Жаңы мүнөз күткөн мигрант кыз-келиндер жөнүндө маек

  • 21.01.2021
  • 5014

Таланттуу акын, учурда Турциянын Алания шаарында эмгек миграциясында жүргөн мекендешибиз Нуриз Өмүрбаева менен маек... Бул маек "Коомчулукту инклюзивдүү жана тынчтык жолу менен өнүктүрүүдө миграцияга дуушар болгон аялдардын жана кыздардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" долбоорунун негизинде даярдалды.

- Өзүң билгендей кыргыздын соңку тарыхындагы эң чоң улуттук көйгөй – ички, тышкы миграция агымы. Ушул миграция агымы кыз-келиндер үчүн, дегеле жалпы аялзаты учун эбегейсиз оор болсо керек. Сен ошол аялдардын бирисиң, азыр абалың кандай?

- Эгемендүүлүгүбүздү алгандан кийин биз миграциянын чоң толкунуна урундук. Мен дагы ошол толкунга туш болуп, деңиз жээгине сүрүлгөн кыргыздын бир мигрант кызымын. Өзүңүз билгендей, Кыргызстанда билим алуу, бир кесипке ээ болуу, диплом алуу өтө оңой. Ата-энебиздин акыркы малына чейин саттырып, окуп, баарыбыз бирден диплом алып алганбыз. Бирок биздин мамлекетте ошол диплом менен иштеп кетүү, өзүңдү өзүң толук кандуу камсыздоо, үй-жай күтүү, жаныңды багып кетүү аябагандай оор. Анткени айлык аз. Жумуш жок. Жашоо аябагандай кымбат. Бирине тартсаң бирине жетпейт. Мен дагы ошол жетишпеген жашоодон тажап, өлкөдөн чыгып кеткем.

Алгач Москвада, азыр Турцияда эл катары иштеп жүрөм. Мага окшогондордун саны бүгүн миң-миллион. Алардын жарымынан көбүн кыз-келиндер, деги эле аялзаты түзөт. Аялзаты табийгатынан назик, сезимтал жан болот эмеспи. Албетте, бөлөк элде, бөлөк жерде иштөө кыздар үчүн ата-энеден, энелер үчүн балдарынан алыста жашоо, Мекенден алыста жашоо аябай оор. Сени чет жерде эч ким бөпөлөбөйт, эч ким аябайт, көз жашыңа карабайт. Дээрлик баары кара жумушта иштейт. Кара жумуш болгондон кийин албетте оор, суук, жумуш сааты 12 сааттан. Ошого карабай өз келечеги үчүн, балдарынын келечеги үчүн оор шарттарда жанын оозуна тиштеп жүргөн аялдар көп. Тилекке каршы, өтө көп…

- Негизинен мекениңден алыста жүрүп, туулган жерге болгон сагыныч, кусалыктан башка да, жан дүйнөңдө, аң-сезимиңде кандай өзгөрүүлөрдү байкадың.

- Сыртка чыккан адамдын мүнөзү, көз карашы, жашоосу өзгөрбөй койбойт экен. Мен да өзгөрдүм. Мурда аябай эрке, жалкоо болчумун. Бирок чоочун жерде эркеликти унутуш керек, айласыз унутасың. Миграция мени бардык тараптан бышырды. Негизи кандай кыйынчылыкты башыңдан өткөрүп, кандай күнгө туш болсоң дагы, адамды кармап турган жүрөгүңдө максатың болуш керек экен. Мен эми Москвада ушунча жүргөндөн кийин Максим Горький атындагы адабият институтун окуп алайын деп максат коюп, окууга тапшырдым. Мурда ал максатым аткарылбай тургандай, ишке ашпай турган тилектей сезилчү. Бирок алгач адабият институтунун босогосун аттаганымда, коридорунда илинген Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиевдин сүрөттөрүн көрүп, көзүмө жаш келип, «мен дагы окуйм» деп көгөрдүм. Анан окууга тапшырып, өтүп алып, ишсиз, акчасыз калганда окубай эле койсомбу деп ыйлактадым.

Жанымда мурда ушул институтту бүтүргөн Нарсулуу Гургубаева бар болчу. «Мен деле сага окшоп иштеп жүрүп окугам, бас, окуйсуң!» деп урушуп атып окууга көндүрдү. Кыйналган кезде колдоп турду. Адабият институту, ошол жердеги чөйрө, орус элинин улуу акын-жазуучулары, үй музейлер, театрлар, Москванын эски көчөлөрү, ага аралашкан миграция турмушу, жетип-жетпеген өп-чөп жашоо мени түп тамырыман бери өзгөрттү. Түнкүсүн иштеп, күндүз окуганым үчүн ошол учурда көп нерседен группалаштарымдан артта болдум. Окууга жетишпедим, колум тийбеди, чарчадым дегендей. Бирок өмүр бою кереги тиер ошол программа, ошондогу маанай, чыгармачыл чөйрөнүн таасири менде сакталып калды. Эсиме келгенде жылмая турган, сүйүнө турган, сыймыктана турган элестер калды.

- Бизде кыз-келиндер өз алдынчалуулукка анча көп тарбияланбайт. Кенедейинен басмырлоо менен бой жеткен кыздарыбыз абыдан арбын. Үйдөн болсун, мектептен болсун «кызга кырк жерден тыюу» түшүнүгү кийин турмушта далай кесептин тийгизерин көпчүлүк ата-энелер аңдай элек. Четте жүргөн мигрант мекендештердин арасында, ушул көрүнүштүн кесепетинен жабыркагандар болот бекен?

- Ооба, «Кызга кырк үйдөн тыюу», «Кыз киши улууларга сөз кайрыбайт», «Кыз киши эркек кишини теппейт», «Кыз бала эркек кишиге тике карабайт» деген сыяктуу канга сиңип калган элдик тарбия бар бизде. Ушул тарбиянын негизинде кыргыз аялдарынын мүнөзү калыптанган. Анын үстүнө жетишсиз турмуш да баланы жалтак кылып өстүрөт. Ошондон уламбы; көпчүлук кыздар жалтаак, уялчаак, өз оюн айталбаган коркок, мокок, алсыз, жер карама. Баарында болбосо да, көпчүлүгүндө ушул мүнөздөр жашайт. Ошол себептен коомубузда кордолгон, өз укугун билбеген, алданган, ур-токмокко учураган аялдар көп кездешет. Албетте, сыртка чыкканда, ошол өз оюңду ачык айталбаган, өзүңдү чектеген жалтак мүнөзүң көп тоскоол болот. Мен Москвада жашап жүргөнүмдө көп жумуш которуп иштөөгө туура келди. Көбүнчө кыргыздар менен иштедим. «Бул мага тиешелүү жумуш эмес», «Менин жумуш убактым мынча саат», «Мен мындай шартка макул эмесмин» деген сыяктуу талап коё билбеген, айткан ишти жасап, берген айлыкты алып кете берген мекендештерибизди көп кездештирдим. Анткени жалтакпыз, өз оюбузду айткандан коркобуз, тартынабыз. Эртең ишсиз калсак, канатына калкалачу киши жок, кайра иш издешке туура келет, мекенге кайтайын десең жашоо шарт белгилүү. Мына ушундай себептерден улам кыйналса да, чайналса да чыдап жүрө берген кыргыз кыздарын көп көрдүм, чогуу иштедим, чогуу жашадым. Дагы деле көрүп атам.

Эки жыл мурун Турцияга агентство аркылуу жумушка жиберилген кыргыз группага күбө болдум. Жалаң жаш кыз-жигиттер. Тил билишпейт, нары бас десең бери басып, бери бас десең, нары басат. Кыздардын жашын сурасам, кичинеси 18-19да. Эми ошол тил билбей, ал тургай эмне жумуш жасаарын деле так билбей, жети атасы көрбөгөн жерге келе берген кыздардын көргөн күнү кандай болот?.. Тил билбеген адам кантип өз укугун коргойт? Албетте, тил үйрөнүп, адам тааныгыча айткан ишти жасап, айдаган жакка басып жүрө беришет да. Кыйынчылыкты көтөрө алганы бар, көтөрө албаганы бар. Ушундан улам көп кыздардын тагдыры өзгөрүп кетет. Баары жаман жагына эмес, албетте, жакшы жагына өзгөргөн тагдырлар да бар. Бирок ошол жакшы тагдырды жасаш үчүн деле кыздардын жаштыгы, ден-соолугу, энергиясы, нерви кетип атпайбы.

- Дегеле тышкы миграция кыргыздын кыз-келиндерине кандай оң сапаттарды өстурүүгө жардам берди деп ойлойсуң?

- Миграциянын жаман жагын айтып эле мүңкүрөй бергенде болбойт. Анткени пайдалуу жактары да көп болду. Кыргыз аялзаты миграция жолунда ийленгени чын. Кыргыз аялдары «сууга салсаң чөкпөгөн, отко салсаң күйбөгөн», өжөр, тың, беттегенин бербеген жаңы мүнөз күттү. Күйөөгө, жигитерге көз каранды болбой, өз нанын өзү таап жегенге үйрөндү. Эл каалагандай эмес, өзү үчүн, өзү каалагандай жашаганга үйрөндү. Эркиндик эмне экенин өздөштүрдү. Жогоруда айтып өткөн элдик тарбиянын рамкасынан чыга алды. Башка элде эмгектенүү менен катар эле окуп, билим алып, барган жердин тарыхын, маданиятын терең үйрөнүп, эл көрүп, жер көрүп, жашоосу менен бирге эле дүйнө таанымын кошо өзгөрткөн аялдар бар. Ал тургай чет элдик жигиттерге турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, бактылуу жашап жаткан кыздарыбыз көп. Көбү Мекенге кайтып келип чет жерден алган тажрыйбасын пайдаланып, ишканаларды ачып атат.

- Ал эм терс сапаттары кандай болду?

– Биринчиден, көп кыргыз кыздары кыргыздын жигиттерин, деги эле жалпы эркектерди «бракка» чыгарып коюшту. Көбү жалгыздыкка көнүп, болбосо жалгыз баштын түйшүгүн тарткан жеңилирээк болорун түшүнүп, артка кайтпай калышты. Жарандыгын алмаштырышты. Мунун баары азырынча жакшы, бирок турмуш жипке тизген шурудай эмес да. Эртең аларга ким кам көрөт? Башка улутка, чет элдиктерге турмушка чыккан кыздардын күйөөсү эртең «жинди чыкса», алардын таламын ким келип талашат?

Экинчиден, миграцияда жүргөн энелердин балдарынан бөлөк жашап атканы чоң көйгөй. Кызы же уулу 2 жашында кетип 5 жашка чыкканда, ал тургай окуп калганда кайткан энелерди көрдүк. Бала энеден бөлүнуп чоңойду, чоң ата, чоң эненин же алыс-жакын туугандын колунда чоңойгон, чоңоюп жаткан бир муун өсүп чыкты. Баласынын кыял-жоругун эне билбейт. Баласына эмне жагарын, эмне жакпасын же болбосо бала эмнени жакшы көрөрүн, эмнени жаман көрөрүн билбей калган ата-энелер бар. Үй-бүлөдөгү чоң ажырым – эне балага, бала эне-атага чоочун.

Үчүнчүдөн, чет жер ар кимди ар кандай кабылдайт экен. Бардыгы эле тың болуп, ирденип кетпейт. «Бутума турам, байлык табам» деп келип, денсоолугунан ажырап, майып болуп кеткендерди көп көрдүк. Тилекке каршы, кетпей калгандарды да көрдүк...

- Мигранттар арасынан чыккан жармач патриоттор да пайда болбодубу. Бөлөк эл, бөтөн жердеги кыз-келиндердин баскан-турганын көзөмөлдөп, «кыргыз урпагы мындай болбош керек» деген таризде башкалардын эркиндигине кийлигишкен. Алардын аракетин кандай сыпаттаар элең?

– Алар өздөрү ишсиз, жайсыз жүргөн, колунан сөгүнгөндөн, кордогондон башка эч нерсе келбеген арсыз, коркок эле бирөөлөр. Алар деле кызга, кыздын баш терисине карап «патриоттуулугун» көрсөтүшөрүн түшүнүп калдым. Алар көбунчө жогоруда айтылгандай жалтак, жер караган, өзүн коргой албаган кыргыз кыздарын кармап алышат. Үстөмдүк кылып, видеого тартам деп, акча талап кылып, коркутушат. Биз дагы бир жолу туш болдук ошондой «патриотторго». Литинституттун жатаканасынын жанындагы паркта, курбум экөөбүз вино ичип отурганбыз. Жаныбызга эки кыргыз бала басып келип, «кыргызсыңарбы?» деп сурады. «Ооба, кыргызбыз» дедик. Бирөөсү жаш бала экен. «Силер чакалайдын чак түшүндө вино ичип, кыргыздарды уят кылып атасыңар. Уялбайсыңарбы? Азыр видеоңорду тартып, ютубга киргизип таштайынбы?» деди. Биз каткырып жибердик. Бирөөсү токтоо экен, бирөөсү бизди сабачудай болуп адыраңдайт тимеле. Курбум, «кел, иним, кыргыз болсоң отур бул жерге, сүйлөшөлү» деп жанынан орун көрсөттү. «Вино ичесиңерби?» дедим жигиттерге карап. «Ичпейбиз» деп буркулдады жаш «патриот». «Анда бизге куюп берип тур» деп винону улуурагына жылдырдым. Ошол жерден «патриоттук» тууралуу тартышып кеттик. «Иним, сен патриот болсоң, эжелер кыргыз экенсиздер, вино ичип атыпсыздар, туулган күнбү, майрамбы же маанайыңар чөктүбү, эмне иште иштейсиңер, жумушуңар жеңил элеби, кыйналган жоксуңарбы, бир жардам керекпи? Жаныңарда отуруп туралы, башка улуттун жигиттери тийишпесин», – деп келбейсиңби, анан мас болуп жатып калсак, «каерде жашайсың, жүрү, жеткирип коёюн деп жеткирип койбойсуңбу» деп лекция өтө баштадык. Беш мүнөткө жетпей эле патриоттордун баштары шылкыйып, биздин жаныбыздан качып кеткенге шылтоо издеп калышса болобу.

«Ооба, эже, биз кичине туура эмес сүйлөп койдук» деп калышты. Анан жанагы адыраңдап аткан кичинекей бала, «эже, сизге бир нерсе айтайын дедим эле, жүрсөңүз мындайыраак» деди мага. Не болду деп артынан ээрчип бардым. Не деди дебейсизби… Акча сурады да. «Бир айдан бери ишим жок жүрөм, акчаңыз болсо берип туруңуз» деди. Анан ошондой «патриоттор» жөнүндө эмне дейсиң?

Бирок жардамга муктаж болгон мекендештерге чындап кол сунуп, колунан келген жардамын аябаган, жамандык, жакшылыкта акча топтоп, чуркап, «ушул кыргыз, ушул биздин мекендешибиз» деп чын дилден күйгөн чыныгы патриот жигиттер жок эмес. Аларга ыракмат!

– Четте жүргөн мекендештер тууралуу, өзгөчө кыз-келиндер тууралуу маегиңе ыракмат, Нуриз.

Маектешкен Олжобай ШАКИР

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз