АҢГЕМЕ
Хамракул кадакчынын табы айныды. Ким билет, кечээ кечкурун түлөөдө жеген ашы сиңбей жатабы же эртелеп чайнегин кадатып кеткен кишинин киринеси кирдиби… Бирок кечээ эрте менен да бир сыркоолоп жаткандай болгон, болбосо кечки чайдан кийин да оозго жүгөрүнүн жыты келмекпи!
Анын бүткүл денеси какшап, шайы ооп, алсырап баратты. Бир кадак менен бүтө турган кумган кала берди. Хамракул арыдан-бери алдындагысын жыйнаштыра салды. Ысытма чыгып, башы ооруп, таштаган кадамы туштаган жерге түшпөй, башы айланып баратты. Ал эмнени ойлосо, оюнун акыры кыялга айланып баштайт: ысык-ысык чай ичип, көрпөгө оронуп жата кетсе, оронгон көрпөсү абага көтөрүлүп кетет, дем салдырганы көчөнүн имамын чакырса, эшиктен калдактап, абада калкып табыт кирип келет. Хамракул коркту, тезирек үйгө барайын да, өлсөм да өз үйүмдө өлөйүн деди.
Кетип баратканда көчөнүн аркы өйүзүнөн аны кимдир-бирөө колун жаңсап, ымдап чакырды. Хамракул чакырган кишиге карай коём деп чалыштап кетип, темтеңдей түштү.
Чакырган киши «Романовский» сейил багынын кароолчусу Устагул экен. Анын өз аты Стогулов, Хамракул айтканга тили келбей Устагул коюп алган.
Жүзүн кекселиктен көрө көбүрөк азап-тозок, көргүлүктөр баскан бул чал менен өткөн жылы жазында анын гүл салган вазасын кадап бергенде таанышкан. Булар кемпири экөө Сибирден көчүп келишкен. Бул ваза өлүп кеткен уулунан аманат калган. Уулу Ленадагы алтын казган жайда иштеп, ал жерде каракчылар тарабынан көп кишилер менен бирге атылып кеткен экен. Мунун таржымалын Хамракул ошол кезден бери анык билбейт, себеби Устагул өзү ушундан кеп баштаганда эле калтырап-титиреп, ар кайсыны жөөлүп, сөзүнүн мааниси жоголуп кетер эле. Уулу өлгөндөн кийин өзүнүн айтуусу боюнча кемпири экөө бул жакка жер которуп баса беришкен.
Хамракул араң темтеңдеп басып, ага жетип барганда, ал анын абалын көрүп, унчукпастан колтуктан алды да, бакка жетелеп жөнөдү. Бакка жеткенде Устагул кайрагач астындагы чоюн буттуу отургучка Хамракулду отургузуп, чыныга толтура суу куюп, ага сунду. Таңдайы катып турган Хамракул чыны колго тиер замат сууну бир дем менен жутуп жиберди. Суу эмнегедир ачкыл даамданат. Сууну ичкенде бир аз өзүнө келгендей болду, бирок кайрагачтагы чымчыктардын сайрашы көңүлүн аздырып баратты. Ал кулактарына бармагын тыгып, көзүн жумду, бир аз акылын пештеген соң, кудум көңүлүн айланта тургандай бир нерсени кароодон корккондой, көзүн акырын ачты.
Көзүн ачып, акырын караса… Устагул кудум уулунун өлүмү туурасында айтып жаткандай калчылдап-титиреп, жөөлүп жаткандай титиреп көрүндү. Бир маалда эле бир жаш, катынчалыш офицер пайда боло калып, резинкадай секирип барып, чалды көкүрөк тушка тепти. Чал жыгылды. Ушундай тепки али өзүнө келе элек Хамракулдун да көкүрөгүнө кадалды. Ал отургучтан оодарылып барып, туруп кеткенде желкесине тийген муштумдан мөңкүп кетти.
- Чурр!...
- Күзөт!
Кайдан-жайдан, жоктон пайда боло калгансып, Устагулдун кемпири жетип келди да, чырылдап, офицердин аягына жыгылды. Эки күзөт кызматкери Устагул менен Хамракулду бактан алып чыгып, чиркөөнүн аркы тарабындагы тартип көзөмөл бөлүмүнө дегдеңдетип сүйрөп жөнөштү. Кемпир айкырып-кыйкырып, алар менен жеткиче эрегишип барды.
Эл топтолуп кетти.
- Ыйлаба! – деди Устагул тартип көзөмөл бөлүмүнүн эшигинин алдында кемпирине карап. - Эмне ызылдайсың?! Мен бир түрмөдөн кутулуп, экинчи түрмөгө кетип жатам!...
Тартип көзөмөл бөлүмүнүн эшиги ачылып, эки ашынаны алып кирип кетишти. Чиркөөнүн коңгуроосу оор жана узакка кагылып, элди кечки ибадатка чакырып жатты. Коңгуроонун үнү али күн бата элек, үп болуп турган шаар үстүндөгү ысык аба менен узакка тарап жатты. Топтолгон эл эмне кеп болгонун бир жумадан соң «Түркестан өлкөсү» газетасынан окуп билди:
«… Өткөн 23-сентябрда шаардын орустарга караган бөлүгүндөгү «Романовский» сейил багында тартип бузуу окуясы болгон. Жергиликтүү бир сарт тартипти бузуп, жалаң төрөлөр менен аткаминерлер эс ала турган жайга кирип, бейбаштык кылган…».
1935-жыл.
Өзбекчеден которгон Кубантай ЭРНАЗАРОВ, Москва шаары