2.1. Айтыштын өнүгүү этаптары: «классикалык доордогу» көркөм салттуулуктардын сакталышы
Айтыш өнөрүнүн качан пайда болуп, кандай шартта өсүп-өнүккөнү тууралуу адабият, фольклор таануу илиминде бир беткей пикир жок.
Казак айтыштарын талдоого алган М.Ауэзов айтышка жакын поэтикалык түрлөрдү жаратуучулар Батыш Европадагы кельттер, Орто Европадагы - мейстерзингерлер, Скандинавия элдериндеги - скальддар, орус элиндеги скороморхтордун орто кылымда өмүр кечиргенин жазса [60, 737], казак окумуштуусу С.Муканов [88, 551] VIII - VII кылымдардагы Иран, Инди элдериндеги “мушаира”, “мугаллакат” деген айтышка жакын чыгармалар болгонун белгилейт.
Мугаллакат исламга чейинки араб адабиятындагы төкмө акындардын чыгармаларын бириктирип жыйнаган Хаммад деген кишинин жыйнагы. Ал араб адабиятында салттуу болуп калган, көөнө поэтикалык түр “касида” түрүндө болгон. Мына ушундай касида түрүндөгү чыгармаларды VII кылымдарда өмүр сүргөн шайырлар (акын – абыздар) алардын жолун жолдогон рауилер (шакирт акындар) жараткан. Мал багуу менен күн өткөргөн араб урууларынан чыккан шайыр-рауилер төкмөлүктү кесип кылып, эл аралап ырдоону салтка айландырышкан. Дагы бир кызыгы – эл аралоо сапарында устаттан өнөр үйрөнүп, өмүрдү болжоп, өткөндү жоктоочулар, уруу намысын коргоочулар да ошол өнөрлүүлөр болушкан экен.
Арабдар аларды “муфахар” деп атап коюшкан. Ал эми каракалпак элдеринде оюн-зоок кечелерде кыз менен жигиттин суроо-жооп айтыштары айрыкча көп тарап, каракалпак элинин байыркы маданиятын чагылдырган түпкүлүктүү көөнө жанр экени белгилеген [38, 222]. Ырчылык өнөрдө аны жаратуучулар, жайылтуучулар жана сактоочулар акындар, ырчылар болгону маалым. Түрк тилдүү элдердин маданий көркөм дөөлөттөрүнүн ичинде “Деде коркут китеби” да өзгөчө ызаат менен айтылат. Мына ушул эмгекте байыркы бир замандарда айтылып, кийин башка маанини берип калган “узан” сөзү кездешерин, ал, Шуруринин персче-түркчө сөздүгүндө музыкалык аспапта ойноп, белгилүү бир ырды жаратып, “Огуз наме” өндүү эпосторду айтканын В.Бартольд эске салат. Ушуга окшош эле пикирди А.Ю Якубовский айтып: “Коркуд китебинде” ырды айтуучу ырчы “узан” термини менен белгиленгенин, Коркут идеялдуу узан (бакшы) болгонун жазат.
Мына ушул пикирлерге таянып Ж.Таштемиров “узан” деген сөз бир кездерде бакшынын да, шайырдын да, акындын да, ырчынын да маанисин түшүндүрүп келген экен” [114, 12] – деген оюн билдирет. Казак окумуштуусу М.Ауэзов “Коркут ата китеби” деген ат менен түркмөндөр, башкырттар, азербайжандар өздөрүнүн дастандарын жана накыл аңгемелерин - фольклор адабияттарын Коркуттан баштайт деген пикирин билдирип, узак мезгилдер бою оозеки айтылып, XVI кылымда гана кагазга түшүрүлгөндүктөн бир элден экинчи элге көчмө сюжет катары оозеки тарап жүргөнүн жазат [Цитата алынды. 78, 43]. Байыркы огуз-кыпчак урууларындагы эл шайырларын, ырчы, акындарын жалпылап атаган узан термини азыркы түркиялык түрктөрдүн ашик адабиятын (акындык өнөрдү) аркалап, атышмаларды (айтыштарды) ырдап жүргөн өнөр адамдарын “озанлар” деп атоосунун түпкү теги катары кароого болот.
Убакыттын өтүшү менен “узан” термини фонетикалык өзгөрүүлөргө учурап, “озан” болуп калышы толук мүмкүн. Демек, түркмөн, башкырт, азербайжан, түрк элдеринде сөздү аздектөө, аны өнөр катары тутуу XVI кылымга чейин эле жашап келгенин ачык баамдоого болот. Ал эми кыргыз фольклор таануусунда айтыштардын алгачкы башаттары байыркы кыргыздардын тотемдик, Жерге, Сууга, Отко табынуу сыяктуу диний ишенимдердин элементтерине жана ынанымдарга байланыштырыла каралат. Бул тууралуу П.Ирисов турмуш, тиричилик архаикалык түшүнүктөргө негизделген үрп-адат, табынуу, сыйынууларга жыш болгонун, шаманизм дини үстөмдүк кылганын, мындан улам оорулуу адамдын дартын кубалоо үчүн “Бадик” дарымы жаралганын айтат. Ал Бадик бакшынын:
“ – Көч, көч Бадик көчүрөйүн,
Көмүрдөй атың өчүрөйүн.
Ала Тоону ашырайын,
Агын сууну кечирейин,
Кырга көч!” – деген ритм, рифмалуу көчүрүүсү менен айтылса, карап тургандар “тилегиңди берсин” – деп үн салып турганын, айрым учурда бадикти эки бакшы кезектешип айтышканын, анда көчүрүүлөрдүн алдында бадикчилердин биринен экинчиси кыйын экендигин билдирген ички эрегишүү бар экенин, о шондой эле бакшы менен бакшы, бакшы менен элдин диалогдук байланышы өрчүгөн” деген оюн казак фольклористтеринин “...кийин казактарда шаманизмдин таасири бошоңдогондо “бадик” жаштардын оюн-зоок айтышына айланып кеткен”[3, 22] деген пикирлерине таянуу менен кыргыздарда бадик түздөн-түз оюн-зоок айтышына айланып кетпесе дагы андагы диалогдук форманын болушу, бакшылардын кезектешип ооруну кубалоодогу ойдун тактыгы, сөзмөрлүк жагынан ички атаандаштык айтыштын баштапкы белгилеринен экендигин, булар айтыш жанрынын баштапкы белгилеринен экенин ырастайт [58, 36].
Ал эми кыргыз элинин оозеки адабиятын изилдөөдө бир катар бараандуу эмгек жараткан М.Богданова айтыштын башаттарын байыркы кыргыздардын кыз-келиндеринин короо четиндеги малды зыянкеч жаныбарлардан коргоо, убакытты көңүлдүү өткөрүү максатында хор менен үн алышып коңшу короодогу кыз келиндер менен ырдашкан “Бекбекей” ырынан издейт. Ал: “мал чарбачылыгы менен жашап келген элдердин фольклорунда айтыштын архаикалык үлгүлөрү кезигет. Кыргыз эл поэзиясындагы короо кайтарган аялдардын “Бекбекей” аттуу ыры мына ушундай. Короо кайтарып, коңшу короодогулар менен үн алышып, ырдашканда бул өзү айтышууга айланып турган” [26, 30] – дейт.
Кыргыздардагы бадик айрым учурда эки жүз саптан куралган өтө узун ыр формасында кездешкендиги тууралуу маалыматтар бар. Мындай узун сабак ырларды таланты жок адамдын аткара албасы белгилүү. Бадикти аткаруучулар ыр кураштыра билген, анча-мынча сөздөрдү жамаштырган ырчылык жөндөмү бар кишилер болгон. Ал эми “Бекбекей” ыры дагы төкмөлүктүн салттарына каныкканын көрө алабыз. Демек, бадик, “Бекбекей” өндүү элдик ырлардын айтылышы айтуучунун ырчылык жөндөмүн калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзсө, экинчиден, ал ырларды ырчылык шыгы бар таланттуу адамдардын айтканын көрүүгө болот. Бирок бадик дуба-дарым ырларынын, ал эми “Бекбекей” эмгек ырларынын үлгүсү экенин, алардын өзүнө ылайык пайда болуу, өнүгүү өзгөчөлүктөрү, айтылуу максаты бар экенин эске алганыбызда айтыш ырларынын башкы формалары катары кароо жаңылыш пикир экенин көрүүгө болот. Казак фольклористтери болсо айтыштын көөнө башаттарынын бири катары “арбак менен айтыш” деген культтук мүнөзгө ээ айтыштарды киргизет.
“Мифтик түшүнүктөгү адамдын денесиндеги жан ал өлгөн соң андан ажырап, арбакка айланат. Арбактар адамдарга жардамга келүүсү же аларга жаман иштерди тартуулоосу дагы ыктымал. Мындан улам арбакты Теңир сыяктуу күч катары эсептеп, аны культ катары карап, ага табынуу келип чыгат дешет. Мына ушундай мифологиялык ишенимден улам арбак менен сүйлөшүү, ага арыз муңун айтып, андан жардам суроо тууралуу айтыштын үлгүлөрү жаралган” [142, 10] – деген пикирлерин ортого салып, айтыштын жаралышы байыркы шамандык ишенимдер менен байланыштырыла каралат. Албетте, оозеки поэзиядагы дуба-дарым, бата-тилек, алкыш, каргыш өндүү жанрлардын элдик ишенимдерге негизделип жаралганын көрүүгө болот. Ал жанрларда негизги максат элдик ишенимдерге таянуу менен чыгармачылык ошол нукка багытталат. Ал эми арбак менен сүйлөшүү кайсы бир деңгээлде элдик ишенимге таянганы менен аны жаратуучу бир эле адам. Башкача айтканда, реалдуу турмушта арбактын сөзүн да ага ишенүүчүнүн ырын жараткан бир эле ырчы. Экинчиден, айтыштардагы мындай түр казак фольклорунан башка элдердин оозеки адабиятында кезикпей турганын эске алганыбызда айтыштын байыркылыгын аныктоодо бул далилдин канчалык аргументтүү экени өзүнөн-өзү түшүнүктүү болот.
Ал эми айтыштын байыркылык мүнөзүн аныктоодо П.Ирисов буларга токтолот: «…революцияга чейин айтыш жана элдик психологияга сиңген салт трансформациялана элек болучу. Башкача айтканда, бешиктеги бала да ыр угуп уктачу, боз бала, токтоло элек киши, чал да ыр угуп ырахаттанышчу, турмушта акындын ырынан өткөн өнөр жок деп эсептешчү. Акындардын айтыштарына элдеги көк бөрү, балбан күрөш, эр сайыш жана башка көңүл ачуучу оюн-зооктор эч жагынан теңдеше алчу эмес» [58, 172] - деп мүнөздөп, айтыш элдик салттардан мурда жаралган өнөр экенин белгилесе, ушул эле ойду европалык саякатчы Т. Аткинсон: «…улуттук оюндар менен сайыштар баарынан мурун акындар айтышынан башталган» [141, 12-32] - деп улуттук эр сайыш, балбан күрөш сыяктуу көңүл ачуучу оюн-зооктор айтыш өнөрүнүн таасиринде пайда болгон деген пикирин билдирет. Демек, айтыш өнөрүнүн жаралышы байыркылык мүнөзгө ээ болуп, элдик салттардын, жөрөлгөлөрдүн, улуттук оюндардын жаралышына негиз болгон деп атоого болот.
Айтыш формаларынын көркөм сөз өнөрүнүн эң алгачкы өнүгүш дооруна таандык экенин аныктоо максатында П.Ирисов байыркы учурдагы чечендик кеп менен айтыштын генезисин төмөнкүдөй чечмелейт. “Байыркы мезгилде кыргыз урууларынын ортосунда эрегишүү, атаандашуу турмуштук баардык жагдайларда коомдук-социалдык маанидеги чырдашуудан тартып оюн-зоок, той-тамашаларда да эрегиш формалары болгон. Ошол эрегишүүлөрдүн ичине сөзсүз чечендердин айтышы же болбосо көркөм сөз мелдеши да кирери түшүнүктүү. Бул мелдеш барган сайын күч алып, өнүгүп олтурушу, эл арасында теңдешсиз чебер чечендердин пайда болушун шарттады. Уйкаштык менен сөз айтуу, ыргак менен сүйлөө бара-бара ырдап жооп берүү менен алмашкан” [58, 36] – деп айтыштын жаралышына чечендик кептин түздөн-түз таасири бар экендигин белгилейт.
Эгер чечендик кептин айтыштын жаралышына түздөн-түз таасири бар деп белгилесек, анда V кылымдагы Греция мамлекетиндеги чечендик өнөрдүн болуп көрбөгөндөй гүлдөп өнүгүшү айтыштын ошол мезгилде эле саясий мааниге ээ болуп, өнүгө башташынан кабар берет. Байыркы мезгилдеги элдик поэзиядагы эмгек, үрп-адат, каадасалтка байланыштуу ырларда кезектешип ырдап, эл көңүлүн көтөрүү же болбосо турмуштук ар кандай жагдайларга байланыштуу социалдык мамилелерди чагылдырууну максат кылган адат-салт айтыштары жаралган. Андан бери айтыштын үлгүлөрү улам бир баскычтан жаңы бир баскычка көтөрүлүп, турмуштун түрдүү жактарын камтый берди. XIII кылымда жашап өткөн аты уламышка айланган Бука ырчынын атактуу Айгандын баласы Жучи дүйнө салганда атасына угузгандагы ырынынан кезиктиребиз. Бул ыр эл оозунда аңыз кеп катары оозеки жашап келгендиктен канчасы Бука ырчыныкы, канчасы элден кошулганын билүү кыйын. Бирок кандай болгон күндө да ырдын табышмактуу айтыш формасында экендигин бизге жеткен вариантында ачык көрүнөт. Бука:
Айгандын жообу:
Алтын боолуу ак шумкар
Алтын боосун тытыптыр.
Алтын боосун тытканы
Айды карай сызыптыр.
Айды карай сызганы
Ал эмине болучу?
Ал кулунум ботом болгону.
Асмандан булут сөгүлөт.
Асмандан булут сөгүлсө,
Аяктап мөндүр төгүлөт.
Аяктап мөндүр төгүлсө
Бул эмине шумдугу?
Көзүмдүн жашы болгону.
Андан бери келсек орто кылымдагы М.Кашгаринин «Түрк тилдер сөздүгүндөгү» жыл мезгилдери «Кыш менен жаздын» айтышын, Кожа Ахмет Яссавинин «Дивани хикметтериндеги» «Тозок менен бейиштин айтышы» аттуу ырлары бул түрдөгү ырлардын нагыз үлгүсү. М.Кашгаринин «Кыш менен жаздын талашы» деген ырында айтышка мүнөздүү ички эрегишүү “Атышчудай жаалданып, \ Аянбастан тартышты” – деген саптарында сүрөттөлөт. Айтышка мүнөздүү болгон өзүнүн жакшы жагын ашыра чаап, каршысынын касиеттерин төмөндөтүү, ар бир айтылган ойго далилдүү аргументтерди келтирүү да бар. Табияттын эки көрүнүшү тең адам баласы үчүн пайдалуу жактарын санап, экинчисинин зыяндуу жактарын контраргумент кылат. Мисалы, Кыш:
“Кышта гана кар жаайт,
Аштык, таруу тамырлайт.
Жоолашкандар кышта элдешип,
Сен келгенде тебишет.
Бөйөн, чаян, чымындар,
Көзгө суук жыландар.
Сен келгенде жерди каптап,
Туш-туш жактан ызылдашар” [143, 6].
Мындай сөзгө жаз жалтактабайт, ал кайра өзүнүн мээримдүүлүгүн, жан-жаныбар, өсүмдүктөр, адамдар дүйнөсүндө кайра жаралуу, жаңылануу башталарын айтып, ар бири өз чындыгын кубаттайт. Бул сөз жарыштарынан айтыштын формасын гана эмес, бардык шарттары менен айтышка мүнөздүү белгилерди сактап турат. Анда кыш менен жаздын өзүнө мүнөздүү өзгөчөлүктөрүн айтып, эрегиши, ар бири өз жүйөсүн далилге алып жеңишке умтулуусу айтыштагы башкы белгини көрсөтөт. Ал эми А.Яссави изги деп эсептелген дин жолу менен караңгы динсиздикти бири-бирине карама-каршы коюп, пикир талашына салат. Ошол аркылуу кудай жолунун артыкчылыгы менен ыймансыздыкты өз ара салыштыра сыпаттайт. Экөөнүн кайсынысынын адамдар үчүн кайырымы күчтүү экенин ачып берүүнү максат кылат. Ошентип, акын бейиштин жакшы иштери менен ак жолунун шарапатын ачууда тер төгүп, тозокту аёсуз ашкерелейт. Демек, М.Кашгаринин, А.Яссавинин адабий туундуларындагы айтыштары орток жазма адабиятыбызда орун алып, ошол мезгилдерде да түрк тектеш калктарында өзүнүн салттарынын калыпташуу мезгили катары өмүр сүргөнүн көрсөтөт. Мындан биз кыргыз элинин байыркы турмушунан башат алып, күнү бүгүнкүгө чейин жалгашып келе жаткан акындар айтышы мындан миң-миң жыл илгери жарала баштаган салттуу өнөр экендигин көрөбүз.
Мына ушул элдик үрп-адатка, салтка, ишенимдерге байланыштуу жаралган айтыштын үлгүлөрүн адат-салт айтыштары деген топко топтоштуруп жүрөбүз. Мындан улам орто кылымдардан тарта айтыштын элементтери бар элдик поэзиянын үлгүлөрүнөн айтыш ырларынын айрым туруктуу түрлөрү калыптана баштаганы көрүнөт. Кыргыз элинин ар өнөргө маш келип, сөздү барктап, баалап, анын улуулугуна баш ийишине көчмөн маданияты өзгөчө шарт түзүп бергени көрүнөт. Жылдын төрт мезгилинде жайлоодо, жаздоодо, күздөөдө, кыштоодо көчмөн турмушта өмүр кечирген эл табият менен таттуу алакада болуп, турмуштук кырдаалдарды, адам мүнөздөрүн мыкты баамдаган аналитикалык байкоочулугу менен жөндөм, шыктын өз ара айкашынан улам эмгек ырларынан тарта, санаттар, айтыш ырлары менен бирге чоң-чоң эпикалык чыгармаларга чейин жаралган. Турмуштук түрдүү жагдайлардан улам келип чыккан адат-салт айтыштары мезгилдин өтүшү менен эл арасында биринен-экинчисине өтүп, оозеки формада айтылса дагы өнүктүрүлүп жаңы формадагы айтыштын жаралышын шарттады. «Мурда элдин же уруунун турмушунда болгон окуялар ошол элдин айтуусунда муундан-муунга сактала турган болсо, кийинчерээк аны ырдап, кооз айта турган индивиддер баяндай баштаган» [И.П. 80-б]. Башкача айтканда, элдин турмушундагы түрдүү мазмундагы окуялар акындар тарабынан айтылып, элге тартууланган. Мындан улам мурдагы коллективдүү маанайдагы чыгармачылыктын жаңы бир баскычка көтөрүлүп, жаңы сапаттарды калыптандырганын көрүүгө болот.
Акындар айтышынын эл арасында белгилүү болуп, өзүнчө салтуулуктарын калыптандырган чыгармачылык түр катары калыптанышына кыргыз элинин коомдук турмушундагы өзгөрүүлөр түрткү болду дешке болот. Элдин уруу-уруу болуп жашашы, ар бир уруунун башчылары өз уругун мактатып, кандай жыйын, той болбосун өз таламын талашып, байдын, бектин элге кылган иштерин даңазалап туруу үчүн эшик ырчыларды күттү. Бир уруунун ырчысы менен экинчи бир уруунун айтышында эки ырчынын өнөр жарышы эмес, уруу намысы алдыга чыгып, уруу үчүн, уруу жакшылары үчүн айтышуу башкы максат болгон. Мындан улам акын дагы жеке керт башынын намысы эмес уруунун намысын талашуу үчүн чыгармачылыкка болгон жигердүү такшалуу мектебинен өткөн. Бул тууралуу профессор А.Х.Маргулан: «Профессионалдык ырчылардын калыптанышы уруу-уруу болуп жашоо доорунда эпикалык поэзиянын өрүш ала башташы менен тыгыз байланышкан» [86, 21] - деп уруулук мезгилде ырчылык өнөрдүн калыптана баштаганын белгилейт. Мына ушундай жагдай ырчылардын топ жарып чыгышына шарт түзүп, айтыш деген өнөрдүн жаралышына элдик муктаждык пайда болгон. Башкача айтканда, төкмөлүктүн бийик деңгээлге жетишине төкмөлүк салттын коомчулук тарабынан жылуу кабыл алынып, зарыл муктаждык катары кабыл алынганында эле. «Акындар айтышына уруулар ортосундагы же болбосо жалпы эле коомдук мамилелердин курчушу, ич ара эрегиши публицистикалык мүнөз берди» [П.И. 82.]. Ошондой эле эл тарабында турган ырчылар коомчулуктун мүдөөсү ачык чагылдырып, алардын оор турмушун, кайгысын, кубанычын бай-бийлерге ачык жеткирип, ырларында социалдык мазмунду калыптандырды.
Мына ушул антогонисттик карама-каршы эки коомдук түзүлүш, чыгармачылыктын айрым формаларынын бышып, экинчисине орун бошотуу мезгилинин жетилиши, адам аң-сезиминин улам бийиктеши, калктын абалын таасын сүрөттөгөн ырчылыкка болгон элдин каалоо, талабы, ырчылардын элдин арасында жүрүп үй-бүлөсүн, жеке жашоосун өнөрдүн арты менен түптөшү акындык өнөрдүн калыптануусун шарттады. Акындар ырчылыкты кадимкидей кесип тутуп, аны өркүндөтүүнүн ыкма-жолдорун иштеп чыгып улам кийинки муундардын өздөштүрүүсүнө кызыкдар болушту, көп мээнеттеништи. Мына ушул ырчылыктын калыптануусун шарттаган негизги булактарды А.Обозканов булар менен байланыштырат.
1. Байыркы доорлордон революцияга чейинки мезгилдеги калкыбыздын басымдуу көпчүлүгүнүн эртели-кеч бош убактагы негизги эрмеги эле ар өнөргө ыклас коюу, санжыра сөз, куюлушкан жагымдуу ыр-күүлөрдү тыңшоо болгондугу ырас.
2. Элибиздин эзелтеден келаткан үрп-адат, ырым-жырым, салттарынын дээрлик баары (бешик ырынан тарта, эм-дом ырлары, жарамазан, жаржар айтуу, арман кошок, бата берүүгө чейин) куюлушкан жорго сөз, учкул ыр тизмектери менен айтылган.
3. Кеч күздөн тарта узак кыш бою ичилген жоро бозолордо жана “Сармерден”, “Акыйнек”, “кыз оюндарында” өңчөй жаштар эки жаат болуп беттешкендиктен, андайда кандай да болбосун өнөр үйрөнүүгө ык, сөз тапкычтыкка мүмкүнчүлүгү ачылып, жаштардын кимисинин эмнеге жөндөмдүү экени аныкталган.
4. Даңазалуу аш-тойлор бүткүл кыргыз элиндеги (көп учурда канатташ казак, өзбек элдеринин шайырлары да катышкан) баатыр, балбан, сынчы, саяпкер, мүнүшкөр, ар өнөргө маш эң көрүнүктүү эл шайырларынын башын бириктирип, өнөрдүн башка түрлөрү сыяктуу эле ырчылык өнөрдүн тутанып, өркүндөп-өсүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизген” [97, 7].
Чындыгында, кыргыз элиндеги ырчылык өнөрдүн калыптануусунда адабиятчы А.Обозканов айткан себептер тике таасир бергендиги айкын көрүнүп турат. Бирок ошондой болсо дагы, жалпы ырчылыктан жеке акындык айтышууга өтүүдө элдин социалдык турмушу негизги фактор экендигин көңүлгө алууга болот. Мына ушундай жагдай-шарттардан улам ырчылык өнөрдөгү төкмөлүктүн кайталангыс бийик чекке көтөрүлүүсү XIX кылымдын орто чени XX кылымдын башына туура келип, адабият таанууда “классикалык доор” деп аталган өнөр сересине көтөрүлдү. Адабиятчылар XIX кылымдын ичинен XX кылымдын биринчи жарымына чейинки мезгилди Чыгыш менен Батыштагы “Кайра жаралуу” (Реннесанс), болбосо орустар XIX кылымды “алтын кылым”, 1892-1917-жылдар аралыгын “күмүш кылым” деген атоолору менен катар коюп, кыргыз акындар чыгармачылыгынын алтын доору катары баалагандары да бар.
Айтыш өнөрүнүн өнүгүшүндөгү бул мезгилдик мерчем эмне себептерден улам “классикалык доор” деп аталды, анын өзгөчөлүктөрүн эмнеден көрүүгө болот? Биринчиден, ырчылык өнөр асыресе айтыш өнөрү тээ байыркы мезгилден бери өсүп-өнүгүү жолунда болгону менен оозеки чыгармачылыктагы адат-салт айтыштарынан кийин XIX кылымдын экинчи жарымына чейинки айтыштар оозеки эл оозунда калып, фактылык материалдардын бизге жетпей калгандыгы б.а. XIX кылымдын экинчи жарымынан тарта XX кылымдын баш чендерине чейин өмүр кечирген Токтогул, Арстанбек, Калык, Эшмамбет, Коргоол, Нурмолдо, Барпы өңдүү акындарыбыздын көркөм мурастарынын кагаз бетине түшүп калуу “бактысы” менен аныкталат. Экинчиден, XIX кылымдын экинчи жарымы XX кылымдын баш ченинде кыргыз элинин тээ алмустактан бери калыптанып келе жаткан ырчылык өнөрүндөгү көп кылымдык талыкпаган эмгек менен чыгармачылыктын айкалышы аркылуу бийик чегине жете алгандыгынан көрүнөт. Ал айтыштардын эки акындын өнөр таймашынын чегинде гана ырдалбай “Сүйүнбай менен Арстанбектин”, “Нурбай менен Нурмолдонун” айтыштары сыяктуу бийик социалдык маани күтүп, эл тагдыры, доор маселесин көтөрүлгөнү менен аныкталат; үчүнчүдөн, төкмөлүктүн бийик деңгээлдеги көрүнүшүнүн масштабдуулугунан. Башкача айтканда, бул мезгилдеги айтыштар турмуштагы баардык нерселерди өз объектисине алып, дүйнө, өмүр, өлүм сыяктуу түбөлүктүү темалардан (“Чоңду менен Арстанбектин айтышы”, “Эсенаман менен Чоңдунун айтышы”, “Байгабыл менен Чата кыздын айтышы”, “Барпы менен Жеңижок” ж.б.) тарта, күнүмдүк турмушта эл көңүлүн көтөрүү максатында жайынча айтыштарды (“Үмөтаалы менен Сулаймандын айтышы”, “Коргоол, Токтогул, Эшмамбет, Бекназар, Кулукенин айтышы”, “Айдаралы менен Калыктын”, “Токтогул менен Калыктын”ж.б.), ошондой эле өзгөчө чечендикти, чечкиндүүлүктү, жүгүрүк ойчулдукту талап кылган чечен айтыштарды (“Түкбаш менен Куйручуктун айтышы”) жаратты.
Төртүнчүдөн, айтыштардын ошол мезгил аралыгында спецификалык өзгөчөлүктөрүн калыптандырып, жанр катары толук кандуу жетилишинен, баардык түрлөрүнүн (кордоо, табышмак, алым сабак ж.б.) калыптанып жиктелишинен көрүнөт. Бул мезгилге чейинки айтыштар тигил же бул турмуштук жөрөлгөлөргө, салттык жосундарга байланыштуу айтылып, айтуучунун жеке мамилелери (“акыйнек”), ошол учурга болгон таарыныч, социалдык теңсиздик (“Кыз менен жигиттин айтышы”) же көңүл ачуу, өнөр сыноо (“Сармерден”) (айрым окумуштуулар мындай формадагы айтыштарга алым-сабакты да кошуп жүрүшөт – М.К.) маанайында айтылса, бул учурдагы айтыштар өнөр таймашуу, ички эрегишүү, эки журт башчысынын же элдин намысы башкы планга чыгып чыныгы таймыштын, өнөр жарышынын чегине көтөрүлгөн.
Бешинчиден, идеялык-көркөмдүк дараметинин бийиктиги менен мезгилдин чегине сыйбай, бүгүнкү күндө дагы бийик эстетикалык кунарын жоготпой, кайсы мезгил болбосун зарылдык деңгээлинен түшпөгөндүгүнөн. Мисалы, “Жеңижок менен Эшмамбеттин айтышы”, “Токтогул менен Эшмамбеттин”, “Токтогул менен Калыктын” “Нурмолдо менен Жеңижоктун”, “Токтогул менен Коргоолдун”, “Арстанбек менен Жеңижоктун айтышы” ж.б.;
Алтынчыдан, бир эле өнөр адамында бир нече өнөрлөрдүн жуурулуша берилиши менен төкмөлүктүн аркасында жаңы маданий дөөлөттөрдү жаратуучу, сактоочу жана өнүктүрүүчү милдеттерди аткарышынан. Ошол эле айтышка түшкөн акындардын чыгармаларынан замана, эл-жер, табият, өмүр-өлүм сыяктуу темадагы ырларды ийине жеткире ырдоосун, элдик чыгармачылыктагы санат-насыят, угузуу, жоктоо, арман, бата, алкыш, каргыш өндүү жанрдык көп түрдүүлүгүн байкоого болот.
Акындар бир эле учурда элдик поэзияны жаратуучу, эпикалык чыгармаларды айтуучу, эл алдында аткаруучу милдеттерди да аркалаган. Бул мезгилде элдик чыгармачылыктын бир түрү катары акындар поэзиясы бир тепкичке көтөрүлүп, өз алдынча өзгөчөлүктөргө ээ боло баштады. Төкмөлүктүн бийик деңгээлге көтөрүлүшү менен удаалаш, өз алдынча диний мектептерден билим алып, чыгармаларын кагаз бетине түшүргөн жазгыч акындар, манасчылыр, эл шайырлары калың элдин жарпын жазып, эл кызматында болушту. Ырчылыктын салттары калыптанып, төкмөлүк бийик деңгээлге жетти. Мына ушул бийиктик эмнелерден көрүнөт? Мына ушул суроонун тегерегинде бир аз ой толгоону туура көрдүк.
Айтыш - эл турмушу менен өзөктөш өнөр. Аны элдин өкүлү жаратып, кайра элге тартуулайт. Байдын карамагында болуп, “бекти көрүп мактаган, бекер ичкен аш үчүн, кошомат кылып бегине, бечераны каптаган” эшик ырчысына айланган акын менен карапайым калктын таламын талашып, “жарды да болсо ал акын, өзүн жаандан чыккан жоргого теңеген” барга-жокко кайыл болгон акындардын айтышында карама-каршы эки катмардын турмушу ачык сүрөттөлүп, социалдык мазмун күтөт. Акындардын бирин-бири кордошуусуна да ушул социалдык теңсиздик негизги курал болот. Бул тууралуу Т.Саманчин: “Кордоо айтыштарынын үлгүлөрү, көбүнчө феодалдык уруу ырчылары тарабынан өнүктүрүлгөн. Ошондуктан бул түрдөгү айтыштардын идеялык мазмуну уруучулук-феодалдык салттын эрежеси боюнча ар кимиси өз уруусун, өзүнүн бай манаптарын мактап ырдап, бири-биринин уруусун, бай-манаптарын, ага байланыштуу өздөрүн да кордоп ырдашкан” [108, 58] - деп кордоо айтышын жаралышын уруучулук-феодалдык салтка алып барып такайт. Муну акындардын өздөрү да ырларында баяндайт: Калык:
“Эл акындар эски убакта ким элек,
Өлүк эмес, өлүм санда тирүү элек.
Айтыштырып, жеңиштирген аш-тойдо,
Бай-манаптын шылдыңынын бири элек [61, 44]”
Акындардын мындай абалда ырдашына ошол мезгилдеги “чоң манаптар атактуу ырчыларды кааласа, каалабаса да эркине койбой үстүртөн бийлеп, энчилеп алган. Анан калса шайырдык өнөр бир учурда өз жанын, үй-бүлөсүн түзүктөп багып кетүүчү кесиптин да милдетин кошо аткарган. Мындай көз карандылыкка аргасыз зарылдыктан барышкан. Ал эми даңазалуу же аты чыккан ири манапты жандабаган ырчы башка жерлерге чоң топторго барганда жетим баладай болуп, эч кимге сөзү өтпөй, катарга алынбай, айтыштарга түшпөй, эркинче ырдай албай, керек десе кордук көрүп калганы” [97, 108], шылдыңчыл манаптардын же кимдир-бирөөлөрдүн кийлигишүүсүз деле айрым ырчылардын пикири келишпегендери эл алдында озунуп кордоп, кагып же өзүнүн мыктылыгын көрсөтүүнү максат кылган жеке кызыкчылыктан да келип чыкканы себеп болот.
Айтыштын башка түрлөрүнөн айырмаланып кордоо айтыштарында белгиленген максатты көрүүгө болот. Мисалы, эл алдында сындыруу, өз уруусунун намысын коргоо, өч алуу ж. б. Мына ушундай турмуштук зарылчылыктан белгиленген максаттан улам өз тарабын мактап, каршысынын айыбын ачып, кордоп, келекелеп ырдоо мүнөзү жаралган. Чыгармачылыктагы бул түрдөгү эрегишүү кордоо айтыштарынын өнүгүшүн негиздеген. XIX кылымдын орто чени XX кылымдын башында жашаган айтылуу эл ырчыларынын чыгармачылыгына назар оодарганыбызда бул түрдөгү бир топ айтыштарды кезиктирүүгө болот. Кордоо айтыштарынын эң белгилүү үлгүсү катары Калыктын атасынын жыгаччы экенин айтып ырдасаң Караталга тиет деп Байгазынын сүрөөсүнө туш болгон Эшмамбет Калыкка карай:
“Сенин атаң Акы уста,
Асылган көңдөй терекке.
Алкак салып арчадан,
Түп кынаган челекке,
Оокатына ошолор,
Жарайт бекен керекке?
Каалга кылам деп кыйган,
Капчыгайдын арчасын.
Андан башка жыгачтын,
Алганын билбейм канчасын.
Кутулган жок атаңдан,
Чычырканак, долоно.
Чыныгы ырчы болупсуң,
Жыгачка жакын жолобо”, – деп басынтып, келекелейт, басмырлайт.
Мындай кордоого чыгармачылык дарамети өтө бийик, психологиялык даярдыгы мыкты акын гана жооп бере алмак. Калык да көптү көрүп, көптү башынан өткөргөн акын катары эч бир буйдалбастан, ар бир соболун жадына сактап, бир учурда сын коюп, өнөрлөшү кетирген кемчиликтерин көрсөтө, тайсалдабай туруп жооп кайтарат:
“Калайык кулак салып ук,
Каалаганың баарың ук.
Атам үчүн көпчүлүк,
Анык жообун берейин.
Карагайды кыйды деп,
Кабыргаң жаман кайышса,
Ал катының беле, Эшмамбет?
Катыныңдан бир таман,
Жакының беле Эшмамбет?
Арчага ичиң кайышат,
Алганын беле Эшмамбет?
Андан майда четин, тал,
Балдарың беле Эшмамбет?
Ак кайыңдын ноодасы,
Атаң беле Эшмамбет?
Ак сүтүн берип чоңойткон,
Апаң беле Эшмамбет?” – деп катуу шылдыңга алат. Кордоо айтышынын табигый талабы ушул. “Аёо да, аянуу да жок. Болгон маани-мазмун да, эстетикалык-көркөм чен өлчөмү да ошол. Мында адептүүлүк, сылык-сыпаалык өтпөйт, таалим-тарбиялык жагы четте калат. Ашкере сергектик, тез ийкемдүүлүк, логиканын күчтүүлүгү, интуициянын тапкычтыгы, психологдук табигый жөндөм, курч тил, мурч тил, анан өзүн эркин кармаган тайманбастык зарыл” [39, 52]. Кордоо айтышынын табигый талабы ушул. Мына ушул түрдөгү мезгилдин ченине сыйбай, бүгүн да өз актуалдуулугун жоготпой, бүгүнкү акындарга үлгү иретинде айтылып, ырдалып жүргөн кордоо айтыштарынын катарына “Айтыке менен Балыктын айтышы”, “Карамырза менен Накендин айтышы”, “Наркүлбүбү менен Жеңижоктун айтышы”, “Эсенаман менен Жеңижоктун айтышы”, “Жеңижок менен Нурмолдонун айтышы”, “Барпы менен Назарбайдын айтышы” сыяктуу айтыштарды кошууга болот.
Ырдашуудагы негизги түр болгон алым сабак формасында айтышуу жолго коюлуп, анын айтыштын бир түрү катары өзгөчөлүктөрү калыптанды. Акындар да бул түрдөгү айтышууну жайылтышып, устат ырчылардын өнөр үйрөтүүдөгү негизги ыкмасы катары алым сабакты өздөштүрүүнү үйрөтүштү. Себеби, алым сабак ар бир акындын өз бет алдынча ырдашуусуна мүмкүндүк бербейт. Тескерисинче, айтышка түшкөн акындар биринин оюн экинчиси улап, уйкаштыгын бузбай, логикалык, мазмундук жактан улам тереңдетип, күчөтүп, өнөктөшү баштаган ойду корутундулап жүрүп олтуруу шарты тагылган. Алым сабак айтыш эки, үч кээде андан көп ырчылардын катышуусу менен аткарылат. Мисалы, Токтогул менен Калыктын “Анжиян тарабында” деген алым сабагына көңүл бөлсөк. Анжиян тарапта эл кыдырып жүргөн Токтогул менен Калыктын Мырзакулбектин тоюнда Маман деген дыйкандын Акбайпак деген күлүгү аламан байгени алып келгенин ырга салып: Токтогул:
“Айткын балам элирип,
Аты чыккан Маманды,
Калык:
Акбайпагың топ жарган,
Азамат Маман аманбы?
Токтогул:
Курсакта жатып жай болгон,
Кулун туулуп тай болгон.
Калык:
Тай кезинде таптаган,
Кунанында мактагын.
Токтогул:
“Бузулуп калар бекен” деп,
Быштысында чаппаган.
Калык:
“Анык күлүк болот” деп,
Асыйына сактаган” [144, 232].
Мисалда көрүнүп тургандай өнөктөштүн биринчиси кандай ой айтса, экинчиси ошол ойду андан ары тереңдетип, мазмун, форма, ыр куруу, уйкаштык жагынан ээрчип, улантып же ойду корутундулап олтурган. Бул түрдөгү айтыштар көбүнчө жарчылыкта, устат акындардын шакирттерине үлгү көрсөтүү же сыноо максатында ырдалган. Мында өзгөчө курч айтылган кордоо кезикпейт. Бул туурасында Т.Саманчин: “алым сабакта бирин-бири кордошпостон, кайта биринин пикирин бири улап, жардамчы катары болушат” [109, 58] – деген пикирин айтат. Демек, алым сабакка кордоо мүнөздүү эмес. Бул түрдөгү айтыштарга “Аксыдагы үч акындын алым сабагын”, Пишпектеги союз кошчунунун чоң тоюндагы “Калык менен Осмонкулдун алым сабагы”, Токтогул менен Алымкулдун “Акбаарысы”, Токтогул менен Эшмамбеттин “Актуягы” сыяктуу айтыш үлгүлөрүн кошууга болот.
Байыркы учурдагы аты уламышка айланган Бука ырчынын Айгандын уулу Жучининин өлгөндүгүн угузуу үчүн колдонулган табышмак айтыштын үлгүсү кийин Талым кыз менен Көбөктүн айтышында уланып, өнүктүрүлүп, XIX кылымдын экинчи жарымы XX кылымдын баш чендеринде жашаган эл ырчыларынын чыгармачылыгында негизги түр катары улантылды. Табышмак айтыш мүнөзү боюнча өтө татаал түргө кирет. Анда “табышмак каткан ырчыда атаандашын – күнүлөө, “таба алар дейсиңби” дегендей – басынтуучулук, кайсы бир деңгээлде - менменсинүүчүлүк болсо, табышмактарды жандыруучу ырчыда алгач кооптонуу, андан соң бүткүл акыл оюн, аң-сезимин, ырчылык күчүн пайдаланган – чыңалуучулук, жандыра баштаган учурдан тарта – олуттуулук, соңунда – жеңилдөө абалына келип, мындай айтышта ырчылар мүнөз өзгөчөлүгүнө жараша аталгандардан тышкары да бир катар психологиялык абал, мерчемдерди баштарынан кечирет” [97, 88]. Табышмактуу айтыш психологиялык жактан өтө чыңалуу менен аткарылып, айтышка түшкөн эки ырчы тең бири-бирин ыр жаратуу ыгын, анын көркөмдүк деңгээлин гана сынабастан, каршысынын билимин, акылын, сөзгө чечен тапкычтыгын, логикасынын тактыгын, психологиялык жактан туруктуулугун сынаган. Табышмактын аткарылуу ыгы боюнча биринчиси мааниси туюк, табышмак түрүндөгү ырларды ырдап катса, экинчиси аны туура, так чечмелөөгө акылуу. Табышмактуу айтыш канчалык татаал жана өтө опурталдуу болгону менен бул айтышта алдына ат салдырбай түрдүү темада өз оюн ортого салып, калчай, дүйнөнү тегеретип, алаканга салгандай айланта ырга кошуп, табышмактата ырдаган Арстанбек, Чоңду, Эсенаман, Байгабыл, Жеңижок, Токтогул, Эшмамбет, Барпы өндүү кашка таланттардын тобу өсүп жетилди. Айталы, “Эсенаман менен Чоңдунун айтышы” бул түрдөгү айтыштын ачык күбөсү. Чоңду жаш жагынан дагы, тажрыйба жагынан дагы бир топ улуураак акын катары Эсенамандын талантын, акыл парасатын сыноо максатында туюктап туруп, төмөнкүдөй собол салат:
“Бурай, бурай сөз келди,
Балам, бурачу жерге кез келди.
Алыс менен жакындын
Ченин алган бар бекен?
Кызыл жылан ширгелек
Кымыз ичкен бар бекен?
Узун жыгач башынан,
Улап алган бар бекен?
Туура жаткан жыгачтан,
Чек чыгарган бар бекен?” – деп баштап, узун сабак табышмагын катып келип,
“Муну таап айтып бер,
Муну таап айтпасаң,
Алганыңды кайтып бер”, – деп табышмактын жандырмагын талап кылат. Анда Эсенаман:
“Алыс менен жакындын
Ченин алган жолоочу,
Кызыл жыгач ширгелек,
Кымыз ичкен куу шайтан.
Узун жыгач башынан
Улап алган уукчу”, – деп ар бир катылган табышмактын жандырмагын ыгына жараша чечмелеп келип,
“Толгой-толгой сөз келди,
Толгочу жерге кез келди.
Беш убаккы намаздын
Ак сакалы кайсы экен?
Таңга маал болгондо,
Келбейт сопу уйкусу,
Кайсы болот Чоңду аке,
Кураныңдын кулпусу?
Кой кыштатып короого,
Сооп алган бар бекен?
Өткөн менен кеткенден
Жооп алган бар бекен?” – деп кайра өнөктөшүнө суроо коёт.
Адатта, табышмактуу айтыштарда акындардын бири табышмакты катса, экинчиси жооп берип жүрүп олтурат. Мында болсо Эсенаман Чоңдунун табышмагын таап, ошол эле учурда өзүнө табышмак катып, айтыш алмак-салмак мүнөзүндө уланат. Эки акындын тең табышмак айтыштагы чеберчилиги эл сынына коюлуп, экөөнүн табышмактуу айтыштын мыкты билермандары экендиги айкын көрүнөт. Мына ушундай табышмактуу айтыштын классикалык үлгүлөрүнө айтылуу “Чоңду менен Арстанбектин айтышын”, “Байгабыл менен Чата кыздын айтышын”, “Токтогул менен Найманбайдын айтышын”, “Барпы менен Жеңижоктун айтышын” кошууга болот.
Байыркы мезгилдеги маданий-агартуучулук мекемелердин жок учурунда “бир адамдын театрына” айланган ырчылык өнөр калың элди өзүнө каратып, көңүл черин көтөрүп, өзгөчө тамашалуу мүнөздө болгон. Мындай мүнөздөгү айтыштар жай учурларда, белгилүү аш-тойлордо, жоролордо, карапайым элдин көңүл маанайын көтөрүү, элге өнөр көрсөтүү максатында ырдалган. Тамашалуу айтыштын дагы бир белгиси, айтышка түшкөн эки ырчы бири-биринин кемчилдигин көрсөтүп чымчылашып, күлкү менен, азил, сын какшык менен шөкөттөлөт. Анда турмуштагы калыптанган салттык жосундарга каршы иштелген иштер, адаттан тыш жүрүм-турумдар жумшак юмор менен сынга алынат. Айталы, “Коргоол Токтогул, Эшмамбет, Кулукенин айтышында” он алты жаштагы жаш кызды алган Осоке болушка карата чымчыкейлер ырдалат. Айтыш жаш Кашымкан сулууга арналат. Алгач Коргоол Осоке болушту бет алып Кашымкан сулууну жаш алганын какшыктап:
«Карганы салып, казды алдың,
Карыган болуш Осоке,
Кашымкан сулуу кызды алдың» - деп какшыктап ырдайт. Ошондо Осоке менен Керимбай болуштун жини келип, атын сойдуруп, өзүн тебелетип жоготмок болгондо Токтогул баш толгон ырчылар келип калат. Абалды дароо байкаган Токтогул Эшмамбет экөө Кашымканды мактап, Осокени куураган арчага теңеп ырдап коё беришет. Булардын ырын баятан эшитип турган Бекназар сүрөөнгө алып Кашымканды мактай келип, жаш аял алган Осокени:
“Кашымкан, колдоруңду карачы,
Ыргалган самби чыбыктай.
Бойлоруңду карачы,
Кол тийбес мазар ыйыктай.
Эки көзүң мөлтүрөйт,
Жанып күйгөн чырактай.
Жүзүңдү көрүп, суктанып,
Жүрөгүм турат чыдатпай.
Сени алган Осоке,
Жүрбөй калган турбайбы,
Жүгөндөлгөн боз аттай” - деп мазактайт. Анда Кулуке да жөн калбай:
«Белгиленген элине,
Бекинип бир күн барсаңчы,
Пейили бузук бул чалга,
Бекер сени кор кылбай,
Перизатым кылып алсамчы», - деп ырдайт. Ошондо Токтогул:
«Ой, арбак курган келжир, ошо дагы ыр бекен, кой ырыңды» - деп тыйганына карабай, ачуусу келип калган Кулуке Осокенин алдына барып андан бетер күчөп ырдап:
«Боткосуна кызыгып,
Болушка тийген мас сулуу,
Мени карап күлсөңчү,
Керең чалга кор болбой,
Кетмен-Төбө жүрсөңчү,
Кузгундарга жем болбой,
Кулукени сүйсөңчү», - деп ырдап салып, кара кашка букасын камчыланып дөбөгө чыгып кеткен экен. Кары-жаш дебей элдин баары кыраан каткырышып, Кулуке менен Бекназардын жоругуна күлбөгөн жан жок. Демек, күлкүлүү окуянын жаралышына Кашымкан сулуу менен анын карыган болуш күйөөсү Осокенин окуясы себепчи болуп, бир эсе чымчыкей кошулган ирониялуу айтыштын үлгүсү жаралат.
Тамашалуу айтыштар турмуштук ар кандай жагдайлардан улам айтылып, объектиси өтө кенен. «Токтогул менен Эшмамбеттин эшенге ырдаганы» деген айтыш да эки акындын сатиралык мүнөздө, калемпир мурчтуу ырдалган ыры. Мында дин өкүлдөрү катуу сынга алынып, ошол учурдагы эшен, калпалардын эки жүздүүлүк менен элди алдап, күн көрүп, байып жатканын, алардын ач көздүгүн, туруксуз кылык-жоруктарын көрүп байкаган акындар ал жосунсуз жоруктарды ашкерелөө үчүн ырдашкан. Ыр кордоо мүнөзүндө болбосо да эшендин кылык-жоруктары сатира менен өтө курч мүнөздө ашкереленет. Эшмамбет:
«Конушу шибер көкмөк чөп,
Келишкен экен жергеси.
Эл чогулса ырдаган,
Эшмамбеттин термеси.
Тетиги элүүдөн ашкан ак топу,
Эмне үчүн кыймылдап,
Козголуп калган келдеси?”
Токтогул:
“Толгой тарткан кыл аркан.
Тор кашка аттын кербези.
Топ жыйында гүлдөткөн
Токтогулдун кербези.
Күнү, түнү уктабай,
Түн терметип жүрөм деп,
Ошонун токтобой калган келдеси», - деп азилдүү узун сабак ыр менен калпалардын кылгандарын ашкере жасайт. Мына ушул эле мүнөздөгү турмушта кездешкен чындыкты сүрөттөгөн Токтогул менен Эшмамбеттин «Папы калпа» деген айтышын да кошууга болот. Эки акын Кетмен-Төбөнүн Торкенинде Жайлообай деген киши тоюнда ырдап калат. Папы калпа тигилерди жактырбай: «Ырчы шайтандын канаты. Ырчыга бергендер акыретте өзүңөрдү жылан болуп чагат, берсеңер калпа, молдолорго гана бергиле» - деп динге таянуу менен ырчыларды элге жек көргөзүүгө ниет кылат. Анын мындай сөзүн уккан Эшмамбет менен Токтогул:
Эшмамбет:
«Кадырың бар» дейт калпам ай,
Токтогул:
Калктын пулун кызганган,
Каңырайган маңкам ай.
Эшмамбет:
«Ээси бар» кишим калпам ай,
Элдин малын кызганган,
Этексиз чирик маңкам ай, – дешип эки акын ырдап киргенде, айлана күлкү, каткырыкка толуп, Папы калпа эл аралап качып кеткен дешет. Мына тамашанын, какшыктын, сөздүн күчү. Калпанын баардык кылганын төрт сапка баткызып, ишинин жосунсуз экенин мойнуна алып эл аралып качып кетүүсүнө аргасыз кылган ырдын күчү.
Жогорудагы тамашалуу айтыштарда көрүнүп тургандай, бул түрдөгү айтыштарда өнөр сыноо же бир таймашуу, жеңүү максаты коюлбайт. Жайынча элдин жарпын жазып, элди күлкүгө бөлөйт. Айтышта түшкөн ырчылардын айрымдары кара ырды сабалатып, санаттап ырдоого маш болсо, айрымдары турмуштук материалды “ороп-чулгап” табышмактатып айтууга өтө чебер келсе, айрымдары эл көңүлүн көтөрүп тамашылуу ырларды жаратууга уста болот. Мына ушундай ырчылардын бири Айдыралы. Анын Калык менен айтышы өзгөчө комедиялуу мүнөзү менен айырмаланып турат. “Айдыралынын куудулдук күчү бүлкүлдөтүп бүт денесин бийлетип, “күлүп турат”, “карап турат” дедиртип аспабын таптак сүлөтүп черткен комузчулугуна, чукугандай сөз тапкыч юморлуу ырчылыгына, бирөөлөрдү куду өзүндөй кылып күү чертип, атын туураган пародисттигине, артисттигине чыккан” [97, 122].
Калык менен 1911-жылы Таласта саруу элинде үч дубандын башын кошкон чоң тойдо беттешет. Бул беттешүү тууралуу Калык мындай эскерет: “...чоң тойдо Аксыдан келген Осмонбек менен мен жарчылык кылып жүргөнбүз. Бир жерде миңдей адам жер дүңгүрөтүп күлүп атат, барсам Айдыралы деген күлдүргүч, куу комузчу. Ал чарчы бойлуу, тегерек кара сакал, капчыктуу, өзү семиз киши экен. Арыкчаамай жээрде бээ минип, бээсинин куйругун түйүп алып, тебетейин алып коюп, топусун кырданта кийип алып, май алчудай оң колун карысынан өткөрө түрүп алып, оң бутун аттын артына арта салып, “Айдаркендин Көйрөң күү” деп локулдатып кууланып чертип атат. Ал топусун чокусуна жөргөлөтүп, комузга колун ойноктотуп, каткырып күлүп элдин боорун эзип коюп, өзү томсоро калат. Бул өнөрүнө маашыр болуп, менин да боорум катты. Колун ойноктотуп алып, ат үстүндө булкулдаса бээсинин бели майыша түшөт. Көпчүлүк элди күлкү менен мас кылды" [Цитата алынды 97, 122] . “Мына ушул элдин кыраан каткырткан ким болду экен эминеси болсо да ушуну бир ырдап өтөйүн”, - деп Калык Айдаралынын тек жайын сурап ырдап, тамашага сала:
“Суусамырдын сазындай,
Былкылдаган сен кимсиң?
Жинди болгон немедей,
Шылкылдаган сен кимсиң?
Айылчылап күнүгө
Бир тынбаган сен кимсиң?
Атырылып ырдап көр,
Сенин акындыгың эл билсин”, –деп ырдайт. Анда Аксы, Талас тараптагы “бой тирешкен ырчыга, болжолу жок санаты” Айдыралы деген ырчы болорун тааныштырып, “жер жүзүндө боло турган акындарды жеңе турган адаты” экенин айтып, Калыкты омуроолойт. Анда Калык узун сабак ырдап, экинчи ыкмага өтөт. Анда Айдаралы:
Атаңдын көр-үү,
Мунуңар Калык эмес эле,
Кара тажаал турбайбы?!
Ыры азыраак кишини
Ушунча каптап ырдайбы?
Кушчу, саруу элимден
Көргөнүм жок мындайды.
Тамаша кылат деп турсам,
Тартынбастан чындайбы?
Ыр-сенде, күлкү-менде, – деп нарк билген өнөр адамы катары жеңилип берет. “Бул айтыш кордоо, өчүгүшүү, басынтуудан алыс турган, өткүр тилдүү, кара жаак – Калыктай, бүткүл турпатын күлкү уялаган Айдаралыдай бирин-экинчиси толуктап турган эки шайыр өнөрпоздун күтүүсүз кездешүүсүндө, экөөнүн тең чыгармачылык жүзүн таамай көрсөткөн, андан да сахнада роль аткаргандай жагымдуу сөздөрү, күлкүлүү кыймыл-аракеттери, ымдоо-жымдоолору, куудулдук жоруктары менен элдин боорун эзген чыныгы өмүрүн сахнадан тапчу – табигый комедиялуу айтыш” [97, 125]. Мына ушундай эч жасалмалуулук жок табигый түрдөгү айтыш классикалык мүнөз күтүп бүгүнкү күндө дагы эл назарынан кетпей, эл оозунан өчпөй келет. Мына ушундай тамашалуу мүнөздөгү айтыштарга “Эшмамбет, Токтогул, Кара Курмандын айтышын”, “Найманбай менен Куйручуктун айтышын”, “Үмөтаалы менен Сулаймандын айтышын” кошууга болот.
Акындык өнөрдө алгачкы башаттары байыркы мезгилдеги Ажыбай, Байжигит андан бери Жээренче чечен, Акыл Карачач, Алдар Көсөө, Карга, Сарт аке, Мойт аке, Тилекмат акелерден мурас катары калып, Калыгул, Көкөтөй, Куйручуктардын чыгармачылыгында уланган сөзгө чеберлик айтышка түшчү акындардагы негизги курал катары калыптанып, айрым учурда баштан-аяк чечен сөздөр менен куралган айтыштар өсүп жетилди. Буга Түкбаш менен Куйручуктун, Жеңижок менен Эсенамандын айтыштарын кошууга болот. Ал эми айтышка түшкөн эки акындын турмушта баамы жетип, көзүнө көрүнгөн түрдүү көйгөйлүү маселелерди термелете санаттап айтышышы да бийик деңгээлге көтөрүлүп, замана, доор, өмүр, өлүм сыяктуу түбөлүктүү темаларга арналган санат айтыштар жаралды. Башкача айтканда, элдик поэзиядагы санатчылыктын үлгүсүндө айтышуу ыкмасы жаралып, өзгөчө татаал түр болгон санат айтышы өнүгө алды. Буга “Каңтарбай менен Арстанбектин айтышы”, “Чоңду менен Арстанбектин”, “Эсенаман менен Жеңижоктун”, “Токтогул менен Барпынын” айтыштарын кошууга болот.
“Классикалык доор” өз мезгилинде көп кылымдан бери калыптанып келген төкмөлүктүн улуу жолун улантып, синкреттүүлүктүн бийик деңгээлине көтөрүлдү. Буга ошол кездеги элдин абалы, жашоо мүнөзү негиз болуп берди. “Ырчылык атайын адис катары таанылып, жашоо куралына айланган учурдан тарта күнүмдүк оокат табууга, мезгилдеш, атаандаштан орун талашууга, атак-даңк алууга, өзү журтка керек экенин сездирүүгө канчалык чындап умтулса, ал таасирдүү күчтү пайдаланууга коомчулукка да муктаждык жаралып калышы менен, айтыштын жылдызы жанып, келечек бактысы кеңири ачылган.
Ушундай түзүлгөн ыңгайга ылайык чыгармачылыктын бул түрү, формасы боюнча талант менен талантты, акыл менен акылды оозеки айтылган жандуу сөз, элестүү сүрөт, таамай сапат белгилер аркылуу жеткирсе, маани-мазмуну боюнча талашка түшкөн предметтин табиятына, көздөгөн мүдөөгө жараша көп салааланып кеткен” [39, 23]. Мындан улам айтыштын, табышмак, санат, кордоо, тамашалуу түрлөрү жаралып, өзүнчө түр катары жеке касиеттерин калыптандырды. Мындан сырткары, ырчылыкты өздөштүрүү салтындагы чыгармачылыкка болгон дилгирлик, таасир алуу, үлгү алуу, чыгармачылыкка өз алдынча, жекече даярдык көрүү аркылуу өздүк камылгасын чыңалтуу менен таалим алуунун устат-шакирт мектебинен тарбияланышты.
Мындан улам чыгармачылыктагы ээрчишип, ата-баладай эл аралап жүрүп өнөр үйрөнүү менен пир тутуу, устатынын батасын алуу сыяктуу майда жөрөлгөлөрдү калыптандырды. Устат-шакирт түшүнүгү бүгүн да байланыштын бийик деңгээлине көтөрүлүп, чыгармачылыктагы муундар байланышын камсыз кылуу менен өнөр үйрөнүүнүн негизги ыкма-жолуна айланды. Ал улам мезгил өткөн сайын бийиктеп, чыгармачылык мектеп түшүнүгүн калыптандырды. Үлгү алуунун мындай жолу аркылуу бир муундан экинчи муунга ыр куруу техникасынан тартып, көркөм сүрөттөөнүн салттары, идеялык-эстетикалык баалуулуктар, тематикалык окшоштуктар салт катары бир муундан экинчи муунга өтүп турду.
Мына ушул салттуулуктар совет мезгили учурунда, эгемендик жылдарында кандай абалда улантылды, чыгармадагы ырчынын өздүк чеберчилиги эмнелерден көрүндү? Мына ушул суроолор кийинки бөлүмчөлөрдө иликтенмекчи.