О`Шакир: Жүйөлүү сөз

  • 26.11.2020
  • 3785

АҢГЕМЕ

Абыдан көптү билгиси келген коңшубуздун баласы бар. Ал күнүгө эле өзүнөн улууларга суроо бере берчү. Атасы да бала күнүнөн эле улуулар менен кичүүлөргө суроо бергенди жакшы көрчү. Кээде анын суроолоруна жооп берчү киши табылбаганда, суроолорун баласына берчү:

– Балам, чоңойгондо ким болосуң?

– Өтүкчү.

– Бирок уулум, «жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегенди унутпай жүр.

Арадан көп убакыт өтпөй, атасы кайта эле мурунку суроосун бериптир:

– Балам, чоңойгондо ким болосуң?

– Комузчу.

Баласынын мындай жоопторуна канааттанып калат. «Демек, менин балам өнөрлүү болот турбайбы». Бирок дагы бир аз күндөн кийин:

– Балам, чоңойгондо ким болосуң?

– Тегирменчи болом, – деген жооп узатат.

Дагы көп күн өтпөй, кайта эле сурайт:

– Балам, чоңойгондо ким болосуң?

– Жыгач уста.

Баласынын мындай түрдүү жоопторунан улам, «менин балам эмнеге эле ар кесипти айта берет?» – деген санаага түшүп, бир күнү сурайт:

– Балам, чоңойгондо ким болосуң?

– Дыйкан болом, – дегенде, баласынын мындай жоопторуна санааркап жүргөндүктөн:

– Балам, «дарак бир жерде көгөрөт» деген. А сен бирде – өтүкчү, бирде – тегирменчи, бирде – комузчу, жыгач уста, анан дыйкан болом дегениң кандай? Ырас, кесиптин жаманы жок, бирок сен ушулардын бирөөнү гана танда. Кесиптин акыбетин ошондо көрөсүң. Андыктан,  ар кесипти чокулай бербе, – десе, баласы минтип атасын ыраазы кылыптыр:

– Ата, «жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» деп өзүңүз айтпадыңыз беле.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз