Махабат Алымбекова: Кызгылтым дүйнө

  • 12.04.2020
  • 6691

АҢГЕМЕ

...  Эр эле  болсоң  ушуну  чындык  деп  айланадагыларга  угуза  айтып  көрчу! Кандай көз караштар  менен карашаар экен! Тээ бийиктен  тиктеп, бир  келген  мүмкүнчүлүктү колдон  чыгарбоого  аракеттенип, колдон  келишинче бетинин бир  тарабы  менен  гана  жылмаюуга  аракет  жасашаары  шексиз...  Ансыз  да  өзү жалгыз  эртеден  бери  отурган сквердин  каршысынан аркы-терки агылып өткөн адамдар ырай-түсү  кеткен, бир  чекитти  тиктеп  мелтейген  бул  немени  бир түрлүү башкача  көз менен карап өтүп  атышканын  ички туюму  менен  туюп  эле  отурду.  Билгенде  аргасы  кайсы, ордунан козголор  шайы  жок, шайы  болгон күндө да басар  багыты  менен кылар  иши  жок, анткени  ойлоор ою да  жок  эле  бул  күндө!

*     *     *

... Кадимки эле иш күндөрүнүн  дагы бир күнү, айырмасы бир аз гана  чарчаңкы тартып турат. Акыркы күндөрдөгү  болуп жаткан абалына  тынчсызданып да жүрөт анан калса. Алгач  коркчу, коркпой анан! Баары  уйкусуроодон башталды, мемиреп  турган  жан-тени  алгач  чымырай  түшүп, кулак-мээси бир заматта тири укмуш чууга  толуп, ошол  чыңылдап-чыңалган абалдан бүт дүйнөсү  тунуп калды да, башы  айлангөчөк атып, кайдадыр  учуп жөнөдү... Акыл-эси  ордунда, жүрөгү болсо  кадимкидей лакылдап  согуп, а түгүл  коркот! Капкараңгы  белгисиздиктен коркту  ири алды, анан  ылдамдыктын  күчүнөн коркту, баарынан  да  учканын айт! Көөдөй  караңгылыкта  айтып  бере алгыс тездик  менен белгисиздикти  көздөй  багыт  алуунун өзү эмне  деген коркунуч... Мындайда  жаны  оозуна  кептелип, болгон  күчүн жыйнап, акыл-эсин  пештеп атып араң-аран өзүнө келчү. Бара-бара канчалык  чарчаса  да куш уйку  салууну токтотту, антпесе  болобу, дагы  башталсачы баягы  учуусу... Анан  дарыгерге барууну да ойлоп койду.

*     *     *

Психолог орто жашап  калган  аял  киши  экен. Кирерин  кирип  алып,  өзүндөгү болуп  жаткан  абалды  араң  түшүндүрүп  берди; тиги  аялдын  суроолоруна  таянып  атып.  “Каап... кайдагы  бир  балээге кабылды эле!”

-- Менимче  аябай  чарчасаңыз  керек,—деди  тиги. Мээ  чарчаган, жүрөк  чарчаган, керектүү-керексиз ойлордун  баарын  көп  ойлонот  көрүнөсүз. Сизге  эс алуу  керек, өзүңүздү жакшылап  карашыңыз  керек анан  дагы...

Мурчуя  түштү  өзүнчө, илгерки-и чоң энеси  маңдайында  тургандан  бешпетер.  “... хм... өзүмдү сонун эле карап жүрбөймүнбү”.

 -- Аа  мындай, эч  жериңиз  оорубайбы негизи? Мисалга  алсак башыңыз же  жүрөгүңүз?

-- Кудай сактасын...

-- Ичимдиктен  болсо алыс экенсиз. Аа баса, чөйрөңүздөгү  адамдар  менен мамилеңиз кандай? Балким ошондон  улам...

-- Камсанабаңыз, менимче, эң жакшы, үйдө да ошондой.  

Дарыгер  психологдун  эми чындап  башы  катты. Бирок  кантсе  да  бир  аргасы  болушу  керек ко  акыры!  Өзү  ылайыктап эң жакшы  делген дары-дармектерин жазып берди  да, эмгек  өргүүсүнө  чыгуусун  сунуш  кылды анан.  “Сизге  эс алуу  зарыл!”

Ошентти... Жан дили  менен  аткарды  психолог-дарыгердин  тапшырмаларын. Бирок  баары бир  баягы  түшүнүксүз  абал  муну коё  бере  койгон жок. Аргасы  куруганда кээ бир  жакын  санаган  тааныш-билиштерине, кесиптештерине  да  айтып көрдү ушуну. Сүйлөшүп  алышкансып  баары бир ооздон “Албарсты го...”дешти. “Тумчуктурабы? Муунтабы?”—“Жок. Тумчуккан  эмесмин. Муунган  да  жокмун” Калганын  айткысы  да  келбейт. Жөн  салды  берилген  суроого,  жөн салды  берилген жооптор катары менен тез эле унутулду. Өзү да  унутка  түшөт кээде. Бирок... Мунун  жантуйгусунан эч  качан  чыккысы  келбеген, мына  унуттум дегенде кайра  эле  жетип  келген  ошол  белгисиз  сезим уйкусуроо ортосунда  эле  эмес, эми  ойгоо турганда  да  “шуу!” этип оп тартып кетчү  болду өзүнүн капкараңгы  мейкиндигине. Бара-бара өзү да баштагыдай коркпой  калды. Анан  көкбеттиги  кармады  ушул “немеге”.

Көкбеттиги  кармады  да, дал  ошондой  секунддарда  шуулдап  учуп  бараткан  өзүн  тим  койчу  болду. “Кана... каякка  чейин алып барар  экенсиң  ушинтип... эмне  укмушуң бар мага  көрсөтө  турган...” Ушундай  бир  кашкөй  сезим  келчү оюна. Ошондон  кийин  ушул  белгисиз күч да өзүнөн өзү жоошуй  түшкөндөй болду. Мурункудай көп  кармабай калды. Кээде байкоосуз  турганда  чочутууга  аракет  кылгансып, шап  этип  чулгап  алат  да, мээ  жарчудай  чуулдагы  менен  дагы  белгисиз  караңгылыгын  көздөй  шуулдатып  алып  жөнөп  берет, бирок  ошол  замат  мындагы  көкбеттикти  байкай  койгонсуп кайра  коё берет.  Ошентип  атып  акыры  жоголуп  да кетти. Мына  кызык! Ал жоголгону  менен, бул аны эстей баштаса  болобу! Кайра  кызыгуусу күч алды эми. “Каап... эмнеге аягына  чейин учуп  бара  алган жокмун?!  Коркунучтуу  болгону  менен кызыктуу болчу да... Каякка чейин бармак? Бул өзү эмне болду экен?..” деген бүдөмүк суроолорун өзүнө-өзү купуя  узаткан боюнча кала берди. Бара-бара таптакыр унутулуп да кетти.

... Бирок ал  кетпептир. Аны  таптакыр унутуп бараткан күндөрдүн  биринде, чаламандын чак түшүндө келди да, бүт дүйнөсүн  чуулдатып, “шуу” этип оп  тартып  алып  учуп  кетти! Коркууга  да үлгүрбөдү бул  жолу, акыл-эси тумандаган бойдон караңгылыктын түпкүрүндөгү кызгылтым  бир  дүйнөгө  төнүп  кетти.

*     *     *

... Кызгылтым дүйнө. Эч жерде  кездешпеген, жада  калса  түшүндө  да, кыялында да  кездешпеген,  кызыл  нурга  чулганган  бир  керемет мейкиндикте эс-мас боло, суктануудан, таңдануудан  да  артык  сезимдерге  жетеленип, өзүбү  же  жаныбы – каалгып  жүрдү. Эмелеки  коркуу аралаш чыңалуусу да кайда  калганы  белгисиз, жан-тени ушунчалык  жепжеңил, бары-жогу  билинбейт. Бир  гана  сезимдери  тирүү экенин билгизип, аваз  кылып  бүтө албайт  ушул  сыйкырдуу дүйнөгө. Негедир эле  бактысы  толуп-ташып атты анан болуп  көрбөгөндөй. “Кандай  жакшы!!! Мен кетпейинчи... Мен бул жайдан  кетпей  эле  коёюнчу!” Өзү  аралап  жүргөн белгисиз мейкиндикке ушинтип өтүнүч  кылды дилинде.

Буга чейин жүрөгүндөгү  мынчалык  бейпилдикти, мынчалык  жымжырттыкты  сезген  эмес  экен, а  жымжырттыкты  сезүүнүн  өзү ушунчалык бактылуулук алып  келери оюна  да  келмек  эмес!  “Мага ишенчи...” деди  кызгылтым  дүйнө  ошондо”...  ажайыпка ишенбейсиңер таптакыр, эмнеге ишенгиңер келбейт айтчы!? Эмнеге жүрөгүңөрдө бейпилдик жашай албайт силердин? Анткени ишенүүнү  билбейсиңер? Ишен!  Ишен да чар тарабыңды карачы! Кандай  керемет!!!”

... Карады ошондо айланасын,  тирүү экенин эми эстегенсип,  жөн  гана  караган жок, башкача  карады. Айтканындай бар тура! Оюна  келген  нерселердин баары  кереметке  айланып баратты көз алдында. Кыялдары гүлгө айланып бажырайып, жашоо кунары ак жылдызга айланып асмандан жаап турду... Мен сенден кетпейм кызгылтым дүйнө! -- деди жан-дили жаркып. Мен сендей ажайып  аалам  менен катарлаш  жашаганымды  билген  эмесмин... Мен сенден  кетпеймин!

*     *     *

... Ошол  ошол  болду. Ар бир аткан таң менен кошо кызгылтым дүйнөнүн келишин, келип өзүнүн керемет мейкиндигине шуу этип оп тартып кетишин күтүп, эч ким туйбаган бир дүйнө менен катарлаш жашай баштады. Анын  өң же түш экенин, кыял же чындык экенин  да билчү эмес. Болгону  ишенчү. Ооба, кызгылтым тартып кубулган ошол мейкиндик буга туюндурбады беле “ишен! ”деп. Ишенбесе  капыс табылган керемети көздөн кайым болчудай, ал көздөн кайым болсо өзүнүн баштапкы бир ыргактуу супсак күндөрү, жандан кечтирчүдөй болгон жалгыздыгына кайтып барчудай бир сезим келип, эч нерсе жөнүндө ойлонгусу да келбей ишенди!

А кызгылтым дүйно мунун  жан-тенин, эс тутумун, жашоосун бүтүндөй өзүнө багыттап, каалаган мезгилде, мейли жумуштабы, мейли үйдөбү, же элдин арасында болсун, эч нерсеге карабай  өзүнүн  ажайып мейкиндигине оп тартып кете берчү болгон. Керемет  ирмемдер! Өмүрүнө так салган не бир орду толгус жоготуулары... не бир жүрөк ыйлаткан армандары, өксүктөрү... көкүрөктө калган тактары... Ушунун баары кызгылтым дүйнө  өз мейкиндигине тартып кетер замат унутула түшчү таптакыр эч нерсе  болбогондой! Ооба, таптакыр эч нерсе болбогондой унутулуп кетчү...

Жаны, жүрөгү кадимкидей эс ала түшчү ажайып мейкиндиктеги  жымжырттыктан. Жашап жаткан күндөрүнүн, эгер ошол жашоо деп аталаар болсо, ар бир саатын, ар бир мүнөтүн, керек болсо ар бир секундун арнап, баш-оту менен байыр алды кызгылтым дүйнөсүн.  

...Дагы бир нерсеге таң калды, мобул тирүүлүктө адамдар жанталашып жашап, жөн гана жашап эмес, эртеңки күнү келүүчү же болуучу окуяларга камданып жашап, эртең келчү зор бакытын күтүп жашап, атүгүл өлөрүн да күтүп, өлүм артынан келүүчү бейишин же тозогун өзү да дааналап билбеген бойдон кооптонуу менен күтүп жашап атышканына астейдил таң калып койду. “Жөн гана, жөпжөнөкөй  жашоого болгон чексиз сүйүү, мээрим сыяктуу сезимдериңди  ишенимиңе арноо аркылуу бүгүн эле, азыр, ушул саатта, ушул мүнөттө, ушул дүйнөнүн өзүнөн бейишин табууну билбегендер...”

Ал ушинтип атады кызгылтым дүйнөнү тааный элек адамдарды. Аларды аяды... Бийиктен  мээримдүү, жылмая тиктечү болду. Анан өзү да байкабай кадимки адамдар чөйрөсүнөн алыстай баштады. Канчалык алыстаган сайын кызгылтым дүйнөсүнө ошончолук жакындады, анын дамамат  жанында  байыр  алып жүргөнүн  да сезет.  Өмүргө болгон чексиз сүйүүсүн өзү аваз кылып бүтө албаган ажайып дүйнөсүнө канчалык арбын арнаган сайын ошончолук бактылуу болду! А бактысы канчалык ашынган сайын өзү ого бешпетер алыстады адамдар чөйрөсүнөн,  ага өз дүйнөсү жетиштүү эле.

*     *     *

Алгач эле жакын достору деп эсептелинген өзүнүн чакан чөйрөсү байкап калышты мунун бир бөлөкчө болуп жүргөнүн.

-- Бери карачы, эмне бизден алыстап калгансың?

-- Өзүң менен өзүң болуп кеттиң да?

-- Бүгүн чогулган атабыз, качантан бери кагаз тиктей берип мээ чарчады, уктуңбү эй, бүгүн...

-- Жумуштан кийин...

Иштен чарчашса да жадырап-жайнап, жапжарык көздөрү менен тамашалай сүйлөшүп, бүгүн чогулушаарына алдын ала кубанышып, бар бактысы бүгүнкү чер жазыша олтурууда сыяктанган кесиптеш-досторуна чын дилинен мээримдүү жылмайды. Оо, булар кайдан билсин мунун эч ким туя алгыс ажайып ааламга кездешкенин... Бактысы  ааламга сыйбай жашап жүргөнүн туюшса го!.. Кийинчерээк  өзү иштеген ишкананын башчысы да байкады мунун өзгөргөнүн, иш сапаты начарлап кеткенин айтты, эч кимге билгизбей өзүнчө чакырып алып.

-- Баягыда сени үлгү кылып, сен менен сыймыктанып жүрсөк, эми кантип эл көзүнчө а-бу дешмек элек?! Эмнеге эле ишиңе жөн салды мамиле кылып баратасың? Же эмне... ооруп жүрөсүңбү? Бетиңе айтышпайт, эч ким азыр артыңан айтып атаандашкан  кесиптештериң толтура! Билесин го...

Ушинтип күйүп-бышып айтты башчысы. Жада калса өз киши санап айтты. А бул бактылуу жылмайды өзүнчө. Эч нерсе тууралуу мурдагысындай талашып-тартышкан да жок, болгону “сеники туура” деди. “Ооба, сен туура айтасың”, - деп гана койду. Эң башкысы, сөздү узарткысы келбеди. А иши тууралуу өтө деле ойлонгон жок чыны.

*     *     *

Маңдайында  шок каректерин кадап, жайдары курбусу турду, бир аздан соң экөө  узун коридор  менен ээрчише басып иш кабинетине киришти да, адаттарынча бет маңдай отура кетишти.

-- Сүйлөчү...

-- Эмнени?

-- Деги дейм да... - Курбусу өзүнүн иш-кагаздарын аңтара кетти буга суроо берерин берип коюп.

-- Менде эмне кеп болсун, андан көрө өзүң айтчы, эмне  кылып атасыңар, не жаңылык жумушта?

Эми курбусу буга  чындап эле болгон дитин коюп, бир нерсе издегенсип каректерине үңүлө тиктеди.

-- Биз го биз... баягыдай эле. Сен башкачасың, өзүңдө эмессиң. Аны биз байкап жүрөбүз. Билем,  айткың келбейт. Болуптур өзүң бил, бирок экөбүз бири-бирибизден сыр жашырчу эмеспиз!  

Ошондо ойлонду курбусуна айтып берүү жөнүндө. Өзү баш-отун арнап пааналап алган кызгылтым дүйнө, анын керемет мейкиндиги тууралуу айтып берүүнү ушунчалык самап кетти. Бирок башы катты. Андагы кереметтерди дал өзүндөй көркөм, кооз, ажайып  бойдон бузбай айтып берүүгө тилинин кудурети жетер бекен?! Жеткен күндө да аны түшүнүүгө мобунун ой-сезиминин күчү  жетпесечи!.. Ууртун тартып жылмайсачы... Анда али жан туюп, кол тие элек кызгылтым дүйнөсүн булгап албайбы? Кантсе экен... макул... таарынтпай бир аз гана, четин чыгарып көрсүнчү, балким түшүнгүсү бардыр!

-- Бактылуусуңбу? — негедир курбусуна алгач ушул суроону узатып алды. Ал муну бир саамга ойлоно тиктеп, жооп берүү керектигин түшүндү да өзүнчө шуу үшкүрүнүп койду.

 -- Ар кандай... ооба, кээде менден өткөн бактылуу киши жок деп кой... А кээде өзүмдү дүйнөдөгү эң шордуу адамдай сезем. Эми жашоо да...

-- А мен бардык учурда бактылуумун, курбум. Кээде эмес, бардык учурда, жада калса уктап жатканда да бактылуумун. Муну сага мактануу үчүн айтып отурган жокмун. Мен сезген нерселерди сезген болсоң... Ал бир укмуш... Издеп келген нерселеримдин баарын сен билбеген бир дүйнөнүн босогосун аттап кирген соң дал ошол жайдан таптым. Сен азыр түшүнбөшүң мүмкүн. Ал бир аруу дүйнө. Болгону ага ишене билүү керек!

-- Токто... токточу!? Мен сени түшүндүм, кайсы бир сектага кирип кеткен сыяктуусуң, ошолорго окшош сүйлөп калыпсың!

-- Жоок, сен аягына чейин укчу, мен сага Кызгылтым дүйнө тууралуу айтып берип жатам... Качан гана өзүмдүн ошол керемет дүйнөмдүн эшигин кагып, ошол жакка кире качып, өзүм үчүн дээрлик мааниси кеткен сырткы дүйнөдөн кутула түшкөнүмдө – жаным жай алат. Анда баары бар... Кыялдар абстракттуу  эмес, конкреттүү! Адамдар арасында байкалбаган, кунары качып бараткан ишенимди ал жерде колго кармап көрүүгө болот, көкүрөктөгү кайгы-касыретиң кайда калганы билинбей, жепжеңил мейкиндикте жашайсың! Бир нерсени түшүндүм, адамга көп деле нерсенин кереги жок тура: бактылуу болушка! Өмүрүңдүн маани-маңызын издеп көрдүң беле, карайлап бир убакта? Ноюбаган улуулук менен көз  жетпеген тереңдикти издеп көрдүң беле көз жаш төгүп?! Көрсө ал бар экен! Кызгылтым дүйнөнүн эшигинин артында таптаза бойдон сакталуу тура!

Баарыбир курбусу  экөө окшош ойлоно алышкан жок, ал такыр эле баш чайкады:

-- Болбогон сөз!  Абсурд!  Сага бир жакшы эс алуу жетишпей  турат, же дарыланышың керек менимче... Азыр эле өзүң мага  айтып  аткан өмүрдөгү баалуулуктарды сен өзүң өтө көп  издегенсиң, анан депрессияга  түшүп бараткан окшойсуң, курбум. Антип изденүүңдүн  өзү  жаңылыштык... Жок нерселерди издеп убакыт коротуу... Кечирип кой, бирок... сен мага жакпай турасың негедир... Өзүңө келсең болор эле...

... Үйүндө болсо мунун акыркы мезгилдердеги түшүнүксүз мүнөз, жоруктары тууралуу ич ара талкуу күчөй баштаган эле. Кандайдыр бир маанилүү жумушу бардан бешпетер,  иштен келери менен өз бөлмөсүнө шашканы, ал жерде жайына койсо сааттап эмес, күндөп-түндөп деле отура бергени, эч ким менен сүйлөшкүсү келбегени... Түнттүгү...

*     *     *

... Ал бакыт жашаган жашоодо жашап атты. Жер бетиндеги миллиондогон жандардын бактысы биригип келип мунун бактысынын алдында суу кечпей калган жашоодо жашап, күндөн-күнгө бактысы ашынып баратты, кадимки турмуштун түркүн-түстүү боёктору көрүнбөй калды. Бир гана өзүнүн кызгылтым дүйнөсү...

Бирок мунун өз алдынча бакытка балкып, сырттагы күжүлдөгөн турмуш агымына далысын салып, кайдыгер кеткенин жөн эле тим коюшкан жок адамдар. Демейде, чындап жалгыздыгына ортоктош болор жан  издеп карайлачуда, азабын аштай тартып жалгыз калчуда  көңүл бурбаган адамдар, эч нерсесин туйбаган адамдар ушул ирет кантка үйүлгөн чымындай болуп улам бири кетсе бири келип, негедир буга жабышышты да калышты. Башында аяп ал-ахыбалын сурашты, анан акыл-кеңеш айтышты. Эскертүү беришти... аягында тилдешти... кээ бири ыйлашты... Такыр болбогондо кол шилтеп, мунун адам болорунан үмүт үзүп, алар да далысын салып кетишти. А түгүл  турмуш да далысын салып  кеткенсиди... Эми чын эле жалгыз калганын сезди. “Кайдасың, кызгылтым дүйнө!” деди ошондо. Мынакей мен, сага келдим, күттүң беле мени! Мен сенде жашоо үчүн баарынан кол үздүм, эми эч ким тынчымды албайт! Алып кет мени өзүңдүн  керемет мейкиндигиңе! Мага эми эч нерсенин кереги жок...

*     *     *

-- Эч кимге керексиз учуруңда  мени байырлай албайсың!!!

-- Кантип?... Кызгылтым дүйнөм... мен сага ишенип баарынан кутулганга аракет кылгам да... Өзүң айтчу элең го ишен деп! Мен сага болгон дүйнөм менен  ишендим го...

-- Эч ким сага ишенбей калган кезде, жада калса сенин өзүң  өзүңө  ишенбей калган кезиңде  кантип  менин мейкиндигимди байырламак элең!? Сенин ишеничиң сага канат болмок, качан гана  сен өзүңө өзүң ишенген учурда... айланаңдагылардын баары сага ишенген учурда!!! Анткени мен да сени ошондой учуруңда өз мейкиндигиме алып кете алчумун... Карачы... канаттарың  жок... кантип алып кетем...

-- Демек сен?..

-- Ооба, мен... Чынында сен менден эмес,  мен сенден издеген болчумун Кызгылтым дүйнөнү... Мен сенден  издегем!!! —Кызгылтым дүйнөсү кадимкидей  чаңырып  жиберди мунун  аң-сезимин  тундура.

Ошол ошол болду. Өзү эмес эле,  кызгылтым дүйнөсүнүн кунары качып  кубаңдаган бир элеске айланып кетти... А буга болсо ичиндеги  бир үн  жаңырыктап кайталана берди... ”Менден  издеген... мен өзүм кызгылтым  дүйнөмүн... Демек  кызгылтым дүйнө  жана  ажайып  дүйнө – Менмин! Ыраазымын, чын дилимден  ыраазымын  сага, туругу жок болсо да түбөлүгү бар керемет дүйнө! Мен, кызгылтым дүйнөнүн дал өзүмүн!!!

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз