Адамзат тарыхында эң оор жыл кайсыл болгон?
- 30.08.2024
- 4225
Албетте, 2020-жылды жашап өткөн адамдарга өтүп кеткен жыл акыркы он жылдыктардагы эң оор жылдардай сезилиши мүмкүн. Бирок мисалы, 20-кылымда эки дүйнөлүк согушту башынан өткөзгөн адамзатка 20-жыл анча деле оор эмес сыяктуудай. Белгилей кетчү нерсе, сөз жалпы адамзат тууралуу жүрүп жатат, ал эми жеке адамдардын турмушунда тилекке каршы көптөгөн трагедиялуу окуялар болуп өтпөдүбү.
Ачарчылык, эпидемиялар, согуштар – мына ушул үч фактор адамзатынын планетадагы санынын кыскарышына эң чоң таасир тийгизип келет. Эгерде бул факторлорго эң кубаттуу вулкандарды кошсок, кандай болор эле? Акыркы 2000 жылдын ичинде мындай вулкан бир жолу – 536-жылы болгон экен. Мына ошол жылы Исландияда эң кубаттуу вулкан атылып, анын айынан Жер планетасын 1,5 жылга чейин күүгүм каптап турган.
“Юстиан биринчинин бийлигинин онунчу жылы (536/537 жылдар) эң укмуштуудай нерсе болду, – деп жазган чиркөө ишмери Кесарий, – жыл бою күн күчүн жоготконсуп кадимкисиндей нур чыгарбай, ай сыяктуу гана жарык чыгарып турду”.
Мындай адаттан тыш кубулуштун натыйжасында түшүмсүздүк, ачарчылык, согуштар аз келгенсип бубон чумасынын эпидемиясы (Юстиан чумасы деген ат менен тарыхта калган) каптаган. Натыйжада, Европада 25 миллионго чукул адам өлсө, Чыгышта 66 миллион адам жарык дүйнө менен мезгилсиз кош айтышкан. Ошол кездеги эң ири шаарлардын бири Константинаполь жашоочуларынын үчтөн экисинен айрылган.
Мына ушундай, бардыгын салыштыруулар аркылуу гана билсе болот!
Которгон Абийрбек АБЫКАЕВ