Мурдунан алысты көрбөгөн падыша жөнүндө икая

  • 07.12.2020
  • 5152

«Философтор башкармайын мамлекет башынан балээ кетпейт».
(Платон)

Өз өлкөсүндө тең салмактуулукту орното албаган падыша болуптур. Ачарчылыктан кары-картаңдар менен балдардын кырылганы токтобойт. Карыларды тоюндурса – балдар, балдарды тоюндурса – карылар кырыла берет. Карылар бир кезде бийлик тагына келүүгө өбөк-жөлөк болгон үчүн алардын алдында падыша өзүн карыздармын деп эсептечү экен. Өлкөнүн жерпайын чогуу түптөшкөндөр ошол кары-картаңдар болгон дешет. Ал эми бешиктен бели чыгалек балдарчы, арийне, алар өлкөнүн келечеги эмеспи.

Балдардын шыбагасын кары-картаңдарга, карылардыкын балдарга ооштурайын дейт, бирок же тигиниси, же мунусу өз каражандарын багар чамалары болсочу.

Падышанын башы катып отуруп, өлкө казынасын тең бөлүштүрүүнү чечет. Бирок айланасындагы кеңешчилери, аткаминерлери буга күңк-мыңк болушат: анткени бириникин тартса, экинчисине жетпеген казына чыгымы мындай айкөлдүккө татыбайт деп чыгышат.

– Кары-картаңдар – булар өсөрү бүтүп, өлөрү калгандар. Ал эми балдардын эртеңкиси бар-жогу белгисиз. А өлкө жүгүн көтөрүп тургандар – мына, бизбиз! – деп чыгышат. – Агер бүгүн өлкө жүгүн көтөрүп тургандар ар дайым болушун кааласаңыз, ошолордун камын ойлоңуз.

Падыша өз курчоосундагы кеңешчилердин, аткаминерлердин айтканына көндү. Ошону менен айланасындагылардан казынаны аянбады. Ал эми кары-картаңдар менен балдар кырылып бүттү.

Өзү күүлүү-күчтүү кезинде өлкөнүн да күч-кубаты бекем эле. А өзү картайган сайын өлкөнүн да куту кемиди. Алсырады. Кимге таянарын билбеди: алдуу-күчтүү жаштар өсүп чыкпады, а акылы мол карылардан бири жок. Ал эми айланасындагы акыл айтар акалакчы-аксымдары кеңеш бергенге жарабады. Себеби алар да карылыктын кажырына баш ийип, эч кандай экмет-кеңеш сунуштай албай калган куракта эле.

Ошондо каңырыгы түтөп отурган падыша Кудайга собол узатты?

– Эмнеден ката кетирдим?

Кудайдын жообу:

– Мурундан алысты көрбөгөндөн, – деди. – Келечек дайыма бет маңдайыңда көз көрүнөө, аны издештин да кереги жок. А келер чак менен өткөн чак көздүн кырында болууга тийиш. А учур чакка таянганың – максат койбонуң, өткөнгө кылчайган – акылга марыганың, келечекке умтулуу – жаратмандык. Кары-картаңдар – акыл казынаң, балдар – жаратман күчтөр, а аткаминерлериң – элдин канын соргон сүлүк курт. Аларды багуу – демек, өлкөнү жана өзүңдү алсыратуу.

Кудай ушуну айтат да жок болуп кетет. Падыша болсо бүлүнгөн өлкөдө талоонго кабылат. А айланасындагы акыл кошчулары уурдап-тоноп эч нерсе калбаганда өздөрү аман калыш үчүн падышаны да жутуп тынышкан экен.  

Орусчадан оодарган О`ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз