду, анын сөзүн Шаймерден аксакал жакшы укпай калды.

Ошол убакта сырткы эшик кагылды. Шаймерден аксакал каалгадан бир метрдей бери туруп:

- Ким? – деп сурады.

- Мен, Белекмин.

- А, сенсиңби? Эшикке көп жакын келбе.

- Макул.

- Мен айткан нерселерди аткардыңарбы?

- Аттокур аке тетирленип уккусу келбей койду.

- Эмне дейт?

- «Шаймерден аваң… («бокту жей берет» дегенин айтпады) келжирептир, бир Кудайдын айтканы болот», – дейт.

- О, оңбогур, буларың Кудайды ортого салганын такыр койбоду го. Жараткан буларга кол жоолук сыяктуу болуп калды. Адамдын илим-билими болгону менен акыл-эс бербесе, көкүрөгү сокур болсо, бекер экен!

- Илим алып ал Египеттен же Самаркан, Бухарада окуду дейсизби, өзүнө окшогон дагы бир чала сабаттын алдында окумуш эткен.

- Сен эми бул алаамат өтүп кеткенче анын кызына жолочу болбогун, уктуңбу?

- Ии. (Аттокур молдонун кызы Адеми менен Белек беш-алты жылдан бери сүйлөшүп, бирок ата-энелеринин айынан баш кошо албай жүрүшкөн болучу).

- Бар эми, мал-келиңди жайла, жылкыларым, букаларым, кочкорлорум эмне болду деп, атаңдын ичи кымылдап жаткандыр.

Сырттан Белектин бырс эткен күлкүсү угулду.

- Макул. Азыр апам сиздерге нанүштө берет.

- Апаңа дагы бир жолу эскерт – эшикке жакын келчү болбосун.

- Жарайт.

- Өзүң да чайыңды тезирээк ичип кел, бүгүн кыла турган иштерибиз көп.

- Болуптур.

Эртең мененки тамакты Шаймерден аксакал Осмон менен бир бөлмөдө, Белек менен апасы бир бөлмөдө (келин алабыз деп Белек үчүн атайын салынып, башка жактан кирчү бөлмөдө) ичишти. Шаймерден дастарконду жыйнаштырып, идиш-аяктарды жууп, далистеги текчеге иреттеп жыйнаштырып койду да, колун кир самын менен таза жууп, сырткы эшикти такылдатып Белекти чакырды.

- Эми мени жакшылап ук, – деди Белек жетип келгенде. – Атаң экөөбүзгө өзүнчө ажаткана казасың. Жер тоң болсо үстүнө от коюп жиберсең, музу эрийт. Муну бүгүн бүтүргөнгө аракет кыл. Алыңдын жетишинче терең каз. Тегерегин чычкандын мурду кире албагыдай чып тоскунуң. Эч нерсе таппасаң, биздин үйдө төрт-беш тунике бар, ошолорду алып кел. Өзүң жакын барчу болбо, Медерге кыйкырып түшүндүрсөң, короодон бери алып чыгып берет. Үлгүрсөң, жуунду үчүн чуңкурду да бүгүн казсаң жакшы болмок. Анын да тегереги тосук болсун. Ал жерге мал дагы, ит дагы, мышык дагы кирчү болбосун. Жуундуну мен күндө эл жаткандан кийин төгүп турам. Эгер абдан кыстоо келбесе, Осмон экөөбүз улуу заара үчүн ажатканага да түндө гана чыкканга аракет кылабыз. Менин сөздөрүм жакшы эле угулуп жатабы?

- Ооба, – деп жооп берди Белек эшиктин сыртынан.

- Мен эртең менен бир зарыл нерсени айтпай калыпмын. Албетте, бул бүгүнгө эмес. Ошентсе да эсиңе түйүп кой. Жыты шыбакка окшош өсүмдүк бар. Бирок бою шыбактан бийик – бир метрге чейин жетет. Бутактары чоң, түсү да агышыраак. Ал шыбактан да ачуу. Майдаланганы тим эле каңылжарды жарат. Эрмен деп аталат. Айыл арасында да, токойдо да өсөт. Сен аны көргөн болушуң керек. Биздин үйдө 200-300 граммдай бар, мен жайында кургатып койгонмун. Бирок ал аз. Ал эми токойдо бадалдардын арасынан аны азыр да тапса болсо керек. Ал куурап калса да дарылыгын оңой менен жоготпойт. Ал бизге азыр абдан керек болуп жатат. Эрменди издеп эртең барасың, бүгүн убактың болбойт. Сен биринчи кезекте Кишимжан жеңеңе баргын. Төрт жылдык алоэ бар, эрменге кошуп, ошонун эки чоң бутагын кесип берсин. Үйдө бал барбы?

- Бал жок эле.

- Жок болсо, биздикинен бир литр ала кел. Сарымсагыңар жок болсо, унутпай сарымсак да ала келгин. Биринчи кезекте атаңдын иммунитетин көтөрүш керек.

- Макул.

- Дагы айтам, сактануу эрежелерин унутпа.

- Унутпайм.

- Айтмакчы, Осмон күчтүү тамак ичиши абзел. Бир пычмал улак бар, ошону сойсун дегендей кылды. Бирок ага эчкинин эти суук келет, андан бетер шылып таштайт.

- Анда эмне кылалы?

- Семиз козубу, токтубу барбы?

- Бар.

- Ошону сойгула.

- Жарайт.

- Айланайын балам, мен айткан нерселерди элге улам-улам эскертип тур, биздикилерди билесиң го, кандай беймарал экендигин. – Шаймерден аксакал чарчаңкы сүйлөдү. – Бүгүн жаамы элдин тагдыры бычактын мизинде турат, бүт жоопкерчилик экөөбүздүн мойнубузда, ушуну унутпа, балам.

- Макул, ава.

- Аттокурга дагы бир жолу барып айт, өзүнүн наадандыгы менен бала-чакасынын убалына калып жүрбөсүн. Кепке кулак салбаган кандай текебер неме. Кудай жалгап, ушундайда кенже балдарынын алыста болуп калганын карачы! (Аттокурдун эки баласы жакадагы уулунун үйүндө туруп, мектепте окучу.) Сен ага жагдайдын канчалык опурталдуу экендигин кандай болсо да түшүндүрүүгө аракет кыл.

- Мейли.

- Бар эми, мен да Осмондун жанына кирейин, кыйналып жаткандыр.

- Ава…

- Эмне дедиң?

- Жатып бир аз эс алып албайсызбы, түндө уктаган жоксуз.

- Адегенде атаңдын камын жейли, уйку кайда качмак эле... Токто! Токто! Эсиме жара чыккыр, өтө зарыл нерсени айтпай калыпмын. Ар бир үйдөн күндө үч маал сурап тургун, кимисинин тамагы ооруйт, жөтөлөт, ысытма кылат дароо мага кабарла. Бул сенин эң башкы милдетиң. Анан туз… тузду унутпа.

- Тузду эмне кылайын, ава?

- А-а, эртеден кечке оозу-мурдун, тамактарын туз менен чайкай беришсин. Үйдү тез-тез шамалдатып турушсун. Анан бир чоң идишке, мисалы, сыр челекке тузду чылап коюп, идиш-аяктын баарын ошого чайкашсын. Эшик-терезелерди, үйдөгү жуула турган жерлерди бүт туздуу суу менен жууп, сүртүп чыгышсын. Апаңа айт, мага да ошондой бир сыр челек берсин.

- Макул, айтам.                                           

- Эми бара бер. Тез кыймылда, балам.

Осмон оруу менен бир апта катуу күрөштү. Эскилер айтмакчы, нары барып, бери келди. Бирок Шаймерден аксакалдын бал, сарымсак, алоэнин ширеси аралаштырылган дарысы, чырканак, караган, карагат жана бөрү карагаттын, четиндин бүрү, чекендинин уругу кошулган (булардын баарын Шаймерден аксакал өзү жыл сайын күзүндө терчү) кайнатмасы, бозноч, кийик оту, сары чай чөп, жалбыз, аркар от, эрмен жана бака жалбырактын тундурмасы аны азаптан бир топ арылтты. Жаш токтунун шорпосу да буга кошумча болду. Эми ал баштагыдай катуу ысытмалабай калды, жөтөлгөнү да азайып, табити да ачылды. Эми мурдагыдай эртеден кечке төшөккө жата бербей, алы куругандыгына карабай, туруп ары-бери басчу болду. Эгер буга чейин түнүчүндө эшикке чыккан учурларында Шаймерден аксакал жетелеп чыгып жүрсө, эми жетелетпей эле чыкканга жарап калды.

Анткен менен Шаймерден аксакалдын түйшүгү азайбады. Ал мурдагыдай эле эрте менен мештин күлүн алып от жагып, Осмонду заара кылдырып, анын бети-колун жуудуруп, тамагын чайкатып, өзү даярдаган дарылардан ичирип, үйдү ысырыктап, мындан кийин ага чай берип, идиш-аяк жууп, ар жууган сайын аларды туз менен чайкап, күн алыс мискейге эрмен кайнатып, анын суусу менен үйдүн полун, дубалдарды дезинфекциялап, мындан тышкары Осмон экөөнө күндө эки маал өзү тамак жасап, иши кылып тынымы болбой калды. Күн санап күчөп бараткан Осмондун чыргоолугу буга кошул-ташыл болду.

- Түрмөдөгү өлүмгө өкүм кылынгандарды да мендей эле туюк камап салышпаса керек, аларга да жок дегенде эки-үч күндө бир сыртты, жарыкты көрсөтүп турат болушу керек. Күндүз эшикке чыкпаганыма мына бүгүн туура сегиз күн болду, бу не деген азап өзү?! Же бала-чакаңды көрө албасаң!

- Же мал-келиңди көрө албасаң де! – мыскылдуу жылмайды Шаймерден аксакал. – Кана ачыгын айтчы, кайсы бирин көбүрөөк сагындың: байбичеңди, уулуңдубу же малыңдыбы?

- Ушу сенин айтып бере турган жин-периң барбы дейм да, адамдын ичиндегисин дароо билип коёсуң. Адам малың, мүлкүң менен адамсың. Албетте, малымды да сагындым.

- Менсиз аттарым жемсиз калбадыбы, букаларым, кочкорлорум арыктап кетпедиби деп ичиң тызылдап жатабы?

- Тызылдаса тызылдагандыр. Малды караган, баккан менен мал болот.

- Эмне, Күмүш менен Белек сендей бага албайбы?

- Ачыгын айтсам, мен алардын караганына анча ичим чыкпайт.

- Ошондой де, мен да бир кезде кудум сен сыяктуу элем. Ооруканага келген ноокасты мен кабыл алып, мен көрбөсөм башкалар жаңылып калчудай түпөйүл боло берет элем. Операция кыла турган кишини мен операция кылып, мен дарылабасам кокус өлүп калчудай кооптоно берчүмүн. Мына эми канча жылдан бери ал оорукана менсиз да жашап жатат, менден кийин келген доктурлар менсиз эле жүздөгөн, миңдеген бейтаптарды дарылап айыктырууда. Көрсө, адамга ишениш керек тура. А сен өз аялың менен жалгыз уулуңа ишенбесең, анда кимге ишенесиң? Же сен, мен жок болсок эле турмуш астын-үстүн болуп кетет дейсиңби. Биз кетсек дүйнө чайпалып-бөксөрмөк мындай турсун, кылы да кыйшайбат.

- Дагы шакыйыңды эзип кирдиңби? – жактырбагандай бурк этти Осмон. – Бир сөз баштаса эле талаалап кетмейиң жаман экен. Мейли, малымды көрсөтпөй эле кой, катын, баламды алысыраактан бир көрүп, эки ооз эсен-соолук сурашсак, сенин төбөңдү басабызбы?!

- Дагы бир аз сабыр кылсаң, көрөсүң.

- А кокус өлүп калсамчы?! А тиги китебиңде жазылып турбайбы, мындай кеселден мүрт кеткендер көп болот экен.

- Сен эми бул оорудан өлбөйсүң.

- Эмне, менин өлөр-өлбөсүмдү так билгендей, сен Кудай белең?

- Мен Кудай эмесмин, бирок ошону билсин деп Жараткан мага акыл-парасат, туюм-сезим жана илим-билим берген. Ал эми мен жок болгонумда анык өлмөксүң.

*     *     *

- Ава, Кишимжан жеңем дагы келиптир, зарыл кебим бар, жок дегенде бир чыга алар бекен дейт, – сырттан Белектин үнү угулду.

- Дагы келиптирби? – Шаймерден аксакал ойлонуп калды. – Мейли, күтүп турсун, анда беткабымды алмаштырып чыгайын. Белек?

- Ыя?

- Эшиктин оозунан тогуз-он метр алыс турсун.

- Макул.

Кишимжан кемпир күндө бир келип, алысыраактан үн салып Белектен же Күмүш кемпирден абышкасынын ал-ахывалын сурап кетип турар эле. Чалын жүзмө-жүз көрүп, сүйлөшпөгөнүнө мына бүгүн туура он үч күн болду. Ар кандай шылтоо айтып чакыртса да бир жолу чыкпай койгон.

- Мага тик караба, капталың менен туруп сүйлөш! – деп эскертти Шаймерден аксакал эсен-соолук сурашпай туруп эле. Ошентип, алар тогуз-он метр аралыкта, бири-бирине капталы менен туруп сүйлөшө баштады.

- Азып кетипсиң, деги жакшы элесиңби, бир жериң ооруган жокпу? – кабатырлана собол узатты кемпири.

- Менин жүзүмө караба дебедимби!

- Мына карабаса карабадым. Жакшы элесиңби дейм?

- Мен жакшымын, өзүңөр кандайсыңар, кыйналган жоксуңарбы?

- Биз неге кыйналмак элек.

- Ажы уул кандай, жакшы болуп калдыбы?

- Ажы уулуң адам болуп келе жатат, – Шаймерден аксакалдын үнү куунак чыкты.

- Ылайым ошондой эле болсун! Ушул балакет тезирээк эле аттап-буттап өтүп кетсе экен. А тиги… – Кишимжан байбиче дагы бир нерсе сурагысы келип, батынып сурай албады.

Экөө тең бир топко унчукпай калышты.

- Тамагың кантип жатат? Биздин жашыбызда адам тамакты таптап ичиш керек. Жанагы кайнатмалардан өзүң да ичип жатасыңбы? Иммунитетиң түшүп кетип жүрбөсүн. Өзүңдү да унутпай кара.

- Менден кабатыр болбо. Өзүм доктур болсом, мага дарт тиймек беле…

- Ошентсе да өзүңө этият болсоң.

- Этият элемин, менден камтама болбо дебедимби. Андан көрө айтчы, Медер окуусун улантып жатабы?

- Улантып жатат.

- Китептерден карап, химия, биологияны да эми алыңдын жетишинче өзүң үйрөтө бер. Баланын окуусу үзгүлтүккө учурап калбасын. Мен айткан көркөм чыгармаларды да окуп чыксын.

- Үйрөтө бер дегениң кандай? Өзүң үйгө келерсиң, же жазга чейин ажынын үйүндө жатасыңбы?

- Кемпир, мен азыр эч нерсе деп айта албайм. Бул илдет беш күн, он күндө айыгып кете турган жөнөкөй илдеттерден эмес.

- Мейли эми, качан келсең да аман-эсен келсең болду. А Медерди болсо өзүм окутуп турам.

Кишимжан байбиче физика-математика мугалими болуп иштеп жүрүп пенсияга чыккан эле. Медер колдоруна келгенден бери ушул бала билимисиз калбасын деп, чалы экөө аны даярдай башташкан. Келерки жылы кайсы бир окуу жайга өтмөк.

- Үшүп каласың, бар эми кирип кет – суукка чыдамың жок эмеспи, – деди Кишимжан кемпир абышкасын аягандай.

- Байбиче?

- Ии.

- Медер окубай калбасын, уктуңбу?

- Коркутпачы, өзүң келбей кала тургандай сүйлөйсүң да!

- Адамга эң зарылы илим-билим, ошону айтып жатпаймынбы?

- Ошону жөн эле айтсаң боло, кишинин үшүн албай.

- Кош эмесе.

- Кайыр, Алла өз паанасында сактасын.

Алар коштошуп бир-эки кадам таштагандан кийин экөө бир учурда артка кылчайып бакканда, көздөрү чагылыша түштү. Шаймерден аксакал байбичесинин көзүнөн жаш кылгырып, ушунчалык сагыныч, кусалык, берилүү менен тигилип турганын көрдү. Шарт башын чулгуп, шашылыш басып үйгө кирип кетти.

Ал Осмондун жанына киргенден көп өтпөй сырткы эшик катуу кагылды. Бир нерсе болгонун сезгендей жүрөгү опкоолжуп, ордунан атып турду.

- Белек, эмне болду, тынчылыкпы?!

- Камила жеңе келип кетти, кызым эртеден бери катуу ысытмалап жатат дейт, – Белектин үнү энтиккендей, аптыгып чыкты.

- Ох, чын элеби?! – Шаймерден аксакалдын тулку боюн майда калтырак басты.

- Дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок, аныкы жөн эле сасык тумоо да болушу мүмкүн, – ал токтоо сүйлөгөнгө аракет кылды. – Белек, мени угуп жатасыңбы, жөн эле сасык тумоо болушу мүмкүн.

- Угуп жатам, – Белек тамагына бир нерсе туруп калгандай, араң унчукту. – Сизди тезирээк келип бир көрсө экен дейт.

- Мен… мындай кылалы. Сен эле барганың туура болот. А мен атаңды таштап кантип чыкмак элем.

- Менби?.. Мен барып колумдан эмне келет, же доктур болбосом? Анүстүнө… өзүңүз билесиз да… Сиздин эле барганыңыз оң го...

- Биринчиден, азыр андай нерселерди ойлой турган убак эмес. Экинчиден, Осмон толук айыкмайынча, мен эми бул жерден чыга албайм. Мени түшүндүңбү?

- Түшүндүм.

- Мындай учурда кандай кылыш керектигин сен да билип калбадыңбы. Алгач ысытмасын түшүрүү абзел. Азыр тез Кишимжан жеңеңе бар да, парацетамолдун беш-он таблеткасы калгандай болду эле, ошолорду Аттокурдукуна алып барып бер. Бир таблетка жардам бербесе, экини ичсин. Бирок жөнөкөй тумоого да ысытманын дарысы эле шыпаа боло бербейт. Ошондуктан барар менен Кишимжан жеңеңе айт, атаңа кайнаткандай кайнатма даярдасын. Тез арада дары чөптөрдөн тундурсун. Бал, алоэ жана чесноктун аралашмасын жасаганды да унутпасын. Үйдөгү фонендоскопту да унутпа – кантип колдонушту кечээ сага айтып, дептериӊе жаздырбадым беле. Көкүрөгүн сөзсүз ич кийимчен абалда тыӊша, уялымыш болбо! Калган иш-аракеттердин баарын кечээ өзүӊ тизмектеп жазып алган тартипте аткарасыӊ. Адемини өзүнчө бөлмөгө бөлүшсүн. Анын жанына сенден бөлөк эч ким кирбесин. Дагы бир зарыл нерсени айтайын дедим эле… А-а, көзүңдү сөзсүз тосушуң керек. Көз айнегиң барбы? Жок болсо менде үйдө дагы бирөө бар.

- Бар.

- Эми бир нерсени өтө жакшылап тыңша. Биздин үйдө эки жуп стерилденген мээлей бар, Адеминин бөлмөсүнө мээлейчен киресиң. Башыңа тумак кийгенди да унутпа. Эч качан, эч качан колуңду бетиңе, оозу-башыңа, көзүңө тийгизчү болбогун! Угуп жатасыңбы, эч качан! Атүгүл кийимиңе да тийбеши керек. Андан чыгып үйгө келгенден кийин биринчи колуңду туздалган сууга салып, соң кир самын менен таза жууп, анан сырт кийимиңди, тумагыңды, көз айнегиңди тышкарыга чечип коёсуң. Алар жок дегенде үч саат туруш керек. Андан соң үйгө киргизсең болот. Айтмакчы, ар жолкусунда оозу-мурдуңду туздуу суу менен чайкаганды унутпа. Мен айткан эрежелердин бирөөн эле сактабай койсоң, өзүңө гана эмес, бүт айылга коркунуч жаратасың. Угуп жатасыңбы, балам?

- Уктум, ава.

- Айткандарымдын баарын эсиңе бекем түйдүңбү?

- Ооба.

- Унутуп калбайсыңбы?

- Жок, унутпайм.

- Мен сага ишенем, балам. Коё тур, коё тур! Карылыгы курусун, ысырык салганды, эрмен менен дезинфекция кылганды айтпай аз жерден унутуп кала жаздапмын.

- Алар эсимде. Өткөндө кандай кылыш керектигин үйрөтпөдүңүз беле.

- Бар эмесе, балам. Сага Жараткан өзү жар болсун!

Акыркы күндөрү кез-кез жөтөлүп, тез шайы кетип, өзүн алсыз сезе баштаган Шаймерден аксакал кичине эс алып алайын деп Осмондун бөлмөсүндөгү өз төшөгүнө эми эле жантайган эле. Сыртта алгач бирөөлөрдүн өкүрүп-бакырганы, жулкунуп-булкунганы угулуп, анан ошол үн тышкы эшикти тарс тээп далиске кирип келгенде, Шаймерден аксакал босогого чечкен калошун бутуна салууга да үлгүрбөй атып чыкты. Анын көзүнө ичкери карай булкунуп жаткан Аттокур жана аны коё бербей кармап турган кемпири Камила менен өң-алеттен кеткен Белек урунду. Алардын артында өңү купкуу болуп, чебелектеп Күмүш кемпир турган болучу.

- А, сакалы күйгүр бузуку, менин кызымдын көкүрөгүн мобуга тыӊшатып коюп, бизди маскара кылайын деген экенсиң да!!! А, сакалдан айлангыр бузуку!!!

Шаймерден аксакал обол эмне болгонун түшүнбөй дендароо болуп турду, а качан Аттокурдун ачуу сөздөрүнө баамы жеткенде:

- Жогол! Жогол! – деп үйдү башына үч көтөрө айкырып жиберди, анын өңү абдан бузулуп, безгек болгондой калчылдап чыкты.

- Айбан! Эшикке чык деп жатам! – ал үнүнүн барынча бакырып, көз ачып жумганча текчеде турган кесени алып, аны менен Аттокурду чаап жиберди. Кесе Аттокурдун көкүрөгүнө тийип, ал бир саамга ачуудан соолуга түшкөндөй болду. Ушундан пайдаланып, Камила байбиче менен Белек аны сыртка сүйрөп чыгып кетишти. Эмне кылып жатканын өзү да аңдабай, алардын артынан Шаймерден аксакал атырылып чыкты.

- О, сакалы күйгүр бузуку! Дагы аксакал имиш! Дагы кошуна имиш! Дагы тууган имиш! Сен душман барбаган ишке барып жатасың, уктуңбу! Мындай арам ишке душманың дагы барбайт! Бөлөктөрдүн кызын да өзүңдүн кызыңдай шуркуя ойлойт экенсиң да! О шерменде! Шерменде! (Шаймерден аксакалдын бир кызы биринчи турмушунан жолу болбой, кийин дагы бирөө менен качып кеткен эле.)

- Ава! Суранам, кирип кетиңиз! Кирип кетиңиз! – деп кыйкырды ошол учурда Белек чый-пыйы чыгып, Аттокурду алысыраак алып кетүүгө жан үрөп.

- Бас жаагыңды, эшек! Мен сенин мынчалык акмак экениңди, мынчалык келесоо экениңди билбей жүрүптүрмүн! Сен молдо болуп динден айланасыңбы, илимден айланасыңбы?! – деп кыйкырды өз кезегинде Шаймерден аксакал, дале калчылдаганын баса албай. – Сен бу кебетең менен динди да булгайсың, Кудайды да алдайсың!

- Динди булгап, Кудайды алдап эмне кылыпмын, кана айтчы, эмне кылыпмын?! – Аттокур жинденип, дагы бери жулкунду.

- Эмне кылып жатканыңды көрбөй турасыңбы, же көкүрөгүң эле эмес, көзүң да сокур болуп калганбы?! – Шаймерден аксакалдын үнү эми тек жемелегендей жайыраак чыкты. – Оозуңдап ак ит кирип, кара ит чыгып жатат, ак-караны ылгабай туруп мени урганы булкунуп келесиң. Сен молдо болгондон мурда адам болчу. Деги билесиңби, молдо деген ким? Молдо деген өзүнүн сөзү гана эмес, жүргөн-турганы, кылган-эткен аракети менен башкаларга үлгү болгон адам. Молдо деген оозундагы илими, дилиндеги ыйман-ынсабы менен башкалардын сыйына татыган такыба инсан. А сен текеберликтен башка, кайсы бир заманда жаттап алган төрт келмени бетке кармап, Алланы сен гана тааный тургандай, чындыкка сен гана кол жеткиргендей, бөлөктөрдүн оюн уккуң келбей, бөлөктөрдүн чындыгын түшүнгүң келбей, чийилип калган эски пластинкадай бир кебиңди улам-улам кайталай бергенден башка нени билесиң? Сен Кудай берген керемет жашоону өзүңдүн тар түшүнүгүң менен, сокур сезимиң менен тирүүлүктүн тозогуна айланткың келгенин эч ким аңдабайт дейсиңби? Сенин көр жемеңден, сенин киришчээктигиңден тажап, ортончу уулуң орустун шаарына качып кетип келбей жүрөт. А үйүңдөгүлөрдүн баарын жер көз кылып бүтүргөнсүң.

Ырас, биз баарыбыз Алланын пендесибиз, Алланын амирине баш ийип, анын айтканына кулдук урабыз. Бирок Жараткан пенделеринин баары сага окшоп калсын, сен жүргөндөй жүрсүн, сен ойлогондой ойлосун, сен сүйлөгөндөй сүйлөсүн деп жаратпаса керек да. Андай болгондо Шаймерденди, Осмонду, Күмүштү, Белекти, Медерди жаратпай, баарын текши Аттокур кылып жаратып койбойт беле?

- Көрсө, сенин өзүң эле эмес, оюң да бузук турбайбы! – деди Аттокур кыжырдуу. – Калп эле намаз окумуш болуп жүргөн турбайсыңбы!

- Менин намазыма асылбай эле кой, ким чын ыкластан намаз окуйт, ким эл көзүнчө окуйт, тиякка барганда билинет. Андан көрө айтчы, беш жылдан бери кызыңдын багын байлап, үйдө кармап отурганың шариятка жатабы? Анын эркин өз эркиңе баш ийдиргениң зулумдук, өкүм зордук эмеспи?

- Менин кызыма асылбай эле кой! – деп зиркилдеди Аттокур, – Менин кызым отурса өз абийири, өз ары менен отурат. Сенин кызыңа окшоп эрсиреп көчөгө чыгып кеткени жок!

- Атасы, айланайын атасы, кыз жалгыз калды, кыз коркот, үйгө баралы! – Камила байбиче ый аралаш жалбарып жиберди. – Атасы… атасы…

Шаймерден аксакал да, Аттокур да бир учурда эстерине келгендей тык токтоп калышты, Аттокур Шаймерден аксакалга сес көрсөтө дагы бир жолу ызырынып, үйүн көздөй жөнөдү, ал эми Шаймерден аксакал да дароо ичкериге кирүүгө ашыкты.

*     *     *

- Ава, Адеми жакшы болуп калыптыр! – Белектин катуу кубанган үнү угулду.

- Эмне, жакшы болуп калыптыр дейсиңби?

- Ооба.

- Кимден уктуң?

- Апасы апама айтыптыр.

- Кечээкидей ысытмалабай калыптырбы?

- Кечтен бери ысытмасы кайтып, жөтөлгөнү да калган окшойт. Табити да ачылыптыр.

Шаймерден аксакалдын жүүн-мууну бошоп, жаагынан куюлган ысык жаш сакалын жууп жатты. Ал башка сүйлөөгө дарманы келбей, оозун ачса «ба-а» деп жаш баладай ыйлап жиберчүдөй өпкөсү көөп, далистин дубалына сүйөнүп отуруп калды. Көзү менен көрбөсө да Белек анын абалын сезгендей, сөз учугун улабады.

- Мен айтпадым беле, жөн эле сасык тумоо болушу мүмкүн дебедим беле, – деди Шаймерден аксакал бир топтон кийин толкунданган үн менен. – Буюрса, эми баары артта калды, буюрса биз кырсыкты жеңдик.

- Эмне, атам… – Белек тамагы муунгандай үн катты.

- Ооба, атаң да толук айыкты десек болот.

- Анда мен апама сүйүнчүлөйүн.

- Сүйүнчүлөй бер.

- Кишимжан жеңем менен Медерге да кабарлайын. Алар да сизди чыдамсыздык менен күтүп жатпайбы.

- Аларгабы?.. Аларга айтпай коё тур.

- Эмне үчүн?..

- Мен… бала кезде өпкө оорум бар эле, ошол кайра козголгон окшойт. Саал жакшыраак болгончо буякта эле тура турайын…

- Анда Кишимжан жеңемдерге эмне деп айтабыз?

- Аларга антип айтпай эле кой. Биздин үйдү дезинфекциялап, анан бир-эки күндө келет экен де, жарайбы?

- Жарайт.

- Азыр сен мындай кыласың.

- Угуп жатам, ава.

- Мончоңор иштейби?

- Иштейт.

- Мончону жакшылап жылыт. Мончо жакшылап жылыганда, сен кечээ күнү мен айткандай коопсуздук эрежелерин сактап, эшиктин оозунда күтүп турасың. А мен болсо атаңды кийиндирип алып чыгам. Апаң азырынча үйдөн чыкпай эле койсун. Осмонду түз мончого алып киресиң. Анын бүт кийимдерин чечиндирип, ич кийимдеринен бери жылчыгы жок клеёнка пакетке салып, аба кирбегидей оозун бурап туруп бекем бууйсуң. Бир дагы кийимин калтырба, маасы, көлөчүнөн бери салгын. Атаңды авал кир самын менен тазалап жуундурасың. Уят-сыйытты коюп, өзүң жуунтасын, анткени атаңдын алы кетип калган – кокус башы айланып жыгылып калышы мүмкүн. Кийин туздалган суу менен чайындырасың. Ачыштырса да бир жолкуга чыдап койсун. Андан соң төбөсүнөн бутунун учуна чейин эки-үч кайталап эрмендин кайнатмасын куясың. Буларды мончо жылыганча даяр кылып алсаң болот. Эрменден кийин күтө туруп, он-он беш мүнөттөн соң таза суу менен чайканышы керек. Ал арада сен чечкен кийимдеринин баарын, бирин калтырбай биз үчүн казылган ажатканага алып кирип өрттөп жиберүүгө тийишсиң. Күлүн да калбасын – ажаткананын чуңкуруна шыпырып сал. Андан соң үйдөн таза кийимдерин алып чыгып (апаң алып чыгып берсин, өзүң кирбегин), атаңды кийиндиресиң. Осмон үйгө кирип кеткенден кийин үстүңдөгү формаңды чечпей туруп, мончонун ичин туз жана эрмендин кайнатмасы менен дезинфекция кыласың. Мончонун эшик-терезесин бир суткага чейин ачпайсың жана бир суткага чейин эч ким кирбесин. Анан кечээ мен эскерткен эрежелерди сактап, чечинсең болот. Баары түшүнүктүү болду го дейм.

- Ооба, түшүндүм.

- Эми бул жагын ынтаа коюн эшит.

- Айта бериңиз.

- Мен үйүңөрдөн чыгып кетер замат жанагы айткан нерселер менен үч күн удаа бөлмөлөрдү дезинфекциялайсың. Сенден суранам, өзүңдү абдан этият кыл, эрежелерди тыкыр аткар. Кудай анын бетин ары кылсын дечи, бирок бир жерден эле чекилик кетирчү болсоң…

- Баарын сиз айткандай аткарам.

- Үч күнгө чейин тирүү жан кирбеши керек. Үч күндөн кийин дагы эки-үч күн эшик, терезелерди ачып коюп желдетесиң. Анан кирип жашай берсеңер болот. Айтмакчы, ажаткана менен мен жугунду төкчү чуңкурду да дароо көмүп сал. Колуңдан келишинче калың көм, а тегерегиндеги тосмосу азырынча тура берсин.

- Ава, буларды ошол күнү да айтсаңыз болот да, эмне үчүн азыр айтып жатасыз?.. – Белектин үнү алда неден кабатырлангандай капсалаңдуу чыкты.

- Балам, кары киши унутчаак болот экен, эсимде барында айтып коёюн деп жатпаймынбы.

- Ава?

- Не дедиң?

- Сиздин өзүңүзгө бир нерсе керек эмеспи? Дары-дармегиңиз болсо, үйүңүзгө барып алып келип берейин дегеним.

- Жо, жок! Экөөбүз бул тууралуу жана эле сүйлөшпөдүкпү! Үйдөгүлөргө такыр ооз аччу болбогун! Аларды коогага салып эмне кыласың, узагы эки-үч күндө өзүм чыгам дебедимби.

- Анда сизди өзүм багып карайм.

- Эх, мен сени түшүнүктүү эле адам экен десе.., сен мында кирчү болсоң… («Кылган мээнетибиздин баары текке кетет» – деп айтып жибербей аз калды.). Жок, сенин керегиң жок.

- Ооруп турсаңыз жалгыз кантип жатасыз.

- Мен сенин атаңа окшоп он беш-жыйырма күн жатмак белем, жатсам эки-үч күн жатаармын. Мүмкүн андан да батыраак чыгам. Кеселим да анчейин эле…

- Баары бир мен сизди жалгыз калтыра албайм.

- Сен жеткен кежир неме турбайсыңбы, мага кам көргөндөй, мен наристе көөдөк болбосом, же бир төшөктө жатып калган ноокас болбосом.

- Үнүңүзгө караганда кыйлача эле кеселдеп калган окшойсуз. Абалыңызды өз көзүм менен көрбөсөм, санаам тынчыбайт.

- Кандай көк немесиң өзү, мен жакшы элемин дебедимби! – Шаймерден аксакалдын үнү катуу, бирок эркелеткендей мээримдүү чыкты. – Анда мындай кылалы. Бүгүн өзүм эле жатайын. Эгер кыйналып калсам, макул, эртеңден баштап сен шерик болгун. Сүйлөштүкпү?

- Сүйлөштүк, – Белек ыргылжың болгондой жооп берди.

*     *     *

- Не кылышты да билбей калдык, барбаган жерибиз, издебеген кокту-колотубуз, ой-чуңкурубуз калбады. Жакага кеттиби десең, азыр ашуудан адам турмак куш да учуп өтө албайт, ал эми Шаймерден акемдин кийик жолдон өтүп кетерине түк көзүм жетпейт. Ал бала кезинде андай жалама зоону кой,  мындайыраак эле кыялардан башы айланып, жүрө алчу эмес. Өзүңөр билесиңер, мен бул жердин коён жатагына чейин билем, кайда эмне бар, баары мага маалым. Киши буту басып бара ала турган жерлердин баарын аңтар-теңтер кылдык. Бүгүн Белек экөөбүз атүгүл төрдөгү мөңгүнүн аралап, бүт аңдардын ооздорун карап чыктык. Аңга түшүп кетти дейин десең, же бир из жок – же борошо шыпырып кеткенби? Анүстүнө мынчалык калың карда Шаймерден авамдын мөңгүгө чейин жетишинин өзү күмөн. Иши кылып кайып болгондой эле дым-дарексиз кетти. Ойлоп турсаң, адамдын акылы да айран калат, – деп сөзүн бүтүрдү Осмон оор күрсүнүп.

Адаттагыдай эле бул чакан кыштактын тургундарынын баары бүгүн да кеч киргенде Шаймерден аксакалдын үйүнө чогулушкан эле.

- Күнөөнүн баары менде, ошол күнү кандай болсо да жалгыз таштабашым керек болучу, – деди Белек түнөрүп.

- Сен өзүңдү көп айыптай бербе. Эртеңки күнү эмне болорун пендеси кайдан билсин? – деди Аттокур улутунуп.

Ортодо оор жымжырттык орноп, баары тунжурап унчукпай калышты.

- Ырас, түшкө кирбеген окуя болуп жатат, мындай болорун ким ойлоптур, – андан ары сөзүн улады саамдан кийин Аттокур. – Бирок чырпык сынса да, таш түшсө да Алланын амири менен болот. Кантели, бу авабыздын маңдайына ушундай тагдыр буюрган экен, ким болбосун пешенеге жазганды көрбөскө аргасы жок… Пенде баласы сууга агып дайынсыз кетеби, жар басып топурак-таштын астында калабы же аңга түшүп кетеби, майити табылбай турганы анык болгондон кийин жаназасын түшүрүү тирүүлөрдүн парызы. Шаймерден авабыздын дарексиз кеткенине да мына бир айдан ашты, эми жаназасын түшүрүп, мусулманчылык парзыбызды аткаралы, кандай дейсиз, жеңе? – ал шуу-шуу үшкүрүп, көзүн жаштап отурган Кишимжан байбичеге кайрылды.

Кишимжан кемпир бир топко чейин туттугуп жооп бере албай, анан мындай деди:

- Эми айылдын аксакалы ажы уул экөөңсүң, силер не десеңер, ошол болот.

- Анда биздин кара буканы союп акемдин маарекесин берели, – деди Осмон жандана.

- Андай багылган бука бизде да бар, бука сойчу болсок биздикини соёбуз, – Аттокур шашылыш сөз кыстарды.

- Аваңар ысырапкорчулукту жининдей жаман көрчү эмес беле, кара мал сойгудай бир жамаат элге аш берип жатпасак… Өзүнүн жамандык-жакшылыкка деп багып жүргөн кочкору бар, жаназасына… ошол эле жетет, – Кишимжан байбиче үнү буулугуп, араң сөзүн бүтүрдү.

- Ата, буканы сатып, Медердин окуусуна жардам кылалы, Медер окуйм деп жатпайбы, – деп, Белек сөзгө аралашты.

- Медер окуса мен да жардам кылам, мен да бука сатып берем! – Аттокур молдо туурадан чыкты.

- Медердин окуусуна чейин дагы көп бар, окуйм десе, өз атасы да талаага таштабас. Андан көрө башканын баарын коюп, балдарыңарды үйлөндүрсөңөрчү, – Кишимжан байбиче салмактуу сүйлөдү.

Бул сөздү эшиткенде Белек кызарып кетти, ал эми мештин жанында иришип жүргөн Адеми тышкарыга чыга качты.

- Иншаллах, ал жагы да болот, ал жагы да болот – деди Аттокур, күнөөлүүдөй жер тиктеп.

- Буюрса, баары болот, – дароо коштоп жиберди Осмон, бирок ал дагы эч кимге тик багып карай алган жок.

Эртеден бери улага тарапта шыбырашып отурган Камила байбиче менен Күмүш кемпир жүздөрү нурданып, бири-бирине сырдуу жылмайышты.

*     *     *

Күндүн суугуна карабай айылдын чок ортосундагы жалгыз түп кара талдын жанындагы дөңгөчтүн үстүндө Аттокур молдо менен колуна калыӊ китеп кармаган Осмон ажы көпкө сүйлөшүп отурушту. Алар кызуу кепке кирип кеткендиктен, убакыттын өткөнүн да, кеч кирип баратканын да элес албагандай.

- Шаймерден аванын китебин окуп жатасызбы?

- Ооба. Бирок көп жерлерин түшүнө бербедим… Шаймерден аванын тагдырына таӊ калам. Ачыгын айтсам, мен али да өзүмө келе албай жатам. Бир түндө эле кара башыл киши жок болуп кетет деген эмне шумдук. Пайгамбарлардан Иса пайгамбардын кайып болуп кеткенин билем, а жөн адамдын кайып болгону жомокто эле учурабаса, турмушта кантип ушундай болсун.

- Э, бурадар, буга шарият илиминен анча-мынча кабары бар менин да түк акылым жетпей койду. Балким, бул да болсо Алланын бизге көрсөткөн бир кереметидир, бизге кылган эскертүүсүдүр. Ишенсең, ошол күндөн бери түндө тынч уктай албайм, раматылык экөөбүздүн урушканыбыз, анын мага айткан акаарат сөздөрү, менин ага айткан ачуу сөздөрүм кулагыма жаңыра берет. Кудум тирүүдөй, кудум эшиктин алдында акмалап жүргөндөй, мына-мына кирип келе тургандай катуу кооптонуп корко берчү болдум. Ага арнап күнүгө эки ирекет намаз окусам да, бул нерседен түк арыла албай жатам. Дагы бир нерсени айтайын, күн кур эмес өткөн өмүрүм сыдыргыга салгандай көз алдыман чубуруп өтчү болду. Көрсө, мен мындаймын, мен тигиндеймин деп көкүрөк кагып жүргөнүм менен, жаза баскан күндөрүм, чекилик кетирген иштерим көп эле болгон экен. Өзүмдүн текебердигим, менменсинүүм, кыска акылым менен көп эле адамдын көңүлүн калтырып, шагын сырдырганымды эми аңдап-түшүнүп жатам. Ал киши биз менен аралашып жашабаса да, менин ким экенимди көзү ачыктай эле билген экен.

- Мени айтпайсыңбы, мени! Эчкинин жашындай жашым калганы менен ишим жок, байлыгым көбөйсө, мартабам ашып-ташса өлбөчүдөй, малымдын ар бир кошулган туягына кубанып жүрө берген экенмин. Ажыга барып келгеним менен дилим агарып, жан дүйнөм тазарып кетпептир да, дале болсо көр дүйнөнүн кулу болуп кала бериптирмин да. Ач көздүгүм, бирөөлөрдү көрө албастыгым, ичи тардыгым калбаптыр да. Жашырганда эмне, маркум менин да көзүмдү ачып кетти.

- Карачы, кээ бир кишилердин өмүрү эле эмес, өлүмү да өрнөк болот экен. Шаймерден авабыздын өлүмү да ошондой өрнөктүү өлүмдөрдөн болду.

- Экөөбүздүн эң чоң катачылыгыбыз (кылмышыбыз десем да болот) беш жыл бою балдардын бактысын байлаганыбыз болду. Алардын бактысын уурдаган ар бир күнүм үчүн мен эми өмүр бою өзүмдү жек көрүп өтөмбү деп корком.

- Аны бир айтасыңбы, эки айтасыңбы! Адам ушунчалык да наадан болобу, ушунчалык да пастыкка барабы? деп өзүмө-өзүм күндө миң бир жолу суроо берип, такыр жообун таба албайм.

- Экөөбүздүн текке кеткен жыйырма жылдык өмүрүбүзчү, биз бала кезде бир да жолу «сен», «мен» дешпеген кыяматтык дос эмес белек? Анан эмне болду? Көр дүйнөнүн артынан сая түшүп, тиричиликтин ыпыр-сыпырына көмүлүп, бири-бирибизден алыстай баштадык.

 – Бизди бет карагыс кылып акыркы жолу уруштурган ушул тал эмес беле, ушул талдын айынан кырды-бычак болгонубуз эсиңдеди?

- Ооба, мындан жыйырма жыл мурда ушул талды талашып, кызыл чеке болуп мушташканбыз. Ушул талга гана күнүбүз түшүп калгандай, бул талды алдырып жиберсек эле жашообуз токтоп калчудай, өлөр-тирилерибизге карабай урушканбыз. Эми карачы, арыктардын боюнда чоң аталарыбыз тигип кеткен буга окшогон канча талдар турат, тигине чети оюлбаган чоң токой турат…

- Көрсө, биз ошондо мунасабызды гана жоготпоптурбуз, балалык аруу дүйнөбүздү, эң жаманы, адамгерчилигибизди да жоготуптурбуз.

- Бу адам дегениң түккө арзыбаган нерселер үчүн бири-биринин көңүлүн оорутуп, бири-бирин таарынтып, бири-биринен алыстап, алтурсун биз сыяктуу бири-бири менен душмандашып, касташып, Шаймерден авабыз айтмакчы, «ажайып турмушту» чыныгы тозокко өзү айландырат турбайбы…

- Ой, сөз менен болуп намаздан кеч калбайлы, намашам болуп калыптыр го.

- Дааратың барбы?

- Бар.

- Анда жүр биздин үйдө эле окуйлу. Калган кепти намаздан кийин улантабыз.

2020-жыл, 22-март 6-апрель.

Комментарий калтырыңыз