Жепирейген үйлөрүнүн саны он түтүндөн ашпаган чакан кыштакта өтө карыган кемпир жашаптыр. Анын абда-ан эскирген жаман тамы кулаганы калганда жакшы кишилер табылып, жыгач дубалынын туш тарабына тирөөч коюп беришет. “Үйүм куламакчы болгондо тиреген кишилер чыкты, өзүм кулаганы калдым, ким жөлөр экен...” - деп бүтпөс санаада күн кечирип, өлбөстүн күнүн көрүп жүрөт бул кемпир.
Бир күнү бул кыштак аркылуу пан өтүп баратып тааныш кемпирди көрүп таң калат:
- Сен дагы эле тирүүсүңбү?
- Тирүүмүн урматтуу пан, тирүүмүн. Ажалым жетпей жатат, - дейт кемпир кемшеңдеп.
- А сен канчага чыктың?
- Мен өз жашыма санак жүргүзбөйм, пан.
- Кантип анан жан багып жатасың?
- Кантип жан бакмак элем! Минтип жашагандан көрө өлсөм болмок. Иштегенге күчүм жок, мени бага турган балдарым, небелерим небак өлүшкөн. Күзгү талаадагы коко тикендей болуп, бул дүйнөдө коколой башым калды. Бир сындырым нан берерге кишим жок. А сен паным, мен байкушка кандай жардам бере аласың?
Пан сараң болчу. Өз өмүрүндө эч кимге жардам берип көргөн эмес эле. Ал ойлонбой туруп мындай дейт:
- Сен эмне үчүн эмчи-домчулук кылбайсың?
- Андайга шыгым жок, паным.
- Кел, мен сага үйрөтөйүн.
- Мейли, үйрөтсөң үйрөтчү паным. Бул дүйнөдө бекер жашап өтпөгөндөй болоюн.
Пан эңкейе калып, эптеп кутулуунун аргасы кылып тамаша иретинде кемпирдин кулагына шыбырайт:
- Сени оорулууга чакырышканда анын бетине катуу үйлө да: “Бечел бар, бечел жок! Кесел бар эле, кесел жок!” - деп үч жолу ичиңден күбүрө, кайра дагы катуу үйлөп, дагы күбүрө. Ушинтип үч жолу кайталаган соң батаңды жакшылап берип, айыгарына абдан ишендирип, акыңды алып кетирип жибер. Кокусунан айыгып кетсе – сени макташат, а айыкпай калышса, өзүлөрүнөн көрүшөт.
Бул акыл кемпирге жагып, пан үйрөткөндөй жол менен эмчилик кыла баштайт. Пан айткандай кокусунан айыгып кеткендер аны даңазалашат, айыкпагандар өзүлөрүнөн көрөт. Ошентип кемпирдин даңкы алыска угулуп, саламаттыгы үчүн колдо барын аябаган эл агылып келе баштап, жашоосу оңолот. Эми кемпирдин жашоосу бал татып, өлгүсү келбей калат.
Пан бир күнү аңчылыкка чыгат. Күн суук болчу. Ал күнү бою койондордун артынан кубалаган тайгандарын айдактап айкыра берип тамагына суук тийип, алкымында шишик пайда болуп, кыскасы катуу ооруп калат.
Анан жан далбаса кылып барбаган табыбы менен дарыгери калбайт. Бирок тамагындагы мына-мына дагы чоңоюп, биротоло муунтуп салчудай болгон чоң шишикти эч ким жок кыла албайт. Аялы болсо коңшу айылдагы эмчи-домчулугу менен атагы катуу чыккан кемпирди чакырууну улам сунуштай берет. Пан болсо уккусу да келбейт. Анткени бул кемпирдин эмчилигин ал билет да. Бирок аялы улам айта берип, акыры көпкө чыдабай кемпирдин келишине макул болот. Эмчини атайын араба жиберип алдырып келишет. Ал араң дем алып, өлөр көздөнүп калган панды көрө баштайт. “Бечел бар, бечел жок! Кесел бар, кесел жок!” - деп күбүрөнүп, бир кезде өзү тамашалап үйрөтүмүш эткен сөздү айтып, улам бетине үйлөгөн кемпирди угуп-көрүп жаткан пандын абдан күлкүсү келет. Бирок эптеп карманат. А кемпир эч нерсеге көңүл бурбай күбүрөнө берет. Акыры пан чыдай албай катуу каткырганда, алкымындагы шишиги жарылып, ошол замат дем алуусу жеңилдеп, оорусу сен көр, мен көр жок болуп кетет.
Эми пан кемпирди өлүмдөн алып калганы үчүн чын дилинен алкап кирет. Кемпирдин касиетине ишенип калат.
Ошентип өзү өлмөк тургай башкаларга да ден-соолук тартуулаган кемпир дагы көпкө жашайт.