Калык Ибраимов: Коштошуу кечи

  • 23.01.2021
  • 4882

Жайдын башы айлуу түндүн бири эле,
Көктө жылдыз, айлана бүт жаркыган.
Айыл чети, алмалуу бак, шылдыр суу...
Анда-санда булбул үнү таӊшыган.

Бакыт тилеп, өмүр тилеп баарыбыз,
Бокалдарды шараптарга толтурдук.
Кыйыша албай бирибизди бирибиз,
Дуулдашып таӊ атканча олтурдук.

Өткөндөрдү-болгондорду эскерип,
Эртеӊ үчүн эргий-эргий тост айттык.
Ыр ырдашып, бирде кайра ыйлашып,
Ошол түнү балалыкка кош айттык...

...Үн салышып таӊ жарчысы короздор,
Булбул куштар токтотушту сайрашты.
Анан биз да айрылыштык таӊ менен,
Жылдыз тарап, а асманда ай батты...

ИЛЛЮЗИЯ

Жолугуунун артында айрылуу бар.
Сүйгөндөн да бир кезде көӊүл калат.
Антташасыӊ жашоодо биргебиз деп,
Ал дагы өчөт, бир гана өмүр калат...

Жамандын да купуя жан-дилинде,
Микробдой кичине жакшылык бар.
Кайсы жакка көз салып карасаӊ да,
Баардыгында карама-каршылыктар:

Көрксүздө да көмүскө көркү болот,
А сулуулук азгырма – азыткыдай.
Суктандырат сыртынан, а ичинде –
Курттары бар ириген сасыткыдай.

Бу дүнүйөӊ ушундай, анда жашоо:
Оӊой-олтоӊ иш эмес, жыргал эмес.
Ырахат деп, ырас деп жүргөнүӊдүн –
Мүлдө баары иллюзия – жалган элес.

СЕН ЭКӨӨБҮЗ

Сен экөөбүз күүгүм талаш кечтерде,
Суу боюнда, алмалуу шак-багында –
Жолугушуп, сыр ачышсак болбойбу,
Жалындаган жаштыгыбыз барында.

Кеч киргенден таӊ атканча чер жазып,
Чечилишсек, ал эмне экен, жаманбы?
Кокус бирөө ала качса, аттиӊ деп,
Ошо бойдон көрүшө албай каламбы.

Жок, биз ага жол бербейли эч качан,
Жолугалы күндө кечте кол үзбөй.
Бул жашоодо бир бололу баш кошуп,
Ажырабас эрди-катын эгиздей.

АЯГЫЛА

Аягыла ар-бир жанды оорулуу,
Таягыла карып-майып, жалгызды.
Үмүтсүзгө үмүт берип жүргөндөр,
Канчалардын үмүт отун жангызды.

Ата-энедей мээрим чачсаӊ алсызга,
Ал да сага наристедей тартылат.
Сен аларга канча кылсаӊ жакшылык,
Ошончолук адамдыгыӊ артылат.

Мурдагыдай муун бошоп муӊайбай,
Ошондо бүт Жер-Суу дагы кубанат.
Адамдыгын ыйык туткан жандардан,
Жашоо көчү жакшы жолдо уланат.

ОЙЛОГОНДО

Жашоо кээде кашайтканда жаныӊды,
Кеткиӊ келет бүт баарына түкүрүп.
Аргаӊ калбай турганыӊда ошондо,
Оор ойдон селт эттирет ит үрүп.

Көр тиргилик кыйнаганда чыдатпай,
Баскан сайын кадамыӊды тузактап.
Жаныӊ кейип, жашылданат көздөрүӊ,
Жолдо жүргөн жолбун итти  кучактап.

Анан туруп, кайрыет деп, турмушта -
жубанасыӊ жүргөнүӊө кылдырап.
Бирок аттиӊ, кайра кетер кезиӊди
Ойлогондо көздөн жашыӊ кылгырат...

Окшош материалдар

Комментарий калтырыңыз