Дүйнөгө сейрек жаралуучу бүткүл адамзаттын улуу тукумдарынын бири тамсилчи Эзоп – фригиялык кул болгон, ошол жерде төрөлгөн. Кебетеси көргөн адам чыдагыс желмогуздун желмогузу, эч жумушка жарамсыз, карды чарадай, башы казандай, мурду теңирекей, бүткөн бою чамбылала, териси кара какач баскандай, өзү майып, тили көрмөөгө келбейт, кол-буттары мыртыгый, урдалы, эриндери калбайып калың, көздөрү тосток, айтор, адеп көргөн кишинин жүрөгү түшкүдөй. Анысы аз келгенсип жаңдоодон башканы билбеген дудук. Биринчи көргөн ит үркөт.
Анын тили сүйлөбөй, колунан эчтеке келбеген себептүү кожоюну шаарда иштөөгө жарамсыз болгондуктан ашка жүк, башка жүк болбосун деп аны шаардан четкери бакчасына алып барып жер каздырып коёт. Эртеден-кечке Эзоп ошол жерде жер казып жүрө берет. Күндөрдүн биринде бакчасын көрүп келиш үчүн кожоюну барып калат. Багвандардын бирөө кожоюнга кошомат кылып бакчада бышып калган анжырлардан терип келип көрсөтөт:
– Мына кожоюн, сиздин келечектеги түшүмүңүздүн алгачкы жемиши. «Мал ээси машаяк» – дейт, ооз тийип коюңуз!
Кожоюн жеп көрүп аябай жактырат да:
– Кудай буюрса керемет болот экен, сонун анжыр тура! – дейт. – Агафопод, бул анжырларды алгын да катып коё тур, мен жуунуп, тамактангандан кийин алып келип бересиң!
Ошол учурда жумушун бүтүп, өзөк жалгап шам-шум этип алыш үчүн каадасынча Эзоп да келип калат. Курсагы ачып турган Агафопод бышылуу тамактын күйүтү жаман деп чыдай албай анжырдын экөөн жеп коёт. Баарын жегиси келет, бирок кожоюндан коркот. Анын напсиси бузулуп жатканын байкаган дагы бир кул жанына басып келет.
– Эмне ойлоп жатканыңды түшүнүп койдум курдаш; сенин ушул анжырды жегиң келип турат.
– Таппасаң сыйпалап кал, сен чынын айттың, – дейт ал. – Кудай бар, аны кантип билдиң?
Эзоптун сапары
– Сенин түрпүңдү көрүп эмне каалап турганыңды ким болбосун сезет. Муну кантип жештин амалын сага айтып берейинби, экөөбүз бөлүп жеп коёбуз?..
– Баары бир эчтеке чыкпайт, – дейт экинчиси, – Кожоюн жээр маалда анжырды алып кел десе эмне алып барам?
– А сен минтип айт, – дейт берки кул, – кампанын эшиги ачык турганын көрүп, Эзоп кирип барып анжырдын бардыгын жеп коюптур дегин. Анын болсо тили жок. Айранын ичкен кутулду, челегин жалабай тутулду болуп, биз экөөбүз дыңкыйып тоюп алабыз, азабын болсо Эзоп тартат.
Ошентип анжырды экөөлөп жеп алышат да, эми Эзоптун сазайын берет дешип тим болушат.
– Эзоп токмок жегенден башка эмнеге жарамак, мындан ары бирдеме болсо бардыгын Эзопко шылтай салабыз. Өзүбүз суудан кургак чыгып турабыз! «Ким кылды – Эзоп кылды» болуп кала берет дешет.
Аңгыча тамактанаар маал да келип калат. Кожоюн келип, колу-бетин жууп, тамактанып алат да:
– Агафопод, эми анжырыңды алып келсең болот! – дейт.
Эзоп жеп коюп, өзү кур жалак калганын угат да, Эзопту чакыртат. Эзоп келгенде кожоюн каарданып:
– Эй, шүмшүк, зыяндан башка бир тыйынча пайдаң жок болгону аз келгенсип менин кампама кирип, анжырды жеп койгон эмнең?
Эзоп кожоюндун сөзүн угуп, айтайын десе тили жок, айласы кеткенде алдында турган эки күнөөкөрдү алая карап, жан соогалап кожоюндун бутуна жыгылат да сабыр кылуусун өтүнөт. Кожоюн аны түшүнөт да эмне кылаар экен деп карап калат. Эзоп жанында турган килейген чөмүчтү алып, жаңсап жылуу суу сурайт. Алдына бир чака жылуу сууну алып келип койгондо Эзоп суудан чөмүч менен сузуп жутуп, колкосуна сөөмөйүн салат да ичкен суусун кайра кусуп берет. Ичинен таптаза суу чыгат. Анжырды ким жегенин билиш үчүн башка кулдарды да ошентип кустурууну өтүнөт. Анын бул амалы кожоюнга жагып калат да, карап турган эки кулду да суудан жутуп, кусуп берүүсүн талап кылат.
– Эмне кылдык Герме? Ичели да сөөмөйүбүздү колкобузга тыкпай ууртубузга имерип жиберели, – деп сүйлөшөт эки кул. Анжыр ансыз деле экөөнүн ичин кыжылдатып жаткан. Жылуу сууну ичээр замат ичтеги анжырлар өрөпкүтүп чыгып, сөөмөйлөрүн ооздоруна салгыча болбой эле өздөрү атылып чыгат.
– Айта албайт деп бул бечарага жалаа жаап кылганыңар ушул беле? Кармагыла, жондорунан кайыш тилип алгыла! Бирөөгө ор казган киши, биринчи өзү орго түшөт.
Кожоюн эртеси шаарга кетип, Эзоп жер казып кала берет. Ошол учурда Исида Умай эненин нөкөрлөрүнүн бирөө жолдон адашып, Эзоп иштеп жаткан жерге туш келип калат.
– Кайрымдуу адамым, ырайым кылып адашып калган карыпка шаарга бара турган жолду көрсөтүп бере алаар бекенсиң? – деп Эзопко кайрылат.
Бурула калып, Умай энече кийинген аялды көрө коюп, бутуна жыгылган Эзоп жаңсоо менен кандайча адашып калганын сурайт. Анын тили жок экенин сезе коюп, суроосуна жооп кылып:
– Менин ким экенимди көрүп турасыңбы? Мен бул тарапты жакшы билбейт экемин; жолго чыгарып койбосоң адашып калдым! – деп түшүндүрөт.
Эзоп күрөгүн таштай коюп, аялды дарактын саясына жетелеп барып өзүнүн наны менен майын алдына жайып коёт да, жапайы жемиштерден терип келип аны коноктойт. Андан кийин суудан жутуп алсын деп булакка ээрчитип барат. Ичип-жеп тоюнуп алып, Эзопко батасын берип, жолго салып коюшун өтүнөт. Эзоп аны чоң жолго чыгарып коюп өз жумушуна кетет. Ошентип Умай эне Исиданын нөкөрү өз жолуна түшүп, Эзопко абдан ыраазы болуп калат; алакандарын асманга жайып, өзүнүн тилегин айтат:
– Оо, Ааламдын таажысы, колунан бардыгы келген кудуретиңден айланайын Исида, ушул бир байкуш бечарага мээримиңди төгүп кайрым кылып кой! Анын мага көрсөткөн жакшылыгы атайын өзүңө аталып көрсөтүлдү. Жараткан пендесине бардыгын берип коюп, бул байкушту эмне бардыгынан куру калтырган. Жок дегенде эл-журт менен баарлашууга тил берип койсоң боло. Караңгыны жарык кылып жаркыткан бир өзүң го, жок дегенде бул бечарага тил киргизип койсоң боло...
Анын минтип табынып суранганы Исидага жетет да, өзүнүн керемети менен нөкөрүнүн бардык сөзүн угуп жерге түшөт. Ошол маалда күндүн аябай ысып кеткенин сезген Эзоп мындай ойго келет: «Күзөтчү болсо мага эс алууга эки саатча убак берген. Күндүн аптабы кеткенче эки саат болсо да бир аз дем алып, уктап алсам эмне болот?..»
Шаркырап аккан булагы бар, шайма-шай тулаңы бар көлөкөлүү дарактын саясындагы көк майданды таап алып, күрөгүн дүгдүйгөн дарактын сөңгөгүнө жөлөп коюп, тонун алдына төшөп жатып алп уйкуга кирет. Атыр жыттуу айлананын көңүл сергиткен деми менен аймалаган жели желпип, дарактын дирилдеген жалбырактары кыялдантып, Эзопту дароо эле арбап салган. Шакта сайраган түркүн чымчыктар менен булбулдар анын тынч уйкусун алдейлешет. Ошол учурда Умай эне Исида өзүнүн тогуз Музасын (шык) ээрчите келип, уктап жаткан Эзопту көрсөтөт:
– Мына бул бечараны карагылачы, кыздарым. Кебетеси адам көргүс, ак көңүлдүүлүгү адамда жок. Менин адашып калган нөкөрүмдү жолго салып койгон мына ушул киши. Ошон үчүн мен силерди бул жерге ээрчитип келдим. Ак эмгеги үчүн мен буга тил киргизейин, силер болсо анын тилине татыктуу тартууңарды жасагыла!
Ошентип анын тилиндеги сүйлөөгө мүмкүндүк бербей жаткан сөөлдөрдү алып салып, ага үн киргизет да, калган тогуз Муза өздөрүнүн шыгына жараша белектерин беришет. Ошол себептүү Эзоп сөз тапканга уста болуп, гректердин тилинде тамсил айтып калат. Исида өзүнүн Музалары менен өз жолуна түшкөндөн кийин Эзоп чукуранып уйкусунан ойгонот.
– Ох-х, катуу уктап калган экемин! – деп ыргып тура калып, өзүнүн сүйлөп калганына айран таң калат. Каткырып күлүп, жанында жаткан буюмдардын бардыгын: күрөк, баштык, тон, бука, кочкор деп атап чыгат. – О, Кудай, О Музалар, мен сүйлөп калыпмын! Эмнеден сүйлөп калдым экен? Эмнеден? Аа, Исиданын нөкөрүнө кылган жакшылыгым үчүн болсо керек. Жардам көрсөтүп, жакшылык кылуу кандай сонун. Кудайым өзү жардам берген экен...
Көңүлү көтөрүлүп. Көзү ачылып, күрөгүн алып күтүрөтүп жерди казып кирет. Ошол учурда көзөмөлчү Зенас иштеп жаткандардын ишин текшерип жүрүп, бирөөнү жондон ары басып алат. Аны көргөн Эзоп токтоно албай:
– Эй докчу, ал саган эмне кылды? Ак жеринен аны сабашка кандай акың бар, уят эмеспи?.. – деп калат.
«Ой шумдук, бул эмнеси? – деп Зенас эси ооп калат. – Бул макулукка тил кирип калыптыр го!.. Адегенде эле апчый сүйлөйт. Мунуң оңбойт, мунуң оңбойт; ушунчасында көзүн тазалабасам менин жолум болбойт. Кыйкым табыш кыйын, жалаа жабыш оңой, көп узатпай жоготуш керек. Тили жокто эле жаңсоо менен мени жоготом деп жүрдү эле, эми тили чыкканда соо койбойт. Баш көтөртпөй башын кеспесе болбойт; мунуң оңбойт, жаагын жап кылбасам болбойт!..» – деген ойдо Зенас дароо кожоюндун үйүн көздөй чабат.
Зенас чапкан бойдон тердеп-кургап кожоюндун үйүнө жетип барат да аттан түшүп, анын алдына чөк түшүп арыз-датын айтып кирет:
– Мырзам!.. мырзам...
– Эмне болуп кетти мынча энтигип?
– Шумдук, шумдук мырзам!..
– Эмне, айтпайсыңбы?.. Мөмөлөр эрте бышып, жер-жемиш күбүлүп калдыбы?.. Балким, айбаның адам тууп койгондур?..
– Жок мырзам, жок!..
– Айтпайсыңбы шумдугуңду, адамдын жанын чыгарбай?..
– Эзоп, Эзоп!..
– Эмне Эзоп, эркек тууп салдыбы?
– Жок, мырзам. Эзоп, баягы жер казган дөдөй Эзоп дудук эмес беле!.. Кадимкидей сүйлөп калыптыр!
– Анын эмнеси шумдук, сүйлөй берсин...
– Сүйлөгөндө да адамдан башкача сүйлөп жатат.
– Тили чыгаар замат силердин үрөйүңөрдү учурса, анын эмнесине кайгырасың?..
– Айланайын мырзам...
– Ээк койсоңчу... Жараткан өзү жакшы билет. Каарданса тилиңди алып коёт, кайра күнөөсүн кечирип, берип коёт. Ал да болсо Кудайдын буйругу. Жолуң болгур десе, ошого ушунча энтелеп... Бар, ишиңди кыла бер.
– Айланайын мырзам, сөзүмө кулак салсаң? Оозун ачаар замат мага кошуп сизди дагы иттей ашатып жатпайбы. Айтууга оозум барбайт, төбө чачың тик турат...
Мырзанын да денеси дүркүрөй түшөт.
– Андай болсо алып барып сатып жибер!..
– Коюңузчу мырза, сатып алмак тургай аны көргөн ит үркөт...
(Кол жазма ушул жерден үзүлүп калган)...
«Эзоп суу ташы! Эзоп, малга чөп сал!» Капкайдагы оор, макүрөө иштердин бардыгын мага тапшырат. Кудай кут кылса эми акеңди таанытам; шашпа, кожоюн келсин. Абийириңди араандай ачып, көкөйүңө көк талкандай тийбесем, мен Эзоп болбой калайын. Аңгыча айтканын аткарып туралы. Жүрү досум!
Экөө Зенастын жанына басып барышат.
– Мына Эзоп, кайрымдуу мырза! – дейт кул.
Зенас соодагерге:
– Мына досум, келип көрсөң болот! – дегенде ал басып келип Эзопту көрөт да, жийиркенип:
– Эргежээлдер менен турналардын согушуна сурнайчылыкка жарай турган экен. Мунуң деги ким – адамбы же чамгырбы же көзүмө ошондой көрүнүп жатабы? Кишиче сүйлөгөнү болбосо шыйрактуу казан (туулгалуу), картөшкө салган кап же жумуртка баскан кашкалдакпы деп ойлор элем. Бул эмне деген шылдыңың Зенас, эбак үйгө жетип калат элем. Канча убактымды алдың, кудайга жаккан ишти кылсаң боло, мага таштандыны көрсөтпөй! – деп аябай наалыйт.
Терс бурулуп кетип баратканда Эзоп анын этегине жармашып токтотууга далбасалайт.
– Тарт колуңду, каргыш тийген какмар десе. Сени менен акелешкидей убактым жок, – дейт соодагер.
Анда Эзоп:
– Сен бул жерге эмнеге келдиң эле? – дейт.
– Сени сатып алайын деп келгем.
– Анда эмне үчүн сатып алган жоксуң?
– Сенин ишиң болбосун, сатып алгым келбейт.
– Мени сатып алыңыз; Кудай бар, пайдам тиет, зыяным жок.
– Алсам алып деле коём, бирок сенден эмне пайда?
– Айтчы, кулдарыңдын арасында аяк бошоткондон башканы билбеген жаш балдар барбы?
– Бар.
– Бар болсо мени сатып алгын дагы: «Бул силердин байкеңер болот» – деп мени көрсөтүп койгун. Алар менин кебетемди көргөндө коркконунан эле койдон жоош болуп калышат.
– Айтканыңдын жөнү бар. Бул дагы бирдемеге жарайт окшойт. Кана Зенас, канча берейин?
– Канча берсең ошончо бер.
Ошентип болор-болбос тыйынга Эзопту соодагер сатып алат.
Эзопту шаарга алып барып кулдарына кошот. Энеси тамак берип жаткан эки бала Эзопту көрө замат бакырып жиберишет да энесинин көкүрөгүнө жабыша калышат.
– Көрдүңүзбү? – дейт Эзоп, – жок дегенде кулдарыңдын тентек балдарын коркутуп бергенге жарайм дебедим беле. Туурабы?
– Ар жакка алып кетиңизчи мырза, балдарымын жүрөгү түшүп калды окшойт, – дейт балдардын энеси.
– Тигинде, ашканада кулдар олтурушат. Барып учурашып, таанышып чыккын, – дейт кул сатуучу каткырып.
Эзоп кирип барса биринен бири мыктысынган бир топ азаматтар отурушат. Тим эле кудайын да таанышкысы келишпейт.
– Кул болуп кутургандарга салам! Ырыскыбыз бирге окшойт.
Кулдар эмне дээрин билишпей кала беришет. Өз ара күбүр-шыбырын байкаган Эзоп сөзүн улантат:
– Мен деле силердей кулмун, эчтекеге жарабаганым болбосо.
Күбүрөшкөндүн ичинен бирөө сөз баштайт:
– Ой, ушу сенин кебетеңди көрүп туруп кантип сатып алды?
– Муну эмнеге сатып алганын билесиңби? – дейт экинчиси.
– Эмне үчүн экенин билсең айтып бербейсиңби?..
– Бизге окшогон азаматтарга көз тийбесин деп сатып алган.
Аңгыча кул ээси келип калып мындай дейт:
– Кана эмесе кулдар, баарыңардын бактыңар ачылсын. Бактыңарга жараша унаа сатып алууга мүмкүнчүлүк болгон жок, табылбай койду. Убактылуу күчүн сурасам да эч ким бербей койду. Болгон жүктөрдү өзүңөрчө бөлүштүрүп аласыңар; эртең менен эртелеп Азияны көздөй жөнөйбүз.
Кулдар өз ара кеңешип, ар кимиси алына жараша жүктөрдү бөлүштүрүп алышат. Эзоп болсо кулдарга кайрылып:
– Айланайындар, мага дагы жүгүңөрдөн бөлүшкүлө, эчтекеге жарабайт деп бөлүп койгонуңар болбойт ко. Мен дагы кулмун.
– Сен бош эле бара берсең болот! – дешет кулдар.
– Анткениңер болбойт, – дейт Эзоп. – Кожоюн көрсө эмне дейт; кулдардын бардыгы жүгү менен жүрсө, мен сайрандап барамбы? Анткеним мага жарашпайт...
Анын сөзүн уккан кулдар жалпы жыйымга келишип:
– Аа болуптур, каалаганыңды тандап ал! – дешет.
Эзоп жүктөрдүн бардыгын карап чыгат. Болгон жүктүн ичинен эң оорун тандап алат. Аны кулдар төртөөлөп көтөрөлү дешип жатышкан.
Толтура нан салынган себет болуучу.
– Маган ушул себетти берип койсоңор жетет курдаштар!
– Ой, шордуу десе, жүктүн жеңилин сурайт десе бу келесоо оорун тандап алганын кара! Өз убалы өзүнө, берип койгула! – дешет.
– Жо-ок! Ал анчалык деле келесоо эмес; нан салган себетти алганы, курсагым тоюп барат дегени, – дейт экинчи бирөө.
– Мейли, каалаганын берип койгула!..
Ошентип Эзоп килейген нан салган себетти жонуна арттырып алат да, темтеңдеп жолго чыгат. Аны көргөн кулдар:
– Иштейт деп мына ушуну айт! Көрдүңөрбү, тим эле атан төөнүн жүгүн көтөрүп баратат! – дешип аны шылдыңдап күлүшөт.
Кулдар өздөрүнүн жүктөрүн жекелеп, экөөлөп жеңил-желпи көтөрүп алышып Эзоптун артынан самсышат. Жолго чыккандан кийин Эзоп жыгачтан чийне жасап алып өөдөсүнө сүйрөп, ылдыйына тарта салып алып барат. Акыры тамактанууга да убакыт жетет. Кулдардын кожоюну Эзопко ар бирине бирден нан берүүгө буйрат. Кулдар көп болгондуктан себеттеги нандын жарымын таратып берет. Алар тамактанып алышып жолуна түшүшөт. Эзоп болсо жеңилдеп калган себетти элпек көтөрүп кете берет. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин кайрадан тамактана турган мезгил жетип, Эзоп себетиндеги нандын бардыгын таратып берип, бош себетти көтөрүп көчтүн алдына түшүп алат. Аны көргөн башка кулдар:
– Тэ, алдыда бараткан биздикиби же башкабы? – дешет.
– Байкашымча баягы эчтекеге жарамсызмын деп эшектин жүгүн көтөргөн кул болуш керек, – дейт дагы бир кул.
– Буга окшогон түрү суук адамдар дайым акылдуу келет, – дейт үчүнчү кул. – Нан салган себетти атайын өзү сурап албады беле, эми кара, тайраңдап бопбош баратат. Биздин жүк барган сайын жеңилдебестен, оордогондун үстүнө оордогон.
– Эх! – деп ызырынат төртүнчүсү, – кызылдай кылып сабай турган неме экен!..
Узак жолу түгөнүп, акыры Эфес шаарына келишет. Кул сатуучу кулдарынын баарын баалап сатып, акыры үчөө гана калат: бирөө мугалим, бирөө музыкант, үчүнчүсү Эзоп. Үчөөнө тең ылайыктуу кардар чыкпайт. Өзүндөй дагы бир кул сатуучу ага жолугуп калып мындай деген кеңешин берет:
– Калган үчөөнү жакшылап соодалагың келсе Самос шаарына баргын. Ал жердин эли абдан бай келет. Ксанф деген философтун атайын мектеби бар. Ага мейман болуп бүткүл Греция менен Азиядан кишилер үзүлбөйт. Мугалим кулуңду бир алса ошол алат, ал эми музыкантыңа да кардар табылат. Балким, тиги түрү суугуңду да сатып алууга бир келесоо кардар табылар. Короо кайтарып үрүп бергенге кантип жарабасын.
Кесиптешинин кеңешин туура таап, кул сатуучу кулдары менен кемеге түшүп Самос шаарына барат да, убактылуу турак жай таап, кулдарын сатууга даярдай баштайт.
Музыкант сымбаттуу жигит болгондуктан анын чачын жакшылап тарап, жалаңкат апакай кементай кийгизип, бутуна татынакай чарык тартып, ийнине суулук арта салып элдин алдына чыгарат. Экинчисинин буту ичке болгондуктан анын жупанын узунураак жасатып кийгизип, кончтуу чарык тартынтат да, чачын тармалдантып, эл алдына, кулдар сатылуучу жайга чыгарат. Эзопту канчалык кийинтейин десе да эч кийимдин ылайыгы келбейт, анткени анын кебете-кешпири менен турпаты канчалык жаап-жашырайын десе да оркоюп көрүнүп калат. Эч кийимдин ылайыгы келбегендиктен таар-туурдан ороп-чулгап, белин ала жип менен байлап, сымбаттуу эки жигиттин ортосуна коюп коёт. Далдалчы сооданын жайын жарыялагандан кийин котологон эл топурашып: «Кандай гана азаматтар, ортосундагы мокочосу гана бузуп турат. Анысы ким? Э, ортоңкусун алып койгулачы... Аты кандай айбан?.. Вах, вах!.. Мындайды мен биринчи көрүшүм!..» – дешип, бири каткырып, бири мыскылдап, айтор, ар кимиси оозуна келгенин оттой беришет. Эзоп болсо былк этпей тура берет.
Ошол учурда кулдары зембилге отургузуп алып көтөрүп бараткан философ Ксанфтын аялы кул соодалап жаткан далдалчылардын үнүн угуп, үйүнө жетээр замат күйөөсүнө буйрук берет:
– Чалым! Кул сатып алсаң эле мага жардамчы болсун деп ар дайым күңдөрдөн сатып аласың, эркек кулдар эч качан оюңа келбейт. Оор жумушту мен кылайынбы же ийнеликтей ирбейген күңдөрүң жасайбы? Ошол жагын бир ойлоп койсоң боло. Кул базарда кабелтең кулдардан сатып жатыптыр, барып бирин сатып кел!..
– Жарайт, байбичем!
Ксанф адегенде окуучуларына барып, алардын ичинен бир-экөөнү ээрчитип алып кул базарга барат. Алыстан эле сатылып жаткан үч кулду көрөт дагы, сымбаттуу эки кулдун ортосунда турган иреңи суук адамга көзү түшүп:
– Кандай укмуш ойлоп тапкан, оо Жараткан. Кул ээси абдан акылдуу көрүнөт, тим эле кадимки философ! Таң каларлык!..
– Эмне деп жатканыңызга түшүнбөдүк, урматтуу дамылдабыз, – деп сурашат шакирттери. – Таң кала турган эмнеси бар, билгениңизди бизден жашырбай айтып бериңизчи?..
– Урматтуу менин шакирттерим, – дейт Ксанф, – философия жалгыз гана сөздөн куралат деп ойлобогула, иш жүзүндө да болот. Болгондо да сөздүү философиядан дудук философия алда канча жогору турат. Алып айтсак, бийчилердин колдорунун тынымсыз дирилдеп турушу сөзү жок болгону менен нагыз философиялык ойду билдирет. Көрдүңөрбү, кул сатуучунун бар болгону үч кулу бар экен. Эми ошолорду жакшылап пулдаш үчүн кандайча тизип койгонун байкагыла: эки жагына татынакай эки кулду коюп, ортосуна түрү суук бирөөнү тургузуп койгон. Ортосундагынын көрксүздүгү эки жагындагы кулдардын көркүнө көрк кошуп, дараметин күчөтөт. Демек, жакшынын жанына жаманды жалгаштырып койсо жакшыларынын кем-карчы анча байкалбай калат!
– Урматтуу дамылда! Кылдай нерсени кыя өтпөй байкап турган сиз тим эле олуя экенсиз! – дешип, окуучулары аны дүүлүктүрүп коюшат.
– Жүргүлө, барып бирөөнү сатып алалы, аялыма убада берип койдум эле.
Биринчи кулга келип суроо берет:
– Кайдан болосуң?
– Каппадокиден!
– Атың ким?
– Лигурин.
– Колуңдан эмне келет?
– Бардыгы келет...
Аны уккан Эзоп каткырып күлөт. Көргөндөр жинди болдубу дешип таңыркашканына карбастан Эзоп суз бойдон калып, тиштерин гана жылтыратат. Кайдан чыккан желмогуз дешкенсип, Ксанфтын окуучуларынын бардыгы делдейип калышат.
– Эки макоонун ортосундагы кайсы сакоо, тиштери эле жылтырайт?
– Ал эмне анчалык кыткылыктап күлөт? – дейт экинчиси.
– Ал күлбөй эле жини келип, каарына чыдабай карсылдап ызырынып жатат, – дейт үчүнчүсү. – Кана, дагы эмне дээр экен?
Ошентип ал жөн турбай Эзоптун жанына басып барып этегинен тартат да, тымызын суроо берет:
– Эй, эмнеге күлүп жатасың?
– Өш!.. Макоо торпок!..
Окуучу анын антип кагып салаарын кайдан билди, ооз ача албай басып кетет. Ксанф болсо кул ээсине кайрылып:
– Бул музыкантың канча турат?
– Миң динар!
Анын баасын уккандан кийин Ксанф экинчи кулга барып:
– Сен кайдансың? – деп сурайт.
– Лидиядан.
– Атың ким?
– Атым Фирокал.
– Колуңдан эмне келет?
– Бардыгы келет!..
Аны уккан Эзоп кайрадан каткырып күлөт. Көрүп турган окуучулар өз ара күбүрөшөт:
– Күлгөндүн билгени болуш керек.
– Мен сурап көрөт элем, асыя кагуу жегим келбейт.
Ксанф кул ээсине кайрылат:
– Бул мугалимиң канча турат?
– Үч миң динар!
Ксанф мындай бааны угуп, кың дебей бурулуп басат. Анда окуучуларынын бирөө аны көкүтүп:
– Эмне, кулдар жаккан жокпу дамылда? – деп сурайт.
– Жакты, – дейт Ксанф, – бирок мен кулдардын кымбатына качырбайм, мага арзаны керек.
– Андай болсо ортоңкусун сатып албайсыңбы, акчаң жетпесе биз кураштыра коёбуз! – дейт дагы бири.
– Силерге акча кураштырып жүрүшүм мен үчүн уят; анын үстүнө менин аялымдын кыялын билесиңер го, кайдагы бир какмарды алып келгенсиң деп жемелеп жүрбөсүн. Асыя тил уккум келбейт.
– Дамылда, эшектин сүтү арам болгон менен күчү адал эмеспи, аялдын тилин албай жүргүлө деп бизди окутпадыңыз беле?..
– А болуптурчу, сенин да көңүлүң калбасын, тигиниси менен да сүйлөшүп көрөйүн!..
– Саламатпы?..
– Ооруп турат дедиң беле? – дейт Эзоп.
Анын катырып берген жообуна таңыркашкан окуучулар: «Чынын айтат, саламаттыгын сурагыдай ал ооруп жатты беле?» – дешип ич ара күбүрөшөт.
– Сен ким болосуң? – деп сурайт Ксанф.
– Эт менен сөөктөн куралган өзүңдөй адаммын.
– Мен аны сураган жерим жок, туулган жайыңды сурап жатам.
– Энемдин ичинен чыккам.
– Оңбогон неме го, – дейт Ксанф, – кайсы жерде туулгансың?
– Апам аны маган айткан эмес, – дейт Эзоп. – Балким, жаткан төшөгүндө же ашканада тууп койгондур.
– Мунуң балээ го, кайсы уруудан болосуң?
– Фригиялык болом.
– Колуңдан эмне келет?
– Эчтеке.
– А кандайча?
– Кандай болмок эле, – дейт Эзоп, – бардыгы бул экөөнүн колунан келгенден кийин менин колумдан келе турган эмне калды?
Аны угуп турган окуучулар: «Мына кызык, тигил экөөнү такыр эле макоо кылып салды. Чыны менен эле бардыгын билем деген кишинин колунан эчтеке келбейт. Көрсө, ошон үчүн күлүп жаткан тура!» – дешип, өз ара сүйлөшүшөт.
– Сени мен сатып алсам кандай дейсиң?
– Мага кеңеш берип турсун деп маяна төлөп койдуң беле? Кеңешимдин сага кереги эмне? Сатып алгың келеби – сатып ал; албайт экенсиң, көп башты оорутпай жолуңа түш. Мени сатып жаткан киши сени кайырмак салып кармап келген жок. Сатып алгын деп сени эч ким кыйнабайт, казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса – керекминби, акчаңды кармат, керегим жокпу – капчыгыңды камтып жолуңа түш.
– Тилиң дайыма ушунтип сайрап турабы?
– Сайраган чымчыктын наркы да, баркы да жогору болот.
«Кайран гана Эзоп, биздин дамылдабызды катырды!» – дешип анын шакирттери күбүрөшүп калышты.
– Мен сени сатып алайын, – дейт Ксанф, – анан сен качып кетпе?
– Качкым келсе сенчилеп сурап отурбайм, – дейт Эзоп, – менин качышым же качпашым сенден болобу же менден болобу?
– Алибетте, сенден болот да!
– Жок, – дейт Эзоп, – ал сенден болот.
– Кандайча менден?
– Эгерим сен кулдарыңа жакшы көз салсаң, – дейт Эзоп, – кулдар сенден качып кайда барат? Ким эле жыргаган жеринен качып, жыласка жабышсын; качканда кайда барат? Куулуп-сүрүлүп, ачып-арып, көрүнгөндүн көлөкөсүнөн үркүп жүргөндү кайсы кул каалайт? Кулдарга каардуу болсоң, кайсы кулуң жаныңа жарым саат эмес, жарты мүнөт чыдап тура алат?
Качпасына көзү жеткен Ксанф анын айткандарына ынап, кебетесине асыла баштайт:
– Айтканың дурус, бирок кебетең келишпей жатпайбы?
– Менин сага кебетем керекпи философ? Анын ичин карап көрбөйсүңбү, философ болсоң!..
– Сенден сөз качып кутулбайт экен! – деп Ксанф кул ээсине:
– Бул макулугуң канча турат? – деп кайрылат.
– Сиз эмне, – дейт соодагер, – менин соодамды шылдыңдайсызбы?
– Ал эмне дегениң?
– Солкулдаган жигиттер турса, кайдагы бир киши карабаган мокочону сатып алам дейсиз. Экөөнүн бирин сатып алсаңыз, мен муну үстөк катары бекер берем!
– Деги кандай болсо да мунуң канча турат?
– Мен буга алтымыш динар төлөп алгам, ичкен тамагы он беш динар болду. Башка мунун баасы жок.
Шыралга жыйноочулар соода бүткөнүн угуп калышып, кими сатып, кими алганын сурай калышат. Жетимиш беш динарга кул сатып алдым дегенден Ксанф, ошончого дегенге соодагердин оозу барбай уялышат. Эмне кылаарын билишпей экөө тең элеңдеп калган учурда Эзоп элдин алдына ачык жарыялап салат:
– Сатылган менмин, саткан бул, сатып алган мына бул. Экөө тең унчугушпагандан кийин мен кул эмес эле эркин адам болушум керек!..
Ошондо Ксанф:
– Бул кулду мен жетимиш беш динарга сатып алдым! – дейт.
Далдалчылар күлүшүп, Ксанфтан тийиштүү шыралгасын алышып, Эзопту ээрчитип Ксанф үйүн көздөй жөнөйт.
Эзоп Ксанфты ээрчип алат. Мээ кайнаткан күндүн ысыгынан көчөдө баскан бир да жан жок. Ксанф басып баратып этегин көтөрүп заарын ушатат. Ээрчип бараткан Эзоп аны көрүп аябай жини келет. Ксанфтын этегинен тартып:
– Мени кайра саткын, болбосо качып кетип калам! – дейт.
– Сага эмне болду Эзоп?
– Мени сатып жибер, баары бир сага кул болуп бере албайм.
– Аа, түшүндүм; узун кулак ушакчылар мени сага жамандап, ал каардуу, зөөкүр, кулдарына күн көрсөтпөйт, акмак, кеңкелес айбан адам деп жамандап койгон го. Ага эч качан ишенбе. Андайлардын сөзү бал, ичи заар, аны көңүлүңө алба, менин айтаарым ушул!
– Алар айтпаганда да айбандыгыңды өзүң көрсөтүп койдуң. Ушунчалык улуу адам болуп туруп өгүзчөсүнөн заарыңды басып баратып чубуртканың кандай? Ошондон жийиркенип калдым. Бир азга кармалып калсаң сени бирөө кодуламак беле же ошончолук убактың тарбы, шашылыш ишиң барбы? Кулуң катары мени жумшаганда буйругуңдан шек санайм; учуп баратып заңдагын деп буюрсаң мен эмне кылам?
– Ии де, ошондон корком дейсиңби?
– Коркпоско чарам канча?
– Менин анткен себебим үч нерсеге байланыштуу!..
– Ал кандай үч нерсе?
– Жердин ысыктыгы, зааранын жыты жана күндүн аптабы.
– Ал кандайча?
– Көрүп турасың, – дейт Ксанф, – күн төбөдөн тийип турат, жердин ысыктыгын айтпа; мен бир жерге туруп алып ичимди бошотсом биринчиден таманым күйүп кетет; экинчиден заарым бууланып каңылжарды жарат; үчүнчүдөн башка күн өтүп кетет. Мына ушул үчөөнөн оолак болуш үчүн басып баратып ичимди бошоттум.
– Эми мага түшүнүктүү, – дейт Эзоп, – талашым жок. Жолуңду узарта берсең болот.
– Мына кызык, – дейт Ксанф, – көрсө, мен кул сатып албай эле кожоюн сатып алган көрүнөм.
Аңгыча Ксанфтын үйүнө келип калышат. Ошондо Ксанф Эзопко:
– Менин аялым чойроке, Эзоп. Сен качан кир демейинче дарбазанын оозунда туруп тургун, антпесек сенин кебетеңди көрүп үркүп кетчү болсо, атасынын үйүн көздөй себин көтөрө качат.
– Аялыңдын этегин жамынып бүжүрөп көнсөң баргын, өз ишиң!
Ксанф үйүнө кирип аялына айтат:
– Жаркыным, эми мындан ары менин күңдөрүмдү талашасың деп мага таарынбайсың; мен дагы өзүмө ылайыктуу кул сатып алдым.
– Көргөн түштү төп келтирген кудайыма ыраазымын, – дейт аялы. – Түшүмдө бир татынакай кул сатып келип, мага тартуулап жатыпсың.
– Ашыкпагын жаркыным, – дейт Ксанф, – татынакай кулуңду азыр көрүп аласың. Андай сулууну өмүрүңдө көргөн эмессиң – ай десе аркы жок, күн десе көркү жок, тим эле Аполлон, Ганимед, Эндимон.
Аны уккан күңдөрдүн кубанычы койнуна батпай, арасынан бир жашыраагы токтоно албай:
– Кудайым ий, кудайым, кожоюн мага күйөө сатып келиптир! – дейт.
– Жок, ал мага сатып келди, – дейт экинчиси, – менин түшүмө аян берген.
– Аны алыш үчүн сурай билиш керек, – дейт үчүнчүсү.
– Сен сурап алам деп турасыңбы?
– Анан сен алам деп турасыңбы?..
Ошентип алар көрбөгөн «күйөөсүн» талашып жатканда Ксанфтын аялы сурап калат:
– Кана, сенин катуу мактап жаткан белегиң?
– Дарбазанын алдында турат жаркыным, – дейт Ксанф. – Тарбия берүүнүн биринчи эрежеси – чоочун үйгө чакыртпай кирүүгө болбойт. Ошон үчүн ал мени ээрчип келип, чакыртмайынча кирбей дарбазанын сыртында турат.
– Андай болсо, – дейт Ксанфтын аялы, – жаңы малайды бирөөңөр барып чакырып келгилечи!
Күңдөр талашып жатканда ичинен чыйрагыраагы: «Акмактар талашып жатканча өзүм барып таанышып алайын» деген үмүт менен сыртка чуркап чыга калат.
– Жаңы келген кул кайда? – деп элеңдейт.
– Жаныңда турат чоң айым! – дейт Эзоп.
– Жаңы сатып келген кул сенсиңби? – деп үтүрөйөт.
– Ошол мен болом! – дейт Эзоп.
– А сенин куйругуң кайда?
Эзоп аны бир карап алып, маймылга теңеп жатканын дароо түшүнө коёт да:
– Кудайдын мага берген куйругу сен ойлогондой артымда эмес, алдымда! – деп жооп берет.
– Үйгө кирбей ушундай туруп тур, сени көрчү болсо үйдөгүлөрдүн бардыгы үркө качышат, – дейт күң.
Кайра үйгө чуркап кирип, жаңы кулду талашып жаткан күңдөргө:
– Ой, кургурлар, талашкан күйөөңөрдү унутуп койсоңор да болот. Аны талашканды коюп, адегенде анын сулуулугун карап көрбөйсүңөрбү!
Аңгыча карбаластап дагы бир күң чыга калат:
– Ой, менин көрөөр көзүм кайда? Каралдым кайда?
– Мына мен! – деп жооп берет Эзоп.
– Ой кара жерге кир десе, кебетесин келиштирген! Көрсө, сендей какмарды талашып жаткан турбайбызбы. Кир бул жакка, мага жакын жолобой обочороок баскын.
Эзоп кирип барып түз гана Ксанфтын аялынын тике маңдайына тура калат. Аны көрөр замат аялы күйөөсүн көздөй селт бурулуп, көзүнүн чаарын чыгарат.
– Сен Ксанф жеткен акмак, философтордун нагыз шүмшүгү турбайсыңбы. Ачыгын айтканга бетиң чыдабай башка катынга үйлөнгүң келип калган го. Жогол, көзүмө көрүнбөй. Менин назик сезимимди кордоп, ушул мокочону алып барсам чыдай албай чыга качат десең керек. Жарайт. Бергин менин себимди, атамкына кетем! – деп чамынып чыгат.
Айласы кеткен Ксанф Эзопко кайрылат:
– Кана, эмне кылдык? Жолду карата анча-мынча адепсиз иш кылып койсом айтпагандын баарын айттың эле. Эми мына, ушунун баарын угуп туруп, ушул катынга бирдеме дей аласыңбы?
– Кууп жибер, – дейт Эзоп, – келген жолу менен кете берсин, башка бараар жайы жок болсо...
– Бас жаагыңды макулук! Аны кууп жиберип сени алмак белем?
– Катыныңды ошончо жакшы көрөсүңбү?
– Жаман көрсөм жашайт белем!
– Анын кетип калышын каалабайсыңбы?
– Каалабайм акмак, каалабайм!
– Андай болсо жообун мен берем, каалаганыңдай болот.
Эзоп короонун ортосуна чыгып алып, жер тепкилеп кыйкырып кирет:
– Вах-вах! Ушунчалык атактуу философ болуп туруп, Ксанф аялынын таман астында жашап, эркек сапатынан ажырап калыптыр деп эртең эле мен окуучуларыңдын алдында жарыялайм!
– Ал эмне дегениң Эзоп? – дейт Ксанф.
Эзоп болсо анын аялына кайрылат:
– Саган эмне кылыш керек экенин билесиңби? Күйөөң бир жакка чыгып кеткенде өзүңө жаккандай татынакай, күрдүү-күчтүү, оюң менен оттой турган алтын көкүл жалжал көз кулдан саттырып ал.
– Эмне үчүн? – дейт Ксанфтын аялы.
– Эмне үчүнбү? Мончого барсаң ээрчитип алып, кийимдериңди карматып коюш үчүн; мончодон чыкканда сени кийиндирип, отура калып сенин чарыгыңды байлап бериш үчүн; сени менен кыткылыктап күлүшү, күндөн бетер сени жактырышы үчүн. Аны карап сен дагы ырсактагандай бол; өзүңөрдүн ким экениңерди унутуп, ал сатылып келген кул экенин унутуп, сенин төшөгүңдү тепсеп бутуңду ушалап берсин. Андан ары кучактайсыңбы, жытташасыңбы, оюңа келгенди ойнойсуңбу, өз эркиң. Философ күйөөң болсо элге маскараланып кала берсин. О чиркин, Эврипид, алтын шилекейин бекер чачыратпаптыр го:
Тоодон аккан дайранын шары шумдук.
Толкуп-ташкан деңиздин каары шумдук.
От шумдук, жоктук шумдук, баары шумдук,
Баарынан да зайыптардын заары шумдук!
Сен дагы ошондойсуңбу? Күйөөң болсо атактуу философ, өзүң аялдардын акылдуусу болуп туруп, кулдарды сулуусунан тандагың келеби? Анчалыкка баргыдай сен шуркуя эмессиң да. Өзүңдү өзүң билип, өтүгүңдү төрүңө илгиң келеби? Жок, андай эмесмин десең жаңы келген кулуңдун эмнеге жөндөмдүүлүгүн ушул сөзүнөн баамдарсың!..
– Мынча эмне мага асылып калдың? – дейт Ксанфтын зайыбы.
– Бул дагы эчтеке эмес, – дейт Ксанф, – даараткана жактан анын көзүнө чалдыгуудан сак бол, Демосфениң быякта калат.
– Кудай айланайын, – дейт Ксанфтын аялы. – Бул киши сөрөйүң кебетеси келишпегени менен акылдуу көрүнөт. Айла канча, мунуң менен жарашууга туура келет.
– Мына Эзоп, – дейт Ксанф. – Мырзайымың менен да жараштың.
– Көрдүңбү кожоюн, – дейт Эзоп, – аялды жоошутуш үчүн чыйканын жарыш керек.
– Ар-рам гана какмар десе! – дейт Ксанф.
– Сүйлөгөн сөзүңө караганда чечен көрүнөсүң Эзоп, бирок менин түшүм жалган болуп чыкты. Түшүмдө татынакай кул сатып келип жатыптыр, а сен болсоң такыр башка болуп чыктың, – дейт аялы.
– Түшүңдүн төп келбегенине кейибегин айым, – дейт Эзоп, – түштүн бардыгы эле төп келе бербейт. Музалардын пайгамбары Аполлон бир сапар Зевстен дуванын күчүн сурап алат да, ошондон кийин алдын-ала эмне болорун айтып, көзү ачыктык жактан ага эч ким жетпейт. Дуванын күчү менен ал бардыгын билип, эч кимди бучкагына теңебей калат. Ошондо Зевстин кыжыры келип, Аполлондун элден бөтөнчө болушун жактырбай, келечекте эмне болорун билиш үчүн адамдарга төп келүүчү түштү жаратат. Элдин бардыгы Аполлондун олуялыгына карашпастан эмне болорун өздөрү эле билип алыша турганын байкаган музалардын падышасы баркы кетип баратканын билип, кечирим сурап кайрадан Зевске барат да, элдин өзүнө болгон ишенимин кетирбесин суранат. Аны Зевс кабыл алып жалган түштү жаратат. Ошондон кийин биринчи көргөн түш төп келип, калганы жалган болуп калат. Ошон үчүн түшүндө көргөн сулуу адам өңүндө буруу болоруна таңыркабай эле кой, анткени сага түштүн биринчиси эмес, экинчиси – жалганы кирген.
Ксанф Эзоптун ушунчалык акылдуу, тапкычтыгын жактырып, аны өзү менен кошо ээрчитип жүрүүнү чечет.
– Эзоп, капты алып жүрү мени менен, бакчадан барып түшкү тамактык жер-жемиш сатып келелик! – дейт.
Эзоп капты ийнине арта салып, аны ээрчип жөнөйт. Ксанф бакчага барып бакчачыны табат да:
– Бизге бир түшкү тамактык жер-жемиш бергин? – дейт.
Бакчы бычагын алып капустадан кесип, кызылчадан жулуп, башка жер-жемиштерден чогултуп, татынакай боолап туруп Эзопко карматат.
Ксанф капчыгын сууруп чыгып акча бермек болот.
– Эмне үчүн дамылда? – дейт бакчачы.
– Жер-жемиштер үчүн!
– Тим эле коюңуз. Менин бакчам менен андагы өсүп жаткан өсүмдүктөрүм сиздин бир кылчайып койгонуңузга арзыбайт. Андан көрө мага бир нерсени чечип бериңизчи?
– Кудай бар, – дейт Ксанф, – мага жер-жемиштин да, акчанын да зарылчылыгы жок, бир гана сенин сурооңду канагаттандырып берсем мен үчүн чоң олжо. Мен кол өнөрчү же темир уста эмесмин, саган орок, күрөк жасап бере албайм. Мен деген философ болом.
– Кайрымдуу мырза, – дейт бакчачы, – мага жардам берүү сиздин гана колуңуздан келет. Мен түн уйкумду, күн тынчымды коюп, ойлоно берип кыйналганым бир гана суроо. Бакчама ар кандай өсүмдүктөрдү тигип, түбүн жумшартып, сугарып, колуман келишинче бардык күчүмдү жумшап багамын. Ошого карабастан менин баккан өсүмдүктөрүмө караганда отоп, жулуп, жок кылууга аракеттенген отоо чөптөр дүркүрөп өсүп кетет. Ал эмнеси?
Ксанф капысынан айтылган мындай философиялык табышмакка дароо жооп кайтара албай:
– Бардыгы кудайдын кудурети менен болгон нерсе! – деп коёт.
Ксанфтын артында турган Эзоп анын жообун угуп кыткылыктап күлүп калат. Аны көргөн Ксанф:
– Сен эмне Эзоп, мага күлүп жатасыңбы? – дейт.
– Жок, – дейт Эзоп, – сага күлүп эмне кылайын.
– Анан кимге күлүп жатасың?
– Сени окуткан мугалимдериңе!
– Акмак десе, – дейт Ксанф, – сен эмне, бүткүл Элладаны кордогуң келеби? Мен деген Афинанын өзүнөн окугам; анын эң мыкты деген философтору, грамматиктери менен риториктери мени окуткан. Алар менен сенин ишиң кандай?
– Болбогон сөздү тантырап жатсаң кантип кишинин күлкүсү келбейт, – дейт Эзоп.
– Мындай суроого башкача кандай жооп берүүгө болот? Кудайдын кудурети менен иштелген ишке философтор талдоо жүргүзө албайт. Балким, бул суроого сен жооп бере аласыңбы?..
– Жооп бер десең жооп берем.
– Арам гана шүмшүк десе, – дейт Ксанф, эмне дээрин билбей, – мен канчалык окуу жайларына барып философиядан сабак берип келгем, баары бүтүп эми философияны бакчага жүргүзүү калган турбайбы. Кудай кылса кубарыңдын акысы жок, жүрү!
Ксанф бакчачыга кайра кайрылып, Эзопту сала берет:
– Мына бул менин кулум болот, – дейт Ксанф, – билбеген балаасы жок, сенин сурооңо жооп берүүчүмүн деп болбойт.
– Кантип, – дейт бакчачы, – бул каракчың ошончо эле билимдүүбү?
Эзоп күлүп туруп:
– Мени менен ошентип сүйлөшөсүңбү шордуу десе?
– Мен эмне, шордуу бекемин?
– Бакчачысыңбы же башкасыңбы?
– Бакчачымын, эмне экен?
– Бакчачы болсоң шордуу дегенге анча эмне теригесиң? – дейт Эзоп, – өз колуң менен тигип, отоп, сугарып, түбүн жумшартып баккан жер жемиштериңе караганда отоо чөптүн эмне үчүн дүркүрөп тез өскөндүгүн билгиң келеби? Анда кулак салып угуп тургун. Ал кадимки эле экинчи жолу эрге тийген балалуу аялдай болот. Экинчи күйөөсүнүн да балдары болгон учурда ээрчите келген балдары өз баласы болуп, күйөөсүнүн мурдагы аялынан калган балдар ага өгөй бала болуп саналат. Өз бала менен өгөй баланын айырмасы кандай экенин билесиңби? Өзгө өздөй, жатка жаттай мамиле жасап, өгөй балдарга тийиштүү тамактын ырыстуусун өз балдарына тартып берет. Ошондой эле сенин эккен жер-жемиштериң жердин өгөй балдары болот да кодура өсүмдүктөр менен отоо чөптөр жердин өз баласы болот. Ошон үчүн жер сенин тиккен жемиштериңе караганда өзүнүн отоо чөптөрүн жакшы багат. Билбесең билип ал!
– Акылыңдан айланайын, оорулуу оюмдан айыктырып койбодуңбу, – дейт бакчачы. – Алганыңдын бардыгын мен силерге тартуу кылам, каалаган учурда келип, өз оокатыңардай көрүп, каалашыңарча бекер алып тургула!
– Көп эле оюңа келгенди оттой бербегин, менин сенден сурарым, – дейт Ксанф Эзопко – ар дайым мен айткандай иштеп жүргүн, болбосо иштин баарын бузуп аласың. Эми тиги көнөчөк менен сүлгүрдү алгын да мончого кеттик.
Мончого барганда Ксанф чечинип көнөчөктү сурайт. Алып карап көрсө көнөчөк бопбош.
– Йе, Эзоп, ичиндеги майы кайда?
– Майы үйдө.
– Эмне үчүн үйдө?
– Өзүң айтпадыңбы, мен айткандай иштеп жүргүн деп. Көнөчөк менен сүлгүрдү алгын дедиң, май жөнүндө качан айттың? Айтканыңды эки кылган жокмун, так аткардым, – дейт Эзоп.
Мончодон Ксанф өзүнүн жолдоштору менен жолугушуп калат. Кийим кечектерин башка кулга карматып коюп, Эзопту үйгө жумшайт:
– Эзоп, аялымдын ачуусу келип, алып келген жер-жемиштерибизди кулдуку деп тебелеп-тепсеп салганын өзүң көрдүң: үйдө жасмыктан башка эчтеке жок болушу керек. Жалгыз жасмыктан түшкүгө жакшылап сорпо кайнатып кой. Ташып кетпес үчүн сапырып, үйлөп тур, бышаарда отун тартып, тымытып кой. Бар, мен айткандай жаса!
– Жарайт! – деп Эзоп үйгө жөнөйт.
Үйгө барып, ашканага кирип казанга суудан куюп, сууга жасмыктын жалгыз данын салып кайнатып коёт. Ошол учурда Ксанф жолдошторун ээрчитип мончодон чыгат.
– Жүргүлө, достор! Биздин үйгө барып болушунча даам сызып кеткиле. Жалгыз жасмыктан башка эчтеке жок, алып барганыбыздын бардыгын эрке катын ыргытып салган. Кеп тойгондо эмес көңүлдө, ыйлап туруп май бергенче күлүп туруп суу берген дурус, – дейт.
– Аб-болуптур, барса баралы, – дешет жолдоштору.
Ксанф аларды үйүнө ээрчитип келип, Эзопко буйрук берет:
– Эзоп, жуунгандан кийинки сууңдан жуткурчу?
Эзоп чылапчындагы кирдин суусун сузуп келип Ксанфка сунат. Ксанф аны карап туруп:
– Бул эмнең Эзоп? – деп сурайт.
– Бул жуунгандан кийинки суум! – дейт Эзоп.
Ксанф кабагын чытып, эмне дээрин билбей серпип салат.
– Келе, бут жуучу чылапчыныңды алып кел?
Эзоп суусун төгүп салып куру чылапчынды алып барат.
– Бул эмне деген өнөрүң?
– Сен чылапчынды сурабадыңбы. Чылапчынга суу куюп бутумду жууп бергин десең кеп башка болмок.
– Чеч, бутумдагы чарыкты, – дейт Ксанф, – бардыгын мен айткандай жасайсың! Конокторуна кайрылып: – Көрдүңөрбү курдаштар? Мен өзүмө кул эмес эле көсөм сатып алган окшойм. Кана, жүргүлө, дасторконго карайлы!
Ичкиликтен бир-эки сыйра көтөргөндөн кийин Ксанф:
– Тамагың быштыбы, Эзоп? – деп сурайт.
– Бышты.
– Алып келчи, мен текшерип көрөйүн?
Эзоп казанда калкып жүргөн жалгыз жасмыктын данын кармап алып Ксанфка алып барат. Ал жеп көрүп Эзопко:
– Абдан сонун бышкан экен, эми алып келе берсең болот! – дейт.
Эзоп ар биринин алдына бирден бош кесе коёт да, ар бир кесеге кайнаган суудан куюп:
– Кана мырзалар, тамакка карагыла? – дейт.
– Эй оңбогур, – дейт Ксанф, – мунуң карандай суу го, жасмыгың кайда?
– Жасмыкты азыр эле өзүң жеп, сонун бышыптыр дебедиңби!
– Эмне дейт, жасмыктын жалгыз данын кайнаттың беле?
– Өзүң айтпадыңбы, жалгыз жасмыктан сорпо кайнатып койгун деп, айтканыңды эки кылбай жалгыз жасмыкты кайнатып койгом, – дейт.
– Андай болсо, меймандар капа болуп калышпасын, алиги мен сатып келген торопойдун төрт шыйрагын тезирээк бышырып, ачык суудан куюп, пыяздан туурап алып келе сал!
Эзоп торопойдун шыйрактарын казанга салып кайнатып жатканда аны жазалоону ойлонгон Ксанф казандын жанына басып барат да:
– Эми кампага барып ачык суудан алып кел, бир аз куюп коёлу, аңгыча мен сапырып турайын, – деп Эзопту кампага жумшайт. Эзоп ачык суудан алып келгенче Ксанф кыйкым издеп, казандагы төрт шыйрактын бирөөнү алып коёт.
Эзоп айтканын аткарып, казанды караса торопойдун бир шыйрагы жетпейт. Аны атайлап Ксанфтын жасаганын түшүнө коюп, аялынын туулган күнүнө арнап атайлап багып жаткан торопойдун короодо чуркап жүргөнүн көрүп, кармап алып, чаңырбасын деп тумшугун думбалап байлап, бир шыйрагын шарт кесип алып, отко куйкалап казанга салып коёт. Ксанф болсо кайрадан ойлонуп, кокус катуураак жазалап койсом качып кетип, акылдуу кулдан ажырап калбайын деп чочулайт да, Эзопко көрсөтпөй шыйракты кайра казанга салып коёт. Ошентип казанда беш шыйрак кайнап жатканын Эзоп да билбейт, Ксанф да билбейт.
Бир аз убакыт өткөндөн кийин Ксанф Эзопту чакырып:
– Эзоп, шыйрактарың быштыбы? – дейт.
– Бышты мырзам!
– Бышса алып келип чыгарсаң болот.
Эзоп чоң чараны коноктордун алдына коюп, казандагы шыйрактарды төгүп салат. Төрт шыйрактын ордуна казандан беш шыйрак чыкканын көргөн Ксанфтын көзү чанагынан чыгып кете жаздайт.
– Эзоп, бир торопойдо канча шыйрак болот?
– Баары жайында мырзам. Торопойдун казандагы шыйрагы бешөө болгону менен короодогу торопойдун шыйрагы үчөө; жалпы бөлүштүрө келгенде тупатуура төрттөн болот?
– Йе айланайындар, – дейт Ксанф, – мунуң минтип жүрсө мени такыр келесоо кылып бүтүрөт ко?..
– Келесоолонгон өзүң эмеспи? Сен антпесең, мен минтмек белем. Ага капа болбогун мырзам, окуучуларыңдын алдында мындай кемчиликти кетирүүдөн сак болуп каласың, эмне дегенде акмактык менен акылдуулуктун ашкерелиги эстүү адамдар үчүн кечирилгис ката болот.
Эзопту жазалаштын эч кыйкымын таба албай Ксанф шылкыя түшөт. Ошол күндөн тартып, Ксанф Эзопту ар дайым окуу жайларга барганда ээрчитип алып, окуучулардын бардыгы Эзопту таанып калышат.
Күндөрдүн биринде окуучулардын бирөө Ксанфты баш кылып классташтарын конокко чакырып калат. Ксанф Эзопту ээрчитип:
– Тамак-ашка ылайыктуу сарамжалыңды алып алгын! – дейт. Тамакашка кандай сарамжал: себет, табак, суу жоолук, кепич, шамана... дагы
эмнеси калды? Оюндагылардын бардыгын алып, Эзоп Ксанфты ээрчип жолго чыгышат.
Тамак жеп жатканда Ксанф эттүү, майлуу устукандарды Эзопту көздөй жылдыра берип, Эзоп болсо аларды себетке жымыра берет.
– Биринчи, экинчи, үчүнчү тамакты бүт алдыңбы?
– Бүт алдым, таксыр.
– Анда ошолордун бардыгын менин ырыска шеригиме жеткирип бергин! – деп тапшырат Ксанф.
– Жарайт, таксыр! – деп Эзоп чыгып кетет.
Жолдо карата Эзоп: – Шашпагын, сенин «ырыска шеригиңе» алып барып берейин. Ар дайым мени мазактап, каргап-шилеп, чүйрөңдөп жүргөн ойсекенин ырас ыгы келди. Бакчачынын мага берген жер-жемишин: «Кулдун тамагын жеп өлүп бараттым беле!» – деп тебелеп-тепсеп салды эле. Канчалык жагайын деп аракет кылдым эле, жакпадым. Эми көрүп алсын – ак ниет кул менен алдамчы шуркуянын айырмасы кандай экен. Кожоюн бекеринен «ырыска шерик» деп айтканы жок, ырыска шерик ким экенин билбей жүрсө, билип алсын.
Эзоп үйгө келип, Ксанфтын аялынын алдына жайып, алып келген тамактардын бардыгын жайнатып көрсөтөт.
– Мына, карап көрүңүз, эч нерсесин короткон жокмун, бардыгы түгөл бекен? Чыпчыргасы корогон жок.
– Көрүп турам, – дейт кожоюндун аялы, – бардыгы жайында, орду менен. Байкуш чалым, менсиз тамагынан аш өтпөйт.
– Жок мырзайым!..
– Анан кимге берип жиберди?
– Өзүнүн «ырыска шеригине»!
– Эх, макоо десе, – дейт Ксанфтын аялы, – анын ырыскысына менден башка ким шерик экен?
– Ашыкпаңыз, – дейт Эзоп, – анын ким экенин көрүп алыңыз!
Короодо жүгүрүп жүргөн балтекти чакырат:
– Ме Мойнок, ме! Күчү-күчү!..
Ксанфтын аялынын көзүнчө Эзоп чуркап келген итке алып келгенинин бардыгын салып берет да, ит жеп бүткөндөн кийин кайра конокто отургандардын үстүнө кирип барат, таазим кылып ирегеге отура калат.
Ксанф жанына чакырып алат.
– Кандай, берип келдиңби?
– Берип келдим.
– Жедиби?
– Калтырбай жеди.
– Кантип, жарылып кеткен жокпу?
– Жок! Абдан ачка болуп калыптыр.
– Абдан рахаттанып жесе керек?
– Абдан рахаттанып жеди.
– Акырында бирдеме дедиби?
– Эмне демек эле, ырсайып ыраазылыгын билдирди.
– Анысына мен да ыраазымын.
Ошол арада Ксанфтын аялы ызасына чыдабай нөкөрлөрүнө:
– Болду, жетишет эми кыздар. Эми мен Ксанф менен жашай албайм. Себимди алам да, атамкына кетем. Көрсө, итти менден артык көрөт турбайбы! – деп айтып, өз бөлмөсүнө кирип бекинип алат.
Үлпөт кызыгандан кызып, окумуштуулар ортосунда ойго келбеген окуялар жөнүндө сөздөр жүрө баштайт. Окуучулардын бирөө оолугуп суроо берип калат:
– Адамдардын ортосунда алаамат тополоң кайсы учурда болот?
Ксанфтын далдасынан Эзоп жооп берет:
– Өлгөндөр тирилип келип тирүүлөрдөн карызын доолаганда!
Бардыгы каткырышып, өз ара кыжы-кужулар башталат.
– Бул анын жаңы кулу, биздин көзүбүзчө сатып алган!
– Ошондо мунуң мени «торпок» деп кордогон, патчагар.
– Ошонун баарын эле өзү ойлоп тапты дейсиңби, биздин дамылдадан үйрөнүп алган да... – дегенде Эзоп:
– Силердей мадырабаштарга окшоп дечи! – дейт.
– Дамылда, – дейт шакирттеринин бири, – Эзопко биз менен бирге ичип коюуга улуксат бересизби?
– А, болуптур, ичсе ичип койсун!..
– Эмне үчүн койду сойгону жетелеп баратканда, кой унчукпайт, чочкону сойгону жетелеп баратканда жанынын бардыгынча чаңырат? – дешип окуучулар биринин суроосуна бири жооп бере албай жатканда Эзоп жардамга келет:
– Эмне дегенде койдун сүтү таттуу, жүнү жылуу, ар дайым сүтүн саап, жүнүн кыркып турат. Ошон үчүн алар сааганы же жүнүмдү кыркканы алып баратат дешип камаарабай бара беришет. Чочко болсо же жүнүм жок, же сүтүм жок, тамакты тандабай жей берип эптеп жыйнап алган майымды тартып алгысы келип жатат деп чаңырат.
– Кудай бар, тим эле укмуштай жооп берди! – дешип окуучулар өз ара дуулдашат.
Үлпөт бүтүп, Ксанф өзүнүн кулун ээрчитип үйүн көздөй жөнөйт. Жаткан жайына кирип, аялын өпкүлөп наздана баштайт. Аялы аны түртө салып, тескери бурулат.
– Жогол, көзүмө көрүнбөй. Кулуң менен назданып, итиң менен өбүшүп жата бер. Мага себимди бергин, кетем! – дейт.
– Мына кызык, сага эмне болду? – дейт Ксанф. – Дагы Эзоп бир балаа кылдыбы?
– Бар ары, канчыгыңды багып, катын кылып ал.
– Айтпадым беле, Эзоп ушуну кылмак. Чакыргыла Эзопту!
Эзоп ошол замат келип калат.
– Эй, акмак! Сен жанакы тамакты кимге бердиң эле?
– Өзүң айтпадыңбы, «ырыска шеригиме» алып барып бергин – деп.
– Мага бир да күкүмүн берген жок, – дейт аялы. – Мына, көзү турат.
Кыйын болсо танып көрсүн...
– Эй каракчы, уктуңбу? – дейт Ксанф. – Күкүмүн да берген жок деп жатпайбы?..
– Күрсүлдөбөгүн! – дейт Эзоп. – Сен кимге бергин дегениңди билесиңби?
– «Ырыска шеригиме» бергин дебедим беле.
– Сенин ырыска шеригиң ушулбу?
– Анан ким экен, акмак десе?
– Аны азыр көрүп аласың, – дейт Эзоп. Короодогу итти чакырып Ксанфка көрсөтөт: – Мына, сенин ырыска шеригиң. Аялың «ырыска шеригиң» болом деп калп айтат. Калп айтпаса болор-болбос тамак үчүн напсисин агытып иттен кызганып, себимди бергин деп сени коколойт беле? Ырыскысын көтөрө албаган аялыңдан адилеттикти тапкың келеби? Итиңди тепкилеп, таяктап кууп койчу, баары бир сенин жаныңдан карыш чыкпайт. Бардыгын кечирет, кайра шыйпаңдап сага жетип келет. Андыктан сен ырыска шеригим дебестен «менин аялыма» десең, сенин аялыңа алып келип бермекмин. Аял эмес иттин ырыска шерик экенин билип ал. Итиң сен өлсөң кошо өлөт, аялың сен өлгөндөн кийин башкасын таап алат.
– Көрдүңбү жаркыным, – дейт Ксанф, – менде кымындай айып жок, бардыгын кылган мынабу дөөрүк турбайбы. Ачууңду маган келтирбечи, мен сени кор кылбайм. Бул шүмшүктүн болсо шиши толуп баратат, кайсы күнү жели чыгаар экен.
– Жок, – дейт аялы, – бүгүндөн тартып бул үйдө менин изим да калбайт! – деп булкулдап чыгып кетет. Атасыныкына кетип калат.
– Мына кожоюн, айтканым туура келдиби? – дейт Эзоп. – Ырыска шерик мынабу сенин итиң болот.
Арадан бир топ күндөр өтөт. Ксанфтын аялы көшөрүп келбейт. Ксанф ага кишилерди жиберет, алардын эч кимисине көнбөйт. Кожоюн биротоло шылкыйып баратканын көргөн Эзоп, жанына барып:
– Капа болбо кожоюн. Мен аны эртең эле өзү чуркап келгидей кылам! – дейт.
Эзоп акча алып базарга барат да тооктон, каздан жана башка түркүн азыктардан сатып алып, билмексенге салып Ксанфтын аялы турган үйдүн жаны менен өтүп баратып, сатыла турган көз-өрдөгү бар бекен? – деп ушакчы кошунасынан сурайт.
– Кожоюнум үйлөнгөнү жатат. Эртең тою болмок эле, ошого азык-түлүк камдаганы чыккам! – дейт Эзоп.
Тигил бардыгын төкпөй-чачпай Ксанфтын аялына жеткирип барат. Ал суук кабарды угаар замат карбаластап шашкан бойдон Ксанфка жетип барат да:
– Ксанф, менин көзүм түрүү турганда бул үйдө башка аялдын изи да болбой! – деп алкылдайт.
* * *
Эртеси Ксанф өзүн коноктогон окуучуларын чакырып тамак бергиси келип, Эзопко тапшырма берет:
– Эзоп, бүгүн мен баякы бизди коноктогон шакирттеримди чакырып коноктоюн деп чечтим. Сен болсоң дүйнөдө тамактын эң мыктысын алып келип бышырып, даярдап кой!
– Жарайт! – дейт Эзоп. Ичинен: «Сени шашпа, экинчи акмактанган тапшырма бергис кылайын...» – деп ойлонуп калат. Эт саткан дүкөнгө барып чочконун жаңы тилдерин сатып келет да, бир тобун кууруп, дагы бир тобун бышырып, дагыңкысын килкилдек кылып муздатып коёт.
Болжошкон учурда коноктору да келип калышат. Ксанф конокторун столго отургузуп, ичкилигин жайнатып:
– Кана, Эзоп, тамагыңдан алып келгин! – деп буйрат.
Эзоп ачык суу куюлган, бышырылган тилден ар биринин алдына бирден тарелкеге салып коёт.
– Вах-вах! – дейт шакирттери, – дамылдабыздын тамагы да философиялык тамак турбайбы! Эч амал качып кутулбайт; биз столго отурар замат тилдин даяр болгонун көрбөйсүңбү!..
Ичкиликтен эки-үч сыйра көтөрүшкөндөн кийин Ксанф кайра Эзопко кайрылып:
– Кана, Эзоп, эми тамагыңдын экинчисин алып кел! – дейт.
Эзоп ар биринин алдына куурулган тилге туз менен калемпирден себелеп алып келип коёт.
– Тим эле укмуш ко дамылда! – дешет шакирттери. – Отко куурулуп, туз менен калемпир себилген тил тим эле оозуңду куйкалайт. Ширесин келтирип, тилдин табийгы курчтугуна туз менен калемпир кошулса кандай гана керемет.
Коноктогулар ичкиликтен дагы бир сыйра көтөрүшкөндөн кийин Ксанф Эзопко дагы буйрук берет:
– Эзоп, шам-шумуңду коюп эми тамагыңды алып кел!..
Эзоп ар биринин алдына килкилдек муздак тилден алып келип коёт. Окуучулар өз ара күңкүлдөшө башташат:
– Ох, Демокрит, тил жей берип тилим өзүмдүкү болбой калды го...
– Тилден башкасы жок бекен? Эзоп ошентип эсиңерди оодарат.
Муздак тил бардыгынын көкөйүнө көк талкандай тиет. Ошондо Ксанф чыдай албай:
– Эй, суюк тамагыңдан алып кел? – дейт.
Эзоп бышырылган тилдин сорпосунан алып келип куюп берет. Коноктор аны карашкысы да келбейт. Жүрөктөрүн айныта баштайт.
– Мына, Эзоптун бизге акыркы соккусу, баарыбызды өзүнүн тили менен катырды.
– Эзоп, – дейт Ксанф, – тилден башка эчтекең жокпу?
– Башка эчтеке жок! – дейт Эзоп.
– А кандайча? – дейт Ксанф. – Мен сага «дүйнөдө эң мыкты тамактан сатып кел» дебедим беле?
– Мына бул окуучуларыңдын көзүнчө каарданганың үчүн менин бактым бар экен, жок болушса менин шорум кайнамак, – дейт Эзоп: - Өзүңдүн сөзүңдү ойлонуп көрчү – дүйнөдө тилден өткөн эмне бар? Бардык философтор менен окумуштуулардын оюн билдирген тил эмеспи? Тилсиз колдон эмне келет? Бере да албайсың, ала да албайсың, соодаң да жүрбөйт. Мамлекеттеги бардык тартип, заң-закон, өкүм-чечим, токтомдордун бардыгы тил аркалуу аткарылат. Тил биздин бардык өмүрүбүздүн негизин түзөт. Демек, дүйнөдө тилден мыкты эч нерсе жок.
Окуучулары жаалашып:
– Кудай бар, сөз эмес бекен! Азамат Эзоп. Сиздики туура эмес, дамылда!
Бардыгы үй-үйлөрүнө тарап кетишет. Таң атканча ичтери ооруп чыгышат. Эртеси эртең менен шакирттери Ксанфка арыз-муңун айтышат. Ксанф кепке жыгылып, алардын көңүлүн жубатып:
– Менин окумуштуу досторум! Менде кенедей айып жок, күнөөнүн бардыгы береги менин шүмшүк кулум Эзопто. Айыпка жыгылып, мен бүгүн силерди кайрадан конокко чакырам. Көрүп аласыңар, Эзоп бардыгын тескери иштеген себептүү мен да ага бүгүн тескери тапшырма берем. Силерди кадимкидей коноктойм! – деп Эзопту өзүнө обочо чакырып алып:
– Кечөөкү кылган жоругуң үчүн мен бүгүн сага тескери тапшырма берем. Базарга барып тамактын дүйнөдө эң жаманын сатып келип, биз барганча кадимкидей даярдап коёсуң! Жөнө тезинен! – деп тапшырат.
Эзоп анын тапшырмасын угуп кың дебей басып кетет. Ал эт дүкөнгө барат да болгон тилдин бардыгын сатып алат. Кайрадан баягы чочконун тилдеринен кечөөкү тамактарды даярдап коёт. Аңгыча шакирттерин ээрчитип, Ксанф да келип калат. Жайланып столго отурушуп, бир сыйра ичкиликтен көтөрүп жиберишет. Ошондо Ксанф:
– Кана, Эзоп, тамагыңдан алып кел! – дейт.
Эзоп ачык суу себилип, туздалган тилден ар кимине коюп коёт.
– Бул эмнең? – дейт Ксанф, – дагы эле баягы тилби? – Уялганынан кызарып кетет. Окуучулары болсо өз ара күбүрөшүп:
– Кечөөкү ичибиздин ооруганын Эзоп бүгүн ачык суу менен дарылайын десе керек! – дешет.
Ичкиликтен дагы бир сыйра көтөрүшкөндөн кийин Ксанф Эзопту кайра жумшайт:
– Эзоп, эми бизге жегидей бирдеме алып кел!
Эзоп ар биринин алдына куурулган тилден алып келип коёт.
– Бул дагы эмне кылганың? – дешет окуучулары. – Бул акмагың дагы кечөөкүдөй бизди тил менен тажатайын деп турат ко?..
– Сен бүгүн дагы кечөөкүдөй кылгың келеби, акмак десе? Эмне үчүн кайрадан буларды сатып алдың? Мен сага: «Тамактын дүйнөдө эң жаманын сатып келгин» дебедим беле? Шишиң толду акмак десе! – деп Ксанф чындап ачууланат.
– Дүйнөдө тилден жаман эмне бар, Ксанф? – дейт Эзоп. – Тил бизди чырдаштырат, жамандайт, алдайт, кызгантат, сабатат, көкүтөт, согуштурат. Ошонун бардыгына себеп болгон биздин тилибизден жаман дүйнөдө эмне бар?
Ошондо кызып алган окуучуларынын бирөө ордунан тура калып:
– Ксанф, бул кулуң минтип жүрсө сени оңдурбайт, сени жинди кылат. Сырты кандай болсо ичи да ошондой экен: жеткен арам, мытайым. Мындай кулга мен сокур тыйын да төлөбөйт элем! – дейт.
– Озууңа карап сүйлө чычкагым, – дейт Эзоп, – менден өткөн арам сенсиң. Сен Ксанфтын бөтөн кишиси болосуң, ошого карабастан өзүңдүн саңырсыган сөздөрүң менен аны өзүнүн кулуна каршы тукуруп жатасың. Ксанфтын өз акылы өзүндө, сенден акыл сурабайт, ал сен болсоң шимшилеп издегениң жамандык, болбосо бирөөнүн ишине киришкен шүмшүк болбойт элең!
Кантип жазалоонун амалын таппай жүргөн Ксанфка шылтоого шынаа табылып калат:
– Эзоп, менин досторумду шимшилетип, шүмшүк кылууга кандай акың бар? Сөзгө, илимий талаш-тартышка аралаштырып койсо сенин кылаарың ушулбу? Сенин оюңча мындан башка кишилер өзүнүкүнөн башка ишке киришип шимшилебейт турбайбы?
– Ичкен, жегенди кишинин бардыгы жакшы көрөт, бекер оокаттан ким качсын, – дейт Эзоп. – Бирок башка бирөөнүн ишине бардыгы эле кирише бербейт. Ар кимдин өзүнчө иши болот, ар ким өз түйшүгү менен алек! Мунуң эмне жулунат?
– Сенин оюңча дүйнөдө эч нерсе менен иши жок адам да болобу? Андай болсо менин буйругумду аткарып, эч нерсеге кызыкпаган, шимшилебеген кишини таап келесиң. Баргын, тамакты бизге башкалары даярдап берет. Башкалардын ишине кийлигишпеген момунду көрөлүк: биринчи жолу киришсе унчукпайм, экинчи жолу киришсе кечирем, ал эми үчүнчү жолу киришсе, жонуңдан кайыш тилем. Бар!
Эзоп бардыгын угуп, эчтекеге кызыкпаган адамды издеп базарга жөнөйт. Базарда эки киши мушташып, бир тобу аны жаалап карап турушат. Бир гана киши аларга көңүл бурбай обочолоп китеп окуп отурат. «Болду, болбоду ушул кишини чакырып көрөйүн, байкашыма караганда эчтеке менен иши жок көрүнөт» – деп Эзоп жанына барат.
– Урматтуу таксыр, сизди адептүү адам деп угуп философ Ксанф үйгө келип тамак ичип кетсин деп чакырып жатат! – дейт.
– Жарайт, – дейт тиги, – мени дарбазанын алдынан күтүп ал.
Эзоп үйгө келип, тамак даярдагандан кийин Ксанф сурап калат:
– Эзоп, сенин эчтекеге кызыкпаган кишиң кана?
– Дарбазанын жанында күтүп турат.
Жаңы келген конок элге аралашып түшкү тамакка отурат. Ксанф таттуу шараптан куюп эң биринчи жаңы конокко сунгун дейт. Конок каршылык кылып:
– Мал ээси машаяк дейт, адегенде өзүң ал, андан кийин аялың алып, андан кийин коногуңа сунсаң болот! – дейт конок.
Мына сенин коногуң, башка кишинин ишине киришти, «бир» дегенди билдирип, Ксанф Эзопко көзүн ымдап коёт. Андан кийин балыктын сорпосу келет. Ксанф кылдан кыйкым издеп:
– Толгон жер-жемиштин тамырын алып келдим эле, ашпозчунун бул эмне кылганы же мени маскаралагысы келгенби? Же чөбү жок, же майы жок, сорпосу ачып калган го? Мындай ашпозчунун сазайын бериш керек! – дейт.
– Анткениңиз жарабас кожоюн, – дейт конок, – кадимкидей эле жакшынакай сорпо турбайбы!
Ксанф «эки» дегенди билдирип, Эзопко көзүн кысып коёт. Андан кийин кунжут кошуп жасаган ширин көмөчтү (пирог) алып келет. Ксанф анын даамын татып көрүп:
– Нан бышыргычты бери чакырчы? Эмне үчүн ширин көмөчкө бал менен мейиз кошкон эмес? – дейт.
– Койсоңузчу кожоюн, – дейт жаңы конок кайрадан, – тим эле абдан жакшы жасаптыр. Теги бардыгы сонун жасалган, бекер жерден ашпозчуларды жазалашыңыз жарабастыр.
Ксанф «үч» дегенди билдирип, Эзопко көзүн кыбыңдатат. Бардыгы тамактанышып ордунан туруп кетишет да, Ксанф Эзопту сабатат.
– Мына саган! – дейт Ксанф, – эми кыйын болсоң башка бирөөнүн ишине кийлигишпеген кишини таап көр, болбосо кодоо салдырып кордоп өлтүрөм.
Эртеси Эзоп эчтекеге кызыкпаган кишини издеп базарга чыгат. Эшегине отун артып элден обочолоп, эшеги менен сүйлөшүп бараткан бир улгайыңкы кишини көрүп калат да: «Жараса ушул жарайт, эшеги менен маектешип баратканына караганда» – деп ойлойт Эзоп. Анын эмне сүйлөп баратканын ээрчий басып тыңшайт...
– Жүрү досум, жүрү, азыр базарга барабыз, отунубузду он эки динарга сатабыз; эки динары сенин жемиңе, эки динары менин тамагыма, калган сегиз динарын карайлаган каран күнгө катып коёбуз; сыркоолоп калабызбы же күн бузулуп үйдөн чыга албай калабызбы. Антпесек, бүгүн бардыгын коротуп алып, эртең кандай күн болорун кайдан билебиз, кырсык болсо кызылдай ачка калабыз!
Эзоп анын сөзүн угуп: «Болду, болбоду ушул киши жарайт, өз иши менен алек болуп, эчтеке менен иши жок» – деп ойлоп, жакын басып барып салам берет.
– Салам айттык, ата!
– Алик алдык, балам.
– Отунуңуз канча турат?
– Отунум он эки динар.
«Жаңылбасам издеген кишими эми тапкан окшойм, – деп ойлойт Эзоп, – өзү бычып койгон баасын айтты».
– Атасы, Ксанф деген философту билесизби?
– Билбейм, балам.
– Кантип билбейсиз?
– Териштирип, сураштырып жүргөндү жактыра бербейм. Балким, уккан чыгармын.
– Кудай тилегиңизди берсин. Мен ошол кишинин кулу болом.
– Сен кулусуңбу же кулу эмессиңби, менин жумушум эмне? – «Чыны менен эле эчтекеге кызыкпаган киши көрүнөт» – деп ойлойт.
– Отунуңду мен сатып алам, атасы. Эшегиңди философ Ксанфтын үйүн көздөй буруңуз?
– Анын үйү кайда экенин мен билип коюптурмунбу?
– Мени ээрчип жүрө берсеңиз адашпайсыз.
Чалды Ксанфтын үйүнө ээрчитип келип, отунун сатып алып, акчасын төлөп берет да:
– Атасы, менин кожоюнум сизди үйгө кирип даам сызып кетсин деп жатат, – деп чакырат.
Анча эмне эле жактырып калганын ойлонуп отурбастан бутунун баткагы менен балчайта басып барып столго отуруп калат.
Ксанф Эзоптун отунчу чалга ишенгенин байкап аялына айтат:
– Эзоптон өчүңдү алгың келеби?
– Абдан келет! – дейт аялы.
– Андай болсо мындай кыл: чылапчынды алгын да бутун жууп беримиш болуп коноктун алдына алып барып койгун. Ал сени көрөт да үйдүн ээси экен деп, бут жууп бергидей кулуң же күңүң жок беле деген ойдо ийменүүгө аракет кылат. Ошондо ал башка бирөөнүн ишине киришкен болот да, ал үчүн сен Эзоптун сазайын бересиң!
Ксанфтын аялы Эзоптон катуу ыза көргөндүктөн колуна сүлгү алып, чылапчынды көтөргөн бойдон келген коноктун алдына барат. Конок болсо Ксанфтын аялы экенин билип, канетсе да окумуштуу адам эмеспи, аялына менин бутумду жуудурганында кеп бар, наадандык кылып анын ишине киришкеним жарабастыр деген ойдо бутун тосуп, өзү столго боортоктоп отура берет.
«Кудай бар, абдан мытайым көрүнөт!» – деп ойлонот Ксанф. Шараптан адегенде конокко сундурат. Конок болсо: «Шарт боюнча адегенде үйдүн ээси ичип, анан конокко сунат дечү эле. Ии, маданияттуулугун билдирип мага сый көрсөтүп жатса керек, өзү билсин» деген ойдо алып туруп шыңгытып жиберет.
Ксанф тамакты алып кел деп буйрат. Балыктын сорпосун алып келгенде Ксанф: «Ичиңиз» – деп конокко сунат. Конок анын аки-чүкүсүн күтпөй ары-бери шапылдатып ичип коёт. Ксанф атайын анын кыжырына тийиш үчүн сорподон ууртап-татып, ашпозчусуна каарданат:
– Эй, акмак! Айтчы, мен сага тамакка керектүүнүн бардыгын бербедим беле; балыктын чыгы, майы, калемпири кана? Сабагыла!
Мейман болсо: «Бардыгы чени менен салынып абдан сонун жасалган экен, тим эле өкүмдүгүн көрсөткөнү жатса керек, мага арачылыкты ким коюптур» – деп унчукпайт. Байкуш ашпозчуну жөнү жок жерден сабатат. Ксанф мейманды карап: «Мунусу же дудук, же дүлөй болсо керек, үнү чыкпайт» – деп ойлонот.
Аңгыча абдан сонун ширин көмөч алып келет. Мейман андай көмөчтү сүрөттөн гана көрүп, өмүрүндө жеп көргөн эмес эле. Четинен олчойто сындырып алып, бурдугуп күйшөй баштайт. Ксанф болсо андан кичине сындырып жеп көрүп, аны бышырган наавайды чакырат. Анысы келгенде каарданып:
– Эй, акмак! Буга эмне балдан, наваттан кошкон эмессиң, камырың болсо ачып кетиптир! – деп жемелейт.
– Таксыр, – дейт наавайчы, – көмөч чийки болуп калса мени күнөөлөсөңүз болот эле; балы аз болуп, камырынын өтүшүп кеткенине мен күнөөлүү эмесмин, сиздин аялыңыз күнөөлүү. Көмөчтү жасап жатып бал бергин деп сурасам ал: «Мончодон келип берем» – деп кетип калды. Мончодон келгенге чейин камыры да өтүшүп кетти.
– Күнөө менин аялымда болсо, мен аны тирүүлөй отко өрттөп салам... – Аны угуп турган аялы астыртан:
– Өзүңдүн ролуңду аткара бер, абышкам, – дейт.
Ксанф оолугуп: – Эзоп, баргын да сатып келген отунуңду короонун ортосуна үйүп сал, азыр от коёбуз, катынды өрттөйбүз, – дейт.
Эзоп отундарын так короонун ортосуна үйүп салат. Ксанф, эми качан жансоогалап арачылай кетээр экен деп, эки көзүн меймандан албайт. Аялын дегдеңдетип короонун ортосуна алып чыгат. Мейман болсо бергенин жеп столдо отура берет. Акыры Ксанфтын сынап жатканын байкаган мейман сөзгө аралашып:
– Таксыр, аялыңызды өрттөп салгыңыз келсе бир азга сабыр кыла туруңуз, мен дагы аялымды алып келейин. Экөөнү бирге өрттөп салалык! – дейт.
Анын ушунчалык сабырдуу жана эчтекеге киришпегенине таң калган Ксанф:
– Оңбогон гана Эзоп десе, – дейт. – Болду, мөрөй сеники, мындан ары мени келекелеген тамашаңды коюп, мага жакшылап кызмат кылып жүргүн! – дейт.
– Хоп таксыр, – дейт Эзоп, – көрүп аласың, мен сага кандай кызмат кылар экемин. Экинчи мага нааразылык кылбайсың.
Эртеси Ксанф Эзопту мончого жумшайт.
– Эзоп, мончодо адам көп бекен, барып билип келчи?
Эзоп мончого баратса жолунан шаардын чоңу жолугуп калат. Эзопту тааный коюп:
– Эзоп, кайда баратасың? – деп сурайт.
– Билбейм, – деп жооп берет Эзоп.
– Кантип билбейсиң? – деп кызаңдайт шаардын чоңу. – Мен сенден кайда баратканыңды сурап атам, а сен билбейм дейсиң!..
– Кудай урсун билбеймин.
– Билбейсиңби? Алгыла муну, – шаардын чоңу желдеттерине буйрат. – Алып барып камап салгыла!
– Мына, көрдүңбү таксыр, – дейт Эзоп, – чынын айтсам ишенбей койдуң эле. Түрмөгө барарымды билмек тургай оюма да келген эмес.
Шаардын чоңу анын жообуна ыраазы болуп коё берет. Эзоп мончого барса, эл жыкжыйма. Мончого кире бериште бир чоң таш жатат. Кирип бараткандар ошол ташка мүдүрүлүп, жерге түкүрүп, ташты тилдеп кирип кетишет, аны алып таштоо эч киминин оюна келбейт. Адамдардын сайпаналыгына айран-таң калган Эзоп карап тура берет. Акыры бирөө мүдүрүлөт да: – «Колуң сыңгыр десе, муну ким алып келип койгон?» – деп ташты алып ыргытып, мончого кирип кетет.
Эзоп кайрылып үйүнө келет да Ксанфка:
– Кожоюн, мончодо бир гана адам бар экен! – дейт.
– Койчу? – дейт Ксанф. – Мына кызык, эркибизче жуунат экенбиз. Бол, керектүүлөрдү алгын да, кеттик!
Алар мончого келишсе, эл толуп кеткен. Аны көргөн Ксанф Эзопту кекетет:
– Эй, жаныңды жегир, бир эле адам бар экен дебедиң беле?
– Туура кожоюн, – дейт Эзоп. – Тээтиги ташты көрүп турасыңбы? Ошол таш мончого кире бериштеги жолдун так ортосунда жаткан. Бардыгы ташка чалынат да ташты сөгүп өтө беришет, ал эми аны жолдон алып коюшка эч кимисинин акылы жетпейт. Акыры бир адам келип чалынат да башкалар чалынбасын деп ташты жолдон алып ыргытат. Ошончонун ичинен бир гана ошол адамды көрдүм деп өзүңө айтып бардым.
– Ой, оңбогур десе, – дейт Ксанф, – актанганга аябай устасың ээ?!.
Ксанф жуунуп бүтүп үйүнө келет. Эзопко тамак жасатып тамактанат да, шараптан удаа-удаа тартып жиберет. Бир маалда ичи буралып сыртка чыккысы келет. Эзоп колуна кумган менен суу жоолукту алып артынан кошо чыгат да, ал ичин бошотконго чейин күтүп турат. Ксанф ишин бүтүрүп, Эзоптун жанына келип:
– Айтчы Эзоп, эмне үчүн адамдар ичин бошоткондон кийин эмне чыкты экен деп артын карашат? – деп сурайт.
– Илгери бир кандын баласы болуптур. Тамакка нык тоюп алып, ичкиликтен көп ичип, ичимди бошотом деп дааратканада көпкө чейин отура берүүчү экен. Бир сапар көпкө чейин отургандыктан иче-карын аркылуу мээсинин агып калганын өзү да байкабай калат. Ошондон бери адамдар мээм агып түшүп калган жокпу дешип, артын кароочу болуп калыптыр. А сен эмнесине кам санайсың, агып түшүп калгыдай эчтекең жок!
Ксанф столго келип отуруп, ичкиликтен иче берип мас болуп калат. Окумуштуулар кызып алышып сүйлөшкөндө бири-бирине тийишип, баш катырма, табышмактуу керкакшык сөздөрдөн кетээрин жакшы билесиңер. Талаш-тартыш башталат. Столдо отурганын унутуп, окуу жайында жүргөнсүп Ксанф да сөзгө аралаша кетет. Анын сөз талашып жатканын Эзоп көрөт да:
– Дионис адамдарга шарапты тартуулаган учурда үч кесеге куюп туруп, кандай ичиш керек экенин көрсөтүптүр: биринчи кесеси – даамын татыш үчүн, экинчи кесеси – көңүлдү көтөрүш үчүн, үчүнчүсү – мас болуш үчүн. Сен кожоюн, даамын таттың, көңүлүңдү көтөрдүң, ал эми мастыкты жаштарга бер. Буларды окутам десең, ал үчүн атайын мектеп бар.
Ксанфтын тили араң күрмөөгө келет:
– Бас жаагыңды, кеңешиңди өлгөндөн кийин бер, – дейт Ксанф.
– Ал жакка деле бараарыңа аз калды, – дейт Эзоп.
Ксанфтын катуу мастыгынан пайдаланып, шакирттеринин бирөө:
– Айтыңызчы дамылда, адамдын колунан бардыгы келеби? – дейт.
– Адам жөнүндө сүйлөп жаткан ким? – деп күрүлдөйт Ксанф. – Адамдын колунан келбеген эчтеке жок, бардыгы келет.
Шакирти анын айласын кетириш үчүн:
– Адам деңизди жутуп бере алабы? – деп сурайт.
– Анын эмнеси бар экен, керек болсо мен деле жутуп берем, – дейт Ксанф.
– Жутуп бере албасаңызчы?
Ксанф булдуруктап, эмне сүйлөп жатканын билбейт:
– Сага керекпи? Байгеңди сайып кой!.. Мен, өзүмдө болгондун, мына ушулардын бардыгын сайдым. Ичип бере албасам, мейли, мен талаада калайын...
Ошентип экөө мелдеше кетет да, куру сөз болбос үчүн Ксанф колундагы шакегин кармата салат. Жанында турган Эзоп аны багалектен тартып:
– Сен эмне кожоюн, акылыңдан адашып калдыңбы? Эмне деп жатасың? Деңизди кантип жутуп бересиң? – дейт.
– Бас жаагыңды итирейбей, – дейт Ксанф. Эмне сайышып жатканын такыр билбейт.
Эртеси төшөктөн туруп бетин жууш үчүн Эзопту чакырат:
– Эзоп!..
– Эмне кожоюн?
– Колума суу куюп бергин.
Эзоп кумганды алып колуна суу куюп берет. Жуунуп жатып Ксанф колунда шакеги жок экенин туюп калат.
– Эзоп, – дейт Ксанф, – колумдагы шакегим кайда?
– Мен кайдан билем!
– Мына кызык десе?!.
– Кызыкты эмне кыласың кожоюн, – дейт Эзоп, – андан көрө эртерээк өзүңө тийиштүү байлыктарыңдан кишиге көрсөтпөй жымшырып алгын, антпесең куру жалак талаада каласың!..
– Эмне деп дөөрүп жатасың?
– Эмне демек элем, кечөө аябай мас болуп, деңизди жутуп берчүмүн деп жулунуп, дүр-дүйнөңдүн бардыгын сайып, кепилге мына деп, шакегиңди сууруп бергениңди билбей калдыңбы?..
– Деңизди кантип жутуп бермек элем?..
– Аны билбейм. Жаныңда туруп багалектен тартып: «Антпегин кожоюн, деңизди жутуп берүү сенин колуңдан келбейт» – десем, мени: «Итирейбей бас ар жакка» – деп кууп салдың.
Ксанф ошол замат Эзоптун бутуна жыгылат.
– Эзоп! – дейт, онтолоп, – айланайын Эзоп, буга сенден башканын акылы жетпейт. Өнөрүңдү көрсөт, бир айласын тапкын. Же утуп чыккыдай болоюн, же уттуруп кутулгудай болоюн.
– Утуп кетиш оюңа да келбесин, куткарып кой десең, ал ишиңе жарап берем.
– Кантип? Мага жол-жобосун айтып берчи? – дейт Ксанф.
Эзоп түшүндүрүп берет:
– Сенин деңизди жутуп беришиңди талап кылып сайышкан кишиң калыстарды ээрчитип келет. Сен мас болуп калыптырмын деп актанбагын, жутуп берем дей бергин. Кадимкидей столду коюшсун, аны тегеректеп жабалактаган кулдар турушсун, анткени карап тургандардын таасири чоң болот. Сенин деңизди жутуп беришиңди көрөбүз деп кызыккандар да көп болот. Качан баары чогулуп калганда сен баргын да чөмүч менен толтура деңиздин суусунан сузуп кел. Аны калыстардын алдына койгун да: «Кана, шартыбыз кандай эле?» – деп сурагын. Анда ал: «Деңизди жутуп бермек болгонсуз» – дейт. Сен: «Ошол элеби?» – деп сурагын. Ал: «Ошол эле» – дейт. Ошондо сен калыстарга кайрылып: «Урматтуу улуу-кичүүлөр, кичине-чоңдур деңизге канча дайра агып кирээрин жакшы билесиңер. Мен деңизди жутуп бериш үчүн убадамды бергемин, ал эми деңизге куйган суулар эсепке кирбейт. Мелдешкен кишим дайралардын бардыгын бууп берсин, анан мен деңизди жутуп берейин!» – дегин. Демек, деңизге куйган дайраларды бууп коюш анын колунан келбейт да, деңизди жутуп бериш сенин колуңдан келбейт. Ошентип, чыгарган чатагыңдан кутулгун!
Ксанф мындай табылбас акылга таң калып, абдан кубаттанып калат. Аңгыча мелдешкен кишиси да шаардын аттуу-баштууларын ээрчитип келип калат. «Же барып деңизди жутуп бериңиз, же терген-жыйган дүр дүйнөңүздү мага өткөрүп бериңиз!» – деп Ксанфты омуроолойт. Анда Эзоп:
– Эй, макоо, эртелеп кубанып жатасың, андан көрө өзүңдүн жыйган тергениңди топтогун, деңиздин жарымын жутуп койду деп эсептей бергин! – дейт...
– Ого, Эзоп, – дейт мелдешкен шакирт, – сен эми Ксанфтын кулу эмессиң, мына менин кулум болосуң!
– Дайыны жок дөөрүбө, – дейт Эзоп, – андан көрө уттурганыңды менин кожоюнума өткөрүп бере бергин.
Ксанф кадимкидей деңиздин жээгине отургучтар менен столду алдырып келип, столго чоң чөмүчтү койдуруп коёт. Аны көргөнү келген элдин бардыгы чогулат. Ксанф барып столго отурат. Эзоп анын жанында болуп чөмүчкө толтура деңиздин суусунан сузуп келип коёт. Ксанф обдулуп столдо отурат.
– Жараткан Кудай жалгай көр! – дейт анын атаандашы, – Ксанф чындап эле деңизди жутуп бергени жатабы?.. Тоббо!..
Ксанф сууну оозуна жакындатып барып токтой калат да:
– Калысыңар кайда? – деп сурайт.
Калыстар ордун ээлешкенден кийин Ксанф:
– Шартыңар кандай эле? – деп сурайт.
– Деңизди жутуп беришиңиз керек! – дейт доочу шакирти.
– Ошол элеби? – дейт Ксанф камаарабай.
– Ошол эле! – дешет калыстар.
Ошондо Ксанф жалпы элге кайрылып:
– Кагылайын калың журт. Баарыңар уктуңарбы? Мен деңизди жутуп беришим керек. Ал эми деңизге чоң-кичине дебей толгон-топон суулар агып кирээрин бардыгыңар билесиңер. Мен деңизди жутуп беришим үчүн атаандашым деңизге куйган дайраларды бууп, дайранын суусунан деңиздин суусун ажыратып бөлүп берсин. Мен деңизди жутуп беришим керек. Аткарууга мен даярмын!..
Элдин баары элеңдешип, калыстар эмне дээрин билишпей, Ксанфты жапырт даңазалашып, доомат койгон шакирти Ксанфтын бутуна жыгылып, кечирим сурайт:
– Кагылайын дамылдам, сен улуу адам экенсиң, мен бекеринен мелдешипмин. Кечирип кой, сен уттуң, мен жыгылдым! Сөзүмдү кайра алдым!..
– Андай болсо болуптур! – дейт Ксанф.
Ошондо Эзоп Ксанфка кайрылып мындай дейт.
– Көрдүңбү кожоюн, мен сенин дүнүйө-мүлкүңдү сактап берип, эл алдында намыс алып бердим. Акысына сен мага азаттык беришиң керек.
– Бас жаагыңды, эмне кылышты мен сенден сурабайм! – дейт Ксанф.
Эзоп аябай ызаланып калат. Анын азаттык бербегенине эмес, адамдык касиети жоктугуна ызаланып, ичинен: «Сени шашпа» – деп кекенип калат. Акыры Ксанф өзүнүн кемчилигин сезип, сала-салга салат:
– Эзоп, менин куштарга карай төлгө салаарымды билесиң. Дарбазанын сыртына чыккын да канаттууларды карап көр. Эгерде жанаша конуп турган эки сонону көрсөң дароо мага кабар бергин. Аны көргөн кишинин ак жолу ачылат дейт.
Эзоп сыртка чыга калса, айткандай эле эки соно дарактын шагында жанаша конуп отурганын көрөт. Карбаластап Ксанфка чуркап кирет:
– Жүрү кожоюн, тезирээк, эки соно шакта жанаша конуп турат.
– Кана, жүрү, – дейт Ксанф камаарабай.
Ал экөө антип-минтип чыкканча сононун бирөө учуп кетет.
– Эй, акмак, – дейт Ксанф, – жанаша конуп турган эки соно көрсөң мени чакыр дебедим беле, экинчиси кана?
– Ынтыгып сен чыкканча бирөө учуп кетсе эмне кылайын?
– Качан болсо башты айлантасың да жүрөсүң! – деп ороңдойт Ксанф. – Эй, мунун шиши толуп калыптыр, желин чыгарып койгула!
Эзопту жаңы эле сабатып жатканда Ксанфтын кошунасынын кулу кирип келет да, аны конокко чакырып жатканын айтат. Анда Эзоп:
– Кожоюн, бул кылганыңыз туура эмес! – дейт.
– Кандайча туура эмес?
– Өзүң айтпадың беле, жанаша конуп турган эки сонону көргөн кишинин ак жолу ачылат деп. Ачылганы ушулбу, жанаша конуп турган сонону көргөн менмин, минтип запкы көрүп жатам, ал эми жалгызын көргөн сенсиң, минтип сый көрүп, конокко чакырылып жатасың. Мунуңду кандай төлгө деп айтсак болот?
Ксанф эмне деп жооп айтаарын билбей:
– Болду, жайына койгула! – деп буйруп, өзү конокко кетет. Эзоп андан бетер ызаланып, кекенип калат. Айласы кеткен Эзоп жалгыздап, күнөстүү жерге отуруп алып, жан жерин эрмек кылат. Артынан көзү чалып Ксанфтын аялы:
– Эзоп, эмне кылып атасың? – деп сурайт.
– Өзүмө жаккан ишти кылып атам, – дейт Эзоп, – ден соолук менен ашказанга пайдасы тиеби деп!..
Анын татынакай мыкты «оюнчугун» көргөн аялдын каны кызып, делебеси козголуп, анын кебете-кешпирин да эстен чыгарып салат.
– Ай, Эзоп, – дейт аял, – менин талабымды аткарсаң, күйөөм көрбөгөн жыргалды сен көрөсүң.
– Өзүң жакшы билесиң, – дейт Эзоп, – эриң билип калчу болсо экөөбүздүн жыргалыбыз жылас болот.
Аял ойсоктоп каткырып:
– Угуп тур Эзоп, бул ишти бир мен, бир сен, бир кудай билет. Эримден коркпо, мени он жолу жыргатсаң, мен сага чепкен жабам.
– Кудайга карган! – дейт Эзоп.
Аял элеп-желеп болуп, катуу карганып касам ичет. Эзоп ага ишенет, ансыз деле кожоюнга аябай ызырынып жүргөн. Эзоп аны тогуз жолу жыргатып, акырында:
– Шайым кетип калды, айымбача! – дейт.
Анын кубатын сезген аял:
– Биз онго сүйлөшкөнбүз, – дейт, – болбосо чепкен да болбойт.
Онунчу жолу ыйынып-ыкчынып, коңшу коңулга тайып кетет.
– Эми чепкениңди жаба берсең болот, болбосо эриңе даттанам.
– Жо-ок, – дейт аял, – сен менин аңызымды айдашың керек болучу, адашып башка аңызга кирип кеттиң. Онунчусун аткарып, олжоңду ала бергин.
Аңгыча Ксанф кирип келип, Эзоп даттана баштайт:
– Өзүң калыс болчу, кожоюн! – дейт Эзоп.
– Ии, эмне болуп кетти? – деп сурайт Ксанф.
– Угуп тур, кожоюн, – дейт Эзоп. – Айымбача экөөбүз бакка кирдик да, бышкан алмаларды көзү чалып калды. «Таш ыргытып ушул алмалардан мага туура онду кагып берсең, мен сага чепкен жабам» – деди. Мен туура онду кагып бердим эле бирөө заңга түшүп калды. Эми мага чепкен жаппай жатат.
Аны угуп турган аялы күйөөсүнө кайрылып:
– Чалым, мен тогуз алма жедим, заңга түшүп калган эсепке кирбейт, туурабы? Дагы бирди кагып берип, чепкенин ала берсин! – дейт.
– Бышкан алма түгөнүп жалаң көгү калды, – дейт Эзоп.
Ксанф экөөнүн чатагын угуп туруп аялына чепкенди бергин деп буйрук берип, Эзопко кайрылат:
– Базарга барып кел Эзоп, мен чарчап турам, аялдын алмасын шашпай кагып берээрсиң! – дейт.
– Аның туура чалым, – дейт аялы, – сенин кагып бергениң болбойт, Эзоп кагып берсин, болбосо чепкенден куру калат.
Арадан бир топ күн өткөндөн кийин Ксанф Эзопту чакырып алып:
– Бүгүн менин шакирттерим келет, жакшылап тамак жасап койгун, – деп тапшырат. Эзоп ашканага кирип, керектүү тамактардын бардыгын даярдап коюп, башка жумуштарды бүтүрүш үчүн сыртка чыкмак болот. Ошол учурда Ксанфтын аялы короодо салкындап эс алып жатканын көрөт да:
– Мырзайым, көз сала турасызбы, мен сырткы жумуштарды бүтүрөйүн, тамакка ит жойлоп кетпесин? – деп сурайт.
– Кам санабай бара бер, – дейт мырзайым, – менин алдымда да, артымда да көзүм бар!
Эзоп сырткы жумуштар менен алек болуп кайра келип караса, мырзайым тамактарга артын салып уктап калганын көрүп адегенде чочуп кетет. Кудай жалгап тамак-аш баары жайында экенин көрүп деми сууй түшөт да, аялдын айткан сөздөрү дароо эсине келет: «Менин алдымда да, артымда да көзүм бар» дебеди беле. Акырын ойготпой көйнөгүнүн артын түрүп, жылаңачтап коюп чыгып кетет. Аңгыча шакирттерин ээрчитип Ксанф да келип калат. Карашса, даяр тамак-ашка жылаңач артын салып Ксанфтын аялы уктап жатат. Аны көргөн шакирттери бетин басышып, тескери бурула беришет. Ксанф кыйкырып Эзопту чакырат да:
– Бул эмне кылганың, акмак десе! – деп ачууланат.
– Кожоюн, – дейт Эзоп, – мен башка иштерди бүтүргөнчө тамак-ашты карай тургун, ит жойлоп кетпесин деп аялыңыздан сурансам: «Камсанабай бара бер, менин алдымда да, артымда да көзүм бар» деген. Мен ишенип чыгып кетсем артын салып уктап калыптыр. Алдыңкы көздөрү уктаса, арткы көздөрү менен карап жатсын деп мен анын көйнөгүн түрүп койдум!..
– Оңбогон каракчы десе, – дейт Ксанф, – канча жолу мени уятка калтырдың? Бул жоругуң баарынан өтүп кетти, аялга кошуп, менин да абийиримди айрандай төктүң. Меймандар болбосо ушу сениби, териңди тескери сыйрат элем. Шашпагын, дагы кезегиң келет, өлөрчө тепкилетпесем элеби!..
Арадан анча көп өтпөй Ксанф кайрадан да философтор менен риториктерди (чечендерди) тамакка чакырып калат да Эзопту:
– Барып эшикти көзөмөлдөп тур, билимдүүлөрдөн башка бир да киши кирбесин! – деп жумшайт.
Аңгыча тамактын маалы да жакындап калат. Эзоп дарбазаны бекитип алып, өзү ичинде отурат. Биринчи мейман келип эшикти какканда Эзоп:
– Ит кантип жойпуланат? – деп сурайт.
Дарбазанын сыртындагы мейман мени итке теңеп жатат деп, таарынып кетип калат. Андан кийин башкасы келет. Эзоп ага да баякы суроосун берет. Ал дагы маскаралап жатат деп жолуна түшөт. Ошентип бардыгын жолго салат. Акыры бирөө келгенде баякысындай эле:
– Ит кантип жойпуланат? – деп сураганда ал такалбай туруп:
– Кулагын тикчийтип, куйругун шыйпаңдатып! – деп жооп берет. Анын жообуна ыраазы болгон Эзоп дарбазаны ачып киргизет да, өзү Ксанфка барып:
– Кожоюн, билимдүү философтордон бирөө гана келди, башка окумуштуу келген жок! – деп жооп берет. Ксанф болсо алар мени алдашкан экен деп капа болот. Эртеси алар таарынчысын айтыш үчүн Ксанфка келет да:
– Бул эмине кылганың дамылда, бизди шылдыңдаганыңбы? Өзүңүз тосуп чыккандан намыстанып, эшиктин алдына келгендердин сазайын берип, бизди итке теңесин деп Эзоп деген шүмшүгүңдү эшик кайтартып коюптурсуз го!?. – дешип даттанышат.
– Силер эмне, түшүңөрдөн чочудуңарбы? – дейт Ксанф.
– Түш көргүдөй биз уктап жаттык беле, өңүбүздө эле көргөн иш.
– Чакыргыла Эзопту бул жерге, – деп буйрат Ксанф.
Энтелеңдеп Эзоп кирип келет.
– Эй, арам өлгүр, эмне үчүн менин досторум менен шакирттеримди сый көрсөтүп үйгө киргизгендин ордуна тилиң менен чагып, маскаралап кууп жибердиң? – деп каарданат Ксанф.
– О кожоюн, райым этиңиз, – дейт Эзоп, – «Билимдүүлөрдөн башка бир дагы киши кирбесин!» деп өзүң буйрук бербедиңби?
– Сенин оюңча булар билимдүү эмей оюнчук бекен?
– Жарты тыйынга арзышпайт, – дейт Эзоп, – жалаң мадыра баштар. Алар келип дарбазаны какканда мен ичинде отургам. Билимдүүлүгүн билейин деп: «Ит кантип жойпуланат?» – деп сурасам, ичинен бирөө гана туура жооп берди, аны мен өз алдыңа ээрчитип кирдим. Болор-болбос суроого жооп бере албаган эмне деген билимдүү?
Эзоптун жообун уккан шакирттери уялышкандыктан таарынчысын жазышып, Эзоптуку туура дешет.
Күндөрдүн биринде Ксанф Эзопту ээрчитип алып шаардын четине сейилдеп чыгышат. Өз ара сөзгө кызып отурушуп, мүрзөнүн арасына кирип кеткенин байкашпай калышат. Ксанф кызыгып, өлгөндөргө арналган жазууларды окуй баштайт. Бир оокумда Эзоп жыгачка оюлуп жазылган «ТОБАТ» деген баш тамгаларды Ксанфка көрсөтүп:
– Бул эмне деп жазылган? – деп сурап калат.
Ксанф тамгаларды көрүп, ары ойлонуп, бери ойлонуп, акылына эчтеке кирбей көпкө кыйналат. Кыжаалат болот. Оңойбу, өзү атактуу философ болуп туруп беш тамганын маанисин чече албайт деген эмне тамтык. Айласы кетип Эзопко кайрылат:
– Эзоп, сен кандай ойлойсуң? – Ызасына чыдабай кыйналып турганын көргөн Эзоп тамгаларды бир сыйра карап чыгып, Кудайдын барманы, Музалардын жардамы менен чечип чыгып Ксанфка:
– Ушул тамгалар боюнча мен сага казына таап берсем, сен мага эмне бересиң? – деп кайрылат.
– Тапкан казынанын жарымын кошуп сага азаттык берем! – дейт.
Аны уккан Эзоп жерде жаткан чулу темирдин сыныгын алып, чоң теректин оң жак жанын казып кирет да, алтындын кенчин табат. Алтындан кочуштап Ксанфка алып берип:
– Кана эмесе, кожоюн, айткан убадаңды аткар? – дейт Эзоп.
– Кудай бар, – дейт Ксанф, – алтындын кенчин кантип тапканыңды айтып бермейинче ал оюңа да келбесин. Мага алтындан да анын кандайча табылганы кызык.
– Угуп тур кожоюн, – дейт Эзоп, – кенчти бул жерге көөмп койгон адам философ болуш керек, болбосо жашырган жерин атайлап тамгалар менен далдалап койбос эле. Ар бир сөздүн башкы тамгаларын гана жазып койгон: Т – тегеректен, О – оңго, Б – бурулсаң, А – алтын, Т – табасың...
– Ой-тоббо, Кудай бар, – дейт Ксанф, – сендей акылдуу, тапкыч кулдан ажырап мен жинди болуптурмунбу! Азаттык бербейм.
– Андай болсо алдын-ала эскертип коёюн, – дейт Эзоп, – алтынды өзүнүн ээсине тапшырыш керек.
– Кайдагы ээсине?
– Византиянын өкүмү Диониске!
– Аны кантип билдиң?
– Алтынды кантип тапкандай эле нерсе. Баш тамгада баары...
– Шумдугуң кур, кантип? – дейт Ксанф.
– Ал мындай, угуп тур: Т – табылга, О – олжо, Б – византиялык, А – акылманга, Т – таандык.
Ксанф эмне кылаарын билбей төрт айласы кетип:
– Алтындын жарымын алгын Эзоп, оозуңдан чыгарбагын, – дейт.
– Ансыз деле алтындын жарымы мага тийиштүү, – дейт Эзоп, – ал сенин эркиң эмес, көөмп койгон кишинин эрки.
– Кандайча? – деп Ксанф андан бетер айран-таң калат.
– Ал дагы ушул эле беш тамгада жазылган, – дейт Эзоп. – Угуп тургун: Т – тапкан, О – олжону, Б – бөлүшүп, А – алгыла, Т – талашпай.
– Сен ченде жок акылман экенсиң! – дейт Ксанф. – Жүрү, тезирээк үйгө баралы да бул алтындарды бөлүшүп алалы, андан кийин мен сага азаттык берип бошотуп коём.
Үйүнө келгенден кийин Ксанф: «Кокустан Эзопту бошотуп койсом ал барып Византиянын өкүмүнө табылган алтын жөнүндө айтып коёбу?» – деп чочулап, Эзопту байлап туруп камап салууга буйрат.
– Алтындын баарын сен алгын, бирок менин колу-бутумду байлабай азаттык бергин? – деп сурайт Эзоп.
– Тигини, тапкан экенсиң май башты, – дейт Ксанф, – мен сени бошотуп койсом, эркиң колуңа тийгенден кийин менин алтынымды бергин деп дооласаң, мен бербей койсом, сен улукка барып даттансаң! Эч качан андай болбойт!..
– Байкагын кожоюн, – деп эскертет Эзоп, – сен мени ыктыярың менен бошотпосоң, сени күч менен мага азаттык берүүгө аргасыз кылам.
– Жап оозуңду, жаагың кабышкыр! – дейт Ксанф.
Ошол учурда шаарда шайлоо жүрүп жаткан эле. Шаардын калкы бүт бойдон ачык театрга чогулган. Закон сактагыч мамлекеттик мыйзам китеби менен мамлекеттик чоң мөөрдү алып келип чогулуштун алдына коёт да:
– Жалпы калайык, өзүңөрдүн эркиңер менен жаңы мыйзам сактагычты шайлап алышыңар керек. Ал болсо законду туура сактап, келечектеги иштер менен мамлекеттик мөөрдү кармоого тийиш! – дейт.
Мындай жооптуу ишти кимге тапшыруу жөнүндө эл өз ара кеңешип жаткан учурда асмандан бир бүркүт зуулдап келип мамлекеттик мөөрдү илген боюнча кайра асманга атып чыгат. Самостуктар эмне кыларды билишпей, бул оңой кырсыктын жышааны эмес деген ойдо тополоңу тоз болушат. Кандай кырсык экенин билиш үчүн ошол замат көзү ачык төлгөчүлөрдү чакыртышат, бирок эч кимиси чече алышпайт. Ошондо бир карыя эл алдына чыгып:
– Самостук граждандар, курмандыкка чалынган тамакка курсактарын чендейтип шыкап алышып, элге жакшы көрүнөм деген пенделердин келжирегин угуп эмне кылабыз? Бул жышаанды табыш кыйын, муну табыш үчүн бардык илимдерден аша түшүш керек. Ал эми бизде бүткүл Элладага атагы чыккан Ксанф деген философ бар, бир чечсе ошол гана чечет, ошого кайрылыш керек! – дейт.
Ал сөзүн бүтүргөндөн кийин эл жаалап, бул табышмактын жандырмагын табыш үчүн Ксанфка кайрылышат. Ксанф чогулгандардын алдына чыгып, эчтеке дей албай, ойлонуп көрүүгө улуксат берүүсүн суранат. Жыйын тарайын деп калганда баягы бүркүт асмандан зуулдап келип мамлекеттик мөөрдү бир кулдун койнуна салып коюп кайра учуп кетет. Эл Ксанфты муну дагы кошо чечип келүүсүн суранат. Ксанф аргасыздан макул болуп, шылкыйган бойдон үйүн көздөй жөнөйт.
Ал үйүнө келет дагы:
– Кудай кууратканда эми мунун жообун таап бергин деп кайра дагы Эзопко жалдырайт турбаймынбы! – деп абдан кейийт. Босогодон өтүп баратып: – Эзопту бери чакыргыла! – деп буйрат.
Колдору байланган Эзопту чакырып келишет.
– Колдорун чечкиле! – деп буйрат.
– Мен эмне, колумду чечип койгула деп сурандымбы? – дейт ал.
– Колдоруңду мен чечтирип атам, бир табышмакты табууга жардам бересиң! – дейт Ксанф.
– Көрсө, өз пайдаң үчүн гана менин колу-жолумду бошотот турбайсыңбы? – дейт Эзоп.
– Болду эми Эзоп, – дейт Ксанф, – бир ачууңду мага бергин!
Колдорун чечип койгондон кийин Эзоп сурап калат:
– Кана, сураганың эмне, кожоюн?
Ксанф аянтта болгон окуянын бардыгын айтып берет да, ага Эзоп жардам бермек болуп, адегенде кожоюнду сынап көргүсү келет. Эртеси Эзоп мындай дейт:
– Ойлонуп көрдүм кожоюн, сөз менен айтылган табышмак болсо мен буйдалбай чечип берет элем. Мындай иште өзүң айткандай менин төлгөчүлүккө жарабасымды билесиң, эмне экенин түшүнө албай койдум...
Аны уккан Ксанф аябай капаланат. Эми самостуктардын бетин кантип карайт? Мындан көрө өлүп алган артык деп ойлойт. «Ойлонууга берилген убакыт да өтүп баратат. Мен буга чыдай албайм, ушунчалык философ болуп туруп, айтканын аткара албайт деген эмне тамтык!» Ошондой ойлорго чырмалган Ксанф түн киргенде кишиге көрүнбөй үйдөн түрмөк жип алып чыгып кетет. Өзүнүн кепесинде жаткан Эзоп анын түн катып чыгып баратканын көрөт да, кантсе да соо бараткан жок деген ойдо, анын көрсөткөн кордугун унутуп, акмалап артынан жөнөйт. Дарбазадан чыгып, бир дарактын шагына жипти сыйыртмак кылып байлап, жаңы эле мойнуна салганы жатканда Эзоп артынан кууп жетип:
– Токто кожоюн, токто, – деп кыйкырат.
Айдын жарыгынан абайлап көрсө, Эзоп келип калган.
– Мына, – өзүнчө күңкүлдөйт, – Эзоп уурумду кармап алды. Эмне келдиң, бир аз коё турсаң мен акыры барчу жайыма барбайт белем?..
– Кожоюн, – дейт Эзоп, – сенин философтугуң кайда? Менден өткөн окумуштуу жок деп мактанчу эмес белең? Окумуштуунун кылар иши ушулбу? Муну кеңкелес, келесоо киши да кылбайт. Бул алсыздык, акылсыздык болот, жыргагандан асылып өлгүң келдиби? Акылыңа келгин кожоюн.
– Мени өз оюма койгун, Эзоп, – дейт Ксанф, – көрүнгөнгө шылдың болуп жашагандан көрө өз абийирим менен өлүп тынайын!
– Сыйыртмагыңды ташта, кожоюн, – дейт Эзоп, – сен үчүн мен чечип берүүгө аракет кылайын!
– Аа кандайча?
– Сен мени ачык театрга ээрчитип баргын да төлгө ачып жүрүү философторго жарашпай турган иш, менин ордума мынабу өзүмдүн үйрөнчүгүм чечип берсин! – деген ажайып шылтоо менен эл алдына мени түртө салгын. Мен аракет кылып көрөйүн, – деп Эзоп Ксанфты көндүрөт.
Эртеси Ксанф Эзопту ээрчитип элдин алдына барат да:
– Биздин философиялык эрежебиз боюнча ар нерсенин өзүнө таандык орду жана чеги болот. Мен төлгө ачып, дува окуп жүрсөм философтук даражама доо кетет. Андыктан өз баркым менен калууга мага улуксат бергиле да, бул ишти өзүм окутуп жүргөн үйүмдөгү кулума тапшыргыла. Ал деген менин философиялык сабактарымдын негизинде бүркүттүн жосуну кандай жышаана экенин толук чечип берет! – деп Эзопту элдин алдына чыгарат.
Эзопту көрөр замат самостуктар дуу күлүшүп, каткырып калышат. «Капырай, мунусу эмнеси? Киши сыны жок ко! Мунуңдун өзү эле кырсыктын жышаанасы көрүнөт. Кармүштөкпү же кашкулакпы? Бултуят да култуят, маймылдардын манабы го. Аңтара салган чаначпы же себетке салган дөбөтпү?..» – дешип чурулдашат. Эзоп алардын мазагы бүткөнчө унчукпай угуп тура берет, көзүн да ирмеп койбойт. Мазактап бүтүшүп тымыгандан кийин Эзоп сөзүн баштайт:
– Улуу урматтуу самостуктар! Каткырып күлүп, катуу айткыдай мендей киши көрө элек белеңер? Адамды сырткы кебетесинен эмес, ички дүйнөсүнөн тааныш керек. Иреңи сууктун бардыгы эле акмак боло бербейт. Акылы адамдан ашкан иреңи сууктар толуп жатат, андайлар көзгө дароо урунганы менен жөндөмү көзгө көрүнбөйт. Акыл-эси толук адамдар андайларды кемсинтип кордошпойт, мазактап тилдешпейт. Дарыгер деле адамдын тамырын кармап туруп дартын билет. Шарап куйган көнөчөктүн шакмарына карап шарабын баамдабайт, ууртап-татып билет. Шык – театрдан, махабат – төшөктөн, акыл – сөздөн сыналат.
Көпчүлүк:
– ... Ура! Жаша! Өзүнө караганда сөзү мыкты экен. Мындан бирдеме чыкчудай... Ийменбестен айта берсин!.. – дешип дуулдашат. Аз убакыт өтпөй арбап салгандай тынчтыктан пайдаланып Эзоп тайманбай, эл алдына өз максатын айтып калат:
– Самостук граждандар! Эркинен ажыраган кишинин эркинче жашаган элдин алдында түш жорутуп сайрап турушу ылайык болор бекен? Ошондуктан улуксат берсеңер, айткандарым силерге жакса эркин адам катары сыйыңарды көрсөм, айткандарым жакпай калса эркин адам катары жазасын тартсам. Эркин сүйлөп өз сөзүмө жооп бериш үчүн мага азаттык берип койгула?..
Самостуктар Ксанфка кайрылышат:
– Ксанф, Эзопко азаттык берип кой!..
– Бербейм, – дейт Ксанф, – ал менин үйралышып калган кулум!
Ксанфка жыйналыштын башкаруучусу кайрылат:
– Эзопко элдин атынан эркиндик берип кой?
– Жок, бербейм.
– Андай болсо аны сатып алган наркын айткын; акчаңды мен төлөп берип, мамлекеттин атынан азаттык берем!
Ксанфтын аны жетимиш беш динарга сатып алганы эсине түшүп, бөөдө эл алдында шылдың болбоюн деген ойдо, аны соодалашпай туруп азаттыкка чыгарып коёюн деп элдин алдына жетелеп чыгат:
– Мен, Ксанф, самостук граждандардын суроосун канагаттандырып, Эзопко бүгүндөн тартып азаттык беремин! – дейт.
Ошондон кийин Эзоп элге кайрылып, сөзүн баштайт:
– Самостук граждандар! Өзүңөр үчүн өзүңөр кам көрө турган жана өзүңөрдүн эркиндигиңерди ойлоно турган мезгил жетти; эмне дегенде бул – согуш менен кулчулуктун жышаанасын билдирет. Адегенде согуш келет. Бүркүт деген канаттуулардын падышасы, бардык канаттуулардын албаны. Ал зуулдап келип мыйзамдын жыйнагында жаткан мамлекеттик мөөрдү илип кеткени – күчтүүлүктүн белгиси. Аны кайра алып келип кулдун койнуна салып койгону – азаттыктан ажырап кул болосуңар дегени. Ал табышмактын жышааны мына ушул. Демек, азаттыктын ишенимдүү үмүтү, кулчулуктун үмүтсүз эзүүсүнө айланат дегенди билдирет. Кандайдыр бир падыша силерди эркиңерден ажыратып, законуңарды жок кылып, өз бийлигин жүргүзгүсү келет.
Эзоп сөзүн айтып бүткөнчө, четтерине ак кыюу шырылган чепкенчен Крез падышанын элчиси келип калат. Ал элдик курултайдын башкаруучусун сурап, чогулуштун чоо-жайын угуп түшүнүп, башкаруучуга падышанын катын тапшырат. Ал катта мындай жазылган болот:
«Самостун башкаруучусуна, аксакалдарына жана жалпы элине Лидиянын падышасы Крезден салам. Бүгүндөн тартып, мага салык төлөп турууга буйрук берем. Эгерде аны каалабасаңар менин бардык күчүм силерге каршы казатка аттанат. Крез».
Башкаруучулардын айласы кетишип, каалаган салыгын төлөп турбасак болбойт деген сунушту элге жарыялайт. Антпесек Крезге окшогон күчтүү падышаны өзүбүзгө жоо кылып алабыз дешет. Эзоптун айткандары төп келгендиктен эл аны урматтап, олуя катары көрүп калышкан себептүү салык төлөө жөнүндөгү анын пикирин сурашат. Ага Эзоп мындай жооп берет:
- Самостук граждандар! Элиңердин эстүү-баштуулары чогулуп, салык төлөп туралы деген чечимге келишти, анын эмнесин менден сурайсыңар? Төлөбөгүлө десем Крез падышаны өзүмө душман кылып албаймынбы!..
– Баары бир, кеңешиңди бергин? – деп эл суранат. Эзоп элге мындай жооп берет:
– Мен силерге кеңеш бере албайм, кааласаңар бир тамсил айтып берейин. Бир кезде Прометей Зевстин буйругу боюнча адамдарга эки жолду көрсөтөт: бирөө эркиндик, бирөө кулчулук. Эркиндиктин жолу адегенде өңгүл-дөңгүл, ийри-муйру, таш-чөңөрлүү, кырсыктуу, какшык келип, акыр аягында кенен-кесир, тептегиз, суу менен түркүн жер-жемишке кенелип, ачып-арып, азган-тозгондорду тоюндуруп, күчкубат бергидей болот. Ал эми кулчулуктун жолу адегенде кенен-кесир, шайма-шай, азгырмалуу гүлгө бөлөнүп көздүн жоосун алат да, акыр жагы ач бел, куу жон, какыраган таш, какшыган чөл, кайнаган шордуу, азап-тозоктуу келет. Ал жагын өзүңөр тандап алаарсыңар! – деген кеңеш берет.
Самостуктар Эзоптун тамсилин туура түшүнүп, Крез падышанын элчисине жапырт жолдун татаалын тандап алышаарын айтышат. Ошондо Крез падышанын элчиси өз өлкөсүнө кур кол барып, падышасына Эзоптун айткандарын төкпөй-чачпай кайталап берет. Аны уккан Крез падыша жоокер башчыларын чакырып алып, жапырт куралданууга буйрат. Падышанын нөкөрлөрү болсо, согуш ачууга көкүтүшөт:
– Ал аралды тартып алып, адамдарын Атлантика океанына сүрүп салыш керек. Бул башка майда калктар үчүн сабак болот. Экинчиден, сизге окшогон улуу падышага каршы кың дей алышпай калышат, – дешет.
Ошондо падышанын ишенимдүү тууганынан бирөө мындай дейт:
– Калп айтсам, сени ушул даражага жеткирген Кудайга кой. Кеңеш берип жаткан Эзоп деген немесинин көзү тирүүдө сен самостуктарды эч качан багындыра албайсың. Андан көрө: «Эзоп деген немеңерди бизге бергиле да, ошону менен касташканды токтотуп достошолу?» – деген сунуш киргизгин.
Крез падыша анын сунушун туура көрүп, Самос аралына аны өзүнүн элчи болуп баруусун сунуш кылат, анткени падышанын андан өткөн акылдуу жана ишенимдүү адамы жок болгон. Ал токтоосуз түрдө элчи катары Самосту көздөй кемеге түшүп жөнөйт. Ал барганда Самостун эли чогулуш жасап, улуу падыша менен чырдашкандан көрө бир жаман кулду берип достошуп албайбызбы деген чечимге келишет. Эл аны кубаттап:
– Жарайт, Эзопту сизге тартуу кылабыз, алып кете берсеңиз болот! – дешет. Эзоп болсо эл алдына чыгып, мындай дейт:
– Самостук граждандар! Талаада калып өлгөнчө падышанын бут алдында өлүш мен үчүн чоң сыймык. Адегенде мен силерге бир тамсил айтып берейин, балким, кийин мен өлгөндө моло ташыма чегип жазып коёрсуңар. Айбанаттын бардыгы адамчасынан сүйлөгөн учурда карышкырлар менен койлордун согушу болуп калат. Койлордун акывалы оордоп, жеңилип баратканда жардамга иттер келишет да, карышкырлардын бардыгын кууп салышат. Иттерден коркушкан карышкырлар койлорго өзүнүн элчисин жиберишет: «Эгерде ортобузда согуш болбосун десеңер иттериңерди бизге өткөрүп бергиле да, душманым жок деп жыргап жата бергиле» – дейт. Макоо койлор ага ишенишип иттерди өткөрүп беришет да, карышкырлар иттерди кырып салгандан кийин койлордун сазайын беришет. Анын сыңары, өзүңөргө пайдасы тие турган кишиңерди душманыңарга сала бергениңер кандай болор экен?..
Тамсилдин өздөрүнө карата айтылганын түшүнгөн самостуктар пайдасын өзүбүз көрөлүк деген максатта Эзопту бербей калышат. Бирок Эзоп соодалашкысы келбей элчиге кошулуп, Крез падышага жөнөп кетет.
Эзопту көргөн падыша каарын төгүп мындай дейт:
– Самосту багындырууга жолтоо болуп, алардан салык алдырбай жаткан, көрсө, ушул келесоо турбайбы? Жок дегенде адам сыяктуу кебетеси болсочу, өзүнчө эле адам болуп туулуп калган желмогуз го?
Анын айткандарын угуп, Эзоп мындай жооп кайтарат:
– Улуу падышам, мени бул жерге зордоп алып келген жок, сиздин алдыңызга таазим кылыш үчүн өз ыктыярым менен келдим. Капысынан жарадар болуп жаратына чыдабай өкүрүп жаткан жырткычтан бетер бакырбаңыз. Жарадар болсоңуз доктур табылат, ал эми каарына чыдабасаңыз ага менин бир ооз сөзүм даба болот. Эгерде мен сенин алдыңда өлүп калсам, падышалыкка каран түн түшөт, эмне дегенде алы жеткени ушулбу деп досторуңдан ыймандуу сөз уга албайсың, анткени өзүңө жакшылык ойлогон адамга жамандык кылганыңды көргөн адамдар сага ишенбей калышат, падышалык өкүм сүрүшүңө ар дайым тескери кеңештерин берип, арам ойлуу болушат.
Эзоптун сөзүнө таң калган падыша мээримдүү жылмайып сурайт:
– Кана эмесе, сен мага бир жакшы тамсил айтып берчи, адам тагдыры жөнүндө болсун?
– Жарайт! – дейт Эзоп, – айбанаттын бардыгы адамча сүйлөгөн учурда жээрге тамагы жок бир бечара чыртылдаган чегирткеден кармап алып, аларды катырып кургатып, арзан баа менен сатып кирет. Бир сапар бир чегирткени кармап алып өлтүрмөкчү болгондо чегиртке адамча сүйлөп кайрылат: «Мени бекер жерден өлтүрө бересиңби? Эгинге, жемишке, жалбыракка, бутакка зыян келтирбесем, бар болгону кулактын кычуусун кандырып сайрап берет экемин!» – Адамга анын сөзү жагып калат да, жайына коё берет. Анын сыңары мен дагы сенин алдыңда сайрап турам, алдыңа келсе атаңдын кунун кеч дешет. Сенин жоокерлериңе тоскоолдук кылгыдай мен ким элем? Кебетем ушул болсо, жоокерленип жагалданганды билбесем, калыстыкты талаша турган кудуретим жок. Дене түзүлүшүмдү да көрүп турасың. Өлүм үчүн жаралган кудайдын пендесине сөзмөрдүгүм менен пайдамдан башка эмне зыяным бар?..
Анын сөзүн угуп турган падыша эрип кетет.
– Менин сага деген сыйым – өлбөй жашай бер. Дагы эмне каалайсың, тилегиңди бир сапар аткарып коёюн?..
– Самостуктар менен ынтымакта болушуңузду каалайм!
– Болду!.. – дейт падыша. – Элдештим!
Эзоп бутуна жыгылып кулдук урат. Ошондо Эзоп падышага арнап тамсил чыгарып берет да, ал тамсил күнү бүгүнкүдөй падышанын атынан айтылып, анын китепканасында сакталып калат. Андан соң Эзоп самостуктар менен элдешкендиги жөнүндө палдышанын мөөрү басылган тил катты, толгон-токой белектерди алып, Самосту көздөй кемеге түшүп жөнөйт. Самоско келип элди чогултат да, падышанын жардыгын окуп берет. Самостуктар жалгыз Эзоп үчүн падыша бардыгынан кечкендигин билишип, ага урмат көрсөтүү иретинде иштин бүткөн жерин: «Эзопеон» – деп атап коюшат. Эзоп болсо атайлап Музаларга арнап алардын статуялары турган жайга храм курдурат да, ортосуна Аполлондун ордуна Мнемозиндин статуясын орнотуп коёт. Ошондон тартып, Аполлон бир кезде Марсияга таарынгандай ага да кекенип калат.
Эзоп Самосто көп жыл жашап, көп урмат-сый көрүп, акыры жер кыдыргысы келет. Узак жолго чыгып, барган жеринин бардыгында окуу жайларына кирип маектешип сабак өтүп, акысына көп акча жыйнап алат. Акыры жүрүп Ликург падыша өкүм сүргөн Вавилон шаарына келет. Ал жердегилер Эзоптун философиялык талкууларын угушуп, улуу адам катары даңазалашат. Анын адеби менен акыл-насааты падышанын өзүнө да жагып калат. Эзопту өзүнө казына сактагыч кылып алат. Ошол мезгилде бири-бирине акылдуу табышмактарды айтышып, жандыра албай калганынан салык алуу падышаларга өнөкөт болуп калган.
Бирине каршы бири жоого аттанышпастан философиялык табышмактар жазылган каттарды жиберишип, чечип берсе салык алып, чече албаса өз ыктыяры менен салык төлөөчү. Ликург падышага келген табышмактардын бардыгын Эзоп чечип берип, анын даражасы аябай көтөрүлөт, ал эми Ликург тарабынан жиберилген Эзоптун табышмактарын эч бирөө жандыра албай салык төлөп калышат. Ошентип Вавилондун падышалыгы дүркүрөп өсүп, жапайы калктардан тартып, Грециянын өзүнө чейин толгон аймактар бүт бойдон кулдук уруп калат.
Вавилондо Эзоп бир даңазалуу жигит менен таанышып, өзүнүн балдары болбогондон кийин аны асырап бала кылып алат. Падышага аны өзүнүн мурасчысы катары тааныштырып, өзүнүн акыл-насаатын айтып, аны тарбиялоого кылдат мамиле, камкордук кылат. Бирок ал жигит ала көөдөн, шойкомдуу, куу чирен болуп чыгат. Көп узабай падышанын ойношуна жагып калып, билдирбей бактынын балын татып жүрүшөт. Аны Эзоп өзүнүн кыраакылыгы менен байкап калып, бир нече жолу эскертет. Падышага жакын аялга жологонуң – өлгөнүң деп эскерткени баласына жакпай калат. Азгырма аял менен кеңешип, Эзоптун көзүн тазаламак болушат. Ага каршы арамдык издешип, падышага жек көрсөткүсү келишет. Эзоптун атынан падышанын душманына жардам берүү жөнүндө жалган кат жазышып, Эзоптун мөөрүн басып катты падышага жеткирип берет.
– Сиздин ыйык көргөн адамыңыз мына, падышалыгыңызды көрө албай сизге көр казып жүрөт!
Падыша Эзоптун мөөрүн көрүп ишенип калат да, ачуусу менен сакчылардын башчысы Гермиппке чыккынчы катары Эзопту өлүм жазасына тартууга буйрат. Ал Эзоптун жакшы досу болгондуктан аны өлтүрбөстөн эч бир жанга көрсөтпөй зынданга салып салат да, падышага буйрук аткарылды деп кабар берет. Эзоптун ордуна анын чыккынчы баласын, Гелийди казына башчы кылып дайындайт. Арадан аз убакыт өтпөй Мисирдин падышасы Нектанебонго Эзоп өлдү деген кабар жетип, Ликургга сырдуу кат жазып өзүнүн элчисин жиберет, анткени аны Вавилондо Эзоптон башка эч кимиси чече албастыгына көзү жеткен. Ал каттын сыры мындай эле:
«Мисирдин падышасы Нектанебон Вавилондун падышасына, Ликургга салам дуба жиберет. Түбү жерге тийбеген, төбөсү көктү тиреген мунара курайын деп жатам. Ошону куруп бере турган адамдарыңды жиберсең, ага кошуп менин суроолорума жооп бергидей кишиңди жөнөтсөң. Акысына мен өзүмдүн бүткүл өлкөмдөн салык жыйнап жиберүүнүн милдетин алам. Аткара албайм десең, он жылга өз өлкөңдөн салык жыйнап мага жөнөтүп турсаң!»
Ликург катты окуп, капилеттен иштин баары тескери айланганына абдан капаланат. Гермипп баштаган насаатчыларын чогултуп алып:
– Бул табышмакты табасыңарбы же баарыңардын эчтекеге жарабаган башыңарды алып салайынбы? – деп каарданат.
– Түбү жерге тийбеген, төбөсү көктү тиреген мунараны куруш кантип биздин колубуздан келет? – дейт, насаатчылардын бири.
– Таксыр! – дейт суу жүрөк кеңешчиси, – сиз өл десеңиз өлөбүз, ошон үчүн бизди көп кыйнабай же ырайым кылыңыз, же өлтүрүп тыныңыз!
Ачуусуна чыдабаган падыша бардыгын өлүм жазасына тарткыла деп буйрук берет. Өзү болсо башын койгулап, чачын жулуп, Эзоптун күйүтүн тартып буркурайт.
– Эхх!.. – дейт башын муштагылап, – өзүмдүн акмактыгымдан падышалык мыкты тирегимден ажырап калдым!
Сакчылардын башчысы падыша абдан кыйын акывалга дуушар болгонун байкап, кетирген катасын оңдоого убакыт жетти деген ойдо таазим кылып ага кайрылат:
– Улуу урматтуу падышам, менин дагы күнүм бүтүп, ажалым жеткенин сезип турам. Ошон үчүн сиздин алдыңызда кетким келет.
– Ии, дагы эмне болуп кетти? – деп сурайт Ликург.
– Мен падышанын жардыгын аткарбай койгом. Бу да болсо менин шорум окшойт, – дейт ал.
– Анчалык эмне кылып жибердиң?
– Эзоп тирүү!..
– О кудай, Эзоп тирүүбү?.. Сен өлбөйсүң. Сенин күнүңдү баткыс кылам. Сен Эзопту гана эмес, менин да жанымды сактап калдың! Бүгүндөн тартып сен – падышаны ажалдан алып калуучусуң. Алып кел Эзопту тезинен!..
Зынданда бир топко жатып калган Эзоптун чачы үксүйүп, денесин кычы басып сенделип кирип келет. Анын кебетесин көргөн падыша терс бурулуп ыйлап жиберет. Жуунтуп тазалап, кийим кийгизип келгиле деген буйрук берет. Баары жайына келгенден кийин Эзоп падышанын алдына келип, падыша аны мээримдүү кабыл алып, жайынча маектешип киргенде Эзоп өгөй баласынын жалган жалаа жапканын айтып, Кудай алдында карганат. Өз атасынан эки эсе ардактай турган өгөй атасына кылган кыянаттыгы үчүн падыша Гелийди ошол замат даргага астырмак болгондо Эзоп өтүнүп:
– Сабыр кылыңыз падышам, дароо өлтүрүп койгондо анын айыбын шум ажал далдалап калат, тирүү турса өзүн өзү жазалайт, – деп ажалдан алып калат. Падыша анын суроосун канагаттандыргандан кийин, «Египеттин падышасы бизге эмне деп жазганын окуп көрчү?» – деп Эзопко катты сунат.
Ал катты окуп чыгып, күлүмсүрөп:
– Буга мындай жооп жазгын: «Кыш өткөндөн кийин мен сага мунара куруучулар менен сурооңо жооп берүүчү кишимди жиберем». Артыкбаш сөздүн кереги жок, – дейт.
Падыша анын айтканындай катты жазып, элчилер аркалуу Мисир падышасына жөнөтөт. Эзопту кайрадан казыначы кылып алып, бакма уулу Гелийди анын колуна тапшырат.
Эзоп баласынын күнөөсүн кечирип, акыл-насаатын айтат:
– Уулум Гелий, мурда мен кандай тарбия берсем, азыр да айтарым ошол. Унутуп калсаң, эсиңе салайын: менин кылган жакшылыгыма жамандык менен жооп бердиң. Аш менен урсам, сен таш менен урдуң, бардыгын кечирдим, бирок айткандарымды унутпай кут катары сактап алсаң болгону, ал маган эмес, саган керек! Биринчиден, Кудайыңды унутпай тобо келтирип жүр. Андан кийин падышаңды сыйлай бил, анткени: «Улук кудаа эмес, кудаадан жудаа эмес» – дейт. Экинчиден, насаат айтып тарбиялаган кишиңди өз ата-энеңден кем көрбө, анткени ата-энең сени жаратса, жашооңо жол салып, өз ыктыяры менен сени кабыл алып, адам кылууга аракеттенгени үчүн асырап алган насаатчыңды эки эсе урматташың керек. Эртеңки иштей турган ишиңе жараша күч-кубаттуу болуш үчүн каалаган тамагың өзүңө жетиштүү болууга тийиш. Өзүң жерге көмүлүп калбайын десең, падышанын сарайынан укканыңды көөдөнүңө көөмп салгын. Башка эркектерди жакшы көрүп кетпесин десең, алганың менен жакшы бол. Аялзаты жеңил ойлуу болот, өзүң алпештей албасаң, алпештеген башкасына азгырылып кетет. Кызып алып акылдуусунбай жүргүн. Айтканыңдын бардыгы талаага кетип, кайра өзүңдү мазактайт. Тилиңди тиштен чыгарба. Бирөөнүн иши илгерилеп баратса ага көз артпа; анын кубанычын бөлүшсөң, сенин да ишиң оңолот. Суктук – сук адамдын өзүнө зыян келтирет. Кулуңдун камын көрүп, андан жакшылыгыңды аяба. Ошондо ал кулдук уруп тим болбостон, жан-дили менен берилип калат. Башкага көз каранды болбойм десең, өзүңдү башкара бил. Иш үйрөнгөндөн картайганда да уялба. Эчтеке билбей өткөнчө, бир нерсени билип өтүш, ар адамга парз болот.
Аялыңа ачылып сырыңды айтпа. Эриш-аркак турмушта аял-эркек атаандаш болот, колунан келсе сени багындырып алат, анткени анын сага кезөөчү жарагы ар дайым даяр. Буюрган ашка топук кылып, бүгүнкү үлүшүңдөн артканын эртеңкиге сактагын. Досторуңдан үмүттөнүп жүргөнчө досторуңдун сенден үмүтөтүп турганы дурус.
Бирөөгө ишиң түшсө анын тилин таба бил. Ит деле шыйпаңдап тамак жейт, арылдап токмок жейт. Байлык тапсаң анын акылын тап. Акылын таппаган байлыгың бат эле түгөнөт, акылын тапсаң байлыгыңа байлык кошулат. Бийликке жетсең кекчил болбогун. Жамандык кылганга жакшылык кылсаң, акырында кандай кишини капа кылгам деп өкүнүп калат. Бирөөгө жакшылык кылгың келсе кечиктирбей кылгын. Таалайды тагдыр колдон талашып турарын ар дайым унутпа. Өзүңдүн уялашың болуп, чагымчы, ушакчы болсо жаныңа жакын жолотпо. Жашоодо анын сага пайдасынан зыяны көп болот. Акчаң көп болсо кутурбагын, аз болсо мүңкүрөбө. Дүйнө деген оомалуу-төкмөлүү келет...
Ошентип, Эзоп акыл-насаатын айтып, асыранды баласы менен коштошот. Бирок Гелий өзүнүн оңолбой турган ишин ойлонуп, уккан насааттарын талдай берип, акырына чыга албай ачкасынан өлөт. Эзоп аны өз баласынан артык кылып көмөт.
Убакытты өткөрбөй Эзоп ишке киришет да түлөкчүлөрдү чакырып алып, төрт бүркүт кармап келүүгө тапшырма берет. Кармап келген бүркүттөрдүн чалгын канаттарын жулуп салып, тапка келтирип жакшы багып, жаш балдарды көтөрүп учууга машыктырат. Жулунган канаттары өсүп, жетилгенден кийин бүркүттөр кадимкидей балдарды көтөрүп учууга машыгып калышат да, тумшугуна байланган жиптер менен балдар каалаган тарапка имерилип учушат. Ал эми жаз чыгары менен Эзоп бүркүттөрдү, балдарды, кулдар менен ар кандай шаймандарды алып, Мисирди көздөй жөнөп кетет.
Ал Мемфис шаарына келип түшкөндө Нектанебон падышага Эзоптун келгендиги жөнүндө кабар беришет. Аны уккан падыша айласы кетип, өзүнүн насаатчыларын чакырып алып:
– О жараткан, Эзопту өлүп калды деген кабарды угуп мен Ликург падышага табышмактуу катты жаздым эле, көрсө адашкан турбайбызбы, – деп, Эзопту кемеден түшүрүп тосуп алууга буйрук берет.
Эртеси Эзоп учурашуу үчүн падышанын алдына келет. Нектанебон болсо өзүнүн жан-жөкөрлөрү менен жоокер башчыларынын бардыгын актан кийиндирип, өзү ак чепкен жамынып, башына айча тагынып тактысында отурат да, Эзопту үстүнө киргизет.
Эзоп аларды көрүп таң калат:
– Мен кимге окшошуп калыпмын? – деп сурайт падыша.
– Өзүң Айга, нөкөрлөрүң жылдыздарга окшоп калыптыр. Башыңдагы иймейген Айга окшоп жаркырап тегерете нурун чачып, нөкөрлөрүң Айды курчап турган жылдыздардай жымыңдашат...
Анын сөзүнө падыша ыраазы болуп, Эзопко толгон белек тартуулайт. Эртеси Нектанебон өзү чоктой кызыл кийинип, колуна гүл кармап тактысында отурат да жан-жөкөрлөрүн тегерете отургузуп, Эзопту үстүнө киргизет.
– Мен эмнеге окшошуп калыптырмын? – дейт.
– Сиз күздүн Күнүнө окшоп, нөкөрлөрүң жердин жемишине окшоп калыптыр. Өзүңдүн чоктой демиң менен көз кумарын кандырып, гүлдөгөн жер болсо сага жемишин тартуулап жаткансыйт.
Падыша анын акылына таң калып, сыйлуу белектерин берет. Үчүнчү күнү Нектанебон ак кийимчен болуп, жан-жөкөрлөрүн кызылдан кийинтип тактысында отурат. Эзоп кирип келгенде дагы баягы суроосун берет.
– Эмнеге окшоп калыптырбыз?
– Сиз Күнгө окшоп, нөкөрлөрүңүз Күндөн тараган нурга окшоп калыптыр, – дейт Эзоп. – Өзүңүз көздү уялткан Күндөй таптаза нурданып, жан-жөкөрлөрүңүз күндөн бүткөн оттон бетер кызарып турат.
Падыша бул жообуна да таң калып:
– Менин өкүмүм кандай экенин көрдүңбү? Мага караганда Ликург падыша ким?.. Бир жүргөн жандык да! – дейт.
Эзоп ага жылмайып туруп:
– Ойлонбой айтылган сөз падышага жарашпайт. Балким, пайгамбардан Кудай канчалык улук болсо, ал дагы сизден ошончолук улук болуп жүрбөсүн? Кудайыңды тааный жүр! Күндү силерге тийгизип, Айды жаркыратып, жылдын мезгилин алмаштырып турган ошол болбосун? Ачуусуна тийсеңиз заманаңды куушуруп, көктөн чагылган атып, жериңди титиретип койбосун? Ликург чындаса күндүздү түн кылып, күйгөнүңдү өчүрүп койсо анын алдында мунуңду жайып муңканып, чөгөлөп калып жүрбөңүз?!.
Нектанебон анын кыраакылыгы менен чечендигин байкап акыры:
– Мага мунара куруп бере турган адистериңди алып келдиңби? – деп сурайт.
– Алар сиздин буйругуңузду күтүп турушат, – дейт Эзоп. – Курула турган жайды көрсөтүп берсеңиз эле болду.
Падыша айран таң калып, Эзопту ээрчитип шаардын четине чыгат да, курулуш курула турган жайды көрсөтүп берет. Эзоп көрсөткөн жердин төрт бурчуна бүркүт минген төрт баланы коюп коёт да, анын белгиси менен төртөө төрт тараптан чурулдашып учуп чыгышат. Учуп чыккандар:
– Курулушка даярдыгыңар кана? Кышыңар, саманыңар, чалмаңар, жыгач-ташыңар барбы же биз курулай учуп жүрө беребизби? – деген талапты коюшат.
– Бул эмне деген шумдук? – дейт Нектанебон. – Кайдан келген канаттуу адамдар?
– Падыша Ликургдун ушундай канаттуу адамдары да бар. Аны билбей сиз Кудай менен курдаш адамга теңелгиңиз келет.
– Сен жеңдиң Эзоп, – дейт Нектанебон. – Дагы бир сурообуз бар?
– Каалаган сурооңузду бере бериңиз? – дейт Эзоп.
– Менин Грециядан алып келген бир бээм бар. Эмнегедир Вавилондун айгыры кишинегенин угуп калса кулун салып коёт. Ал эмнеси?
– Жарайт, – дейт Эзоп, – бул сурооңдун жообун мен эртең берем!
Эзоп жаткан түнөгүнө келет да малайларды бир мышык кармап келгиле деп жумшайт. Алар бир килейген мышыкты кармап келип беришет. Эзоп аны египеттиктердин (мисирдик) көзүнчө бакыртып сабап кирет.
Аны көргөндөр Эзоптун жанына келишип, чуру-чуу чыгарышат. Эзоптун үстүнөн арызданып падышага барышат. Падыша Эзопту чакырып алып:
– Бул эмне кылганың? Мышык деген биздин ыйык көргөн жаныбарыбыз. Мисирдиктер мышыкка сыйынышат! – дейт.
– Бул мышыгыңар түндө биздин падышабыздын мүлкүнө кол салыптыр. Ликургдун ыйык көргөн корозу аны ар дайым уйкудан ойготуп, болгон жаңылыкты айтып берип туруучу. Бул мышыгың түн катып уурданып барып, уктап жаткан жеринен муунтуп салыптыр, – дейт Эзоп.
– Ушунчалык калп айткандан уялбайсыңбы? – дейт Нектанебон. – Кантип эле ушул мышык бир түндүн ичинде Вавилонго жетип барып кайра келип калсын?
– Айтканыңыздын калети жок, – дейт Эзоп, – андай болсо бул жердеги бээңер кантип эле биздин айгырдын кишинегенинен коркуп кулун салып койсун? Өз табышмагыңыздын жообун өзүңүз айтып бердиңиз.
Падыша Эзоптун берген жообунан бүшүркөп, аны жеңе албай турганын сезет. Чыны менен эле Ликургга салык төлөп каламбы деп абдан чочулайт. Айласы кеткенде Гелиополь шаарына киши чаптырып, ал жерден жаратылыштын бардык жайын билген айлакер аярды алдырып, аны Эзоп менен беттештирүүнү чечет. Той берип, тойго бардыгын топтоп алгандан кийин гелиополдук айлакер Эзопко:
– Кудаанын кудурети менен сизге айта турган табышмагы бар, – дейт.
Анда Эзоп:
– Өзүңө шек келтирсең келтир, зили Кудайга шек келтирбе! – дейт. – Адамдын оюндагысын бүт бойдон өзү берип туруп, кантип эле адамга табышмак тапшырсын? Табышмагыңды айта бергин?..
– Дүйнөдө бир сепил бар, сепилдин түркүгү бар, түркүктө он эки шаар, ар бир шаары отуз шыргыйдан жабылган, ар бир шыргыйды тегерене эки аял куушуп жүрөт. Буга эмне дейсиң?
– Мындай табышмакты биздин балдар да таап берет деймин. Сепилиң – жарык дүйнө, бардыгы анын алдында; түркүк болсо – жыл, он эки шаарың – он эки айың, ар бири өзүнүн түйшүгү менен алек; анын отуз шыргыйы – отуз күн, убакытты өткөрө турган; күнүлөшүп куушуп жүргөн эки аял – күн менен түн болот.
Эч кимиси ооз ача албай орундарынан туруп кетишет.
Эртеси Нектанебон падыша өзү жакындарын кеп-кеңешке чакырат:
– Эми айлабыз эмне болот? – деп кейийт Нектанебон, – ушунчабыз биригип алып ушул макулуктан жеңилип, уялбай Ликургга салык төлөйбүзбү?..
Ошондо кеңешчилердин бирөө мындай дейт:
– Ага дагы бир суроо берип көрөлүк. «Биз такыр билбеген, укпаган эмне?» – дейлик. Ал эмне айтса да аны билгенбиз, укканбыз дей берелик. Бир жеңилсе ошондо жеңилет.
Бул амал падышага да жагып, канетсе эми утуш биздики болот деп ойлойт. Нектанебон падыша Эзопту чакырып ага:
– Дагы бир табышмакты чечип берсең, биз Ликургга салык төлөп тургудай бололук. Биз билбеген, укпаган нерсени таап берсең болгону!..
– Мага ойлонуу үчүн үч күн улуксат берсеңиз, – дейт Эзоп, – мен таап берүүгө аракет кылайын!
Эзоп падышадан чыгып ойлоно баштайт. «Эмне айтпайын, бардыгын эле билгенбиз, укканбыз дей беришет». Эзоптон айла-амал качып кутулган эмес, улуу аяр болгон. Отуруп алып карыз алган жөнүндө тил кат даярдайт. Анда: «Мен, Нектанебон Ликург падышадан миң талант алтын карызга алдым...» – деп жазылып, мөөнөтүн кыйлага өткөрүп көрсөтөт. Үч күн өткөндөн кийин Эзоп Нек танебон падышага барат. Падыша эчтекеден кам санабай нөкөрлөрү менен тактысында отурган болот. Эзоп кирээри менен падышага тил катты сунат:
– Окуп көрүңүз таксыр, өзүңүз берген тил кат экен, – дейт.
Падыша окуп чыкканга жеткирбей нөкөрлөрү: «Биз аны билебиз, укканбыз!» – деп жаалап киришет.
– Андай болсо силерге чоң рахмат, силерди билбейт ко дедим эле, көрсө, баарыңар билет турбайсыңарбы. Ордуңуздан жылбай туруп карызыңыздан кутулуңуз, анткени анын мөөнөтү эбак өтүп кетиптир! – дейт Эзоп.
Аны уккан падыша токтоно албай:
– Эмне? Өмүрүмдө бирөөдөн карыз албаганымды жакшы билип туруп, силер уялбай буга күбө өткүңөр келеби? – дейт падыша.
– Жок, таксыр, жок, – дешет шашкан кеңешчилери, – биз аны билген да, көргөн да эмеспиз!
– Эгер ошондой болсо, – дейт Эзоп, – табышмагыңардын жообу ошол болот.
– Элинде ушундай акылманы бар Ликург падыша кандай бактылуу! – дейт Нектанебон.
Эзопко үч жылдык салыкты төлөп, колуна ынтымакта жашоо жөнүндө ишеним катты тапшырып жөнөтөт. Эзоп Вавилонго кайтып келип олжосунун бардыгын Ликург падышага тапшырат да, Мисирде болгон окуяларды чыпчыргасын коротпой айтып берет. Ликург Музалардын арасына Эзоптун алтындан жасалган статуясын орнотууга буйрук берет. Анын акылмандыгына арнап чоң той өткөрөт.
Эмнегедир Эзоптун Дельфияны көргүсү келет. Кайра келгенден кийин өмүрүмдүн калганын ушул жерден өткөрөм деп падышага убадасын берип коштошот да, Грециянын шаарларын кыдырып жөнөп кетет. Барган жеринин бардыгында өзүнүн акылмандыгы менен окумуштуулугун далилдеген жолугушууларды өткөрөт. Акыры Дельфияга келет да акыл-насааттуу сабагын окуп, бардыгы кызыгып угушат, акысына бир тыйын төлөбөй таркап кете беришет. Жергиликтүү адамдар ар кандай чөп-чар жей беришип, өңдөрү да кара сур тартып калган. Аларды байкаган Эзоп:
– Мөмөсүз дарактын дүпүйгөн барчасындай адамдар экен! – деп тамаша иретинде аларга минтип кайрылат: – Силердин адамдар деңизден деңизге калкып жүргөн дөңгөчкө окшоп кетет. Алыстан карасаң толкунду жиреп баратканын көрүп ой бир керемет окшойт дегендей, жакын барып карасаң кармоого татыбайт, тыйынга арзыбаган бир дөңгөч! Мен дагы силерди чириген бай, шаары керемет, эли адептүү деп алыстан карааныңарды көрсөм экен деп көксөгөм. Көрсө, аябай адашкан экемин. Шаарыңар да, элиңер да мен ойлогондой эмес, арзый турган эчтекеңер жок, жер жүзүндө жашагандардын абдан жардысы экенсиңер, кыял-жорук жагынан түпкү ата-тегиңерден өтүп кетипсиңер.
– Биздин кайсы ата-тегибиз жөнүндө айтып жатасың? – деп сурашат дельфиялыктар.
– Силердин тегиңер кул болгон, – дейт Эзоп, – билбесеңер, билип алгыла. Илгертен бери келе жаткан гректердин бир салты бар, душмандын шаарын каратып алганда түшкөн олжолордун ондон бир үлүшүн Аполлонго садага кылып беришкен. Жүз бододон он бодо, майда малдан да ошондой, акча менен алтынды да, кул менен күңдү да ошентишкен. Дал ошол Аполлондун энчисине келген кулдардын тукумунан болосуңар. Өзүңөрдү эркин сезгениңер менен эркиңерден тубаса ажырап калгансыңар. Бүт бойдон Эллинанын кулдары экениңерди өзүңөр көрсөтүп койдуңар. Кулдар садага-секеттин эсебинен жашашып, бирине бири суу да беришпейт.
Ошентип, Эзоп жолуна түшүүгө камынып жатканда, анын сөзүн уккан Дельфия башкаруучусу: «Кокус муну коё берсек, жер кыдырып жүрүп элдин баарына биздин жаманатыбызды жайып жиберет» – деген ойдо эбин таап, Эзоптун көзүн тазалоону ойлонот. Аларга Самостогу Музалардын арасына өзүнүн статуясын орнотпой койгондугу үчүн ызаланып калган Аполлон да жардам берет. Эзопко башкалары жардам көрсөтө албагыдай, таламын талаша алгыс амал издешип, ылайыктуу шылтоо таба алышпайт. Акыры дельфиялыктар Эзоптун эшигин кайтаргандардын уктап калышын күтүшүп, уктап калгандан кийин табыш билгизбей кирип, Эзоптун буюмдарынын арасына ыйык храмдын алтын чөйчөгүн жымшырып салып коюшат. Ал жөнүндө Эзоп да, башкалары да билишпейт.
Эзоп Фокида шаарын көздөй жолго чыгат. Артынан дельфиялыктар куугунтукташып, Эзопту байлап туруп кайра алып келишет.
– Мени эмне үчүн байлап алып келдиңер? – деп сурайт Эзоп.
– Храмдын алтынын уурдап баратканың үчүн! – дешет.
Эч кандай күнөөсү жоктугун сезген Эзоп буркурап:
– Эгерде бирдеме таап алсаңар, ошол жерден өлтүрүп салгыла! – деп жалдырайт.
Дельфиялыктар анын буюмдарын аңтарып, ичинен алтын чөйчөктү сууруп чыгышат. Эзопту уруп-согуп, бүткүл шаарга ууру катары шермендесин чыгарып жарыя салышат. Чөйчөктү атайлап салып коюшканын билип, дельфиялыктарга Эзоп карганса да ишенишпейт. Айласы кеткенде Эзоп элге кайрылып:
– О, калайык, калың журт. Адам болгондон кийин адамдын убалынан корккула. Кудайыңар болсо күнөө кимде экенин өзү билип, өзү жазалайт!
Ага карабастан аны жазалаш үчүн камап коюшат. Акыры кутулбай турганына көзү жеткен Эзоп: «Мен деле өлүм үчүн жаралгам. Буйрук ушул болсо көрбөскө чара канча!» – деп демин суутат. Эзоптун жакын жолдошторунун бири сакчыларды сөзгө көндүрүп, анын үстүнө кирет да, көз жашын көлдөтүп туруп:
– Бул эмне деген мүшкүл иш? – дейт.
Ага жооп катары Эзоп мындай тамсил айтып берет:
– Бир аялдын күйөөсү жаздым болуп, күйөөсүнүн мүрзөсүнө келип ыйлап жатканын көргөн бир дыйкан жер айдап жүрүп, делебеси козголуп кетет. Өгүздөрүн айдоо аңызга токтотуп коюп аялдын жанына басып барат да, аялга кошомат кылып кара күчкө шолоктоп ыйлап кирет. Аял ыйын токтотуп: «Сен эмне ыйлап атасың?» – деп сурайт. Кош айдаган дыйкан: «Менин дагы жакшынакай жароокер жарым бар эле, өлүп калып күйүтүн тартып ыйлап жатам. Бир аз ыйлап алсам бугум чыгып жеңилдей түшөм!» – дейт. Анда аял: «Мен дагы жакшынакай чалымдан ажырап, бир аз ыйлап алсам бугум тарай түшөт» – дейт. «Экөөбүздүн күйүтүбүз бирдей турбайбы, – дейт кошчу дыйкан, – издешпей табышкан экенбиз, ынтымакка келели. Макул десең мен сени ардактаган аялымдай көрөйүн, сен мени ардактуу күйөөңдөй көр. Өзүбүздү өзүбүз сооротпосок, биздей шордууларды ким сооротот, чер жазып алалы!» Ошентип аялды сөзгө көндүрөт. Экөө сүйүшүп, жытташып чер жазышканча дыйкандын кошко чегилген өгүздөрүн ууру алып кетет. Кошчу күбүнүп-кагынып ордунан туруп караса, сокосу калып, өгүздөрү жок. Дыйкан ошондо чындап ыйлайт. Анда жанында турган аял: «Эмне мынча шолоктоп ыйлайсың?» – деп сурайт. «Эх, аял, ыйлабаска айлам канча!» – деп жооп берет. Анын сыңары бардыгын өзүң көрүп, билип туруп мүшкүлүмдү эмне сурайсың?
– Өз эли, өз жеринде өз билгенин жасап жатышкан бул шаардын элин мазактап эмне кыласың? Бардыгына жеткен акылың ушуга жетпей калдыбы? Акылдуулугуң, билимдүүлүгүң кайда кетти? Шаардан шаар кыдырып, элге берген акылыңдан өзүң үчүн калган жокпу, бир айласын таппайсыңбы? – деп күйүп-бышат.
Буга жооп катары Эзоп башка да бир тамсил айтып берет: Бир аялдын келесоо кызы болот да, кызынын көзүнчө апасы Кудайдын куттуу күнү Кудай буга акыл киргизбей койду го деп какшана берет. Күндөрдүн биринде келесоо кызын ээрчитип алып коңшу кыштактагы бир абысыныкына барып калат. Ал экөө кызуу сөзгө кирип калганда кызы ойноп короого чыгып кетет. Кепени карап көрсө бир киши эшектин артына жабышып алганын көрөт да кыз: «Байке, эмне кылып атасыз?» – деп сурайт. Ал киши: «Акыл киргизип жатам!» – дейт. Макоо кыздын оюна баягы энесинин күндө какшанып Кудайдан суранганы түшө калат да: «Мага да акыл киргизчи?» – дейт. Анда эркек керсейип: «Жок, аялга жакшылык жарашпайт!» – дейт. Кыз болсо: «Андай дебе ырайымдуу киши, апам канча кааласаң акысын төлөп берет. Маган акыл кирсе экен деп күндө Кудайдан тиленет!»
Ал кызды белгисинен ажыратып баса берет да, кыз кубанганынан энесине чуркап кирип кыйкырат: «Мына апа, мага акыл кирип калды!» – деп. «Акыл кантип кирди?» – деген энесинин суроосуна кызы: «Бир эркек кызарган бирдемесин ичиме киргизип, ары түртүп, бери түртүп бат эле акыл киргизип койду!» – дейт. Иштин чоо жайын түшүнгөн апасы: «Аа, кара жерге кир, акыл кирбей эле болгон акылыңдан ажырап калган турбайсыңбы!» – деп кейийт. Анын сыңары мен дагы Дельфияга келгенде болгон акылымдан ажырап калыптырмын достум.
Аны уккан жолдошу көз жашын көлдөтүп чыгып кетет.
Дельфиялыктар Эзопко келишип:
– Биз бүгүн сени бийик аскадан кулатып өлтүрөбүз, анткени Кудайга шек келтирип, элибизди кордогонуң үчүн урматтап көмүүгө татыксыз деп чечтик. Даярдана берсең болот, – дешти. Аны Эзоп уккандан кийин тамсил айтып калууга улуксат бергиле деп суранат. Алар улуксат беришет.
– Айбандардын бардыгы адамча сүйлөп жүргөндө бир чычкан менен бир бака дос болушуп, бирин бири мейманга чакырышат. Чычкан баканы чоң кампага ээрчитип кирип, андагы эт, май, нан, быштак, курут, түркүн жер-жемиштер менен коноктойт. Тоюшунча ичип, жеп алган бака: «Сен да мага келип конок болуп кет, менин сыйымды да көрүп аласың!» – дейт.
Чычканды көлмөгө ээрчитип барып: «Кана, сүзүп жөнөдүк!» – дейт. Чычкан: «Мен сүзгөндү билбейм!» – деп жооп берет. «Эчтеке эмес, мен үйрөтүп коём!» – дейт бака. Жиптин бир учун өз бутуна байлап, экинчи учун чычкандын бутуна байлайт да сууга секирип кирет. Чиркелген чычкан сууга кошо кетет. Ошондо сууга тумчуккан чычкан: «Мен өлүп баратам, бирок өлгөндө да өчүмдү алам!» – дейт. Чычкандын өлүгү сууда калкып калып, аны учуп бараткан кузгун эңип кетет. Ага чырмалган бака кошо кетип, кузгун адегенде чычканды, андан кийин баканы жеп салат. Чычкан ошентип өчүн алыптыр. Анын сыңары силер мени өлтүрөсүңөр, менин убалыма калган өзүңөр да соо калбайсыңар. Лидиялыктар, вавилондуктар, ал тургай бүткүл Эллада менин кунумду кууйт.
Эзоптун бул айткан сөзүнө карашпастан аны бийик асканы көздөй жетелеп жөнөшөт. Эзоп жулунуп качып чыгып, ыйык Музалардын арасына кирип жашынат. Ал жердегилер да аны аяп коюшпайт. Аны дегдеңдетип сүйрөп бараткандарга кайрылып:
– Дельфиялык адамдар, бул ыйык жерди жерибегиле! – дейт. – Бир сапар бүркүттөн качкан коён жанталашып жампа коңуздан жардам сурайт. Коңуз жан соогалап бүркүткө барса, бүркүт аны түртө салып коёнду жеп коёт. Жини келген коңуз бүркүттү ээрчип учуп жүрүп отуруп анын уясына чейин барат да, жумурткасын сындырып салып учуп кетет. Бүркүт жарылып жаткан жумурткаларын көрүп аябай каарданат, бирок айласы жок. Экинчи жылы жумурткаларын андан бийик аскага тууп, коңуз аны да жарып салат. Бүркүт аябай капаланып, тукумумду курут кылгыдай Зевстин каарына калгамбы деп кейийт. Шордуу бүркүт кийинки жылы жумурткасын уяга туубастан Олимпке учуп барып Зевстин этегине тууп коёт да: «Эки жолу тукумдан ажырадым, үчүнчүсүн аман сактап калайын деп Сизге табыштадым!» – дейт. Коңуз аны билип калып, жаңы жампадан чампалап алып Зевске учуп барат да, мурдунун алдынан аркы-терки зыңылдап учат. Зевс жампанын жытынан жийиркенип, этегиндеги жумуртканы унутуп коюп ордунан ыргып тура калат. Ошентип бул сапар да бүркүт тукумунан ажырап калат. Коңузду аябай ызалантып койгонун Зевс түшүнүп, бүркүт келгенде: «Жумурткаңдан бекер ажырап жүрбөптүрсүң, коңузду аябай ыза кылып койгон турбайсыңбы?» – дейт.
Ага кошумчалап коңуз: «Жеке гана мени ызалантпастан, ал сени да кордогон. Сенин атыңды атап кечирим сурап жан соога десем болбой, жанталашып жардам сурап келген бечараны да жалмап койгон. Андан кегимди алмайынча жаным тынбайт!» – дейт коңуз. Ошондо Зевс бүркүттүн тукуму курут болбосун деп, бир ачууңду мага берип ырайым кыл десе, коңуз караманча кашайып туруп алат. Аргасыздан Зевс бүркүттүн тууй турган учурун коңуз чыга элек мезгилге которуп коёт. Анысы кандай дельфиялыктар, мен жанталашып жардам сурап коргологон ыйык жерди кордобогула, кусуру анча чоң болбогону менен ыйык храм эмеспи. Жампа коңузду эсиңерге алып, Олимптин мээримдүү Зевсинин арбайы үчүн ырайым эткиле!?.
Дельфиялыктарды бул дагы токтото албайт. Аны бийик асканын башына алып барып тургузуп коюшат. Акыры өлгөн экемин деп Эзоптун айтып турганы:
– Кандай айтсам да болбодуңар. Айла канча, өлөр алдымда өзүмдүн тамсилдеримден айтып калууга улуксат бергиле. Бир дыйкан өмүрүнүн бардыгын айыл жерде өткөрүп, эч качан шаарды көрбөптүр. Ал өлөр алдымда шаарды бир көрүп калайын деп балдарынан улуксат алат. Балдары эшек арабаны дайындап берип: «Эшекти айдай берсең эле шаарды өзү таап барат!» – дешет. Жолдо карата нөшөрлөп жаан жаап, түн кирип, эшеги адашып жолдон чыгып кетип, аска жардын кырына алып барып кептеп салат. Кандай кырсыкка дуушар болгонун көрүп: «Оо, кудуреттүү Зевс, акыры жүрүп ушунтип өлмөк белем? Аттан өлсөм да арманым болбос эле, ажалым ушул эшектенби?» – деп зарланыптыр. Анын сыңары мен дагы кишиликтүү адамдардын колунан өлбөй, куураган кулдардын колунан өлөт турбаймбы?!
Аскадан кулар алдында акыркы тамсилин айтып калат:
– Бир киши өзүнүн кызына ашык болуп калат. Акыры чыдамы түгөнүп, уятын жоготуп, аялын айылга жумшап жиберет да өз кызын зордуктап коёт. Ошондо кызы: «Абийир калбаптыр го атасы. Сага кордолгончо жүз эркектин тепсендисинде калсам, мага жеңилирээк болмок!» – дептир. Ошондой эле менин силерге, дельфиялыктарга акыл айтам деп зордукталып өлгөндөн көрө, Сирияны, Финикияны, Иудеяны кыдырып, кайырчылык кылсам дурус болмок.
Дельфиялыктар көшөрүп туруп алышты. Ошондо Эзоп Музалардын чилтени Фебаны чакырып, ак жеринен өлүп баратканымды көргүлө деп, дельфиялыктарды каргап, аскадан учуп өлөт. Ошондон кийин дельфиялыктарды кара жымаа дарты каптап, бул окуяны уккан Элладанын, Вавилондун, Самостун адамдары Эзоптун кунун дельфиялыктардан алышат. Эзоптун жашоого, өмүргө жана өлүмгө карай сапары мына ушундайча аяктайт.
Которгон Акун АШЫРОВ