Нуралы Капаров: Карт мерген

  • 14.08.2024
  • 4003

Турчу элең асман-жерди тегеретип,
атчу элең туш келгенин тоголотуп,
атчу элең туш келгенин көмөлөтүп.

Жер оодарып башкадан башкаларга,
так түйүлүп аскадан аскаларга,
мылтыкчан кебетеңен дүйнө үркүп,
жан элең жөн-жай тоодо жолукпаган,
капилет кош ооз мылтык түтүн бүркүп,
жок эле сен бар жерде ок учпаган!

Төмөндө дайра күр-шар дүңгүрөгөн,
бийикте тектир, торпу, конуш күйгөн,
бейкапар тынчтык чочуп үргүлөгөн,
чокуда кандуу-булоон согуш жүргөн.

Кубалап чоңун атып, жашын атып,
дүрмөтүн дүңгүрөтүп, татыратып,
төрлөрүң түтөгөндүр, чаңдагандыр,
топтошкон кайберенди чачыратып,
ок тытпас карыш жериң калбагандыр,
амалкөй айдагыңан, тосотуңан,
аман-соо качкандары калбагандыр,
жарадар болгон кийик кош оозуңан
жаш толгон шордуу көзүн бакырайтып,
жаш толгон көзүн шордуу бардагандыр,
жарааттан Жаратканга датын айтып,
жан чыгып кеткичекти каргагандыр!

Кыпкызыл октор учуп «согум!» деген,
бир эчки мылтыгыңдын огун жеген,
кайрылып качырганда ант бергенсип
колуңан мылтык ыргып «жалт!» бергенсиң,
мылтык жок, эчки да жок ошол күндөн,
жаш туруп очорулган карт мергенсиң.

Ал кетип азабы көп аскаларга,
күч кетип кокую көп коктуларга,
кошулуп карыптардан карыптарга,
күн түшүп доктурлардан доктурларга,
жабышып табыптардан табыптарга,
соолутар мерген эмес соолуган жан
сур эчки болуп кирдиң майыптарга.

Муң түшүп мүйүздүүнүн арбайына,
тарталбай арабасын калдыраткан,
мылтыгын ажал сунса маңдайына,
«жансоогалап!» көздөрүн жалдыраткан,
өмүр деген сапарда өргө жетпей,
жерге жетпей, таканчык ташка дагы,
сен азыр Кожожашсың... көргө жетпей,
асылып калган арбак аскадагы!
БАЙЛЫК

Бул байлык
бир билекке айланган күчтөн чыккан.
Бул байлык
менден эмес,
бизден чыккан.

Бургулап тоону тешип,
былк этпес зоону тешип,
кырк жылы жууса кеткис терден чыккан.

Жолубуз жарык дешип,
кана, бол, салык дешип күчтөгөндө,
бардыгы өлкө үчүн
бүт дегенде
бет түтпөй күт дегенге,
орто турмуш ойлонбой көмүр сатып,
жакыр турмуш жашырбай чөбүн сатып,
караманча каржалгандар
кара жанда айланган канын сатып,
буйдала түшкөндөрү
буркурап тамын сатып...

Салпылдап күнү-түнү салык дешип,
кой сатып төлөйм десе
кою өтпөй арык дешип...

Бул байлык
кесээрген ГЭСтен чыккан,
түнөргөн ТЭЦтен чыккан,
бажыдан жулуп алган,
ажыдан сыгып алган.

Бул байлык оңурайган кенден чыккан,
бул байлык сенден чыккан,
менден чыккан.
Бул байлык элден чыккан.
«Бул биздин байлык!» дешип,
«Бере тур айлык!» дешип келишкенде,
ойт берип ошол байлык
тентектен тентектерге,
чөнтөктөн чөнтөктөргө кире качып...

«Кайда?» десе,
«Сыйга» дешип,
чек араңды,
чебиңди кыйгап өтүп,
күчтөнүп алган байлык тим жатпады,
локуйган Лондонуңа,
шыпшынган Швецарияңа миң каттады,
бекинген Пекиниңе түн каттады.

Жабышып үстөгүнө,
жарымы кала берип чет жеринде,
жарымы кайтып келди Бишкегиңе.

Жүргөндөр айлык дешип,
айлыгын алалышпай,
кайдасың биз топтогон байлык дешип
жабылып кирип келсе:
– Жалпыга тиешем жок,
жалпы эмес жекемин деп,
жаны жок чебич эмес,
жабыштыра бир сүзөр текемин деп,
канча бер тойбоймун деп,
кааласам учамын деп,
кааласам сойлоймун деп,
кара жанды кашайтсаң
капшыра сүзүп салар букамын деп.

Ошол байлык элден чыккан,
ошол байлык менден чыккан,
сенден чыккан,
ошол байлык кенден чыккан,
бажыдан жулуп алган,
ажыдан сыгып алган,
кесээрген ГЭСтен чыккан,
түнөргөн ТЭЦтен чыккан,
ой-тоодо буйтап жүрүп,
ойдо жок, эстен чыккан,
дардайган тамдан чыккан,
кайнаган кандан чыккан
ошол байлык
туралбай чөккөн төөдөй тонна болуп,
ким-бирөөнүн үйүндө жатат азыр
кыргызыңа жарылчу бомба болуп...

Каалаган жерге коном конуш бер деп,
мен сени башкарганга добуш бер деп
ошол байлык
көзгө илбей кыйыныңды, бечелиңди,
көзгө илбей өзүңдү да, бөтөнүңдү,
корумдап салам азыр деген сымал
коркутуп турган кези өз элимди!

МАРЖАН ЖЕҢЕМ

Токмоктон окуу бүтүп келген кызды,
Токмоктон учуп келген ошол кушту,
Токмоктон учуп келип конгон кутту,
Карыбай агам сүйүп ала качып,
түбөлүк калган эле бүлө болуп,
алдын мал, артын болсо бала басып...

Турмушка чыккан кызга бакты конуп,
медайым деген кичик такты конуп,
Теңирменти айлынын өмүрүнө
бекиген Маржан жеңем сакчы болуп.

Күткөнү калың элдин ырас чыгып,
карыштап алган билим кулач чыгып,
медучилища бүтүргөн жеңекемен
мединстут бүткөндөй врач чыгып.

«Чоң доктуруң доктурбу? Барба!» дешип,
«Чоң доктуруң Маржандан калган» дешип,
диагносу Маржандын так чыгат деп,
«Маржан билет бардыгын, Маржан!» дешип,
«Диагносу борбордун жалган» дешип...

«Атам ооруу, эжеке, болгун!» дешип,
«Энем ооруу... тамыры солгун» дешип,
күнү-түнү чакыртып, бала чуркап,
чалын унутуп жеңекем чала уктап,
дарысын да, ийнесин ала чуркап,
оору калбай жеңеме күч жетпеген,
бүт айылдын оозуна дары салып,
бүт айылдын жамбашын бишкектеген.

Ооругандар Маржан деп онтоп турган,
толгоосу да Маржан деп толгоп турган,
боору таш оору-дартка душман чыгып,
боздотпой бүт айылды коргоп турган.

Карыбаган адам жок... арманды эстейм,
оорубаган адам жок... жардамды эстейм,
эл айыгып өзү оору айылдагы
өзгөчө жан жеңекем Маржанды эстейм!

ГАЛСТУК

– Тагындым, – дейт – бул итти жаштайыман,
көңүл эргип өмүрдүн жаз-жайында,
желбиретип басканда жүрөк толкуп,
галстугум көк баркыт, ак шайыдан,
галстугум тик муштум салаңдаган,
галстугум курч канжар жалаңдаган,
жеп-ичкендер капилет кирип келсем
галстугум карашып алаңдаган.

Галстукчан отурдум ак сарайда,
сыйын көрүп желбиреп бакчаларда,
галстукка бошотту үйдүн төрүн,
кезеги жок жол берди акча алаарда.

Бир күн Баткен, бир күнү Алайдамын,
бир күн кеңсе, бир күнү сарайдамын,
адамдын да, айбандын жайын тескеп,
үшүн, сүрүн алдым го далайлардын.

Самолётто ыргалып ой учунда,
желбиреди галстук поюзуңда,
жыйындарда чоң залда, вокзалдарда,
Кербен, Аксы, алыскы Чаткалдарда,
уйкусу жок бийлерде, түнкү Ошуңда,
конгрессте, саммитте, симпозиумда,
канжар өңдүү кынында койнумдагы,
тумар өңдүү буралып мойнумдагы
кызыл, жашыл галстук желбиресе
шааниси артып турчу эле тойдун дагы –
деди дагы аксакал сөзүн улап:
– Мына быйыл токсондун төрүндөмүн,
каруу качып, чамасыз өмүрдөмүн,
бардыгынан баш тартып койсом дагы
галстукту таккандан эринбедим,
галстукту чечкенде байкушка окшоп,
галстукту «кийгенде» темирдеймин –
деген сөзү уюду көңүлүмө,
көз чаптырсам азыркы өмүрүнө
каруу да жок, кубат жок, бырыш баскан,
жылтыраган кош көзүн булут баскан,
бүлкүлдөтүп бүйлөсүн, сакалы өскөн,
жан чөнтөгү томпоёт курут каткан,
сейрек чачын сербейтип тарабаган,
өнө бою буруксуйт... карабаган,
карган бука мойнунда үзүк жиптей
галстугу караят салаңдаган.

Ай бечара галстук май төгүлгөн,
калчылдаган колунан чай төгүлгөн,
каниет деп калтырбай ошого да,
галстугун сүйрөлтүп босогодо,
галстугун сүйрөлтүп төрүнө да,
галстугун чечпестен бараткансыйт
айбат менен кирем деп көрүнө да!

Каныбек Иманалиев иниме

Сен мен үчүн майда эмессиң үлкөнсүң,
«Асабанын» уясында туулуп,
Акаевдин уясынан «чыйп!», «чыйп!» этип
көзүн жарган чүрпөмсүң.

Чуу түшүп Ак үй аттуу кызмат жайга,
«топ!», «топ!» этип жерге кулап куштар майда,
кокус келип саясатка буйругу жок,
учам десе канаты жок,
коном десе куйругу жок
Оо Каныбек,
ошондогу учалбай кулап түшкөн
уялаш уядагы куштар кайда?!

Сен гана «пы-ы-ыр!» деп учуп
саясатттын айдыңына,
түкүрүп салып тагдыр жардыгына,
түрүнүп чыктың анан темир канат
айланып алп саясат алгырына!

Сен азыр чабандессиң
туйлатып тулпар атты минги кылган,
сен азыр улакчысың
дуу түшкөн жүз жыйырманы жинди кылган,
саясат айдыңынын сары тобун жара тээп,
жабыштыра жыга түрткөн ит болчусун,
жабыктырбай жанга тарткан кут болчусун,
жанда жок футболчусуң,
алдынан чыккандарды алдап өткөн,
бурулуштан чыкканын буйтап өткөн,
чалып жыккан чагымчысын,
Тайбуурулдай даң салган чабуулчусуң!

Сен азыр кыш чилдеде кайыкпай кайнап турган,
сүйлө десе сүйлөбөй сайрап турган,
кан Манастын картайбас канын улап,
Сагынбайдын, Саякбайдын саны жок сабын улап,
манасчысың мээни жарып «мен!», «мен!» деген,
Алтайыңды, Сибириңди аралай чаап,
Ала-Тоонун адыр-түсүн чеңгелдеген,
бели бек Беренимсиң,
өчпөгөн өнөрүмсүң.
Кут түшкөн Кеминимдин шамалына шуулдаган
ак кайың, терегимсиң.

Төбөсүндө Көкө-Теңир колдоосу бар,
көөдөнүндө талант деген бомбасы бар,
Рысбектей, Станбектей досту күтүп,
Садык Шердей, Өмүрбектей, Алманбеттей жолдошу бар
биригип күчкө айланып,
бийиги асман челип,
тереңи терең чөгүп түп байлаган,
акыл менен,
билим менен бүт жайлаган,
алдууга канатсың сен,
саясатка сабылып кулдай иштеп,
маданият төрүндө манапсың сен.

Тышка чечип көлөчтөй ызы-чуусун,
арыбас акынсың да,
жанбирге жазуучумсуң.
Маңкайган маданиятка касиетсиң,
саксайган саясатка капилетсиң,
кокуйга кокуйсуң сен кокуйлаткан
момунга моюн сунган адилетсиң.

Сен азыр
Шайлообектей, Чыныбайдай
ага таап түшүнө алган,
Жылдызжандай эже таап күтүп алган,
Кеңеш чалдай ата таап күчүн алган,
билгичсиң, сезимталсың, талаптуусуң,
боору менен кар жиреп жерде калбай
кайкып учкан асманда канаттуусуң.

Отсуң сен,
жалынсың сен
алоолоп мешке толгон,
жеңилбес депутатсың
он жолу бешке толгон.

Өрөпкүткөн көөдөндө жүрөгүң бар,
өмүр бою өскөнгө тилегиң бар,
жулкулдаша келгенде жулдурбаган,
алышканда алдырбас билегиң бар.

Аз эмес жолду бастың,
калтырбай баарын жаздың,
алдыңан пайгамбардай Жолон чыккан,
кара сөздү соколоп каршы-терши,
ар сабыңан озондоп обон чыккан.

...Жай жашоону жактырбас жаны көгүм,
жер таянып жыгылбас жаны бегим,
кажылдашкан жүз жыйырма арасында
кара пилдей каркайган Каныбегим!

Раззаков көчөсүндө

Атамбаев салган үйдүн жанында алакандай,
Байболов салган үйдүн жанында балапандай
бир үй бар Раззаков көчөсүндө дары саткан.

Бишкек ысык. Бишкекте саратан жай.
Ошол үйгө бет алып баратам жай.

Үй эле кезегинде эл сүрдөгөн,
дүгдүңдөп жаман-жакшы эл кирбеген,
Чайнектей мурду сынган чоргосу жок,
ошол үй калды азыр коргоосу жок.

Дарбаза ачык. Коргон бар. Кулатпаган,
ошол үй, ошол коргон ордосунда
элим деп ойлор туулуп булактаган,
элим деп жүрөк согуп дүкүлдөгөн,
идеялар көз жарып күтүлбөгөн,
Турдакундун мээсинде ГЭС айланган,
темир жолуң, заводуң, ТЭЦ айланган,
кыргызымды канткенде өстүрөм деп
акыл менен чаалыкпас эс айланган.

Кулатовдун мээсинде мыйзам кайнап,
жүрөгүндө боркулдап ыйман кайнап,
Акматбектин мээсинде арпа түтөп,
Сопубектин мээсинде эсеп күчөп,
ушул үйдө туулуп жаркын ойлор,
ушул үйдөн башталып курулуштар,
күжүлдөгөн күрдөөл иш, бурулуштар,
кыргыз деген зор өлкө түптөлгөнүн,
кыргыз деген жарды өлкө күчтөнгөнүн,
кыргыз үчүн бул үйдө жаткан жандар
түн уйкусун кыргыз деп үч бөлгөнүн,
күл чукубай астында кемегенин,
кырк жыл иштеп бул ооздор жебегенин
айтып турар ушул үй тарых тилин,
айтып турар ушул үй бийиктигин
музей кайда? Бүгүнкү төрөлөрүм?

Үлгү кылып биз кимди айталаарбыз,
ушул үйдө жашаган пенделериң
эл башчысы эле го кайталангыс!

Сөзүм жогун сезгиле сүйүнчүлөөр,
ошол үйдү Раззаков көчөдөгү
ижарага беришип кийинкилер
соода менен тебелеп тарых үйдү,
мода менен тебелеп жарык үйдү,
чечилбеген бут менен баскан сайын
жепирейтип басынтып бийик үйдү.

Турдакунуң жашаган ошол үйдү,
Кулатовуң жашаган ошол үйдү
соода үйгө айлантып келе дешип,
мода үйгө айлантып мега дешип,
ардак менен караган ал үйлөрдү
адамы да, акмагы тебелешип
чаң учуруп асманга жаткандыгын
бүт кыргызың бак тапкан ошол үйдөн
бир кыргызың нанын таап жаткандыгын
көрөр кыргыз бар бекен арабызда
көңүл бөлөөр кимиң бар калаабызда,
калың кыргыз миң жылдык бечелдигин
жоюп чыккан зор иштин өтөөсүнө,
уйку көрбөй нечен баш нечен күнүн
өмүр кечкен Раззаков көчөсүндө.

Наполеондун үйүндө болгонум чын,
ижарага берилбейт, ыйык дешет.
Лениндин үйүндө болгонум чын,
ижарага берилбейт, тарых дешет.

Капталдагы Кытайга барып келдим,
баспай калган башчысын мактап турат,
адам эмес ит киргис эски үйлөрүн
тарыхым деп алпештеп сактап турат.

Бишкек ысык. Июль ай. Саратан жай.
Ижарага берилген ошол үйдөн
соода кылбай куруюн баратам жай.

Күн чакчайып балбылдап төбөдөгү
кара жолдун үстүндө кактап барат.
«Тарых үчүн керек ал! Төрөлөрүм!»
Кан дүргүткөн абийир-сот какшап барат!

*      *      *

Жан элең жан түшүнгүс качып турган,
келээрде дарбазасын жаап салып,
кеткенде дарбазасын ачып турган.

– Келдим! – десең тымпыйып кел дебеген,
кубанычтан барбаңдап пейил чечип,
сүйүнүчтөн нур чачып тердебеген.

«Бүгүн!» десем бүгүлүп «кийин!» деген,
«кийиниме!» албетте «бүгүн!» элең,
жылмайыңкы жылма дос чочулатып,
тамагыма түйүлгөн түйүн элең,
үч күн чогуу жүралбай жүдөп-какап,
жайда кийген кыштагы кийим элең.

... Келдиң бир күн бороондой буюктуруп,
келдиң бир күн шамалдай күйүктүрүп,
келдиң анан ызгаардай калчылдатып,
турдуң анан дарбазамды тарсылдатып,
кан майданга чыккандай кылыч сууруп,
калдык анан кармашып, карсылдашып.

... Думуккан нечен жайдан, нечен кыштан
«дуу!» этип качып чыккан эркин куштай,
жүдөтүп жүргөн ошол жылма достон
жыргадым!
                        Чыккан күнү ачык душман!

БИЛАЛБАДЫМ

Бургу тынбас шахта таптым,
булактаган акча таптым.

Бак ээледим кучак жеткис,
көк ээледим учак жеткис,
көл ээледим узап кеткис...

Кабат-кабат кийим кийдим,
себет-себет жемиш жедим,
мен өзүмдү кубандырып,
мен көзүмдү сүйүндүрдүм.

Тоодо болдум, ойдо болдум,
аяк-башы түгөнбөгөн
шаңы бүтпөс тойдо болдум.

Кымбат буюм жыйып көрдүм,
сымбат сүйүү сүйүп көрдүм.
Таза басып өсүп көрдүм,
жаза басып күйүп көрдүм.

Күнүң көрдүм, айың көрдүм,
жарды болдум, байып көрдүм.
Жазга түшкөн жаанын көрдүм,
башка түшкөн карын көрдүм,
учканымда көз жумулуп,
басканымда баарын көрдүм.

Тил албастын тилин алып,
тил алчуга тил албадым.
Мен бактыга жолуктумбу?
Мен ушуну билалбадым.

Ашпас тоону аштым ана!
Кечээр сууну кечалбадым.
Баарын сездим, жалгыз гана
мен бактыны сезалбадым.

От күйбөгөн, газ күйбөгөн
бакыт муздак үйдөбү дейм,
кыш кысылып, жаз бийлеген
Оштобу же Чүйдөбү дейм.
Бакыт өзү байга санаа,
башкесерге түрмөбү дейм.

Бакыт өзү көктөбү дейм
же болбосо жердеби дейм.
Мен бактыны туялбадым,
балким мага келбеди дейм.

Жакшыга да, жаманга да
жанды таштап көналбадык,
биз бактыны ойдон жасап,
чын бактыны көралбадык.
Күнүм кечтеп, өмүр шашат,
балким бу да жакшыдыр дейм,
жыргал эмес көргөн азап –
балким ошол бактыдыр дейм?!

... Чарчадымбы? Зоруктумбу?
Түйшүк тартпай жүралбадым.
Мен бактыга жолуктумбу?
Мен ошону билалбадым.

СССР

Берсе берип,
бирөөдөн карыз албай,
он беш күчүк ээрчиткен арстандай,
зор эле,
өктөм эле,
байрагын асмандатып, жалпылдатып,
жетимиш жыл тизе бүкпөй өткөн эле.

Жалпы сүйгөн нерсени жандап турган,
жалкы сүйгөн нерсени каңдап турган,
жамандын жүнүн жулуп,
жайылып кетпесин деп түбүн жулуп,
жакшыны коргоп турган,
жаманды кордоп турган,
өлкө эле элим деген,
өлкө эле жерим деген,
жактырбай “мен!” дегенди,
жактырып “эл!” дегенди,
жактырып “биз!” дегенди,
жактырып жанын таштап иштегенди,
анан да жактырчу эле кайран өлкөм
итчилик кылып жүрүп
ийрейип калгандарды түздөгөндү.

Сүйөр элем кеңдигиңди,
сүйөр элем эрдигиңди,
сүйөр элем ар-намыс, асыл наркың,
сүйөр элем адилет, теңдигиңди.

Эл элек СССРдин коюнунда
эби менен эркелеп чардап турган,
калдайган континентти,
дардайган материкти
каршы-терши соколоп чарбак кылган,
өлкө элек акмактарды аңга түртүп,
ак ниет, асылдарды ардак кылган,
өлкө элек бир муштумга бек түйүлүп,
бүт дүйнөнү “кың!” дедирбей кармап турган.

...Бар эле керген зымдай түздүгү да,
бар эле жан кашайткан иттиги да,
боор ооруп кеткендерге,
барктабай келгендерди,
барктабай тирүүлөрдү,
барктаган өлгөндөрдү.
Бар эле жарасы да,
дарты дагы,
бар эле айыкпаган карты дагы,
толкуну тороп турчу алдын дагы,
толкуну демеп турчу артыңдагы.

Бар эле куру-бекер шаттанмайы,
бар эле көтөрө чаап мактанмайы,
бар эле калпты чындай какшанмайы...

Мен өзүңдү канчалык мактабайын
мен өзүңдү канчалык боктобоюн,
жаныман артык көргөн өлкөм элең,
жашашым кыйын сени жоктомоюн.

Бекер алдык дарысын да, ийнесин да,
бекер алдык кабат-кабат үйлөрүн да,
билимин бекер эмдик балкылдатып,
деңизин кечтик ойноп чалпылдатып,
ырыларын ырдап өстүк аба жарып,
бийлерин бийлеп өстүк тарсылдатып,
мен үчүн мекен жоктур сендей айкөл,
мен үчүн өлкө жоктур сенден артык.

Камап, тороп турганда кастарыңды,
кадырына жетээрде досторуңдун,
кайран өлкөм кас эмес өз колунан
капилеттен карының “тарс!” жарылды!

Боордоштук дегенди боорго тээп,
ырыскылаш он бешиң ырсаңдашып,
кебелбеген кемедей зор өлкөнү
туш-тушунан киришти кыйшаңдатып.

Талкалашты таштай бек армияңды,
талкалашты темирдей тартибиңди,
талкалашты таза жан тарбияңды.

Отко салып өрттөштү ынтымакты,
ташка басып жанчышты тынчтыгыңды,
касиетиң ыргытып күл сыяктуу,
кагылышты көбөйттү, кырсыгыңды...

Булуңуңду калтырбай, кычыгыңды,
сууга салып өчүрдү ысыгыңды,
балка менен балкалап ар тамгасын
тиш чаккандай чагышты ысымыңды.

Бөлө жарып биримдик, кеңдигиңди,
бөк түшүрдү адилет, теңдигиңди,
ченебеген зор өлкө... чеңгелдеги
чечиндирип салганда дырдай кылып,
“кү-ү-үр!” деп кулап кыйрадың кайран өлкөм
күйүтүңө чыдабай жылбай туруп!..

... Берсе берип,
бирөөдөн карыз албай,
он беш күчүк ээрчиткен арстандай,
зор эле,
өктөм эле,
байрагын асмандатып, жалпылдатып,
жетимиш жыл тизе бүкпөй өткөн эле!

... Бардыгы ойдон чыгаар, өтөөр-кетээр,
Бардыгы эстен чыгаар, оттой өчөөр,
бир гана сен чыкпайсың, сен өчпөйсүң
өскөн жер, өскөн өлкөм СССР...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз