
Феликс Поллак: Романчынын чеберчилиги – кичинекей окуяны чоңго айлантканында.
Мартин Эмис: Сен жазып жатканда ийиниңден бирөө дайыма карап тургандай сезимде бол.
Квентин Крисп: Калемди колго алышыңдын үч себеби бар: биринчиден, сага акча керек, экинчиден, сенин дүйнөгө айта турган маанилүү сөзүң бар, үчүнчүдөн, зериктирген кыштын узун түнүн кыскарткың келет.
Роберт Хайндайн: ...Жазуучулук ийгиликтин беш эрежесинин негизгиси: жазышың керек.
Жан Ростан: Чыгармасын окуганга караганда өзү жөнүндө ойлонгондо жагымдуулук сезилген жазуучулар бар.
Оскар Уайльд: Ар бир киши үч томдук роман жаза алат. Бул үчүн ал турмушту да, адабиятты да таптакыр билбеши керек.
Иосиф Бродский: Жазуучу кыртыштан боюн ала качкан дарак сыяктуу.
Карлос Фуэнтес: Жашаш үчүн жаза баштап, өлбөш үчүн жазганды токтотосуң.
Жон Стейнбек: Жазуучулук эң жөнөкөй иш: эки сүйлөмдүн кыскасын тандайсың, эки сөздүн жөнөкөйүн, эки баяндын түшүнүктүүсүн аласың, эки басып чыгаруучунун ичинен кат жазганын эмес телеграмма жөнөткөнүн тандайсың.
Тадеуш Бреза: Жазыш кыйын, бирок жазбай коюш андан кыйын.
Гариэл Лауб: Белгилүү жазуучу бул начар товарын саткан сатуучу, ал эми атактуу жазуучу ушундай эле товары үчүн мактоо уккан соодагер.
Михаэл Аугустин: Жазуучу – бул сөздүк кору үчүн нак төлөөнү талап кылган киши.
Эрвин Кобб: Жазуучу ийгиликтүү ишкер боло алса, анда анын жазуучу болбой коюуга акылы жетмек.
Корней Чуковский: Жаман ойсуз жазгыла, бул үчүн жакшы төлөшөт.
Пшекруй: Жазуучу абадан имарат курат, окурман анда жашайт, ал эми басмаканачы бул үчүн акы талап кылат.
Оскар Уайльд: Адабий достуктун жерпайынын түптөлүшүнө уу кошулган шарап куюлган чөйчөктөр кызмат кылат.
Николас Гомес Давила: Сүйгөн же жек көргөн жазуучуга караганда сүйүп да, жек көрүп да жазган жазуучу окурманды жакшырак ишендире алат.
Гильберт Честертон: Жакшы роман өз каарманы жөнүндөгү чындыкты айтат, жаман роман өз автору тууралуу чындыкты айкындайт.
Александр Пушкин : Бир саатта жазылган бир саатта унутулат.
Айрис Мёрдок: Жазуучулук – бул үйлөнүү сыяктуу. Өз бактыңа таң калмайынча чечүүчү кадамды жасоого эч качан шашылбаш керек.
Этьен Рей: Адабий дүйнөдө акча ийгилигинен башка жол болуулардын баары кечиримдүү.
Жон Стейнбек: Жазуучулукка караганда ат чапкан беделдүү жана ишенимдүү бизнес.
Которгон Кубанычбек АРКАБАЕВ
“Пиши. про писателей” сайтынан алынды