Александр Куприн: Шараптын челеги

  • 01.12.2020
  • 4041

АҢГЕМЕ

Ошол жылы Ялтадагы эс алуу сезону өзгөчө көп эл келип, өтө шаңдуу эле. Айта кетишибиз керек, Ялтада сезон бир эле эмес – чыт сезону, жибек сезону, баркыт сезону деген үч бөлүктөн турат. Чыт сезону – бардыгынан узак, кызыксыз жана тынч учур. Бул сезонго  эс алууга келген эл курамы студенттер, курстардын угуучулары, орто байлыгы бар мамлекеттик кызматкерлер жана эң негизги бөлүгү оорулуулар.

Алар ат минип эс алышпайт, шампан ичишпейт, жол көрсөтүп жүргөндөргө кылжыңдап тийишишпейт да, Ялтанын тегерегиндеги Аут, Ай-Васил, же Дерик же болбосо татар айылдарынан орун алышат, Ялтанын ар кайсы кооз жерлеринде түшкөн сүрөттөрүнө кошуп, Крымдын сулуу жаратылышына суктануу менен сүрөттөп жазган каттарын Түндүктөгү үйүнө жиберүү алардын жакшы көргөн эрмектеринен.

Килтейген “Бебеш” деген көп орундуу каретага түшүп алышып, шаардын айланасындагы Токой чарбасын, Үч-Кош, Ай-Петри, Учан-Суу, Симеиз, Суук-Суу, Гурзуф, Алупка жана башка жерлерди кыдырышат.

Негизги кылган иши, эмне амал кылышса да туристердин канын соруу болгон жергиликтүү жашоочулар, бул чыт көйнөкчөндөрдү киши ордуна көрүшпөй салкын карашып, көпчүлүк учурларда аларга орой мамиле жасашат.

Жибек сезону андан бир топ бай жана шаңдуу экени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Бул сезондо ортодон жогору деңгээлдеги бай көпөстөр, айылдык дворяндар, чоң кызматкерлер эс алышат. Булардын жашоосу да чөнтөктөрүнө жараша ар түрдүү: көпчүлүгү ат менен тоого чыгышат, бирок атты тандап алаарда берген атты жөн эле минип кете беришпейт, көпкө чейин соодалашып, баасын түшүргөнгө аракеттенишет. Шаардын атайын тойлорду, концертерди өткөзүүгө арналган залдарында оюн-зооктор башталып, гүл бакчаларда эң мыкты кыл аспаптар оркестринин музыкасы жаңырып турат. Мейманканалар жыкжыйма толуп, бош орун табыш кыйын, керектүү жана керексиз нерселердин бардыгынын баасы эки-үч эсе көтөрүлөт.

Ал эми баркыт сезонун сүрөттөп айтууга сөз жок! Бул сезон Ялтанын гана эмес бүткүл Крымдын алтын күндөрү деп айтсак жаңылышпайбыз. Ал бир айга жетпеген убакытка созулуп, көбүнчө улуу орозонун акыркы аптасына, кызыл жумуртка майрамына жана фоманын жумалыгына тушма-туш келет. Бирөөлөр жыл бою бүтпөгөн той-аштардан, чакыруулардан тажап, эс-алуу үчүн келишет; кээ бирлери жаңы үйлөнүп, саякаттап келишсе, үчүнчүлөрү, – булар эс алуучулардын көпчүлүгү, – бул жакка кадыр-баркын көрсөтүү үчүн келгендер. Бул учурда Ялтада эң бир бай адамдар топтолушуп, өздөрүнүн бири-бириникинен ашкан байлыктарын шардана кылышып, керектүү адамдар менен таанышып, мамиле түзүшөт. Жаратылыш кооздугун албетте, эч кимиси байкабайт.

Чындыгында, дал ушул учурда аппак-күлгүн түстөгү гүл ачкан алма, миндал, алмурут, кара өрүк менен шабдаалынын өңүнө боёлуп, алардын аңкыган жыпар жытына, чаңсыз деңиз абасы аралашкан Крымдагы эрте жаз маалы – айтып бүткүс ажайып мезгил.

Бул убакта келген эс алуучулар мурдагылардай татарлар менен соодалашпайт, алар аттар менен ат кошчуларын кошуп бүт сезонго сатып алышат. Келерден мурда телеграф аркылуу эң бай мейманканалардан бир нече бөлмөгө буйуртма беришет жана акчаларын оңго-солго, деңиз жээгиндеги шагыл сыяктуу кочуштап чачышат.

Мына ошондой баркыт сезондордун биринде, өзүнүн көрүнүктүүлүгүнүн аркасында, андан бери көп убакыт өткөнүнө карабай шаар жашоочуларынын эсинен чыкпай жүргөн, өз жаштыгына карабай, жогор жактагылар менен байланышы бар (ал жаш болсо да отуз алты адамды өлүм жазасына буюрган өкүм чыгарганга үлгүргөн) жана акча каражаттарынан эч муктаждыкты билбеген, петербургдук прокурордун жардамчысы Игнатий Игнатьевич Лешедко Ялтага эс алууга келген эле.

Анын бактысына, шаардагы эң мыкты, “Россия” мейманканасынан орун табылды, анын бөлмөсү үстүнкү кабатта болсо да мындай мейманканада жашоонун өзү эле жашаган адамдын мартабасын бир топ жогору көтөрүп таштачу!

Бат эле таанышуулар, жакындашуулар башталды. Мындай тез ымала келишүү Ялтада гана болот. Мурда коомдо сыртынан анда-мында көрө калып жүрчү эки-үч киши, былтыр кышында ага карата чала-була иш козголуп кайра жабылган алтын өндүрүүчү ишканананын миллионер ээси жана прокурорду адегенде жолукканда тааныбаса да, көргөнүнө аябай кубангандай түр көрсөтүп, актёрдун жагымдуу жылмаюусу менен, анын колун бекем кыса кармаган атактуу ырчы дарылдап обонго салып ырдап тосуп алды:

 – Кан-тип, кан-тип, агатайым! Кантип эле тааныбайын! Көргөнүмө өзүңүздү кубанамын. Кечиресиз, кудай үчүн, атыңызды эстей албай убарамын. Ооба, ооба! Игнатий Игнатьевич. Ошондой деп ойлогом мен, бирок кокус жаңылып каламбы деп чочуладым.

Алардан башка Ялтада “Аюу”, “Аквариум”, “Эрнестен” жолуга калып жүрчү Петербургдун кеңири белгилүү эки жароокер айымы Манька-Кудалашка жана Надька-Драма жүрүшкөн болчу. Бирок ал алар менен учурашууну эп көргөн жок, кокустан алар алдынан чыга калышканда көрмөксөн болуп дүкөндөрдүн витриналарын карамыш болуп койду. Ал эми эл арасында боло калчу жолугушуулардан ал эки айымды көргөндө айласы кетип, жанын кайда алпарып катышты билбей карбаластайт. Чынында эле бул уят-сыйыт деген эмне экенин билбеген немелер ага карап:

 – Игнатушка, кандай жүрөсүң? Досторуңду таанымаксан болгондон уялбайсыңбы? Зинкага уттурган жүз сомду төлөбөй кеткениң эсиңдеби? – деп айтуу оңой эле нерсе.

Аларга тааныштыгын жашырганын негизги себебинин дагы бири, ал ошол учурда  отуз жаштардагы татынакай, сулуу, эрке талтаң жесир аял баронесса Менцендорфко кызыгып жүргөн эле. Бул сүйүүбү – аны айтыш кыйын болчу. Азыркы жаштардын, айрыкча көзгө көрүнөрлүк чоң карьера жасап келаткан прокурордун жардамчысынын көңүлүндө эмне бар экенин биле албайсың.

Балким бул жөн гана сезимталдыгыдыр, а балким Пакендин гана жасалгалуу кийимдерин кийген, менменсинген, татынакай, сулуулугу менен далайлардын башын тегереткен, сезондун канышасы деген бийик даражага ээ аялды багындырып, жанына ээрчитип жүрөт деген атакка жеткиси келген аракетидир – аны ким билсин? Болбосо ажары, жүрүм-туруму менен адамды өзүнө тарткан ага окшогон баронессалар миллиондоп жүрүшпөйбү.

Күн сайын шаар сыртына сейилге чыгып көңүл ачуулар, чогулуп алып ат жүрүштөргө же жеңил арабалар жана атчан тоо аралап чыгып келүүлөр уланып жатты.

Лешедко баронесса экөөнүн ортосунда кандайдыр бир жылуу сезимдер жарала баштаганын, ага анын башкача көз караш менен карай баштаганын сезди. Тагдыр ага жылмая караса, буюрса бардыгы ал ойлогондой болчудай, бирок прокурордун тынчын алган үч нерсе бар эле.

Биринчиси – ал атка жакшы мине алчу эмес. Жөө жүргөндө ал жаман эмес эле, бойлуу, келишимдүү, тар көк шымчан, прокурорлор кийчү фуражка, этеги көчүгүнө жетпеген кыска, аппак кемсел кийип, көз айнегин мурдунун учуна кондуруп, чыбыктай ичке таягы менен жалтылдата майлаган хром өтүгүн улам чапкылап, жүзү тойгон күчүктөй болпоюп, өзүнө-өзү ыраазы болуп койкоңдоп басканда, аны сулуу деп айтса да жарашмак. Бирок атка мингенде шөлпөйүп, кебетеси кете түшчү. Жай бастырганда, ал гвардиянын тааныш офицерлери сыяктуу, ээрге жакшы эле чыкчыйып түз олтурганга аракет кылчу. Бирок атчандар желдирип же таскактатып жөнөшкөндө, прокурор айласын таппай калчу, тумагы желкесине түшүп, эки колунун чыканактары айылдык балдар түнүчүндө кашаң атты чапкылап жүрүшкөн сыяктуу салпылдап, буттары үзөнгү боого кирип кетип же үзөнгүдөн таптакыр эле тайып, ээрдеги көчүгү үйлөнгөн топтой секирип, жыгылбастын амалын кылып ат жалына бекем жармашып алчу. “Шайтан алгырлар! – деп ойлочу ал мындай оор абалга кабылганда, – булар жин ургансып кайда шашышат. Же артыбыздан кубалап келе жатышпаса. Бул эмне деген келесоолук!” Баарынан жаманы, баронесса Анна Владимировна анын атка минүүсүнүн ал айткандай “өзгөчө” манерасын ачык эле шылдыңдап, каткырып күлгөнү болчу.

Бирок оюн-зоок кечелеринде ал Лешедкону жанынан чыгарбай дайыма өзүнүн туруктуу кавалери кылып алчу, чындыгында эле ал чимирилип жеңил, кооз кыймылдар менен адам суктанарлык бийлей билген мыкты бийчи эле.

Экинчи тынчын алган жагдай – ал татынакай баронесса менен бетме-бет калууга эч бир мүмкүнчүлүк таба албай жүргөн. Аны дайыма жаштар, улгайган адамдар, ал тургай бир топ жашка чыгып калган ак сакал, көк сакал кадырман карыялар курчап алышчу, алардын бардыгы карапайым адамдар эмес, Ялтага чогулган коноктордун каймактары болчу. Канчалык аракет кылса да Анна Владимировнаны алардын арасынан бөлүп чыгып, бир нече мүнөт болсо да элге угузбай айта турган жалындуу сөздөрүн айта албай арманда жүрчү, – мындай мүмкүнчүлүк жеке эле анда эмес, бардыгында жок эле.

А үчүнчү эң негизги тынчсыздануу, баронессанын жана ага күңдөрүндөй баш ийип, анын айланасында жетим көпөлөк шамды айланган сымал, жанынан тегеренип чыкпай жүргөн жандоочулары адам оюна келбеген нерселерди жасап, тайралаңдап сайрандап жүрүшкөнүнөн улам келип чыкчу. Лешедко айласыздан алардын жеңил ойлуу кенен жашоосунун ыргагына баш ийип, анын тири укмуштай фантазиясын иш жүзүнө ашыруу үчүн тырышып аракеттенип жашоого мажбур эле, а сезон жаңы күчүнө кирип, баалар күйүп турган чырактын жанындагы градусниктеги сымаптай көтөрүлүп бараткан. Лешедко мына-мына кан тамырлары жарылып, жиликтери муундарынан чыгып чачырап кетчүдөй абалга жетип калган.

“Жок, – деген ойго келчү ал эртең менен кофе ичип, ресторанга төлөгөн эсеп кагаздарын карап, тырмактарын иретке келтирип жатып. – Жок, шайтан алгырдыкы! Мен туура эмес жол менен баратам. Адам оюна келбеген, эрдикти талап кылган, адаттан тышкары, кыялкеч айымды таң калтырып, анын жүрөгүн биротоло жибите турган бир чоң иш жасашым керек! Бирок ал эмне иш? Кандай иш?”

Бир жолу эртең менен моюнунан этегине чейин алтын сымал жаркыраган жыш топчу кадалган, күрөң куртка кийген кызматчы бала анын жогорку кабаттагы бөлмөсүнө чыгып келди.

– Сизге баронессанын жазган катын алып келдим.

Бул ага Анна Владимировнанын жазган биринчи каты болчу.  Ал бир аз толкундануу менен үстүңкү сол жак бурчунда баронессанын аты-жөнүнүн баш тамгалары кооздолуп түшүрүлгөн узун конвертти колуна алып, таноолорун былкылдатып андан чыккан адамдын делебесин козгогон жытты искеп алды да, эки бүктөлгөн четтери алтын буусуна бастырылган бристоль картонуна жазылган куш тилиндей кыска кабарды окуду: “Бир мүнөткө келип кетиңиз. Сиз үчүн кызык сунушум бар”.

Анна Владимировнанын конок үйүндө дагы бир мейманды көргөндө, анын шаабайы сууй түштү. Ал Ялтадагы эң белгилүү адам, мыкты дарыгер жана эзелтеден бери келаткан эски адабий мектептин жолун уланткан мыкты жазуучу, андан тышкары, чарчаганды билбеген жөө күлүк Яков Сергеевич Калинович эле.

Ал бошой калган күндөрү жолго чыкчу, ал узун буттары менен ушунчалык тез баскандыктан, чындап келсе ага почто тарткан ат да жетпей калмак. Ал басып баратканда дайыма кобурай берчү: “Ооба. Жок. Бул акылсыздык. Ооба. Туура эмес. Шайтан алсын!”. Жөн баспай ар бир сөздү айткандан кийин таягы менен жолдо жаткан таштарды соккулап өтчү.

Дайыма жолдо жүргөндүктөн элдин баарын таанычу, аны да эл жакшы билчү. Бүткүл Крым жээгинде, Судактан Балаклавага чейин аны мыкты дарыгер катары сыйлашып, чынчыл жана жан билги жазуучу катары урматташа турган. Анын саясат боюнча кызуу талаштарда кекечтенип, ээгин алдыга чыгарып алып, жеңин улам түрө коюп сүйлөгөн манерасын кимдер гана тамашалап күлүшпөдү дейсиң.

Ал жумшак жапыз олтургучта, өзүнүн жөө жүргөнгө машыгып бүткөн булчуңдуу буттарынын тизелерин ээгине жетер-жетпес кылып бүгүп алып кучактап олтурган. Мурдатан тааныш Лешедко менен учурашкан соң, ал үзүлүп калган сөзүн улады:

 – Демек, сиз макулсузбу? Анда ишти дайыны жок созо бербейли. Бүгүн жасар ишти эмне үчүн эртеңкиге калтырабыз? Айтмакчы, мени бүгүнкү күнгө чакырышкан. Албетте, силер менсиз деле бара берсеңер болот дечи. Силерди бардык шарап жасап чыгаруучулар кучактарын жайып, ал тургай чөгөлөп тосуп алышарына шегим жок. Эгерде уруксат берсеңер, мен, кубануу менен силерди коштоп барганга даярмын. Бирок бүгүн өзгөчө күн. Мен бир учурда шарап погребинин башчысынын аялынын оор кеселден айыгышына себепчи болгон элем. Ошондон бери ал немис мага өзү иштеген мекемесине келип кетишимди жыйырмадан ашык жолу суранды. Ал мени массандрдагы шарап погребдери өкмөттүн карамагына өтө элек, жеке менчик кезден бери сакталып келаткан өзгөчө шарап менен кызыктырып келатат. Андай жогорку сапаттагы керемет шараптан болгону бир нече жүз гана даанасы калыптыр. Ал коллекцияны шарап жасоочу ишкананын кампасындагылар “Воронцовка музейи” деп коюшат экен. Андай шараптан даам татыш ар кимдин эле бактысына жазылган эмес. Андан башка да толтура кызыктарды көрсө болот. Кандай, макулсузбу, татынакайым?

Бир сааттан кийин жоон топ адам, кээ бири атчан, айрымдары жеңил кареталар менен Массандрага кеткен жолдун чаңын асманга сапырып жөнөп калышты. Жол улам барган сайын өр тартып, тоону карай заңкайып, чырмоок баскан Крымдын аска-зоолорун аралап баратты. Көп өтпөй Массандрага жете келишип, шарап чыгаруучу ишкананын кенен короосуна киришти. Яков Сергеевичтин кадыры жана баронессанын сүйкүмдүүлүгү өз ишин кылды, аларга Массандрада болгон жакшы нерселердин бирин да калтырбай көргөзүүгө аракет кылып жандалбастап жатышты: тоонун бетин оюп кирген узундугу бир чакырымга жакын, жайы, кышы температурасы бир градуска да өзгөрүлбөй бир калыпта турган, сатууга даярдалып коюлган бир жарым миң бөтөлкө шарап сакталган тоннелге алып киришти. Бөтөлкөлөр тоннелдин эки капталында чоң пирамида формасында жыйналыптыр, ошол эле жерде шарапты бөтөлкөлөргө куюр алдында анын ар кайсы сортторун аралаштырып, сапатын көтөрүү максатында колдонулчу сыйымдуулугу миң чакалык, түбүнөн оозуна чейин тикесинен эки киши бойлогудай чоң челектер жайгашыптыр.

Андан соң бөтөлкөлөрдү жуугандан тартып, толтуруп, оозун жаап, бекитип,  бетине жарлык кагаздарын чаптаганга чейинки татаал процессти көргөзүштү; бул процессти бирдей кийинген, боорлоруна окшош боркок тагынган ондогон эркектер менен аялдар өтө шамдагайлык менен ашык сөз сүйлөшпөй, өз орундарында тыптынч туруп аткарып жатышкан. Бирок бул жер ным тартып, суук болчу, өтө жеңил, денеси көрүнгөн тор көйнөкчөн баронесса биринчилерден болуп чыйрыгып чыкты жана ал сыртка, күнгө алып чыгууну суранды.

Ошол эле жерде погребге кире бериштеги бөлмөдө дегустация, башкача айтканда, шараптардын даамын сызып, сапатын баалоо өткөрүлө баштады. Эки тарапка ачылган кенен эшиктеринен түштүктүн жаркырап тийген күнү өз нуру менен жылытып, бөлмөнүн ичи жагымдуу жылуулукка толуп турган эле. Бардыгы узун үстөлгө маңдай-тескей тизилип олтурушту. Үстөл үстүнө дасторкондун ордуна калың айнек салынган экен. Адегенде конокторго ишканага келген меймандарды каттаган чоң китепке кол койдуруп алышты, андан соң гана дегустация аталган ыйык жөрөлгө башталды.

Бул даярдыгы жок адам үчүн өтө эле оор жана опурталдуу нерсе экенин айта кетишибиз керек. Адегенде жеңил ак шарап, андан кийин жеңил кызыл шарап, болгондо да бир эле түрүнөн эмес ар кандай түрлөрүнөн, андан соң күчтүү кызыл шарап, күчтүү ак шарап берилди. Алардын артынан ушундай эле тартипте ароматтуу, марсал, портвейн, херес тибиндеги шараптардын түрдүү аталыштары, Asti Spumante, мускат жана аягында ликерлор: Lacryma Christi жана наливкалар келди.

Бардыгынын баштары айлана баштады, жумушчулардын башчысы (купер) жетекчилеринин көрсөтмөсү менен улам бир жаңы бөтөлкөлөрдү алып келип жатты. Баарынан жаманы мындай шумдуктуу аралашманын артынан бир да ысытма берилбегендигинде эле. Жок дегенде сыр же жаңгак болсочу! Чыныгы шарап өндүрүүчүлөр мындай немелерди жактырышпайт, аларды мыскылдап “аракечтер үчүн бисквит” деп коюшат. Ал тургай ар бири өзүн шарабынын даамын сезе билген мыкты адиспиз деп эсептеген кожоюндардын өздөрүнүн да баштары тегеренип, тилдери булдуруктай баштады. Алар коноктордун, айрыкча Анна Владимировнанын алдында шараптын таң калыштуу жана адамдар түшүнбөгөн мүнөздөмөлөрү ушул ичимдиктин билерманы катары көрүнгүлөрү келип улам бири сөз талашып жатышты:

 – Бул шарап ичкенге жеңил, аз градустуу шарап. Бул азыр анча даамына келе элек кези. Буюрса, дагы бир аз турса сонун шарапка айланат. А бул лафит, бир аз мөңкүп турган шарап, даамы ачуурак болуп кетет, а бул  St.-Estephe.

Аягында башкы шарап өндүрүшчүнүн билинер-билинбес өздөрүнө гана түшүнүктүү белгисинен кийин жумушчу бир нече мүнөткө чыгып кетти да, сүйүктүү баласын жаткызып алгансып, себетке салынып чаң баскан бөтөлкөнү көтөрүп кирди. Чынында эле шарапты алып келген жумушчу, баккан баласын эзилип жакшы көргөн карыган камкор бала багуучуга окшош эле: ал бөтөлкө салынган себетти алдыга сунулган эки колуна этиеттеп кармап, денесин бир калыпта, солкулдатпай акырын жылып келатты.

Шарапты декантерге (бөтөлкөдөгү кымбат шарапты чайкалтпай, тунук боюнча механикалык жол менен куюу үчүн жасалган станок, туткасынан айландырганда бөтөлкөнүн оозу төмөн карап, суюктук тосулган идишке куюлат) орнотушту.

– Анда эмесе кымбаттуу меймандар, – деди башкы шарап өндүрүүчү салтанаттуу, айтмакчы анын фамилиясы Келлер болчу. Көңүл буруп коюңуздар, бул шарап алтымыш үчүнчү жылы куюлуп, оозу чапталган.

Бирок ушул жерден күтүлбөгөн өтө жаман нерсе болуп кетти. Сүйкүмдүү, ак көңүл дарыгер Калинович илгери Москвада окуп жүргөн кезинде “Прагадагы” шаан-шөкөттөрдө сыранын сапатын жарыкка салып карап жаңылбай аныктап жүргөнүн эстей койду. Ал күтүүсүздөн декантердеги бөтөлкөнү моюнунан алып, түбүн өйдө кылды да, аны жарыкка салып билерман кишидей шыкаалай баштады. Шарап өндүрүшчүлөр бир ооздон кыйкырып жиберишти, жумушчулардын башчысы, алардын тили менен айтканда купер, онтолой түшүп, кубарган жүзүн алакандары менен басып калды. Ал эсинен танып барып оңолду. Куперден башка бөтөлкө алып келүүнү суранышты, а чайпалып калган бөтөлкөнү дагы бир он жылга кыймылдатпай сактоо үчүн артка кайтарышты.

Экинчи, үчүнчү бөтөлкөлөр бардык эрежелерди сактоо менен куюлду. Шарап өңү таза сууга кулпунайдын бир-эки мөмөсүн эзип койгонсуп мала кызыл жана тунук болчу. Жыты да кулпунайдыкындай. Бирок күчүн айтпа! Төртүнчү бөтөлкөнү ичип бүтүшкөндө шарап ташып жүргөн жумушчулар менен Анна Владимировнадан башкаларынын баары мас болуп калышты. Бул жумшак айтканда. Туурасын айтсак, алар катуу мас эле, а прокурор таптакыр ылжыма болуп калган. Ушундай убакта баронессанын көзү жанарак эле көргөн миң чакалык чоң челектердин бирине түштү. Челек бош болчу, а караңгы челектин түбүндө төрт бурчтуу, узун-туурасы бирдей тешик карайып турган. Баронесса челектин оозуна эңкейип кыйкырды:

 – У-у! У-у-у!

Адамзат жаңыдан бутуна жаңы туруп келаткан доордо диплодоктор же ихтизаврлар ушул сыяктуу кыйкырышса керек, ага челектен дал ошол сыяктуу күңгүрөгөн катуу жаңырык жооп кылды.

– Айткылачы мырзалар, бул эмне болгон тешик?

Шарап өндүрүшчүлөр ага бул тешик челектин ичин анда-мында тазалап туруу үчүн керектигин, анткени көпкө тазаланбай калса челектин ички бети калыңдыгы үч элиден ашык кебер туруп каларын баяндап беришти.

– Мүмкүн эмес! – деп таң калды баронесса. – Бул челектин оозунан он эки жашар бала да батып кире албайт.

– Жок, эмне үчүн кире албайт? Трофимов, – деп кыйкырды ал жумушчулардын бирине, – челектин ичине түш!

Таптакыр арык деп айтса болбой турган тартайган сары чачтуу жигит алдыга чыгып, кемселин чечти, курун бошотуп, көк көйнөгүнүн этегин шымынан чыгарды да эңкейип челектин оозуна жакындады, оң колун алга сунуп, башын кыйшайтып сунган колуна жөлөп, адегенде колу менен башын, андан соң ийинин киргизип, капталы менен суу жыландай ийрелеңдеп барып бир жарым мүнөткө жетпей челекке кирип кетти да, бир мүнөттөн кийин кайра чыгып келди.

Баронесса ага бир алтын акча берди да таң калганын жашырган жок:

 – Кудай урсун, мырзалар, өз көзүм менен көрбөсөм эч качан ишенбейт элем!

– Б-ул ө-тө таң-калыш-туу, – деди князь Абашидзе, баронессанын дагы бир ага жете албай жүргөн күйөрманы булдуруктап.

– Албетте, сиздердин араңардан бул нерсени эч ким жасай албайт, – деп улантты сөзүн баронесса. – Каалайсыңарбы, эгерде ким бул челекке кирип чыкса, эрдиңерден өбөйүн.

Лешедко ордунан чайпалып барып ыргып турду:

 – Мен кирип чыгам! – деди ал колу менен төшүн кагып.

– Оо, кудайым! Ушул кардай аппак кемселиңиз мененби!

 – Кемсел да кеппи! Балким айымдар аны чечип салышыма каршы болушпастыр?

Прокурор кемселин чечип ыргытты да, жанагы жумушчу сыяктуу эле тизелей калып, колун алдыга созуп, башын колуна тийгизе, капталы менен челекке кире баштады. Мастын колдогону бар эмеспи. Он мүнөт аралыгында белине чейин сойлоп кирди, сыртта калган буттары дагы бир аз убакытка чейин тарбалаңдап барып, анан көрүнбөй калды. Адегенде челектин ичинен эч үн чыккан жок. Андан соң адамды селт эттирген күңгүрөнгөн коркунучтуу дабыш чыкты. Ал адамдын добушуна окшобогон үнгө бир аздан кийин көпүрөдөн оор артиллерия өтүп бараткан сыяктуу дүңкүлдөгөн дабыш кошулду. Баронесса челектин оозуна эңкейип тыңшап калды:

 – Мырзалар, билесиңерби? Ал ырдап-бийлеп жүрөт. Allo! Allo! Игнатий Игнатьевич! Киттин курсагы сизге жактыбы?

— Бу-у-у! –  деген үн жаңырды челектен.

Купердин өңү бузула түштү.

 – Мырзалар, бул ишти тезинен токтотуу керек! Челек ичиндеги спирт буусунан дем алгыча, он бөтөлкө шарап ичкен оң. Бул челекте спирт буусунан бөлөк эч нерсе жок.

Ал челектин оозуна эңкейип кыйкырды:

 – Мени угуп жатасызбы? Улуу урматтуум! Тезинен чыгыңыз! Кокус жаман нерсе болсо, биз жооп берип калабыз. Байгеңизди уттуңуз, болду, ошол жетиштүү. Шайтан алгырдыкы, тезинен чыгыңыз! Болбосо сизди алып чыгууга буйрук берүүгө мажбур болом!

Челектин төрт бурчтуу оозунан Лешедконун купкуу болуп, тер баскан жүзү көрүндү. Мурдунун үстүнө кондуруп жүрчү көз айнеги жоголуптур, ал эми көздөрү бозомтук тартып тумандап, кайда караганы билинбей жалдырайт... Кургакта калган балыктай абадан бир кериле дем алып алды. Тили булдуруктап сүйлөгөн сөзү билинбейт.

 – Мени угуңуз! Колуңузду алдыга сунуп, башыңызга жакындатыңыз. Акырын жылып чыга баштаңыз.

Акыл-эсин спиртке алдырса да, прокурор инстинкке баш ийип тиги адамдын айтканын жасоого аракет кыла баштады, бирок сунулган колу шынаа сыяктуу тиреп калгандыктан, башы өйдө да чыкпай, ылдый да кетпей тыгылып калды! Шарап өндүрүшчү купер экөөлөп тарткылап жатып моюнуна чейин араң чыгарышты, бирок андан ары жагы чыкчудай эмес. Көйнөгүнүн жакасы, тагынган галстугу, алтын жип менен шырылган керемет кооз бел боосу ага бир карыш жылганга да мүмкүнчүлүк бербеди.

– Ай! Шайтандар! Колумду жуласыңар! – деп онтолоду прокурор.

– Жумушчулар челекке түшүп, артынан түртүп чыгарышсын, башка эч арга жок, – деп кеңеш берди көптү көргөн тажырыйбалуу жана башы иштегендердин бири.

 – Эй, Диоген! Кайра артка кир. Трофимов, челекке түшүп мырзага жардам бер.

Жумушчу мурдагыдай эле шамдагайлык менен челекке түшүп кетти. Көп өтпөй кайрадан чекеси айрылып, коркконунан жана мастыгынан улам көздөрү чанагынан чыгып кетчүдөй алайган прокурордун башы көрүндү. Кайрадан купер менен бир жумушчу аны колунан, башынан тарткылай башташты. Прокурор этинин ооруганына чыдабай чаңырды. Ал таптакыр эле тилден калып, сүйлөй албай калды көрүнөт. Мас неме ого бетер эси ооп, чыгууга аракет кылуудан да калып, денесин таптакыр таштап койду.

 – Трофимов, кайра артка тарт! – деп кыйкырды жинденген шарап өндүрүүчү. – Тарт деп жатам! Артка тарт!

Прокурордун башы үчүнчү жолу караңгы челекке кирип кетти. Шарап өндүрүүчү ылдый эңкейип кыйкырды:

 – Чечиндир! Угуп жатасыңбы! Эмне дейсиң? Катуурак айтчы!... Ооба, таптакыр жылаңачта!

Төрт бурчтук челектин оозунан бирөө сыйкырлап койгондой биринин артынан бири галстук, көйнөк, дамбал, жалтыраган өтүк учуп чыга баштады...

– Мен айымдардын бул жерден кетишин суранам, – кеңеш берди жумушчулардын бири.

Айымдар анын кеңешин угуп, сыртка таза абага чыгып кетишти. Алардын аркасынан алардын кавалерлери да ээрчип чыгышты. Бардыгы кетип, шарап өндүрүүчү жумушчулар жана дарыгер гана калышканда бечера Лешедконун денесин аяган жан болгон жок. Бирок жылаңачтап, күчкө салып түрткүлөшсө да аны чыгара алышкан жок.

 – Мырзалар, – деди дарыгер, – менин көзүмчө адамды кыйнаганыңарды койгула. Абайлап кыймылдагыла.

– Токтогула! – деп кыйкырды купер. – Мен кандай кылышты билдим: аны майлаш керек! Грищенко! Менин үйүмө барсаң машине майлаган май бар, тез алып келе кал. Бол тез! Бул мырза чындап эле өлүп калбасын.

Майды алып келип Трофимовго беришти, челектен бирөөнүн бышылдаганы, бирөөнүн күшүлдөгөнү, денеге шалпылдап тийген алакандын үнү бир топко чейин угулуп турду. Акыры мурдагыдан да алсырап, алы калбаган прокурордун башы челектен төртүнчү жолу көрүндү. Машиненин майы, жинденген үч кишинин аракети өз жемишин берди. Белине чейин күчтөп сүйрөп чыгышкан соң, анын калган денеси жылып калган шампандын пробкасындай эле ыргып чыкты.

Эх, атаңдын көрү, өз убагында прокурор сүргүнгө айдаган, түрмөлөргө отургузган көп сандаган кылмышкерлер анын азыркы мүнөттөгү кебетесин көрүшкөндө эмне! Алар бул байкушту аяшмак болуш керек. Ар кайсы жери тытылган, канаган, көгөргөн, майланышкан жылаңач денеси нефти жыттанып, башы оң жак ийинине кыйшайып, жыгылып кетчүдөй араң турган прокурор чынында эле адамдын боору ооругандай абалда болчу.

Алар кайдан-жайдан шейшеп, түктүү сүлгүрлөрдү таап келе калышты да, анын жарадар денесин сүртүп кургатышып, чоң камкордук менен кийинтип, кемселинен шараптын тактарын кетиришип, жетелеп барып каретага отургузуп коюшту. Чогуу келген компания дарыгерден башкалары, бир каретаны калтырып, эчак эле кетип калышкан экен. Дарыгердин жылуу колтугуна жөлөнүп, энесинин койнунда жаткан жаш баладай мемиреп, терең уйкуга кеткен прокурор Ялтага жеткиче ойгонгон жок.

Эртең менен денеси жанчылып, башы сынып ооруган жана уяты чыдатпаган прокурор буюмдарын жыйыштырып, мейманканын акысын төлөдү да, сүзүүгө даяр турган биринчи кемеге олтурду да жөнөп кетти...

Ойлоп көрсөк, прокурорго пароход кайда барса да, ага эми анын кандай айырмасы бар эле?

1914

Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ

Комментарий калтырыңыз