ӨЛӨТ АЛГАНДА
Асмандын жерге жиберген каары,
Табияттын жан-жаныбарга чачкан заары,—
Өлөт деген барбы,
Ошол чалгыдай чаап кирди айбандарды.
Өлөт бир каптаса билеби чекти,
Тоо, токой, адыр-түз — бардыгына жетти,
Айбанат кырылып кетти.
Тирүү калгандары баса албай үлдүрөп,
Өлөрүн санап зорго эле жүрөт,
Өлүмдү күтүп баарында зиркиреп бүттү жүрөк.
Мурдагы тарткан азаптары азап болбой калды,
Бу келген тозок баарынын желин чыгарды:
Карышкыр жүрөт койго жолобой,
Сопу болуп;
Түлкү ийнинде орозо кармап жатат.
Тоокторду жайына коюп, —
Жүрөктөрүнө тамак баспайт.
Көгүчкөндөр да баягыдай жыргашпайт,
Эки-экиден күүлдөшпөй, жалгыздап калышкан,
Сүйүшүүгө деги бир табиттери тартпайт.
Ушундай оор күндө кеңеш чакырды Арстан.
Ар түркүн айбанат илкий баскан,
Арбактай болушуп ар тараптан
Чууруп келишип, олтуруп калышты,
Арстанга момурап көздөрүн тигип,
Кулактарын түрүп.
Арстан сөз баштады: «О, калайык,
Биздин күнөөбүз башыбыздан ашты,
Ошон үчүн бизди улуу мүшкүл басты,—
Биз кудайдын каарына калдык.
Ушундан улам мен айтар жарлык:
Кимде-ким жете түшүнсө күнөөсүн,
Баарынан күнөөкөр мына менмин десин,
Өз эрки менен ортого чыгып,
Курмандыкка чалсын өзүн!
Ошондо кудай, балким, ырайым кылар,
Кулдук урган ыкласыбызга жибип,
Бизди бу балээден куткараар.
Өзүн өзү курмандыкка чалгандар,
Эрдиги менен эл-журтту сактап калгандар,
Көп эле боло келген эмеспи, досторум,
Буга тарыхта далай мисал бар.
Эмесе кудай алдында ачыкка чыгалы,
Ким каерде эмне күнөө кылган —
Жашырбай айткыла, баарыбыз угалы.
Күнөөбүздөн кутулалы!
Аттиң-ай, өткөн өттү — айла барбы,
Айтканга оор, бирок элден жашырамбы —
Менден да бир топ күнөө кетип калды.
Далай койду — күнөөсүз байкуштарды,
Неге дейм да — ичтерин жарбадымбы.
Ай, иттик — ай, атүгүл дардалактап,
Баса калган күн болду малчыларды.
Опкогум айт олжого анан дагы.
Бирок алгач баарыбыз бирден айтып чыгалы,
Кимибизде күнөө көп — аныктап алалы,
Өтө күнөөлүүнү курмандыкка чалалы.
Ошентип кудай алдында тазаланалы!»
«О, кеменгер! О, айкөл шер! —
Деп Түлкү созолонуп калды. —
Сенде эмне күнөө, сен акактай тазасың,
Ашкере айкөлдүгүңөн күнөөлүмүн деп жатасың.
Баскан-тургандын баарын күнөө дей берсек, анда –
Айбанат ачтан өлбөйбү бул ааламда.
Анан калса, айланайын падышам,
Сен койду жеп салдың эле деп коёлу —
Койго андан артык эмне керек,
Ага ошондон өткөн да урмат болобу?!
Малчылардын болсо чала бергенсиң жазасын,
Алардын тимеле
Таанытыш керек болчу атасын!
Куйругу жок аларың кутурушуп,
Баарыбызга падышабыз дегенин айтасың»,
Деди Түлкү. Калганы колдоп кетишти,
Арстанды мактап, асманга жеткиришти,
Алардын чурулдаганын угуп отурсаң —
Арстандан таппайсың кылдай да кемчиликти.
Андан кийин Аюу, Жолборс, Карышкыр,
Айбандар алдында такалышпай шыр,
Ар ким өз кемчилигин санап өттү.
Булар жасабаган былык иш барбы —
Бирок ким айтат а жөнүндө кепти?!
Айтор азуусу бычак, тырмагы курчтар,
Биринен бири өтүп саймедиреп беришти —
Шыпырылышып, чаң жугузбай,
Периштеден ыйык болуп чыга келишти.
Кезек малдын жоошу Өгүзгө келди.
А байкуш ичинде болгонун айтып өңгүрөдү:
«Бизде да күнөө бар, жок эмес,— деди —
Мисалы, мындан беш жыл илгери,
Кышында катуу жут болуп,
Тоютсуз калдык, несин жашыралы эми,
Ошондо кара басып жасадым күнөөнү:
Карайлап бир тал чөп таппай турсам —
Көзгө түштү поптун чөп үймөгү,
Ошондо бир тутамын жеп койгон элем.»
Деп Өгүз айтар менен,
Күү-күү эте түштү айбанаттар арасы,
Аюу, Жолборс, Карышкыр дегендер,
Орундарынан атып турушту,
Ошерден эле бакырып чыгышты:
«Ой, анык каракчы ушу турбайбы?!
Бирөөнүн чөбүн да бирөө уурдайбы!
Мунун мындай кылмышы
Каардантпай коёбу кудайды.
Минтип олтурса бу баарыбызды кырбайбы!
Бүгүнкү жыйын мындай деп чечсин:
Мындан зор күнөөнү жасабаптыр эч ким.
Кудай алдында муну курман кылалы,
Бардык балаа, жан-жаныбардын ылаңы,
Алдагы калжайган башы менен кошо кетсин!»
Өкүм так ушундай чыкты,
Баары жабылып, Өгүздү ортого
Жагылган оттун үстүнө жыкты.
Момун киши күнөөгө жакын деп,
Элде бекер айтылбайт кеп.
Которгон Аман ТОКТОГУЛОВ