Роза Айтматова: Атам жөнүндө эскерүү

  • 11.12.2020
  • 6033

Белгилүү коомдук ишмер жана жазуучу Роза Айтматованын бул жаңы китебинде Төрөкул Айтматовдун көп кырдуу ишмердигинин ичинен Кыргызстандын эл чарбасынын, өнөр жайынын пайдубалын курууга кошкон салымын архивдик жана документалдык материалдардын негизинде чагылдырган.

Китеп окурмандардын кеңири катмарына сунушталат.

Кыргызпатент, 2020

Төрөкул Айтматов - кыргыз мамлекетин түптөөгө зор салым кошкон инсан

Кыргыз коомчулугу Төрөкул Айтматовдун 90 жылдыгын (1992-ж.) өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан мезгилде мага Төрөкул Айтматов жөнүндө он мүнөттүк телефильмдин сценарийин жазып берүү өтүнүчү “Айтматов коому” тарабынан сунушталып калды. Телефильмди белгилүү кинорежиссер Бакыт Карагулов тарткан. Ошондо Бакыт экөөбүз Кыргыз мамлекеттик борбордук архивде Төрөкул Айтматовдун Жалал-Абад канткомунун (обком) катчысы (1927 - 1929-жж.) болуп иштеп турган мезгилиндеги бул жыйында сүйлөп жаткан учурун таап киргизген элек.

Ошол мезгилден бери Төрөкул Айтматов жөнүндө көптөгөн илимий макалаларды жазып, анын мааракелерин өткөрүүгө катышып келем.

Жакында Роза эжеге жолуксам, атасы жөнүндө китеп жазганын айтып, окуп чыгып, баш сөз жазып берүүмдү өтүндү.

Ошол убадама туруп, Роза эженин атасы жөнүндө жазган китебин окуп чыгып, кыргыз мамлекетин курууга катышкан кыргызстандык коммунисттердин кайгылуу тагдырына дагы бир жолу күбө болдум.

Кыргыз жергесинде Совет бийлиги орноп, мамлекет түзүүдө билимдүү жаштар жер-жерлерде уюштуруу иштерине жигердүү катышкан. Алардын арасында А. Сыдыков, И. Арабаев, Ж. Абдрахманов, А. Орозбеков, К. Тыныстанов, Э. Эсенаманов, К. Шоруков, Т. Айтматовдор дагы болушкан. Алар 1920-жылдан баштап партиялык жана чарбалык иштерди уюштурууда эбегейсиз зор эмгектерди жасаганын архивдеги тарыхый маалыматтар тастыктап турат. Ошолордун ичинен өзгөчө Төрөкул Айтматов кыргыз өкмөтүн түзүүдө, чарбалык жана маданий-агартуу иштерин көтөрүүдө чоң жоопкерчиликти өз мойнуна алып, аны өмүрүнүн аягына чейин абийирдүүлүк менен аткара алган.

Роза Айтматованын “Атам жөнүндө” деген чакан китебинде Төрөкул Айтматовдун жооптуу мамлекеттик жана партиялык кызматтарда иштеген мезгилдеринде республиканын өнөр жайын өнүктүрүүгө кошкон салымдарын архивдеги тарыхый маалыматтар менен тастыктаган.

Төрөкул Айтматов Кыргызстандын өнөр жайын жана айыл чарбасын өнүктүрүүдө айрыкча энергетикалык жана отун базасын түзүү зарыл экендигин сезип, алгачкы чакан ГЭСтердин курулуштарына жетекчи катары уюштуруу, акча каражаттарын өз убагында чечүү, техникалык жабдууларды алып келүү, жогорку техникалык адистер менен камсыздоо иштерине катышкандыгы китепте кыска жана так берилген.

Т. Айтматов Эл чарбасынын борбордук Кеңешинин (1929-жылы түзүлгөн) жана Өнөр жай жана соода наркомунун жетекчиси болуп турганда (бир мезгилде эле эки жооптуу кызматты башкарган) жергиликтүү өнөр жайды, курулушту өнүктүрүү, темир жолду куруу, кен байлыктарды алгачкы изилдөө, улуттук адистерди даярдоо, көчмөн элди бириккен чарбага тартуу (коллективдештирүү) багыттарында аткарган албан иштери тууралуу өтө кызыктуу жазылган.

Ошондой эле китепте Төрөкул Айтматовдун партиялык эң бийик даражалуу, жооптуу жетекчи кызматтарда иштегени, аны кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөп, сабаттуу жана билимдүү, жөнөкөй, эл менен тил табышып сүйлөшүү ыкмасы, өз улуту, эл-жери үчүн күйүп-бышып эмгектенген мекенчилдиги, жергиликтүү элдин каада-салтын мыкты билип, аны сыйлашы, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнүн өзгөчөлүктөрүн, шартын, мүнөзүн туура түшүнүшү кээ бир партиялык жооптуу кызматкерлерге жакпай калганы, аны ак жеринен жалаа жаап, “эл душманы” деген шылтоо менен атылып кеткени автордун көз карашы аркылуу дурус чагылдырылган.

Китепченин мазмунунда Роза Айтматова атасына болгон кусалыгын, бала кезинде көргөн түшүн, апасына болгон аёо сезимин өтө толкундануу менен чын жүрөктөн чыккан арманды, сагынычты көркөм бере алган.

Автордун бул китеби орто мектептин окуучуларына, жогорку окуу жайдын студенттери жана тарыхка кызыккан окурмандар үчүн өтө пайдалуу экендигине шек жок.

Ормушев Асан, тарых илимдеринин доктору, Ч. Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты

Шекер жөнүндө уламыш

Атам Төрөкул Айтматов 1903-жылы Талас облусундагы азыркы Кара-Буура районунун Шекер деген айылында жарык дүйнөгө келген.

Таласта илгертен эле негизинен кушчу, саруу жана кытай урууларынын өкүлдөрү жашап келген. Кушчулар жалпысынан Талас дарыясынын өөдө жагында, саруулар ортоңку бөлүгүндө жашашат. Дарыя андан ары Чоң капка аркылуу казактардын Моюнкумуна агып, кумга сиңип кетет. Биз кытай уруусуна киребиз. Кытайлар Талас дарыясынан оолак, өрөөндүн түштүк-батышын көздөй аккан Күркүрөө дарыясын жээктеп жашашат. Ошон үчүн бизди Таласта күркүрөөлүктөр деп да айтышат.

Санжыра боюнча биздин бабабыз Кытайдын Түлкү аттуу уулу болгон экен. Андан Байтике, Буудай жана Богожу, Байтикеден Төңтөгөр жана Кыйра аттуу уулдар туулган. Төңтөгөрдүн уулдарынын бири Шекер биздин уруунун башчысы болгон. Төмөндө сөз ошол биздин Шекер бабабыз жөнүндө болмокчу. Биздин уруу да, айыл да, айыл өкмөтү да, мектеп да Шекер бабабыздын атынан аталып калыптыр.

Эмне үчүн?

Санжырага караганда биздин уруудан жоо майданында эрдик кылган, элин, жерин коргоп, душмандар менен салгылашып, кан төгүшүп баатырдык көрсөткөн бабаларыбыз көп эле болгон экен. Канча айткан менен жоокерчилик мезгил эле да. Алардын аттары эл арасында айтылып жүрөт азыр деле. Ал эми Шекер бабабыз андай эрдик деле көрсөтпөптүр.

Бирок...

Бул уламышты көп жыл мурун уктум эле. Аны мага шекерлик тууганым Сатий аке айтып берген. Ал кезде мен буга көп деле көңүл бурган эмесмин. Кийин биздин Күркүрөө аймагынан чыккан чыгаан журналист Төлөн Насирдиновдун көзү өткөн соң басылып чыгарылган анын эмгектеринин жыйнагынан “Журт атасы”[1] деген макаласын окуп калдым. Ал да ошол Шекер бабабыз жөнүндөгү уламыш менен байланыштуу экен.

Бул окуя он сегизинчи кылымдын биринчи жарымында болгон окшойт. Ошо кезде деле таластык кыргыздар азыркыдай болуп казактар менен чектеш жашашыптыр. Күндөрдүн биринде Казакстанды башкарып турган Аблай хан жерин, аймагын кеңейтүү максатында таластык кыргыздарга күтүлбөгөн жерден кол салат. Кыргыздын жерлерин казактар тартып алып, анда жашаган көп сандаган кыргыздын канын төгүп, далай кыз-жигиттерди кулчулукка алып кетишет. Таластык кыргыздар да кайра аларга жооп берип, казактардын бир тобун туткунга алып, башчыларынын башын кесип, иши кылып ушинтип эки эл согушуп турган учур болот.

Дал ошол мезгилде ортодон калмактын каны да чыгып калат. Ал казак менен кыргызды бири-бирине чагыштырып, алар өз ара согушуп жатып, алсырап калганда калмактар Күркүрөө дарыясынын жээгиндеги Ак-Сай, Көк-Сай сыяктуу, бейиштин төрүндөй болгон жерлерге кайрадан ээ болуп калса деген максаты болот. Ал үчүн калмактар саны жагынан көп болгон казактар алакандай таластык кыргыздарга кол салып, ташын талкан кылып, уулдарын кул, кыздарын күң кылууга камданып жаткандыгы жөнүндө каңшаар таратышат. Ошондой эле сөздү казактардын арасына кыргыздар казактарга кол салууга астыртан даярданып жатышат деп чагым кылышып, ортодогу абалды курчутушат.

Ошентип эки тарап тең согушка даярдана баштайт. Күркүрөөлүктөр Таластын баш-аягындагы тогуз болуштуктарынан жардам сурашат. Таластык кыргыздардын кошуун башчысы аскерлерин даярдап, чептерин бекитип, кыш кылычтын мизинде өтөт. Эки жакта тең эмгектеген баладан өбөктөгөн карыяга чейин жоого даярдык көрүүгө катышышат. Бир гана Төңтөгөрдүн бир уулу аксакалдар кеңешине катышпай, аскердик даярдыкка барбай жүрөт, деги эле коогалаңды жактырбайт. Ал сырын ичине сактап, жакшылыкка даярдык көрө баштайт. Анжияндан атактуу ашпозчуларды чакыртып, Кашкардан даш казандарды алдырып, чоң-чоң кемегелерди курдуруп, бөксө тоолорго журт көрбөгөн тандырларды салдырып, таттуу мөмө-жемиштерди, бал, шербет, канттарды даярдаганда элдин баары бул келесоо го деп, аны шылдыңдашат.

Ошентип согуша турган күн да келет. Ушакка ууккан казактар күркүрөөлүктөрдү Кара-Буура дабанынан ашыра кууп, жерди ээлеп калуу үчүн Ак-Сай тараптан кара таандай каптап келишет.

“70 атабыз жердеген журтубузду тарттырганча жүрөктө жаныбызды, көлдөй аккан каныбызды беребиз” деген күркүрөөлүктөр да бүт аймактан келген жардам менен күргүштөп, аларды Көк-Сай жактан тосушат. Бирок, казак-кыргыз (санжыра боюнча эки бир туугандан тараган) илгертеден бери эле бир тууган болуп, кыз алышып, кыз беришип, куда-сөөк, таяке-жээн, курбу-курдаштык сезими менен чырмалышкан элдер эле. Ошондуктан эки жактын тең эстүү адамдары бири-бирин кыйбай, согушту баштай албай турушат. Ошентип турган кезде кыргыз жактан ак ат минген, ак кийимчен бир адам күтүүсүздөн эки кошуундун ортосуна чыга калат. Ал атынын башын тартып, үзөңгүсүн тээп, ак сакалын жайкалтып, кыл чайнап тирешкендердин көңүлүн чайпалтып кеп баштайт: “Биз, күркүрөөлүктөр, сыйчыл менен сыйлашкан, чырлуу менен чырдашкан, түпөктүү найзасын колдон түшүрбөй, достошобуз дегенге доспуз, дос, тууган күтө билген, Ата Журту үчүн кашык канын, чымын жанын аябаган, пасташканга башы барда жүгүнбөс, тизеси барда ийилбес, пейли Күркүрөөнүн суусундай мөлтүр, кучагы казактын даркан талаасындай кенен. Бирок жерибизди бергенден көрө жаныбызды бергенибиз артык,” – деп жар салат. Анан Манас-Ата чокусу жакка колун жаңсап: “Мына бул кош чокуну карагылачы, эгиз баласын эмизген энедей болуп шаңкайып турат! Казак менен кыргыз эгиз баладай бир тууганбыз, эмне үчүн ортодогу ушактарга ишенип, бири-бирибиздин каныбызды төгүшүбүз керек? Андан көрө келгиле, дасторкондун тегерегине олтуруп, ортодо чечилбеген маселелер болсо сүйлөшүп, бир жыйынтыкка келели,” - дейт. Мындай жүйөлүү сөз кылыч шилтөөгө эмес, кол сунууга шылтоо таппай турган эки кошуундун эстүүлөрүн ойго салат. Казактар өз ара сүйлөшүп, түбүбүз бир элдерденбиз, конуш алгандан коңшу алган артыктыр деген пикирге келишет. Аңгыча ою – деңиз, сөзү – бал алиги ак чепкенчен кишинин боз үйлөрү тигилип, дасторкондору жайылып, аларга түркүн тамак-аштар коюлуп калат. Кошуундардын кол башчылары ошол сунушту күтүп тургандай, макул болушуп, боз үйлөргө кирип, жоокерлери суу бойлоп дасторконго олтуруп сүйлөшүп, бул тирешүү тынчтык жолу менен чечилет. “Согушпайлы, андан көрө эки тараптан эки балбанды чыгартып күрөштүрөлү,” – деп балбан күрөштүрүшөт. Бирок, ал балбандар бирин-бири жеңе албай коёт, ошону менен ынтымакка келишип, мындан ары кан төгүү токтотулат деген жыйынтыкка келишет. Андан соң алтын жаак, жез таңдай ырчылар ойдогу казактын орошондугун, кырдагы кыргыздын кыраандыгын даңазалашып, таң-тамаша курушат.

Акырында эл тарап жатып, баары ак чепкенчен кишини “... бул адамдын өзү да, сөзү да шекер тура! ” - дешип, ал киши Шекер аталып, өзүнүн азан чакырылып коюлган аты унутулуп калыптыр.

Мына биздин Шекер бабабыздын акылмандыгы - бир тамчы кан төктүрбөй, бири-бирине согуш баштайлы деп кыл чайнашып турган эки элди накыл сөзү менен элдештирип, ортосундагы мамилелерин ынтымакка келтиргендиги жөнүндөгү уламыш ушундай. Мындай иш даанышман, кең пейил, гумандуу, анан эң негизгиси, мекенчил адамдардын гана колунан келери белгилүү эмеспи.

Дагы менин айтайын дегеним: биздин тукумда (албетте, башка урууларда да бар болуш керек, бул жерде мен биздин уруунун тарыхына гана таянып жатам) атадан балага өткөн эң маанилүү мурас – бул мекенчилдик. Санжырага жана кийинки биздин тушубуздагы тарыхка караганда биздин уруудан мекенчилдик жагынан Шекер бабабызды тарткан көп эле көрүнүктүү урпактары болгон экен. Алардын бири –менин атам, Төрөкул Айтматов деп ойлойм. Бирок анын, деги эле ХХ-кылымдын 20-30- жылдарында кыргыз элинин башына келген мекенчил-лидерлердин тушунда эл жерин жоокерчилик жолу менен эмес, чачкын жашаган элин бириктирип жыйнап,  көчмөн калкын отурукташтырып, эл чарбасын жөнгө келтирип, элге билим берүү, саламаттыкты сактоо системаларын түзүп, элдин жашоосун цивилизация жолуна түшүрүү маселеси турган. Бул алардын аткарган ишмердүүлүктөрүнөн көрүнүп турат.   

Кыргызстан ХХ кылымдын баш ченинде падышалык Россиянын эң четки, эң артта калган колониясы болуп, эл чарбасы бүлгүнгө түшүп, анын үстүнө 1916-жылдагы “Үркүндүн” кесепеттери кошулуп, мекенибиз оор абалга тушуккан мезгили болуп турган.  Дал ошо кезде 1917-жылдагы Октябрь революциясы, Ленин, Совет бийлиги биздин эл үчүн мындай кыйынчылыктан чыгуунун бирден бир жолу болгон.

Чынын айтканда, Совет бийлигинин учурунда кыргыз элинин абалы көп жакшы жагына өзгөрдү: Көп кылымдан бери жоготуп алган мамлекеттүүлүгүбүздү кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнүн түзүлүшү, эл чарбасынын жөнгө салынып, өнөр жай жана айыл чарбасынын өнүгүшү, саламаттыкты сактоо, билим берүү системаларынын түзүлүшү жана өнүгүшү, маданият жана искусствонун гүлдөп өсүшү, элдин жашоосунун бийик деңгээлге жетиши.

Бирок ошону менен бирге кийинчерээк, 30-жылдарда, биздин өлкөнүн тарыхында эң бир татаал, карама- каршылыктуу мезгил да болгон: мамлекеттик башкаруу системасынын тоталитардык режимге түшүп, саясий репрессияларды массалык түрдө жүргүзгөнү.

Дал ошол мезгилде Кыргызстандын башына жаш, таланттуу лидерлер келген эле. Турмуш көрсөткөндөй,  аларга абдан оор, татаал саясий жана экономикалык шарттарда иштөөгө туура келди. Бирок ошого карабастан, алар Совет бийлигин орнотуп, чачкын жашаган кыргыздарды бириктирип, адегенде Кара- Кыргыз автономиялуу облусун жаратып, андан соң Кыргыз Автономиялуу Республикасын түзүп, анан СССРдин курамындагы Кыргыз ССРин тургузууга жетишишти. Бул, албетте биздин азыркы эгемендүүлүгүбүзгө жетүүгө негиз болду. Азыркы эгемен өлкөнүн пайдубалын түптөгөнгө ХХ-кылымдын 30-жылдарында мамлекеттин башына келген биздин аталарыбыздын мууну чоң салым кошконун дагы бир жолу белгилеп кетким келет. Алардын арасында биздин атабыз Төрөкул Айтматов да бар эле. Бул чыгарма - мен атамдын ошол мезгилде аткарган ишмердүүлүгүн чагылдырып көрсөтүүгө жасаган аракетим. Ал үчүн көптөгөн архивдик материалдарды таап, ошол мезгилдеги шартты изилдеп, иштөөгө туура келди.

Менин арманым

Жакында бир тууган жээним, Люция эжемдин баласы – Асан Ахматов экөөбүз “Человек жив до тех пор, пока о нем помнят люди”[2] деген ат менен орус тилинде китеп жазып чыгардык. Бул китепте менин агам, көрүнүктүү жазуучу Чыңгыз Айтматов жөнүндө биздин эскерүүлөрүбүз диалог түрүндө жазылды. Ошол китептин бир кичинекей бөлүгү “Арман” деп аталат. Анда Асан мага:

- Таеже, быйыл Сиз, кудай буюрса, 80 жашка толуп отурасыз. Ушунча жашка жетип, бир жолу болсо да бир нерсеге арманда болдуңузбу? Эгерде болсоңуз, арманыңыз эмнеде? – деген сырдуу суроо менен кайрылды.

Ушул суроодон кийин мен көпкө ойлондум. Кыйлага чейин жооп бере албадым. Өз башымдан өткөн жашоону бир эскерип алдым да, мага окшоп улгайып калган адамдын эч болбосо бир арманы болот го деп ичимен ойлондум. Чынымды айтсам, Асандын суроосу оңой болгон жок. Көп нерселерди эстеп көрдүм. Бирок, биринчи болуп, өмүрүмдө көрбөгөн атамдын түшүмө киргени эсиме түштү. Таң каларлык, ошол бала кезимде көргөн түшүмдү кээде азыр деле эскерем. Анан ойлонуп, жээниме мындай деп жооп кайтардым:

- Албетте, мага окшоп бир топ жашка чыккан адамдын арманы болбой койбойт эмеспи. Өмүрдө адамдын аткарылбаган ой-максаты кантип болбосун, болуш керек. Менин арманым – атамды ушунчалык көргүм келчү, ошол тилегим орундалбай калганында.

Менин эжем Люция жүрөк оорудан улам бу дуйнөдөн эртерээк өтүп кетти. Анын артында үч, кыргызча айтканда, “жаман” эркек балдары калган. Асан ошолордун эң кичүүсү. Эжем бул дүйнө менен коштошуп жаткандагы акыркы суранычы (жездебиз мурун каза болгон): “Асанды үйлөнтүп койсом болор эле, бирок жетишпей калдым. Эми сен буга баш-көз бол,” - деген эле. Асан экөөбүз жакынбыз, ал менин өз уулумдай. Экөөбүз көп аңгемелешип, маек курабыз, пикир алмашабыз, ой бөлүшөбүз, бирибизди-бирибиз жакшы түшүнөбүз. Асан менин “арманымды” угуп, себебин түшүндү окшойт. Белгилүү болгондой, атам Төрөкул Айтматов 1938-жылы жалган жалаа жабылып, атылып, сөөгү “Ата-Бейитке” коюлган. Биз болсо, ал камалгандан кийин анын тагдырын билбей, атабызды күтүп жүрдүк. Жыйырма жыл күтүптүрбүз. Себеби, НКВД атабыздын өлүмүн жашырып, апама сурап жазган каттарына “...күйөөңүз алыскы лагерлерге сүргүнгө айдалып кетти, кат жазышууга укугу жок” деп жооп кайтара берген...

Менин балалык мезгилим согуш жылдарына туш келип калды. Айылдагы курдаш кыздарымдын да аталары жок эле, алар аскерге кетишкен. Бирок алардын аталарынан кат келип турду (аны алар “атамдан кат келди” деп мактанып айтышар эле), анан алар согуш бүткөндө үйлөрүнө кайтып келе башташты. Ошондо курдаштарымдын аталары менен кездешкендери, алардын сагыныч менен кыздарын кучактаганы... Мен болсо, анда кичинекей кыз элем. Атам да бошонуп келип, мени бооруна кыса кучактаса деп абдан эңсечүмүн. Бирок, тагдырдын буйругу башкача болду. Мен атамды көрбөй калдым.

Атам камалганда мен беш айлык эле ымыркай кыз экенмин. Мына, азыр болсо сексен төрттүн тузун татып жатам. Бирок ошондогу кичинекей кыздын “атамды бир көрсөм” деген эңсөөсү дагы эле жүрөгүмдө арман болуп сакталып калган.

Атамды мен сүрөттөр аркылуу, апамдын жана эжелеримдин айтып бергендеринен ал үй-бүлөдө кандай адам болгонун, андан кийин архивдик материалдарды изилдеп, ал кызматта кандай адам болгонун билдим. Ошолор аркылуу болсо да, анын жаркын элесин азыркыга чейин ар дайым жүрөгүмдө алып жүрөм. Кээде менин турмушумда атам мага көзүмө көрүнбөгөн жөлөк-таяк болду деп ойлойм, мен анын колдоосун сезгендей болом.

Айла жок, атамдын өмүрү кыска экен. Ойлоп отурсам, так ушул тапта мен андан дээрлик эки жарым эсе улуумун. Атылбаса дагы өмүрдүн канчасын жашайт эле? Өкүнүчтүү! Бир гана нерсеге алымсынам – атам бу дүйнөдө көп жашабаса да, элинин түпкү кызыкчылыгын көздөп, анын келечегин ойлоп, жашоосу башка элдерден кем болбосо экен деп, эбегейсиз зор эмгектерди жасап, өчпөс изин калтырып кеткени.

Дагы бир нерсеге кудайга ыраазы болом, бул атамдын сөөгү көмүлгөн жердин табылганы. Акылга сыйбаган чындык.

Эсимде, 1957-жылдын август айы эле. Биз ал кезде Фрунзе шаарынын сыртындагы Чоң-Арык айылында жашачубуз. Чыңгыз акем Москвадан Жогорку адабий курсунан окуп жүрүп, жайкы каникулга келип, катуу ооруп, төшөккө жатып калды. Ильгиз агам геолог эмеспи, жайдын күнү дайыма тоого экспедицияга кетип калар эле. Эжем Люция да ошо жылы Кашира ГЭСинде практика өтүп жүргөн.

Так ошол чакта апама НКВДдан келип Төрөкул Айтматов жөнүндө кабар алып кетиңиз деген чакыруу кагазы келип калды. Чыңгыз акем мени чакырып алып:

- Сен деле чоңоюп калдың. Апама кошулуп сен бар, жанында бол. Өзүм барат элем, бирок көрүп турасың... - деди.

Биз апам экөөбүз Чоң-Арыктан 11-автобуска түшүп, Фрунзеге (азыркы Бишкек шаарына) келдик. Азыркы Киев жана Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде ушу кездеги коргоо министрлигинин ордунда, НКВДнын имараты турчу. Биз ага кирдик. Кире бериште куралчан сакчы какыйып турган экен. Апамдын чакыруу кагазын көрүп, сиз баланча кабинетке кириңиз, а сиз күтүп туруңуз деди мага кайрылып. Он мүнөтчө күтүп турдум. Бир убакта апам ар-а-аң басып чыкты, өңү боппоз, көзүнүн жалыны өчкөн, колунда эки күбөлүк кагаз: биринчиси - Төрөкул Айтматовдун күнөөсү жок болгондугуна байланыштуу акталгандыгы жөнүндө, б. а. реабилитация болгондугу жөнүндөгү документ, ал эми экинчиси Төрөкул Айтматовдун өлгөндүгү тууралуу күбөлүгү болчу. Анда аты-жөнү, жашы, туулган жери ж. б. жазылган экен. Бирок ушу күнгө чейн менин көз алдымда ошолордун ичинен эки пункту: өлгөндүгүнүн себеби – белгисиз; өлгөн жери – белгисиз деп сыя менен бадырайып жазылып турган экен. Ошентип, жыйырма жыл келет деп күтүп жүргөн атабыз жөнүндө кабар алып кеттик апам экөөбүз. Адамдай кылып угузгандын ордуна документтер “Секретно” деген гриф менен берилип, бул маалымат көпкө чейин эч жерге жарыяланбады, жазылбады да, айтылбады...

Кийин Чыңгыз акем атабыздын сөөгүнүн коюлган жерин издеп, көп аракет кылды. Бирок таба албады. Айла кеткенде, үмүтүбүз үзүлүп, 1972-жылы апабыздын бейитине экөөнө эстелик тургуздук.

Бирок 1991-жылы (аталардын өлтүрүлгөнүнө 53 жыл толгондон кийин) Ата-Бейит табылды!

Ата-Бейиттин ачылышы менен, баарыбызга кыргыз элибиздин буга чейин жазылбай калган, же бурмаланган, же жашыруун болуп келген тарыхынын актай барактары ачылды. Атам өзүнүн замандаштары жана санаалаштары Жусуп Абрахманов, Эркинбек Эсенаманов, Касым Тыныстанов, Баялы Исакеев, Иманалы Айдарбеков, Кожокан Шоруков ж. б. менен азыркы биз жашап жаткан эгемен мамлекетибиздин пайдубалын салып кетишти. “Элим, жерим!” деп жалындап, алоолонуп күйүп турган жапжаш өмүрлөрү эл үчүн, мекен үчүн кыйылды, бирок алардын артында өлбөс иштери калды. Алардын арасында атамдын мамлекетибиздин экономикасын, өнөр жайынын негизин түзүп, эл чарбасын жөнгө салууга арнаган иши да бар. Ушуну ойлогондо арманым азайып, шүгүрчүлүк кылам. Бул эскерүүмдө мен атамдын көп тармактуу иш-аракеттеринин ичинен бир гана түрүнө – Кыргызстандын экономикасын, өнөр жайын курууга киргизген салымын кароого токтолоюн дедим эле.

Бирок адегенде тарыхка бир кайрылалы...

Атам Төрөкул Айтматовдун билим башаты

Атам 1925-жылы өз колу менен жазган, Кыргызстандын партархивинде сакталып калган өмүр баянында өзүнүн билим алуусу жана иш-аракеттеринин биринчи кадамдары жөнүндө мындай деп жазган экен:[3]“... мен адегенде 1912-1914-жж. мусулман мектебинде окуп билим алдым. Анан 1916-1918-жж. орус-тузем мектебинде окудум. 1918-1919-жж. эмгек мектебинде жана реалдык училищеде окуп жүрдүм. Бирок 1920-жылы атамдын каза болгондугуна байланыштуу окуумду токтотуп, айылыма кайттым. Айылда адегенде айыл советинин катчысы, андан кийин ВИКтин (Волосттук аткаруу комитети), ошондой эле Грозный (азыр Аманбаев – авт.) кыштагынын батрактар уюмунун катчысы болуп иштедим. 1921-жылы Ташкенге Сыр-Дарыя Обкомунун съездине делегат болуп бардым. Съезд болбой калды. Мен Ташкендеги Совпартшколада (Советтик партиялык мектеп) окуюн деп калдым. Окуу узакка созулган жок. Үч айдан кийин Москвага КУТВга (Коммунистический университет трудящихся востока) окуганга жөнөдүм. Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде (ЧЭКУда) 4 жыл (1921-1924-жж.) окудум.”

Өмүр баянында жазгандарына караганда, ал мезгилде атам ар тараптан билим алууга, теориялык көрөңгөсүн байытууга талбай далалат кылат: университеттин коомдук иштерине активдүү катышат, каникул маалында эл аралап эмгектенет, ар кандай партиялык жана комсомолдук иштерди, тапшырмаларды аткарат. Мисалы, 1922-жылдын октябрынан 1923-жылдын июнуна чейинки айларда сабактан тышкары ВЕХ заводунда (Москва шаары) байланыш боюнча адис болуп иштейт. 1923-жылы каникул маалында Фергана облусунун (Андижан шаары) мобилизация боюнча иштерин аткарат, облустун саясий катчылыгынын саясий кызматкери сыпатында жергиликтүү калктын арасында лектор болуп, саясий агартуу иштерин (үгүт, насыят) жүргүзгөнү жөнүндө өмүр баянында жазылып жүрөт.

1924-жылдын январь айында атам РКСМдын (б. а. комсомол уюму) Университеттик комитетинин мүчөлүгүнө шайланып, уюштуруу бөлүмүндө иштеген. Ошол эле 1924-жылдын июнь-август айларында (каникул учуру) ал Түркстан фронтунун Улуттук командалык мектебинде коом таануу сабагы боюнча окутуучу болуп эмгектенет. Ошентип, КУТВда окуп жүргөн кезде атам теориялык гана билимин тереңдетүү менен тим болбостон (ал үчүн окууда алган сабагы менен гана чектелбестен, китепканаларга барып, китеп окуп, керектүү маалыматтарды да алган), ар түрдүү иштерге да катышып, саясий түшүнүгүн, практикалык тажрыйбасын байыткан. Муну менен турмуштук жаңы сабак алып, көп нерсеге көзү ачылып, өнүп-өскөн. Ошон үчүн КУТВны бүтүп, Кыргызстанга келери менен жетекчилик кызматтарга тез эле көтөрүлгөн. Бул кокустук эмес эле.

Алгачкы саясий кадамдары

Жогоруда айтылгандай, бул китепчеде мен атамдын кыска өмүрүндө аткарган көп кырдуу ишмердигинин бир гана тармагын, болгону эки жыл ичинде (1929-жылдын апрелинен 1931-жылдын апрелине чейинки мезгил аралыгында) Кыргызстандын өнөр жайынын жана эл чарбасынын пайдубалын түптөөгө жумшаган иш-аракетин кененирээк ачып, деталдаштырып көрсөтөйүн деген максатты койдум эле.

1929-жылы Төрөкул болгону 26 жашта болчу. Бирок, ошого карабастан, буга чейин ал ишмердик жагынан бир топ тажрыйбалуу болуп калган. Адегенде атамдын ошол баштапкы мезгилдеги ишмердигине кыскача токтолоюн.

Бул 1920-жыл эле. Кыргызстанда Совет бийлиги орноп, жашоо жаңыланып, өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгил.

Төрөкул үй-бүлөнүн чоң уулу болгондуктан, атасы өлгөндөн кийин, жогоруда айтылгандай, Олуя-Атадагы реалдык училищедеги окуусун таштап үй-бүлөнү багыш үчүн айылга (Шекер айылына) кайтып келет.

Ал орус, кыргыз тилдерин эң жакшы билген, катасыз жазган жана кишилер менен тез тил табышып иштей алган жигит болот. Ал эми Совет бийлигине так ушундай сабаттуу адамдар керек болуп турган мезгил эле. Ошондуктан Төрөкул айылына кайтып келгенден кийин Совет бийлиги аны кызматка тартып, ал жаштардын уюмун жетектеп иштеп калат. Жакшы иштегенинен аны Ташкенге жаштардын съездине жөнөтүшөт. Жогоруда өмүр баянында айтылгандай, эмне үчүндүр ал съезд болбой калат, бирок Төрөкул убакытты текке кетирбей, Ташкендеги партиялык-советтик мектепке кирип окуйт. Ташкенде да анын зээндүүлүгүн байкашып, Москвадагы Чыгыш элдери үчүн ачылган Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетине (ЧЭКУ, орусча КУТВ – Коммунистический университет трудящихся Востока) окууга жиберишет.

Ошентип ал:

1921 - 1924-жж. Чыгыш эмгекчилеринин Коммунисттик университетинде окуган (Москва шаары).

1925 - 1926-жж. КырОбкомдун үгүт-насыят бөлүмүндө пропагандист, бөлүм башчысынын орун басары, андан соң бөлүм башчысы болуп иштейт.

1926 - 1927-жж. Каракол - Нарын окружкомунда (азыркыча облусунда) жооптуу катчынын кызматын аткарат.

1927 - 1929-жж. Жалал-Абад канткомунун (азыркыча - облус) катчысы жана облуста жер-суу реформасын ишке ашырган комиссиянын төрагасы болуп иштеген.

Ошондой эле бул иштер менен катар коомдук иштерге да активдүү катышат: мисалы 1925-жылы атам Агитпроптун коллегиясынын төрагасы болуп иштеп жатканда Касым Тыныстанов менен бирге “Манас” эпосун жарыкка чыгаруу демилгесин көтөрүшкөн. Төрөкул Айтматов “Манас” эпосун биринчи жолу жарыкка чыгаруу жөнүндөгү чечимге өзү кол койгон.[4] Ошондой эле 1927-жылы Касым Тыныстанов менен бирге жаңы кыргыз алфавитин иштеп чыгуу комиссиясынын мүчөсү болуп иштеген.[5] Ал эми 1925-жылы 27-30-мартта өткөн Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун I Уюмдаштыруучу съездине атам чечүүчү добуш менен катышат. Ал түгүл, съездде кабыл алынган чечимдерди редакциялоочу комиссиянын мүчөлүгүнө бир добуштан киргизилген жана ал комиссиянын ишине активдүү катышкан.

Атам менен бирге иштеп калган академик Курман-Гали Каракеев мындай деп эскерет: “1926-жылы 12-апрелде анын (Т. Айтматовдун) демилгеси боюнча бөлүмдө (үгүт-насыят бөлүмү) кеңешме өткөрүлүп, кыргыз жазуусун латын тамгасына которуу маселеси талкууланган.

Ал улуттук басма сөз органдарын түзүүнүн демилгечилеринен болгон. Аталган жылы партиялык-саясий журналды эне тилибизде чыгаруу маселеси көтөрүлгөн. Тилекке каршы, акча каражатынын жоктугу колду байлаган. Ошондо Т. Айтматов, К. Тыныстанов, Ж. Турусбеков жана А. Байишов кыргыз тилинде партиялык-саясий журнал чыгаруу үчүн кор (фонд) түзүү боюнча демилге көтөрүшүп, алардын кайрылуусу “Эркин Тоонун” 12-апрелиндеги санына жарыяланган. Өздөрү корду түзүүгө озунуп каржы кошуп, өрнөк көрсөтүшкөн...”[6]

Бул саамалыкты башка уюмдар колдоп, 1926-жылы 14-октябрда кыргыз тилинде “Коммунист” журналын чыгарууга Кыргыз Обкомунун чечими чыгат. 1927-жылдын 7-ноябрына, б.а. Октябрь революциясынын 10 жылдыгынын урматына “Кызыл Кыргызстан” деген китеп 1000 нускада басылган. Анда 10 жыл ичинде жетишилген ийгиликтерге арналган материалдар чагылдырылган. Китептин баш сөзүн К. Тыныстанов жазып, орусчага Т. Айтматов которгон.

“Эркин Тоо” гезитинин негиздөөчүлөрүнүн: И.Арабаев, Б.Солтоноев, О.Алиев, Т.Жолдошев, А.Шабданов, К. Тыныстанов, С.Карачевдердин арасында Т.Айтматов[7] да бар жана ал “Эркин Тоонун” активдүү автору  болгондугу жөнүндө Зияш Бектенов өзүнүн “Замандаштарым жөнүндө” деген китебинде эскерет.

Ал заман кыргыз эли үчүн тагдыр чечүүчү мезгил эле. Совет бийлиги жаңы орногон кезде кыргыз эли  чачкын болуп жашап турган кези эле.  Ошон үчүн кыргыздын ошол кездеги саясий элитасы (Ж. Абдрахманов, А. Сыдыков, И. Арабаев ж.б.) элди бириктирип, автономия менен чектелсе да анын алкагында мамлекеттүүлүк түзүлүшкө ээ бололу деп аракеттенишкен.

Белгилүү болгондой, Кыргызстан адегенде Кара-Кыргыз автономиялуу облусу (1924-ж., 14-октябрь), андан кийин Кыргыз автономиялуу облусу (1925-ж., 25-май) катары түзүлүп, андан соң 1926-жылдын 1-февралында Россиянын (РСФСР) курамына кирген Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасына (КАССР) айланган болчу. Айтып коюш керек, 1926-жылдын 1-февралы биз үчүн абдан маанилүү күн, анткени бул көп убакыттан бери мамлекеттүүлүгүн жоготуп алган кыргыз элинин жаңы мамлекеттүүлүктү түзүүгө карата жасалган, келечектеги эгемендүүлүктүн негизин пайда кылган биринчи олуттуу кадамдарынын бири болгон.

Ошентип Кыргыз АССРи түзүлдү. Мамлекеттин чек арасы географиялык карталарга түшүрүлүп, баш мыйзамыбыз болгон Конституция жазылып, желек, герб, гимн жана башка мамлекеттик атрибутикалар бекитилди. Бул абдан чоң жетишкендик эле. Бирок мунун баарын туруктуу кармап туруш үчүн алдыда чече турган кыйын маселелер көп болгон. Эң башкысы жаңы мамлекеттик түзүлүштүн экономикасын өнүктүрүп, башка республикалардын деңгээлине жеткизүү жана жолго салуу маселеси турган. Анткени келечекте Кыргызстанды союздук республикага айландырып, СССРдин алкагында өз алдынчалыкка жеткизүү – бул ошо мезгилде элибиздин арасынан чыккан, мамлекеттин жетекчилигине келген лидерлердин максаты эле.

Турмуш көрсөткөндөй, бул багытта Кыргызстандын алгачкы кадамдары оңой болгон жок. Бир жагынан Кыргызстан Россиянын эң четки колониясы болгондуктан, анын эл чарбасынын өнүгүүсүнө көңүл бурулган эмес, кыскача айтканда, ал Россиянын артта калган чет-жакасы эле. Буга “Үркүндүн” кесепеттеринин, ар кандай ич-ара козголоңдордун, кулакка тартуунун айынан өлкөдө ачкачылык, жакырдык өкүм сүрүп турганын кошолук. Андан башка дагы көчмөн турмуштан отурукташууга жаңы өткөн калктын туташ сабатсыздыгы орун алган мезгил болчу (калктын 95%ы сабатсыз[8] эле). Ошентип, Кыргызстан Союздун борбордук райондоруна караганда кыйла төмөн акыбалда болгон.

Жогоруда келтирилген даталарды салыштырып караганда, Кыргызстандагы экономикалык жана саясий кырдаал ушундай оор абалда турган кезде атам өзүнүн эмгек жолун баштаптыр.

Кыргыз АССРинде Өнөр жай жана соода эл комиссариатынын жана Совнархоздун түзүлүшү

Кыргызстандын экономикасын жана эл чарбасын жөнгө салуу маселесин чечиш үчүн эң алгач 1927-жылы Кыргыз АССРинде Өнөр жай жана соода эл комиссариаты (наркоматы, азыркыча министрлиги) түзүлөт, бул министрликти эң биринчи болуп И. Айдарбеков жетектеген. Бирок, баштапкы учурда ал наркомат негизинен соода, жабдуу маселелери менен гана алектенет. Ал эми өнөр жай эң төмөнкү, жокко эсе абалда болуп турган.

Мындай абал Кыргызстанда гана эмес, бүтүндөй СССРде орун алган болчу. Ал кезде, биз билгендей, СССР мамлекетин большевиктердин коммунисттик партиясы жетектеген жана Советтер Союзунун экономикалык абалын көтөрүү маселеси коммунисттердин биринчи орунда турган милдети болгон. Алардын ою боюнча бул проблеманы индустриялаштыруу жолу менен гана чечүүгө болмок. Ошондуктан, алар 1927-жылы декабрда партиянын XIV тарыхый съездин өткөрүп, ошол чогулушта СССРдин индустриялаштырууга, болгондо да социалисттик индустриялаштырууга[9] карата багыт алгандыгы жөнүндө жарыя кылышат.

Индустриялаштыруунун максаты - бул мамлекеттин эл чарбасынын абалын көтөрүү, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, ал үчүн эл чарбасынын бардык тармагында, өзгөчө өнөр жайда машина өндүрүшүн куруу процесси деп  түшүндүрүшкөн. Анын жолдору - эл чарбасынын баардык тармактарын жаңы технологиялар жана машиналар, техника менен жабдуу. Социалисттик индустриялаштыруу капиталисттик индустриялаштыруудан эмнеси менен айырмаланат деген суроо пайда болот. Көрсө, күчтүү, кубаттуу капиталисттик мамлекеттер адегенде жеңил өнөр жайды (калың калк үчүн көп керектелүүчү товарларды: текстиль, жибек, кийим тигүү, булгаары, аң-тери, бут кийим тигип чыгаруучу өнөр жайларынын тармактары)  өнүктүрүү жолу менен баштапкы капиталды топтоп алып,  андан кийин аны оор өнөр жайды: өндүрүш каражаттарын өндүрүп даярдап туруучу, кен байлыктарды, таш көмүр казуу, техникалык өсүмдүктөрдөн май чыгаруу ж.б. өнөр жайларын  өнүктүрүүгө колдонгон экен. Совет мамлекетинин мындай ыкманы колдонууга такыр мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Анткени Советтер Союзунун эл чарбасы бүтүндөй бүлгүндө болгону аз келгенсип, аны ага каршы болгон мамлекеттер курчап турган, алардан насыя алууга мүмкүнчүлүгү жок эле. Ошондуктан Советтер Союзунун Коммунисттик партиясы социалисттик индустриялаштыруу жолун – тышкы каржылоо булактарынан үмүт кылбай, жеңил өнөр жайдын өнүгүшүнүн эсебинен көп жылдык каржы топтоону күтүп отурбай, дароо эле оор индустрияны өнүктүрүүдөн баштайт. Ошентип, Социалисттик индустриялаштыруу ири машина өндүрүшүн, эң алгач оор индустрияны өнүктүрүү жолу менен  эл чарбасынын бардык тармактарын түзүп, өнүктүрүүнү көздөгөн. И. В. Сталин съездде сүйлөгөн сөзүндө: “Мы отстали от передовых стран на 50-100 лет. Мы должны пробежать это расстояние в 10 лет. Либо мы сделаем это, либо нас сомнут,”[10] - деп айткан. Бул албетте эл үчүн да, өлкө үчүн да эң оор жагдайды түзгөн. Бирок ошол шарттарда СССР үчүн бул бирден бир мүмкүн болгон жол эле.

Ошентип СССР индустриялаштыруу процессин оор өнөр жайды, айрыкча машиналар, механизмдер  жана жабдуулар менен өнүктүрүүдөн баштайт.

Советтер Союзунун экономикасы пландуу болгондугу белгилүү. Тарыхый документтер күбөлүндүргөндөй, Советтер Союзунда эл чарбасын өнүктүрүүнүн алгачкы беш жылдык планы[11] 1928-жылы кабыл алынган, ал индустриялаштыруу процессинин башталышы менен дал келгени белгилүү. Өзү деги беш жылдык пландар Советтер Союзунун эл чарбасын индустриялаштырууну тездетүү максатында түзүлгөн. Ошол багытка ылайык, 1929-жылы Кыргызстанда Эл чарбасынын борбордук кеңеши (ЭЧБК, орусча - Центральный Совет народного хозяйства же ЦСНХ) түзүлөт. Ал Москвадан ВСНХ (Высший Совет народного хозяйства) деген мекеме аркылуу башкарылат. Бүтүн СССР өлкөсүнүн өндүрүшүн жөнгө салуу жана бөлүштүрүү, ошондой эле анын эл чарбасын башкаруу жана пландаштыруу иштерин ВСНХ жүзөгө ашырган.

Ошентип, жогоруда айтылгандай, Советтер Союзунун бардык республикаларынын, анын ичинде Кыргызстандын да эл чарбасынын өнүгүү планын түзүү Москвадан көз каранды болгон. Бул жагынан ыңгайсыздыктар да, пайдалуу жагы да бар эле. Биринчиден, пландаштыруу көбүнчө СССРдин борборунун, Россиянын кызыкчылыгына багытталган болчу. Ал эми Кыргызстан үчүн өлкөнүн жеңил өнөр жайын өнүктүрүү маселеси гана каралган, оор индустриянын өнүгүшү каралган эмес эле.

Кедергисин тийгизген дагы бир олуттуу жагдай болгон – ал республиканын Кыргызстандын эл чарбасынын өнүгүү планын түзүүдө үчилтик баш ийүүдө калганы. Муну СНКнын төрагасы (өкмөт башчысы) Ж. Абдрахманов Сталинге жазган катында[12] мындайча түшүндүрөт:

“Конституциялык-укуктук көз караштан алганда биз РСФСРдин курамдык бөлүгү болуп эсептелебиз, бул биздин маданий-чарбалык өнүгүшүбүзгө РСФСРдин Өкмөтүнүн органдары менен өз ара мамилелерибизди аныктоого тийиш сыяктанган эле. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан, Кыргыз АССРи өзүнүн экономикасынын мүнөзү жана географиялык абалы боюнча Орто Азиянын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелет. Бул кырдаал иш жүзүндө биздин республикабызды үчилтик баш ийүүгө мажбурлайт: бир жагынан РСФСРдин өкмөтүнө, экинчи жагынан Орто Азиянын органдарына - ВКП (б) БКнын (Ббольшевиктердин бүткүл союздук Коммунисттик партиясынын борбордук комитетине), үчүнчү жактан - СССРге. Республиканын бул үчилтик баш ийиши, иштин тажрыйбасы көрсөткөндөй, Кыргызстандын чарбалык-маданий милдеттерин чечүүдө өтө терс таасирин тийгизүүдө, демек, кедергилик элемент болуп эсептелет...”

Жогоруда аталган үч жетекчи органдар бири-бири менен макулдашпай, Кыргызстандын чарбалык планын, анын жалпы түзүлүшүн билбестен, өз көз карашында пландаштырышат. “Мында биз эки борбордун (Москва, Ташкент) бири-бирине окшобогон жетекчи көрсөтмөлөрүнө алып келгенбиз жана ала беребиз”.

Сталинге жазган каттарына Ж. Абдрахманов убагында жооп ала алган эмес. Кийин, 1930-жылдын 27-апрелинде Ж. Абдрахмановдун каттарында көтөрүлгөн маселелердин чечилиши Кыргыз АССРинин Өкмөтүнө СССРдин Эл комиссарлар совети (СНК) менен Эмгек жана коргоо советине түздөн-түз кирүү укугу берилгендиги жөнүндө СССРдин СНКсынын (Өкмөтүнүн) токтомун кабыл алуу менен чектелген.

ВСНХнын иш-аракеттеринин жакшы жагы, албетте, бул капиталдык салымдардын каралганы, техника, кесипкөй адистер жактан жардамдын болгону болду.

Мына ушундай татаал жана оор шартта, 1929-жылдын 30-апрелинде Кыргызстандын Борбордук аткаруу комитетинин экинчи съездинде Т. Айтматов Өнөр жай жана соода боюнча эл комиссары болуп шайланат. Ошондо ал жыйырма алты жашта экен. Жаштыгына карабастан, ал бул кызматка чейин бир топ тажрыйбалуу кызматкер болуп калганы жогору жакта көрсөтүлдү.

Атам Өнөр жай жана соода министри болуп жарым жыл иштегенден кийин аны дагы бир кызматка –Кыргызстандын Совнархозунун төрагасынын кызмат ордуна шайлашат. Бул 1929-жылы сентябрда Кыргыз Борбордук аткаруу комитетинин III сьездинде кабыл алынган чечим эле. Эми ал эки жумушту – Өнөр жай жана соода наркомунун жана Совнархоздун төрагасынын кызматтарын тең аткарууга милдеттүү болгон.

Ал кезде бүтүндөй Советтер Союзунда эл чарбасы абдан начар абалда болгон, Кыргызстанда болсо андан бетер жакырчылык, ачкачылык, чарбасында бүлгүн өкүм сүрүп турган мезгил эле. Мындай шартта эл чарбасын уюштуруп, жөнгө салуу иши жогоруда айткандай, бүткүл Союздагыдай эле болуп, өнөр жайдан башталган. Кыргызстан үчүн бул жаңыдан түптөлүп жаткан тармак болгондуктан, аны башкарыш, албетте, өтө кыйынга турган. Бирок ошого карабастан, Т. Айтматов бул ишке бел байлаган соң, буга чейинки иш тажрыйбасын пайдаланып, акыл дараметин, күч кубатын бүтүндөй жумшап, республикада өнөр жайды өнүктүрүүгө киришет (кийин камакка алынып, сурак бергенде ушул кызматты аткарып жүргөн мезгилде иш сапарларда көп жүрдүм дейт, демек Кыргызстандын тоолорун, дарыяларын, техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө жарай турган жерлерди изилдеген).

Белгилүү болгондой, ал мезгилде Кыргызстан үчүн бул тармакта кедергисин тийгизип турган эң биринчи маселе – бул билимдүү, техникалык квалификациясы туура келген адистердин жетишпегендиги эле. Мына ошондо Т. Айтматов кадрлар маселесине түздөн-түз кабылыптыр. Ошон үчүн анын иши көрсөтүп тургандай, ал адегенде эле кадрлар маселесинен баштаптыр, анткени жаңы түзүлгөн Совнархоздун аппаратында эң оболу болгону үч гана жогорку билимдүү инженер иштеген экен. М. Жусупова жана Т. Өмүрбеков (тарыхчы-окумуштуулар) өздөрүнүн “Т. Айтматов – коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер” деген эмгегинде төмөндөгүдөй жазышкан: “...Анын иш-аракеттери менен тиешелүү жетекчилерди ынандыра алгандыгынын аркасында Совнархоздун аппараты тез арада жогорку квалификациялуу кадрлар менен толукталды. Анын демилгеси жана өтүнүчү боюнча ири өнөр жайлуу шаарлардан (Москва, Ленинград ж. б.) Кыргызстандын жаңы тирлик ишканаларында иштөө үчүн инженерлер, техниктер, экономисттер жиберилген.”

Ошондон кийин түздөн-түз атамдын кийлигишүүсү менен Совнархоздун алдында жалпы бөлүмдөн тышкары экономикалык, жабдуу жана пландоочу бөлүмдөр түзүлгөн. Ошондой эле Кыргызстандын бардык ишканаларын техникалык жетектөөнү ишке ашыруучу инженер-технологдун жана тоо инженери менен инженер-электриктин кызматтары киргизилген. Аларга тоо инженери тоо кендерин (геологиялык) изилдөө иштеринин жүрүшүнө жалпы жетекчилик кылуу жана тоо-кен өнөр жайынын бардык тармактарынын план ченемдүү өнүгүшүнө кам көрүү милдети жүктөлгөн. Ал эми инженер-электриктер республиканын энергетикалык ресурстарын иликтеп, жергиликтүү, республикалык маанидеги жаңы электростанцияларды куруу боюнча маселелердин үстүндө иштемек. Кустардык өнөр жайды (ал кезде Кыргызстанда фабрикада эмес, кол менен жасалган продукцияны чыгаруучу ишканалар гана болгон) жана өнөр жай кооперациясын жөнгө салуу иши атайын инспекторго жана кустардык секциясына милдеттендирилген. Өнөр жайды өнүктүрүүнүн биринчи кадамдары мына ушундай болгон. Албетте, республиканын эл чарбасын башкаруучу аппараттын мындай примитивдүү (жөнөкөй) структурасы Кыргызстандын өнөр жайынын начар өнүккөндүгү менен шартталган.

Эми өнөр жайды өнүктүрүүгө жол ачылды, бирок, жогоруда айтылгандай, жергиликтүү Эл чарбасын башкаруу советинин Кыргызстан үчүн аткара ала турган иши чектелүү, аз санда болгон. Ошондуктан Совнархоздун пландаштырган иш-чараларынын баарын Кыргызстандын эл чарбасын өнүктүрүүгө жумшоого мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Жергиликтүү Эл чарбасын өнүктүрүү совети негизинен жергиликтүү жана кустардык өнүктүрүү маселелери менен гана алектенген. Ал эми мааниси чоң: пахта тазалоочу, тоо кендерин казып иштетүүчү, жибек ийрүүчү, техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү ж. б. ушул сыяктуу стратегиялык өнөр жай тармактарын союздук же ортоазиялык тресттер башкармак. Бирок ошону менен бирге Т.Айтматов өнөр жайдын жаңы объектилерин киргизүүнүн жардамы менен республиканын жана анын ири аймактарынын социалдык көйгөйлөрүн комплекстүү чечүү мүмкүнчүлүгүн издөөөгө умтулган.

Кыргызстандын Совнархозу жөнүндө бекитилген жобо боюнча анын карамагына тери ийлетүүчү, Шаар өнөр жай трест, Кырмамкурулуш, Токойтрест, Аламүдүн ГЭСи (АГЭС), нооту фабрикасы жана башка ушул сыяктуу ишканалар берилген болчу. Т. Айтматовдун съездде сүйлөгөн сөзүнө караганда, ошол мезгилде Кыргызстандын эл чарбасында айыл чарба өндүрүшү басымдуулук кылып, өнөр жайдын үлүшүнө бүткүл өндүрүлгөн продукциянын 6,7%ы гана туура келген. Майда кустардык ишканалар жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн 60%ын чыгарчу.

VI облустук партиялык конференциянын мааниси

1930-жылы (8-10-июнда) Кыргызстандын өнөр жайынын өнүгүшүнө арналган VI партиялык конференция өткөрүлөт. Жогоруда айтылгандай, партиянын XV съездинде “СССРдин өнүгүүсүнүн биринчи беш жылдык планын түзүү боюнча директивалар” кабыл алынган болчу. Ошол жетектөөчү көрсөтмөлөргө таянып иштелип чыккан биринчи беш жылдыктын (1928-1933-жылдарга) планынын долбоору ВКП(б) нын  XVI съездинде (апрель, 1929-жыл) кылдат ойлонулган, эл чарбасынын беш жылда реалдуу аткарыла турган иш-чаралар комплекси катары жактырылат.

Ошентип, Кыргызстанда беш жылдык пландын биринчи варианты 1928-жылы кабыл алынган жана ал Москвадан бекитилген болчу. Бирок атайын түзүлгөн комиссия талдоо жасап, Москвадан берилген акча каражаттар жана буйруктар Кыргызстандын экономикалык абалына толугу менен туура келбесин жана ошондуктан план аткарылбай калышы мүмкүн деген тыянак чыгарат. Москвадан пландаштырылып берилген мүмкүнчүлүктөр өтө начар экенин түшүнүп турган Ж. Абдрахманов жана бул маселенин үстүнөн аны менен бирдикте иштеген менин атам Т. Айтматов ал планды кайтадан иликтеп, өзүбүздүн жергиликтүү элге мүмкүн болушунча пайдасы тийгендей кылып, ага ар кандай өзгөртүүлөрдү киргизишет. Бул жагдай конференцияда Ж. Абдрахманов менен атамдын сүйлөгөн сөзүнөн көрүнүп турат. Аны мен ирети менен төмөндө чагылдырайын.

Конференцияда адегенде беш жылдык план жөнүндө өкмөт башчы Ж. Абдрахманов баяндама жасайт. Анда анын мындай деген жери бар: “... Мен силерге беш жылдык планды жүзөгө ашырууда кандай ийгиликтерге жетише тургандыгыбызга талдоо жасап кетейин дедим эле, себеп дегенде, бардыгы эле бул маселени түшүнө беришпейт. Беш жылдык планды жүзөгө ашыруунун жыйынтыгында биз чарбалык жактан алдыга аябагандай илгерилейбиз...”.[13]

Андан ары Ж. Абдрахманов мындай деп улантат: “... Эми мен бул беш жылдык пландын кемчиликтерине кыскача токтолуп кетейин, себеп дегнде биз эки жылдан бери гана беш жылдык планды аткарууга киришип жатабыз, алдыда дагы үч жыл бар.” Ж.Абдрахманов андан ары бул пландын бир топ кемчиликтерине токтолот, анан алардын себептерин көрсөтөт: “Мал чарбасында реконструктивдүү иш чараларды жүргүзүү туруктуу тоют базасын түзүүгө байланыштуу. Бирок ирригациялык курулуш тармагында, өзгөчө пахта айдалбаган райондордо бизде иш жакшы эмес.... бул жерде Орто Азиянын суу чарбасы негизинен көңүлдү пахта айдоочу райондорду ирригациялоо жасаганга буруп, муну менен пахта айдалбаган райондорду көз кырынан чыгарып койгондугу да бир кыйла мааниге ээ болуп, бул жерде Түндүк Кыргызстандын кызыкчылыгына доо кетип жатат.

Андан ары мен эң башкы жетишпегендик катары план элдин катышышуусуз түзүлүп, элдин калың катмарына белгисиз бойдон калганын айтаар элем. Мүмкүн биз планды элдин катышуусу менен түзгөн болсок, аны иштеп чыгууда эл көргөзгөн көйгөйлөрдү камтып кетер белек, анда бул планда өксүктөр азыраак болмок.

Ошондуктан бул план кабинеттин туундусу болуп калгандыктан, болгондо да ар түрдүү чийки материалдарды колдонгондуктан , кээде жөн эле жүйөөсүз маселени камтып кеткендиктен, мында жогоруда мен айткан жетишпегендиктер пайда болуп отурат....

Ал эми беш жылдык планды канчалык ийгилтиктүү аткарабыз, ал аны эмгекчилер массасына канчалык жеткире алабыз, ошого байланыштуу.” [14]

Мына ушундай себептерге байланыштуу бул ишке киришип жатып Т. Айтматов буга чейин түзүлүп калган биринчи беш жылдык планга оңдоолорду, толуктоо-түзөтүүлөрдү киргизүүгө чечкиндүү киришип, пландын ар кандай варианттарын түзүп чыккан.

Ж. Абдрахмановдон кийин, конференцияда Эл чарбасынын борбордук советинин төрагасы, атам Т. Айтматов чыгып сүйлөгөн. Ал сөзүн мындай деп баштаган: “Беш жылдык план - бул эл чарбасынын социалисттик курулушунун жана аны реконструкциялоонун планы. Бул пландын маанилүүлүгү жөнүндө жолдош Абдрахманов өзүнүн сөзүндө айтты. Мен бул маселеге токтолбой эле, пландын аткарылышынын реалдуулугу жөнүндө айтайын. Бизде кайрадан түзүлгөн беш жылдык план бар...”

Ошентип, алар 1929-жылы жаңы шарттарга байланыштуу 1928-жылы түзүлгөн беш жылдык планды кайтадан иштеп чыгып, ага кеңири толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизип, 1930-жылы партконференцияда талкууга алып чыгышкан. Атамдын айтканы боюнча, Союздан бекип келген план Кыргызстандын бардык чарбалык мүмкүнчүлүктөрүн толук камтый алган эмес. Бул жөнүндө ал:

“Союздун Өкмөтүнөн (Совнаркомдон) бекип келген Кыргызстандын беш жылдык планында республиканын өнөр жайына 250 млн. рубль жана айыл чарбасына 370 млн. рубль капиталдык салымдар каралыптыр. Эгерде биз бул капиталдык салымдарга Кыргызстандын колдо болгон чарбалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша карасак, анда эл чарбасын реконструкциялоо талап кылган иштердин темпин бул акчалай капиталдык салымдар камсыз кыла албаганын көрөбүз. Муну атайын өнөр жай боюнча иштеген комиссия тактаган. Комиссия өзүнүн тыянактарында 250 млн. рубль өнөр жайдын беш жылдыгы үчүн жетишсиз экендигин, капиталдык салымдарды 350 млн. рублге чейин көтөрүү зарыл экендигин белгиледи. Мындан тышкары, мал чарбачылыгына капиталдык салымдардын жетишсиздиги белгиленди. Ошондуктан беш жылдык планды өнөр жай бөлүгүндөгү, бөтөнчө тоо-кен өнөр жайындагы, ошондой эле мал чарбасындагы капиталдык салымдарды көбөйтүүнү эске алуу менен иштеп чыгууну андан ары тереңдетүү жөнүндө маселе коюу зарыл..”[15] .– деп проблемага өзгөчө маани берип айтыптыр.

Андан тышкары, атам Кыргызстанда айрыкча энергетикалык жана отун базасын түзүүгө, курулуш материалдарын чыгаруучу ири комбинаттарды уюштурууга басым жасоо керек деп белгилеп кетиптир. Ошондой эле айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүнү тездетүү менен бирге түстүү металлдардын кендерин изилдөө иштерин күчөтүү жана ушул беш жылдыкта коргошун, күкүрт кендерин иштетүүчү ишканаларды куруу зарылдыгын да баса белгилеген. Атамдын конференцияда жасаган баяндамасын жалпысынан талдап көрсөм, Кыргызстандын экономикасын көтөрүш үчүн ал төмөнкү негизги багыттарды өнүктүрүүнү плндаштырган экен:

1. Гидроэнергетиканы өнүктүрүү;

2. Жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүү;

3. Темир жолдорду куруу;

4. Көмүр-отун базасын түзүү;

5. Тоо кендерин изилдөө;

6. Улуттук кадрларды даярдоо.

Анын пикири боюнча, эгерде ушул тармактар тез арада иштиктүү чечилсе, анда биринчи беш жылдыктын жыйынтыгында айыл чарбасынын, анын өнүмдөрүн кайра иштетүүнүн, өнөр жайдын андан ары ургаалдуу өнүгүшүнө кубаттуу база түзүлмөк.

Ооба, тарых көрсөткөндөй, биринчи беш жылдык пландар экономикасы жок эсе болгон Кыргызстандын эл чарбасын жөнгө салып, өнүгүүсүн тездетти. Башкача айтканда, жаш республиканын экономикасынын пайдубалын негиздеди. Ж.Абдрахманов жана Т.Айтматов ойлогондой эле болгон экен, чынында эле биринчи беш жылдык план ишке ашырылгандан кийин Кыргызстандын өнөр жайынын, эл чарбасынын андан ары өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүлгөн болчу.

Архивдик материалдарга таянсак, атам конференцияда ошол багыттарды кайсыл жол менен чечиш керек экенин көрсөткөн экен. Төмөндө ал багыттардын ар бирине токтоло кетейин.

Гидроэнергетиканы өнүктүрүү

Ошол эле VI партконференцияда сүйлөгөн сөзүндө Ж. Абдрахманов электрификация жөнүндө мындай деп айткан: “... Совет бийлиги бизде он үч жылдан бери жашап келе жатат, а Совет бийлигин чыңдоого зарыл болгон, эл чарбасын бутуна тургуза турган электрлештирүү планы бизде иштелип чыккан эмес...”[16]

Жогоруда айтылгандай, Т.Айтматов Кыргызстандын эл чарбасынын өнүгүшүнүн биринчи беш жылдык планында индустриялаштыруунун жүрүшүн күчөтүш үчүн эң биринчи энергетикалык базаны кеңейтип, өнүктүрүү керек деген максатты алдыга койгон. Өнөр жайы менен айыл чарбасынын, айрыкча пахта эгүүчү райондордун электр энергиясына муктаждыгы өтө зарылдыгын белгилеп, конференцияда сүйлөгөн сөзүндө минтип айткан: “1930-жылдын октябрь айында эле электр энергиясынын жетишсиздиги үч миң киловаттка жетет, ал эми беш жылдыктын аягында бул жетишсиздик он миң киловаттка чейин өсөт. Биз аны кайдан алабыз?” Мына ушул суроого жооп берип жатып, Т. Айтматов мындай деген:“Биз тоолуу өлкөбүз. Электростанцияларды курууга чоң мүмкүнчүлүктөрүбүз бар, бийик тоолордон, кокту-колоттордон агып түшкөн көптөгөн өзөн-суулар, дайралар тар капчыгайларды аралап өтүп, ГЭСтерди иштетүүгө даяр табигый кубат-энергия менен камсыз кыла алышат...”[17]

Кыргызстандын гидроэнергетикалык ресурстары (ГЭР) абдан арбын. ГЭРдин эң мыкты экономикалык өзгөчөлүктөрү – алардын табигый кайра жаңыланып турушунда. Ал үчүн кошумча капитал жумшоонун кереги жок. Ошон үчүн ГЭС иштеп чыккан электроэнергия жылуулук электростанциясынан алынган энергияга караганда бир нече эсе арзанга түшөт.

Мына ушул мүмкүнчүлүктөр эске алынып, Кыргызстанда кубаттуулугу 384 миң киловатт болгон алты ири электр станциясын куруу белгилениптир. Атам, бул өңүттө өзгөчө Нарын дарыясынын мүмкүнчүлүктөрү мол экендигин, бүтүндөй Фергана өрөөнүнө абдан арзан электр энергиясын берээрин баса көрсөтүптүр. Мисалы, ал Өнөр жай жана соода министрлигине дайындалгандан он ай өтүп-өтпөй, 1929-жылы ноябрда Аламүдүн ГЭСи (АГЭС) өнөр жай ишканаларына электр энергиясын бере баштаган. Бирок эл чарбасынын электр энергиясына болгон муктаждыгын жаңыдан курулган бул ГЭС толук камсыз кыла алган эмес. Себеби шаарлардын жана ишканалардын өсүшүнө жараша электр энергиясына болгон зарылчылык өсүп бара жаткан. Ошондуктан, атамдын демилгеси боюнча тиешелүү уюмдарда бул маселе кайра-кайра каралып, тез жана чечкиндүү чечимдер кабыл алынган жана иштиктүү чаралар көрүлгөн. Мисалы, архивдик документтердин маалыматы боюнча, 1929-жылы декабрда Кыргыз АССРинин Эл чарбасынын борбордук советинин Президиумунун кеңешмесинде (кеңешмеде Т. Айтматов өзү төрагалык кылган) Аламүдүн ГЭСин кеңейтүү жана Фрунзе шаарында жылуулук электростанциясын куруу жөнүндө маселе кызуу талкууланат.[18]

Айтып кетсек, электростанциялардын курулушунун башталышы биринчи беш жылдыкта ургаалдуу уюштурулган экен. Ошол атам өткөргөн жыйындын аягында кабыл алынган токтомдо мындай деп жазылып турат: “Фрунзе шаарында өнөр жай ишканаларынын өсүшү электр курулушунан кыйла озуп кетип жатканын констатациялап, курулуп бүтүп, иштеп жаткан жана учурда курулуп жаткан, ошондой эле курула турган өнөр жай ишканаларынын бири да калбай, бардыгы толук электрлештирүүгө эсептелип, долбоорго киргизилиши керек. Эгер керектүү өлчөмдөгү энергия болбой калса, анда өнөр жай планы үзгүлтүккө учуроосу мүмкүндүгүн белгилеп, жергиликтүү өнөр жайды электр энергиясы менен жабдууда ири үзгүлтүктөргө жол берүүгө болбой тургандыгын эске алуу зарыл. Мүмкүн болушунча гидростанцияны кеңейтүү жана жылуулук электростанциясын куруу мөөнөтүн кыскартуу жолу менен айтылган үзгүлтүктөрдөн кутулуу тууралуу төмөндөгүдөй токтом кылынды:

  • АГЭСке тез арада Совнархоздун жетекчилиги

астында гидростанцияны кеңейтүү маселесин кайра кароо жана жыйынтыгын 1931-жылы 2-январда Президиумда тапшыруу сунушталсын.

  • Аламүдүн ГЭСинин жетекчилигине 1929-жылдын 1-декабрынан кечикпей Жылуулук электростанциясын курууга киришүү милдети жүктөлсүн”.[19] Атам башынан эле ар бир ишти баштаганда ага комплекстүү көз караш менен мамиле жасаганы белгилүү. Бул жолу дагы, бир объектти кеңейтип, экинчисин курууну баштаарда курулушта эмгектене турган жумушчулардын, кызматкерлердин жашоо шарты жөнүндө алдын ала кам көргөн: иштегендердин турмуш-тиричилигин жакшыртуу (ал мезгилде элдин жашоо шарттары өтө начар болгон), аларга турак жай куруу, ыңгайлуу шарттарды түзүү, аларды азык-түлүк, тамак-аш жана күндөлүк керектелүүчү товарлар, буюм-тайымдар, эмеректер менен үзгүлтүксүз жабдып турууну тиешелүү мекемелерден такай талап кылуу, аларга маданий- массалык иштерди уюштуруу да каралган.

Аламүдүн ГЭСин кеңейтүүнү, жылуулук электр станцияларын курууну тездетүү маселеси Кыргыз АССРинин Совнархозунун Президиумунун кийинки жыйындарында да талкууланган.

Окурманда: “Эми ошол шартта анын кабыл алган ушундай чечимдери, талаптары аткарылдыбы, деги кандайдыр ийгиликтерге жетиптирби?” - деген суроолор пайда болушу мүмкүн. Буга мен мындайча жооп берет элем.

Талаптарды туура коё билгендигинин аркасында атам Төрөкул жетектеген Совнархоздун көзөмөлү астында төмөндөгүдөй ийгиликтер ишке ашкан:

- 1930-жылы Фрунзе шаарында №1 Жылуулук электр станциясы курула баштап, ал 1931-жылы эле эл чарбасына кадимкидей энергия бере баштайт.

- 1931-жылы №2 Жылуулук электр станциясынын курулушу иш жүзүнө ашырыла баштап, 1933- жылы аяктайт.

- Сүлүктү (1930-жылы) жана Фрунзе (1931-жылы) жылуулук электр станциялары, Караколдо, Жалал-Абадда, Үч-Коргондо жана Токмокто бир катар электр станциялары курулуп, ишке киргизилген.

- Ош ГЭСинин тетиктери жаңыртылган жана станцияга караштуу аймак кеңейтилген;

- Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак, Нарын, Таш-Көмүр кендеринде да электр станциялары курулган;

Баардыгы болуп биринчи беш жылдыкта жалпы кубаттулугу 2720 киловаттка барабар 11 электростанция курулуп бүтүп, ишке киргизилген.

Тобо дейм, ушунча жашап жүрүп, атамдын гидро жана жылуулук энергетикасынын пайдубалынын салынышына түздөн-түз тиешеси бар экенин деги билбептирмин. Ошондо гидроэнергетиканы республиканын турмуш-тиричилигине киргизип жайылтуу, дегеле ГЭСтерди куруу боюнча Кыргызстанда бир да тажрыйба жок кезде техникалык билим албаган кишиге (атама) канчалык кыйын болду экен деп ойлойм. Гидроэнергетиканын өнөр жайды өнүктүрүү үчүн маанилүүлүгүн түшүнүп, керектүү кубаттулугун эсептеп чыгуу сыяктуу атамдын көрөгөчтүгү мени таң калтырбай койбойт.

Ушул жерден мен дагы бир кызыктуу нерсени айткым келет. Атамдын Кыргызстанды электрлештирүү боюнча улуу максатын анын кызы, менин эжем Люция улантканы жөнүндө. Ал кесиби боюнча энергетик болду. Эжем мектепти эң жакшы баалар менен бүткөн соң, Москвадагы байланыш электр-техникалык институтуна барып окуйм деп, экзамендерин ийгиликтүү тапшырган. Бирок, тилекке каршы, Москвага жөнөтө турган мандаттык комиссия: “Сен, эл душманынын, контрреволюционердин кызысың,” - деп жибербей койгон. Айла жок, тапшырган экзамендеринин профилине туура келген, ошол 1954-жылы Фрунзеде ачылган Политехникалык институттун энергетика факультетине кирип, окуп, кыргыз кыздарынын арасынан эң биринчи инженер-энергетик болду. Андан соң электр энергиясын бөлүштүрүү ишканасында иштеди. Мен аны менен сыймыктанам. Кийин эжемдин небереси - Түркел (Медет деген уулунун баласы) чоң апасынын кесибин улантып, энергетик болду. Мындай атадан кызына, кызынан небересине болгон байланыш бекеринен эмес, кудайдын буйругу окшойт...

Ошентип, атам Т. Айтматов биринчи беш жылдыкта республикада гидроэнергетиканын өнүгүшүнө, анын алгачкы базасын түзүүгө чоң салым кошконуна архивдик документер аркылуу күбө болдук.

Эми жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүүгө болгон салымын карап көрөлү.

Жергиликтүү өнөр жайды өнүктүрүү

Бүткүл Союздун индустриялаштыруу курсунун башкы милдети жана багыттары катары биринчи кезекте төмөнкүлөр аныкталган болчу:

  • ири өнөр жайын өнүктүрүү;
  • советтик (жергиликтүү) өнөр жайга колдоо көрсөтүү;
  • көмүр жана отун өндүрүшүн өнүктүрүү;
  • индустриялаштыруунун таламдарына жараша адистерди даярдоо;
  • темир жол транспортун өнүктүрүү үчүн чечкиндүү чараларды көрүү.

Москвадан бекип келген планда Кыргызстанда индустриялаштыруунун жогоруда аталган тармактарынын ичинен экөө:отун жана жергиликтүү өнөр жайын өндүрүү гана каралган, болгондо да пландалган көлөмдөн кыйла аз бекитилген. Чын-чынына келгенде, Кыргызстанда бүткүл Союз өлкөсү боюнча ишке ашырылып жаткандай кеңири масштабдагы индустриялаштыруу милдети коюлган эмес. Ал аз келгенсип, өнөр жайын жана транспортту өнүктүрүүнүн пландаштырылган иш-чараларынын айрымдары аткарылган жок. Ошол мезгилде ВКП(б)нын (Большевиктердин бүткүл союздук Коммунисттик партиясы) Орто Азия бюросу төмөндөгүдөй чечим кабыл алган экен (жогоруда айтылгандай, ал кезде Коммунисттик партия баарын башкарган жана бийлеген): “Орто Азияда өнөр жайды өнүктүрүүнүн негизги жагы төмөндөгүлөргө багытталышы керек:

а) Орто Азиядан ташып кетүү үчүн өндүрүлгөн техникалык чийки заттарды иштетүүчү өндүрүш тармактарын өнүктүрүү;

б) Жергиликтүү чийки заттарды иштетүү түзүлгөн орто азиялык республикалардын жана кайсы бир деңгээлде коңшу өлкөлөрдүн муктаждыктарын камсыз кыла алгыдай өндүрүш тармактарын өнүктүрүү.

Ошентип, жогоруда кабыл алынган Союздук чечимден көрүнүп тургандай, жалпы Орто Азия чөлкөмү, анын ичинде Кыргызстан да башынан эле Совет өлкөсүнүнүн өнөр жайлуу борборлору үчүн чийки заттарды жөнөтүүчү аймак катары каралганы көрүнүп турат.

Биздин Орто Азия аймагында да биринчиден пахта тазалоочу өнөр жайы, ага байланыштуу чигит май чыгаруучу; самын-шакар кайнатуучу; кагаз жасоочу өндүрүш; мал чарба өнүмдөрүн (тери, жүн, эт ж.б.) иштетүүчү; жибек ийрүүчү; мөмө-жемиш консервалоочу ж.б. өндүрүштү өнүктүрүү каралган. Экинчиден, кездеме токуучу фабрикалар, кант, тери-булгаары ийлөөчү, сыра кайнатуучу, шарап ачытуучу заводдор, таттуу жасоочу, ун салдыруучу ишканалар, айыл-чарба шаймандарынын механикалык заводдору курулмак. Демек, Кыргызстан жеңил өнөр жай продукциясына өз муктаждыгынын көпчүлүк бөлүгүн өзүнүн ички мүмкүнчүлүктөрүнө жараша камсыз кылмак. Москва биздин өлкөнүн индустриялаштыруу планын бекиткенде да жогорудагы чечимди эске алган. Кийинчерээк, Кыргызстандын эл чарбасын өнүктүрүүнүн биринчи беш жылдык планын иштеп чыгууда, андагы өнөр жай курулушу боюнча максат, милдеттерди аныктоодо ушул көрсөтмөлөр алынган болчу.

Албетте, Кыргызстандын өкмөт башчысы Ж. Абдрахманов жана Совнархоздун төрагасы атам Т. Айтматов пландарды жергиликтүү элдин кызыкчылыгына шайкеш келтирүүгө, маселеге комплекстүү мамиле кылууга аракет кылышкан. Алар республикада топтолгон социалдык жана чарбалык көйгөйлөрдү ири өнөр жай ишканаларын, темир жолдорду, ГЭСтерди куруу аркылуу ар тараптан ийгиликтүү чечүүгө болот деп эсептешкен. Бирок Москвадан бекип келген биринчи беш жылдыктын планына жергиликтүү элге керектүү болгон иш-чаралардын көбү кирбей калган. Бир эле мисал келтирип кетейин.

Кыргызстанда кант кызылчасы жакшы өсөт. Элге да кант керек, бир эле кыргызга эмес, бүтүндөй Орто Азия элдерине. Бул бир жагынан, экинчиден, гектарлаган жерге кант кызылчасын эксе, жергиликтүү элге жумуш орду түзүлөт, аларга эмгек акы төлөнөт, үчүнчүдөн, кызылчачылардын отурукташуу жана коллективдештирүү процесстери ишке ашуусу жеңилдейт. Кант кызылчасынан кант чыгарыш үчүн кант заводун куруу зарыл. Кант заводуна кызылчаны ташып келиш үчүн Фрунзе - Токмок темир жол бутагын куруш керек эле. Бирок, Москвадан келген планда темир жол бутагын куруу маселеси негизги тизмеге кирбей калган. Аны негизги тизмеге киргизиш үчүн өкмөт башчысы Ж. Абдрахманов күндөлүгүндө жазгандай,[20] Москвадагы тиешелүү мекемелерге биринен сала бирине кирип жатып, кыйынчылык менен ишке ашырган. Ошондой эле жол менен Ж. Абдрахманов Кыргызстандын “Эт, азык” союздук трестине киришине жол ачат.

Кийин, 1930-жылы 14-январда Кыргызстандын СНК жана ЦСНХнын төрагалары биригип, Москвага Жогорку эл чарба советинин (ВСНХ) төрагасына кат жөнөтүшкөн (Ж. Абдрахманов иш сапарда болуп калып, катка анын орун басары Б. Исакеев кол койгон). Алар өздөрүнүн катында Кант заводунун курулушунун жүрүшү жөнүндө кыскача маалымат беришип, 1929 - 1930-жылдары капиталдык салымдардын өлчөмүнүн өтө аз экендигин, андыктан курулуш абдан жай, начар жүрүп жаткандыгын, чарбалык-маданий курулуштун күн санап өсүп бараткан талаптарына жооп бере албаганын тартынбай, ачык айтышкан. Ток этер жерин мындайча түшүндүрүшкөн: “Мына ушунун бардыгы завод куруу жана имараттарды тургузуу боюнча курулуш иштеринде чоң кыйынчылыктарды түзөт жана 1930-31-жылдары курулушту аяктоо мөөнөтүн үзгүлтүккө учуратуу коркунучун туудурат. Ал эми үстүбүздөгү жылкы курулуш мөөнөтү жетишсиз деңгээлде пайдаланылган бойдон кала берүүдө, ошондой эле айыл-кыштактарда кант кызылчасын айдоо үчүн бөлүнгөн аянттарды толук өздөштүрүүнү артка тартат, калкты жерге отурукташтырууну жүргүзүүнү токтотот, кызылчачыларды коллективдештирүүнүн темпин жана ушуга байланыштуу социалдык-маданий иш-чараларды басаңдатып начарлатат”. Ал катта төмөнкүдөй ачык-так өтүнүч-талаптар да жазылган:

“...капиталдык салымдарды мындай тартипте алмаштырууну катуу суранабыз:

а) алты миллион рублди курулушка 1929-30-жылдары бөлүп берүүнү;

б) алты миллион рублди курулушка 1930-31-жыл үчүн.

Ошону менен бирге тезирээк төмөнкү чараларды көрүүнү:

а) өз убагында заказдарды берүү. Кыргыз кант заводуна заказ кылынган жабдууларды жасоочу (машиналар менен өзгөчө турбогенераторлорду) заводдорго кийлигишип өз убагында аткартуу.

б) курулуш материалдарды даярдоо жана жүктөп жөнөтүүнү тездетүү, аларды курулуш мезгили башталгыча курулуш боло турган жерге жеткирүү”.[21]

Булардан тышкары, эки төрага СССР ВСНХсынан Кант заводунун курулушуна кошумча 30 жүк ташуучу автомобилди, 20 тракторду тезирээк жеткирүүнү талап кылышыптыр.

Бирок тилекке каршы, ушунчалык аракет кылып планга киргизген Фрунзе – Токмок – Балыкчы темир жолунун Кантка чейинки, болгону 20 чакырым гана, өтө кыска бөлүгү бүткөрүлөт.

Ушуга карабастан, Кыргызстандын Өкмөт башчысы Ж. Абдрахманов жана Өнөр жай жана соода эл комиссары, Совнархоздун төрагасы Т. Айтматов баш болгон республиканын жетекчилери жергиликтүү өнөр жай курулушунун кулач жайышы үчүн шарт түзүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышкан. Атам тармакты тескеп турган учурда өнөр жай курулушу өзгөчө күч алып, айрым ишканалар эпкиндүү курулуштарга айланган. Андай эпкиндүү курулуштардын арасында Фрунзе шаарындагы эт комбинаты, Канттагы кант заводу, Багыш–Көк-Жаңгак, Кара-Суу–Ош темир жолдору ж.б. болгон эле. Мындай ийгиликтерге жетиш үчүн алар өздөрүнүн акыл дараметин сарпташып, бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланышкан.

Кыргызстандын биринчи беш жылдык планында жеңил жана тамак-аш өнөр жайларын өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бөлүнгөн эле. Бул өңүттөгү ишканалардын катарына төмөнкүлөр кирген: Фрунзедеги тери-булгаары заводу (1929-жылы апрелде ишке киргизилген), ошол жылы Кетмен-Төбө пахта тазалоочу заводу ачылып, Фрунзеде нан заводу иштей баштаган. Кийинки жылы 1-майда Фрунзе шаарында эң ири ун комбинаты ишке киргизилген. 1931-жылы жайында борбор шаарда эт комбинатынын курулушу бүтүп, ишке киргизилген.

1929-жылдын 2-декабрында өткөрүлгөн Совнархоздун Президиумунун жыйынында атам механикалык жана самын-шакар кайнатуучу заводдордун долбоорун бекиткен. Андан кийин дагы, 1930-жылдын 15-майында Совнархоздун Президиумунун жыйыны Фрунзе шаарында 500-600 жумушчуга ылайыкташкан, кубаттуулугу 3 млн. рублдик кийим тигүүчү фабрика куруу жөнүндө чечим чыгарыптыр.

1930-жылы Кыргызстанда эфир майын берүүчү өсүмдүк өстүрүлө баштап, 1931-жылы “Эфиронос” заводунун курулушу аяктаган. Бул завод көп өтпөй аймактагы ири ишканага айланган.

Илгери, жаш кезде Таласка Казакстан аркылуу көп барчу элек (менин жолдошум Эсенбектин айылы Жамбыл облусу менен чектеш эле, ал кезде азыркыдай чек ара, бажыкана да жок эле). Жолдон Панфилов районунан өтүп бара жатканда “Эфиронос” деген жазуусу бар көрнөктү көрүп калар элем. Анан эмне үчүндүр тынчым кетип, эки жакты карап: “Бул эмне деген жер?” - деп Эсенбектен сурай берет элем.

- Бул эфир майлуу өсүмдүктөрдү өстүрүүчү совхоз, ал өсүмдүктөрдөн чыгарган эфир майлары медицинада, парфюмерияда колдонулат. Буга эмне мынча кызыгасың? Дайыма эле сурай бересиң, - дечү эле.

Көрсө, менин атам 1930-жылы септирип, өстүрткөн эфир майлуу өсүмдүктөрдөн май чыгаруучу завод ушул жерде болгон турбайбы. Мүмкүн ошол кезде менин атамдын ушул жерге кандайдыр тиешеси бар экенин жүрөгүм сезген чыгар... Кийин ал, менин атам баштап уюштурган завод, СССРдеги атагы чыккан (Ставрополь крайында, Молдавияда, Абхазияда жана Кыргызстанда жайгашкан) төрт заводдун бири болгон экен. “Эфиронос” совхозунун бул техникалык өсүмдүктү эккенге 200 гектар жери болгон жана Панфилов районунун башка аграрийлеринен дагы бул чийки затты кабыл алып турган. Завод үч мөөнөттө иштеп, жылына 9 000 кг май чыгаруучу экен. Эфир майларын Союздун эң ири, мыкты парфюмердик жана фармацевтикалык заводдоруна жиберип турушкан. Согуш жылдарында тоодон арча алып келип, анын майын чыгарчу дейт. Арчанын майы кан токтотуучу каражат катары медицинада колдонулган. Завод Москвага баш ийип, материалдык жактан абдан жакшы камсыздалган болчу. Өкүнүчтүүсү, Союз ыдырагандан кийин завод иштебей калды. Азыр ал айылда бир дагы иштеген өнөр жайы жок дешет.

Индустриялаштырууну ишке ашырыш үчүн чарбалык курулуштун өнүгүшү өтө чоң мааниге ээ болгон. Ал эми чарбалык курулушта болсо урунуу үчүн абдан чоң көлөмдөгү курулуш материалдары керек болгон. Ага дагы биздин өлкөнүн ички ресурстарын изилдеп пайдаланышкан болчу. Мисалы, Ысык-Көл өрөөнүндөгү токойлорду пайдалануу максатында 1929-жылы Ак-Сууда, 1930-жылы Түргөн менен Жыргалаңда, 1931-жылы Жети-Өгүз менен Жаргылчакта (кийин Чыңгыз акенин “Ак кеме” деген чыгармасы боюнча кинофильмди Жаргылчакта тартышты) карагай кесип-тилүүчү, жыгач курулуш материалдарын даярдоочу чакан заводдор курулган. Ал кезде азыркыдай жүк ташуучу машинелер болгон эмес. Ошол эле курулушка керектүү болгон жыгач курулуш материалдарын ат араба, өгүз араба менен ташышкан...[22]

Ушуга байланыштуу атамдын Ысык-Көлдө пароходдун биринчи рейсин ачуу салтанатында сүйлөп жаткан мезгили тартылган сүрөтү эсиме түштү. Ж. Абдрахманов менен Т. Айтматов эл чарбасын уюштуруунун ар кандай жолдорун изилдеп, Кыргызстандын ресурстарын колдонуунун жолдорун ойлонуп, суу үстүнөн, темир жолдон жүргөн транспортторду колдонуу (мисалы, жүк ташууга) ыңгайлуурак жана арзаныраак болот деп эсептеп чыгышкан чыгар. Ошон үчүн ошончолук аракетин, акыл дараметин пароход, баржаларды жүргүзүүгө, ошондой эле темир жол курууга жумшашкан болуш керек. Сыягы баржаны, мисалы Ак-Суудан курулуш материалдарын Балыкчыга чейин жеткизиш үчүн колдонсо, андан ары темир жол менен Чүйгө ташып барыш оңой жана арзан болмок, анан дагы өгүз араба менен ташыганга караганда тезирээк болмок.

Азыркы Кант калаасындагы кант-шекер заводунун курулушу 1928-жылы башталып, кийинчерээк ал биринчи беш жылдыктын эпкиндүү курулушу деп эсептелген. Жогоруда айтылгандай, бул заводду өз убагында куруп бүтүш үчүн Кыргызстандын жетекчилиги бир нече ирет Союздук уюмдардан курулушту тийиштүү ырааттуулук (жаңы график) менен каржылап турууну жана кошумча каражат бөлүүнү талап кылган.

Темир жолдорду куруу

Т. Айтматов Кыргызстанда темир жол курулушунун башатында турган десем да болот. 1913-жылы Талас облусундагы тоо аркылуу өткөн “Тешкентоо” деген туннельди курууга темир жолдун администрациясы (орус инженерлери) жергиликтүү жашоочуларды катыштырган экен. Ошол кезде менин чоң атам Айтмат 11 жашар уулу Төрөкулду ээрчитип алып, темир жол курууга иштеп калат. Төрөкул аябай зээндүү, тиригарак бала болгондуктан, ошол жерде жүрүп, бат эле орусчаны үйрөнүп алып, жергиликтүү эл менен орус мастерлеринин ортосунда котормочу болуп берет. Ошол учурда Орто Азияда орус-тузем мектептери ачыла баштайт. Орус мастерлери Айтматка балаң зээндүү экен, окутсаң жакшы адам болот дешип кеңеш берип, Олуя-Атадагы (азыр Тараз шаары) мектепке жолдомо жазып беришет.[23]

Ошентип, менин атам бала кезинде чоң атам Айтмат экөө 1914-1915-жж. азыркы Маймак станциясына жакын жердеги тоо аркылуу өткөн “Тешкентоо” деген туннелдин курулушуна катышкан. Албетте, ал курулушка ошол тегеректе жашаган бир топ кишилер да катышкан. Ал өзүнчө тарых.

Кийин атам Москвага иш сапарларга барып келип жүргөндө, Маймак станциясынан өткөндө Кыргызстанды Европа, Сибирь менен туташтырып турган ушул темир жолду курууга катышканмын деп ичинен сыймыктанса керек деп ойлойм. Болгондо анын ошол темир жол менен өткөн акыркы сапары кайгылуу болуп калганы өкүндүрөт: 1937-жылдын 1-декабрында атамды НКВД Москвадан камакка алып, поезддин абак вагонуна салып Фрунзеге жөнөтүшкөн. Ошондо поезд Маймак станциясына келип, түн ичинде беш мүнөткө токтогондо кантти экен?...

“20 чакырым жерде үй-бүлөм, киндик каным тамган жерим - Шекер айылым калды,” - деп улутунуп алгандыр. А поезд болсо, андан ары жол тартып, кете бергендир...

Кийин Чыңгыз акем поездге түшүп ошол темир жол менен Бишкектен Москвага, Москвадан Бишкекке көп жолу каттады. Мария жеңем бир күнү мага айтат:

- Маймак станциясына жеткенде эле Чыңгыз дайыма түнкү 12де (поезд ал жерге түнкү 12де болгону 5 мүнөткө токтойт) туруп, вагондун терезесине кадалып карай берет.

- Сыягы, атам акыркы жолу ушул жерден өткөндө кантти экен деп ойлойт окшойт,- дедим мен ага...

Атам Совнархоздун төрагасы кызматын аркалап турган мезгилде, Фрунзе - Кант - Токмок, Драгомирово - Сүлүктү, Кара-Суу - Көк-Жаңгак, Кара-Суу - Ош темир жолдору курула баштаган. Ошол курулуштардын баардыгын Эл чарбасынын борбордук совети тейлеп-тескөөчү. Мисалы, 1930-жылы 31-январда Кыргызстандын Совнархозунун атайын кеңешмеси өтүп, анда Фрунзе - Токмок темир жол бутагынын курулушу тууралуу маселе каралат.[24] Кеңешмеде каралган маселе боюнча бир катар иш-чаралар аныкталып, атайын чечимдер кабыл алынат:

1. Темир жол курулушунда эмгектенген эмгек жамааттарын азык-түлүк жана өнөр жай товарлары менен камсыздоо;

2. Аларды маданий, турмуш-тиричилик жактан тейлөөнү жакшыртуу;

3. Ишке зарыл болгон араба тартуучу ат-көлүгүн, күч унаасын жем-чөп (беде, арпа - 94 тонна, сулу – 188 тонна ж.б.) менен толук камсыздандыруу;

4. Тиешелүү мекемелер жергиликтүү курулуш материалдарын убагында жеткирип берип туруу (курулуш устундарынын бир бөлүгү Ак-Сууда - 3000 куб., экинчи бөлүгү Токмокто - 3000 куб. камдалмак).

Алгачкы аэродромдун долбоору

Атам, Кыргызстанда алгачкы аэродромдорду куруу ишине да активдүү аралашкан мамлекеттик жетекчилердин бири болгону шексиз. Кыргыз АССРинин Эл комиссарлар советинин аталган маселени талкуулаган кезектеги кеңешмесинде Т. Айтматов төрагалык кылганы жөнүндө архивдик материалдар бар. 1931-жылы 24-февралда өткөн кеңешмеде[25] республикада граждандык аба флотун өнүктүрүү максатында беш жылдык пландын алкагында 1931-жылы аткарыла турган иштер аныкталган. Анда да курулуш материалдарын даярдап, аны аэропорттун курула турган жерине жеткизүү маселелерине чейин каралган. Анда да ал ишке зарыл болгон араба тартуучу ат-көлүгүн, күч унаасын, зарыл болгон жем-чөбүнө чейин эсептеп, таблица түзүп, ага киргизген экен.

Кийин, ал аэропорт кичинелик кылганда, жаңы аэропорт курулду. Жаңы аэропортко ат коюуга Чыңгыз акем катышты эле. Партиялык уюмдар аэропортко Лениндин атын же “Достук” деген атты беребиз деп турганда, Чыңгыз Төрөкулович коркпой, аэропортко Манастын атын беребиз деп чыкты. Ал өз пикирин негиздеш үчүн “Советская Киргизия”, “Известия” деген гезиттерге эң мыкты макала жазган болчу, аны окуп, көпчүлүк колдоп, аэропорттун аты “Манас” болуп калды. Эми биздин аэропорт Эл аралык “Манас” аэропорту деп аталат. Жакшы болбодубу.

Көмүр-отун базасын түзүү

Дагы белгилеп кетчү нерсе, атам өнөр жай ишканаларынын, айыл чарбасынын, транспорттун жана калктын барган сайын өсүп бара жаткан муктаждыктарын толук, убагында камсыз кылуу үчүн көмүр-отун базасын түзүү зарылдыгы жөнүндө көптөгөн жыйындарда маселе козгоп турган. Архивдин булактарында мындай деп жүрөт: “Отун базасын түзүүдө Кыргызстан зор роль ойногону оң, - дейт атам, - анткени “Ортоазиякөмүр” трестине кирүүчү эң ири Көк-Жаңгак, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Шураб көмүр кендери Кыргызстандын аймагында жайгашкан”. ВКП(б) Кыробкомунун VI облустук конференциясында айткан ал оюн Т. Айтматов андан ары мындайча уланткан: “Таш көмүр өнөр жай тармагы боюнча коюлган милдетти аткаруу, беш жылдыктын аягында көмүр казууну 3 млн. пудга жана 1930-31-жж. 400 миң пуддан 1 млн. пудга жеткирүү үчүн транспортту жакшыртуу жана уюштуруу боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүү кажет. Ошондой эле электр базасын түзүү, жаңы шахталарды ачуу, таш көмүр кендери кездешкен, мурда биротоло иликтенип бүтө элек райондордо изилдөө иштерин тереңдетүү керек.”[26]

Ал Кыргызстандын түштүгүндө көмүр кендерин иликтөө менен катар, Ысык-Көлдүн айланасында да изилдөөлөрдү күчөтүүнү жанаша жүргүзүүнү сунуш кылган. Кезеги келгенде ал кийинчерээк, 1931-жылы 21-июнда Кыробкомдун III пленумунда сүйлөгөн сөзүндө (Араван-Буура райкомунун катчысы кезинде) көмүр өнөр жайында топтолгон маселелерге да токтолгон. Ал мындагы жумушчулардын топтолушуна ыраазы болбогонун, “Ортоазиякөмүр” трести менен “Кенбашкармалыгынын” туура эмес көрсөтмөлөрүн сынга алып, иренжигенин бетке айтат. Көрсө, аталган мекемелер түпкү улуттардан жумушчуларды даярдоого кам көрбөй, жергиликтүү элди иш менен камсыз кылуунун ордуна жакшы маянасы бар, жылуу-жумшак жумуш орунга жумушчуларды Союздун ичкерки райондорунан ташып келишчү экен. “Жердин ээси – жергиликтүү элге тийбеген, бөлөк-бөтөн элдер үзүрүн көргөн көмүр кендеринин кимге кереги бар?” - деп кейиген. Азыркы кезде белгилүү болгон, Кара-Кечеге окшогон кендер ал кезде ачыла элек болчу.

Ильгиз агам так ушул Кыргызстандын көмүр кендерин изилдеп, илимий иштерди жүргүзүп, илимдин доктору, академик болду. Анын ушул илимде жасаган ачылыштары шахталарда иштеген жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылууга арналган. Ал ачылышы үчүн Ильгиз Төрөкулович СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон. Бул дагы атабыздын негиз салып кеткен иштеринин тереңдетилип, улантылышы го деп ойлойм...

Тоо кендерин изилдөө жана казуу

Ж. Абдрахманов VI партконференцияда сүйлөгөн сөзүндө кендерди изилдеп, иштетүү жөнүндө мындай деп айткан: “... эгерде бизде курулуш өнөр жайы жана айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүү тармагында аздыр-көптүр жаман эмес болсо, кен тармагындагы өнөр жайыбыз өксүп турат. Кыргызстан түстүү металлдарды иштетүү, көмүр өндүрүү ж.б. жагынан абдан зор мүмкүнчүлүккө ээ болгону менен, бул жагыбыз али иликтене элек. Аны өз алдынча иликтөөгө биздин аппарат мажүрөөлүк кылат, болбосо бул багытта эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр ачылбай жатат.”[27]

Мунун себеби төмөнкүдөй болгон, бир жагынан квалификациялуу кадрлардын жоктугу, экинчиден нефть, түстүү металлдар сыяктуу стратегиялык мааниси бар объекттерди изилдеп, иштетүү союздук жана орто азиялык тресттерге берилгени бул маселени чечүүгө кедергисин тийгизип турган. Мисалы, архивдик материалдарда “1929-30-жж. Кыргыз АССРнин нефть кендерине изилдөө иштерин жүргүзүү жөнүндө” Москвада өткөн Эл чарбасынын жогорку советинин (ВСНХ) отурумунун протоколу бар. Ал отурумга Кыргыз АССРнин Совнархозунун төрагасы Т. Айтматов катышкан. Отурумда “1929-30-жж. Кыргыз АССРинин аймагында орун алган Майли-Сай, Чаңгыр-Таш жана Теке-Бел нефть кендерине изилдөө иштерин жүргүзүү зарыл деп табылсын. Бул иштерди аткаруу Өзбекнефть трестине тапшырылсын.” деген токтом кабыл алынган. Ушундай- ушундай жагдайлар атамды өзүбүздүн улуттук кадрларды даярдоо жөнүндө көп ойго салган.

Кийин анын келини, Ильгиз Төрөкуловичтин жубайы –Розалия Жээнчороева (азыр ал геология-минералогия илимдеринин доктору, академик) кесиби боюнча геолог-чалгындоочу, Кыргызстандын тоо тектерин изилдеп, түстүү металлдардын далай пайдалуу кендерин тапкан.

Улуттук кадрларды даярдоо

Дегинкиси, кадр маселесинде атам катуу туруп, тутунган позициясын өмүр бою эч өзгөрткөн эмес. Ал кыргыз элинин түпкү кызыкчылыгын көздөгөн, келечегин ойлогон чыгаан инсан катары улуттук кадрларды даярдоого, бапестеп өстүрүүгө такай кам көргөн.

2018-жылы, Чыңгыз Төрөкуловичтин 90 жылдыгына байланыштуу Жалал-Абад университетине конференцияга барып калдым. 1927 - 28-жж. атам обкомдун катчысы болуп иштеген кезде болочок ушул университет училище катары ачылган экен. Ошондо мугалим кадрлар жетишсиз болгондугуна байланыштуу, Т. Айтматов коомдук предметтер боюнча өзү сабак берген экен. Бул эки жоопкерчиликтүү кызматына (Обкомдун катчысы жана жер-суу реформасынын төрагасы) кошумча жүк эле. Муну университеттин мугалимдери тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөр тастыктап отурат.

Биринчи беш жылдыкта өнөр жай ишканаларынын саны өсүп, аларда иштей турган квалификациялуу инженер-техник адистерге болгон талап күндөн-күнгө өсүп бара жаткан. Бул ишканалардын керектөөсүн канааттандыруу үчүн жергиликтүү жаштардан андай кесипкөйлөрдү даярдоону колго алуу керек эле.

Ж. Абдрахмановдун күндөлүгүнөн окуганым бар эле. Ал 1931-жылы Жалал-Абадга иш сапарга барып, шахтерлор менен жолугат. Ал жолугушуу жөнүндө күндөлүгүндө төмөндөгүдөй жазганы бар:

“11.01.31.

Жалал-Абад көмүр кенинде болдум... Шахтерлор өтө жаш, бирок ишке кайрат менен киришкен... Жаш шахтерлор менен сүйлөштүм. Алардын көбү билим жактан сабатсыз, бирок алар өзү үчүн иштөөдө, социализмди куруу жагынан абдан сабаттуу... Мен беттери капкара болуп майланышкан көмүр казуучуларды көргөнүмө абдан кубандым. Алар бул жакка тоолуу Кыргызстандын талааларынан жана мал жаюучу жайыттарынан келишкен. Айрыкча, 18 жаштагы шахтер-ташуучу сүйкүмдүү эле. Мына анын планы – көмүр казуучу болуу, сабатсыздыгын жоюу, ФЗУга (фабрично-заводское училище), андан кийин тоо академиясына тапшыруу жана инженер кесибине ээ болуу. Менин андан арычы деген суроома ал жөн гана быякка кайтып келип, башкы инженер боломун деп жооп берди... Менде да улутчулдуктун белгилүү үлүшү сакталып калган окшойт. Болбосо шахтер кыргыздарды көргөндөгү кубанычымды кандайча түшүндүрүүгө болот?...”[28]

Бул көрүнүш беш жылдык планды аткарууга байланыштуу жаштардын арасында жүргүзүлгөн үгүт иштеринин натыйжасы болуш керек деп ойлойм мен да. Анткени атам VI облустук партконференцияда сүйлөгөн сөзүндө инженер-техник кызматкерлерди биринчи кезекте Кыргызстандын өзүндө профессионалдык-техникалык окуу жайларды ачуу жана кесиптик билим берүүнү жайылтуу аркылуу даярдоо керектиги жөнүндө маселе койгон. Ал кыргыздарды көбүрөөк өнөр жай курулушуна ишканаларга тартууну эп көргөн. Ушуга байланыштуу, атам бардык ишканалардын алдында фабрикалык-заводдук окууларды, жергиликтүү улуттан квалификациялуу кызматкерлерди даярдоо боюнча курстарды уюштуруунун керектигин ар бир чоң жыйналыштарда айтып, сунуштап турган.

Архивдик материалдар көрсөтүп тургандай, атам республикада курулуш айрыкча кеңири өнүгө баштагандыктан, курулуш техникумун ачууну сунуш кылган жана бул багытта активдүү аракеттерди жасаган.

Мындан тышкары, ири өнөр жайлуу борборлордогу өнөктөш ишканаларга шефтик жардам сурап кайрылуу, Кыргызстандан тажрыйба алмашуу, өнөр үйрөнүү үчүн барган кызматкерлерге алардын жогорку квалификациялуу кызматчыларынын узак мөөнөткө устаттык кылуусун жөнгө салуу жөнүндө маселе көтөргөн.

Статистика көрсөтүп тургандай, атамдын мындай чымырканган эмгеги текке кеткен жок, көп өтпөй бул аракеттери үзүрүн берди. Эгерде 1926-1928-жылдары республикада болгону 54 гана жогорку билимдүү, 166 орто билимдүү адис, 224 квалификациялуу жумушчу-практик эмгектенсе, 1932-жылдын башында 429 инженер менен техниктер Кыргызстандын ар кайсы ишкана, мекемелеринде иштөөчү. 1929-жылы Кыргызстандагы 8 техникумда 424 киши билим алса, биринчи беш жылдыктын аягында аларда окугандардын саны 1252 кишиге жеткен. Ал мезгилде эл чарбасы үчүн адистерди республикадагы тоо кен, курулуш, автожол, финансы-экономикалык жана башка техникумдар менен жогорку коммунисттик айыл чарба мектеби, Москва, Ленинград ж.б. шаарлардын жогорку окуу жайлары даярдачу.

Ошентип, Т. Айтматов Кыргызстандын өнөр жайында иштей ала турган квалификациясы, даярдыгы бар жаштарды өстүрүү маселесин да жолго койгон болчу.

Улуттук кадрларды даярдоого жогоруда айтылгандай мамиле кылуу – бул мамлекеттин түпкү кызыкчылыгын терең түшүнүп, анын келечегин ойлогон адам жасай турган иш деп ойлойм. Кийин атамды бул маселе боюнча “улутчулсуң” деп айыпташкан. Бирок, ал өз эли үчүн кандай маанилүү маселелерди чечкен.

Т. Айтматов – партиянын жалындуу жоокери

1917-жыл... Октябрь революциясы...

1993-жылы 15-сентябрда чыккан “Кыргыз маданияты” деген гезиттеги А. Жакыпбековдун “Учкул өмүр” деген Т. Айтматовдун 90 жылдыгына арнап жазган макаласында мындай деген ой айтылат: “... Эгер Ленин менен Октябрь болбосо, кыргыздарды ошол эле ак падышанын улуу империясы, колонизаторлор биротоло тукум курут кылары бышык болчу. Жер-суубуздан айрыларыбыз аз келгенсип, ушу бүгүнкү күнгө кыргыз өзү боору бүтүн, башы аман жетер беле, жокпу – күмөн. Ленин менен Октябрь кыргызга эркиндик бергенин кантип танабыз, мамлекеттүүлүк түзгөнүн кантип танабыз, ошол кездеги биздин эл үчүн эң прогрессивдүү социалисттик жолго салганын кантип баалабай коё алабыз. Ырас, кийинчерээк заман катаалданды, социалисттик демократия социалисттик тоталитаризм менен алмашты...” .

Чын эле Октябрь революциясы кыргыз элинин тарыхында чоң өзгөрүүнүн убагы, бурулуш чагы болгон. Дал ошол учурда Тагдыр өзү элдин алдына, тарыхтын сахнасына бир топ жаш лидерлерди алып чыгып, алар кыргыз элинин тагдыры үчүн жоопкерчиликти өз моюндарына алышып, Совет бийлигин орнотушкан. Бул чындык. Ошонун аркасы менен эл чарбасын жөнгө салып, өнөр жайды өнүктүрүп, элге билим берүү системасын жоктон бар кылып өрчүтүп, келечекте эгемендикке жетүүгө шарт түзүлгөн болчу.

Ал лидерлердин арасында А. Сыдыков, И. Арабаев, Ж. Абдрахманов, К. Тыныстанов, А. Орозбеков, Э. Эсенаманов, К. Шоруков ж.б. биздин аталарыбыз, алардын ичинде албетте, менин атам Т. Айтматов да болгон. Алар коомдун жашоосундагы бурулуш убактысында эл башына келишип, Совет бийлигине чын жүрөктөн ынанып, социалдык адилеттүүлүктүн жана теңдиктин орношуна, ар бир жарандын татыктуу өмүр сүрөрүнө мүмкүнчүлүк болоруна ишенишип, ага жан дили менен кызмат кылышкан. Совет бийлигинин “Бийлик элге!”, “Жер дыйкандарга!”, “Жерди ким иштетсе – жер ошого таандык!” деген лозунгдары аларга абдан жаккан.

Совет бийлигин Коммунисттик партия башкарганы белгилүү. Болгондо да кийин тоталитардык режим орнотулганда, партиянын бийлиги бардык учурда, бардык жерде үстөмдүк кылып турган.

Т. Айтматовду Кыргызстандын эл чарбасынын мыкты уюштуруучусу, иш билги министр жана Кыргыз Совнархозунун төрагасы катары таанымал болуп калган мезгилинде ВКП(б)нын Кыргыз обкому Араван-Буура райкомунун катчылыгына дайындоо жөнүндө чечим чыгарат. Буга баш ийбөөгө арга жок эле. Баса, ушуга байланыштуу Ж. Абдрахмановдун күндөлүгүндө партиянын ушул чечимине карата нааразы болгондугу жөнүндө жазылганы бар[29]:

“12.04.31

...Эл Комиссарлар Советинин (СНК) иштерин кантип жакшырта алабыз? Айтматовду СНКнын төрагасынын орун басарлыгына дайындасакпы? Ал, чынында, бул кызматка абдан ылайыктуу.

12.11.31.

...Обком бюросу Айтматовду, менин каршы экениме карабай, Араван-Буура райкомунун катчылыгына дайындады. СНКнын курамын алсыздантуу менен алар чарбалык – советтик курулуштун жетекчилик курамынын сапатын алсыздантып жатышат...”.

Абдрахманов атам Төрөкул менен эл чарбасын өнүктүрүүнү чогуу баштап, иштешкен жана аны өлкөнүн эл чарбасын өнүктүрүү маселесин терең түшүнгөн адис катары абдан жогору баалаган, ошон үчүн өзүнө орун басарлык кызматына алсамбы деп ойлогону көрүнүп турат. Бирок, партиянын айтканы айткан, дегени деген, андай адисти чарбасын жүргүзө албай, артта калган райондун ишин оңдоп, көтөрүш үчүн Араван-Буурага жиберишкен.

Ошол кезде коллективдештирүү маселеси катуу коюлуп, дыйкандарды коллективдүү чарбада (колхоздо) иштөөнүн артыкчылыгына ынандыруу жолун издешкен. Адегенде, колхоздорду уюштуруу иши жүргөн мезгилде, аларга эмгекчи дыйкандар ыктыярдуу түрдө кирген, анткени колхоз – бул Советтер Союзунун эмгекчи дыйкандарынын ыктыярдуу бирикме уюму деп эсептелчү. Коомдук өндүрүш каражаттары жана шериктеш эмгек менен ири социалисттик чарбаны биргелешип жүргүзүү үчүн уюшулган болчу.

Ал эми 1929-жылы болсо, И. В. Сталин бүт өлкө боюнча туташ коллективдештирүүнү жүргүзүү жөнүндө көрсөтмө берет. “Кулактарды ашынган таптык душман катары жок кылуу керек” деген буйрукту жарыялайт. Андан кийин дагы, 1938-жылдын 31-январында И. В. Сталин Политбюронун “Антисоветтик элементтер жөнүндө” деген чечимине кол койгон. Ал документте НКВДнын сунушу боюнча кулактарды, кылмышкерлерди жана активдүү антисоветтик элементтерди репрессиялоого карата кошумча лимиттер бекитилген. Ошон үчүн колхозго кирбейбиз дегендердин баарын кулакка тартып, сүргүнгө айдашкан. Айла жок, бул ошол мезгилдеги мамлекеттик системанын саясаты эле. Көп учурда жазалоо туура эмес жүргүзүлгөн... Ал кездеги биздин республиканын жетекчилери системанын туткуну болуп, ага каршылык көрсөтө алышкан эмес. Шарт ошондой болгон.

Атамдын Араван-Буура районуна келип иштеген мезгили так ошол туташ коллективдештирүү жүрүп жаткан мезгилге туура келет. Жогоруда айтылган себептерге байланыштуу баары эле ойдогудай болгон эмес. Бул жагынан ири жетишкендиктер көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолгон болчу. Ошондо атамдын эл менен иштөөсүнүн негизги формасы чогулуш, эмгекчилердин митингдери, оозеки лекциялык үгүттөр, аңгемелешүүлөр болгон. Бул жерде анын уюштуруучулук, элди ынандыра алган сапаттары чоң роль ойногон.

Араван-Буура району бир жагынан Кыргыз АССРнин эң чоң району болуп, азыркы Ош облусунун чордонун түзгөн Араван, Кара-Суу, Ноокат райондорунун аймактарын ичине камтыган, экинчи жагынан пахта эгүүчү райондордун эң ириси болгон. Пахта ал кезде Совет мамлекети үчүн стратегиялык мааниси бар чийки зат ресурсу эле. Ошон үчүн Кыргыз АССРи союздук жана орто азиялык органдардын алдында белгилүү деңгээлде милдеттенмелери боло турган. Ал эми Араван-Буура району жалпы чарбалык ишмердигин уюштуруу жагынан да, айыл чарба шаймандары, алдыңкы техникалык каражаттар менен жабдуу жагынан да артта калып, абалы абдан начар болчу. Ошондуктан, мындай жооптуу ишке чарбалык иштин көзүн билген тажрыйбалуу жетекчи керек эле. Ага Т. Айтматов жарайт деп табышкан.

Ал кезде жогоруда айткандай, партиянын айтканы айткан, дегени деген, баш ийбеске айла жок. Бирок атам өзү да өзүн партиянын жоокери катары сезген жана Кыргызстан үчүн кайсы иш болсо да чын ыкластан иштеп берем деген киши болгон. Анын үстүнө атам мындан мурда 1927-1928-жж. Жалал-Абадда жер-суу реформасын жүргүзүп кеткен. Ошол мезгилинен мисал келтирип кетейин. Партиялык чогулуштун биринде атам ал кырдаалды мындайча сүрөттөгөн: “...Дыйкандар жерди омоч менен айдап, чычырканак менен малалашат. Алар айыл-чарба машиналарын башкарганды билишпейт, агрономдор аларга жардам бере алышпайт. 1927-жылы Жалал-Абад кантонунда ыңгайлуу жер аянтынын 79,6%ы кулактар менен байлардын колунда, калктын кедей бөлүгү чарбанын 76%ын түзөт да, алар болгону 20,6% гана сугат жерлерге ээ. Байлар, келгин дыйкандар (Россиядан көчүп келип, эң жакшы, чоң аянттагы жерлерди ээлеп алгандар) кедейлерди, чайрикерлерди эзип иштеткен. Байлардын чарбалары, техникалык жабдуулары жагынан кедейлердикинен айырмасы жок. Чайрикерлер түшүмдүн жарымын жер ээсине бериши керек. Ошондуктан, алар түшүмдүүлүктү көтөрүү тууралуу кызыкдар болушкан эмес. Муну менен бирге карапайым калк бул реформанын маанисин түшүнүшкөн эмес. Анткени, бай-манаптардын, келгин дыйкандардын жана мусулманчылыктын реакциячыл катмарлары эл ичинде реформа тууралуу силерди алдап жатышат, ишенбегиле деген сыяктуу ар кандай ушактарды таратышкан. Силердин бардык жериңерди, мал-мүлкүңөрдү тартып алышат деп түшүндүрүшкөн. Ал эми өзбектер жыш жашаган кыштактарда реформанын натыйжасында өзбектердин баарынын жерин тартып алып, кыргыздарга берет деген каңшаарды жайылтышкан. Ошондуктан, өзбектер Өзбекстанга кошулуу үчүн күрөшүшү керек дешкен...”[30]

Ар кандай кыйынчылыктарга карабастан жер-суу реформасынын натыйжасы ийгиликтүү болот: жер менен иштөө жакшырат, айдоого жарактуу жерлер көбөйүп, жердин кыртышын иштетүүнүн сапаты жогорулайт, шаймандарды таратуучу пункттар уюштурулат, кедей-дыйкандар айдап-себүү иштери үчүн каражаттар, үрөндөр менен камсыздалат. Атам ирригация маселелерине да абдан олуттуу көңүл бурган. Партиянын ардагери Е. Чернецовдун (1903-жылы туулган) эскерүүсү боюнча, Кыргызстандын түштүгүндө эмгектенген Т. Айтматов сугат тармактарына, жолдорду курууга, селдерди жөнгө салууга өзгөчө көңүл бурган. Ошон үчүн сугат системалары жакшырган, мунун натыйжасында сугат жерлердин аянты өскөн. Жерди пайдалануу иштерин жөнгө салуу боюнча адистерди Союздун борборунан чакыртып, Жалал-Абад облусунун жеринин картасын чийдирген. Ал картада жердин кайсы бөлүгү техникалык өсүмдүктөргө, кайсынысы дан себүүгө, коон-дарбыз бакчасына же кайракыга туура келери көрсөтүлүп белгиленген. Анан ирригациялык системаны куруп, анын жардамы менен улам сугат жерлердин аянтын көбөйтүп, колхоздун ишин жакшырткан. Колхоздорго техниканы, жер семирткичтерди борбордон алдырып, дыйкандардын ишин жеңилдеткен.

Дайыма тапшырылган ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылууга көнгөн атам райондогу чарбалык иштерди илгерилеткен жана алардын ийгиликтүү болушуна жол ачкан. Атамдын ишти туура уюштура билгендигинин аркасы менен Араван-Буура району автономиялуу республика масштабында тез эле алдыга чыгат.

Мындай ийгиликке жетүүсүнө, жогоруда көрсөтүлгөндөй, атамдын 1927-1928-жж. Жалал-Абад кантонун, кийин Ош округун (1928-жыл, ноябрь – 1929-жыл, март) башкарган кездеги элдин эсинде калган ак эмгеги, жер-суу реформасын адилет жүргүзүүдө топтогон кадыр-баркы да зор орун алганы анык.

Араван-Буура районунан кийин атамды партиялык уюм дагы башка жумушка которот. Аны Кыргызстандагы бийликтин эң жогорку тепкичине чыгарышат: ал ВКП(б)нын Кыробкомунун экинчи катчысы кызматына көтөрүлөт (биринчи катчыны Москвадан жиберишчү, ал кезде биринчи катчы болуп Белоцкий Морис иштеген). Экинчи катчыга социалдык-маданий иштерге жетекчилик кылуу жүктөлгөн. Бул кызматта ал бир жыл гана иштейт (1934-жыл, март - 1935-жыл, март), андан соң Кызыл профессура институтуна окууга өтүп, Москвага үй-бүлөсү менен көчүп кетет.

Атамдын бул кызматында иштеп жүргөн мезгили жөнүндө апам мындай эскерчү эле:

“Ушул жаңы кызматтан эртерэк кутулсам болор эле. Кыйналып кеттим. Кудайдын куттуу күнү эртең менен НКВДнын өкүлү Четвертаков келип, күтүп турат. Ал камай турган кишилердин тизмесин көтөрүп келет. Тизмеде мен жакшы таанып-билген саналаштарым, жолдошторум да бар. Алар душман эмес, социализм идеяларына берилген, кыргыз элинин чыгаан уулдары десем, кайра мага, анда сен да душмансың деп асылышат... Эмне кылыш керек?..”

Мына ушинтип, апама айласы кеткенде айтчу экен. Кыязы, борбордон (Москвадан) келип жаткан адилетсиздикти көрүп, жүрөгү ооруган окшойт. Бир күнү болсо жумуштан чарчап, кыйналып келип, апама мындай дептир:

“Мен Москвага окууга барууга мүмкүнчүлүгүм болуп жатат. Марксизм-ленинизм курсунда окуп, теориялык билимимди тереңдетип алайын дедим эле. Бул бир жагынан. Экинчи жагынан, мен азыркы туура эмес болуп жаткан саясатка каршы күрөшө албай калдым. Нагима, айлам кетип жатат буларга -эл душмандарын” издегендерге... Качан бул иш токтолот мен билбей турам... Бирок, мындай саясат дайыма эле боло бербейт болуш керек деп ойлойм, бир күнү жогору жактын көздөрү ачылат да...”

Анан күнүгө окууга чакыруу кагазын күтүп жүргөнүн апам айтар эле.

1935-жылы 13-мартта ВКП(б)нын Кыргыз обкомунун IV пленумунда атам экинчи катчылыгынан бошойт. Бирок, Москвадагы ВКП(б) БКнын партиялык органдарга жетекчилик кылуу боюнча бөлүмү (ОРПО - отдел по руководству партийных органов) Т. Айтматовду аталган курстарга окууга жиберүү маселесин дээрлик 4 айдан соң, 1935-жылдын июнунун аягында араң чечет.

Болжолу 3 ай өткөндөн кийин атам:

- Маленковдон телеграмма келди, жакында менин окуум жөнүндө маселе чечилгени калыптыр, - деп сүйүнүп келет.

- Белоцкий да кубанып жатса керек. Күндөн-күнгө экөөбүздүн камакка ала турган кишилер жөнүндө чатактарыбыз күчөп жатат. Жергиликтүү кадрларды ага караганда мен жакшы билем да. Мен кишилердин тизмеге туура эмес киргизилгенин көрүп турам. Деги ушу партияны кайра-кайра “тазалоо” дегенден тажадым. Бул маселе боюнча Морис менден кутула албай жүрөт...

Ушуга байланыштуу М. Аммосовдун Кыргыз коммунисттик партиясынын I съездинде (1937-жыл, 5-июнь) жасаган баяндамасында сүйлөгөн сөзүн эске салайын. М. Аммосов Белоцкийдин тушундагы жагдайга майда-чүйдөсүнө чейин кеңири токтолуп, “Белоцкий менен Айтматовдун ортосунда болгон келишпестиктер, карама-каршылыктар,

Телеграмма

заведующего отделом по руководству партийныхорганов ЦК ВКП(б ) Маленкова Г. М. на имя секретаря Киробкома ВКП(б) Белоцкого по вопросу посылки на учебу: на курсы марксизма –ленинизма при ЦК ВКП(б)

июнь 1935 г.

молния Фрунзе обкомпарт Белоцкому

Вопрос Айтматове будет решен ближайшие дни-796 ОРПО ЦК

Маленков[31]

кыйчалыштыктар” жөнүндө айткан. Ошон үчүн: “...экинчи катчы Айтматов бул жердеги чөйрөнүн атмосферасына туура келбегендиктен, жакшылык менен акырын гана окууга жөнөтүлгөн”, - деп түшүндүргөн М. Аммосов бул абалды.Ушул телеграммадан кийин окууга келсин деген дагы бир телеграмма келип, андан соң атамды Обкомдун Бюро мүчөлүгүн аткаруу милдетинен бошотушат. Атам БКнын экинчи катчылык кызматында аз убакыт иштегенине карабастан, Кыргызстандын агартуу систтемасынын жана маданий турмушунун өнүп-өсүшүнө өзгөчө чоң салым кошкон. Мектептер үчүн окуу китептерин жана окуу куралдарын даярдап, кыргызча чыгаруунун, окутуунун сапатын жакшыртуунун зарылдыгына көңүл бурган.

Жогоруда айтылгандай, 1935-жылы атам Москвага марксизм-ленинизм курсуна окууга жиберилет, аны бүткөн соң тарыхый-партиялык Кызыл профессура институна окууга өтөт. Окуп жүргөн мезгилинде атам үй-бүлөсүн Москвага чакыртып алат.

1936-жыл 5-декабрь: Кыргыз ССРи түзүлдү!!!

1936-жылдын 5-декабрында Кыргыз АССРи Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасына (Кыргыз ССРине) айланды. Эми баягы үчилтик баш ийүүдөн кутулуп, Кыргызстан СССРдин курамындагы Союздук республикалардын бири болду. Бул албетте, кыргыз эли үчүн чоң жетишкендик эле. Республикабыздын Коммунисттик партиясынын биринчи катчылыгына, жаңы мамлекеттин башына Москвадан М. К. Аммосов жиберилет.

Айтып кетсем, бул кишинин тагдыры да оңой болгон жок. Акыры ал да камалып, атылып өлтүрүлдү. Бирок, мамлекетибиздин башында сегиз эле ай турса да биздин мамлекетибиздин жетекчилерин НКВДнын зомбулугунан коргоого колунан келишинче аракет кылды. Биздин үй-бүлөбүзгө да түздөн-түз байланышы болду. Ал атамдын замандашы, үзөңгүлөшү катары эсибизге унутулгус мамилесин калтырып кетти. Ал дагы мындай системага каршы туруштук бере албады. Ошондуктан, ушул якут элинин инсаны жөнүндө бир аз сөз айтып кете турган жөнүм бар деп ойлойм.

Максим Кирович Аммосов 1897-ж. 22-декабрында Якут округунун, Нам улусунун Хатырык наслегинде көп балалуу, кедей үй-бүлөдө төрөлгөн, кийин бай туугандарына тарбияланууга берилген. Ал Якутск шаарынын училищесин, якут мугалимдер семинариясын жана Кызыл профессура институн бүткөн.

Жашынан эле Якутиянын ар кандай жашыруун саясий ийримдеринде иштеп жүрүп, 1917-жылдан кийин жигердүүлүк менен революциялык иштерге катышкан. 1920-жылдары Якутиянын партиялык уюмун түзүү боюнча ЦК РКП(б)нын Сиббюросун башкарып турган. Якутияны автономиялуу республикага айландырууга көп аракет жасаган жана ЯАССРдин өнөр жай жана соода министри, СНКнын төрагасы болуп иштеген.1934-жылдын февралынан 1937-жылдын февралына чейин Казакстандын ар кайсы облустарында Обкомдун катчысы кызматтарын аткарган.

1937-жылдын 22-мартында ал Кыргызстандын коммунисттик партиясынын биринчи катчысы болуп шайланат.

Белгилеп кетсем, М. Аммосов Кыргызстанга 1937-жылдын февраль-март Пленумунан кийин, мамлекетте саясий террор күчөгөн, абдан оор саясий мезгилде келген. НКВД күн сайын “эл душмандарын” издеп таап, айрыкча Пленумга катышкан кишилер биринин артынан бири камалып жатты. Алардын арасында мамлекеттин бышчылары да бар эле. Баарын түшүнүп турган М. Аммосов Кыргызстандын жетекчилерин колдоп, колдон келишинче аларды НКВДнын негизсиз зордук-зомбулугунан коргоонун аракеттерин кылат. Атабыз Төрөкулду да негизсиз айыптоодон сактап калууга аракет жасайт. Ал мындайча болгон.

Кыргыз ССРнин партиясынын биринчи съезди өтмөк. Аммосов ал съездде жоопкерчиликтүү, компетенттүү, өзү билген, ишенген адамдардан команда түзмөк болуп, талапкерлерди тандай баштайт. М. Аммосовдун үчүнчү секретардын кызмат ордуна Т. Айтматовду Москвадан чакыртып алсамбы деген ою болот (сыягы, алар тааныш болсо керек). Жагдайга жараша, ал бул жөнүндө НКВДнын начальниги Четвертаков менен акылдашат.

В. Четвертаков өзүнүн Москвадагы кожоюну Н. Ежовго бул эпизод жөнүндө мындайча билдирме жазат:

“...Үчүнчү секретардын кызмат ордуна кандидатура тандап жатып, Аммосов бул орунга Айтматовду көрсөттү. Мен бул сунушка чечкиндүү түрдө каршымын, анткени Айтматов улутчул экенин билем...”

М. Аммосов чечкиндүүлүгүнөн В. Четвертаковдун каршы пикирине карабастан, Москвадагы жогорку деңгээлдеги партиялык ишмер Г. Маленковго төмөндө келтирилген телеграммаларды биринин артынан бирин жиберип турат. 1937-жылдын 5-16-июнунда Кыргыз ССРнин КП(б)нын биринчи съезди өтөт. Телеграммалар жиберилген жана съезд өткөн даталарга караганда М. Аммосов аягына чейин Т. Айтматовдун талапкерлигин алып калууга аракеттенет.

Телеграмма

М.К.Аммосова заведующему отделом руководящих парторганов ЦК ВКП(б) Г.М.Маленкову

21мая1937 года

Как Вы смотрите, если Айтматова из ИКП[32], бывшего секретаря Обкома пригласить на второго заместителя секретаря ЦК. Всем отзывам данным безусловно преданный крепкий партиец. Других пока здесь не вижу.

Аммосов[33]

 

Телеграмма
М.К.Аммосова  Г.М.Маленкову

29 мая 1937 года

Прошу ускорить ответ об Айтматове. Хочу вызвать на первый съезд нашей партии.

Аммосов[34]

Телеграмма

М. К. Аммосова  Г. М. Маленкову

6 июня 1937 года

Можно ли предложить состав ЦК Айтматова и сообщите почему следует воздержаться выдвижения на третьего секретаря ЦК.

Аммосов[35]

Четвертаковдун каршылыгына, Г. Маленковдун “кармана туруу” жөнүндөгү кеңешине карабастан, съездде ал кайра Т. Айтматовдун талапкерлигин үчүнчү катчынын кызмат ордуна көрсөтөт, ошондой эле аны Борбордук Комитеттин курамына киргизүү жөнүндө сунуш киргизет.

Четвертаков өзүнүн Н. Ежовго жазган экинчи билдирмесинде мындай дейт:

“..мен Т. Айтматовдун Ж. Абдрахманов менен өз ара улутчул мазмундагы кат жазышуулары жөнүндөгү фактыларды келтирдим. Ошого да карабастан жолдош М. Аммосов Т. Айтматовдун талапкерлигин Кыргызстандын большевиктер КП БКга көрсөткөнүн койбоду. Т. Айтматовго карата көрсөтүлгөн каршылыктарга, нааразычылыктарга карабай, жолдош М. Аммосов съездде эки жолу аны БКга киргизүү максатында жактап сүйлөдү. Ошондо биз съездде Т. Айтматов менен Ж. Абдрахмановдун ортосунда болгон кат жазышууну жарыкка чыгарып, жарыялагандан кийин гана Т. Айтматовдун кандидатурасын өткөрбөй койдук. Дагы жетпесе, М. Аммосов, өзүмдү обу жок алып жүргөнүм үчүн, ага билдирбей материалдарды жарыкка чыгарып, чыгып сөз сүйлөгөндүгүм үчүн мага сөгүш жарыялады. Жана дагы Т. Айтматовдун катынын копиясын көрсөтүүмдү талап кылды. Мен копияны көрсөттүм...”

Бул материалды мен буга чейин көргөн да, уккан да эмесмин. Биринчи жолу М. Аммосов жөнүндө жазылган китептен окудум. Ал кезде НКВДчылар камалгандардын санын көбөйтүш үчүн, “планды” аткаруу максатында жалаа жабуу менен камалгандарды күнөөлөшкөн Т. Айтматовдун атынан Ж. Абдрахмановго тергөөчүлөр өздөрү улутчул мүнөздөгү катты жазып, Ж. Абдрахмановду кыйнап, “Ооба, мен ушул катты Т. Айтматовдон алганмын” дедирип, жалган көрсөтмөлөрдү алышы ошондой ыкмалардын бири болушу мүмкүн.

Ушуга байланыштуу, мындан көп жыл мурун болгон бир кезигүү менин эсиме түшүп жатат. Азыр кайсы жыл экени эсимде жок, мен анда жаш мугалиммин, лекция окуп жатсам эшик тыкылдап калды. Карасам, бир киши: ”Сиз менен сүйлөшө турган сөзүм бар,” - деди. Лекциядан кийин шашпай отуруп сүйлөштүк. Ал түрмөгө отуруп чыккан киши экен. Бирок кандайдыр жол менен КГБнын архивиндеги материалдар менен таанышкан экен. Ошо кишинин айтып бергенинен бир гана көрүнүш эсте калыптыр: “Ж. Абдрахмановду 1937-жылдын жаз айларында камакка алып, абдан кыйноолорго салып, ден соолугу начарлап калган экен. Т. Айтматовду 1-декабрда Москвадан камашып, абак вагону менен Фрунзенин түрмөсүнө алып келишет да биринчи эле суракта, 1938-жылдын январында, Ж. Абдрахманов менен көздөштүрүшөт. Беттешүүнүн учурунда Жусуптун кандайдыр көрсөтмөсүнө, кантип ушундай калпты айтасың деп Төрөкул ачуусуна чыдабай, уруп жиберет. Жусуп ушунча алсыз экен, жыгылып кетет. Муну ал киши протоколдон окуган экен. Мен ал кезде бул маселеге көп кызыкпай, териштирген жокмун. Ал кишинин атын да унутуп калыптырмын. Эми ойлоп жатам, мүмкүн Ж. Абдрахманов: “Сен мага улутчулдук мүнөздөгү катты жаздың эле,” - деген чыгар Төрөкулга? Ким билет?..”

НКВД жетекчиси В. Четвертаковко ошондо сөгүш жарыялаган М. Аммосов ошол мезгилдин талабына карабастан, өзүнчө бир чоң эрдик жасаган деп ойлойм. Бирок ал дагы мамлекеттик системага каршы туруштук бере албады, анткени, жарым жылдан соң атамды баары бир камакка алышкан.

Партиялык съезддин жыйынтыгы 1937-жылдын 13-сентябрында “Правда” газетасына чыккан “Кыргызстандын большевиктер КП БКнын жүргүзгөн чирик саясаты” деген макаласында И. Ходаков (макаланын автору) республиканын жетекчилигин, ошону менен бирге М. Аммосовду, эл душмандарынын бетин ачуу ишин начар жүргүзгөндүгү үчүн сындаган.

Ошол макалада М. Аммосов дагы “улутчул” Т. Айтматовду жактаганы үчүн күнөөлөнөт. Албетте, республикадагы биринчи жетекчинин партиянын катарларын тазалоо маселесине мындай мамилеси жогору жакка (Москвага) жетпей койбойт. М. Аммосов Кыргызстанда болгону сегиз ай эле иштеди. Ал өзү түзгөн, кызмат кылган, ишенген системасынын трагедиялуулугун дал ушул жерден көрүп, түшүндү болуш керек.

1937-жылдын 16-ноябрында М. Аммосов жалган жалаа менен камакка алынып, 1938-жылдын 28-июлунда Москва шаарында атылып өлтүрүлөт.

М. Аммосов өзүнүн үзөңгүлөштөрүн мүмкүн болушунча акырына чейин коргоду. Бул кишиге да рахматыбызды айтып, бир таазим кылып коюш биздин парызыбыз деп ойлойм.

2017-жылы М. Аммосовдун 120 жылдыгы болуп, якут эли өзүнүн чыгаан уулунун юбилейин кеңири белгиледи. Якутиянын аялдар делегациясы М. Аммосов иштеген жерлерге (Сибирь, Казакстан, Кыргызстан) барышып, алгач Казакстанга, андан кийин Бишкекке келип, Эмен паркында тургузулган М. Аммосовдун эстелигине таазим этип кетишти. Мен алар менен бирге эстеликке гүл коюп жатып, Максим Кировичке анын эрдиги үчүн ичимен ыраазычылыгымды айтып жаттым...

Корутунду ордуна

Он томго батпай калган чындык

Чыгыштын акылмандары айткандай, бу дүйнөдө үч нерсени: күндү, айды жана чындыкты жашырууга болбойт. Бул сөздүн чын экенине мен 1991-жылы Чоң-Таш айылынын жанындагы бөксө тоолордун биринде буга чейин белгисиз болгон мүрзө табылып, ал ХХ-кылымдын 30-жылдарындагы сталиндик репрессиялардын жазыксыз курмандыктарынын жалпы боордоштук мүрзөсү экени тастыкталганда ынандым. Бул чындык 53 жылдан кийин билинди. Ал кезде биз, Төрөкул Айтматовдун балдары, атабыздын сөөгү кайда көмүлгөнүн эми таппай калдык го деп буга баш ийип калган болчубуз.

Азыр ойлосом, биринчи жолу ошол кездеги өлкөбүздүн башкы чекисти - генерал Жумабек Асанкуловдун кабинетине чакырылып барганым менин эсимде абдан жакшы калыптыр (элдин баарын чакырганда мен чет өлкөдө болуп  келбей калганмын, ошон үчүн мен кийин чакырылдым).

Генералдын ички телефон аркылуу чакырган кызматкери эскирип, саргайып калган калың папканы алып келип, анын колуна берди. Асанкулов папканы кармалап, барактап, кээ бир кагаздарына токтолуп, анан мага карай мындай деди:

- Сиз уксаңыз керек, биз жакында Чоң-Таштын бөксө тоолорунун биринде 30-жылдарга тиешелүү жалпы көрүстөндө казуу жүргүзүп, анда репрессиялардын курмандыктары көмүлгөндүгүн тастыктадык. Ал көрүстөндө сиздин атаңыздын да сөөгү бар экени далилденди. Анын айыптоо корутундусу жазылган кагазы табылды...

- Кантип!? 53 жылда кагаз чирибептирби? Ошондой да болот бекен? - деп мен таң калдым.

- Болот экен. Кудай колдоп... жалпысынан төрт кишинин айыптоо кагаздары табылды. Ошонун аркасы менен көргө көмүлгөн адамдардын баарынын тизмеси жазылган протоколду таптык. Ал эми бул болсо 1937-жылы сиздин атаңызга карата ачылган тергөө иши. Карап көрүнүз, - деп папканы мага сунду.

Мен аны алганда эмне болуп кеткенимди билбейм, эки алаканыма чок тийгендей болуп кетти... Анан ачып карай баштадым: биринчи эле атамдын өз колу менен жазылган өмүр баяны  көзүмө урунду. Адегенде Чынгыз акенин жазганы экен дедим, колдору ушунчалык окшош экен.  Ичимен “адамдын жазуу манералары (тамгаларды жазуу формалары) да ген менен берилет окшойт”, - деп ойлоп койдум. Атамдын аскер (военный) билети салынган конверт бар экен. "Атаңыздын аскер билетин эстеликке алсаңыз болот", - деди Асанкулов, өзүнүн генералдарга гана таандык коңур үнү менен. Муну мен башкы чекисттин мага карата көрсөткөн кең пейилдүүлүгү катары кабыл алдым. Бул билетти атам колуна көп эле жолу кармаган болуш керек деп ойлодум, а мен биринчи жолу атамдын буюмун колума кармадым (мен атамдан беш айлык, ымыркай кезимде айрылып калганмын да). Көзүмөн куюлган жашты токтото албайм, эч нерсе көрүнбөй калды... Анан өзүмдү колго алып, кайда отурганымды эске салып, бир аз тынчыдым окшойт. Андан ары сурак протоколдорун көрдүм. Протоколдун бир бетинин төмөн жагында 5-6 фамилиянын тизмеси жазылыптыр, кийинки бетте – анын уландысы, дагы он чакты фамилия жазылган экен. Бул менин атамдын үстүнөн көрсөтмө бергендердин тизмеси экен. Мен буларды эстеп калайын деп (кыжырым кайнап, кантип ушундай ишке барышты деп...) кайра–кайра окуп жаттым. Белгилүү фамилиялар экен, алардын арасында атамдын досторунун фамилиялары (апам алар жөнүндө көп айтчу эле) да бар экен. Генерал байкап калып:

- Эстеп калайын деп аракеттенбеңиз, алардын күнөөсү жок. Алар кыйноого алынып, эс-учун жоготкондо жасабаган күнөөнү мойнуна алууга аргасыз болуп турганда кол коюп беришкен, - деди.

Анан протоколдун ар бир бетинин төмөн жагында Айтматов деген кол тамгасы коюлган экен. Атаңыздын кол тамгасы деп түшүндүрүштү. Ал кол тамгалар көк сыя менен, каруусуз коюлганы байкалып турду, анан алар мен азыр эле көргөн атамдын өмүр баянынын аягында коюлган кол тамгасына окшош эмес эле. Эмне үчүн?- деп сурадым. Анда Жумабек Асанкулович мага мындай деп жооп берди:

- Мүмкүн, сурак учурундагы катуу кыйноодон кийин абалы адекваттуу болбой калган чыгар. Ал кезде аларды уруп-согуп катуу кыйноого алышкан да. Же өзү кол коюуга жарабай калса, башка бирөөгө кол койдурушкан чыгар. Анткени тергөөчүлөргө сурак протоколдорунун жазуу формасын (тариздөө эрежелерин) сактоо керек эле.

Ошол замат апамдын айтып бергендери эсиме түштү. Ал Фрунзе шаарында жашаган курдаштарынан - репрессияларга тушуккандардын аялдарынан (биз Таласта жашадык) уккандары (алар ишенимдүү булактардан угуп, бири бирине жашыруун сыр кылып айтып беришчү экен) боюнча:

- Биздин күйөөлөр сурак учурунда абдан катуу кыйноолорго кабылышат экен.

Аларды карцерде бир нече күндөп кармашып, анан кыштын суугунда жылаңач эшикке чыгарып үшүтүшөт экен. Катуу үшүгөндөн кийин, аларды шылдың кылып:

- Ийи, үшүдүңбү? Жүр эми ысытабыз сени, - деп кызарып ысыган мештин үстүнө кыйнап отургузушат. Мындай кептер муруңку эл агартуу наркому Акун Мыктыбековдун эскерүүлөрү менен да далилденет. Ал ошол мезгилде ежовдук НКВДнын адам чыдагыс кыйноолорунан өтүп, кокусунан аман калган киши болчу. Мыктыбековдун эскерүүлөрү боюнча “... Түрмөдө саясый күнөө коюлуп камалгандарга өтө катаал мамиле жасашчу. Буту-колдорун эшикке кыпчытып, сөөктөрүн майдалап талкалап, майып кылышчу. Сурак протоколдорунун ар бир бетинин төмөн жагына кол тамгасын койдуруш үчүн алардын бир гана оң колунун эки бармагын - сөөмөйү менен баш бармагын калтырышчу. Өтө эле “бекемдерин” кызарып ысып турган контрамарка мешине баштарын тыгып кыйнаганда бардыгы коюлган күнөөнүн баарын мойнуна алышчу. Жок партиялардын мүчөсүмүн, Түркия, Ирандын тыңчысымын, Пантюркизм, Панисламизм агымдарынын катышуучусумун жана башка дагы толуп жаткан, НКВДнын тергөөчүлөрү ойлоп чыгарган кылмыштардын баарын моюндарына алышкан...”

1937-38-жылдарда Кыргызстанда репрессияга тушуккандардын дээрлик баарына, анын ичинде менин атама да, Социал-Туран партиясынын (СТП) мүчөсү болуп, анын ишмердүүлүгүнө катышкан деген күнөө коюлган. Ал партиянын максаты Кыргызстанды СССРден бөлүп алып, башка капиталисттик мамлекеттердин протекторатына өтүү имиш. Мындай айыптоо трафареттүү болгон, ал тергөө иштердин дээрлик баарында бар болчу. Чынында мындай партия Кыргызстанда болгон эмес, бул НКВДчылардын оюнан чыгарылган миф болгон. Мифти чындык катары көрсөтүш үчүн НКВДчылар бул партиянын тармакталган структурасын жана катардагы курамы бар экенин аныкташкан жана бул партиянын мүчөлөрү бардык партиялык жана мамлекеттик мекемелерге орношуп кирип алышканын айтышкан. НКВДчылар Москвага берген билдирүүлөрүндө эл душмандары - СТПнын мүчөлөрү , троцкийчилер, бухаринчилер ж.б.у.с. НКВДга, бардык наркоматтарга, юстиция, эл агартуу, саламаттыкты сактоо мекемелерине, деги бардык уюмдарга орношуп кирип алышкан. Бардык контрреволюциялык жетекчилер катары өлкөнүн биринчи жетекчилери көрсөтүлгөн.

Жогоруда айтылгандай, Кыргызстанда мындай партия болгон эмес, бул НКВДчылардын оюнан чыгарылган уюм эле. Ошентип 20-жылдардан баштап, айрыкча 30-жылдарда  Совет бийлигине чыны менен ишенип, аны колдоп, Кыргызстанда Совет бийлигин орноткон кишилерге “Эл душманы” деген ат коюлуп, аларга карата куугунтуктоо башталды.

1938-жылдын 5-ноябрында менин атам Төрөкул Айтматов, мекенибиздин башка лидерлери менен бирге эң жогорку жазага тартылган... Ошол кайгылуу окуянын жазыксыз 137 курмандыктарын атып өлтүрүшүп, Чоң-Таш жакка алып барып, жашыруун көмүп коюшкан, ал эми үй-бүлөлөрүнө 10 жылга сүргүнгө айдалды, кат жазышуу укугунан ажыратылган деп айтышкан. Мына ошентип, УКМКга атамдын №4418 делосу менен таанышыш үчүн келген күнү мен ушундай чындыкты билдим.

Бир күнү (Ата-Бейит ачылгандан кийин) Чолпон Токчороевна Жолдошева (кыргыз элинин сыймыктуу окумуштуу кызы, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти, эл агартуу министри (1935-ж.) Токчоро Жолдошевдин кызы) менен бир иш-чарада жолугуп калдык. Экөөбүз катар отуруп калыптырбыз, аны-муну сөз кылып, анан сөздөн сөз чыгып, аталарыбыз жөнүндө сүйлөшүп кеттик. Анан Чолпон эже терең үшкүрүп алып, мага мындай деди:

- Сен, силердин үй-бүлө бактылуусуңар.

- Кандайча бактылуубуз? - дедим мен.

- Силер атаңардын сөөгү жаткан жерин таптыңар. А биз... А биз болсо атабыздын мүрзөсү кайда экенин билбейбиз. Айлабыз кеткенде апабыздын бейитине атабызга да символикалык эстелик орноттук, - деди эже көзүнө жаш ала.

- Эже! Бул жагынан Сизди түшүнөм. Биз чын эле бактылуубуз.

- Атамдын кайсы жылы атылганын, кайсы статья менен кесилгенин, анын сөөктөрү кайда көмүлгөнүн ушу күнгө чейин билбейм. Мен эми бул сырды билбей жүрүп өтүп кетем го... - деди эже.  

Чын эле ошондой болду. Чолпон эже 2016 - жылы дүйнө салып кетти. Ал эми биз бүгүн (27.02.20) 10 томдук болуп чыккан “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары (1920 – 1953- жж.)” аттуу китепти колубузга алып отурабыз. Бул 10 томдук белгилүү коомдук ишмер, Арабаев атындагы КМУнун ректору Абдырахманов Т.А., УКМКнын запастагы полковниги Болот Жумашевич Абдрахманов тарабынан иштелип, түзүлүп, жарыкка чыгарылган. Коомчулукка белгилүү болгондой Болот Жумашевич 1991- ж. УКМКнын жетекчилигин Чоң-Таштагы казууларды жүргүзүү зарыл экендигине ынандырып, анан ошол казууларды өзү жетектеген. Ал кезде  УКМКнын жаш капитаны Болот Абдрахманов жана Бүбүйра эже (137 адамдын боордоштук мүрзөсүнүн ордун билген адам), менен бирдикте чыныгы баатырдык жасашты. Эми ошондон дээрлик 30 жыл өткөн соң Болот Жумашевич дагы бир абдан маанилүү, чоң иш жасап отурат. 1920 - жылдан 1953- жылга чейинки мезгилде Кыргызстанда сталиндик репрессияга тушуккан адамдардын тизмесин түзүп, 10 томдук китеп кылып чыгарды. Бул эскерме китепте 20 миң адам жөнүндөгү маалымат берилген: аты–жөнү, улуту, жашаган жери, камакка алынган датасы жана себеби, , канча жылга кесилгендиги жана  реабилитация датасы. Бул эмгек оңойго турган жок. Анткени тизмелердин саны көп, тергөө иштери чаташкан, бирөөгө бир өкүм чыгарып, аны кандайдыр белгилүү мөөнөткө соттоп, анан кайра аны өзгөртүп ошол эле кишиге башка өкүм чыгарылган учурлар көп болгон. Мисалы, А. Сыдыковду адегенде 1933-жылы Сибирге 10 жылга сүргүнгө айдап, анан 1937-жылы кайра чакыртып алып, өлүм жазасын беришкен. 10 томдук эскерме китепте 20миң адамдын фамилиясы келтирилет (баса, ал китептен Чолпон эженин атасынын – Токчоро Жолдошевдин фамилиясын таппадым. Батпай калган окшойт). 20 миң деп айтыш оңой, бирок булардын ар биринин үй-бүлөсү, бала-чакасы, жакын адамдары болгон. Ар биринин артында “эл душманынын үй-бүлөсү“ деген трагедия турган.

Бир күнү Болот Жумашевич, мага баягы китеп жарыкка чыкты, 20 миң адамдын тизмеси 10 том болду, эми презентациясына келиңиз деп телефон чалды. Мен ошол замат атамдын иниси Рыскулбек бар бекен, деги эч жерден ал жөнүндө маалымат ала албадык дедим. Азыр көрөйүн деди да беш минуттан кийин кайра чалды, бар экен: Айтматов Рыскулбек, 1912-ж, Шекер айылы, антисоветтик иш аракеттери үчүн 10 жылга кесилди деп жазылыптыр, - деди. Рыскулбек акем педагогикалык техникумда окуп жүргөн студент экен. Биз Москвадан Шекерге көчүп келгенден кийин аны окуудан чыгарып, ал айылга келип биз менен жашап жүргөн. Абдан боорукер, ак көңүл бала эле, үйлөнө элек... Чыңгыз Төрөкулович өзүнүн эскерүүлөрүндө “Рыскулбек аке түндө мени жанына алып жатар эле, бир күнү чоочуп ойгонуп кетсем үйдө формачан кишилер жүрөт, алар үйдү тинтип жатышыптыр. Рыскулбек аке туталанып, кийимин кийип жатыптыр, мага карап “сен коркпо, мен кайра келем. Тез эле кайра келем!” деди. Анан анын колун байлап, атка миңгизип, Маймак станциясын көздөй алып кетишти...”, деп айтаар эле. Азыр эсептесем ошол түндөн бүгүнкү күнгө чейн 82 жыл өтүптүр. Мына бул эскерме китептин жардамы менен 82 жылдан кийин мен Рыскулбек акем жөнүндө маалымат алдым. Мага окшогон, Чолпон эжеге окшоп арманда жүргөндөр эми ушул китептен аталары жөнүндө маалымат ала алат деп ойлойм...

Дагы бир нерсе эсиме түшүп жатат. Биз Москвадан Шекерге көчүп келгенде кирерге үй жок болчу. Атабыздын Алымкул деген аталаш агасы, бизди өзүнүн далиси бар бир бөлмө үйүнө (ал кезде кыргыздар көчмөн турмуштан отурукташууга жаңы гана адаптация болуп жаткан мезгили эле) киргизип, өзүнүн үй-бүлөсүн боз үйгө чыгарган. Ал үчүн бир айдан кийин ал да камалып, кабарсыз калды. Жусуп Абдрахмановдун, Эркинбек Эсенамановдун, Шоруковдун үй-бүлөлөрү менен кийин биз Таластан көчүп келгенден кийин апам катышып турчу эле. Алардын айткандары боюнча күйөөлөрү камалгандан кийин квартираларынан чыгарып, барарга үй жок, подвалдарда, сарайларда жашоого мажбур болушкан. Көрсө ушундай бийик деңгээлдеги кызматтарда иштеп жүрүп, биринин да өзүнө деп салган үйү айылда да, шаарда да жок экен. Аларда деги эле жеке менчик, байлык болбоптур. Биринин да тергөө ишинде уурдоо, коррупция, кызмат ордун пайдалануу деген статьялар боюнча айыптоолор жок.

Мамлекеттүүлүктү кайра калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүнүн түзүлүшү, эл чарбасынын жөнгө салынып, өнөр жай жана айыл чарбасынын өнүгүшү, саламаттыкты сактоо, билим берүү системаларынын түзүлүшү жана өнүгүшү, элдин жашоосунун бийик деңгээлге жетиши . Бирок ошону менен бирге ал учурда биздин өлкөнүн тарыхында эң бир татаал, карама каршылыктуу мезгил да болгон: мамлекеттик башкаруу системасынын тоталитардык режимге түшүп, саясый репрессияларды массалык түрдө жүргүзгөнү. ХХ кылымдын 30-жылдарында Кыргызстандын башына келген жетекчилерге – таланттуу, жаш лидерлердин плеядасына абдан оор, татаал шарттарда иштөөгө туура келди. Бирок алар совет бийлигин орнотуп, географиялык жактан чачкын жашаган кыргыздарды бириктирип, адегенде Кара-Кыргыз автономия облусун жаратып, андан соң Кыргыз автономиялуу Республикасын түзүп, анан СССРдин курамындагы Кыргыз ССРин тургузууга жетишишти. Бул, албетте биздин азыркы эгемендүүлүгүбүзгө жетүүгө негиз болду. Азыркы жыргал заманда жашап жаткан жаштарыбыз үчүн булардын жашоосу үлгү болууга тийиш.

Тиркемелер

Төрөкул Айтматовдун өмүр баяны

(Кыргыз ССРинин партархивинен алынган документ)

Краткая автобиография

Мой отец со своим братом имел пахотную землю не более 1-1,5 га с клеверником. Имеющаяся земля в другом месте, достигающаая 2 га была продана давно. Я не помню. Говорят что, отец моего отца, т.е. мой дед был богатым человеком, но он умер давно, его не видела даже моя мать, которой более 50 лет. Сыновья Кимбилди, мой отец иего брат после смерти отца быстро разорились, потеряли богатство.

Я учился сначала в мусульманской школе с 1912 по 1914 гг.. В 1916 г. я поступил в русско-туземную школу , там учился до 1918г.

В 1918 г. перешел в трудовую школу и обучался там до 1919 г.

В 1919 г. Перешел в реальное училище . В 1920 г. Прервал учебу в связи со смертью отца. В аиле работал сначала секретарем аильного совета, а потом перешел в ВИК (волостной исполнительный комитет) на работу в качестве секретаря.

В 1921 г. Был избран делегатом и ездил в Ташкент на областной съездСырдарьинского обкомола.Съезд не состоялся. Я остался учиться в Совпартшколе, обучался там недолго. После трех месяцев учебы в спш, вместе с другими товарищами поехал в КУТВ (Москва). В КУТВ (Коммунистический Университет трудящихся Востока) (Агитация и пропаганда) учился 4 года с 1921 по 1924 включительно.После окончания КУТВ до 1-й облпартконференции поступил работать пропагандистом в АПО Кирг. Обкома ВКП(б). На 2-й конференции был избран заместителем Заведующего АПО, на 3-й конференции был избран заведующим АПО. В 1926 г. Обкомом был командирован в Каракол в качестве ответственного секретаря Окружкома, работал там до 1927 г. В 1927 г. Был отозван и командирован в Джалал-Абад ответственнным секретарем канткома. Работал там до 1929 г. За период моей2 работы в Джалал-Абаде была проведена Земреформа. С начала и до конца Земреформы был председателем кантонной Земельной комиссии. Работал в Джалал-Абадсом канткоме секретаремдо 1929 г.

В 1929 г. на втором съезде Кир. ЦИКа был избран наркомом наркомпромторга. В 1930 г. на третьем съезде Кирг. ЦИКа был избран Председателем ЦСНХ Кирг. АССР. В 1931 г. Обкомом был командирован в Араван-Буринский район секретарем райкома ВКП(б), работаю по сие время.секретарем.

За время своей службы на партийно-советской работе твердо и решительно проводил генеральную линию партии, ее ленинскую национальную политику. Ни к какой оппозиции не примыкал.

Төрөкул Айтматовдун өмүр жолунун маанилүү даталары (1903-1938-жж.)

Билим алуусу

 

Дата

 

  1.  

1911-13-жж.

Мусулман мектебинен окуп билим алуу, Шекер айылы

  1.  

1915-20-жж.

Орус-тузем, бирдиктүү эмгек, реалдык мектептеринен окуп билим алуу, Олуя-Ата шаары.

  1.  

1923-ж

Советтик-партиялык мектептен билимин өркүндөтүү, Ташкен шаары

  1.  

1921-24-жж.

Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетинде окуу, Москва шаары

  1.  

1935-37-жж.

Кызыл Профессуранын тарыхый-партиялык институтунан билим алуу, Москва шаары.

 Эмгек жолу

  1.  

1913-15-жж.

Темир жол курууда жумушчу, Талас облусу, Маймак темир-жол станциясы Маймак айылы

  1.  

1920-21-жж

Күркүрөө ВРКтин (волостук реКволюциялык комитет) катчысы, Грозный кыштагынын батрактар уюмунун катчысы, Грозный кыштагы

  1.  

1924-25-жж.

Кыргыз Обкомунун үгүт-насыят бөлүмү

  1.  

1926-27-жж.

Каракол-Нарын окружкомунун жооптуу катчысы, Каракол ш.

  1.  

1927-29-жж.

Жалал-Абад канткомунун жооптуу катчысы, Жалал-Абад

  1.  

1929-31-жж

Өнөр жай жана соода наркому жана Кырг. АССРнин Совнапрхозунун председатели Фрунзе ш.

  1.  

1931-33-жж.

Араван-Буура ВКП(б) райкомунун жооптуу катчысы, Ош ш.

  1.  

1934-35-жж.

Кырг. Обкомдун экинчи катчысы, Фрунзе ш.

 

 

1937-ж

НКВД тарабынан камакка алынган

 

1938-ж

5-ноябрь

НКВД тарабынан атылып өлтүрүлгөн

 

1938-ж.

8-ноябрь

Сөөгү “Ата–Бейитке” коюлган

ПАЙДАЛАНЫЛГАН АДАБИЯТТАР
  1. Абдрахманов Ю. 1916. Дневники.Письма Сталину. – Ф.,1991
  2. Айтматова Р. Т. Тарыхтын актай барактары. - Б.: “Учкун”, 2013
  3. Жусупова М. М, Өмүрбеков Т. Н. Төрөкул Айтматов коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер. - Б., 2011
  4. Курманов З. К. Политическая борьба в Кыргызстане: 20-е годы. –Б., 1993
  5. Максим Аммосов – политический и государственный деятель тюркских народов. - Якутск, 2002
  6. Отуз жетинчи жыл Кыргызстанда. - Б., 1991
  7. Төрөкул Айтмат уулу: Архив. материалдар жана Төрөкул Айтматов жөнүндө эскерүүлөр. –Б., 1993
  8. Абдыкаров Т. Төрөкул Айтматов - Түштүк Кыргызстандагы жер-суу реформасынын уюштуруучусу жана жүргүзүүчүсү // Төрөкул Айтмат уулу. - Б., 1993
  9. Каракеев К. Адал кызмат // Төрөкул Айтмат уулу. - Б., 1993
  10.  Ормушев А. Ал келечек үчүн күрөшкөн // Төрөкул Айтмат уулу. - Б., 1993
  11.  Плоских В. М. Төрөкул – Чыңгыздын атасы. Тергөө ишин барактап // Төрөкул Айтмат уулу. - Б., 1993

Кыргыз АССРинин өнөр жай жана соода наркому

Т. Айтматовдун сөздөрү, каттары жана документтери (архивдик материалдар, расмий тилде)

Речь Наркома промышленности и торговли республики Т. Айтматова на VI областной партконференции Киробкома ВКП(б) о развитии промышленности в республике[36]

10 июня 1930 года

Товарищи, за отчетный период после 5-й областной партконференции, в работе областного партийного комитета, безусловно, есть достижения и в тоже время есть ошибки. О допущенных ошибках много говорили и докладчики и товарищи, выступавшие в прениях. Я хочу сказать только одно, что допущенные ошибки по коллективизации, по посевной и хлебозаготовкам имели сугубо политический характер и политические последствия.

В чем заключается сейчас задача по исправлению ошибок. Областным партийным комитетом уже исправляются допущенные ошибки. Сейчас задача заключается в решительном исправлении этих ошибок, на основе развертывания широчайшей самокритики, не взирая, на лица.

Я не согласен с тов. Мейерхановым по вопросу о том, что ошибки, допущенные по коллективизации, исходили только со стороны Областного партийного комитета. Это неправильно. И неправильно потому, что ошибки со стороны Обкома были, но ошибки в то же время были и со стороны кантонных и районных комитетов партии, заключающиеся в том, что они механически проводили эти ошибочные директивы.

В то же время ОК сигнализировал о тех грубейших политических ошибках, которые происходили на местах по вопросам: коллективизации, налог и приведение к явному искривлению партийной линии по этим вопросам.

Сейчас, повторяю, основная задача заключается в том, чтобы решительно исправлять допущенные ошибки, не останавливаясь ни перед какими мероприятиями.

О пятилетнем плане.

Пятилетний план является планом социалистического строительства и реконструкции народного хозяйства. О значении этого пятилетнего плана тов. Абдрахманов говорил и я не считаю необходимым останавливаться на этом, а хочу остановиться на реальности этого пятилетнего плана.

Пятилетний план у нас имеется, который пересоставлен, и если поставить перед собой вопрос- обнимает ли он все хозяйственные возможности Киргизии, то на это можно ответить так, что им охватывается неполностью. В пятилетнем плане предусматривается капиталовложение в промышленность 250 млн. рублей и на сельское хозяйство 370 млн. рублей. Если мы рассмотрим эти капиталовложения с точки зрения соответствия тех хозяйственных возможностей Киргизии, которые имеются, то увидим, что эти капиталовложения не обеспечивают того темпа работ, который диктуется реконструкцией народного хозяйства. Это было установлено комиссией Бабахана по части промышленности. Она в своих выводах отметила, что 250 млн. рублей для пятилетки промышленности недостаточно, что капиталовложения можно увеличить до 350 млн. рублей. Кроме того, при рассмотрении пятилетки и Советом Народных Комиссаров и Комитетом партии была отмечена недостаточность капиталовложений в животноводство. Поэтому необходимо поставить задачи о дальнейшем углублении проработки пятилетнего плана, с учетом увеличения капиталовложения в части промышленности, особенно горнодобывающей ее части, а также животноводства.

Итак, темп роста народного хозяйства, принятый нами в пятилетнем плане, в тех условиях, в которых находится Киргизия, при недостаточном капиталовложении за первые два года пятилетки, является чрезвычайно напряженным, поэтому на выполнение программы строительства за пятилетие нужно обратить особое внимание со стороны партийных организаций, советских органов, а также всей трудящейся массы. В итоге пятилетки создается мощная база для развития дальнейшего развертывания промышленности по переработке продуктов сельского хозяйства. Товарная продукция животноводства увеличивается с 18 млн. в 1927/28 г. до 93 млн. в 1932/33 году и продукция земледелия - с 18 млн. рублей в 1927/28 г. до 103 млн. в 1932/33 году. Наша задача осуществить пятилетний план по промышленности в полном объеме.

Из всего плана, по-моему, надо выделить самые крупные проблемы, заслуживающие внимания не только киргизских организаций, но всей Средней Азии, а также играющие ведущую роль в выполнении пятилетнего плана промышленности Киргизии и Средней Азии. Таковыми являются создание энергетической и топливной базы, организация крупных строительных комбинатов по производству строительных материалов, а также наряду с форсированием развертывания развития промышленности по переработке продуктов с/х усилить изыскательские работы на месторождениях цветных металлов и создание в этой пятилетке предприятий по разработке свинцовых и сурьмяных руд.

Необходимость развертывания энергетической базы диктуется быстрым темпом развития крупного промышленного строительства и реконструкцией сельского хозяйства на социалистических началах (организации крупных колхозов и совхозов).

Потребность промышленности и сельского хозяйства, особенно в хлопковых районах, в электроэнергии велики, но темп электростроительства не поспевает за темпом роста народного хозяйства других отраслей.

Возьмите Киргизию - в октябре месяце 1930 года недостаток в электроэнергии достигает 3 тыс. киловатт, а в конце пятилетия этот недостаток возрастет до 10 тыс. киловатт, а в Средней Азии, особенно в хлопковых районах в электроэнергии потребность очень большая.

Я не буду брать другие примеры, достаточно сказать одно, что выполнение решения ЦК о развертывании хлопководства таким образом, чтобы к концу пятилетия не только освободить от завоза хлопка, но и создать базу для дальнейшего развития промышленности.

Эти директивы ЦК диктует, кроме расширения посевных площадей в хлопковых районах, за счет вытеснения других культур, также поднятия урожайности хлопка. Для того нам обеспечить поднятие урожайности хлопка, предусмотренное пятилетним планом, требуется азотное удобрение, которое можно извлекать из воздуха через электроэнергию.

Энергетическая база Киргизии, базирующаяся на множестве горных рек с быстрым течением, прорезывающим важнейшие хлопковые и зерновые районы Среднеазиатских Республик - огромна, но мы не могли ее еще использовать. Поэтому для того, чтобы разрешить проблему электрификации сельского хозяйства, для того, чтобы производить дешевое удобрение, нам необходимо форсировать в этой пятилетке электростроительство.

Успешно разрешить этот вопрос возможно при условии, если сеть новых крупных электростанций будет рассчитана на одновременное обслуживание всех отраслей народного хозяйства.

В соответствии с этим, правильно намечены в пятилетнем плане 6 крупных районных станций мощностью 384 тыс. киловатт.

Выполнение программы этих строительств явится крупнейшим фактором по реконструкции народного хозяйства не только Киргизии, но и Средней Азии. Особое внимание из этих станций заслуживает Нарынская при азотном заводе могущей дать самую дешевую энергию для извлечения из воздуха азотного удобрения и для электрификации хлопковых районов Ферганы.

Для скорейшего разрешения проблемы создания энергетической базы народного хозяйства - необходимо приглашение высококвалифицированной технической силы и авторитетных научных экспертов и начать изыскательские и обследовательские работы, начиная с этого же года с тем, чтобы приступить к строительству с 1930/31 года.

Необходимость создания топливной базы диктуется не только возрастающей потребностью индустрии, но и сельского хозяйства, транспорта и потребности населения. В деле создания топливной базы Киргизия должна сыграть огромнейшую роль потому, что крупнейшие угольные копи Кок-Янгак, Кызыл - Кыя, Сулюкта, Шураб, входящие в трест «Средазуголь», находятся на территории Киргизии.

Для того, чтобы выполнить эту задачу, которая ставится в области каменноугольной промышленности, с доведением добычи угля до 3 миллионов пудов в конце пятилетия и с 400 тыс. пудов до 1 млн. пуд. в 1930/31 г. - провести ряд кардинальных мероприятий по улучшению и организации транспорта, а также создать электробазы, устройство новых шахт и углубить изыскательские работы в районах, где обнаружены месторождения каменного угля и где окончательно не проведены изыскания.

Областная Партийная Конференция, по-моему, должна дать директиву в отношении транспорта, чтобы в этом году, соответственно с контрольными цифрами, были закончены ветки к каменно - угольным копям (Сулюкта, Кок-Янгак и Нарын).

Другой вопрос - это по отношению дальнейших изысканий. Задача заключается в том, что параллельно с производством изыскательских работ на Юге, усилить изыскательские работы в бассейне озера Иссык-Куль с тем, чтобы в 1930/31 г. окончить изыскания и приступить к предварительной эксплуатации. Я не буду останавливаться на значении каменноугольных копей бассейна Иссык-Куль - это всем известно. В том случае, если результат изыскания будет положительный, то перспективы в этом отношении большие. Они заключаются в том. что бассейн Иссык - Куля явится основной топливной базой Киргизии, а также основной топливной базой Турксиба от Алма- Аты до Арыса со всеми прилегающими районами. 

Сейчас вся разработка строительных проблем упирается в недостаток кадров. Вам всем известно о том, что у нас в Киргизии большой недостаток в кадрах и мы пополняем эти кадры путем приглашения из центральных районов Союза.

Нам пора уже поставить вопрос о выращивании кадров, особенно потому, что в дальнейшем мы не можем удовлетворить возрастающие потребности в квалифицированной инженерно- технической силе и рабочих за счет имеющихся сил в Киргизии без выращивания таковых через профтехнические учебные заведения. Наши хозяйственные организации, имеющие предприятия, этим вопросом не занимаются; поэтому основной задачей является выращивание кадров, главным образом прежде всего, в Киргизии на месте, путем развертывания профтехнических учебных заведений.

Первое - при всех предприятиях необходимо создание фабзавучей, курсов по подготовке и переподготовке квалифицированных работников из местной национальности, а также нами должна быть поставлена задача о создании строительного техникума. Кроме того, мы должны поставить вопрос перед шефскими организациями о том, чтобы они практиковали прикрепление к высококвалифицированным работникам на продолжительное время товарищей для обучения, а также надо практиковать посылку в крупные индустриальные районы работников для переподготовки и др.

Кроме того, надо поставить вопрос перед нашим Наркомпросом, а также перед хозяйственными организациями о том, чтобы они своевременно позаботились о даче заявки на специалистов по разной квалификации, требующихся в пятилетку.

Вот, товарищи, те проблемы, которые я хотел выдвинуть перед Областным Комитетом и Областной Партийной Конференцией.

ЦГАПД, ф. 10,оп.1, д. 234, л. 168-173. Подлинник

Из протокола заседания ВСНХ СССР о производстве разведочных работ на 1929-30 гг. на нефтяных месторождениях Киргизской АССР[37]

4 сентября 1929 года

Слушали: О производстве разведочных работ на 1929-30 г. на нефтяных месторождениях Киргизской АССР

Постановили:

1. Признать необходимым произвести в 1929/30г. разведочные работы на месторождениях, расположенных в пределах Кирг. АССР ( Майли-Сай, Чангыр-Таш и Теке-Бель).

2. Производство этих работ поручить тресту Узбекнефть, согласно имеющегося по этому вопросу соглашения между Кирг. АССР и Узбекнефтью.

3. Отметить, что исчисленная ориентировочная стоимость этих работ в сумме 400 тыс. руб. входит в объем капитальных работ Узбекнефти на 1929/30 г., принятые в размере 3850 тыс. руб.

4. Поручить отделу финансовой политики из сумм финансирования капитальных работ Узбекнефти в 3710 руб. в 1929/30 г. выделить 400 тыс. руб., необходимых для проведения вышеуказанных разведочных работ, с отнесением этой суммы на союзный бюджет, причем точная сумма финансирования должна быть установлена по представлению Узбекнефтью в ВСНХ СССР программы работ и сметы к ней.

Зам. председателя ВСНХ СССР      В.Межлаук

ЦГА Кыргызской Республики, ф. 101, оп. 1, д. 152, л. 85. Заверенная копия

Из протокола Заседания Президиума ЦСНХ Киргизской АССР о расширении гидротепловой станции

10 декабря 1929 года

Слушали: О расширении гидротепловой станции.

Постановили: Констатируя, что рост промышленных предприятий г. Фрунзе значительно опережает электро-строительство, что промышленные предприятия, как существующие, так и находящиеся в стадии строительства, а равно и предполагаемые к постройке, все без исключения, запроектированы с расчетом на полную электрификацию и в случае отсутствия нужного количества энергии, выполнение промышленного плана может быть сорвано, так как из прилагаемой таблицы видно, что по заявкам потребителей требуется на 1 мая 1931 г . 1590 квт, тогда как в данное время имеется только 440 квт, не считая потерь, а с постройкой тепловой станции будет 900 квт, т.е. недостача выражается 690 квт, не считая мелких предприятий и расширения осветительной сети; учитывая недопустимость крупных перебоев в снабжении местной промышленности электроэнергией при имеющейся возможности избежать указанных перебоев путем расширения гидростанции и сокращения срока постройки тепловой станции:

1. Предложить АГЭС» у немедленно же при участии ЦСНХ пересмотреть вопрос расширения гидростанции и представить Президиуму ЦСНХ 2 января 1931 г

2. Предложить АГЭС»у совместно с ЦСНХ договориться с Кир. УВХ принять участие в расходах по строительству канала в размере 650 тыс. руб. т.е. возместить АГЭС»у 50% затраченного капитала и в дальнейшем принять на себя 50% всех расходов по эксплуатации его, расходуя полученные средства от УВХ на расширение гидростанции.

3. АГЭС формировать постройку Тепловой станции с таким расчетом, чтобы она была пущена на 1 мая 1931 г., а не позднее 1 декабря 1930 г., заключив договор с Киргосстроем не позже 20 декабря 1929 г. и приступить к подготовке строительства здания тепловой станции, с расчетом окончания постройки здания не позднее 30 июня 1930 г.

4. Отмечая отсутствие жилых помещений на территории гидростанции, что создает тяжелые бытовые условия для обслуживающего персонала и вызывает нежелательную текучесть аппарата, АГЭСу договорится с жилкооперацией и Наркомтруда о порядке и источнике финансирования постройки жилого дома на территории АГЭС, с расчетом приступа к постройке не позднее весны 1930 года.

5. Отмечая крайне неудовлетворительное снабжение рабочих станции продуктами первой необходимости, просить Правление ЦРК обеспечить рабочих станции бесперебойным снабжением продуктами питания и другими товарами.

6. В связи с отсутствием культурной работы среди рабочих станции ввиду того. что все получаемые средства расходуются на республиканские нужды, просить Кирсовпроф устранить ненормальности и усилить руководство культурной работой среди рабочих станции.

Председатель ЦСНХ Кирг. АССР  Айтматов

Секретарь                       Абдулин

ЦГА Кыргызской Республики, ф.101, оп.1, д. 77, л. 162-162 об. Подлинник.

Докладная записка председателей СНК и ЦСНХ Киргизской АССР председателю ВСНХ СССР[38]    о ходе строительства сахарного завода в Кыргызстане

14 января 1930 года

При обеспечении сахарного завода сырьевой базой, превышающей его потребность на 30 дней больше против нормального производства - 120 дней в году и обеспеченность рынком сбыта продукции и производственно - техническими условиями в целях быстрейшего удовлетворения возрастающей потребности населения Средней Азии в сахаре, при недостатке какового, а также стимулирования развития свеклосеяния, ускорения процесса коллективизации, проведения землеустройства и обеспечения груза железнодорожной веткой Фрунзе - Токмак, строящейся в 1929/30 годы, требует ускорения темпа строительства сахарного завода.

Исходя из этих основных задач, СНК Кирг. АССР считает совершенно слабым и не отвечающим требованиям роста хозяйственно - культурного строительства размер капиталовложения на 1929/30 г, так как из общей суммы капиталовложения на 1929/30 г - 2400, 000 руб, на заготовку стройматериалов и рабочую силу по подготовке к строительству завода предназначено только 900 тыс.руб. без аванса оборудования, занимающего в общем капиталовложении 65% или 7 млн. руб. из общей суммы ассигнований в 11 млн. руб.

Все это создает большую напряженность в строительной работе по сооружению завода и постройке здания в последний год строительства на сумму 100 тыс. руб. и угрожает срывом срока окончания постройки в 1930/31 году, а строительный сезон текущего года остается недостаточно использованным, а также тормозит полное основание отведенных участков в поселках и аулах под свеклосеяние, задержит проведение землеустройства, ослабит темп коллективизации свеклоробов и в связи с этим, - проведение социально - культурных мероприятий.

Сигнализируя об этом и считая совершенно недопустимым затяжку строительства, могущие вызвать вышеуказанные последствия, СНК Кирг. АССР категорически настаивает:

1) На ускорение темпа строительства в рамках сроков, установленных планом с окончанием строительства и пуском завода в эксплуатацию в 1931 г, путем передвижки капиталовложения в следующем порядке:

а) пять миллионов рублей отпустить на строительство в 1929/30 г. с обязательной затратой из этой суммы не менее трех миллионов руб. на заказ оборудования и на постройку здания.

б) шесть млн. руб. в 1930/31 году.

2) Наряду с этим срочно принять меры:

а) к своевременной передаче заказов и воздействия на заводы, исполняющие заказы на оборудование Киргизского сахарного завода, (машины и в особенности турбогенераторы);

б) к ускорению заготовки и отгрузки стройматериалов и доставки таковых к месту строительства до начала строительного сезона;

в) к отправке до начала строительного сезона 1929-30г. грузовых автомобилей, предназначенных для использования по перевозке стройматериалов со ст. Пишпек к месту строительства сахарного завода;

г) к отправке 20 тракторов, т.к. отпускаемые 10 тракторов не обеспечат мероприятий предстоящей весенней посевной кампании.

Только полное и своевременное проведение намеченных мероприятий обеспечит постройку к установленному планом сроку в 1930-31 г. и проведение мероприятий, связанных с ним.

Председатель СНК Кирг. АССР         Исакеев Б.

Председатель ЦСНХ Кирг. АССР       Айтматов Т.

ЦГА Кыргызской Республики, ф.101,оп.1, д.152, л.1-1 об. Заверенная копия

Протокол совещания у председателя ЦСНХ Киргизской АССР Т. Айтматова о постройке железнодорожнойветки Фрунзе – Токмак

31 января 1930 года

Слушали: Вопросы о мероприятиях, связанных с постройкой ж.д. ветки Фрунзе - Токмак.

Постановили:

1. О снабжении фуражем:

а) отмечая оттяжки в заготовке клевера в количестве 47330 кор[39]. за 6 месяцев (январь - июнь), поручить тов. Переплетчику срочно установить районы заготовок и нормы предельных заготовительных цен, с расчетом согласования этого вопроса с Т. Айтматовым не позже 1 сего февраля;

б) принять к сведению заявление тов. Переплетчика, что потребность II участка Турксиба в овсе 187920 кг и ячменя – 93960 кг будет полностью удовлетворена по месяцам в следующих количествах:

январь февраль  мартапрель май   всего

Овес   6000   45480  45480  45480 45480187920

Ячмень  3000  22740 22740  22740  22740 93960

в) принять к сведению заявление тов. Дрозда, что разрешение на заготовку соломы 2 тыс. пуд. и мякины - 1 тыс. пуд получено и к заготовке приступлено.

2. О снабжении продовольствием и промтоварами.

В отношении снабжения рабочих строительства продовольственными и промтоварами поручить тов. Пительскому вызвать представителя ТПО и по приезде последнего разрешить этот вопрос на совещании 6 февраля, совместно с представителями ЦРК и НКТорга.

3. О культурно-бытовом обслуживании рабочих строительства.

В виду непроработанности вопроса культурно - бытового обслуживания рабочих строительства ж.д. ветки Токмак - Луговая поручить тов. Пительскому для окончательного уточнения этого вопроса вызвать представителя Отдела просвещения Турксиба и поставить его 6 февраля на совещании в ЦСНХ.

Одновременно с этим к указанному сроку окончательно наметить пункты скопления рабочих и учреждений на линии строительства ветки.

4. Обеспечение местными стройматериалами

а) в отношении обеспечения строительства кирпичом и камышитом принять к сведению заявление тов. Николаева, что взятые Кирпромкредсоюзом обязательства на поставку кирпича и камышита будут выполнены в сроки, предусмотренные заключенным договором с администрацией 11 участка.

б) принимая во внимание заявление НКТруда тов. Ефимова о вербовке рабочих Кирпромкредосоюзом впредь не производить прием рабочих в организуемые артели, помимо Биржи Труда.

в) принять к сведению заявление тов. Колыванова, что заготовка местного тополевого леса для строительства возможна в районах: Беловодска - 3000 куб. м. и Токмака - 3000куб. м по цене франко - Беловодск - 22 руб. куб. м и франко - Токмак - 30руб. куб. м

Вследствие большой разницы в цене тополевого леса в Беловодске и Токмаке поручить Лесзагу принять меры к понижению заготовительной цены в Токмаке до пределов установленных цен в Беловодске.

г) предложить Кирлесзагу срочно заключить договор с 11 уч. Турксиба на поставку тополевого леса в указанном количестве не позже 5 сего февраля.

Одновременно поручить тов. Колыванову выяснить к 5 февраля возможность заготовки для стройки жердей в тех же районах.

5) Предложить Фрунзенскому кантместхозу и горместхозу прекратить выделение участков и заключение договоров на строительство па трассе, отведенной под постройку ж.д. ветки Фрунзе - Токмак, а заключенные уже договора предложить немедленно расторгнуть.

Вопросы, затронутые в пункте 2 и 3, а также снабжение рабсилой рассмотреть 5 сего февраля на совещание ЦСНХ.

Председатель                     Айтматов

Секретарь                          Горшков

ЦГА Кыргызской Республики, ф.101, д. 80, л. 123-124, Заверенная копия

Из протокола заседания СНК Киргизской АССР о строительстве аэродрома в Киргизской АССР

24 февраля 1931 года

Слушали: О строительстве аэродрома в Кирг. АССР.

Постановили:

Для обеспечения выполнения намеченного пятилетним планом развития гражданского воздушного флота и в частности программ работ на 1931 г. Совет Народных Комиссаров Кирг. АССР постановляет:

1. Все работы Всесоюзного объединения гражданского воздушного флота в пределах Киргизской АССР перечислены.

2. Выполнение строительных работ Граждвоздухофлота в пределах Киргизской АССР возложить на Госстрой и объединение Киргизской АССР, обязав Госстройобъединение все работы по строительству закончить точно в сроки, предусмотренные производственными планами Среднеазиатского управления Граждвоздухофлота.

3. Производство и выполнение земляных работ по устройству, расширению и планировке аэродромов и посадочных площадок возложить на Главдортранс Киргизской АССР, обязав его закончить их точно в сроки, предусмотренные производственными планами Среднеазиатского управления Граждвоздухофлота.

4. Предложить Наркомтруду Киргизской АССР обеспечить строительство и земляные работы по устройству и планировке посадочных (Площадок) потребной рабочей силой и техническими специалистами в размерах потребности, предусмотренной планами строительства и эксплуатации Граждвоздухофлота.

5. Предложить Наркомснабу Киргизской АССР обеспечить снабжение строительства и земляных работ по устройству и планировке аэродромов и посадочных площадок, а также и изыскательные партии необходимым хлебофуражным довольствием во всех пунктах капитального строительства в каждом отдельном случае применительно к району работ.

6. Распространить на летноподъемный, технический и специальный состав среднеазиатских предприятий Граждвоздухофлота право получения из резервного фонда Наркомснаба диетического пайка, установленного для летноподъемного и технического состава военно-воздушных сил Наркомвоенмора по спискам, представленным Среднеазиатским управлением Граждвоздухофлота.

7. Поручить Наркомату РКИ Киргизской АССР через 3 месяца со дня издания настоящего постановления произвести проверки выполнения сго ведомствами и о результатах поставить в известность Совет Народных Комиссаров и Упол. НК РКИ по Средней Азии.

Председатель[40] Айтматов Т.

Управ, делами СНК Кирг АССРБессарабов

ЦГА Кыргызской Республики, ф.101, оп.1, д.293, л. 368-368 об. Заверенная копия  

Фотосүрөттөр

Айтмат чоң ата. Сабиджан Бабаджановдун сүрөтү

Айымкан чоң эне. Сабиджан Бабажановдун сүрөтү

Т.Айтматов билим алган орус-тузем мектебинин директору - Абжалбек Чолпонкулов (солдон 1-катарда төртүнчү болуп отурат) Ташкенде мугалимдер семинариясында окуп жүргөн мезгили.

Ысык-Көлдөгү пароходдун биринчи рейсин ачуу. 1926-жыл

Кыргыз АССРинин жетекчилери (алдынкы катарда солдон биринчи Т.Айтматов, үчүнчү –Кудайбергенов, андан соң –Шубриков, Саадаев, Ж.Абдрахманов, соңку Т.Бечелова, экинчи катарда бешинчи Э.Эсенаманов) . 1926-жыл.

Төрөкул Айтматов, өнөр жай министри болуп иштеп турган мезгили. 1929-жыл.

Айтматовдордун үй-бүлөсү. Ош шаары, 1934-жыл.

Үй-бүлөсүнө жазган акыркы каты. 1937-жыл, 26-ноябрь

Айыптоо корутундусу.

1991-жылы Чоң-Таштагы көрүстөндөн табылган. Камакка алуу үчүн үйүн тинтүүгө уруксат берген ордер. Москва шаары, 1-декабрь 1937-жыл

Дүйнөдөн кайткандыгы тууралуу күбөлүк. Фрунзе шаары, 1957-жыл

Акталгандыгы тууралуу маалымкат. Фрунзе шаары, 1957-жыл

Төрөкул Айтматовдун аскердик билети.

Шекер айылынын мектебинде Т. Айтматовдун айкелин ачуу.   1987-жыл

Ата-Бейит

Төрөкул атанын балдары Нагима апанын 90-жылдыгында. 1994-жыл.

1938-жылдын 8-ноябрындагы репрессия курмандыктарынын жалпы көрүстөнүнүн орду. 2005-жыл

[1] Төлөн Насердинов, Ата журт. Эскермелер, изилдөөлөр, чыгармалар, Б.2004, 313-б.

[2] Роза Айтматова, Асан Ахматов, Человек жив до тех пор пока  нем помнят люди, Б.2018, 154-б.

[3] Төрөкул Айтмат уулу, Б.1993, 66-б.

[4] Год издания - 2007

[5] Ф.688,оп.. 1, ЕД. ХР. 179, Л.1

[6] К.К.Каракеев, Адал кызмат. Төрөкул Айтмат уулу ,Бишкек, 1993ж, 11 б.

[7] К.Даниярова Базаркул Данияролв- первый педагог, стр 149

[8] Жусуп Абдрахманов, 1916, Күндөлүктөр, Сталинге кат . Б.2016, 259-б.

[9] Большая Сорветская энциклопедия, т.10, 266 стр., М.1975

[10] Сталин И.В. соч.т.13. с.39

[11]  Большая Советская энциклопедия, 21 том, стр285, М. 1975

[12] Жусуп Абдрахманов, 1916, Күндөлүктөр, Сталинге кат . Б.2016,  127-б.

[13] Жусуп Абдрахманов. 1916  Күндөлүктөр Сталинге катБ.2010, 187-б.

[14]Ошондо эле, 386-б

[15] ЦГАПД, ф. 10.оп. 1д. 234, л. 168-173. подлинник

[16]Жусуп Абдрахманов. 1916 Күндолүктөр Сталинге кат Б.2010, 390-б.

[17]ЦГАПД ,ф.10, оп.1. Д. 234, л.168-173. Подлинник

[18] ЦГА Киргизской Республики, ф.101, оп.1, д. 77, л. 162-162 об. Подлинник

[19] Ошондо эле

[20] Жусуп Абдрахманов 1916 Күндөлүктөр Сталинге кат Б. 2016,152-б.

[21]ЦГА Кыргызской республики, ф. 1о1, оп. 1, д. 152, л. 1-1 об. Заверенная копия

[22] ЦГА Кыргызской республики, ф. 1о1, оп. 1, д. 80, л. 123-124. Заверенная копия

[23] Р.Айтматова Белые страницы истории. Б.2013, с. 50

[24]Ошондо эле

[25] ЦГА Киргизской Республики, ф. 101,д. 293,л. 368-368 об.Заверенная копия

[26] ЦГАПД. Ф.10, оп.1, д. 234, л. 168-173. Подлинник

[27] Жусуп Абдрахманов 1916 Күндөлуктөр Сиалинге кат Б.2016, 386-б.

[28] Жусуп Абдрахманов 1916 Күндөлуктөр Сиалинге кат Б.2016, 236 - б.

[29] Ошондо эле

[30] ЦГПАД, ф. 278, д. 27, л.14-16. Заверенная копия.

[31] ЦГПАД, ф. 10,оп.1, д. 619, л. 5. Подлинник

[32] Институт Красной профессуры (Кызыл профессура институту)

[33] Архив управления ФСБ РФ по РС(Я), следственное дело №707 по обвинению Аммосова. Т. 2. - Л. 253

[34] Ошол эле жерде

[35] Ошол эле жерде, -Л. 254

[36] Шестая областная партконференция ЦК Киробкома ВКП(б)  проходила 8-16 июля 1930 г.

[37] На заседании принимал участие председатель ЦСНХ Кирг. АССР Т.Айтматов

[38] Копии письма также адресованы: СНК РСФСР (т. Сырцову), Кирпредстьву, Правлению сахаротреста.

[39] Так в тексте

[40] Имеется ввиду председатель заседания СНК Кирг.АССР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз