Аким Кожоев: Күзгү

  • 17.12.2020
  • 4154

АҢГЕМЕ

Анын сүйүүдөн өмүрү жолу болбоду. Ал жаралганда эле жылдызы ошондой таалайсыз жанган окшойт. Анын шору, өзү ашкере ырайсыз экендигине карабастан, аял затын өзгөчө аздектегенинде (кыялында, ой-сезиминде болсо да), аялга бүт туруш-турпаты, жан дүйнөсү менен берилип сүйгөнүндө эле. Ургаачыга болгон эркектик сезими ойгонгон күндөн баштап, тагыраак айтканда, көкүрөгү төмпөйүп, көздөрү ойноктогон өзү кырдуу кыздарды көргөндө делебеси козголуп, башына кан тээп, жүрөгү элеп-желеп болуп соккон учурдан баштап, анын өмүрүнүн көбү аялды ойлоо менен өтө турган болду. Ойлогондо да аялды дүйнөдөгү эң бийик, эң асыл, эң назик жана эң сымбаттуу нерселерге салыштырып ойлой турган болду. Ээн төшөктө, караңгы түндүн коюнунда жатканда аялга арналган анын фантазиясына чек жок эле.

Алгач мектепте бир кызды сүйдү. Анын сезими ички дүйнөсүнө батпай, көкүрөгүн жара тээп чыкчудай болуп турганда да, ал арзыганын тик багып карай алчу эмес. Кээде гана, жанында эч ким жок болгондо, ага уурданып бакчу, толкундангандан жүрөгү туйлап, тымызын көз агытып, тое-тое тиктеп алаар эле. Бул бир кирпик ирмемдик көз карашта канчалык жылуулук, канчалык назиктик менен айтып бүткүс берилүү камтылганын сөз менен баяндоого мүмкүн эмес болчу. Ошол күнкү анын кубанычы, мелт-калт болуп ашып-ташып турган кубанычы үйүнө барганда, тагыраагы, апасы экөөсү уктоочу бөлмөдөгү дубалдын боорунда илинип турган апасынын күзгүсүн көргөндө заматта тарап кетчү. Дегинкиси, күзгү - анын дүйнөдөгү эң ашынган душманы. Балким күзгү болбогондо ал мынчалык бактысыз болмок эмес. Анан калса, жер үстүндөгү бардык күзгүлөр чагылып, бырчыланып кетсе да, адамдардын колунда бир да күзгү аттуу калбай калса да, анын кылы кыйшаймак эмес. Ага акыл-эс кире баштаган күндөн баштап, ал күзгүгө каранганды өлө жек көрчү.

Бирок мындай күндөрү, тактап айтканда, сүйүүгө эс-мас болуп, күзгүнү гана эмес, өзүн да унуткан күндөрү, кокусунан күзгүнү көзү чалып калса, жыланга арбалган чымчыктай, күзгүдөн кача албай кармалып калчу. Алгач өзүнүн кебетесинен, өзүнүн түсү-туркунан өзү чочуп кетээр эле. “Ыя, ушундай да түрү суук адам жараларбы?”- деп өзү таң калчу. Бирок кийин бул адамдардын үрөйүн алыш үчүн же адамдарга тамаша болсун үчүн атайын жаратылгандай болгон өзү экендиги мээсине жеткенде күзгүгө маталып калгансып, көпкө тиктечү. Татаал бир механизмди талдап-анализдеп жаткандай жүзүндөгү ар бир органды өз-өзүнчө узакка баамдап, байкаштырып, кала берсе сыпаттап чыгаар эле. Көздөрүнүн кыйшыктыгы, кулагынын чүрүштүгү, маңдайынын ашкере дөңдүгү, кемирилип калгансыган ээгинин кемтиктиги, кудум жарымын кесип алгандай мурдунун бучуктугу, жел жегендей беттеринин чөкүрлүгү, койчу, ушулардын баарысы көпкө чейин анын баамынан өтчү.

Аны бирден бир таң калтырганы – бет түзүлүшүн түзгөн ушул мүчөлөрүнүн бирөөсүнүн дагы кымындай башкалардыкына окшобогону. Бир дагы мүчөсү өзүндө же башкаларда кандайдыр жагымдуу маанай жаратпаганы. Маселен, кай бирөөлөрдүн көзү алчы болгону менен кашы же кирпиги кынтыксыз жаралган. Айрым кыздардын же балдардын мурду одоно чоң же узун, бирок көздөрү же бөйтөйгөн эриндери өзүнө тартып турат. Жок, мында алардын бири жок. Бул табияттын же жараткандын тамашасыбы – буга акылы жетчү эмес. Анан көчөдө капыс өзү сыяктууларды жолуктуруп калса, кадалып калмай адаты бар. Бирок ушул күнгө чейин - отуздан ооп, кыркка чамалап барат – түрү сууктугу боюнча өзүнө тең келген бир да бирөөнү учурата элек. Ким билсин, жазып-тайып келбети биринчи көргөн жанды көзүн ала качууга мажбур кылган өзү сындуулардан жок дегенде бирөөнү учуратып калганда, мынчалык сары-санаага батмак эмес.

Анын атасы жок эле. Акыл-эс жагынан акылы тайкыраак апасы окууну бүтүп-бүтпөй жатып, айылдык балдардын көбүнүн көңүлүн алып жүрүп, “өзүнө жүк ашырып алган”. Бирок ал “жүгү” тирүү жанга айланып, курсагын чирене тээп, туйлай баштаганда да, кийин сааты жетип, ыңаалап жарык дүйнөгө келгенде да атасы табылбады. Ырасында, энчини кимден алып калганын апасы өзү билбейт.

Анын балалыгы бактылуу дебесек да, тек, эсте калаарлык өттү. Тырмактайынан бирге жүргөнгөбү, же күндө көрө берип көнүп бүтүшкөнбү, айылдык теңтуш балдар анын жагымсыз үрөйүнө карап келекелеп, же бөлө беришчү эмес. Мектепте да башка кыштактардан келген балдар-кыздардын анча-мынча шакаба кылганы болбосо, окуучулук доору ойдогудай дебесек да, дурус эле болду. Баса, анын окуучулук өмүрүн кыйла жеңилдеткен бир касиети жөнүндө айта кетпесек болбос. Эң кызыгы, мектеп босогосун аттаган алгачкы күндөн баштап эле, ал классташтарынан озунуп кетти. Адамдыкына анча окшой бербеген чүрүшкөн кулактары менен ал мугалимдин айтканын илгиртпей илип кетип, алдыңкы сапта жүрдү. Анын мындай зиректиги, баамчылдыгы кээде мугалимдерди да таңдантчу. Анын үрөйсүз ырайын анча байката бербеген же окуучуларды өзүнө көндүргөн дагы бир өзгөчөлүгү – сабак боюнча жардам сурап кайрылгандардын тегиз баарына көмөктөшкөнү.

Классташтарына мунун андай керектиги (же зарылдыгы дейбизби), аларды анын ашкере суук жүзүн көрмөксөн, байкамаксан болууга мажбур кылчу. Мектептен кийинки бош убактысын тайатасынын чарба жумуштары менен тайенесинин үй тиричилигине жардам берүүгө жумшачу (жерден боорун көтөрүп, там-туң басып калганда, апасы бирөөгө тийип кетип, тайата-тайенесинин колунда калган); аны кичинекей кезинде тайата-тайенеси түк эркелетчү эмес, өз кандарынан бүткөндүгүнө карабастан, адамдан башка тири укмуш жаралган немерсени бир боор катары кабыл алгылары келбей жүрүштү окшойт. Анан да никесиз төрөлгөндүгү үчүн жек көрүнчү. Ансе да жыл өткөн сайын, арамдан туулган бала каруу-күчкө кирип, кол арага жарай баштагандан бери, тайата-тайенеси аны мурдагыдай кагып-силкпей, өтмүшүн болду болбоду эскере беришпей, бир аз жумшарган болушту.

Бир нерсени бүлдүрүп койсо же башка бир тентектик кылып койсо, токтоно албай: “Шайтандын сийдиги”- деп кыйкырып ийчү адатын да тайатасы бара-бара таштады. Үйдө жалгыз калган адамдар итке же мышыкка да кадимкидей үйүр алып, көнөт эмеспи. Бул жаныбарлар бир эле күн жок болуп калса, алардын жашоосу бүтүндөй маани-маңызын жоготот. Ушул сыяктуу үрөйү суук жалгыз неберелери канчалык көздөрүнө өөн учурса да, жаштары улгайып, жалгыздыктын торуна түшө баштаган чал-кемпир буга аста-аста ылым санап көнө баштады. Анан не айла кылышмак, жараткан аларга уулдан айтпады, болгону эки кыздуу болушту. Улуусу эбак үй-жайлуу болуп, орун-очок алган. Береги кичүүсү шойкомдуу чыгып, жалпы журтка уят кылды. Али да тынган жери жок, өзүнө окшогон бир оңбогурдун колун кармап кетти эле, тез эле ажырашып, экинчисине, үчүнчүсүнө тийди. Башынан бак айтпаганга кийин да бак бербейт окшойт: арамдан бүткөн ушул тун уулунан башка ал бала көрбөдү.

Арасаттын (кебетеси адам десе адамга окшой бербеген, же башка бир макулукка окшобогон небересин алар ушинтип атап алышкан) тайата-тайенесине жаккан дагы бир жери – ал башкалардын балдарындай болуп оюнга көп берилчү эмес, тек ойногон кезде гана ойноп, калган учурда күйпөлөктөп алардын жанынан чыкпайт. Анан да анын элпектигин айтпайсыңбы – ээсине берилген күчүккө окшоп, дайым буйрук угуп, бир демде аткарууга даяр турчу. Ал эми кээде катуу ойго батып кеткендей же өзүн гана эмес, бүт ааламды да унутуп калгандай кыймылсыз отуруп калышы тайата-тайенесине маңыроолуктун белгиси катары көрүнгөнү менен анын эч кимге айтылбаган, эч ким билбеген купуя, сыр дүйнөсү бар эле. Үйдө жалгыз калган күндөрү (тайаталары бир жакка коноктоп же жумуштап кеткенде), же кокус бир жактан түн катып келатса, же мал багып жайлоодо жүргөндө ал асмандан көзүн албай, арбалып калганы бир укмуш болчу.

Ырас, асман мейкиндигин, андагы жыбыраган жылдыздарды көргөндө ал бир керемет сырды көргөндөй же бир ажайып кооз нерсени көзү чалгандай кадалып, катып калар эле. Айрыкча ал кыш мезгилинде асманды тиктегенди өзгөчө жактырчу. Чыкыраган чилдеде асмандын көгүндө бир дагы киргилт калбайт, анан да жылдыздар жерге жакындай түшкөнсүп, оголе жарык, даана көрүнөт. Баарынан да аны айран калтырганы, акыл-эси менен жан дүйнөсүнө улам-улам бүлүк салып, тынчтык бербей келген нерсе – жылдыздардын эсеп жетпегендей укмуш көптүгү болду. Кыштын күнү көк мелтей муз болуп катып калганына, жайдын күнү болсо таң атып кеткенине да кайыл болуп (эртеси таң азандан өзүнө жараша күнүмдүк тирилик күтүп тургандыгына карабастан) мындай айсыз түндөрү ал жылдыздарды саноого далалат кылчу. Бирок канчалык тырышып, аракет кылбасын, эч качан эсебинин аягына чыга алган жок. Себеби санап өткөн жылдызынын ордуна кайра бир жылдыз пайда боло берчү, аны да санакка кошсо, дагы бирөө чыга калып, чаташтырчу. Ошентсе да ал жылдыз санагандан тажачу эмес. Анын балалык кыялында жылдыздар мүнөт санап туулуп тургандай элес калтыраар эле. Анан да ал чалкалап жатып алып, дым тартпай көк асманга телмиргенди жакшы көрчү. Ал чексиз асмандын көк деңизин канчалык теше тиктесе да моокуму канчу эмес, адамдын акылы жете бербеген бул табышмактуу көкмөк ааламдын сулуулугуна такыр көзү тойчу эмес. Ал үчүн учу-кыйырсыз асман да, эсеп жеткис жайнаган жылдыздар да дайым аны арбап турган, балалык кыялын тынымсыз алып-учуп, удургутуп турган өзүнчө сырдуу дүйнөгө окшочу. А эгер кийинчерээк, ал чоңоюп калганда, астрономиядан окуткан мугалими тарыхчы болбой, өз кесибин мыкты билген асман адиси болгондо, балким бул көк дүйнөнүн ал үчүн бир кыйла табышмагы чечилип, анча кызыктырбай калар беле, ким билсин. А балким ошондой болбой калганы дагы жакшы болгон чыгар.

Жок, бала кездеги анын дагы бир ашкере кастарлаган нерсеси, балалык кыялынын дагы бир жомогу жөнүндө айта өтпөсөк болбос. Тайенесине кошулуп жайлоого чыгып жүрүп, ал өзү үчүн дагы бир сырдуу дүйнөнү, сулуулугуна, кооздугуна чек жок дагы бир керемет дүйнөнү ачты. Ал кокустан гүлдөрдү сүйүп, гүлдөргө арбалды. Бир күнү журттан бир топ алыстагы кыраңга кой жайып барып, жер бетин бербеген сан гүлдөрдүн көптүгүнө, алардын бири-бирине такыр окшобогон түрлүү-түмөн кооздугуна таң калып, оозу ачылды. Ааламда ушундай сулуулук бар экендигине, өмүр бою тигилип караса да адамдын көзү тойбогон гүлдөрдүн ушундай укмуш мекени бар экендигине ал ишенбей турду. Мунун баары түш сыяктуу, бир ажайып бейиш түшү сыяктуу сезилди ага. Анан ал ошол эле күнү түрлүүдөн-түрлүү тандап, кучак толтура гүл терип, тайенесине алып барды.

Ал ошондо дүйнөнүн бар байлыгы менен сулуулугун кучагына катып алгансып, мурду көөп кубанганын айтпа! Бирок тайенеси болбоду дегенде баланын көөнү үчүн да аны алкап, сүйүнтүп койбоду. Байкуш баланын гүл сунган колу сумсайып кала берди.

- Мага дүйнө таап келгенсип, мунун мардайганын кара! - деди тайенеси какшыктуу.

Тайенеси албай койгон гүлдөрдү ал кичинекей чакага салып, тамырларын көмө суу куюп, боз үйдүн бир бурчуна коюп койду. Чырактын жарыгында жакшы көрүнбөсө да ал көзү илинип кеткиче гүлдөргө карап коюп жатып, уктап кетти. Эртеси көнгөн адаты боюнча уй айдар маалда ойгонуп караса – чака да жок, гүлдөр да жок. Ордунан атып туруп, ботысын да кийбестеп шашып сыртка чыкты. Муну кылган тайенеси экендигин билип турса да анын жанына даап бара албай, тияк-быякты издеп, үйдү айлана берди. Бир кезде торпоктор байланган казыктардын арыраагында көңгө аралашып жаткан гүлдөрдү көрдү. Тайенеси ошол эле жерде акыркы уйун саап атканына карабастан, учуп барып чачылып жаткан жеринен алардын бирин калтырбай терип алды.

- Ой! Сен жинди болгонсуңбу, покто жаткан гүлдөрдү терип! Ташта нары! Эй, жувнамарык! Алдагы бутуңду кара – эми үйдү гөрүңө коесуң го! Бар шыйрактарыңды тазалап, тез кийинип чык, уйларды айдайсың! – деп зекиди тайенеси.

Бирок тайенеси сааган сүтүн сүзгөнү үйгө алып кирип кеткенде, ал гүлдөрдү үйдүн артына алып өтүп, чоң таштын түбүнө жашырууга үлгүрдү. Уйларды кыр ашырып айдап, торпокторду агытып, кой артынан жетпеген козу-улактарды алып калгандан кийин Арасат гүлдөрдү баягы жерден алып, өзөндүн боюна барды. Ал өзөн бойлото өскөн карагандардын арасынан ары нымдуу, ары чиринди аралашкан көңдүү борпоң жер таап, ошерге гүлдөрдү тобу менен отургузуп койду. Эми күндө бир маал, убакыт тапса эки-үч жолу келип, алардан кабар алып жүрдү. Сабагы нымга тийип, бойлоруна суу жүгүргөн немелер жанданып, кадимкидей өздөрүнө келе түштү. Муну байкаган Арасат сүйүнгөнүнөн ааламга батпай, кудум асманга көтөрүлчүдөй тик-тик секирип ийди. Тилекке каршы, анын кубанычы көпкө созулган жок. Үч-төрт күндөн кийин гүлдөр соолуй баштады.

Алгач үлбүрөгөн назик гүл баштыкчалары тартылып, чүрүшө баштаса, кийин бардык жалбырактары акырындык менен карарып, куураганга кирди. Муну көрүп чыйпыйы чыккан Арасат бутак-шак аралаш узун чөптөрдөн үзүп келип алардын үстүнө көлөкө кылып жапты. Бирок кандай айла кылбасын, жанын-жанга сабап ал канчалык аракет кылбасын, күн санап гүлдөр өлө берди. Муну көрүп турган Арасатка гүлдөр эмес, өзүнүн балалык дүйнөсү өлүп жаткандай, мореки саргайган жалбырактар менен кошо өзүнүн жан дүйнөсүнүн назик кылдары үзүлүп түшүп жаткандай туюлду. Ушунун баарына өзүн күнөөлөп, тиги ааламда теңдеши жок кооз, назик гүлдөрдүн соолуп жатышына өзүн аеосуз айыптап, чексиз бушайман болду. Ошондон кийин ал гүл тергенди, гүл үзгөндү койду: канчалык жакшы көрүп, кадимки наристедей таңыркап, суктанып турса да ал даап үзө алчу эмес.

Атүгүл бир дагы гүлдү үзүүгө колу барбай калды. Эми гүлдөргө кол тийгизбестен тек гана көзү менен сүйүп, көзү менен суктанып жүрдү. Кийинчерээк, өзү бой жетип, тайенеси оорукчан болуп (бир чети картая баштап) жайлоого жарабай калганда, малдын нөөмөтүн өткөрүү үчүн өзү жалгыз чыгып жүрчүдө гүлдөр жөнүндө анда мындай бир кызык ой пайда болду. Кимде-ким болбосун, мейли ал жалгыз гүл үзсүн, ал гүл арналган адамы гүлдөн да назик, гүлдөн да сулуу, гүлдөн да улуу болуш керек деген бүтүмгө келди ал. Башкача айтканда, гүлдү алган адам гүлдүн гүл экендигин билиши, түшүнүшү керек. Гүл кармаган адамдын да жан дүйнөсү гүлдөй назик, гүлдөй кооз, гүлдөй үлбүрөгөн сезимтал болууга тийиш. Ансыз анын гүл алууга акысы жок. Албетте, ал минтип айта албаса да, көкүрөгүнөн ушул өңдөнгөн сезимдерди өткөрүп, башына ушул сыяктуу ойлор байырлады. Өзүнүн жашоосунда гүл алар ушундай татыктуу адамы жоктугуна өкүндү.

Заман оош-кыйыш болуп, ит ээсин, ата баласын, бала атасын тааныбай калганда, Арасат апасы экөө дагы дүрбөгөн элге кошулуп, борборго карай жол тартышты. (Эскерте кетсек, тайата-тайенеси көз жумуп, тууган апасы акыркы эринен ажырашып келип, экөө чогуу жашап калышканына кыйла жыл болгон). Бул бир чети, “эл дарбыса - эшек кошо дарбыйт” дегендей болсо, экинчиден, айла кеткендеги амал эле. Маркум болушкан чал-кемпирдин үйүнө кошуп, азын-оолак калган мал-мүлкүн сатышып, борбор шаардын четинен жепирейген тамга ээ болушту. Адегенде эле шаар ага жаккан жок. Ал үчүн баарысы чоочун эле: жол катар тизилген заңгыраган тамдар да, көчө-көйдү бербеген кишилер да, кудум күзгүнү элестеткен жылмакай жолдор да, дегинкиси, баары, баары... Аны өзгөчө өкүнткөнү, келген күндөн баштап, сарсанаага салган эки нерсе болду. Алар - адамдар менен бул жердин асманы эле. Ал кайда жүрбөсүн, кайда болбосун аны биринчи көргөн адам жалт карап, чочуп кетчү. Анан кадимки мүйүздүү шайтандын өзүн же башка бир жомоктогу жексур макулукту көргөндөй, таң кала, кадалып калышат.

Ким билет, мүмкүн айрымдарынын жүрөктөрү ооздоруна кептелип, жакаларын карманар – муну ал байкай алчу эмес, анткени мындайга кабылар замат ал көздөн кайым болууга шашылчу. Ошол себептүү, шаарга келген алгачкы күндөн баштап эле өтө зарыл жумушу болбосо элдүү жерлерге барчу эмес. А эгер көчөдө жүрүп калса, адамдарга оро-пара келбеш үчүн алыстан байкап туруп, кайчылаш келаткандардан качып өтчү. Бирок шаар деген шаар, мында дайым элден качып жүрүп жашай албайсың. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы күндө жок дегенде бир нече киши менен жүздөшүүгө туура келет. Адамдардын мындай авазкөйлүгүнөн тез эле жалкып бүткөн Арасат аларды күзгүгө салыштыра турган болду. Болгондо да тирүү, басып жүргөн күзгүгө салыштырды.

Буга кошул-ташыл болуп, шаарга келгени ал айылдык асманынан, эң бир аруу, эң бир кымбат дүйнөсүнөн ажырап калгансыды. Чынында, шаардын асманы таптакыр айылдыкына окшобойт эле. Качан болсо бозомук тартып, күңүрттөнүп турат. Анан кышында да эч бир өзгөрбөйт: аза күткөнсүп дайыма киргилт,  дайыма түнөрүнкү. Жылдыздарды айтпайсыңбы, бир да бирөө айылдагыдай жаркырап жанбайт, чексиз кубаныч тартуулагансып, бир да бирөө күлмүңдөп турбайт. Дагы бир жактан мында жылдыздардын саны азайып калгансыйт. Дегинкиси, шаарга келгени бул эки нерсе аны катуу бушайманга салып, жашоосун тозокко айландырды.

Бирок көп өтпөй шаардын бир нерсеси аны төтөн азгырып, ашкере өзүнө тартып, ой-кыялын толук ээлеп алды. Ал – шаардык кыздар эле. Айылда жүргөндө ал мындай бар тарабы төп келишкен сулууларды теңтуш балдардын үйүнө жумуштап кире калып жүргөндө гана телевизордон (өздөрүндө телевизор жок болчу) анда-санда көрүп калчу. Калп айткан менен болобу, айылда да кашы-көзү келишкен, кирпиктери кудум атайын терип койгондой адеми кыздар көп дечи, бирок шаарлыктардай алардын ичинде бой-келбеттери келишкендери чанда. Карасаң, булардын дээрлик көпчүлүгү сүмбөдөй болуп чыкыйышат, буттары да кудум куурчактыкындай кыйшык-мыйшыгы жок, түп-түз. Анан адегенде эле аларды көргөндө көзүңө тысырайып, толуп турган көкүрөгү урунат. Жигиттик курагы бышып жетилип, эркектик кубаты жанына жай алдырбай, от болуп жүргөнүнө карабастан, аялга жоломок мындай турсун, колун кармап көрө элек неме тигиндей кыз-келиндерди көргөндө от болуп жанчу.

Шаарга келгенден кийин, үйдөн арткан акча менен апасы экөө бир топко жашашты. Шаардын азгырыгынан башка да азабы бар экенин алар акчалары түгөнгөндөн баштап сезе башташты. Апасы экөөн таң калтырганы, мында анча-мынча кем-карчты коңшу-колоң дегендерден ала коймой адат жок экен. Айылда жаңы көчүп келген адам менен бир-эки күндө эле таанышып, кадимкидей ичи-койнуна кирип кетесиң. А бу жерде болсо жашагандарына мына алты айдын жүзү боло баштаса да, кошуналарынын көбүнүн аттарын билишпейт. Алгач бул көрүнүштү Арасат өзүнүн куниктигинин кесепетинен деп, өзүн күнөөлөп жүргөн. Бирок кийин-кийин мунун баары шаардык жашоонун айныксыз мыйзамы экенин ал жакшы баамдады.

Ошентип, бир күнү апасы экөөн ачкачылык кокустан кекиртектеп алып, жарга такады. Эки күн наар албай үйдө жатышты. Дилинде ушунун баарына айылдан алып келген апасын күнөөлөп турса да, Арасат лам деп ооз ача алган жок. Анткени ал апасынын пейилин жакшы билет: кайым айтышмак мындай турсун, жөн эле сиркеси суу көтөрбөгөн күндөрү ал уулун көр жемеге ала берет. Кокус чыдабай кетип, сөз кайырып калса, бүттү дей бер – көрдөн алып жерге, жерден алып көргө салат. “Менин шорума мындай кебетең менен туулганча, туулбай туна чөксөң болмок!”- деп ыйлап берет.

Жумушту биринчи апасы тапты. Жумуш таптыбы же бирөөдөн суранып келдиби, айтор шам-шум эткенге бирдемелерди алып келди. Үчүнчү күнү таң заардан, Арасат ойгоно элек үйдөн чыгып кеткен. Анын ичи капшырылып, оозуна сары суу толуп, чыдабай атканда келип калды. Ал өзөрүп калган бөлтүрүктөй, шарт тамакка өзүн таштады. Кардына бир аз жылуулук кирип, өзүнө келе баштаганда гана ал апасынын бир башкача көңүлдүү кайтканын байкады. “Жолдуу болгонунан го”- деп ойлоп койду. Бирок эшиктен киргенден бери күзгүдөн кетпей таранып жаткан апасынын жанынан өтө бергенде анын мурдуна төтөн жагымсыз жыт урганда гана апасынын ичип келгенин туйду. Ошол күндөн баштап, апасы күндө эртелеп кетип, кеч келип жүрдү. Күн алыс гана соо келгени болбосо, дайыма ичип келет.

Кайда барып, кайда жүргөнүн, эмне жумуш кыларын Арасат такып сурай албады, бир эки жолу сурамыш болду эле: “Кардыңдын тойгонун билсеңчи!”- деп кагып койду. Бир кызыгы, апасы көчөдөн келгенден кийин эми убактысынын көбүн баягы айылдан алып келген чарчы күзгүнүн алдында өткөрүүнү адатка айландырды. Тим эле ааламдын сулуусу сымал кечке эле карана берет. Апасынын бул кылыгына жини келген Арасат ал жокто бир нече жолу күзгүнү чагып салмак болуп, даабады. Апасынын жаалынан коркту.

Бара-бара апасынын кийим-кечеси өзгөрүп, кол сумкеси кытайдын түрдүү косметикаларына толду. Анда санда, маанайы жакшы күндөрү же жакшыраак иштеп калганда, уулуна да кийим алып келип берип жүрдү.

Көп узабай Арасат өзү да жумушка орношту. Эл катары жумуш иштеп, апасына оор болбой өзүн-өзү багуу көңүлүндө эбак жүрсө да, бул максатын кантип ишке ашырууну билбей жүргөн. Канчадан бери апасы күнүмдүккө азганакай акча таштап, баласына тамак-ашка керектүүсүн дүкөндөн алып келип, тамак даярдап туруусун табыштап кетет. Бул күнү да ал эртелеп, дүкөндү көздөй жөнөгөн. Таштандылар топтолуучу жерден өтүп баратканда акыр-чикир салынган чоң күрөң капты таштанды салчу жащикке көтөрүп сала албай кыйналып аткан чалды көрүп калды. Токтоосуз жете барып, абышкага жардамдашып ийди. Иш бүткөн соң, бирөөдөн мындай жакшылыкты күтпөгөн чал Арасатка кайрылып, алкайын деп чочуп кетти:

- Астапырылла! Тообо! Тообо! Бул...

- Шайтан көзүмө көрүндүбү деп чочуп кеттиңизби, ыя? – Арасат аргасыз күлдү.

- Бу сен, чын эле?..

- Адаммын, адаммын! – коркпой эле коюуңуз.

- Адаммын дейсиңби? Чынымды айтсам, мындайын биринчи көрүшүм.

Суюк сакалы иретсиз сербейген таштандычы чал менен ал ушинтип таанышты. Кыязы, ал байкуш да чер жазарга жан таппай, ичи бук болуп жүргөн неме окшойт. Арасатты биринчи көргөндө таң калып да, дендароо болуп да турганы менен кийин чечилип кое берди дейсиң – заматта жаңы таанышына бүтүндөй өмүрүн баяндап таштады. Дегинкиси, жалгыздыктын кандай кыйын экенин, адам менен адам тез-тез сүйлөшүп, сыр төгүшүп турбаса кандай жагдайга кез келерин ошондой тагдырга кабылгандар гана билет. Айрыкча картайганда мындай жагдайга тушугуу өтө оор. Арасат менен апасы сыяктуу эле чал да айылдан шаарга бакыт издеп келгендерден экен. Кемпири өлүп, тун уулунан Россия кеткенден бери дайын чыкпай, экинчиси катынынын үйүнө күч күйөө кирип, анүстүнө арак ичип, каралашпай кеткенден бери чалдын көргөн күнү ушул экен. Көчө шыпырып, таштанды топтоп, келген машинеге жүктөп берип жашап калыптыр. Жашаган жери да батир болуп чыкты. Ал Арасаттын жумушсуз жүргөнүн укканда жандана түштү. Бирок мындай булганыч, ары маянасы да жалчыта бербеген ишке көнөөр бекен дегенсип, өзүнүн ишин акырын сунуштады:

- Биздин биргат жумушчу керек деп жүргөн, иштейт белең?

Жумуш деген сөздү укканда Арасат апкаарый түштү.

- Мени алаар бекен?- деп сурады толкунданганын жашыра албай.

- Ой! Албагандабы! Ал мени жакшы сыйлайт. Мен айтсам сөзсүз алат!

Ошентип, Арасаттын бул биринчи да, акыркы да жумушка орношушу болду.

- Ошондуктан, эрезеге жеткенден бери айлык төлөгөн башка жумушта иштеп көрбөгөндөн кийин, бул жумуш башкаларга салыштырмалуу жакшы же жаман экенин ал айта албады. Болгону башчылардын айтканын айткандай аткарып, өз ишин чын көңүлдөн орундата баштады. Жумуш деле анча оор эмес болчу: таң эртеңден, адамдар туруп-тура электе жетип барып, өзүнө бөлүнгөн кабат үйлөрдүн короосун шыпырып тазалап, каптарга салып чогултуп, те арыда коюлган таштанды салгычтарга алпарып салмай. Анан таштанды салгычтардын айланасына түшүп калган акыр-чикирлерди топтоп, таштанды жашиктерге салып, жашиктердин тегерегин дагы бир сыйра шыпырып коюп, кийин таштанды тартуучу машинени күтүп жатмай. Бул жумуштун Арасатка жакпаган бир жери – ыпластыгы. Анан да жайкысын, эрте мененден эле күн куйкалай баштаганда таштандыларга кошулуп өзүң да жыттанып кетесиң.

Кийимине сиңген сасык жыттан үйүнө барып, кийим алмаштырып да кутула алчу эмес - чачына, ал түгүл терисине чейин өтүп кеткен ал жыт таштандычынын өзгөчө жыты катары аны өмүр бою коштоп жүрө турган болду. Мурда көпчүлүктөн өзүн ырайсыздыктын кесепетинен оолак алчу болсо, эми жытым аларды жипкиртпесин деп качып калды. Анан көп өтпөй таштандычылык кесип адамдардын жашоосундагы эң төмөнкү даражадагы кесип экенин, бул иш менен шугулдангардарга кай бирөөлөр “итсиңби, кишисиңби” дегендей эле көңүл да бурбай тургандыгын байкады. Бирок бул ачылыш аны анчейин дале нааразы кылган жок. Анткени жаманбы, жакшыбы – жумушу бар, демек курсагы ач эмес. Эң башкысы, бул иште: “Тигиндей кыл, мындай кыл”- деп башкарып турган киши жок.

Таштанды тарткан шопурлардан башка анда-санда бригадир менен башка участокто иштеген жумуш таап берген чалды көрүп калбаса, эч ким менен кездешпейт. Айтмакчы, ошол чалдын кеңеши боюнча (өзү айтпагандан кийин анын атын сурабады, аны сыртынан эле “Акылман аке” деп атап алды, кийин бул атты Арасаттын оозунан биринчи укканда, карыя каршы болгон жок, тек мыйыгынан күлүп койду) сакал-мурут коюп алды. Чын эле бул нерселер анын бети-башын бир топ өзгөртүп, аз да болсо өзүн ишенимдүү сезчү болду. Ал чал Арасатка баласындай эле боор тартып, көп жакшылык кылды. Бир күнү Арасатка козырогу узун келген кепка менен айнеги кара көз айнек алып келди.

Бул кепка менен көз айнек сенин түсүңдү жашырып, адамдардын үшүн албай каласың деди тамашага чалып. Арасат кепканы шап кийип, көз айнекти да ошол замат тагынып алды. Бирок көз айнек такыр жаккан жок – тим эле бирөөнүн көзү менен карагандай болуп өөн учурай бергенинен аны тагынбай койду. Чалдан жөн гана эстелик болсун деп өз бөлмөсүнүн дубалындагы мыкка алпарып илди. Бу чал кызык киши эле. Арасатты дайым көргөн сайын өмүрү бирөөгө жакшылык кылба деп кайталап айта берчү. Кыйналып жүрүп бир эмес эки баланы кызыл эт кезинен кемпир экөөбүз бактык, өз балаң опаа кылбагандан кийин башкалардан жакшылык күтүү акмакчылык дечү ал. А өзү болсо Арасатка жакшылык кылууга дайым азыр тургандыгы табышмак болду. Бир күнү Арасат ушул тууралуу сурады эле: “Сенин жөнүң башка, сен жараткандын бир азиз пендесисиң” – деп койду. Такыктай берүүнү табиятынан көп жактырбаган Арасат башка чукулап сурабады.

Ал жумушка орношоордо аз да болсо үйгө киреше алып келип апамды кубандырам го деп ойлогон эле. Бирок биринчи күнү жумушун ийгиликтүү аяктап, сүйүнчүлөйүн деп шашып барса, апасы үйдө жок экен. Көңүлүнө ар кандай күдүк ойлор келип, кыжаалат болгон Арасат апасын түн бир оокумга чейин күттү. Кийин чарчоо жеңип, кантип көзү илинип кеткенин өзү да сезген жок. Эртеси жумуштан келсе, апасы үйдө жүрөт. Жаңы эле уйкудан ойгонгон көрүнөт: көздөрү шишимик тартып, өңү кубарып калыптыр.

- Кайда жүрөсүң? – адегенде эле кысмакка алды. – Же бышырган тамагың жок, же чайың жок – тентиреп кетипсиң!

- Апа, мен жумушка орноштум! – деди Арасат кубана.

- Эмне болгон жумуш? – деп сурады апасы ишенбегендей.

- Тиги ... көчө шыпыра турган.

- Сени бул кебетең менен жумушка алган кайсы келесоо десе! Анан бир саамга унчукпай тигилип туруп, - Мунун өзүнө жараша жумуш тапканын кара, – деп ырсайып койду.

Ошол күндөн баштап апа-бала бир үйдү башпаанек кылгандарына карабастан, экөөнүн жашоосу эки башка башталды. Күндө болбосо да апасы баштагыдай эле күн алыс ичип келет. Анан бара-бара үй тиричилигине да анча көңүл бөлбөй калды: көңүлү тартса тамак ичкен идиштерин жууйт, болбосо алар топтолуп жата берет. Мурдагыдай Арасатка жуу деп да буюрбайт. Эшиктин алды мындай турсун, үйдүн ичин шыпырганды да токтотту. Эми булардын баарын Арасат көчө жумушунан кийин өзү аткарып жүрдү. Бирок ал бул үчүн апасына капаланган же атаандашкан жок. Аны кыйнаган башка нерсе эле. Сыр бөлүшкөндү жөн кой, жумушунда тирүү жан менен үн алышып сүйлөшпөй (кээде гана шопурлар бир-эки ооз сөз айтпаса же Акылман чал азга келип калбаса) бук болгон неме апасы менен чер жазышып, сүйлөшкүсү келчү, бир аз убакыт болсо да жанында отуруп, наристе кезинде албай калган (эс тарткандан бери өз апасы эркелеткенин көрө элек) эне мээримине бөлүнсөм деп кыялданчу. Ушундай аруу тилектер менен бир-эки жолу күзгүгө кадалып, каш терип, улам-улам оңдонуп-түзөнүп жаткан апасынын жанына коомай барып отурду эле, ал:

- Пфү! Сасыбай нары турчу! – деп кагып салды.

Анан көп өтпөй, ал да башкалардай эле атанын белинен сызылып, эненин жатынына түшүп, эне жаратканына карабастан бул жашоодо ата-эне мээримине эч качан жетпей тургандыгын түшүндү. Бирок канчалык жүрөгү канталап, шагы сынса да, көзүн жаш чайыган жок. Анткени ал өз тагдырына нааразы болуп, ыйлай тургандардан эмес экендигин да түшүндү.

Апасы үйгө келбей калган алгачкы күндөрү катуу кабатырланып жүргөн менен, бара-бара өзүн жарык дүйнөгө алып келген адамга болгон сагынычы да тарай баштады. Кийин, апасы апталап, айлап-жылдап жоголуп кетип жүрүп, аягында таптакыр дайыны билинбей кеткенде да көп күйүткө алдырбады. Апасын эстегенде өз каны эмес, тек бир жакшы таанышын жоготкон сыяктуу жүрөгү зырп этип алчу. Апасы дым-дарексиз кеткенден кийин ал жепирейген ээн тамда жападан-жалгыз калды. Алгачкы айлары бук болуп аябай кыйналды. Жок, апасын катуу сагынып, куса болгондуктан эмес – жалгыздыктан кыйналды. Чыныгы жалгыздык, чыныгы жалгыз калуу эмне экенин ошондо биринчи сезди. Апасы аны бооруна тартып сүйбөсө да, башкалардын энесиндей мээрин төкпөсө да, анын жанында жүргөнү тоодой караан экенин эми даана байкады, апасы эле эмес, анын жанында ким дагы болбосун бир тирүү жандын кыбырап жүргөнү тоодой караан экенин ошондо түшүндү.

Апасынын отурганы, баскан-турганы, үшкүргөнү, көйнөгүнүн шыбырты, уктап жаткандагы дем алганы – ушулардын баары, баары ага жетишпей, кудум аба жетпегендей деми кыстыгып баратты, жан дүйнөсү бөксөрүп, тумчугун баратты. Мейли жаман болсун, мейли жакшы болсун ага адам жетишпей, адамдын чөйрөсү жетишпей азаптанып жүрдү. Бирок карама-каршылыктуу дүйнөнү карабайсыңбы, бир жагынан апасынын дарексиз кетиши ага пайдалуу да болгонсуду: мурда, үйүндө апасынын күзгүсү илинип турчуда, кимдир бирөө дайым аны акмалап карап тургансып, өзүн эркин алып жүргөндөн кысынчу. Эми күзгүнү апасынын сандыгына салып таштагандан бери ал жагымсыз сезимден арылды. Анан да Арасаттын мүшкүлү узакка созулган жок. Бир чети жадыраган жаздын келиши, жаздын деми анын көңүлүн көтөрсө, бир чети жазга кошулуп гүлдөй баштаган кыздар анын акыл-эсин мүлдө уурдап, бүт дүйнөсүн бийлеп алды. Адам тукумунда жазга ортоктош болуп бир гана аял заты кошо гүлдөйт, кошо ачылат, кошо түрлөнөт. Такай кыз-келиндерден көзүн албай жүргөн Арасат муну байкаганда бир туруп таң калса, бир туруп кубанычтан маңдайы жарылды.

Буга чейин ал өз келбетинен ашкере кысынып, көчө-көйдөгү кыз-келиндерге дит багып карай албай жүрсө, сакал-мурут коюп, кепканы көзүнө баса кийин алгандан бери ургаачы аттуудан көзүн албайт. Анан да анын таштандычы деген аты оңдой берди болуп, сулуу аялдарды мындай кой, береги өң-түстөн анча мактана бербегендеринин да ага көңүл бурганы жокко эсе. А кээде гана, адамды эмес, тек бир экзотикалык макулукту көрүп жатышкандай, авазкөй көз чаптырган болушат. Ошол ошол болду, ошондон баштап Арасаттын жан дүйнөсүнө аял орноду. Эми ал аялды ойлобой, аялды самабай, аялды саргая сагынып, куса болбой жүрө албай калды. Аял эми анын турмушунун бүтүндөй маани-маңызына айланды. Жайдын аптаптуу күндөрү кыздардын жоон санга чейин жылаңачтанып, айрымдары белин, айрымдары эмчектеринин жарымын ачып коюп жүрүшкөнүн көргөндө тестиер чагынан бери пайда болуп, күн санап топтоло баштаган эркектик кубаты жарылып кетчүдөй дене-боюнда буркан-шаркан түшүп, чыңалуунун акыркы чекитине жетип, кудум кокустан жин даарыгандай акыл-эсин алды.

Айрыкча уйку бербеген жайдын үп тарткан ысык түндөрүндө анын азабында чек жок эле. Кумар азабынан, аялга болгон эңсөөдөн денеси от болуп ысып-күйүп, заматта жан дүйнөсүнө кыямат күндүн чаң-тополоңу түшүп, бул тозоктун отунан, бул жалындан кантип кутулуунун амал-айласын таппай калар эле. Мындай учурларда тек өз уусуна өзү ууланган жылан сыяктуу көз ирмемге да жаны жан албай, бирде жыйрылып, бирде түзөлүп, дембе-дем ооналактап, тыбырчылап, тээ түн бир оокумга чейин өзү менен күрөшчү. Кийин чарчап, дене-мүчөсүн тушаган кумардын күчү таркай баштаганда, адамдын бүтүндөй азат-боюн гана эмес, заматта акыл-эсин да ээлеп алган бул кандай сыйкырдуу, сырдуу күч экендигине акылы жетпей, таң калчу. Ыраматылык тайатасы тайенеси менен урушуп калса, ал аял шайтандын түгөйү, шайтанга кошулуп адамды бейиштеп чыгарган деп бардык аялдарды кошо сөкчү. Эми ойлоп көрсө, тайатасынын айтканында жүйөө бар окшойт, анткени бул белгисиз күч аялды ойлогондо гана, аялды күсөгөндө гана пайда болот да, алеки саатта ошол аялдын элеси менен сенин кан-жаныңа тарап кетет.

Эгер аял шайтандын жер бетиндеги жардамчысы экендиги чын болсо, а шайтан тозоктун жарчысы, колдоочусу болсо, демек бул күч - тозоктон келген күч, тозок отунун эпкини. Арасат кээде ушинтип ойлоп, бирок бул оюна кошула берчү эмес, атүгүл айрым учурларда таптакыр каршы чыкчу. Себеби кээде көчөдө көрүп, элеси эсинде калган кыздар көз алдына тартылганда жан дүйнөсүндө тээ окуучулук кездеги өз классташына ашык болуп жүргөндөгүдөй бир башкача жылуу сезим пайда болуп, жүрөгүнүн согушу тездеп, башына жалаң гана жакшы кыялдар, жакшы ойлор уялап, бүт денеси балкып, бир жыргал абалга туш болор эле.

Мындай күндөрү да кудум кумар даарыгандай өзүн унутуп, эс-мас абалга түшчү. Бирок мындай мастыктан кийин, мындай өзүн унутуудан кийин көөдөнүндө, көкүрөгүндө кандайдыр бир өзгөчө жеңилдик жаралып, жан дүйнөсү тазарып, жан дүйнөсү эле эмес, бүткүл дүйнө, бүткүл аалам тазарып кеткендей элес калтырчу. Эң кызыгы, ушул тазалануунун, ушул тазаруунун себепчиси бир гана аял сыяктуу, эгер бул жашоодо, бул турмушта бийик нерселер, улуу нерселер, ыйык нерселер боло турган болсо, сөзсүз аялдын шарапаты, аялдын касиети менен боло турган сыяктуу эми ал аялды тек гана сүйүп ойлобой, анын атына, анын затына баш ийип, таазим кылгысы келчү.

Көчөдө бараткан аялдарды көргөндө ичи элжиреп, эбедейи эзилип, аларга болгон сүйүүсү, аларга болгон ыраазылыгы менен таазими тулку боюна батпай, алардын өзүн болбосо да, баскан издерин жата калып сүйүп, берилип өпкүсү, агынан-жарылып өпкүсү келчү. Эгер уруксат беришсе, аларды колунан, чачынан, айрыкча көздөрүнөн күнү-түнү чарчабай өбөөр эле. Өмүрү сезбесе да, алардын эриндеринин даамын, алардын чачынын жытын элестетчү. Кыялында аларды сылап-сыйпалап, аларга сөздүгүндөгү эң назик сөздөр менен жалынып-жалбарчу. Айрым учурларда чын эле коюнунда аял жаткандай, анын жылуулугун сезгендей дене-боюн кадимкидей калтырак басчу.

Тилекке каршы, анын жүрөгүндөгү тоодой сүйүүнү эч бир аял сезген жок; өзү да алардын эч кимисине жеткире албады. Анын тагдырынын каргышындай болгон суук ыраңын айтпаганда да, ал аялга кантип жакындоону, аялга кантип мамиле кылууну такыр билбейт эле. Анан калса буга жардам берер, муну менен сыр төгүшөр бир да бирөө болгон жок. Кокустан бутун ооруксунтуп алып, ишке жарабай калган Акылман карыя да карылар үйүнө кетип калган.

Адамдын каалоосу менен эркине баш ийбеген мезгил өз мыйзамынан жазбай, арадан арбын жылдар акты. Бирок сакал-муруту пааналабай, бетиндеги ачык калган жерлерине бырыш түшө баштаганы болбосо таштандычы Арасаттын жашоосунда бул убакыт ичинде эч бир өзгөрүү байкалбады. Баягы эле жумушу, жыл бою кайталанма күндөгү эле вазыйпасы. Ал өз милдетин мурдагыдай эле жоопкерчилик менен аткарып жүрөт. Болгону адамдардын бир суткада чыгарган таштандысы көбөйүп да, түрлөнүп да баратат. Анан ушул жумушта жүрүп жер үстүн чексиз булгаган жалаң  адамдар экендигине анын толук көзү жетти. Айбандар айбан болгону менен таштанды чыгаруу боюнча кишилерге такыр караандабайт.

Айтмакчы, ал эки жылдан бери иттүү болгон. Азыр да андан көзүн албай тиякта жаткан Акдөштү ал так ушул таштандынын арасынан таап алды. Байкушту бирөө мындан кутулайын деп ушунда таштап салса керек. Күчүк Арасатты көрөр замат энесин көргөндөй кыңшылап, жанына сүйрөлүп келди. Ал күчүккө боору ооруп багып атканда, ит болсо да мындан ары өзүнүн жан шериги ушул болорун түк ойлоп да койбоду. Чын эле, Арасаттын камкордугу менен кароосуз калган күчүк кадыресе күч-кубатка толуп, тың басып калган күндөн баштап, ал ээсинин артынан калбай ээрчип жүрөт. Арасат да ага эки жылдан бери кадимкидей көнүп, ансыз жашоосун элестете албай калды. Сүйлөшөр жан адам болбогондон кийин, ал итине кадимки адамга сүйлөгөндөй сүйлөп, ит түшүнсө-түшүнбөсө да ага сырын төгөт. Кээде аны кудум жаш баладай эркелетип, черин жазат, а кээде болор-болбос нерсе үчүн (катуу капа болуп турган кездерде) кагып-силкип да алат. Арасат ити менен сырдашкан учурларда көкүрөгүн баскан оор жүктөн арылгансып жеңилдеп калат. Тили жоктугу гана болбосо, ит ээсинин жалгыздыгын түшүнгөндөй, бул дүйнөдө ал өзүнөн башка эч бир тирүү жанга керектиги жоктугун баамдагандай аны аянычтуу карайт, сар-санаасын тең бөлүшкүсү келгендей муңайым тигилет.

Баштагыдай эле анын убактысынын көбү аял затын ойлоо менен өтөт. Баштагыдай эле аялдын элеси бирде делебесин козгоп, кан тамырын дүргүтүп, бүтүндөй дене-боюн дүүлүктүрүп, акыл-эсин алса, бирде жайлоонун жумшак шамалындай жан дүйнөсүнө жагымдуу бейпилдикти, жайчылыкты, мемирөөнү апкелет. Мындай күндөрү ал өзүн эң бактылуу адамдай сезет, ага аялдын элеси аркылуу ички дүйнөсүнө орногон улуу сезим өзүнөн башка эч кимге берилбегендей, эч кимдин энчисине буюрбагандай, ал таалайдын туу чокусуна чыгат. Кээде азгырык кумар менен чыныгы сезимдин көкүрөгүндө мындай алмак-салмак алмашып турушу ага тозок менен бейиштин күрөшүндөй туюлуп кетет.

Чөнтөк телефон адамзаттын жашоосунда чыныгы революциядай болсо, Арасаттын турмушуна да көп нерсеге себеп болду. Балким ушул кичинекей табышмактуу механизм болбогондо, Арасат аял затына бир да жолу жолобой, бир да жолу аялдын денесине денеси тийбей, бул дүйнөдөн өтүп кетет беле, ким билсин. Ал журт арасына эбак тарап, көпчүлүктүн турмушунда күтүлбөгөндөй маанилүү роль аткара баштагандыгына карабастан, Арасатта ал жөнүндө эч түшүнүк жок эле. Анда-санда көчөдөгү тияк-быякка өткөндөрдүн колунда көрүп калбаса, ал эмне кызмат аткарарын, эмне үчүн керектигин Арасат билбейт болчу. Ал кокусунан, күтүлбөгөн жерден телефондуу болду. Адаттагыдай эле көчө шыпырып атканда жанына бирөө карп-күрп басып келди. Орто бойлуу, сакал-муруту өскүлөң, өзү да, кийими да жүдөө сары кишини Арасат таң калып карап калды.

- Брат, вручай! А то умираю с похмелья! – деди тигил жетер замат.

Алгач эч нерсе түшүнбөгөн Арасат ага маңыроо тигилди. Эмне каалаганын билбесе да жалбарыңкы көздөрүн көрүп катуу аяп кетти.

- Ну, Пожалуйста! Пожалуйста! - деп жиберди тигил колдорун жайып жана  аянычтуу үн менен.

Ошондо гана тигинин акча  сурап атканын түшүндү. Анын бүгүн дүкөндөн нан жана башка анча-мынча азык алайып деген чөнтөгүндө бир аз акчасы бар эле.  Ошону курткасынын чөнтөгүнөн сууруп чыгып, тигиге сунду. Болгону баш жазар гана аракка тыйын-тыпыр өндүрсөм деп үмүт кылып турган тиги  бул акча колуна тийгенде аябай кубанды, шарт бурулуп жөнөй берип, бирок ошол замат кайра кайрылды да, бирде Арасатка, бирде  колундагы акчага алмак-салмак тигилип,  эки анжы болгондой, же алда нени түшүнбөгөндөй туруп калды.

- Неужели остались еще такие люди, - деди ал Арасатка таңыркай карап. – Нет! Этого не можеть быть! Ты либо того... либо с другого света.

Ошол мүнөттө экөөнүн көздөрү чагылыша түштү. Арасат бул бейтааныш орустун көгүлтүр көздөрүнөн бүткүл дүйнөнүн кайгы-касиретин, өкүнүч-арманын көргөндөй жүрөгү болк этти. Анткени анын көздөрү  азыр эле дүйнө-өмүр менен кош айтыша тургансып ушунчалык капалуу эле.

- Боже... я вижу – подобно мне ты тоже не жилец этого мира! – деп андан ары улантты ал сөзүн, - мира страшных хищников и свирепых волков!  Скажи, скажи ради бога! Разве стоит жить теперь, разве стоит бороться дальше...нет, именно ты скажи, с ангельскими глазами и младенческой душой – стоит а? Когда все покупаеться и продаеться и когда не осталось ничего святого! – Ушуларды айтып атканда анын капалуу көздөрү от болуп жанып, күйүп кетпей араң турду. Анан ал тез-тез кадам таштап, Арасаттын жанына жакын келди да, анын оң колун кыса кармап,  үнү аптыга, мындай деди:

- Жаль, что ты ничего не  понимаешь, даже если понял бы, я ничего не смог бы сказать что-то утешительное, даже ничего не смог бы сказать, ибо я сам потерял нить жизни, то есть сама жизнь теперь потерялась навеки. То что мы видим сейчас, то что существует вокруг нас – это не жизнь, это адова отражение. Так как в жизни должна быть что-то святое, возвышенное, а тут остались одни пакости. Странно, как до сих      пор эта грязь тебе не коснулась. Наверно, это твое счастье – что ты ничего не понимаешь. Сейчас в мире самые счастливые люди -  эти глухонемые и слепые. Безусловно, слепые счатливее этих других... – Ал үндөбөй калды, ошол саата көөдөнүнөн жарып кетчүдөй оор  үшкүрүк атып чыкты. Андан ары эмне болгонун Арасат такыр түшүнгөн жок: ал Арасатты шарт өзүнө тартып, маңдайынан өпкөндө ичкиликтин жыты мурдун каптап өттү – мурда билинер-билинбес жыт уруп турса, эми бүт теребел арак жыттанып кеткенсиди.

- Прощай, - деди тиги Арасатка үнү буулугуп, - я прощаюсь с человеком, с единственным человеком, ради этого стоило жить – но я принял решение, окончательное решение... – Ушуну айтты да ал, шымынын чөнтөгүнөн уюлдук телефонун алып чыгып,  аны Арасаттын  колуна салды.

- Это мне больше не к чему, - деди ал Арасаттын көздөрүнөн көзүн албай, - пусть останется у тебя в знак страдания погибающего человека к единственному живому человеку... хоть в мучениях, хоть в страданиях – раньше можно было жить. А сейчас нельзя! Сейчас умер главная стержень человеческой жизни – его душа!  Ведь без нее как жить? Скажи как? Значить никак?..

Кийин анын телефон кармаган колун эки-үч жолу бек-бек кысып, анан артка бурулуп, токтобостон жолго түштү. Бул ким, эмне болгон киши, анын күйүп-жанып айткан жанагы сөздөрүндө эмне маани жатат? – ушуларды боолголоп да түшүнө албаган Арасат узап бараткан тигини көзү менен гана узатып, турган ордунда сенейип калды. Кийин телефон колуна урунганда гана эсине келип, бир кыйла жерге барып калган орус кишинин артынан бир нече жолу: “Эй!” Эй!” - деп катуу кыйкырды. Ансыз да шашып бараткан тигил кылчайып койбоду. Орусча билбегенден кийин ал артынан кууп бара албады, кууп жетип, акчаны тек гана жардам катары бергенин, берген акчанын ордуна  телефон алуу ал үчүн уят болорун  түшүндүрүп айта албады. Болгону телефон кармаган алаканы кызып,  ага кошулуп бүткүл тулку бою ысып бараткандай туюлду.

Арзыбаган акчага кол телефонун таштап кеткен ал адамды Арасат башка көргөн жок. Бирок анын табышмактуу көз карашы, Арасатты тиктегенде анын жан дүйнөсүн теше тиктегендей оттуу көз карашы эсинен көпкө кетпеди. Ал жөнөкөй адам болбогондугун, анын өзүнө кылган мамилесинде,  сөздөрүндө, кылык-жоругунда кандайдыр сыр катылып жатканын баамдап турса да, анык жандырмагын таба албады.

Ошентип ал чөнтөк телефондуу болуп калганы менен, аны жакын арада иштеткен жок. Бир чети телефон чалышаар адамы жок болсо, бир чети анын тилине такыр түшүнбөдү. Ойной берип оюнчугунан көңүлү калган баладай көп күн кармалап алып жүрүп, эч нерсесине түшүнбөгөн телефондон кызыгы тараганда Арасат аны шопурлардын бирине кармата салды. Шопур телефон Арасатка эмне үчүн жакпай турганын баамдап турса да, жок дебестен берген нерсени кудуңдан сүйүнүп алды. Бир канча мезгил өтүп, ал анын ордуна Арасатка эскисин, анан бир кыйла арзанын апкелип берди. Керектүү делген функцияларды Арасат ошол шопурдан үйрөндү.

Чөнтөк телефонун алгандан бир топ мезгилден кийин ал кокусунан газетадан (жол боюндагы күркөдөн анча-мынча гезит алып жүрөт) мындай жарыяны окуп калды: “Сулуу бийкечтер менен көңүл ачкыңыз келеби?” Дагы бир жерде мындай жазылыптыр: “Чыныгы канышалар менен дем алгыңыз келсе, бизге чалыңыз. Баасы жөндүү”. Оболу Арасаттын буга акылы жеткен жок: бул не деген жарыя, бул не деген сөздөр? Ал баягы жазууларды кайра-кайра окуп, башы катты, бирок канчалык аракет кылса да жандырмагын таба албады. А телефон чалып, сурап көрсө кантет - аныгына ошондо жетиши мүмкүн.

Кулагына шыңгыр эткен кыздын назик үнү угулганда, ал таштай катты да калды. Ал өмүрүндө мындай назик үндү, эркелегенсигендей мындай кумарлуу үндү уга элек болчу. Анын бүткүл денеси балкып, абада каалгып учуп бараткансыды.

- Эмне унчукпай калдыңыз? Кыз керекпи? Жашыбы же орто жаштагысыбы? Үйүңүзгө чакырсаңыз, дарегиңизди айтыңыз – машине менен барабыз. Телефондогу коңгуроо үн саамга унчукпай калды. Арасаттын аза-боюн калтырак басып, кулактары чуулдап кетти.

- Мейлиң анда, - кыздын үнү кайра жаңырды, - ойлонуп көрүп, кайра чаларсыз.

Ошондон бир жума өтүп-өтпөй түн кирип, эл орунга отурганда анын үйүндө бир кыз пайда болду. Өмүр бою күсөгөн, өмүр бою эңсеген, өмүр бою зарыгып күткөн, саргая күткөн, сагынып күткөн адамы, ой-кыялдарынын, аруу-тилектеринин, арзуусунун чыныгы каарманы так маңдайында турганына ишенип-ишенбей, бул өңү же түшү экенине тек акылы жетпей, жыйырма-жыйырма бирлердеги тиги келишимдүү кызга эмне айтарын билбей, эмне кыларын билбей, оозунан келмеси учуп, калтырап да, калтаарып да турду. Кыздын бой-келбетинен, чачынан, жүзүнөн бир көз ирмемге да көзүн ала албай, таң калып да, коркуп да, ай-ааламга батпай кубанып да турду. Жаш да болсо мындай “тажрыйбасыз эркектердин” далайын көргөн бийкеч алгач Арасаттын түсүнөн катуу чочуп кеткени менен, кайра тез эле өзүн кармап, өз ишине адис болуп дасыккан неме, бул сыяктуу эркектердин бүйүрүн эмне кызытарын биле жүргөндүктөн шапа-шупа чечинип, энеден туума болуп алды. Кыздын апакай денесин көргөндө Арасат өзүнүн алдында тек жөнөкөй колдон-колго өтүп жүргөн кадимки сойку турбастан, табияттын, жараткандын улуу бир сыры, улуу бир сулуулугу менен улуулугу тургандай апкаарып калды. Балким, убакытты акча менен ченеп жүргөн бийкеч (аны сутенерлери бир саатка гана калтырып кетишкен эле) өзү шаштырбаганда, ал эстен тана карап тура берет беле, ким билет.

Ооба, ошол түнү ал аялды тааныды, өмүр бою кусадар болуп жүргөн аялдын даамын татты. Кыздын жумшак денеси денесине тийгенде көзүнүн алды мунарыктап, башы айланып, кадыресе эстен танып кала жаздады. Биринчи жолу кандай башталып, кандай бүткөнүн да сезбеди. Өзүнүн эмне кылып, эмне койгонун да билбеди. Кийинки бул кыз менен болгон жарым-сааттан ашып-ашпаган убакытта ал ушунчалык берилип сүйдү дейсиң – бир да бир жолу кызды кучагынан чыгарбай, кудум жиниккен немедей өпкүлөп, жалынып-жалбарып, улам күчөп, улам албууттанып, кыздын эс-учун алды. Эң кызыгы, өмүрүндө аялга биринчи барып жатса да, анын мурдуна бир тааныш жыт урунду. Жаш кыздын жылуу илебине мас болуп, анын дени менен дени, жаны менен жаны жуурулушуп бараткан Арасат бул жытты дагы кайдан жолуктурганын, бул жыт жагымдуу же жагымсыз экенин ажыратууга чамасы келбеди.

Кыздын коюу чачына жүзү жакындаганда эле бур дей түшкөн бул жытты биринчи кайдан учуратканын кийин да эстей алган жок. Ал эми көрүнгөн эркекке күнүмдүк аял болуп жүргөн кыз обол Арасатты көргөндө жийиркенип, жологусу келип-келбей, эптеп ишин бүтүрүп кеткиси келип турса, бара-бара от болуп жанып күйгөн бул ырайсыз эркектин чексиз мээримине чөгүп, дене-бою коргошундай эрип, балкып баратты. Өмүрүндө эркектин нечен түрүн көрсө да, өзүн мынчалык эркелеткен, кудум жанын бергиси келип жаткандай мынчалык берилип сүйгөн адамды биринчи учуратышы эле. Ал ошондой эле мындай түрү суук эркекти да биринчи учуратышы эле. Ошондуктан ал үчүн бул жолугушуу, бул жапайы адам түспөлдөнгөн эркек менен болгону бир сааттык кездешүү табышмактуу да, таң каларлык да болду.

Кийин Арасат сойку кыздарды башка үйүнө чакырган жок. Ошол түнү ал сойку кыздан кээде бир күндө эки-үч эркекке да жетишип, кызмат кыларын угуп, төбө чачы тик турду. Арасат аны менен болуп жатканда, бул кыз өзүнө гана таандыктай, өзүнө гана тиешелүүдөй берилип сүйгөн эле, аялга ышкы түшө баштаган күндөн баштап, көкүрөгүндө топтолгон ыйык сезими, чып-чыргасы коротулбаган периштенин тилегиндей аруу, таза сезими менен сүйгөн эле. Өз кызматын ийгиликтүү аяктап, көңүлдүү кетип бараткан сойку кыздан мындайды уккан Арасат көпкө чейин өзүнө келе албай, эс-учун жыя албай дапдаарып турду. Жок, ал өзү менен болгон аялды башкалар менен бөлүшкүсү, башкаларга бергиси келбеди. Ал аял жалаң гана өзүнө гана таандык болууга тийиш, аны өзү гана сүйүүгө, өзү гана эркелетүүгө тийиш. Ушул жолугушуудан кийин ал көпкө чейин бир кызыктай абалда жүрдү. Мына бу шаардын асманындай анын көңүлүндө киргилт пайда болду.

Мындан ары ал аялды жек көрөрүн же жек көрбөсүн, аны мындан ары кааларын же каалабасын билбей, эки анжыланып, катуу бушайманда жүрдү. Кээде гана, баягы кыздын элеси көз алдына кайра-кайра тартыла берип, дене-бою дүүлүгө баштаганда, жаздыгынын астына катып койгон жерден газетаны сууруп алат да, баягы жарыяны издеп таап, анда көрсөтүлгөн номурларды телефонуна шашпай терет. Бирок номур терилип бүткөндөн кийин дубалдын боорундагы тайатасы менен тайенесинен калган жалгыз сүрөткө кадалып, катуу ойлонуп отуруп калат. Бара-бара ошол сүрөткө өзү да кошулуп кирип бараткандай такыр өзүн унутуп, чөнтөк телефону колунан кантип суурулуп төшөгүнө түшүп кеткенин туйбай да калат.

Бир күнү ал жумуштан кийин үйүндө дайынсыз кеткен апасынын илинип турган көйнөгүн жанында күйпөлөктөп жатып, кокустан нес баскандай катып калды. Анан дубалдын боорундагы көйнөктү шап ала коюп, мурдуна тутту. Көйнөктү кайра-кайра жыттап, күдүгүнүн аныгына жеткен соң, буттарынын жаны кетип, шалдайып отуруп калды. Ошол саатта көзүнө жөндөн-жөн жаш алып көрбөгөн неменин карегинен бир тамчы жаш тып кулады. “Апам да ошол ишке барып жүргөн тура – деди каңырыгы түтөп. - Жо, мындай болушу мүмкүн эмес! мүмкүн эмес!” Апасы жоголуп кеткенине толук көзү жеткенде да көзүнө жаш чайыбаган неме, эми ызасына чыдабай өңгүрөп ыйлап жиберди.

Ал эч ким менен бөлүшпөй өмүр бою көкүрөгүнө жыйып келаткан ызасы менен бугун, өкүнүчү менен арманын көнөктөп жааган жаандай көзүнөн тынбай куюлган жаш менен сыртка чыгарып жатты. Бөйрөктөрү басылбай тынымсыз солкулдап, көпкө ыйлады. Ошол мүнөттө ал минтип апасынын, апасынын эле эмес, нечендеген кыргыз кыздардын денесин сатып жүргөнүн көргүчө, бул шермендечиликке ортоктош болгуча өлүп калгысы келди. Бул жашоодон, бири-бирине кыпындай да ылым саноону билбеген адамдардын ырайымсыз дүйнөсүнөн кеткиси келди. Өз ызасына, өз арманына өзү муунуп, өзүнө-өзү батпай, өзүнө-өзү сыйбай араң турду.

Бул тааныш жытты, сойку кыз менен кошулганда мурдуна урунган бул жытты ал апасынан байкаганын, ал апасында жумушка орношуп келип-кетип жүргөндөн кийин пайда болгонун эми эстеди. Жүлжүгүй көздөрүнүн ансыз да шумдуктуудай калталары салаңдап шишип, үйдө отурса ичи тарс жарылчудай жаман тамынан сыртка суурулуп чыкканда ити кыңшылап каршы алды. Ал куйругун бир башкача жагынуу менен шыйпаңдатып, түрдүү таштандынын сасык жыты жыттанган ээсинин батинкесин өпкүлөп ийди. Өзүнүн жан шериги итин көргөндө Арасаттын көңүлү анчейин көтөрүлдү, Актөштүн жалжылдаган көздөрүнө саамга тигилип туруп, бүгүн муну тойгуза электигин ойлоду. Итине күндө кеч курун берилчү өзүнөн арткан каткан нандарды эстегенде Арасаттын көңүлүнө бир нерсе кылт этти. Ал апасы экөө эки күн наар татпай кантип ач калышкандарын, нандын өзүн мындай кой, анын күкүмүнө зар болуп, кандай кыйналышкандарын эстеди. “Байкуш апам! Байкуштарым! Силерди эми мен түшүнөм! Баарыңарды түңүнөм! Мени кечиргиле! Бизди кечиргиле!”- анын көзүнөн салаа-салаа жаш агып ыйлап да атты, жер үстүндөгү бардык кор болгон, кордолгон аялзатынан жалбарып кечирим да сурады.

Эми ушунун баарына, апасынын да, башка кыздардын да мындай ишке барышына бир гана эркектер күнөөлүү экендигин моюндан, ушундай айныксыз чечимге келип, өзүн, өзүн эле эмес, бүтүндөй эркек тукумун күнөөлөдү. Ошондон кийин ач курсактын айынан ушундай кырдаалга туш болгон бечара кыздарды аяп, жүрөгү канталап жүрдү. Эми ой-кыялынын баары нан табыш үчүн денесин саткан кыздарда болуп, эгер жомоктордогудай сыйкырдуу күч-кубатка ээ болсом, алардын баарысын чогултуп, үй-жай берип, иш менен камсыз кылмакмын деп максат кылчу болду.

Бирок анын турмушунда жаңыдан пайда болгон бир кырдаал анын өмүрүн толугу менен башка нукка буруп кетти. Төрт кабат үйдүн эшигин шыпырып-тазалап жүрүп, ал кокусунан бир келинге ашык болуп калды. Бул ашыктык атактуу бир жазуучунун китебинде айтылгандай: кадимки жер көчкүдөй аны а-бу дегизбей ар тараптан каптап кирип, заматта ой-кыялын бийлеп алды. Эң оболу ал бул келиндин күлкүсүнө арбалып, күлкүсүнө ашык болду. Чын эле ал келиндин күлкүсү бир керемет күлкү болчу: качан болсо карагат көздөрү күлмүңдөп, качан болсо кара тору жүзү албырып, өбүшүүнү гана самап тургандай үлбүрөгөн эриндеринде качан болсо жылмаюу уялап, анын өң-келбети да, баскан-турганы да өзгөчө эле. Айрыкча кадимки кытайдын куурчактарындай уп-узун, бир аз артка кайкалаган кирпиктери алдынан чыккан эркекти бир саамга таң калтырып, “бах” дедиртип алар эле...

Көчө шыпыргыч жетишпей жаткандыктан, Арасатка жакындан бери дагы бир төрт кабат үйдүн короосун шыпыруу табышталган. Башка үйлөрдүн алдын таң саарлап тазалап шыпырууга үлгүргөн Арасат кезек боюнча бул үйдүн алдына келгенде күн тийип (мезгил жай болчу), горизонтко бир аз көтөрүлүп калат. Ошондо ушул үйдө жашаган бул келиндин ушул маалда жумушка барып жүргөнүн көп жолу байкады. Болгондо да убакытты мүнөт-секундуна чейин так бөлүштүрүп алгандай, бул келип күндө бир маалда, бир учурда ишине жөнөчү. Алгач ал бул келишимдүү аялга башка сулуу кыз-келиндерге суктангандай эле көз артып жүрсө, кийин аны бир күн көрбөсө делби болуп кала тургандай, аны көрүүдөн, ага суктанып берилүүдөн башка анын бул жашоодо максаты калбагандай, ансыз ага бул жашоонун бир мүнөттүк маани-маңызы калбагандай абалда жүрдү.

Аны көргөндө, аны көргөндө гана эмес, аны ойлоп, аны эңсеп кыялга алдырганда терисине батпай толкунданып, кудум тирүүлүктүн бейишинде жүргөндөй, бар тарабын бакыттын сыйкырдуу нуру курчагандай, эс-мас абалда жүрдү. Мунун баары, тынч жаткан Арасаттын турмушуна күтүлбөстөн бүлүк салган бул сезимдердин баары качан пайда болгонун өзү сезбей калды. Жана айтып өткөндөй, алгач аны келиндин күлкүсү арбады. Аял затын сүйүп, аял затын баалаган эркек таналарга гана эмес, жолунан кез келген бардык жандуу, жансыз нерселерге да арналгансыган, дайыма бир калыпта сакталып, ал бийкечтин жүзүнөн бир да бир жолу жоголбогон бул табышмактуу күлкү эмне күлкү экенинин аныгына жеткиче, Арасаттын өзү ай жүздүү ошол келиндин күлкүсүнө капыстан  акыл-эсин уурдатып койду.

Жалган айткан менен болобу, бала болуп башына жүн чыккандан бери аны кимдир бирөө минтип жагымдуу караганын али көрө элек. А бу кереметтүү келин болсо кабат үйдүн чоң эшигинен чыгып жатканда күндө бир жолу ага билинер-билинбес баш ийип, жылмайып коёт. Биринчи күндөрү ал өз көзүнө өзү ишенбей жүрдү; буга кантип ишенүүгө болот: асмандагы айдын жарымындай болгон тиги периште көрдөн жаңы эле чыккандай түрү суук немерсе менен кантип саламдашсын? Балким, анын айланасындагы бөлөк бирөө менен саламдашкан болуп жүрбөсүн? Ушундай күдүктөнүүлөр менен таңды араң атырган Арасат эртеси текшерип, аныгына жетмек болду. Бирок баягы келин кечээкидей эле аны менен жылмайып, саламдашканда өзүнүн айланасында  эч ким жок экендиги анык эле. Ал келесоо немедей дендароо болуп, жана гана өзүнө укмуш бир татынакай жылмаюу тартуулаган келиндин карааны көрүнбөй калганча көз ирмебей кадалып карап турду. Ошол ошол болду, эми анын жашоосу жер шарынын ушул чекитинен, ушул келин менен саламдашуудан башталып, кайра ушунда келип бүтө турган болду.

Мейли, көчөдө басып жүрсүн, мейли, үйүндө болсун, мейли, төшөктө жатсын - эми анын ойлогону, анын эңсегени ошол келин эле. Мындан аркы анын өмүрүнүн жарыгы, үмүт-кыялдарынын соолубас булагы, кубаныч-күлкүсүнүн түпсүз деңизи ошол келин болуп калды. Кээде түн бир оокумга чейин ошол келинди ойлоп жаткан Арасат андан эч бир өөн учурата албады, анын кийингенинен, баскан-турганынан, желкесине жабыла төгүлүп таралган чачынан, койчу, эч бир жеринен кыпындай кынтык таба албады. Анын сырткы сулуулугуна ашкере маашыр болгон ал бул кадимки асман периштесиндей болгон келиндин ички дүйнөсү да төтөн сулуу экендигине эч шек кылган жок. Бара-бара ой-талаага алып учкан кыялында бул келин менен жолугуп, сүйлөшө турган, агынан жарылып, сырдаша турган болду.

Арасат өз сүйгөнүнө өмүрүндөгү эң ыйык, эң жакын нерсеси - айылы, болгондо да айылынын асманы, андагы сан жетпеген жылдыздар жөнүндө айтып берип жүрдү. Бул кыял-элестик сырдашууларда ал келин дагы өзү сыяктуу эле асманды, жылдыздарды сүйө тургандыгын, аларга суктанып, тамшануусу канбай тургандыгын айтып, экөөнүн жүрөк көксөөлөрү дал келгендигине Арасат бир эсе таң калып, бир эсе ааламга батпай кубанып, өзү адам заадисинен эң бир шордуу, бечара жаралганына карабастан, ошол саатта ал өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам катары сезер эле. Жалгыздыктан, жылуулугу жок мээримсиз жашоодон жалыккан Арасат өз кыялдары жараткан элестерди, буга чейин эч бир адамдын сүйүүсүнө окшобогон ашыктыктын бул жомогун чындыктай эле кабыл алып жүрдү.

Бул жолугушуулар, бирин бири өмүр бою издеген, өмүр бою эңсеген жүрөктөрдүн бул сырдашуулары бүгүн болбосо да, алдыда сөзсүз орундала тургандай ишенип алды. Ал Периште-келиндин (ал келинге ушинтип ат коюп алды) күн сайын Арасатка жылмайып караганы, көзүнөн ага жан дүйнөсүнүн сырын бүт төккүсү келип тургандай күлмүңдөп караганы жөндөн-жөн эместир, бекер жерден эместир? Эми жалаң ушундай жоромолдор, ушундай божомолдор менен жашап калган Арасат көп өтпөй мында бир улуу сыр жатканына, адамдардын өң-келбетине такыр көз каранды болбогон (бирок айрым бир гана адамдарда кез келүүчү) алардын жан дүйнөлөрүнүн бири бирине тартылуусун, саат санап издөөсүн, эңсөөсүн, саргая күткөн сагынычын туюнткан улуу бир күч бардыгына шек кылбай калды. Периште-келин да муну эбак түшүнгөнүнө, сырткы көрүнүштөрү асман-жердей айырмаланган менен экөөнүн жүрөк күүлөрү бир ыргакта согоруна, издеп табышпай жүргөн жан дүйнөлөрү бири-бирине магниттей тартылып жатканына түк күмөнсүнбөй калды.

Ошондон көп өтпөй ал шаардын батыш тарабындагы ири базардын чок ортосунда гүл саткан аялдардын жанында айланчыктап турду.

Бүгүн өмүрүндө биринчи жолу гүл базарга келген Арасаттын сонуркоосунда чын эле чек жок эле. Ал чыныгы кооз гүлдөр, накта сулуу гүлдөр тоодо гана өсөт, тоодо гана болот деп жүргөн. Минтип адам колунан да не бир ажайып, адеми гүлдөр жараларына бирөө айтса такыр ишенбейт болчу. Жан дүйнөсүнүн канышасы болгон өз ашыгына бул биринен бири кооз, биринен бири татына гүлдөрдүн кайсынысын аларын билбей башы катты. Жок, Периште-келинге көрүнгөн гүлдү алып барууга болбойт. Ал гүл да бейиштин гүлүндөй периште-гүл болууга тийиш.

Бул адамдан башкача ырайы суук неме баятан бери бул жерден кетпей, эси оой гүлдөргө тигилип турганын байкаган татар аял бул түрү менен башка кардарларды качырбасын деп катуу үн катты:

- Чо ты стоишь здесь, как привидение! Убирайся лучше!

- Мен гүл алайын... дегем, - деди ал апкаарып.

- Вот как! Кандай гул алмаксың? – деди аял эми чала кыргызчалап.

- Эң...эң ко-о-зун, – эми ал араң эле чулдуруктады.

- Ха-ха! Көөзүн де! Кому, кизгабы?

Арасат мындан ары сүйлөөгө алы келбей, башын араң ийкеди, кулагынын учуна чейин кызарып, тердеп кетти.

Тиги аял дагы каткырып күлдү, анан жанындагыларга кайрылып:

- Вы посмотрите, джентльмен хочет купить цветы для своей дамы, - деп дагы маашырлана күлдү.

Ошол түнү анын үйүндө үч тал роза гүлү өзү менен кошо түнөдү. Бош жаткан желим бөтөлкөнүн жарымына чейин кесип, тунук суу куюн гүлдөрдү аспиеттеп салып койду. Жок, муну менен эле анын көөнү тынып калбады. Оболу гүлдөрдү өзү жаткан бөлмөнүн бир бурчуна коюп, кийин бөлмөнүн ортосуна, төшөгүнө жакыныраак жылдырды. Жатар маалга чейин алардын жанынан карыш жылбай, бир саамга көзүн албай, кадалып карап отурду. Ал бул убакыт аралыгында бир нече жолу кыялында тиги розаларды ашык жарына берип жатканын элестетти. Периште-келиндин кандай сүйүнгөнүн, ага алкыш айтып, жайнап турган көздөрүн, эч бир жандыкына окшобогон жылмаюусун элестетти. Албетте, бул гүлдөрдү алганда Периште-келин кубанбай койбойт, атайын Арасатка арналып, жүрөгүнөн чыккан назик, жылуу сөздөрүн айтпай койбойт. Ал кандай сөздөр болорун Арасат али билбейт дечи, бирок сөзсүз эң бир жагымдуу, эң бир асыл сөздөр болот. Ушуларды ойлоп, үч бирдей розадан көзүн албаган анын жан дүйнөсүнө кандайдыр буга чейин белгисиз, бейтааныш жагымдуу сезимдер уялап, өзгөчө бир жылуулук бүткүл турпатына таралып баратты. Жайдын ошол кечи, ошол кыска түнү анын өмүрүндөгү эң бактылуу кеч эле, эң бактылуу түн эле...

Адаттагыдай эле Периште-келин бүгүн да үйүнөн ошол саатта, ошол мүнөттө чыкты. Чоң эшиктен чыга бергенде ал адаттагыдай эле Арасатка күндө кайталанчу жылмаюусун тартуулап, көчөнү карай басты. Ошол учурда тулку боюн баскан калтыракты бүт эрки менен жеңип, Арасат анын жанына барды да, тер менен таштандычынын өзгөчө жыты жыттанган көкүрөгүнө каткан жеринен үч тал розаны сууруп чыгып, келинге сунду.  

- Бул...булар сизге, – деди ал, үнү дирилдеп.

Периште-келин тык токтоп, бери бурулду. Бир саамга эч нерсени түшүнбөгөндөй дендароо болуп турду да, анан кекээрлүү айтты:

- Пошел вон, несчастный урод! Кем ты возомнил себя?!

Анын өңү заматта өзгөрүп, бузулуп кетти: көптөн бери Арасатты ашык кылган керемет күлкүсү да, буудай жүздүү өңүндөгү адам суктанарлык ажары да көз ирмемде жок болуп, өңү тири укмуштай өзгөрдү. Ошол мезгилде Арасат үчүн асман аңтарылып, бут астындагы жер толугу менен көчүп бараткансыды. Анын кулактары чуулдап, эч нерсени укпай, көздөрү мунарыктап, көрбөй калды.

Арасаттын өмүрүндөгү эң каргашалуу ушул окуядан жарым саат өтүп-өтпөй ал үйүнүн капталындагы отун жана башка майда-чүйдө коюлчу жаман сарайда айылдан өздөрү менен кошо ала келген тайатасынын беш кулач эшилме арканына асынып өлүүгө даярдык көрүп жатты. Ал шыптагы эркектин жоон санындай келген устунга жиптин бир учун эки, үч кайталап бекем байлады да, экинчи учун жерге салаңдатып таштап, шыптан жарым метр төмөнтөн сүйрүрөөк келген сыйыртмак жасады. Аны да эки-үч жолу түйүп, эки колдоп сыдырып, катуу тартып бекитти. Иштин бул бөлүгү бүткөн соң, оор күрсүнүп алды.

Кийин сыйыртмакты бир нече жолу бар салманын салып, төмөн карай тартып көрдү. Жиптин бекем байланганына көзү жеткенден кийин, бутка чалышып, дайыма эшиктин алдында жаткан сыры көчкөн табуретканы алып келүү үчүн сыртка чыкты. Отургучту колуна алып, айлананы бир катар кыдырата карады да, анан асмандан көзүн албай, саамга тигилип турду. Мындан соң сарайга кайра кирип, табуретканы салаңдап турган жиптин тушуна коюп, өзү үстүнө чыкты. Сыйыртмакты мойнуна салып, бир азга аярлап, отургучту четке тээп иерде арт жагынан бутуна бир нерсе чап жабышканын туйду.

Чочуп кетип караса, оң бутунун шымынан бекем тиштеп тартып турган ити Актөш экен. Арасат эмне кыларын билбей шашып калды. Ал аңгыча Актөш шымды кое берип, ээсинин бет маңдайына атып өтүп, чаңырып ыйлап жаткандай аянычтуу кыңшылап ага асылып, бутунун учунан баштап, бою жеткен жерге чейип жалап, кадимкидей өпкүлөп жиберди. Ошол учурда Актөш менен Арасаттын көздөрү чагылыша түштү. Байкуш ит ушунчалык аянычтуу карады дейсиң, адамча сүйлөп ийбей араң калды. Муну байкаган Арасаттын бүткүл денеси шалдырап, бошошо түштү. Ал мойнунан сыйыртмакты шап чыгара салып, болбой эле өзүнө боюн уруп жаткан итин кадимки адамды кучактагандай, болгондо да ааламдагы эң жакын адамын кучактагандай берилип кучактады. Иттин да кыңшылаганы күчөп, эми кудум жаш бала ыйлагандай үн чыгарып жатты.

- Мени кечир, кечир мени... – деди Арасат аптыга – билем, мен сага керекмин, сен менсиз жашай албайсың! Мен сени талаага таштап кете алмак белем. Анан... сен дагы мага керексиң.

Ошентип, миллиондогон тирүү жан жашаган бул дүйнөдө бири-биринен башка эч кимге кереги жок бул эки байкуш бирин-бири жооткотуп, бирин-бири сооротуп, кучакташкан боюнча муңайып көпкө турушту.

Бишкек, 29-февраль. 2012-жыл.

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз